Жубайына боору ооруган Назар,аны жумуштан чыгартып алды. Дем алсын деди. Мурда жакшы болсо,азыр андан бетер аярлап,мумкун болушунча ,азыркы абалынан чыгарып кетууго аракет кылды. Назардын мамилесин коруп,Адеми да ичи жылып чыйралды. Суйуусу,урматы барган сайын ашты. Козунчо кулуп,озун жакшы жагын корсотууго тырышат.
Апасынын козу отуп кеткенден кийин Майрам бир топ жоошуй тушкон. Мурдагыдай кагып-силкпей, коп ишине аралашпай калган. Бирок торобой жургонуно бушайман болуп,ичтен келинин куноолой берчу. Кылган-эткенинен айып таппайт. Чынында мыкты келин болду. Ашыкча ун-созу жок. Канча жаман создорду айтса да унчукпайт. Эми апасы да отуп кетти,ансайын тунт болуп кетти. Балалуу болушпаса,ажыраштырып ,баласына башка аял алып берууну ойлой берет. Бирок эмне кылаарын билбей озунчо эле кыжалат.
Ой кор пенде козунду ачсан! Ушундай ойлорду ойлобой,кайра экооно перзент тилесен,ыйманынды байлыкка алмаштырган ары жок! Деги ушул ашып-ташкан байлыгындын кимге пайдасы бар?
Адатынча чай устундо ушул тууралуу соз башталды.
-Назар,жанылык жокпу балам?
-Дагы баштадынбы мама? Кайдагы жанылык,Адеми азыр озу кыйналып журсо?
-Олгондун артынан олмок жок дейт,артында калгандар оз тирилигибизди откорушубуз керек да,кичине аракет кылсанар боло?
Назар Майрамдын козуно тике карады:
-Сенден суранам мама! Кааласан тизелеп жалдырайын, ашыкча эч нерсе сурабайм,бир гана, жон гана Адемини кабыл алчы? Ушунча убакыт отту,тан алчы,бул тагдыр менин мандайыма жазылган,мен аны жашап жатам,а сен ошону тушун!
Майрам эмне дээрин билбей,чекчейди:
-Мен эмне сага жаман болсун деп жатамбы балам?
-Билип жатам мама,жакшы болсун десен,суранам унчукпа!
Муну угуп турган келин,ашканада туруп,стол четине келе албай буйдалды. Анан оюна бир нерсе тушкондой,колунда жасап жаткан тамагын да ошол бойдон таштап,эшикке чыгып кетти.
Артынан Назар кошо чуркап чыкты;
-Ади кайда барасын?
Адеми тык токтоду;
-Мен уйго барып келейинчи?
-Жаным капа болдунбу?
-Жок ,мен чарчадым!
-Келесинби кайра?
Келин артына бурулуп келип,Назардын моюндарынан кучактады;
-Мен сени эч убакта таштап кетпеймин Назар,мен сенсиз эч киммин,болгону азыр уруксат берчи,уйго барып келейинчи?
Назар да бооруна бекем кысып,келинчегинин мандайынан жыттап-жыттап алды;
-Макул жаным,барып кел,азыр озум жеткирип коеюнбу,качан алып келейин?
-Жок,мен озум эле кетем. Келээримде сага чалайын озум ээ? Тушунчу , жалгыз калгым келип жатат!
-Тушуном жарыгым!
-Унаанды берип турасынбы?
-Албетте!
Уулу менен келинин терезеден карап турган Майрам шуу ушкурду;
-Мени да тушунгуло да,мен да оз денгээлиме жараша ойлоном,силердей ой жугурто албайм,мага небере керек!
Адеми кыска кочолорго салып,уйуно бат эле жетип келди. Ичкери кире албай,бир топ журоксуп турду. Азыр эшикти ачса эле апасы кучак жайып,адатынча жалынып-жалбарып, тосуп алуучудай боло берди.
Шаша ачкычты бурап,эшикти ачты. Ичкери кирип туура эле ашканага отту. Уйдун ар бир бурчунда апасынын издери. Жыты!
Ыйлап жиберди.
Сагыныптыр, моюнуна албай жургон экен. Ушунчалык куса болуптур эне мээримине. Майрамдан коорунуп журуп,эркелегенди да,эне мээримин да унута баштаган экен.
"Кечир мени апоов,мен сага жакшы кыз болуп бере албадым,омур бою сени бир гана кыжалат кылып,азапка салдым. Кечирчи!"
Адеми копто барып озун жыйды. Анан озунун болмосуно кирди.
Пиониносу оз ордунда. Чан басып кетиптир. Байкуш апасы болгондо,кунуно бир маал аарчып турмак.
Сырткы кийимин чечип,башындагы жоолугун шыпырып,чечип салды. Билегин турунуп,чертип кирди.
Бах чиркин! Кандай керемет музыка! Коптон бери мынтип женилдей элек болчу. Баарын унутту. Оз ааламында журду Адеми. Чекесинен аккан терге да карабады. Кимдир бироодон оч алып жаткандай,токтобостон черте берди.
Эшиктин токтоосуз чырылдаганы токтотууга аргасыз кылды. Шарт башын которду. Азыр эле бейкапар жургон дуйносу,каякадыр житип жоголду.
Ким болду экен? Назар чыдабай артынан келдиби?
Эшикти ачса Байжигит турат.
-Байжи?
-Ади!
Жигит Адемини, бир жака качып кетчудой, кучагына бекем кысты;
Сагындырган жыт.Ошол жыт! Озун озу кыйнап,башкалардан издеп жургон кусалуу жыт.! Озуно эмес,башкага таандык болгон жыт. Мурдагыдай кулку-тамаша эмес,мундуу тарта баштаган жыт!
Адемини кучактаган Байжигит ушуларды ойлоду.
-Кечир мени,аяш энемдин азасына келе албаганым учун! Сабырдуу бол,мындан ары жашоонду улантышын керек!
Адеминин коздорунон жаштар,озунон- озу ага баштады;
-Ооба мен сабырдуу болушум керек Байжи. Мен буйруса женишим керек баарын.
Экоо тен ичинен ыйлап,босогодо копко турушту.
Адеми чай койду. Баары апасы койгондой,орду- ордунда экен.
-Кел Байжи,чайга кара!
Экоо унсуз чай ичишти;
-Жумуштарын жакшыбы,анда- санда сурашып турчу элен,такыр дайынын жок да?
Байжигит коздорун ала качты.
-Жакшы Ади,кудайга шугур! Аяш энем каза болгондо Казакстанга жумуш боюнча камондировкага жонотушкон болчу. Апамдардан уктум,бирок дароо келууго эч шартым болбой койду.
-Мейли эми эч нерсе эмес,болоор иш болду,эстей бергенден пайда жок.
-Озунчу?
-Озумбу?
Озум жонундо эмнени айтайын Байжи?
-Эмне болду,кыйналдынбы?
-Кыйналдым десем айып болоор,баары жакшы!
-Анда эмне?
-Билбейм,тушунуксуз!
-Озунду озун ичтен кыйнап жатат окшойсун Ади? Ачыгын айтсан?
-Мен музыканы сагындым!
-Эмнеге анда музыка жаатына кетпейсин,же жездем каршы болуп жатабы?
Адеми жылмайды;
-Жездем дегин,кулакка жагымдуу угулат экен!
-Озун айт дегенсин го?
Жигит да кошо жылмайды;
-Баса бугун уйго келгенимди кайдан билдин?
-Журогум сезсе керек!
-Кантип,ошол кантип болсун,жон айтсан?
-Камондировкадан келгенден кийин уйуно эле барсамбы деп жургом. Бирок кандай болот,туурабы, туура эмеспи деп кыйналдым бир топ. Барып,сени коруп кандай абалда болом,уйундогулор эмне деп ойлойт деп. Анан бугун жездемин унаасын коруп калдым. Экоонорду келген экен деп ойлоп,суйунуп келген жайым болчу.
-Акылдуусун! Ошондуктан сени жакшы кором да.
-Билем Ади. Эзилбей ичиндегилерди айтсан,женилдеп калаар белен?
-Назар алтын адам Байжигит. Мен ага жолуктурганына жаратканга чексиз шугур айтам. Ал башкача! Байкушум мага жакшы болсун деп журуп,озу ортодо кыйналып кетмей болду. Мен болсо кантип ага жардам берээримди билбейм. Азырынча музыка жонундо айтууга болбойт окшойт. Озумдогу талантты ага тануулай бергенде эмне? Ансыз да кыйналып журот озу. Олгондун устуно комгон кылбай кое турайын деп жатам. Бирок куса болуп кеттим. Ошого суранып,бугун атайы жалгыз келгем.
-Жалгыз жоноттубу?
-Ооба. Башкалар тушунбосо да ал тушунот мени Байжи. Апамдан айрылганым ото оор келди ага да. Алдымда куноолудой боло берет. Муну коруп,мен андан отуп эзилем.
-Сабырдуу бол дегенден башка эмне айта алам Ади? Мумкун....
-Жок Байжи,мен ансыз жашоомду элестете албайм!
-Билем,бирок озун да кыйналып,аны да кыйнап жатасынбы дейм да?
Адеми бир топко тунжурап турду;
-Баарыбир жок. Ал менин жашоодогу жалгыз умутум. Мен андан айрылып калсам ,билбейм эмне болоорумду.
Байжигиттин ичин, бир муздак сезим каптады.
Адеминин мурдагыдай шайыр болбой калганын коруп ичи сыйрылды. Аяп кетти. Турмуш кургандын баары ушундай кыйналышабы деген ой болду.
"Мен болсо сенсиз жашап эле журом. Бирок озун айтмакчы умутумду узо элекмин,эмне кылайын айтчы озун?"деди ичинен.
Ал куну бир топко чейин суйлошуп отуруп жигит оз уйуно кетти.
Шалдырап отурган Адеми эмне кылаарын билбей,апасы тууралуу жазууга киришти.
Бирок бул жолу эмнегедир дептерге эмес, соц тармактагы баракчасына жайгаштырды. Баарын тогуп салды. Азыр апасыз калып, карайлап жургонун да жазды. Женилдегени озуно кадимкидей байкалып жатты.
Мумкун ал жерде озун куто-куто саргайган,умуту бир гана ушул дареги болгон,элесине куса болуп жургон,бир адамдын бар экенин, журогунунун тупкурундо сезгендир..!
Бул адам Толкунбек болчу.....
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 01 Январь 2018 - 13:01