Суперстан: Толкундар шыбырайт. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Толкундар шыбырайт. Толкундар шыбырайт.

#101 Пользователь офлайн   Sushi_wok   01 Январь 2018 - 12:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Адеми такыр озун таштап койду. Мурдагыдай сабырдуу болбой,бир нерсе болсо,кирпик алдында жаштары даяр турат. Эч ким жокто бугун чыгара ыйлап-ыйлап алат. Бир капшыты эншерилип калгандай,анын орду эч качан толбоочудай сезилди.
Жубайына боору ооруган Назар,аны жумуштан чыгартып алды. Дем алсын деди. Мурда жакшы болсо,азыр андан бетер аярлап,мумкун болушунча ,азыркы абалынан чыгарып кетууго аракет кылды. Назардын мамилесин коруп,Адеми да ичи жылып чыйралды. Суйуусу,урматы барган сайын ашты. Козунчо кулуп,озун жакшы жагын корсотууго тырышат.
Апасынын козу отуп кеткенден кийин Майрам бир топ жоошуй тушкон. Мурдагыдай кагып-силкпей, коп ишине аралашпай калган. Бирок торобой жургонуно бушайман болуп,ичтен келинин куноолой берчу. Кылган-эткенинен айып таппайт. Чынында мыкты келин болду. Ашыкча ун-созу жок. Канча жаман создорду айтса да унчукпайт. Эми апасы да отуп кетти,ансайын тунт болуп кетти. Балалуу болушпаса,ажыраштырып ,баласына башка аял алып берууну ойлой берет. Бирок эмне кылаарын билбей озунчо эле кыжалат.
Ой кор пенде козунду ачсан! Ушундай ойлорду ойлобой,кайра экооно перзент тилесен,ыйманынды байлыкка алмаштырган ары жок! Деги ушул ашып-ташкан байлыгындын кимге пайдасы бар?
Адатынча чай устундо ушул тууралуу соз башталды.
-Назар,жанылык жокпу балам?
-Дагы баштадынбы мама? Кайдагы жанылык,Адеми азыр озу кыйналып журсо?
-Олгондун артынан олмок жок дейт,артында калгандар оз тирилигибизди откорушубуз керек да,кичине аракет кылсанар боло?
Назар Майрамдын козуно тике карады:
-Сенден суранам мама! Кааласан тизелеп жалдырайын, ашыкча эч нерсе сурабайм,бир гана, жон гана Адемини кабыл алчы? Ушунча убакыт отту,тан алчы,бул тагдыр менин мандайыма жазылган,мен аны жашап жатам,а сен ошону тушун!
Майрам эмне дээрин билбей,чекчейди:
-Мен эмне сага жаман болсун деп жатамбы балам?
-Билип жатам мама,жакшы болсун десен,суранам унчукпа!
Муну угуп турган келин,ашканада туруп,стол четине келе албай буйдалды. Анан оюна бир нерсе тушкондой,колунда жасап жаткан тамагын да ошол бойдон таштап,эшикке чыгып кетти.
Артынан Назар кошо чуркап чыкты;
-Ади кайда барасын?
Адеми тык токтоду;
-Мен уйго барып келейинчи?
-Жаным капа болдунбу?
-Жок ,мен чарчадым!
-Келесинби кайра?
Келин артына бурулуп келип,Назардын моюндарынан кучактады;
-Мен сени эч убакта таштап кетпеймин Назар,мен сенсиз эч киммин,болгону азыр уруксат берчи,уйго барып келейинчи?
Назар да бооруна бекем кысып,келинчегинин мандайынан жыттап-жыттап алды;
-Макул жаным,барып кел,азыр озум жеткирип коеюнбу,качан алып келейин?
-Жок,мен озум эле кетем. Келээримде сага чалайын озум ээ? Тушунчу , жалгыз калгым келип жатат!
-Тушуном жарыгым!
-Унаанды берип турасынбы?
-Албетте!
Уулу менен келинин терезеден карап турган Майрам шуу ушкурду;
-Мени да тушунгуло да,мен да оз денгээлиме жараша ойлоном,силердей ой жугурто албайм,мага небере керек!
Адеми кыска кочолорго салып,уйуно бат эле жетип келди. Ичкери кире албай,бир топ журоксуп турду. Азыр эшикти ачса эле апасы кучак жайып,адатынча жалынып-жалбарып, тосуп алуучудай боло берди.
Шаша ачкычты бурап,эшикти ачты. Ичкери кирип туура эле ашканага отту. Уйдун ар бир бурчунда апасынын издери. Жыты!
Ыйлап жиберди.
Сагыныптыр, моюнуна албай жургон экен. Ушунчалык куса болуптур эне мээримине. Майрамдан коорунуп журуп,эркелегенди да,эне мээримин да унута баштаган экен.
"Кечир мени апоов,мен сага жакшы кыз болуп бере албадым,омур бою сени бир гана кыжалат кылып,азапка салдым. Кечирчи!"
Адеми копто барып озун жыйды. Анан озунун болмосуно кирди.
Пиониносу оз ордунда. Чан басып кетиптир. Байкуш апасы болгондо,кунуно бир маал аарчып турмак.
Сырткы кийимин чечип,башындагы жоолугун шыпырып,чечип салды. Билегин турунуп,чертип кирди.
Бах чиркин! Кандай керемет музыка! Коптон бери мынтип женилдей элек болчу. Баарын унутту. Оз ааламында журду Адеми. Чекесинен аккан терге да карабады. Кимдир бироодон оч алып жаткандай,токтобостон черте берди.
Эшиктин токтоосуз чырылдаганы токтотууга аргасыз кылды. Шарт башын которду. Азыр эле бейкапар жургон дуйносу,каякадыр житип жоголду.
Ким болду экен? Назар чыдабай артынан келдиби?
Эшикти ачса Байжигит турат.
-Байжи?
-Ади!
Жигит Адемини, бир жака качып кетчудой, кучагына бекем кысты;
Сагындырган жыт.Ошол жыт! Озун озу кыйнап,башкалардан издеп жургон кусалуу жыт.! Озуно эмес,башкага таандык болгон жыт. Мурдагыдай кулку-тамаша эмес,мундуу тарта баштаган жыт!
Адемини кучактаган Байжигит ушуларды ойлоду.
-Кечир мени,аяш энемдин азасына келе албаганым учун! Сабырдуу бол,мындан ары жашоонду улантышын керек!
Адеминин коздорунон жаштар,озунон- озу ага баштады;
-Ооба мен сабырдуу болушум керек Байжи. Мен буйруса женишим керек баарын.
Экоо тен ичинен ыйлап,босогодо копко турушту.
Адеми чай койду. Баары апасы койгондой,орду- ордунда экен.
-Кел Байжи,чайга кара!
Экоо унсуз чай ичишти;
-Жумуштарын жакшыбы,анда- санда сурашып турчу элен,такыр дайынын жок да?
Байжигит коздорун ала качты.
-Жакшы Ади,кудайга шугур! Аяш энем каза болгондо Казакстанга жумуш боюнча камондировкага жонотушкон болчу. Апамдардан уктум,бирок дароо келууго эч шартым болбой койду.
-Мейли эми эч нерсе эмес,болоор иш болду,эстей бергенден пайда жок.
-Озунчу?
-Озумбу?
Озум жонундо эмнени айтайын Байжи?
-Эмне болду,кыйналдынбы?
-Кыйналдым десем айып болоор,баары жакшы!
-Анда эмне?
-Билбейм,тушунуксуз!
-Озунду озун ичтен кыйнап жатат окшойсун Ади? Ачыгын айтсан?
-Мен музыканы сагындым!
-Эмнеге анда музыка жаатына кетпейсин,же жездем каршы болуп жатабы?
Адеми жылмайды;
-Жездем дегин,кулакка жагымдуу угулат экен!
-Озун айт дегенсин го?
Жигит да кошо жылмайды;
-Баса бугун уйго келгенимди кайдан билдин?
-Журогум сезсе керек!
-Кантип,ошол кантип болсун,жон айтсан?
-Камондировкадан келгенден кийин уйуно эле барсамбы деп жургом. Бирок кандай болот,туурабы, туура эмеспи деп кыйналдым бир топ. Барып,сени коруп кандай абалда болом,уйундогулор эмне деп ойлойт деп. Анан бугун жездемин унаасын коруп калдым. Экоонорду келген экен деп ойлоп,суйунуп келген жайым болчу.
-Акылдуусун! Ошондуктан сени жакшы кором да.
-Билем Ади. Эзилбей ичиндегилерди айтсан,женилдеп калаар белен?
-Назар алтын адам Байжигит. Мен ага жолуктурганына жаратканга чексиз шугур айтам. Ал башкача! Байкушум мага жакшы болсун деп журуп,озу ортодо кыйналып кетмей болду. Мен болсо кантип ага жардам берээримди билбейм. Азырынча музыка жонундо айтууга болбойт окшойт. Озумдогу талантты ага тануулай бергенде эмне? Ансыз да кыйналып журот озу. Олгондун устуно комгон кылбай кое турайын деп жатам. Бирок куса болуп кеттим. Ошого суранып,бугун атайы жалгыз келгем.
-Жалгыз жоноттубу?
-Ооба. Башкалар тушунбосо да ал тушунот мени Байжи. Апамдан айрылганым ото оор келди ага да. Алдымда куноолудой боло берет. Муну коруп,мен андан отуп эзилем.
-Сабырдуу бол дегенден башка эмне айта алам Ади? Мумкун....
-Жок Байжи,мен ансыз жашоомду элестете албайм!
-Билем,бирок озун да кыйналып,аны да кыйнап жатасынбы дейм да?
Адеми бир топко тунжурап турду;
-Баарыбир жок. Ал менин жашоодогу жалгыз умутум. Мен андан айрылып калсам ,билбейм эмне болоорумду.
Байжигиттин ичин, бир муздак сезим каптады.
Адеминин мурдагыдай шайыр болбой калганын коруп ичи сыйрылды. Аяп кетти. Турмуш кургандын баары ушундай кыйналышабы деген ой болду.
"Мен болсо сенсиз жашап эле журом. Бирок озун айтмакчы умутумду узо элекмин,эмне кылайын айтчы озун?"деди ичинен.
Ал куну бир топко чейин суйлошуп отуруп жигит оз уйуно кетти.
Шалдырап отурган Адеми эмне кылаарын билбей,апасы тууралуу жазууга киришти.
Бирок бул жолу эмнегедир дептерге эмес, соц тармактагы баракчасына жайгаштырды. Баарын тогуп салды. Азыр апасыз калып, карайлап жургонун да жазды. Женилдегени озуно кадимкидей байкалып жатты.
Мумкун ал жерде озун куто-куто саргайган,умуту бир гана ушул дареги болгон,элесине куса болуп жургон,бир адамдын бар экенин, журогунунун тупкурундо сезгендир..!
Бул адам Толкунбек болчу.....

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 01 Январь 2018 - 13:01

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   Nazgul9191   01 Январь 2018 - 18:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 74
  • Катталган: 05 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 04 Янв 2018 01:22

Кандай гана сонун жазып жатасыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   sumaika   01 Январь 2018 - 19:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

Ушул теманы окуп эс алам го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   Rozinda   01 Январь 2018 - 23:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 162
  • Катталган: 30 Апрель 16
  • Соңку аракети: 23 Сен 2018 16:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кутуп калдык автор улантынызчы сураныыыч?
Альхамдулиллах мен бактылуумун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   Sagyn.91   02 Январь 2018 - 01:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 565
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 19 Янв 2025 19:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ата-бабам өткөн жер...

Эххх. Бир дем мн окуп чыктым го чиркин. Каармандардын жанында жургондой эле журдум, элестетип. Адеминин апасы каза болгону кутуусуз, башыма бир нерсе мн бироо чапкандай эле болду. Сарсанаа болгонум эле кантсе да апасы жолоп таяп туруучу тиреги эмес беле...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   Sushi_wok   02 Январь 2018 - 11:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

***
Толкунбек кундо бир маал, кыздын суротуно карачу адатты таап алганына,оголе коп убакыт болгон.
Мундуу ,ар сырдуу каректерине чогуп кеткиси келет. Сырттан караган адамга билинбегени менен бул жылдар аралыгында ,Толкунбек бир топ озун таштап койду.
Жандуйно жардылыгы жаман экен да тубун тушкур!
Болбосо эмне жетпейт дейсин? Бардар жашоо,ата-эне бир тууган,тумондогон достор! Аймончоктой балдары!
Адамзаттын жашоосунда баарыбир бир кемчилик болот экен да,ошол кемчиликти толтурам деп,озун нары урат,бери урат.
Анан эле артын караса,жок эле дегенде,30,35жылдык омурду артка таштаган болот.
Кээ бироолор байлык топтойм деп,дагы бири атактуу болом деп,кайсы бири кунумдук кор окатты тыныраак кылайын десе,анан дагы бири озунон жакшы жашагандын жашоосуна жетем деп жулунат.
Дагы бири балага жетпей зар,башкалары болсо ошол баланын кадырына жетпей журот. Кыскасы бул турмуштун коп кырдуулугун айта берсен тугонбойт. Кайсы бирин айтып,тушундуроорунду билбейсин.
Анын сынарындай Толкунбек да ошолордун бири!
Жумушка киришип,бугунку кундун иш-пландарын толтуруп жаткан. Кесиптештери баары туштонууго жоноп жатышыптыр;
-Толкунбек байке,журунуз тамактанасызбы?
Караса катчысы экен. Буларда расмий турдо эч кимиси суйлочу эмес. Баары бир туугандай болуп калышкан.
-Ии бара тургула,мен аз калдым,бутуро салайын!
-Мейлиниз!
Жумушунан сырткары дагы кызды карап коюну чечти. Конумуш адаты эмеспи.
Коргон коздоруно ишенген жок. Жакында эле кирген экен. Баракчасына жуктогон баянын окуп кирди шашылып.
Ушундай кантип болсун,апасынан айрылып калган турбайбы?
Эмне кылаарын билбей ордунда тегеренип кетти. Баарын унутту! Жумушун да ,башкасын да. Азыр бир гана кызды таап,аны соороткусу келди,озуно билинбегени менен ар дайым жанында журоорун айткысы келди. Сырдуу каректерине карап туруп;
"Мен сени издедим,коргум келди,жанында калышыма уруксат берчи?"деп айткысы келди. Кокурогу кысылып,ыйлагысы келип кетти. Деги эмне болуп баратат? Же ошол нерсеге тушуно койсочу!
Тамактанганы да конулу келбей турду.
"Жерге кирсинчи ушул жашоо,деги менин конул оксугум кантип толот,баарын ушул кызга байлап алдымбы озум эле,же чындап эле ушундай болуп жатабы? Деги ким ал,кайда журот,кантип журот? Болду эми мынтип озу алдыман чыгышын кутпой,озум табышым керек! Конулумдун тупкурундогу нерсени айтам болду,калганы эмне болсо ошол болсун!"
Ордунан чечкиндуу турду. Туз эле тамактануучу жайга барып,катчысын чакырды;
-Эмне болду сизге,тамактанбайсызбы?
-Жок менин зарыл жумуштарым чыгып калды,калган жумушту озун бутуруп коерсун,атайын ошону айтайын деп кирген элем.
-Аа макул,андан кыжалат болбонуз.
-Рахмат,тамагын таттуу болсун,беймарал тамактана бергиле! Мен кеттим!
-Макул рахмат!
Рульду кучактап копко отурду. Кайда багыт алса экен?
Назик чалып калды ангыча;
-Угуп жатам!
-Жумуштан качан чыгасын?
-Билбейм,эмне болду ?
-Ширинди школдон алакелчи?
-Сенчи?
-Байкем келиптир,Дубайга кетпеди беле?
Ошого уйго келип чай ичип кеткиле деген апам,сени кутоюн десем,атам ала кетем дейт,ошого бара берсекпи дегем.
-Макул,мен барбай эле коеюнбу?
-Кааласан кызын экоон келгиле, конок болуп келесинер!
-Макул коробуз го,силер бара бергилечи?
-Аха мейли!
Ширин -Толкунбектин кызы. Быйыл 6жашта. Кичинесинен музыкага жакын болгондуктан, жек менчик мектепке беришкен. Ал жерде пионинодон сабак алчу.
Демек азыр эч кайда бурулбай,кызына баруусу керек! Мына бура бастырбай,башка нерсени ойлоюн десе да мумкундук бербеген,жашоонун алтын мыйзамдары! Азыр эле буулугуп,кыздан башка эч кимди ойлобой олтурган жигит,келинчегин тартып,эрке оскон кызы тарапка аргасыз унаасын бурду.







***
Адеми уйуно кеткен 10 кундун ичинде Назар аябай кыйналып кетти. Жарытылуу тамак да ичпейт. Эшиктен киргенде,жарк этип кулуп тосуп алчу эч ким жок,уйдун ичи томсорот. Келээри менен моюнуна асылып,бирдемелерди айтып кулдуруп,маанайын которуп,ысык ,даяр тамакты алдына койчу эле. Эстесе эбедейи эзилет. Тынч журсун,озунчо жалгыз калып ,эс алсын дегени менен,озу сагынып,чыдабай кетти.
Муну коргон ата-энеси оздорунчо кыжы-кужу:
-Майрам,келинге бирдеме дединби?
-Баарына мен куноолу,эч нерсе деген жокмун Айдар!
-Анда неге Адеми келбей жатат?
-Келбесе келбесин," торобогон келинден,улактуу эчки жакшы".
-Ал эмне дегенин?
-Эмне ушинтип ,жалгыз балабыз баласы жок отуп кетеби?
Айдар ачуулана тушту;
-Сен эмне кудай болуп кеттинби,ким айтты сага болбойт деп.? Дагы бир ушинтип айтканыны уксам ,менден жакшылык кутпо Майрам! Коруп жатасынбы баландын абалын,келин жок уйдогу шан да очту, сен болсо капкаяктагы нерселерди айтып,адамдын башын оорутасын. Болду суйлобо,кереги жок!
Айдар жинденип,ылдый тушуп кетти. Ашканада Назар конулсуз чай ичип отуруптур;
-Эмне анчалык уулум? Котор башынды,келинчегин олумго кетсе да,эмоуне олтурасын,эркексинби барып алып кел!
Назар атасын тандана карады;
-Ата мен...
-Эмне сен,бироо айдабаса аны бул уйдон,жакшы эле эс алып калгандыр?
-Макул бугун алып келем!

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 02 Январь 2018 - 11:59

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   Disease   02 Январь 2018 - 14:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 26 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 26 Сен 2019 22:44

Кызыгына келгенде бүтүп калдыгоо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   Sushi_wok   02 Январь 2018 - 16:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Назар Адемини алып келуу учун,жумуштан чыгып,туура эле кайненесинин уйуно жоноду. Жолдон адатынча гул сатып алды. Мурдагы,биринчи таанышкандагыдай, эч кайгы-капа жок мезгилге кайткысы келди. Азыр барып,гулду берет,кыз болсо жылуу оронуп сыртка чыгат,же терезеге келип ,жигитти карайт. Анан тартынбай уйуно кирип барат. Ичкериде кайненеси тамак бышырып жаткан болот.
Ээххх! Андай болсо кана!
Эшиктин конгуроосун басты.
Адеми жугуруп келип эле ача салды. Себеби ал да жолдошун абдан сагынган эле.
Экоо бирибирин тиктеп ,туруп калышты;
-Назар?
-Озумдун жан биргем!
Жигит босогодон эле, келинчегин бооруна басып,моюндарынан ооп,чачтарынан сылап кирди:
-Сагындым сени! Сагынып кеттим! Угуп жатасынбы Ади,сагындым сени!
-Мен да сени сагындым Назар!
Адеми да жалынычтуу шыбырай ,жолдошуна эркеледи. Алып келген гулу ошол бойдон,босогодо кала берди. Аны берууну да унутуп койду жигит.
Назар шашып кийимдерин чечип, туш келди ыргытып кирди. Адемини кучактаган бойдон ,керебетке алып келди;
-Эмне болду Назар, озунду кармачы?
Адеми кыткылыктап кулуп журот;
-Сагынычымды таркатып алайынчы жаным,келчи, ушунчалык жыттуу болуп кетипсин! Жытынан ушунун!
Эки жаш копто барып эстерин жыйышты. Унчукпай мемиреп,кучакташып жата беришти. Назар кокурогун ойуткон бир оору, бир заматта жок болгонун байкады. Албетте,келинчегисиз жашоо кыйын экен. Муну кантип байкабай калсын.? Адеминин чачтарынан жыттап,бооруна басып,бир топ ойлонуп жатты;
-Ади?
-Оув.
-Сен жок аябай кыйналдым. Татыктуу уйбуло болсо ушу бизчелик эле болоор. Эч кимди капа кылбадык,эч кимге зыяныбыз тийбеди. Оз алдыбызча эле жашап журобуз,анда неге сен да мен да кыйналып жатабыз,эмнеге уйго барбай жатасын?
-Мен да сен жок кыйналып кеттим Назар! Ишенсен ушул сенсиз откон кундорум,жылга тете болду. Баарыбир сени таштай албайм. Мен коп ойлондум,мен эми врачтыкка кайтпайм Назар!
-Мен сен кандай чечим чыгарсан колдойм,тартынбай айта бер жаным?
-Назар,мен пионинодон сабак бергим келет. Музыка жаатында коп жетишкендиктерге жетишсем дейм. Коптогон окуучуларым болсо. Негизгиси,жандуйномду эс алдырсам дейм. Албетте,эгер сен уруксат берсен?
-Эмнеге уруксат бербейм Ади,макул,сен ошону кааласан ошондой кылабыз. Мен баарын такташтырып, жумуш ордунду дайындап берем.
-Рахмат сага Назар! Мен сага ыраазымын!
- Мен да сага ыраазымын!
Экоо маанайлары которулуп,уйго кайтып келишти. Келининин кайтып келгенин коруп,Майрам ичинен тынды. Бирок баласынын жарык маанайын коруп,андан бетер ичинен эзилди. Албетте,келини жаман эмес,бирок торобой журот да аттин!
Андан коп отпой,Назар шаардык жек менчик мектептердин бирине, Адемини жумушка орноштурду. Уйго да жаны пионино сатып алып берейин деди эле,Адеми конбой койду. Анткенинин себеби,кайненеси жактырбай,ортодо уруш чыгып кетеби деп корккон эле. Муну Назар да тушунду. Бирок эч нерсе дей албады. Катуу айтайын десе апасы, айтпайын десе келинчеги. Дагы жакшы Адеми тушунуктуу!
Жаны жумушка орношкондон кийин,Адеми апасынынын кайгысын бир топ унутту. Жан дуйносун эс алдырган музыка менен,калем -кагазы аябай чон жардамга келди. Мурдагыдай мундуу болбой,конулу бир топ ачылып,жашоону жакшы коро баштады.
Эртен менен баарына чай даярдап,алар жумушка кеткенден кийин,баарын жыйноого да жетишет. Эн жакшы жери озу суйгон кесибин аркалап журот. Озуно жагымдуу болгону менен ,бир жагынан кыжалат.
Ичинен мин кайталап ,апасынан кечирим сурайт.
"Апа,мен сен каалаган жол менен кете албадым. Озумду озум жене албадым. Кечир! Сен да менин бактылуу болушумду каалайсын,билем, ошондуктан менден ыраазы бол апа!"
Азырынча иштеп турса,бир топ тажрыйба топтогондон кийин,озуно эле жеке борбор ачууну, пландап журот Назар.
Кундо эртен менен озу жеткирет жумушуна. Аны коргон кесиптештери аябай суктанышат экооно.
-Куйоон аябай милашка да Адеми,деди бири бир куну тартынбай эле;
Адеми кулумсуроду;
-Ооба ,козунуз тийип кетет,кайра кайра карай бербениз?
Кулуп ичкери кирип кетишти. Ошентип жумуш куну ушундайча башталат.
Мына окурман байкадынызбы, Толкунбек эмнеге кызын алганы, так ошол Адеми жаны жумушка орношкон,мектепке келе жатканына?
Себеби бул тагдыр! Тагдырында эртен эмне болоорун билбейсин,бирде кубантаарлык, бирде кайгыртаарлык, айтор,Толкунбектин унаасын, тагдыр озу эле Адеми тарапка буруп койду.
Жогоруда эле рульду кучактап кайсы тарапка багыт алаарын билбей жатпады беле?
Бара бер жигит! Сен муну озун каалагансын, ниет кылгансын! ! Сени ал жакта периштен кутуп турат!!

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 02 Январь 2018 - 16:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   sumaika   02 Январь 2018 - 17:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

Ухххх....журогум. ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   __anna__   02 Январь 2018 - 17:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 511
  • Катталган: 13 Июнь 17
  • Соңку аракети: 21 Фев 2024 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Аллахым перзент берсе экен ылайым)))

Улантыныз, укмуштуудай жазасызго чиркин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   NeRiNa   02 Январь 2018 - 22:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 533
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 31 Янв 2022 10:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Базар-Коргон гул коргон....)

Толкунбектен Адемини оло кызганып кеттим. Такыр жакпай турат ушу Толкунбек.
Бакыт - тынчтыкты суйот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   Shokoladka94   02 Январь 2018 - 23:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 622
  • Катталган: 26 Март 14
  • Соңку аракети: 19 Июл 2021 20:12
  • Жынысы:Аялзаты

Назар менен эле бактылуу болсунчууу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   Shokoladka94   02 Январь 2018 - 23:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 622
  • Катталган: 26 Март 14
  • Соңку аракети: 19 Июл 2021 20:12
  • Жынысы:Аялзаты

Назар менен эле бактылуу болсунчууу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   Bazana   02 Январь 2018 - 23:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Автор Адемини Назар мн эле калтырчы, жан дуйноном бош деп эле Толкунбек дагы Адемиге жармаша бербесин эми, андан коро ажырашкан артист ырчы чоорчу кыздардын бирине жолуктуруп койчу))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   tah.min22   02 Январь 2018 - 23:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 13 Март 17
  • Соңку аракети: 12 Янв 2018 16:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан♥

Чыдамсыздык мн кутуп жатабыз баарыбыз! Коптон жазыныыыз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   Akkyz2017   03 Январь 2018 - 00:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 724
  • Катталган: 02 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2021 04:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:...

Eh,suiuu,turmush,baary- baarysy sonun.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   Mahabat84   03 Январь 2018 - 15:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 128
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 14 Мар 2024 22:48
  • Жынысы:Белгисиз

Кандай сонун чыгарма!мен да аралашып жургондой болдум да.
Аягы жакшы бутсо экен Назар менен Адеми балалуу болуп калышса экен :oilonup:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   Mahabat84   03 Январь 2018 - 15:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 128
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 14 Мар 2024 22:48
  • Жынысы:Белгисиз

Уландысын чыдамсыздык менен кутуп жатам. :oilonup2:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   Dinaa   03 Январь 2018 - 15:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 476
  • Катталган: 03 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 24 Май 2020 17:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сан Франциско Кыргызстан.

Улантынызчы сураныч сонун чыгарма экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   Rinatik94   03 Январь 2018 - 18:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

Бол, батыраак жазчы,)
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июл 2025 19:47

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: