Суперстан: Толкундар шыбырайт. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (22 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Толкундар шыбырайт. Толкундар шыбырайт.

#41 Пользователь офлайн   Sushi_wok   21 Декабрь 2017 - 23:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Москвага келээри менен Вадик Адемини тосуп алды.
Досу айтканчалык эле бар экен. Супсулуу!
"Азияттарда да ушундай сулуулар бар экен да э,негизи биздин аялдарга караганда сулуу келишет", деп ойлогонго улгурду.
Коздорун узо албай карады;
-Привет! Меня завут Владимир Чернякин!
-Адеми!
-Давай лучше Айка,просто так удобно будеть. И ты тоже назави мне просто Вадик.?
-Согласно!
-А ты красивая Айка?
-Спасибо!
Озун башкы врач деп тааныштырды.
Назар тууралуу айткан жок,досунун суранычы менен.
Жатакана,аткараар жумушу,баары менен тааныштырып чыкты.
Вадиктин жумуш чойросундо озуно жараша кадыры бар экен. Аны колу женил,мыкты врач катары баары сыйлап турушат .
Адемини да жанына ала журуп,колунан келген жардамын аябады .
Кундо жумуштан тосуп алып,уйуно жеткирет,убактысы тар экенине карабай.
Анысы аз келгенсип,жумуштан сырткары да кыз менен бирге болот.
Кочолорунон баш айланган,укмуш кооз,шаардын баарын айландырып чыкты.
Адеми сыртка биринчи жолу чыккандыктан, баары кызык корунот.
Метрого да биринчи жолу тушту.
Бар кызыктын барын коргондон кийин,баарыбир оз жерине эч нерсе жетпестигин тушунду. Жаман болсо да мейли,деги оз жеринен отоору жок экен!
"Байкуш боордошторум, жылдап-жылдап кантип журушоор экен,мен бир айга ушунча болдум",деп ойлонот.
Практикасын да ойдогудай отоду.
Ал ортодо апасын,оз жумушун,шайыр Байжигитти, пиониносун сагынды.
Айрыкча Назарды коргусу келди!
Келген кундон тартып ,баары менен тынбай суйлошуп турду.
Баарынан да апасы дем,куч берип турат.
Мурда кийин алыс жака чыкпаган кызга аябай кыйын болду.
Колунан келишинче жакшы жактарын корсотууго аракет кылды.
Кетээр куну жакындаган сайын,журогу элеп-желеп болот.
Китептен баш которбой окуп,усту-устуно болгон операциялар кызды бир топ чарчатып койду.
Ушунча заманбап техника,онуккон интернет байланыштары пайда болсо да,булардын китеп окуганы аябай чон таасир калтырды кызга.
Автобуста ,метродо,жолдордо бараткан жаштардын колунда китептерди коруп,аябай кубанды.
"Кандай болсо да эл-жер коруп койгон жакшы нерсе экен" деген чечимге келет.
Вадиктин жасаган мамилесин коруп,ичи жылыйт. Баарын билем деген менменсинуу деген жок. Кол астындагы медсестраларга да аябай жакшы мамиле жасайт экен. Жада калса пол жууп жургон уборшицаларга чейин,жайдары маанай менен салам айтат.
Ал менен суйлошуп коп нерсеге козу жетти. Баарыбир коп окуган адам башкача болот да.
Буйруса кетээр куну да келип калды. Практикалык ишти жыйынтыктап жазып,озунчо кетууго даярданды.
Тушко маал Вадик келди. Анын унаасы менен ооруканага барышты. Баары жылуу коштошуп,кызды узатышты.
Ушул Москвада жургон бир ай кыздын туболук эсинде калды.
Кийин бул эскеруулорду кубануу менен эстеп журоорун кийин билди.
Вадик телефон номерлерин, почта адрестерин баарын жазып берди.
Колунан келген жардамын аябастыгын кайра-кайра эскертти.
Озу аэропортко алып келип,каттоодон откоруп,кыз жерден которулуп кеткенче кутуп отуруп,анан артына кайтты.
Кыздын суйкум элеси эсинен кетпей бир топко чейин кыйналып журду.
"Ну красавчик, ты от куда нашол такая красавицу?" деп коет. Кайра досунун алдында уялып кетет.
Сулуулук,акылдуулук, назиктик,- адамдын улутуна карабай,денгээлине карабай,озуно баарыбир багындырат турбайбы?

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 21 Декабрь 2017 - 23:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Janum84   22 Декабрь 2017 - 00:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 525
  • Катталган: 18 Апрель 17
  • Соңку аракети: 17 Окт 2019 22:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Нарын+Чуй

Эн сонун!Азаматсыз жакшы жазып жатасыз.Журок сырын коптон бери окуп келетам,бирок эч эле канаттангандай болчу эмес элем.Толкундар шыбырайтты окугандан бери,кутуп эле калдым уландысын.Кадимки кино коргондой болуп,ар бир окуганымдан рахат алдым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Sushi_wok   22 Декабрь 2017 - 02:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Назар Адеми кеткенден кийин озун коерго жер таппай туталанып калды.
Жумуштан келет ,кыз менен суйлошот,болмосунон сыртка чыкпайт.
Атаэнесини да сурап айттыра албай коюшту.
Чындап караса, Адемини жоготуп алуудан корко берди.
Озу да шайдоот журуп,ар дайым тамашалап суйлогон жигиттин бул кылыгы,кобун тангалдырды.
Кээде суткалап жумуштан келбей коет.
Бул суйуу дегенин баарын бирдей абалга келтирип коет окшойт.
Айласы кеткенде Адеминин уйуно барды;
Эшикти ачкан Гулбарчын апа эси ооп карап калды;
-Кел балам,эмне болду тынччылыкпы? Адемиге бирдеме болдубу?
-Ой жок апа,кыжалат болбонуз,жон эле сиз менен учурашайын деп келдим.
-Андай болсо жондуу экен. Кир ичкери.
Экоо копко суйлошуп отурушту.
Назардын куулук шумдугу жок жигит экенин байкады эне. Бирок бир энелик сезими менен кыжалат боло берди. Эмне экенине козу жете бербеди.
Кантсе да акылдуулук кылды. Адеми тууралуу коп нерсени айтпай койду.
Кызы озу айтмайынча кутмок болду. Албетте ,ал кызынын адашып калуусун,турмушта кыйналуусун каалабайт эмеспи .
Эне да.
Бугун да Назар озум тосуп келем деп,зорго кондургон.
Ичинен жактырса да Гулбарчын апа олуттуу карап ;
-Мейли убагында келе калгыла. Мен кутуп отурам , деген.

Кыз эропорттон чыкса кеч куздун муздак жамгыры шыбыратып жаап жатыптыр.
Терен дем алып алды. Мындай жагдайларды мурда кинолордон гана коруп журсо,азыр озунун башына тушуп,тушунуп жетип отурат.
Чындап эле туулган жердин жыты да озгочо болот экен.
-Адемии?
Жалт артына карады:
Назар экен. Жолугушууга келгендей абдан жасанып алыптыр. Дайым жумушта жургондой кайда барбасын,кыры чыккан шым,аппак жака кийип журот.
Бул жолу да ошентип келиптир. Бирок озуно сонун жарашат.
Колунда кол чатыр.
Жакындай басып келип,кызды да кол чатырдын астына,киргизип жамгырдан тосуп турду;
-Сагындым сени!
Кыздын денесин майда калтырак басты. Басып кетейин дейт,буттары тушалып калган сыяктуу ордунан жыла албай койду.
-Назар,эмне болду сага?
-Эч нерсе болбоду. Аман эсен келгенине шугур! Баары жайындабы сенде?
-Жайында эмес.
Жигит ийилип,кыздын жаагына колдорун алып барып,сагынычтуу коздоруно карады;
-Эмне болду?
-Себеби мен ,мен?
-Айтчы кыйнабай?
-Мен да сени сагындым!
Кыз коздорун жумуп жиберди.
Ушуну эле кутуп тургандай Назардын эрди кыздын эрдине барып,акырын тийди.
Муну кандай суроттоп беруу экоонун эле колунан келбесе,бул жактагы учунчу адамдын колунан келбейт го сыягы?
Назар кызды кучагына бекем кысты;
-Кечир дагы ката кетирдим?
-Кечирдим!
-Кетеличи ушуп кеттим.?
Жигит ошондо гана эсине келгендей кыздын колундагы чемоданын ала койду:
-Кеттик!
Унаа айдап бараткан Назардын эки козу жолдо. Адеминин кыйылганына карабай жанына отургузуп алып,колдорунан кармап баратат;
-Мен коп ойлондум Адеми! Сен кандай жооп бересин билбейм бирок мен сени чындап жактырып калдым.
Сен жок бир айда ишенсен,акылдан адашып кала жаздадым.
Бассам-турсам да элесин ээрчип алды. Балким шашып жаткандырмын, бирок мен точно билем,бул сезимдер мени алдабайт.
Сен эмне дейсин?
-Мага убакыт керек. Мен азыр бул тууралуу ойлоно албайм,кечир?
-Макул жаным! Сени канча болсо кутууго даярмын!
Назар уйдун алдына келип токтоду.
Апасы подьездин алдында кутуп турган экен.
Адемини коруп,балбалактап ыйлап алган;
-Айланайын караанындан, келдинби?
Эне бала бир топко кучакташып ,сагынычтары таркабай тура беришти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   asylym77   22 Декабрь 2017 - 07:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 08 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 14 Июн 2023 08:45

Коптон бери китеп,чыгарма окуй элек болчумун.Окуп бир кумардан чыктымго,озум кошо аралашып жургондой болуп.Азаматсыз автор,ийгилик! !!Анан шашпастан тезиреек уландысын жазасыз э
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   asya-asya-1991   22 Декабрь 2017 - 10:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 46
  • Катталган: 23 Апрель 17
  • Соңку аракети: 22 Янв 2018 18:00

ооба эн жакшы жазылып жатат. Кутуудобуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Bek_abad   22 Декабрь 2017 - 12:45

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 467
  • Катталган: 14 Август 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2025 21:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва (Жалал-абад)

Жакшы жазылыптыр! Туну бир отуруп окуп койдум) Эми башка авторлордой чала калтырбаса эле...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Sushi_wok   22 Декабрь 2017 - 18:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

-Шайтан алгырдыкы! !
Байжигит куйормандык кылган фудболдук курам утулуп калды.
Аябай берилип коргондуктон, чындап эле кейип алды.
Жини келип,маанайы тушуп отуруп калды.
Телефонуна чакыруу келип калды караса Адеми экен;
Суйунуп кетип,дароо ала койду;
-Кандайсын Адиш,келдинби?
-Келдим,озун тынчсынбы?
-Оа журом да мен. Кара басып,менин командам утулуп калды.
Кыз кыткылыктап кулуп жиберди:
-Ушу топ кубалагандарын куйгузду да. Алар олуп кетсинчи,озун оорубай эле тынч журосунбу,жумуштарын жакшыбы?
-Рахмат жакшы,уйдосунбу, азыр барам?
-Оа уйдомун. Атайын ошого чалдым, кел!
Байжигит азыр эле жиндегенин унутуп,чуркап жоноду.
Келип эле чыдамсыздана, эшиктин конгуроосун басты;
-Келдинби балам?
Эшикти Гулбарчын апа ачты;
-Кандайсыз аяш эне, денсоолугунуз жакшыбы деди ,шашкалактап.
-Кудайга шугур,кел бул жакка,тамак даяр болуп калды. Ади азыр чыгат.
Канчалык кызды коргусу келип турса да,аяш энесинен тартынып,ашкана тарапка отту;
-Кандай анан уулум,жумушун жакшыбы,ата энен кандай журушот?
-Рахмат аяш эне,баары жакшы,уйдогулор да тынч.
-Аа тузук,аман болушсун!
Адеми жайдарылана болмосунон чыкты;
-Оо Байжи кел, кандайсын?
Устундогу жарашыктуу койногу ансайын озуно куп жарашып,ажарын ого бетер ачыптыр.
Жигит суктана карап,кыз менен кол алыша учурашты;
-Мен ушул эле жердемин озун кел,ачылып кетипсин го,койногуну жаны алдынбы?
-Жарашыптырбы?
-Албетте!
-Атайын сен учун,озумо сатып алдым.
-Сен ошону кыласын да? Мага деле белек ала келсен,бир жерин кемип калабы?
-Уялбайсынбы кыз баладан белек сурагандан?
-Адам куруп калгансып,сенден уялайынбы эми?
-Сен деле атайын мен учун,бир койнок сатып алсан,ошондо бир бир болобуз?
Баары кулуп жиберишти;
-Башканы кой,бир чай ичели,бугун кок чайсынбы? же кара чайсынбы ыя?
-Конулун кандай чай каалап турат?
-Экоону тен!
-Ну анда алмак-салмак демдеп иче бересин!
-Болуптур!
Конулдуу отуруп,тамактана башташты.
-Тамаша Байжи ,сени кантип унутуп калайын,сага да белек ала келгем.
Адеми жигиттин колуна пакетти карматты.
Байжигит шашып,ичин карады.
Спорттук курмо экен. Озу куйормандык кылган фудболисттердин суроту тушурулгон экен.
Суйунгонунон коздору жайнап кетти;
-Рахмаааат Адиииииииш!
Кыздын саамай чачынан сылап эркелетип койду.
-Эч нерсе эмес. Насип кылсын Байжи!
Ал куну Байжигит менен Адеми бир топко чейин суйлошуп отурушту.
Жигит ичинде кыйнаган суроону берди;
-Назар ким Ади?
Кыз бир топко ойлонуп туруп калды;
-Билбейм Байжигит! Озум да тушунбойм азырынча. Ага деген менде сезим барбы жокпу?
Бирок билгеним аны корсом дегенде журогум эргип кетет. Жанында болсом ,озумду тынч сезем. Бейгам журо берем.
Эч кайда кетпейт менден деген ишенич пайда болот.
Жок болсо караанына куса болом.
Эми озун айтчы бул эмне деген сезим?
-Сен аны суйуп калдынбы?
-Балким бул суйуудур,бирок башымды жоготкон даражада суйо элекмин.
Мен музыкасыз,чыгармачылыксыз жашай албайм Байжигит! Ал аны тушунобу жокпу билбейм да. Ал чыныгы врач,мен болсо айласыз врачмын. Кесибим журогумду ойкойт. Канчалаган жазгандарым, дептерлеримдин ичинде жатат,саргайып. А апамчы?
Бул кылганымы укса апамын журогу ооруйт. Менин эл адамы болуп,адамдарга омур,денсоолук тартуулайт деп,озу ичпей-жебей мени окутту.
Анан мен ,жазат элем деп кантип айтам.? А Назар бул тууралуу билсе кандай кабыл алат ? Менин назик дуйномду тушуноор бекен?
-Келчи!
Столдо отурган кызды ,Байжигит жакын келип,коомай кучактады:
-Сен коп ойлоно бербе,ооруп каласын?
Кандай болгон кундо да мен сен тараптамын унутпа Ади. Буйруса баары жакшы болот. Сен талантынды эл алдына корсотоор кун да келет. Аяш энем сени созсуз тушунот,мына коросун!
А Назарын жонундо эч нерсе дей албайм. Шашпа! Эгер тушунбосо ,тушундуром деп убара да болбо! Мен сенин капаланышынды каалабайм.
-Рахмат Байжигит,дагы жакшы сендей сырдашым бар. Сен болбосон,чындыгында кыйын болот мага.
-Арзыбайт. Эми жатып эс ал. Жолдо чарчагандырсын?
-Андай эле чарчаган жокмун,баса мен ушу айдын этегинде бир жерге барышым керек. Алып барып келчи?
-Каерге?
-Убагы келсе айтам адресин. Орозгул Анарбекованын чыгармачылык кечеси болот экен. Мен барып ,катышкым келип жатат.
-Созсуз. Сен андан кыжалат болбо. Аяш энеме да озум айтам.
Адеми чын дилинен ыраазы болду жигитке:
-Музыка уккун келеби?
-Албетте! Кана,кулагым сенде.
Адеми козуно айланган жашты суртуп,пионинодо жай,шашпай ойноп кирди.
Муну уккан жигиттин айласы кете тушту:
"Кичинекей караанындан сенин! Ушунча сонун талантынды барктаган адамга туш болсон экен! Сага деген сезимдеримди, сени барктап алаарымды тушунбойсун, анткени сен эми башка адамга конул коюп алдын. Мен канча аракет кылсам да эми кеч! Мен сенин чечиминди аргасыз сыйлайм жаным"!
Байжигит ичинен ушинтип,кубуронуп турду!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   uikuchu   22 Декабрь 2017 - 19:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 353
  • Катталган: 28 Июнь 17
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 16:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аксы

Ananchyy...
жашоо -жакшы, жакшы жашаш Андан да мыкты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   __anna__   22 Декабрь 2017 - 20:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 511
  • Катталган: 13 Июнь 17
  • Соңку аракети: 21 Фев 2024 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Суши вок эже улантыныз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Sushi_wok   22 Декабрь 2017 - 21:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Адеми жумушуна кайтты.
Анын ийгиликтуу практикасына баары ыраазы болду.
Мурдагысындай кулуп жайнап,жумушун мыкты аткарып журо берди.
Назардын болсо мурда чойросу таптакыр башка эле. Жумуштан сон,достор,кафе ресторан,андан нары кыздар менен аяктачу.
Тунку клубдарга да барып турушчу. Мындай жерде созсуз ичкилик болот эмеспи.
Каалагандай суйлоп,коп учурда,жанындагыларды басынтып койчу. Азыркы жашоодо акчан болсо эле жашоон жакшы эмеспи. Достору конулго деле алышчу эмес. Себеби бардык каражатты Назар озу которчу.
А азырчы?
Азыр эмес, тагыраагы кызды коргондон баштап озгоргон.
Тундоп жоголмой ,акчаны ойлобой эле чачмайы да жок.Жадакалса оюн кулкуго жакын досторунан да четтей баштаган.
Айланасындагы кыздардан да озун оолак кармаганга аракет кылат.
Оз билемдик кыялы бара бара кала баштаган. Жашоого да коз карашы озгоруп баратат.
Канча жакшы сапат болсо ошонун баарын озуно алып,уйроно баштаган.
Эмне болсо болсун,негизгиси кызга жакса болду.
Кундо жолун тосуп,уйуно жеткирет. Кыздын кыйылып,болду дегенине карабай,кундо гул которо келет. Таарынбаса экен деп,мурдагы орой муноздору да жоюлуп баратат.
Кызды суйдуром деп журуп,озу салган тузакка озу тушуп отурат.
Оюнда аны бактылуу кылгысы келет.
Кыздын каректеринен бирдемени издейт. Бирок кагуу жеп каламбы деп ойлойт.
Адеми да кебелбей журо берди. Ичиндеги болуп жаткан нерселерди айтып,тогулуп алгысы келет.
Коркот.
Назик дуйносун,музалуу сырын сындырып, козу тийип кетсечи?
Мээсиндеги баш аламан суроолоруна жооп таба албай кыйналат. Эки тараптуу жашоо эзип жиберет. Же нары эмес же бери эмес.
Жигит бол
Ошентип кундор ото берди.
Бугун Назар озум алып кетем дегенине болбой,жумушка маршрут менен келген. Кундо эле ээрчишип журо бергенден журогу сыгылып кетти. Адамдардын карагандарынан да уялат.
Жумуш ордуна келип халатын кийди.
Бираздан кийин Назар келди.
Негедир бугун башкача. Устундо женил свитер,жинсы шым,бутунда кара булгаары берца. Курткасын адатынча колуна кармап алыптыр. Узун боюна кийими сонун жарашып калыптыр.
-Огоо кычырайсын го красавчик?
Гуля кирээри менен комплимент айта койду:
-Мен ар дайым ушундаймын го?
-Бугун башкачасын!
-Жоок,просто сиз мени бугун суйуп калсаныз керек да. Ошого башкача корунуп жатам.
Гуля кулду:
-А эмне суйсом болбойбу ,мен да бойдок сен да бойдок?
-Болот албетте,сизди ким кой деп жатат,суйо берин каалашынызча!
-А сенчи?
-Ээ менби мен деген?
Жигит кыз тарапты карап,акырын, билиндирбей козун кысып койду:
-Эмне сен?
-Мен суйо албайм сизди ,себеби менин аялым,6 балам бар.
-Ээ кокуй,пайдасыз турбайсынбы анда?
-Оа анысы аз келгенсип алтооно очойгон алимент толойм. Тапкан айлыгым ошолорго эле кетет. Озумо ашпайт.
Назар кайгыргандай башын чайкады:
-Анда моо устундогу кийимдерди каяктан алып жатасын?
-Атам алып берет да.
Отургандар баары кулуп калышты.
Адеми болсо энкейип,беттери кызарып кеткенче кулду:
-Жаш бала ,бешиктен белин чыкпай жатып алтоону туудуруп салганын карасан муну? Озуно кийимге жетпей журуп?
Жигит каткырды:
-Чагып аласын да тим эле?
Ушинтип иш куну жогорку денгээлде ,сонун маанай менен башталды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Merelisha   23 Декабрь 2017 - 07:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Дагы эжекеси... Эс алып окуп атам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Mimiii   23 Декабрь 2017 - 09:00

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 46
  • Катталган: 13 Июль 16
  • Соңку аракети: 28 Ноя 2020 17:38
  • Жынысы:Белгисиз

Достор,билбей жатам кайда жазышты... Бир окуя бар эле:Аяш атасынын баласы кыздын уйуно келип жашап,окуп,кийин кыз жакшы коруп калып,анан айтайын дегенде баары кеч болуп калат. Адашпасам баланын аты Кайрат. Таап берип койгулачыы, суранаммм.. Рахмат,анан кечирим сурайм туура эмес жакка жазганым учун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   dinar-87   23 Декабрь 2017 - 12:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 243
  • Катталган: 16 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 13:09

Просмотр сообщения Mimiii (23 Декабрь 2017 - 09:00) жазган:

Достор,билбей жатам кайда жазышты... Бир окуя бар эле:Аяш атасынын баласы кыздын уйуно келип жашап,окуп,кийин кыз жакшы коруп калып,анан айтайын дегенде баары кеч болуп калат. Адашпасам баланын аты Кайрат. Таап берип койгулачыы, суранаммм.. Рахмат,анан кечирим сурайм туура эмес жакка жазганым учун...
Кутуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Sushi_wok   23 Декабрь 2017 - 12:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

****
-Койчу жаным,каяктагы кече?
Назик адатынча эркеледи;
-Кадимкидей чыгармачылык кече. Билесинго мындай жерлерге созсуз катышам. Атайын чакыртыптыр. Демек баруу керек.
-Ушундай пайдасыз нерселерди эле ойлоп журо бересин да. Жаныжыл да келип калды. Баары эс алууга чыгат. Ысыгыраак бир жерге барып эс алып келсек болот эле.?
Толкунбек ичинен терен дем алып алды.
-Эс алып эле журобуз го,азыр кош бойлуусун да. Шашпай барсак болбойбу?
Ал эми мага келсек,мен пайдасыз нерсеге убактымды кетирбеймин билесин?
Назик былтыя тушту;
-Билем. Эми сен кызыккан нерсе мага кызыксыз болсо куноолумунбу?
-Жок алтыным! Кааласан журу мени менен,бир аз болсо да эл менен аралашып дегендей, отуруп келесин да?
-Жоок,башка жерге барсан ээрчийт элем. Болбогон бир нерселерди талкуулап бутпойсунор.
-Деги озун билчи? Уйдо болосунбу анда?
-Салонго барам!
-Макул,мен кеттим!
Кастюмун алып берип,бетинен ооп,коштошуп кала берди келинчеги.
Ушул шашып бараткан жолугушуу Толкунбектин тагдырын, таптакыр башка нукка салганын, озу ал мезгилде билбейт эле.

Чыгармачылык кече!
Баарынын маанайы жакшы! Жаштар оз ара суйлошуп ,залдын ичи уу-дуу.
Тордо бугунку кундун куноокору болгон,Орозгул Анарбекова, жана бир топ чыгармачыл инсандар отурушат.
Кече башталып,ар бирине соз берилди.
Аябай жакшы маанайда отуп жатты.
Жаштардын,окурмандардын арасынан коптогон суроолор берилип,аларга жооптор берилип жатты.
Мындайда журналисттерге да кудай берип салат эмеспи. Суроо устуно суроолорду жаадырып,ансайын кечени кызытышты.
Жакында жарык коргон китептеринин бет ачаары да болду.
Аягында демоорчулук кылган адамдарга эркин микрофон берилип,алар да жазуучуга оз каалоо-тилектерин билдиришти.
Бул жерде Толкунбек да бар эле.
Жыйынтыктоочу соз жазуучунун озуно берилип,кызыктырган суроолорго устуртон жооп берип жатты.
-Мен сиздин чыгармалырыныздын ашынган куйорманымын. Сиз чыныгы таланттуу айымсыз. Сизди аябай сыйлайм. Ошого менде бир журок ойугон суроом бар эле .Айтсаныз,адам озунун кызматтык абалына кыянаттык мамиле жасады деген сынары,ушундай бир жараткан тарабынан берилген улуу талантты ачыкка чыгарбай комуского катып,жандуйнонун жанырыгына кулак салбай,кунумдук жашоону деп ,башка кесипти тандаса,анда ошол озундогу зор талантка, кыянаттык мамиле кылган болбойбу адам?
Зал дуу дей тушту.
Баары суроо берген тарапка жапырт карашты.
Устундо жарашыктуу койнок кийип,уялуудан эки бети албырып,орулгон чачы белинен ылдый тогулгон ,ажардуу кыз турду.
Бул Адеми болчу.
Жазуучу айым бир топко кызды тиктеп турду да тамагын кыра;
-Рахмат кызым. Эми андай учур башыман отпогон учун так айта албайм.
Ал адамдын озунон. Ошондуктан адам аракет кылыш керек. Талантты бапестеп,ага аяр мамиле жасоо керек. Себеби бул кудай тарабынан сага берилген чон бакыт!деди.
-Рахмат эже!
Кыз кулумсуроп ордуна отурду.
Толкунбектин журогу булкуп алды. Эмне деген коздор?
Суроосу да орундуу! Демек бир билгени бар. Созсуз!
Эмне дээрин билбей калды. Качантан бери жообун издеп жургон суроолоруна ушул кыз жооп берчудой эмнегедир ага карап,талпына берди.
Ушул деди жан дуйносундо бир ун!
Салтанаттуу кече аяктагандан кийин, Толкунбек кыздын караанын жоготуп албайын деп,артынан ээрчий чыкты. Бирок чогулушка катышуусу керек экендигин эстеп,кантип кыз менен бирооз суйлошуп алуунун айласын таппай турду.
Тобокел деди.
Сыртка чыкса кыз узун бойлуу,бир жигит менен суйлошуп туруптур. Экоо бирдемени кызуу талкуулап жатышыптыр. Колунда бугунку бет ачаары болгон китептин бир нускасы журот.
Алда неге таарынгандай, капалуу. Жанындагы жигит улам кулуп,бирлемелерди тушундуруп жатат. Бул Байжигит болчу. Адемини апасынан сурап берип,оз алып келген бул жерге.Тартынбай жакын барды;
-Саламатсыздарбы?
-Саламатчылык! Кыз таныркай карады.
-Мен да ушул кечеге атайын келдим эле. Жазуучунун куйормандарынанмын.
-Аа абдан жакшы. Мен да китептерин суйуп окуйм.
-Атым Толкунбек!
-Кубанычтамын Адеми!
-Байжигит!
Байжигит жактырбагандай унсуз тиктеп турду.
-Берген суроонуз мени аябай ойго салды. Озунуз чыгармачылыкка кызыгасызбы?
-Ооба.
-Бул абдан сонун нерсе да. Мен да китеп суйуучулордун катарын толуктайм. Бирок жаза албайм.
-Жазгандарым коп эле,бирок аны элге жарыя кылгым деле келбейт. Журогум сыгылганда чиймелей коймоюм бар.
Экоо бул жакта тургандарды унутуп калгандай маектешип кетишти.
-Баса эмнеге капасыз?
-Коптон бери даярдап жургон суроомду берген элем. Бирок ойдогудай ,кенири жооп алалбадым.
Толкунбек чыны менен тангалып турду кызга;
-Эмнеге,муну менен эмне дегиниз келип турат?
-Эч нерсе. Болгону жоопко канааттанбай калдым. Же мен суроону туура эмес берип алдым.
-Жакшы эле жооп болду деп ойлогом мен. А сиз башка тараптан да ойлоп жатасыз го дейм?
-Билбейм кыскасы. Мейли биз баралы,таанышканыма кубанычтамын байке?
-Мен да . А баса,сиз менен кантип байланышсам болот,мындай маекти созсуз улантыш керек карындашым. Эгер жазгандарыныз болсо,мен жардам бермекмин жарыкка чыгарганга.
Кыз ойлонуп кетти. Мыкты жазуучу болуп,жазган китептери чыгып,окурмандары суйуп окуп жаткандарын элестетип жиберди;
-Рахмат байке! Мен андай нерсеге али даяр эмесмин! Кеттик Байжи?
- Токтонуз,анда менин номеримди алып калыныз,эгер жардам керек болсо кайрылаарсыз. Эгер чындап жазууга кызыксаныз, созсуз отоосунон чыгуу керек! Мындай калтырууга болбойт карындашым.
Толкун шашып,телефон номери жазылган казазды кармата койду;
-Аа мейли рахмат!
Адеми жигитти колтуктаган бойдон Толкунбектен узай берди.
Узата караган Толкунбек, кыздын ушкнчалык дилгирлигине суктанды. Ой жугуртуусу, создору да башкалардан айырмаланып турат экен.
"Эгер сен ушул жолду тандасан,анда бир кун болбосо бир кун,албетте жолугабыз. Мен сага жардам берем"деди ичинен.
Эсине чогулуш тушуп,шашып артына карай жоноду.
Ушул жерден Адеми менен Толкунбектин жолдору же кайчылаш отпой,же кесилишип кетпей,эмнегедир бир туюкка барып кептелгендей, буюгуп туруп калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   sumaika   23 Декабрь 2017 - 20:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

Жаза коюнуз уландысын,кутуп жатабыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Sushi_wok   23 Декабрь 2017 - 23:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Назар кыздын артынан тушуп алды.
Бугун чогуу кетебиз деп зорго кондурду. Экоонун мамилеси кундон кунго бекемделип баратат.
Анткени жигит колунан келишинче кыздын конулун алууга аракет кылып журот.
Смен тапшырайын деп Адеми баш болгон кызматкерлер ,кийим алмаштырууга чыгып баратышкан. Ангыча эшиктен ашыкча боенгон,чачтары да озуно жараша кесилген,сулуусунан келген бир кыз эшикти кагып калды.
-Уруксат бекен?
Баары тиги кызды карап калышты.
-Сизге ким керек?
-Назар ушул жерде иштейби?
Назар башын которду. Артынан калбай жургон,аяш атасынын кызы экен;
-Лира?
-Оо кандайсын Нурчик? Эмне дайынын жок,сени сагынып кеттим го?
Кыз тартынбай эле ичкери кирип,Назардын алдына барып туруп алды.
-Эмнеге келдин бул жерге?
-Интересно,озун ойлончу? Эмнеге келдим? Я тебя скучала милый?
-Выйди пожалуйста?
-А почему?
-В улице поговорим.
-А что здесь нельзя что ли? Я же тебе сказала,что я найду тебя,ты сам виноват, Нурчик?
-Выйди говорю!
Назар кыйкырып жиберди;
-Эмне бул жер сага сен каалаганда келип ,суйлошо турган жерби? Чыгып кет!
-Ну посмотрим! Кайдан чыккан зор экенинди. Тимеле муну карасан?
Кыз бийик такасы менен полду оюп басып,чыгып кетти.
Назар да артынан чыгып кетти. Баарынын оозу ачылып карап туруп калышты.
Адемини ааламы антарылып эле кеткендей болду. Бул кызганычка деле окшобойт. Болгону азыр кызды коруп эсине келе тушту. Чындыгында булардын чойросу башка меники башка деп ойлоду.
Мен эмнеге озумду озум алдашым керек,баарыбир апам экообузду булар тенине албайт окшойт деген ойго кетти.
Эч нерсе дебестен чыгып кетти. Кокурогундо бир нерсе ойколуп,ыйлагысы келип чыкты.
Башкаларга ыйын корсоткусу келбегендей арышын кере-кере таштады.
Эшикте жумшак кар жаап жатыптыр. Айлана аппак!
Жоо баскысы келип, конумуш жолуна салып жай басып баратты.
"Суйуу деп эле чабыла берген менен,жашоодо андан да керектуу нерселер коп тура. Мен Назарды канчалык суйуп турганым менен,ал таптакыр башкача адам окшойт. Деги эмне ойлоорумду билбей калдым."
Уйуно келип,конгуроону басты.
Эшикти ачкан апасы Адеминин козундогу жаштарды коруп,журогу оозуна келди:
-Кызым?
-Апа!
Кыз апасын кучактап калды:
-Апа,сизден башка мени эч ким тушунбойт экен! Мен муну тушунуп жеттим.
-Эмне болду айтчы мени кыйнабай?
-Эч нерсе. Жон эле ыйлап женилдеп алгым келди.
Кыз унчукпай сырт кийимин чечти.
Гулбарчын апа изинен сызып,эч нерсе деп конулун улай албай турду. Билди кызынын журогу эмнеге ооруп жатканын,бирок колунан эч нерсе келбеди.
-Апа Назар келсе мени уйдо жок деп коюн?
-Макул балам,тамак ичесинби?
-Жок.
Кирип эле пиониносун кучактап ыйлап жиберди.

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 23 Декабрь 2017 - 23:20

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Sushi_wok   24 Декабрь 2017 - 18:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Кочого чыгаары менен,Назар кызга артынан жете келди:
-Эмнеге келдин?
-Эмне келсем болбойбу?
-Мен сага эмне дедим эле?
-Озунчо мурдун которулуп калыптыр ээ сенин? Чогуу эле журчу эмес белек? Айткан создорун жалган беле?
-Озунчо эмнелерди ойлоп таап алгансын Лира? Мен сага эч нерсе убада берелекмин билсен? Баарынын козунчо антип суйлогонун туура эмес.
-Ким башкаларын?
-Антип билмексенге сала бербе,бул жер менин иш жайым. Кесиптештерим эмне деп ойлойт мен жонундо?
-Наплевать мага аларындын эмне ойлогону,эмнеге качып журосун?
-Качып жургон жокмун жон гана мен жумуштагы адаммын.
-Коруп турам жумушунду?
-Озунду да мени да ынгайсыз абалда калтыра бербе Лира. Беттен алган адатынды таштасанчы? Экообуз жон гана классташ,тааныш элебиз. Дагы айтам мен сага эч нерсе деп соз берген эмесмин. Чогуу ойноп-кулуп, кечелерде бирге жургондорубузду суйуу десен адашасын. Анын устуно мен эми башканы жактырам.
-Ким ал?
-Сага тиешеси жок,суранам ортого тушпо. Билем менде конулун бар бирок мен аны чындап жакшы кором.
-Ошону жон эле айтып койсон болбойбу?
-Билбейм. Себеби озум да азыр эч нерсеге тушунбой жургон убагым.
-Ошондой дегин. Мейли ошондой эле болсун. На конецто токтонуп калыпсын да?
-Антип шылдындаба! Ооба токтонуп калдым. Суйуу бул ар кимге эле конулундогу нерсени айтып,чогуу эс алып журо беруу эмес экен. Мен муну тушунуп жеттим.
-Ким ал сени журоктон урган принцессан?
-Пока принцессам боло элек.
Лира унчукпай,жоошуй тушту;
-Макул сен айтканча болуп турсун,коро жатаарбыз калганын.
-Эмне дегенин бул?
Назардын жини келе тушту;
-Эч нерсе! Еще посмотрим что будеть что нет. До встречи!
Кыз унаасына отуруп кетип калды.
Лира менен талашып -тартышып отуруп,убакыттын отуп кеткенин билбей калыптыр.
-Кара баскырдыкы! Кайдан гана келе калды эле.?
Кайра ичкери кирсе Адеминин халаты илинип туруптур. Эбак эле кеткен ондонот.
Кайра шашып чыгып унаасына барып,жин тийгендей катуу айдап жоноду. Ар дайым бир нерсеге жиндегенде ушинтип унаасынан кучун чыгарат.
Зуулдаган бойдон Адеми жашаган уйлордун алдына келип токтоду.
Чуркап чыгып,уйдун конгуроосун кайра-кайра басты;
Эшикти Гулбарчын апа ачты;.
-Сен?
-Апа билем,баарын билип турам. Суранам Адемини корушумо уруксат берин?
-Ал уйдо жок,жумуштан келелек.
-Билем келген апа! Мейли мени корбой эле койсун,эшиктин сыртынан эле айтаарымды айтып алайын апа?
-Кой балам,антчу эмес чон эле жигит. Озунорду баскыла ойлонгула. Эртен шашпай суйлошоорсунор?
Так ушул маалда Адеминин болмосунон мундуу обон сыбызгыды. Назар убакыттан пайдаланып, ичкери кире койду.
Бирок кыздын болмосун ачкан менен, нары кире албай босогодо туруп калды.
Адеминин коздорундо жаш,жузу мунайым,колдору болсо ушунчалык ийкем кыймылдап,пионинодон керемет музыканы чертип жаткан эле.
Жигиттин келмеси оозунан тушуп,эмне дээрин билбей,эшиктин туткасын кармаган бойдон,Адеми жашаган ааламга сунгуп кирип баратты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   aiyma0909   24 Декабрь 2017 - 22:20

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 17 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 29 Авг 2018 18:42

Качан жазасыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   Sushi_wok   24 Декабрь 2017 - 22:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

-Эмнеге келдин?
Адеми токтоп,жигитке бурулду.
Жигит бир топко чейин озуно келе албай тура берди.
Гулбарчын апа чыдабады. Сырт кийимин алып,эшикти сыртынан жаап,акырын чыгып кетти. Адеми апасынын козунчо коп эле ачыла алчу эмес. Атасын тартып бир сырдуу эле. Ошондуктан мумкун ачыгын айтып,оз ара келишип алышаар деп ойлоду.
-Шумдугун кургур! Ушундай да болобу,сен менден жашырган сырдуу дуйнон ушул беле?
-Ооба ушул болчу!
-Адиш кечир мени!
-Эмнеге кечирим сурайсын?
-Лиранын кылганы учун,мен озум да кутпогон элем.
-Кереги жок.
-Эмнеге кереги жок,эмне кечирбейсинби?
-Назар мен ал жонундо ойлогон деле жокмун. Кечирим сураба!
-Адеми суранам, мени жонундо жаман ойго барбачы? Ооба мен башкача болчум,бирок азыр озгордум,каалайсынбы, сен каалагандай адам болом?
-Назар токтот!
-Сенин каалоондой жашайбыз,бир гана озунду менден ала качпа!
-Жетет!
-Мен сени суйом Адеми!
Кыз журогу туйлап кетти. Ооба,мындай сезим озундо да бар,кантип танып кетсе экен.?
Айтор баары тушунуксуз.
-Кордунбу,мен ушундаймын! Менин жашоом ушу кичинекей калем менен,ушул пиониного байланган. Мендей адам эч жерде жок болсо керек. Кесибине да талантына да кыянат кылган,мендей ары жок адам болбосо керек?
-Эмне болуптур? Сен эмне кылмыш жасап жатасынбы? Эмнеге жашырасын?
-Жашыргыдай бир буюм болсо экен бул? Мен болгону тартынам бул кылганыман.
-Тартынба баары жакшы болот, мен сени тушуном Ади.
Мен да аябай тангалдым. Сонун талантын бар экен го сенин,Бетховен, Шопендер деле сендей эле ,жонокой инсан болушса керек болушса.
Кыз козун бакырайта карады:
-Сен аларды кайдан билесин? Мен алардай болуу учун,бар эмеспи жок эле дегенде,10жылдай окушум керек. Бир эки черткеними, алар менен салыштырууга болбойт да?
-Эмнеге билбейм. Дуйнолук классикада алардын зор эмгектери бар го?
Мисалы Бетховендин "Лунная сонатасын" уктун беле мага абдан жагат? Алар деле ошентип-ошентип которулушкон да?
-Сени тааный албай турам Назар?
-Сен ойлобо мени бир жасап койгон эле робот деп,мен да билем мындай нерселерди, сен учун баардык нерсени тушунууго даярмын жаным!
Кел жарашабыз?
Кыз жылмайды:
-А биз уруштук беле?
-Ооба а жоок,урушпадык.
Назар созун таппай калды. Азыр эле кечирбоочудой тигилген кыз,музыка тууралуу суйлошуп, таптакыр эле башка адамга айланып калды.
Жигит ордунан туруп келип,кызды бекем кучагына кысты;
-Сен меникисин! Мен сени эч кимге бербейм!
Аттин,ушул создордун баары аткарылса кана?
А бирок бул алдыда болчу нерселерди ойлонбой,экоо тен бактылуу болчу ал муноттордо! !!



***
-Ата,суйлошуп алабызбы?
-Мейли уулум ,кел,кир ичкери.
Айдарбек баласынын олутту нерсе айтуучудай кебетесин коруп,чын журогунон созуно кулак салды:
-Кулагым сенде уулум?
-Ата ,мен бир кызды жакшы кором.
Айдарбек суйунуп кетти:
-Ии анан,эмне ал сени жактырбай жатабы?
-Жоок ал деле жактырат. Просто убакытты откоро бербей мен уйлоноюн деп чечтим. Кесиптешим, чогуу иштейбиз. Кол кармашып ,парк айланып журо бергидей жаш эмесмин.
-Бул созун башка уулум. Албетте мен сени колдойм. Эгер ушундай деп чечсен аракетибизди кылалы анда?
-Ооба апама да озум айтсам дегем. Ал кыз апасы экоо эле турушат башка эч кимиси жок. Жонокой гана уйбулодон.
Айдарбек бир топ ойлонуп туруп калды.
-Эч нерсе эмес балам,эн маанилуусу сенин бактын! Турмуштан адашпай жакшы жашап кетсенер,калганын таап алса болот.
-Рахмат ата!
Ата бала суйунуп ,азыркы жанылыкты айтуу учун,тамактанганы ашкана тарапка жоношту...

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 24 Декабрь 2017 - 22:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Sushi_wok   24 Декабрь 2017 - 23:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

-Эмнеее? Сен уйлоносун?
Майрам оозундагы чайын буркуп жиберди;
-Кимге, качан?
-Улуу урматтуум ушинтип,озунчоле комедия болгонунду жактырбайм да.
Назар нааразы боло карады;
-Ой балам,озун да кутулбогондо айттын да,ким ала турган келинибиз? Озум табам деп журуп тапкандырсын акыры,же Лирабы?
-Жок ой ал эмес. Аны эмне кылам чала орусту?
-Чала орус болсо да окуган,коргон жердин кызы.
-Озучу,мунозучу, бетинеден алат дароо.
-Ай мейли ким анда айтпайсынбы, ата энеси ким кайсы жерден?
-Шашпай тааныштырсамбы деп ойлоп жаткам. Бирок кыздын озу менен суйлошоюн. Болсо сразу жуучулукка барасынар.
-Ай шашпа,озунчо ээлигип алыпсын да. Мен суруштуроюн, короюн,бизге туура келеби жокпу билейин?
-Мама дагы баштадынбы?
-А эмне туура эмес суйлодумбу?
-Туптуура ,качан эле туура эмес созду айтчу элениз сиз?
Давайгыла мен жумушка кеттим.
Айым,сиз да берки кичуу айымдарынызды чакырып ,кенешкиле,мен да бугун суйлошуп бир жообун айтам.
Назар калган созду кийин суйлошобуз дегендей,ордунан туруп кетти.
Антпесе апасы дагы бирдемени баштоочудай болуп турат.
Эртерээк барып,айдай сулуусун коргусу келип,ашыгып, унаасын айдап баратты..

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 24 Декабрь 2017 - 23:20

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (22 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июл 2025 04:34

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: