Социалдык тармактардан УМАЧ АШ, КАЛМЕНТЕ деген даамдардын аттарын кезиктирип калдым. Бул тамактарды жемек түгүл уккан эмес экенмин. Ушул жана ушул сыяктуу кыргыздын унутулуп бараткан даамдарынан билсеңер рецеби менен бөлүшө кетсеңиздер.
Кыргыздын көпчүлүк билбеген тамактары Биз билбеген кыргыздын тамактары көп эле окшойт.
#2 15 March 2017 - 13:10
Админдерден сураныч, ушундай же ушуга окшогон тема болсо, эскертүү бербей эле кошуп койгулачы,кечирип ))
#3 15 March 2017 - 13:11
Умач ашты түшүндүм бир аз. Калменте деген тамак боюнча билгендериңерди бөлүшсөңүздөр.
#4 21 December 2017 - 17:17
Калментени мен калменде деп тушундум Жалалабадта ушинтип айтылат жангактын майына олло сонун болот давлениясы барларга болбойт отто кучтуу тамак делет
#5 21 December 2017 - 17:40
Умач ашты чон энем жасап берет эле мурда.Унду сары май менен аралаштырып умачтап куруч сыяктуу майда абалга келтирет эле.Сут кошуп жасайт болчу.Азыр интернеттен карасам умач аш(суп затируха)деп такыр башкача рецепттер чыгып калдым.Чон энем жасаган умач аш суттуу тамакьарга кирчу жана даамдуу болчу аябай.

Супер-Инфо
super.kg
видео








