Кайнежеми эжемдей жакшы кором. Москвадан келишкенде лечение алгыла деп уккан жериме алып барып корсотуп жаттым. Куйоом эле эч бербесин билгеним учун кенири журдум.кыжалат болбой. Куйоом ынай турган бболсо мен кантип берет элем деп ойлоном. Кайын журтум жакшы адамдар. Кайненем менен кайнежем оз кызындай корушот. Эгер куйом беребиз дешсе кантип берет экенмин дейм озумчо. Ден соолугума байланыштуу торобошко аракет кылыш керек деген врачтар. Кайын журтум 3 баланды чонойтуп алгыла эсен аман деп жатышат.
Баламдан ажыраганды каалабайм
#42 14 Август 2017 - 21:24
Мен жашымда удаа эки уулдуу болдум. Экинчим кутпогон жерден боюмда болуп калды. Тушуром алдырам деп аракет кылсам да буйругу бар бала экен. Акыры тородум. Абысыным торобойт . Ошолор багып алса берем дедим кайненеме. Кайненем "бала керек болсо сурайт оздору" деп кагып койду. Ошентип ал уулумду озум чонойттум. Ошондогу кайненемдин кагып койгонуна омур бою ыраазымын. Азыр уулум чоооон жигит болгон. Эн шустрыйы, характери мага окшош, жароокер бала болду. Бербегениме аябай суйуном. Корсо жаш экенмин да. Кудайымдан уулдарыма омур тилеп отурам.
#43 25 Август 2017 - 01:43
Саламатсынарбы айткылачы Ата деген ким баласына мээрим токкон адамбы мээрим токпосо Ата эмеспи мен баламдан ажырап калдым аялым жашабайм дейт баланы бербейм деди кантсем болот баланы жакшы карабайт курсагын жакшы тойгозо албайт мен Москвадамын ал Кыргызстан да уйуно кеткен бойдон кайра барбаптыр бойунда бар болчу алдыртам дегенинен конбой койгом акыры оз билгенин кылып баланы алдыртып салыптыр себеби мен жалгыз оском Атасыз чонойгом бул жазганымы ыйлап жазып жатам себеби баламды сагындым мен торолгондо Апам менен Атам ажырашып кетишкен экен мен 18 ге чыкканымда атамды кордум анда да чон энем отуп кетип барганымда коргом ушу убака чейин ойлоном неге менден Атам кабар албаган деп мен баламды сагынып сыздап журом эмне кылайын айткылачы суранам силерден
#44 25 Август 2017 - 15:55
урматтуу автор менин сизге айтаарым туулган дагы туула элек дагы баланызды эч кимге бербен анткени ар бир бала оз туугандары м.н чонойгону жакшы
#45 30 Август 2017 - 00:44
Туула элек балага ошончо кыйналасын,
туулса кантип берет болдун экен. Тууган оз орду менен, бала
Оз ата энеси менен чонойгону онго дейм. Он балан болсода ар кимисинин оз орду болот. Ээчким оз эненин мээриминдей мээрим того албайт. Берсен сооп болот, бербесен куноо эмес. Сенин ордунда мен бербейт болчум, ананда умуттондурбойтта болчум.

#46 03 Декабрь 2017 - 00:25
Саламатсынарбы үшул жерге эле жаза берейинчи менин дагы учурда экинчи баламды күтүп аткан кезим .кайын энем кайын агандарга бересин дейт эмне кылсам кылсам болот?бир үйдө турабыз баламы берсем анын ыйлаганын угуп кантип жашайм?
#47 03 Декабрь 2017 - 00:31
Өзүм дагы башкаларга окшоп жылына төрөй албайт экем чог энеми тартып үч жыл дегенде экинчим боюмда болду?күйөөмө айттым бере турган балам жок талаша берсе эки баланы алып төркүнүмө кетем сага башка аял алып берип туудуруп бере беришсин дедим.Төрөтүм жакындаган сайын ыйлай берип сыгылып бүтө турган болдум.кантип баламы бербей алып кала алам?
#48 03 Декабрь 2017 - 00:50
Бербейм эле дедиз!Буюм беле?!Кызык экен кайын энениз "бересин!
"деп
#49 03 Декабрь 2017 - 16:49
Ушул баланы талашкандарга чындыгында түшүнбөйм.Бербеңиз.
Биз дагы учурунда жеңем үчүнчү баласын берем деп аябай делгирип сүйүнүп алган элек,кийин төрөгөн соң бербей койгон жеңем,ошондо апам аябай жаман болгон, үмүт кылып күтүп жүргөнгө.Бирок азыр айтып калат, жакшы бербей койгон экен деп,болбосо азыр алып алса эмне кыла алмакмын деп. Ошондуктан бербей эле коюңуз.
#50 03 Декабрь 2017 - 20:30
Чынында кыйын. Менин чон женем да 7жылдан бери балалуу боло элек болчу. Мен экинчимди торогонумдон кийин эми сактанам болду десем, кой мага бирди тороп бер деди. Макул болсо эле берем дегем, бир айдан кийин боюмда болуп калды. Биринчи берем деп эле жургом, кыймылдаган сайын журогум ооручу болду. Ошентип журсом эле Кудай жалгап женемдин да боюнда бар экен. Азыр жкообуз тен тороп алдык шугур. Эгиз кылып багып алайын деди бербедим. Баланын эле келечегине зыян. Чонойсо баары бир билет ошондо катуу капа болот да. Аллахым эженизге бала берсин. Оомин.
#51 03 Декабрь 2017 - 20:33
Экинчим боюмда барда чон уулумду кайнагама бергиле деп сураган ак да кок да дебей койгонмун. Кантип бересин кыйналып бир жыл чонойтсон. Аллахым ар кимди озу менен кыйнасын.
#52 03 Декабрь 2017 - 20:38
Aizhanka91 (03 Декабрь 2017 - 00:31) жазган:
Өзүм дагы башкаларга окшоп жылына төрөй албайт экем чог энеми тартып үч жыл дегенде экинчим боюмда болду?күйөөмө айттым бере турган балам жок талаша берсе эки баланы алып төркүнүмө кетем сага башка аял алып берип туудуруп бере беришсин дедим.Төрөтүм жакындаган сайын ыйлай берип сыгылып бүтө турган болдум.кантип баламы бербей алып кала алам?
Кыжаалат болбогула да, бербейм десенер тартып албастыр. Стресс болсонор баланарга зыяны тиет.
Аллах-кудуреттуу зат!
#53 03 Декабрь 2017 - 22:57
Биз жалаң кыздарбыз, кудайым уул төрөөнү апама насип этпептир!
6 кызбыз атам кудай берген адам, эч бирибизди катуу айтып, көңүлүбүздү оорутбады. Эң кичине сиңдимди төрөгөндө апам аябай кыжаалат болгон экен жашы да өтүп калганда төрөдүле, ден соолугу да начарлап, мен алыста болуп жанында болбой калгам! Кудайга шүгүр бой жеттик катарынан бизди турмушка беришти,төртөөьүздү . Бирок убакыт өткөн сайын бир үйдө эркек бала болбогону бири бирибизге билдирбегенибиз менен аябай ойлондурат эле, кыздарынын баласынан багып ал деген сөздөргө чоң энем көнбөй жүрдү, келгин дешет, чоңойгондо кемсинтет деп. Атамдын бир тууган инисинде кыз жок 4 уул төрөдү жеңем. Үчүнчү уулун төрөгөндө туугандар кулак кагыш кылганда женем жок деп болбой койгон. Баарыбыз үмүт кылган элек. Бирок женеми туура эле түшүнгөнбүз баласын кантип берсин деп ордуна өзүбүздү коюп.Бирок шартка байланыштуу россияда жүрүп 4 сү боюнла болуп калды, анан ыраматылык чоң энем өтө көрөгөч эле туугандарды чогултуп акем менен женеми, женемин ата энесин чогултуп , бизге бере турган кылды. Ошентип женем төрөдү, бирок 1 жашка чейин өзү багып анан берди, бир айылдабыз, өз тууганыбыз , азыр кудайга шүгүр 4 жыл өттү.Бирок женемдер россиядан келгенде көпкө жүрүп калышат, апам байкуш кадимкидей кызганат алардан. Өмүрүн берсин инибиздин ак жолтой болуп, эшигибиздин ээси болсун, үй десе үй , баары даяр буйруса.
Женеме ыраазы болобуз неси болсода, кудай ден соолугун берсин, балдарынын күнүн көрсүн акем экөө,!
Женеме ыраазы болобуз неси болсода, кудай ден соолугун берсин, балдарынын күнүн көрсүн акем экөө,!
#54 03 Декабрь 2017 - 23:07
Айтайын дегеним кээде бир туугандарынын балдарын багып алган учурлар илгертеден бар, өтө деле трагедия эмес,ден соолугун, өмүрүн берсин кудайым! Автор азыртан кыжаалат боло бербе, айтууңа караганда жаш эле окшойсуң, биринчи балаңды төрөсөң, убакыт баарына даары, мүмкүн кайнежең өзү төрөп калаттыр, сен төрөгөнчө, азыртан кысынып төрөле элек балага антпе , бешенеге жазганын көрөрсүн, катарынан төрөп кудай ден соолук берсе , бир баланды берсең чоң соопто каласың, арканды узуун таштап, ойлош керек, турмуш оңой эмес!
#55 03 Декабрь 2017 - 23:09
Сени жакшы көргөнүнөн сурап атат жаман көргөн келиндин баласын сурабаса керек, себеби баштан өткөн!
#56 04 Декабрь 2017 - 20:13
Менден башка келин жок да.Абысыным былтыр синдисинин баласын багып алайын десе кайын энем конгон эмес эле жакында дагы үч айлык кыз бар экен ата апасы ажырашып атышат экен баланы багып ала турган болсо бермекмин дептир эле ага кайын атамдар эртен жарашып калышса алып алышат сен бересин деп атышат да
#57 05 Декабрь 2017 - 11:03
Aizhanka91 (03 Декабрь 2017 - 00:25) жазган:
Саламатсынарбы үшул жерге эле жаза берейинчи менин дагы учурда экинчи баламды күтүп аткан кезим .кайын энем кайын агандарга бересин дейт эмне кылсам кылсам болот?бир үйдө турабыз баламы берсем анын ыйлаганын угуп кантип жашайм?
"Бере албайм" эле дениз и фсе. Бере албаган сон озунузду кыйнаган менен майнап чыкпайт. Азыр ыйлоонун кажети жок. Тогуз ай жакшы жургонунуз баланын омур бойлук ден соолугуна негиз болот. Ошо себептуу ардемени ойлоп сыгылбай озунузду караныз.
Сиз "жок" десениз эле бироо тилинизди кесип албайт, баланызды колунуздан жулуп кетпейт. Максимум жаман коруносуз, жаман соз угасыз, эми ото суймончук келини болбосонуз мунун анчейин деле трагедиясы жоктур, баланыздын жанынызда экени муну жууп кетет го дейм.
Балдарынызга ден соолугу бекем эне керек. Ошо себептуу бербейм деп чечтинизби, болду, андан ары план коюп, келечегинизди ойлонунуз. Кайра кайра ойлонуп озунузду, ичтеги баланы кыйноонун кажети жок.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#58 05 Декабрь 2017 - 20:41
#59 05 Декабрь 2017 - 20:46
mirlan.kg87 (25 Август 2017 - 01:43) жазган:
Саламатсынарбы айткылачы Ата деген ким баласына мээрим токкон адамбы мээрим токпосо Ата эмеспи мен баламдан ажырап калдым аялым жашабайм дейт баланы бербейм деди кантсем болот баланы жакшы карабайт курсагын жакшы тойгозо албайт мен Москвадамын ал Кыргызстан да уйуно кеткен бойдон кайра барбаптыр бойунда бар болчу алдыртам дегенинен конбой койгом акыры оз билгенин кылып баланы алдыртып салыптыр себеби мен жалгыз оском Атасыз чонойгом бул жазганымы ыйлап жазып жатам себеби баламды сагындым мен торолгондо Апам менен Атам ажырашып кетишкен экен мен 18 ге чыкканымда атамды кордум анда да чон энем отуп кетип барганымда коргом ушу убака чейин ойлоном неге менден Атам кабар албаган деп мен баламды сагынып сыздап журом эмне кылайын айткылачы суранам силерден
Жашоодо баланы ата энеден,ата энени баладан ажыратпасын экен. Автор кыйналып,сагынып журо бербей,барып баланызды корунуз. Аз да болсо женилдейсиз, же аялыныз корсотпойбу?
Мумкун жакшылап суйлошуп,баланыздар учун кайра чогуу болуп калаттырсыздар деген ой келди.
#60 07 Декабрь 2017 - 03:10
Азыр эле жарала элек баланызды кызганып жатасыз. Кудайым кааласа балалуу болсонуз бербениз себеби сизде энелик мээрим ото жогору кийин аттин кылып каласыз. Кайын эженизге Аллахым наристе белек кылсын. Азыртадан бербейм деп жолдошунузду кондурунуз.
Ал озу эжеси же жездеси менен суйлошот. Бул жерде кичинекей наристенин тагдыры ойноп жатат. Ар бир наристе ата энеси бир туугандары менен бирге болсун!!
!