Суперстан: Союз тарагандагы кыйынчылыктар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Союз тарагандагы кыйынчылыктар Балалыгыбыздын ачуу даамдары

#21 Пользователь офлайн   revolyutsiya1   18 Сентябрь 2017 - 14:56

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 29 Январь 17
  • Соңку аракети: 19 Июн 2019 15:23

Просмотр сообщения vavilon. (18 Сентябрь 2017 - 13:57) жазган:

Бири олуп бирин кал эркекче. Союз бир гөр!!


Бул жокчулукка Союз эмес, Акаев баштаган капиталист демократтар куноолуу! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   sereznaya   18 Сентябрь 2017 - 15:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 208
  • Катталган: 19 Август 17
  • Соңку аракети: 20 Окт 2019 19:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:moskov

Бул жокчулукка Союз эмес, Акаев баштаган капиталист демократтар куноолуу! !!
Чындык бар созундо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   admin_superstan   18 Сентябрь 2017 - 15:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

sereznaya , Tokmokchu-1, жеке айтышууларга жол берилбейт, ал үчүн купуя бар. Эскертүү!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Shadykanov   19 Сентябрь 2017 - 18:31

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 21 Апрель 16
  • Соңку аракети: 18 Окт 2018 10:38

Коздон жаш айландыго окуп алып мен кичине элем ал кезде биразда болсо коруп калдым жокчулукту апам байкуш силер жегилечи силердин тойгонуар менин тойгонум деп айтчу азыр кудайга шугур баары жетиштуу бирк бизден башка олколордо ачкадан олуп атышат зээним кейийт колумдан келсе жардам бермекмин колумдан келер кунда келер деп журом буюрса жардамымды эч аябайм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Medinaa   19 Сентябрь 2017 - 23:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 965
  • Катталган: 13 Май 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2018 22:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кооз жер

Апам айтат болчу"Айлыгыбызга дасторкон,начар сорттогу ун берчү"-деп. Чоң чоңэнебиз(атамдын энеси)Илгери жокчулукту көрүп,тапканын ката берчү экен.Кир самын,май,майда- чүйдө.Өткөндө ошол жака кирип союздун ширенкелери жүрөт)калган- каткандар.... Азыр Кудайга шүгүр,баары бар.
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   orhideya_15   06 Ноябрь 2017 - 00:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 03 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 02 Мар 2019 14:20

Мен да окуп балалыгымды эстеп бир ыйлап алдым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   tannuru1503   10 Ноябрь 2017 - 02:55

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 44
  • Катталган: 10 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 23 Сен 2023 00:16

Менин да балалыгым экиге болунот: Союз тараганга чейинки жана тарагандан кийинки.89-ж. чейин эстегеним:ата- энем баарыбызды автобуска салып универмагга алып барып, бешообузго тен пальтодон ойдо сатып берчу.Кант мешоктоп уйдо турчу.Союз тараганы аябай кыйналдык.Иним экообуз кара бурка сапожканы алмак,салмак кийчубуз.Эрте келсе экен деп аны кутмой.Бир свитерди дем алыш куну жууп эле кайра биринчи куну киймей...Ата- энем сентьябрда бешообузго 100 тетрадь алып бере албай кыйналганы. ..Азыр ошол кезди эстегенде,кара ундан жасалган тик турма кесменин даамдуулугуна эчтеке жетпейт деп калабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   raia   21 Ноябрь 2017 - 09:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Ошол учурдуу эстесем дагы эле журогум ооруйт.Менин балдарымдын оспурум учуру эле.Айылда бир жарым гектар жерибизди иштетет элек.Чон ата экообуз бирдей ишсиз калганбыз.Чон балам уйдон 500 сом алып оз алдынча соодагы чыкты.Ал учурда ал акча ото коп акча эле.Экинчи уулум базарда араба туртту каникулда.Калганыбыз жер тырмаладык. Куз келип эгинибиз жакшы болду,эми эгин колго тийгенде атам каза болду.Он бир жан,ошонун ичиненн уч студент,калганы окуучу.Шартка карап атама озум жангыз бардым.Анткени бул чыгым балдарымдын оп чап запастагы акчасы эле.Мен кол чеберчилигине оттум.Магазинде эч нерсе жок,кытайдын синтетика кийимдери жаай баштады.Жакшысын алышка элде акча жок.Ошондо мен озубуздун фланелден жаш наристелерге койнок шапка,ползунка тиге баштадым.Кышы шерстен алып токуй баштадым.носкийден баштап камплекке чейин токудум.Балдарым обласной менен городской больнисаны кыдырып сатат.Биринчи уялышып журушту.кийин конуп кетишти.Экинчи уулум биринчи сатышты баштады ал эки жыл сатып,кийин кызым менен уулума откоруп берди анткени ал студент болду.Мен уч саат же торт саат эле уктайт элем.Ошончо кыйналып тикеним кунумдук 6 кг унга жетет эле ашса эт алат элек.Ошол ун бир кунго жетпей оп чап болуп калат эле.Баары чонойуп ичем жейм деген учур \эле.Жумурткага пияз кошуп кууруп жешет эле.кээде пияздын озун кууруп жешет эле.Семичка экенибиз учун май,пияз кенири эле.Учунчу уулум бир шымды уч жыл кийген ал бозоруп ону очуп кеткен.ал студент эле.Учунчуу уул болгон учун ага кийим тийиши кыйын эле.Аркасы кыз учун,сен эркексин карындашын кыз деп кызга кийим кылганым эсимде.Эжелуу кызга эчки тон,эски болсо да эптуу тон.Сен агаларындын киймин уйго кийе бер деп коп айтат элем.Анткени ал уулум ото арык эле.
- Апа ушу эчки тонунуз эч жакпайт да апа деп капа болуп кийип .Мен чонойсом балдарыма эчки тон кийгизбейм деп капа болуп отуруп калат эле...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Liliya80   21 Ноябрь 2017 - 13:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 25 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 12 Фев 2019 15:07

Просмотр сообщения raia (21 Ноябрь 2017 - 09:24) жазган:

Ошол учурдуу эстесем дагы эле журогум ооруйт.Менин балдарымдын оспурум учуру эле.Айылда бир жарым гектар жерибизди иштетет элек.Чон ата экообуз бирдей ишсиз калганбыз.Чон балам уйдон 500 сом алып оз алдынча соодагы чыкты.Ал учурда ал акча ото коп акча эле.Экинчи уулум базарда араба туртту каникулда.Калганыбыз жер тырмаладык. Куз келип эгинибиз жакшы болду,эми эгин колго тийгенде атам каза болду.Он бир жан,ошонун ичиненн уч студент,калганы окуучу.Шартка карап атама озум жангыз бардым.Анткени бул чыгым балдарымдын оп чап запастагы акчасы эле.Мен кол чеберчилигине оттум.Магазинде эч нерсе жок,кытайдын синтетика кийимдери жаай баштады.Жакшысын алышка элде акча жок.Ошондо мен озубуздун фланелден жаш наристелерге койнок шапка,ползунка тиге баштадым.Кышы шерстен алып токуй баштадым.носкийден баштап камплекке чейин токудум.Балдарым обласной менен городской больнисаны кыдырып сатат.Биринчи уялышып журушту.кийин конуп кетишти.Экинчи уулум биринчи сатышты баштады ал эки жыл сатып,кийин кызым менен уулума откоруп берди анткени ал студент болду.Мен уч саат же торт саат эле уктайт элем.Ошончо кыйналып тикеним кунумдук 6 кг унга жетет эле ашса эт алат элек.Ошол ун бир кунго жетпей оп чап болуп калат эле.Баары чонойуп ичем жейм деген учур \эле.Жумурткага пияз кошуп кууруп жешет эле.кээде пияздын озун кууруп жешет эле.Семичка экенибиз учун май,пияз кенири эле.Учунчу уулум бир шымды уч жыл кийген ал бозоруп ону очуп кеткен.ал студент эле.Учунчуу уул болгон учун ага кийим тийиши кыйын эле.Аркасы кыз учун,сен эркексин карындашын кыз деп кызга кийим кылганым эсимде.Эжелуу кызга эчки тон,эски болсо да эптуу тон.Сен агаларындын киймин уйго кийе бер деп коп айтат элем.Анткени ал уулум ото арык эле.
- Апа ушу эчки тонунуз эч жакпайт да апа деп капа болуп кийип .Мен чонойсом балдарыма эчки тон кийгизбейм деп капа болуп отуруп калат эле...


Элдер ушунча кыйналган экен го, Чуй жакта анчалык болгон жокпу билбейм курсагыбыз ач калган кундор болгон жок , башкасы болбосо да нан кенен эле болчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   ludimira   21 Ноябрь 2017 - 15:29

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 577
  • Катталган: 27 Август 17
  • Соңку аракети: 29 Дек 2024 01:49

Еще как болгон, Чуйдо болгондо да Кара балтада, ошо убакта Биз Ошко кочуп барганбыз,апам атам ишсиз калып.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   cos25   21 Ноябрь 2017 - 17:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 20 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2019 11:08

СССР тараганда торолуп кыйынчылыкта чонойгондор коп. Ал убакты эстегенде азыркы учурга шугур кыласын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   raia   21 Ноябрь 2017 - 18:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Балдарым студент жол расходун эле берет элем.Эртен менен уйдон тамактанып. сабактан чыканда курсагын ачса уйго туз кел деп койот элем.Ким бош болсо мага жардамга отурушат эле уул кыз,келин дебей.Мен токуган пинетка менен шапкага бубончик кылып же тигип жабыштырышат эле.Азыр озум жазып атып тан калып атам бир кундо шапычкадан учту же пинеткадан 4-5 ти тигет элем.Бир кана гул салып токуйт элем балдарым жиптен кошуп тигип,бубончиктерди кадашат эле. Комплект заказ берсе эки кундо тигип бутурот элем.Турмуштун кыйынчылыгынан эшике чыгып ойнош деле жок болуп калган.Ар бир балдарымдын оз оз иштери болор эле.Экинчи уулум ун алып келип мага жиптерди сатып келип.мага сатып келуучум эле. Небем кармап ,кичуу уулум жибтеримди тоголок кылып туруп беришет эле ,болбосо экоо тен ото жаш эле.УУлм менен кызым экоо удалаш алар мен тикендерди больницага алпарып сатып келишет эле .Айрыкча кышта кечки саат 8-9 га чейин сатышып,бутары суу болуп ушуп тонуп келишер эле.Келгенче балдарымды бир Аллага аманат кылып,журогум зырылдап кутуп алат элем.анткени жолдон жана жаман адамдардан коркор элем.Нандан оксушподу бирок масло,колбаса шириндиктерди анда санда кана болбосо туулган кундорундо кана жеп калышты.Акча болсо баары болот демекчи варения,салатарды жасай албай калдык 2-3 жыл ошондой турмуш болгон.Бирок тентуштардын арасында жокчулук,кыйналганыбыз жонундо кеп кылбайт элек.
Кыргыз эли ото чыдамкай калкпыз озубуз кыйналсак да кошуна менен туугандарга сыр билгизбей жашаганбыз. .Каранкалгыр ошондо газ да жок,газ болбосо свет да туруштук бербей кундо 10 маал очконун айт.Этаж уй,отун жок,отун болбосо очок жок..Биз бешинчи этажбыз.Ата энем каза болуп батачылар басканын айт.Акыры балконго от жагып тамак бышырып калганбыз.Биздин балкондогу от очор менен кошуналар келип казан менен очокту алып кетишет.Экоо элге кызмат кылып тунку 2-3 то келет.Казан менен очоктун жаны тынбайт.Балдарым кыйналды тамаксыз бышырып алайын деп тан атпай келген кундор да болгон....
Очокту озбек кошунам бар эле алар уй салып 10 адырга кочуп кетишкен.Домдогулар кыйналып атышыптыр деген созду угуп бизге 10 кг баткан казанга ылайык очок алып келип ата энеме батага келгенче ала келишиптир. Ошон учун жаман улут жок,жаман адам бар деген тогун эмес.
Биз го газыбыз бар,свет очсо газ бар демекчи общитерди свет очкондо байкуштар канти экен деп ичим ооруп ойлонуп калат элем.Анткени аларда газ жок да.
Жаздан баштап балдарым жер тырмалашат эле.Айылдык жашоону билбеген балдарым колдоруна кетмен кармап жер чапты го...
Биз ошонтип жокчулукту женгенбиз.

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 21 Ноябрь 2017 - 18:20

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   -Sumitra-   21 Ноябрь 2017 - 19:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 757
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 14 Янв 2021 15:52

Биз ошол учурду корбой калдык.Бирок атам кыйын киши болгон учун,ата-энесин бир туугандарын ачка калтырбаган экен.Адамдар кыйналып кетишкен деп айтып калвшат го.Ушул жашоого шугур кылыш керек чынында.Пендебиз да коп нерсеге наалыйбыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   ludimira   21 Ноябрь 2017 - 20:09

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 577
  • Катталган: 27 Август 17
  • Соңку аракети: 29 Дек 2024 01:49

Азыр конфеттердин турун дасторкондо коруп биз китайский сасык кантты конокко деп бекитип койгону эске келет....
Балдарым таттууну тандап кесирленишсе барчылыктын балдарысынар деп суйлонуп калам....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   vavilon.   22 Ноябрь 2017 - 16:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 055
  • Катталган: 12 Февраль 17
  • Соңку аракети: 01 Сен 2024 19:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Супер-Инфо

Кытай бар экен кыргызды сактап калды. Кытай менен чек ара ачылып, соода сатык журушуп, арзан буюм терим, кийим кече тамак аш мн камсыз болдук. Кытай болбогондо андан да оор болмок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   vavilon.   22 Ноябрь 2017 - 16:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 055
  • Катталган: 12 Февраль 17
  • Соңку аракети: 01 Сен 2024 19:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Супер-Инфо

Жана да баягыле бир боор энебиз Россия бар экен шугур.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 18:39

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: