Суперстан: Жаш эле эрге тийип кеткеним үчүн өкүнөм - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жаш эле эрге тийип кеткеним үчүн өкүнөм

#1 Пользователь офлайн   leopard   22 Ноябрь 2017 - 18:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 04 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Авг 2021 18:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Саламдар форумчулар! !!Мен буга чейин экинчи турмушум жонундо жазган элем,эми экинчи турмушума чейинки жашоомду тагыраак айтканда кантип ажырашканымды жазайын.2008-жылы 11-классты аяктап кубанычыбыз коюнубузга батпай окууга тапшырабыз дегенде козубуз торт эле,тест тапшырдык тесттен менин анан мугалим эжекебиздин кызынын балы жакшы чыгыптыр,окууга тапшырам деп базарга барып кийим кылып окууга керектуу нерселерди алып келдик.Ошол эле куну туштон кийин уйдун эшиктерин сындырып киришип алыскы тууганымдын баласы алып качты,эхх ошондогу акыбалыма мышык ыйлайт эле сынган эшиктей болуп максаттрым ой тилектерим кошо сынды.Тууганыбыздын карыган чон Атасы бар эле ошонун созунон чыга алшыпай мени отургузуп коюшту же конулун барбы?жашай аласынбы?жашсын жур алып кетейин деп эч ким айтпады бир ооз сурашпады... Ошентип калып кеттим жаш экенмин жашоо ушундай экен деп жашап калдым,бирок Кайын Энеме жакпадым келегнде эле бетиме айткан биз башканы алып берелик деген элек деп,корсо башка бир кызга кудаа тушуп барышса болбой койгон экен,баласы ошого очошуп мени алып качыптыр тууганбыз баары бир калтырышат деп,ал 19жашта мен 18 де.Анчалык эрте уйлонгонуно алигиче башым жетпейт,тойду да эптеп откорушту койнок кийдим бирок озумдун уйумо алып келишкенде Ата Энеме айттым силерге нааразымын менден кутула албай аткан экенсинер баары бир ажырашып келем деп.Той болду тойдун эртеси да болду Ииии сойрук ошол тойдон кийин айтып атпайбы мен сени кыз эмес болсо керек деп ойлогом деп,неге десем сен спорт менен машыгып жургонсун анан шагатка отургандардын кыздыгы тушуп калат экен десе болобу эсим ооп эле карап калдым аны ааа тушунугу жок сойруук дедим ичимден,4 кайын синдим 1 кайын агам бар,кундо нан жабам кир жууйм,чон кайын Ата байбичеси менен,Кайын эне менен кайын ата кыштоодо,кыш да келди барган сайын уруш кобойду кыштоого сойрук барса КайынЭне куулоп жонотот экен келип эле асылып жатып калат анан урушуп кетебиз,кайын синдилердин козунчо согунот кыскасы ортодо сый урмат кете баштады,арыктап кеттим алым да жок бетиме тегерек,тегерек болуп жара чыгып бетими каптап кетти неге экенин билбейм,барган сайын куйоому коргондо жииркене турган болуп калдым,бир куну дагы катуу урушуп кеттик жаным кашайып урдум сага окшогон куйоону деп жибердим чуркап келип жаагыма чапты мен да жон турбай муштум менен кайра аны бетке койдум,уже чыдамым кеткен эле,кыйраткансып Ата Энем мени эрге береери менен Москвага кетишкен же акыл айтып жубаткан адам болсочу экообуз урушкан сайын олгум келет,кышта эшикте кир жууйм сууну да ойдого чыгып алып келесин же суу ташып успейтетсем не,кир жууп буткучо колдорум карышып калат,малдары бар жер жайнаган кыштоодо да уйдо да аларга жардам берем,озум да айылда эле чонойгомун жайлоого чыгып уй саап бээ саап дегендей баарын билем бирок ото катуу чарчап калам,акыры уйлорду жыйнабайсын дей баштады акыбалым жок бетимдеги жара кобое берди КайынЭне коруп бир мазь берди аны койгондон кийин бир жумада жара жок болду,бирок бетими дары кучтуулук кылып куйгузуп таштады ага деле ыраазы болдум себеби кеткенине суйундум жаранын,телефон жонундо уруш чыгып кетти телефон менен бир койду эле оозун аймап алдым мына сага деп,антпейин десен ошого озу алып барды,эптеп кун ото берди бир куну кеч дагы уруш чыкты ошол акыркы каплясы болду чыдамымдын катуу согунот кайын синдилердин козунчо катуу бир тепти баса албай калдым,туну соз баштадым бир туугандарымды сагындым барып келейин бир туугандарым да Тайэнемдин колунда садага болоюндарым, бир туугандарым жонундо озунчо жаза кетем.Бирок 6 ай жашадым ошол аралыкта боюмда болбоду эмнеге экенин билбейм,ошентип эрте менен туруп сойруко айтып бир туугандарыма барып келем деп керектуу кийимдеримди алдым да кетип калдым,КайынЭне кыштоодо эле билбеди кеткенимди Тайэнемдикине бардым да АтаЭнеме айттым экинчи барбайм жиберсенер олугум келет дедим,акча салышты Бишкеке Таэжемдикине келе бердим бир тууган иним менен синдим калышты бозоруп садага болоюндарым, эстеген сайын журогум ооруйт эстебейин десем да болбойт жаш кезимден коргон кордуктардын айынан психикам да жабыркаган экен,АтаЭне дагы балдарын таштабаса туугандарыныка ар кимдин тууганы ар башка болот экен.Ошентип жолго чыктым звонок кылды сойруюп сне мага кыз тийген эмессин эми сени эч ким албайт,тийсен да чалга тийесин деди создорунду Кудайга койдум,жакшы журсом мага да табылат жакшы адам дедим кыз оппогон балага тийем карап тур дедим созубуз ушу менен бутту мен Бишкекте 1 айдай журуп Москвага келе бердим.Достор кааласанар омур баянымды жазайын силерге жазып женилдеп алайын!! !!
Мен жалгызмын уй булоом болуп туруп,
Мен алзысмын кара кучко толуп туруп.
Жанымда кенеш берер адамым жок,
Мен жансызмын журогум согуп туруп.
Арманымды кимге айтып даттанам?…
Эрдик кылсам кимге барып мактанам?…
Айланамда адамым жок таянган,
Куноо кылсам кимге барып актанам?…
Жургон кезим эч бир жанга ачылбай,
Жудоп кеттим каш-кабагым жазылбай…
Келчи АТА бир кунго эле суранып?
Суйлоор элем БИР мунотко басылбай! …
Келчи АТА бир кунго суранып?
Суйлоор элем БИР мунотко басылбай…
Сагындым АТА сизди!


Отправлено с iPad
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Suluuushka   22 Ноябрь 2017 - 20:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 634
  • Катталган: 01 Сентябрь 16
  • Соңку аракети: 04 Мар 2020 14:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Новосибирск

Жазыныз автор омур баянынызды? Анаан биринчи теманыздын аталышы кандай,атын айтып койосузбу??
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   leopard   22 Ноябрь 2017 - 20:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 04 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Авг 2021 18:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Биринчи жолу тема ачканым учун билбепмин,теманын аталышы Эрте турмушка чыкканыма окуном!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   General.kg   22 Ноябрь 2017 - 20:29

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

Жазуу стилиңиз өтө жакты. Сиздей күйөсүнө тең келген аялдар мага абдан жагат да. Дагы күтөөөм көөөп жазыңызчы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   leopard   22 Ноябрь 2017 - 21:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 04 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Авг 2021 18:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Озум орто жашаган уй булоодо чонойдум,эсимде анда жашым калп айтпасам 4-5жашта болсо керек Апам базарга чыкчуу Атам аткормада иштечуу,уйго Атамдын бир тууган иниси келчуу уйдогулор ишке кеткенде полдогу кийиздерди жыйнап анан мени ойно деп ошол жерге жаткырып ишин бутурчуу экен азыр эстесем уххх журогум эстебейин десем эстейм,айбанды азыркыгы чейин каргап келем Кудай корсотсун деп,ошентип жакшыле эс тартып калганда Ошко кочуп келдик айылдан менин иним анан синдим бар кичинекейибиз кийин торолду Ошто да копко жашабадык,бирок ал жакта жургондо да кордолупмун чон эле кишиге домдун алдына нан сатып бир киши келди кошунабызды айтып подездге киргизип койчу десе ачып бердим,бир сом берем эшигин да корсотчу десе,эшигине чейин баргамын анан эле которуп лесницадан кармап тушо турган темирге отургузуп ишин бутуруптур аны кайдан билем кийин бойго жеткенде тушундум

Билдирүүнү түзөткөн: leopard: 22 Ноябрь 2017 - 21:14

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   leopard   22 Ноябрь 2017 - 21:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 04 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Авг 2021 18:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Кооп жаздым эле аз эле чыгып калыптыр чектоо бар окшойт,дагы жазам кичине куто тургула!! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   leopard   23 Ноябрь 2017 - 03:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 04 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Авг 2021 18:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Ошентип айылга кочуп кеттик,уйубуз эми ошол жакта болот экен,полу жок жаны салынган уйдо жашап калдык,бир жылдан кийин 1997 жылы жаны ачылган мектептин босогосун биз аттадык мектеп салынып жатканда кирпич ташып бергенбиз.Биринчи классты буто электе мени Атамдын карындашынын уйуно инимди ЧонАтамдыкына синдимди Тайэнеме таштап АтамАпам дагы кетишти иштегени биз ар жерде остук баарыбыз почти,эжемдикинде бир жылга жакын журдум анан келип алып кетишти,кийинчэреек эн кенже иним торолду садага болоюн омуру узун болсун,арадан эки жыл откондон кийин Атам Апам дагы кетишти кичинекей иним мени менен калды ошондо башталды дагы бир тозоктун кундору,Тайэнем нанды бир комнатага кулпулайт экен тойо тамак жебейбиз мен го мейли чыдайм кичинекей иниме кыйын болду ачкалыктан эки козубуз жалдырайт шоктоно да албайсын шоктондун дегиче Тайэнемдин каргышы танамдын согушу муштуму даяр эле инимди жонума кечке котормой окууга да баргым келбейт баардыгынан артта калдым,тартынчаак жер коз тунттугум ошондо пайда болду абдан кыйналдык бир куну иним эшиктин алдында ойноп аткан дарбаза ачылып Атам Апам кирип келди,кирип эле кел уулум дегенде иним мени карай качып жоноду садага болоюун Атасын тааныбай калыптыр....Суйунуп эле уйго келдик тойо тамак жеп бетибизге кызыл жугуруп калды,,,...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   sanzhar83   23 Ноябрь 2017 - 04:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 227
  • Катталган: 09 Май 13
  • Соңку аракети: 12 Фев 2019 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

дагы жазып атасынарбы, кутуп турайын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Sultana17   23 Ноябрь 2017 - 12:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 63
  • Катталган: 31 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2018 16:25

Автор жазыныз кутуудомун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   ilgizk   23 Ноябрь 2017 - 13:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 774
  • Катталган: 31 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Окт 2020 18:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ош

Көп көп жаза бер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   leopard   23 Ноябрь 2017 - 13:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 04 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Авг 2021 18:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Уйдо канча жашадык билбейм кайра бизди таштап дагы кетишти иштегени,кайра эле башталды баягы корунуш ачка ток калмай жайлоодомун кечке уй сааганды уйрондум кымыз жасаганды кыскасы жашоого кенедейимден жакшы эле быштым десем болот.Окуу ачылып айылга келдик окууну дагы унуттум жарытылуу кийимибиз жок азыркыдай болуп чала албайсын АтаЭнене арызданып ал мезгилде телеграфка чакырчуу,бирок арызданбапмын урат тамак бербейт деп,бир куну кичинекей инимдин тилин сары аары чагып алыптыр ошодон коро мени чакса болмок куйполоктоп тили оозуна батпай шишип кетти козумдун жашы кол,ээси ооп жыгылып тушту дем жетпей кыйкырып ыйлайм уйдогулор беймарал эч нерсе болбойт деп турушат ушу алым детсе чекеден тобого коймокмун,иними зорго озуно келтирдик ухх деп озумо келе туштум.Бир куну башым биттеп кетиптир уялып айтпай журо берип кобойуп кетиптир,уйго тагамын аялы келип байкап калып уйго отуп бар тазалап берем башынды деди,суйунуп эртеси барып эле тазалатып келдим кундон кунго иним алсырай берди же тамак ичпейт эки козу калган жалдырап акыры Тайэнеме айттым болницага алып баралы деп,жаш болсом да инимдин катуу ооруганын билип аттым болницага барсак сразу жаткыргыла деди сарык болуп калыптыр ичинен деп диагноз коюшту,ушу кичинекей балада не куноо ооо Кудай деп ыйлап ыйлап алдым оксуп мен алып жаттым сабагыман да калдым,мага инимдин тезирээк айыкканы эсеп эле лечения башталды иниме колдоруна жамбашына укол сая беришип тамтыгы калбады бирок кундон кунго онолуп баратты садага болоюунум бизди эстеп сурап келген адам деле жок Тайэнем эки кундо бир келет,угуп калган туугандарым анча мынча келип турушту болницада 1 айдан ашыгыраак жатып анан чыктык иним буга чейин 1 жаштан отуп калганда сарык болгон эле Кудай зор сактады врачтар куса болуптур бала дешти АтаЭне баланы тапканына милдет кылышпай оздору эле бакса айылда жашасак деле тиргилик отмок эл катары...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   leopard   23 Ноябрь 2017 - 14:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 04 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Авг 2021 18:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Мерез боло баштадым карап тургула чоноюп силердин козунорго коруном, сындырым нан учун бизди кыйла эле кыйнадынар деп ичимде кек толо берди кундон кунго,АтаЭнемди деле сагынбай калдым келишет кайра кетишет классташтарымдай болуп жыргап ойномой жок мектепке эптеп эле барып келмей,кыш келип жаны жыл башталды Апам бизге жаны жылга деп кийим салып жибериптир парпыратып аппак койнокту кийип бардым бирок бир тыйын беришпеди колума,башкалар толтура шириндиктерди алып жеп жыргап журушот маанайым сууз жаны жыл бутуп мектептин дарбазасынан чыгып бараткам 10 сом жатыптыр кардын устундо,алып алдым ал убакта камок деп койчу камоко чуркадым иниме озумо синдиме келишинче шириндик алдым да уйго кетип калдым,уйго барып экоону чакырып алгандарымды болуп бердим садага болоюундарым суйунуп жыргап калышты,ошол 10 сомду алып алганым учун алигиче кечирим сурайм Кудайдан....Тайэнем нан жапканда тушуп калган нандарды чокко кактап бышырып баштыка салып илип койчуу курсагыбыз ачканда ошону жеп алчуубуз анын айынан канча уруш уктум,каникул башталды жайкы жайлоого жонодук мени эртеси алып барам деп иним экообузду калтырып коюшту же экообузго деп тамак аш калтырышпаптыр тооба, иним курсагым ачты деп кошунаныкына кирип нанды кантип жабат деп сурап чыктым да айткандай кылып камыр жууруп койдум бирок жакшы ачый электе жаап салыптырмын анча эмес болсо да иним экообуз жыргап тойуп алдык 7класстын кызы болсом да кыш коюп атып зорго жаптым бетимдин баары капкара тойгонубузга ыраазы болдук.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   ilgizk   23 Ноябрь 2017 - 14:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 774
  • Катталган: 31 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 27 Окт 2020 18:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ош

садага болоюундарым
Ушул сөзүң жакты
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Medinaa   23 Ноябрь 2017 - 15:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 965
  • Катталган: 13 Май 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2018 22:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кооз жер

:капамын:
Бирөөгө кор кылбасын Кудай.
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   leopard   23 Ноябрь 2017 - 16:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 04 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Авг 2021 18:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Куз келип мектепке кийим жасап келдик эптеп мектепке барып келмей,башында жазып кеткендей спортко абдан кызыкчуумун 4чу класстан баштагамын машыгым билгенимди уйронуп телевизордон коргон гимнастикаларды кайталай берип уйронуп алган ийилчеекмин кийин жакшы эле пайдасы тийди машыкканымдын, эн чон тагам гектарлап картошка эгет эле сезон башталганда баарыбызды алып барып картошка каздырат эле,бойго жетип калган кызмын айыз келет кокурок чыгат аны мындай кылыш керек деп эч ким айтпаптыр,аны таэженемден билдим бечара женем берди ич кийимди тагын деп,картошканын сезону бутуп кайра келдик дагы деле уруш жанжал келтек жемей акыры соз кайтарганга оттум,кыш жакындап калган коридордо сабак карап олтурсам кичинекей иним ачуу чанырып ыйлап калды кире калсам тагам бир колунан которуп алып уруп атыптыр козум чанагынан чыгып кетейин деди,чыдабай кетип не болсон ошол бол деп жетип барып бир тептим да озорто койдум баары бир болуп калган эле инимди коргондо,инимди таштап коюуп мага отту учура койду мурдум канжалап жатып калдым ага карабай иниме чуркадым сооротуп кучактап отуруп алдым да ыйлай бердим каргай бердим уулга балага ылайым зар болуп кал,кызын мага окшоп калсын деп бойдок эле уйлоно элек,келечегин чын журогумдон каргап алдым,эки кундон кийин катуу ооруп калдым соогум сыздап ооруйт ээктерим калчылдайт ысыбайм эч эле суйлогонго акыбалым жок,денем от болуп жанам тамак отпойт Тайэнем коркту окшойт сут бышырып берет дары берет бир жумадай жатып жакшы болуп калдым,Атам Апамдан чоон сумка кийим келди суйунуп кийип коруп сумкасы менен чон уйго коюп койсом сумкасы менен жок бир жума бут кийимим жок окууга бара албай калдым уйдргулор бекитип коет деп ойлобопмун, 10 чу кун дегенде кулпуланган комнатан алып чыгып беришти ушул кантип болсун деп оксуп оксуп ыйладым дагы келтек жедим чындап олгум келди былжырап ыйлагымда келген жок кайра кайра,мал байлаган жипти алдым да уйдун аркасында чоон алма дарак бар эле ошого асынып олом дедим да оюмда баары менен коштоштум да,жипти мойнума салып туруп алмага чыгып секирдим калганын билбейм куугум кирип калган эле турсам капкарангы мени издеген адам деле болбоптур,отуруп алып кайра ойлондум олбой эле койоюн деп,айтмакчы жип узулуп кетиптир мойнум кыпкызыл бир жумадай водалазка кийип журдум моюунумду корсотпой,кийинчереек мурдум башым катуу ооруп чыдатпай калганда болницага бардык гайморит жатсын тазалайбыз дешти мурдумду тешип иринин тазалашты жакшы болуп калганда уйго чыгарышты келсем инимдин байпагы жок мурду агып жудоп кетиптир коруп зееним кейийт,мени коруп мойтондоп суйунот кичинекейим менин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   sanzhar83   23 Ноябрь 2017 - 16:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 227
  • Катталган: 09 Май 13
  • Соңку аракети: 12 Фев 2019 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

ушунчалык зээним кейип окуп атам...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   asia_92   23 Ноябрь 2017 - 16:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 494
  • Катталган: 18 Август 15
  • Соңку аракети: 17 Фев 2019 18:24
  • Калаасы:г Ош..

Автор жазыныз чыдамсыздык менен куттудомун.
[color="blue"]Салам[\ blue]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   ludimira   23 Ноябрь 2017 - 17:41

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 577
  • Катталган: 27 Август 17
  • Соңку аракети: 29 Дек 2024 01:49

Жакшы ининиздин эжеси бар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   karapayim   23 Ноябрь 2017 - 18:46

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 15 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 07:47

Анан...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   bosmos77777   23 Ноябрь 2017 - 19:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 148
  • Катталган: 10 Июль 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:57
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:moscou

Оор турмуш экен!!! Бактыныз ачылсын!! ! Бир туугандарынызга болгон, мээриминиз кучтуу экен!

Улантыныз Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: bosmos77777: 23 Ноябрь 2017 - 19:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 02:58

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: