Колдоого алганыңар үчүн чоң рахмат, форумчулар.
Эл кандай кабыл алат деп кыжаалат болуп жаттым эле - эми ишенич пайда болду. Кесиптештерим да "давай, давай" деп жатышат. Эми форумдагы юристтерге,
саясат таануучуларга суроо:
1) Азыр Кыргызстанда "Элдик-демократиялык" деген аталыштагы партия барбы?
2) Партия түзүш үчүн анын мүчөлө рүнүн саны канча болуш керек?
1) Азыр Кыргызстанда "Элдик-демократиялык" деген аталыштагы партия барбы?
2) Партия түзүш үчүн анын мүчөлө рүнүн саны канча болуш керек?
Саламатсызбы, Жека мырза! Сиз олконун азыркы жетекчилеринеби же алардын откон иш таржымалына кайрылуу менен аларга канаттанбай тургандай пикиринизди билдирип кетиптирсиз. Мындай абал ар бир эле Кыргызстандыктын журогундо турса керек, бирок ошол нерсени сиз ушул Супер форумга алып чыкканыныз дагы бир чечкиндуу кадам десем жанылышпайт болушум керек.
Эми бул баштоонуз Супер форумдун колдонуучулары тарабынан колдоо табып жана кесиптерштириниз да "давай-давай" деп жатышса, анда сизге ийгилик гана каалай кетели.
Эми сиздин жогорудагы суроолорунузга саясат таануучу же юрист болбосом да, акылым жеткен жерине чейин жооп берип кетейин.
1. Менин билишимче азыркы учурда Кыргызстанда "Элдик-демократиялык" деген аталыштагы партия жок болсо керек. Бирок маани жагынан окшош келген "Кыргызстан социал-демократтар партиясы" бар, мааниси жагынан окшош дегеним "Элдик" деген соз менен "Социалдык (коомдук)" деген соз окшош маанини берсе керек, анткени ал партия дагы коомдун б.а. элдин кызыкчылыгын коздогон партия болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын "Саясый партиялар жонундо" Мыйзамынын 5-беренесинде ылайык, саясый партия тузуу кеминде олконун 10 жаранынын демилгеси менен тузулот деп. Бул мыйзам менен толук таанышуу учун, томондо Мыйзамдын толук текстин тиркеп койдум.
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
1999-жылдын 12-июну N 50
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Саясий партиялар жөнүндө
I бөлүк. Жалпы жоболор
II бөлүк. Саясий партияларды түзүү нүн жана ишинин максаттары ме-
нен принциптери
III бөлүк. Саясий партиялар жана мамлекет
IV бөлүк. Саясий партияларды каржылоо жана материалдык камсыздоо
V бөлүк. Корутунду жоболор
I бөлүк.
Жалпы жоболор
1-статья. Саясий партиянын түшүнү гү
Ушул Мыйзамда калктын белгилүү бир бөлүгү нүн саясий эркин жүзөгө ашырууга көмөк берүүчү жалпы саясий максаттары жана милдеттери бар жана мамлекеттик иштерди башкарууга, өздөрү нүн өкүлдө рү аркылуу катышкан, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыктыярдуу бирикмеси саясий партия катары түшүнү лөт.
2-статья. Саясий партияларды уюштуруунун жана алардын ишинин мый-
замдык негиздери
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары саясий партияларды уюштуруунун жана алардын ишинин мыйзамдык негизи болуп эсептелет.
II бөлүк.
Саясий партияларды түзүү нүн жана
ишинин максаттары менен принциптери
3-статья. Саясий партияларды түзүү нүн жана ишинин максаттары менен
принциптери
Саясий партиялар калктын белгилүү бир бөлүгү нүн саясий эркин ишке ашыруу максатында түзүлө т жана мамлекеттик башкаруу иштерине:
Жогорку Кеңешке, мамлекеттик кызматтарга жана жергиликтү ү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо үчүн өздөрү нүн талапкерлерин көрсөтү ү;
өкүлчү лүктүү органдарда фракцияларды түзүү түрүндө катышууну негизги максаты катары коюшат.
Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлү шүн кулатуу, күч менен өзгөртү ү, эгемендү үлүгү нүн кедерин кетирүү жана анын аймагынын бүтүндү гүн бузуу, согушту, зордук-зомбулукту жана ырайымсыздыкты пропагандалоо, социалдык, расалык, улуттук жана диний чыр-чатакты жана кастыкты тутандыруу, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлү шүнө каршы келген жана эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерине коошпогон башка жосундарды жасоо максатын көздөгө н саясий партияларды түзүү гө жана алардын ишине жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин саясий партияларын, ошондой эле алардын кичи бөлүмдө рүн түзүү гө жана алардын ишине жол берилбейт.
4-статья. Саясий партияларды түзүү нүн жана алардын ишинин принцип-
тери
Төмө ндөгүлө р:
аракеттердин эркиндиги;
катышуунун ыктыярдуулугу;
мүчө лөрүнү н тең укуктуулугу;
өз алдынча башкаруу;
мыйзамдуулук жана маалымдуулук;
гуманизм саясий партияны түзүү нүн жана алардын ишинин негизги принциптери болуп эсептелет.
5-статья. Саясий партияларды түзүү нүн шарттары
Саясий партиялар Кыргыз Республикасынын кеминде 10 жаранынын көтөргө н демилгеси боюнча түзүлө т.
Саясий партияны түзүү нүн демилгечилери уюштуруу курултайын (конференциясын) же жалпы чогулуш чакырат, анда устав кабыл алынат жана жетектөө чү органдар түзүлө т.
6-статья. Саясий партияга мүчө болуу
Саясий партиялардын катталган жана/же катталбаган мүчөлө рү болот.
18 жаш куракка толгон, партияга өз ыктыяры менен өткөн, анын уставы менен программасын тааныган Кыргыз Республикасынын акыл-эси соо жарандары саясий партиялардын мүчөсү боло алышат.
Кыргыз Республикасынын жараны бир гана саясий партиянын мүчөсү боло алат.
Мамлекеттик кызматчылар партиялык ишин өзүнү н кызматтык ишине байланыштырбастан жүзөгө ашырууга укуктуу.
7-статья. Саясий партиялардын мүчөлө рүнүн укуктары
Саясий партиялардын мүчөлө рүнүн укуктары анын уставы тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган инсандын укуктары жана эркиндиктери жөнүндө эл аралык укуктук актыларга карама-каршы келбөө гө тийиш.
Жарандын саясий партиянын ишине катышуусу же катышпоосу ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралгандан башка учурларда, анын укуктарын жана эркиндиктерин чектөө гө же мыйзамдарда белгиленген кызматтык милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылууга негиз болуп кызмат кыла албайт.
Партиянын ар бир мүчөсү же анын мүчөлө рүнүн тобу эрк-ыктыярын эркин билдирүү угө укуктуу.
8-статья. Саясий партиянын уставы
Саясий партиянын жалпыга маалым болгон уставы болууга тийиш.
Уставда:
саясий партиянын аталышы, анын турган жери;
саясий партиянын структурасы, аны түзүү нүн тартиби, анын жетекчи органдарынын компетенциясы жана ыйгарым укуктарынын мөөнө тү;
конференцияларды, курултайларды чакыруу мөөнө ттөрү;
саясий партиянын мүчөлү гүнө кабыл алуунун жана андан чыгуунун шарттары жана тартиби;
саясий партиянын мүчөлө рүнүн укуктары жана милдеттери;
чечимдерди кабыл алуунун, аларды жүзөгө ашыруунун тартиби жана контролдук кылуунун түрлөрү ;
саясий партиянын каражаттарын жана башка мүлкүн түзүү нүн булактары;
саясий партиянын уставына өзгөртү үлөр жана толуктоолор киргизүү нүн тартиби;
саясий партиянын ишин токтотуунун тартиби жана анын мүлкүнү н кандай болоору чагылдырылат.
Уставда саясий партиялардын ишине таандык кылынган жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка жоболор каралышы мүмкүн.
9-статья. Партиянын аталышы жана символдору
Партиянын аталышы, анын кыскартылган аты жана символикасы Кыргыз Республикасында катталган башка партиялардын аталышынан жана символикасынан айырмаланып турууга тийиш.
Өзүнү н аталышын өзгөртү үдө партиялар мыйзамдарда белгиленген тартипте кайра каттоодон өтүү гө тийиш.
Партиялардын символ катарындагы эмблемалары, желектери, гимни, желекчелери жана төш белгилери болот. Символдор ушул Мыйзамдын 3-статьясынын экинчи бөлүгү ндө көрсөтү лгөн максаттарды пропагандалоого кызмат кылбоого тийиш.
10-статья. Саясий партияны мамлекеттик каттоо
Саясий партия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталат.
III бөлүк.
Саясий партиялар жана мамлекет
11-статья. Саясий партиялардын укуктары жана милдеттери
Партиялар өздөрү нүн программалык документтеринде, башка актыларында аныкталган максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн:
өз максаттары жана иши жөнүндө маалыматтарды эркин таратууга, мыйзамда белгиленген тартипте массалык маалымат каражаттарын уюштурууга, митингдерди, демонстрацияларды, чогулуштарды жана башка массалык иш-чараларды өткөрү үгө;
ыктыярдуу башталыштарда саясий блокторго, бирликтерге, бирикмелерге биригүү гө;
Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңешке жана башка шайлануучу органдарга шайлоого катышууга;
мамлекетттик органдардын чечимдерди иштеп чыгышына демократиялык жол менен таасир көрсөтү үгө;
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер катары өз талапкерлерин көрсөтү үгө;
Жогорку Кеңешке жана жергиликтү ү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо үчүн өз талапкерлерин партиялык бирдиктү ү тизме боюнча көрсөтү үгө, шайлоо алдында үгүт жүргүзү үгө, колдоо көрсөтү ү тобун түзүү гө;
ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында каралган башка функцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу.
Партиянын жетекчи органдары милдеттү ү түрдө Кыргыз Республикасынын аймагында болууга тийиш.
12-статья. Мамлекеттин саясий партиялар менен мамилелердеги укук-
тары жана милдеттери
Мамлекет саясий партиялардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын сакталышын, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын өздөрү нүн уставдык милдеттерин аткарышы үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүү нү гарантиялайт.
Мыйзамда каралгандан башка учурларда мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын саясий партиялардын ишине кийлигишү үсүнө жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги партиянын жетекчи органдарынан саясий партиянын уставынын бузулушуна байланыштуу маселелер боюнча түшүнү к берүүнү талап кылууга укуктуу.
13-статья. Саясий партиялар жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жо-
опкерчилик
Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
Саясий партия тарабынан анын уставында белгиленген максаттарынын жана милдеттеринин чегинен чыккан же колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келбеген аракеттер жасалган учурда, бул партиянын жетекчи органына Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан кат жүзүндө эскертүү берилиши мүмкүн.
Партиянын жетекчи органы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эскертүү сүндө белгиленген саясий партиялар жөнүндө мыйзамдардын бузулушун четтетүү үчүн көрүлгө н чаралар жөнүндө бир айлык мөөнө ттө билдирет.
14-статья. Саясий партиянын ишин токтото туруу
Саясий партияны каттаган мамлекеттик орган анын уставында аныкталган максаттардын жана милдеттердин чегинен чыккан же мыйзамды бузган аракеттерди жасагандыгы үчүн бул партиянын ишин эки айга чейинки мөөнө ткө токтото алат. Мындай учурда саясий партияга бардык массалык маалымат каражаттарынан пайдаланууга, пропаганда жана үгүт жүргүзү үгө, митингдерди, демонстрацияларды жана башка массалык иш-чараларды уюштурууга, шайлоого катышууга тыюу салынат.
Ошондой эле анын эмгек келишимдери боюнча эсептешү үлөрдө н, анын ишинин натыйжасында келтирилген зыяндардын ордун толтуруудан жана жазапулдарды төлөө дөн башка, банктык салымдардан пайдалануу укугу да токтотулат.
Көрсө түлгөн мөөнө т аяктагандан жана укук бузуулар четтетилгенден кийин саясий партиянын иши кайра улантылат.
15-статья. Саясий партиянын ишин токтотуу жана аны таратуу
Саясий партиянын ишин токтотуу кайра уюштуруу (биригүү , кошулуу, бөлүнү ү) же жоюу аркылуу жүргүзү лүшү мүмкүн.
Саясий партияны кайра уюштуруу анын курултайынын (конференциясынын) чечими боюнча жүзөгө ашырылат. Кайра уюштуруудан кийин жаңы түзүлгө н саясий партияны каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Саясий партияны жоюу анын курултайынын (конференциясынын) чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
Саясий партия тарабынан ушул Мыйзамдын 3-статьясынын экинчи бөлүгү ндө каралган аракеттер жасалган учурда, ал соттун чечими боюнча таратылат.
Саясий партияны таратуу жөнүндө сунуш Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан берилет.
IV бөлүк.
Саясий партияларды каржылоо жана материалдык камсыздоо
16-статья. Саясий партиялардын ишин каржылоо
Депутаттарды шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык шайлоо кампанияларын каржылоодон башка учурларда, саясий партиялардын ишин каржылоо мамлекеттик бюджеттен каражаттарды бөлүп бербестен бул партиялардын каражаттарынын эсебинен каржыланат. Партиялардын ишин чет мамлекеттер, чет өлкөлү к партиялар, ошондой эле чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары тарабынан каржылоого тыюу салынат.
17-статья. Саясий партиялардын каржылоо каражаттарын түзүү булак-
тары
Саясий партиялардын каржылоо каражаттары мүчөлү к акылардын, ыктыярдуу жардамдардын, кредиттердин, мүлктө н, иш-чаралардан, басылмаларды жана жарыяланган материалдарды жайылтуудан алынуучу кирешелердин, ошондой эле мыйзам тарабынан тыюу салынбаган келип түшкөн башка каражаттардын эсебинен түзүлө т.
18-статья. Саясий партиялардын менчиги
Саясий партиялардын жана алардын уюмдарынын менчигинде кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, жабдуулар, шаймандар, басмалар, басмаканалар, ошондой эле уставдык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка мүлк болушу мүмкүн.
Партиялар юридикалык же жеке жактар менен түзүлгө н ссуда же ижара жөнүндө келишимге ылайык имараттарды жана башка мүлктү пайдаланууга укуктуу.
Партияларга курал-жаракты, жарылуучу заттарды жана коомдун коопсуздугуна жана экологияга, ошондой эле жарандардын өмүрү нө жана ден соолугуна коркунуч келтирген башка материалдарды өзүндө кармоого, жыйнап коюуга жана сактоого тыюу салынат.
19-статья. Кирешелерди пайдалануу
Саясий партиялар мыйзамдарда каралган тартипте юридикалык жактын укуктарына ээ болгон ишканаларды жана уюмдарды өздөрү нүн уставдык милдеттерин аткаруу максатында гана түзүшө т.
Бул ишканалардын жана уюмдардын ишинен алынган кирешелер партиянын мүчөлө рүнүн ортосунда бөлүштү рүлүшү мүмкүн эмес жана уставдык милдеттерге жетишүү үчүн гана пайдаланылат.
Партиянын мүчөлө рү ушул статьянын экинчи бөлүгү ндө көрсөтү лгөндө н башка учурларда, бул ишканалардын жана уюмдардын кирешелерине жана мүлкүнө укуктуу болбойт, ошондой эле алардын карызы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
Уставдын талаптарына карабастан, кирешелерди кайрымдуулук максаттарына жана боорукердик актылары үчүн пайдаланууга жол берилет.
20-статья. Каржылоонун отчеттуулугу
Саясий партиялардын каржылоо боюнча отчеттуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзү лөт.
21-статья. Партия таратылган учурда анын материалдык жана каржылоо
каражаттарына карата мамиле кылуунун тартиби
Курултайдын (конференциянын) өзүн-ө зү таратуу жөнүндө жарыялаган чечими менен саясий партиянын материалдык жана каржылоо каражаттары анын уставында каралган максаттарга гана багытталат.
Соттун чечими менен таратылган саясий партиянын мүлкү мамлекеттин пайдасына акысыз алынып коюлат жана ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган максаттарга багытталат.
V бөлүк.
Корутунду жоболор
22-статья. Саясий партиянын ишине контролдук жүргүзү ү
Саясий партиянын кирешелер булагына, ал тарабынан алынган каражаттардын өлчөмдө рүнө жана салыктардын төлөнү шүнө контролдукту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын аймактык органдары жүзөгө ашырат.
23-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү нүн тартиби
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып колдонууга киргизилсин.
"Коомдук бирикмелер жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын саясий партияларды түзүү гө жана алардын ишине тиешелүү пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
1999-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл
алынган

Супер-Инфо
super.kg
видео























