Суперстан: Зарылыктын кызымын - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Зарылыктын кызымын ажырашам деген ата-энелерге

#21 Пользователь офлайн   raia   23 Ноябрь 2017 - 14:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 02 Авг 2025 19:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

- Жаш баланын кусалыгы,ичи толо арманы,оздук фантазиясы. ..
Атасын куткон кыз...
Жаш наристе атасын кутот,аталуу болгусу келет,элдин атасындай мээрим кутот.Биз окууган мектепте жангыз кызы бар агай бар эле.Ошол агайга дуйнодогу эн жакшы ата деген баа берип,суктануу менен карап,сый урматын жогоруу койуп,ошол агайдын сабагында жалан бешке окушка тырышат элем.Мен учун дуйнодогу жакшы ата ошол агайдай сезилчуу...
Болбосо ал агайым озу да жангыз болгон дешет.Жылдар отуп ошол кызын турмушка берип,азыр небересинин колунда карылыктын убайын байбичеси экоо тен коруп жашап келишет...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   __anna__   25 Ноябрь 2017 - 01:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 511
  • Катталган: 13 Июнь 17
  • Соңку аракети: 21 Фев 2024 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кызыл дептердеги ырлар кызыктырууда :гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   bibi87   01 Декабрь 2017 - 18:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 136
  • Катталган: 04 Май 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2021 15:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Мен туулган жер!

Уландысы барбы??
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Neslihan   01 Декабрь 2017 - 18:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 418
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2018 11:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Уландысы барбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   myrzayym   01 Декабрь 2017 - 23:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 932
  • Катталган: 27 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Июл 2025 22:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ала-Тоо

Уландысы жок... Бул аңгеме жарым түшүнүк менен берилген. Бөбөк эч кимге айта албаган арманын өз деңгээлинде баяндайт. Ары жагындагы табышмактуу тагдырын окурмандар өздөрү жоруганга туура келет. Бир күнү сюжетти ачып бергенге аракет кылып көрөм.

Билдирүүнү түзөткөн: myrzayym: 01 Декабрь 2017 - 23:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Jazdyn_tany   02 Декабрь 2017 - 12:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 120
  • Катталган: 14 Апрель 17
  • Соңку аракети: 22 Май 2021 22:06

Просмотр сообщения Neslihan (01 Декабрь 2017 - 18:34) жазган:

Уландысы барбы?

Ушул эле бөлүмдө автордун "Жараланган жүрөк" деген темасы бар. Ошол жакта эженин баштан өткөн окуясы толук берилген. Мында бала чагынан алынган окуя баяндалыптыр. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   uikuchu   02 Декабрь 2017 - 19:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 353
  • Катталган: 28 Июнь 17
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 16:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аксы

Просмотр сообщения Jazdyn_tany (02 Декабрь 2017 - 12:58) жазган:

Ушул эле бөлүмдө автордун "Жараланган жүрөк" деген темасы бар. Ошол жакта эженин баштан өткөн окуясы толук берилген. Мында бала чагынан алынган окуя баяндалыптыр. ..

+1
жашоо -жакшы, жакшы жашаш Андан да мыкты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   beka2605   02 Декабрь 2017 - 21:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 361
  • Катталган: 09 Март 17
  • Соңку аракети: 01 Фев 2021 14:51
  • Жынысы:Аялзаты

Адабият бөлүмүндө болсо керек эле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   myrzayym   31 Декабрь 2017 - 15:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 932
  • Катталган: 27 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Июл 2025 22:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ала-Тоо

Урматтуу апалар, эжелер, агалар, инилер жана достор! Сиздерди кирип келе жаткан жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Жаңы жыл Сиздер үчүн чың ден-соолуктун, жакшылыктын, токчулуктун, молчулуктун, ыймандуулуктун, биримдик-ынтымактын, өнүгүп өсүүнүн, жетишкендиктин, айкөлдүктүн, албан-албан ийгиликтердин, кубанычтын жана бакыттын жылынан болсун!! !

Кетип жаткан жыл мен үчүн опурталдуу, бурганактуу жылдардан болду. Артка кылчайып саресеп салсам, негизи эле тоок жылынын биринчи жарымы анчейин жылмайбаган катаал жылдардан экен. Мурунку тоок жылы да мага бир топ тозоктуу жана азаптуу жыл болсо, кетип жаткан жылдын биринчи жарымы да ошол сымал болду. Бир гана эки балапаныма таянып, алардын келечеги үчүн күрөшүп, туруктуулукту сактап калдым окшойт. Буларды эстеп отуруп биринчи тоок жылын тозгонумду да эстедим. Ал деле азаптуу экен... Эмки тоок жылында аюу сымал бир ийинге кирип алып, бир жылдан соң чыксамбы... :crazy-girl:
Ал эми жакшы жагын айтсак, жылдын экинчи жарымы бир аз жеңил жана азыраак жетишкендик менен өттү. Жумушумдан көтөрүлүп бир бөлүмдүн башчысы болдум. Муну менен токтоп калбастан, маданият тармагын өнүктүрүүгө атайын программа иштеп жатам. Буйруса жыл жаңырган соң премьер министрге сунуштап көрөбүз. Айтор, келечекке пландар көп...
Ит жылында баарыбыз аманчылыкта жолугалы. Бар болуңуздар! Баарыңарга ийгилик!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   ludimira   31 Декабрь 2017 - 19:47

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 577
  • Катталган: 27 Август 17
  • Соңку аракети: 29 Дек 2024 01:49

Просмотр сообщения myrzayym (31 Декабрь 2017 - 15:51) жазган:

Урматтуу апалар, эжелер, агалар, инилер жана достор! Сиздерди кирип келе жаткан жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Жаңы жыл Сиздер үчүн чың ден-соолуктун, жакшылыктын, токчулуктун, молчулуктун, ыймандуулуктун, биримдик-ынтымактын, өнүгүп өсүүнүн, жетишкендиктин, айкөлдүктүн, албан-албан ийгиликтердин, кубанычтын жана бакыттын жылынан болсун!! !

Кетип жаткан жыл мен үчүн опурталдуу, бурганактуу жылдардан болду. Артка кылчайып саресеп салсам, негизи эле тоок жылынын биринчи жарымы анчейин жылмайбаган катаал жылдардан экен. Мурунку тоок жылы да мага бир топ тозоктуу жана азаптуу жыл болсо, кетип жаткан жылдын биринчи жарымы да ошол сымал болду. Бир гана эки балапаныма таянып, алардын келечеги үчүн күрөшүп, туруктуулукту сактап калдым окшойт. Буларды эстеп отуруп биринчи тоок жылын тозгонумду да эстедим. Ал деле азаптуу экен... Эмки тоок жылында аюу сымал бир ийинге кирип алып, бир жылдан соң чыксамбы... :crazy-girl:
Ал эми жакшы жагын айтсак, жылдын экинчи жарымы бир аз жеңил жана азыраак жетишкендик менен өттү. Жумушумдан көтөрүлүп бир бөлүмдүн башчысы болдум. Муну менен токтоп калбастан, маданият тармагын өнүктүрүүгө атайын программа иштеп жатам. Буйруса жыл жаңырган соң премьер министрге сунуштап көрөбүз. Айтор, келечекке пландар көп...
Ит жылында баарыбыз аманчылыкта жолугалы. Бар болуңуздар! Баарыңарга ийгилик!! !

Амин,ийгиликтуу аял затынан болуп телевизордон коруп ушу эже экен да деп кол чаап суйунойунчу. ...бар болун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Royal55   01 Январь 2018 - 01:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 211
  • Катталган: 30 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2020 13:18

Абдан берилуу менен окудум.Соз чеберисиз.Негедир сизди реалда коргум келет.

Билдирүүнү түзөткөн: Royal55: 01 Январь 2018 - 01:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   __anna__   01 Январь 2018 - 09:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 511
  • Катталган: 13 Июнь 17
  • Соңку аракети: 21 Фев 2024 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ишинизге ийгилик!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   myrzayym   02 Январь 2018 - 15:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 932
  • Катталган: 27 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Июл 2025 22:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ала-Тоо

Просмотр сообщения ludimira (31 Декабрь 2017 - 19:47) жазган:

Амин,ийгиликтуу аял затынан болуп телевизордон коруп ушу эже экен да деп кол чаап суйунойунчу. ...бар болун.

Рахмат!! ! Телевизор демекчи, журналист катары эмес, кайсы бир мекеменин кызматкери катары радио-телевидениеге барып турам. Ошол мен иштеген мекеменин ийгиликтерин, жетишкендиктеринен, жаңылыктарынан кеп салып дегендей... Бирок, реалда деле бул ишимди эч кимге айтпайм. Ишенсеңер туугандарыма деле, апама деле айтпайм. Бул жакшыбы, же жаманбы билбейм. Айтуудан коркомбу, же уяламбы...? Же баштапкы кадамдарым болуп жаткандыктан көз тийип кетпесин деп сактангандыкпы. ..? Айтор ушундай да...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   myrzayym   02 Январь 2018 - 15:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 932
  • Катталган: 27 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Июл 2025 22:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ала-Тоо

Жалган дүйнө.
Ушул “жалган дүйнө” деген сөздү көп жолу чечмелегим келди. Эмнеге “Жалган дүйнө” деп аташат, “эмне үчүн” деген суроону көп жолу ойлоноор элем... Көрсө, чындап эле чындыгы жок “жалган дүйнө” тура... Жан далбастап, күйүп-бышып берген жардамыңа түкүрүп кетсе, жалган эмей эмине? Дос атын жамынып, бактыңа сугун артса, жалган эмей эмине? Ак жериңен күйүп кетсең жалган эмей эмине? Намысыңдан жылмайып, башты өйдө салып турсаң жалган эмей анда не? Күнөөңдү сезип бирок, сыр бербесең жалган эмей..., кошаматчы жаманды жакшы десе жалган эмей анда не? Сүйөмүн деп жалынып басып кетсе жалган эмей, сүйбөймүн деп чүйрүйүп, сүйүп турса жалган эмей эмине ботом? Калыс деп билген адамың калыстыгын жоготсо жалган эмей эмине? Эмчек берип эмизгениң таштап кетсе, бул дүнүйө жалган эмей эмине???
Бара-бара көз ачылып, ак менен караны ылгап, жаман менен жакшыны түшүнө баштайт тура адам баласы. Улам жыл өткөн сайын, ар бир жылы байланыштагы адамдардын саны суйулуп, кайра ордуна башка адамдарменен алмашып жатат... Албетте, алардын өмүрлөрү узун, ден-соолуктары чың болсун! Кудай бир жолу жаман жагын “жылт” этип көргөзгөндө эле, бул адамдан “кач” деген белги берет тура. А биз аны кечиримдүүлүккө, же сабырдуулукка салып, билмексенге айланып басып кетет экенбиз. (Же мен эле ошондоймунбу. ..?)
Көп жолу алдандым. Аларды кээсин эстесем тим эле күлкүм келет... Шумдук дейм, “жашоо кайда баратат” деп коём...? Кайсы дүйнөдө жашап жатканымды унутупчу... Ха-ха... кээде өллө алдашат да иштерин бүтүрүү үчүн, калптарына ишенимиш болуп коём байкуштарды неудобный кылбайын деп, жөнөшөт алдадым тиги келесоону деп... Бир канча убак өткөн соң уяткарып коймоюм бар... Сөз таппай калдастап калса, кайра өзүм неудобна болуп кетем да... балекеттики ай, айтпай эле койбопмун деп. Кээ бирөнүн калптарына ишенимиш болуп койсом, үстү-үстүнө эле калп айта беришет, чекесинен калптарын чыгарып баштасаң, албууттана беттен алып башташат. “Тобаа” деп алып кайра артка качасың...
Бир эжем бар өллө ойнотту мени. Жок баарыбызды ойнотот дагы эле. Бири-бирибизди чабыштырат тим элечи... Билгизбей тымызын акырын-акырын жакшы киши болумуш болуп чабыштырат да... Өллө таң калам. Апакем айтчу бир кезде “былгыткыч” деп, анда көз көрчү эмес, ошо эжекебайыма тарта берчүмүн. Көз ачыла баштады, байкуш апакем сиңдиси оңолсун деп, бетине канча жолу ошол кемчилигин айтып жаман көрүндү. Мен билсем дагы айткым келбейт, албуутка теңелип не кылам ээ...
Дагы бир курбум бар эле Айя... Көп жыл балалуу боло албай жүрүп, бала асырап алышып анан балалуу болгон. Ал деле бир кезде тымызын чыккынчылык кылган, бирок мен аны коркоктук мүнөзүн эске алып, “Сен эмне...?” дебей туруп, билмексен болуп жүрө бергем, мамилемди да өзгөрткөн эмесмин. Күйөөмө да сыр бербегем хе-хе... Мени “көк мээ” элестетишсе керек, алтындарым десе... Алтындарым дегеним, көзүмдү ачкан адамдар да... Ошентип койсом, андайды дагы бир жолу кайталап жиберишти... Мурункусун кошо айтып, билмексенге салганымды угушкан кылмышкерлерим “дым” болду, “өчтү” жок. Барып алып үй-бүлөсүнө чаң салбадым, атаң көрү бул деген “жалган дүйнө” да... Бүгүн барбыз эртең жокпуз. Мейли, күйөөмдөн балалуу болсо болгондур... Бир кудай билээр... Жашап турсак, чындыкты билгим келсе, билип алаармын. Анан кимге пайда да, кимге зыян? Башкысы өзүмө зыян келтиргим келбейт...
Кайын журтка да алдандык, жолдошум экөөбүз. Акыры менин көзүм ачылып, жолдошумду өзүм менен кошо сүйрөй баштадым. Байкушум, кылмышкерим менин, араң зорго “мейли” деп келатып эле, тиги короого кирип кетет... Быйыл ошолор көп ыйлатты мени. Ага да рахмат, эмки жылы көп күлөөрмүн деп өзүмдү сооротуп коём. Бирок, көз чала ачылып калганга акыйкаттыкты, калыстыкты талап кыла бергенимчи. .. Оо-о-й алда байкуш жаным ай, чындыгы жок кайсы дүйнөдө жашап жатам, мен акыйкатты “жалган дүйнөдөн ” издеген кандай жанмын деги...? Көзүмдүн дагы канчасы ачылды да канчасы жабык турат, ким билсин... Эмнеси болсо да адам бойдон калалы ээ...
Ошо урматтуу “жүрөк сырынын” окурмандары эч нерсеге капа болбогула, таарынбагыла, ыйлабагыла, өкүнбөгүлө, чөкпөгүлө! Себеби, бул деген — ЖАЛГАН ДҮЙНӨ!

Билдирүүнү түзөткөн: myrzayym: 02 Январь 2018 - 15:14

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   __anna__   02 Январь 2018 - 18:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 511
  • Катталган: 13 Июнь 17
  • Соңку аракети: 21 Фев 2024 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения myrzayym (02 Январь 2018 - 15:08) жазган:

Сонун жазыптырсыз)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   nurai92   03 Январь 2018 - 09:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 19 Март 12
  • Соңку аракети: 10 Июн 2019 20:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

Кече катуу уруштук. Баарын жыйыштырып уйдон чыгып кетким келди. Баламды озум гулдой кылып багып алам дечумун. Бирок мурунку куну ушул постту окуп алган экенмин, кыздын атасын куткону эсимден кетпей туруп алды....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   nurai92   03 Январь 2018 - 09:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 19 Март 12
  • Соңку аракети: 10 Июн 2019 20:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

Автордун дагы бир темасы бар дединиздер эле го, кайсы болумдо анан темасы кандай эле?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   myrzayym   03 Январь 2018 - 13:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 932
  • Катталган: 27 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Июл 2025 22:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ала-Тоо

КАГАЗ.
Баламдын кылыгы жөнүндө жазгым келди. Кичинесинен кагаз жемей адаты бар. Көп китептердин чекелери, ортолору сорулуп атып түшуп калган китептер, дептерлер азыр деле сакталып жүрөт. Жеп жатканын көрсөк, колубузду оозуна салып алып салчубуз. Көрбөй калсак, кетчү окшойт ары жагына... Кийинчерээк чайнап, чайнап даамы кеткенде көрүнбөгөн жерлерге тыгып коймоюу башталды. Ошол окуялардын бирин айтып берейин.
Кызым кулагыма келип,
-Балаңыз кагаз жеп жатат - деп шыбырап калды.
-Акырын алдап оозунан алып кой - дедим.
Кызым кетти жулунуп, акырын эмес... Аркы бөлмө бакырык-өкүрүк. ..
-Өзүм, өзүм деп атам... - деп эле уулум эшикти көздөй ыйлап чуркап жөнөдү. Аркасынан менин жалтанбас (дерзская) кызым кошо чуркады. Мен үйдө жок кишидей ишимди кылып жүрөм. Экөө бакырык, өкүрүк иши кылып эшикте согушуп атат. Балам оозунан баягы олчойгон кагазды түкүрдү окшойт. Тиги жалтанбас, алтын тапкан немедей мени көздөй чууркап келатат. Менин баш бармагыман бир аз эле кичирээк чайналган кагазды колума карматты. Эшикте балам,
-Апама көрсөтпө-ө-ө. .. айтпа-а-а... Азый мени өйтүрө-ө-т ... - деп ыйлап атат. Ичим эзилгенче күлүп алдым. Кызымды жөнөттүм,
-Чакырып кел, чай ичелик. Кетти тиги шуулдаган бойдон. Бөбөгү жанагы эле сөздөрүн чулдурап ыйлап жатат...
-Азый мени өйтүөт, уват а-а-а... Сиз эмне көйсөттүңүз кагазды...
-Апам урушпайт, жүрү чай ичебиз...
Мен болсо сөздөрүн угуп алып ичим эзилип жатат. Өзүм эшикке чыгып, эч нерсени көрбөгөндөй, билбегендей мамиле кылып,
-Балам, жүрү колуңду жууп үйгө кире гой... - деп алып кирип кеттим. Менин кебетемен бир аз сооронгондой болду. Бирок ыйлай берди. Чай куюп отурсам, колун жууп кирди.
-Келчи келе гой балам, эмне болду? Эжекең урдубу?
-Жо-ок...
-Кошунанын баласы урдубу?
-Жо-ок...
-Ким урду сени айтчы балам - деп, билмексенге салып эркелетип бетинен өптүм.
Ыйламсырап жаткан балам токтоно албай, дагы бир сыйра ыйлап алды да,
-Жөн эле көзүмөн жаш чыгып жатат, өзүнөн өзү эле... - деди, көзүнүн жашын быйтыйган колдору менен аарчып... Мен отурам эч нерсе билбегендей болуп. ичимен боорум эзилип жарылган жатам...
Жакшынакай отурап чай ичтик. Балам тим эле сүйүнгөнүнөн катуу-катуу сүйлөп, өзүнө ишенимдүү болуп тамактын баарын түгөттү. Качан гана бата кылып бүткөндөн кийин,
-Балам жанаа эмне кагаз жедиң?
-АПА? СИЗ ЭМНЕ БИЛДИҢИЗ БЕЛЕ? - баламдын көздөрү топтоголок болуп кетти...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   mega777   03 Январь 2018 - 14:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

myrzayym , кайрадан коргонумо кубанычтамын)Коптон бери кол тийбей текчеде жаткан китепти кайра колума алгандай болдум.Ийгилик! Уланта бериниз,кутуп калам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   myrzayym   04 Январь 2018 - 14:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 932
  • Катталган: 27 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Июл 2025 22:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ала-Тоо

Просмотр сообщения mega777 (03 Январь 2018 - 14:52) жазган:

myrzayym, кайрадан коргонумо кубанычтамын)Коптон бери кол тийбей текчеде жаткан китепти кайра колума алгандай болдум.Ийгилик! Уланта бериниз,кутуп калам.

Мега эже, мен да сизди көргөнүмө абдан кубанычтамын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 14 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 14, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Авг 2025 10:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: