Суперстан: Толкундар шыбырайт. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Толкундар шыбырайт. Толкундар шыбырайт.

#221 Пользователь офлайн   __anna__   11 Январь 2018 - 16:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 511
  • Катталган: 13 Июнь 17
  • Соңку аракети: 21 Фев 2024 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Апасы сабыр кылганда болмок :cray:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#222 Пользователь офлайн   Sushi_wok   11 Январь 2018 - 17:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Назарды жайына узатып,баары тынчыганын Адеми бир озунон кетип,кайра озуно келип жатып ,байкабай деле калды.
Эсине келгени Назарды алып чыгып баратышканда ордунан тура чуркайм деп,бирок боз уйдон узабай эле,этегине чалынып жыгылганы болду.
Калгандарын эле-булас эстейт. Анан да чыкыйа ,капкара кийинген,сулуу жуздуу,узун бойлуу орус жигитинин;
"-Айка, держи в себе руки,не плачь !"дегени кулагында калыптыр.
Байжигиттин оттой куйгон каректери! Улам бетине суу чачып,бооруна бекем кыскан карылуу колдору!
"-Адеми коркутпачы мени!"деген уну!
"Мен эмне кылдым коркутуп?"
Адеми ушуларды эстеп жатты!
Олгондун артынан олмок жок! Жайына берип,кайрат айткандар баары таркады.
Уйдо калгандар ар кимиси ар бурчта унуроюшот. Эч кимиси бирибири менен иши жок.
Адеми бир чекитти тиктеген боюнча,эки тизесин кучактап,отура берди.
Дилинде мин кайталап ,"Жараткан, жалгызымдын куноолорун кечир, сурагын женил кыла кор,бейишинден орун бер суранам!" деп жалынып жатты!
Барын ичине катып,бул "тубун тушкур" уй гана,сыртка эч нерсе билдирбей томсорот.
Жанында болоюн дегенине конбой Адеми,Байжигитти кетирип жиберди. Аны коруп ансайын кыйналгысы келген жок. Вадик болсо Адеми менен созсуз суйлошуп алуу керек деген чечимге келди. Андыктан бир аз кутуп туруу учун, мейманканага чыгып кетти.
Албетте, бул уйдо отура албайт эле.
Майрам болсо,ыйдан озун которо албай калды. Ич ичинен баарынан кечирим сурап жатты! Эки жагынан колдорунан кармап отурган кыздарын коруп ,ансайын журогу эзилет.
Акырын ордунан туруп, Адеминин болмосунун эшигин какты;
Адеми артын карабай;
-Кире берин!деди.
Майрам келининин жанына келип,мандайынан сылады:
-Мени кечир балам! Мендей акылсыз эненди кечир! Баарына мен куноолумун! Эгер мен баштабаганымда, ошондо суйлобой койгонумда, мен ошондо....
Адеми ордунан тура,озун ала качты;
-Кереги жок! Эч нерсенин кереги жок! Эмне деген кунунуздо да Назар эми жок арабызда. Ал кетти! Жок ал!
Чыдабай сыртка атып чыкты. Чачын жыйнап, жоолугун ондоп салынып,короодо турган Айдардын унаасынын жанына барды.
Муну байкап турган кайнатасы артынан чыкты;
-Токто балам, кайда барасын? Озунду карма,олгондун устуно комгон кылба кызым?! Азыр эч кайда барбаганын дурус, баарыбызга эле кыйын болуп турат.
-Мен озумду эн жакшы кармап турам ата! Кыжалат болбонуз, мен келем кайра!
Айдар унчукпай ачкычты карматты;
-Рахмат атов!
Унааны айдап чыгып кетти.
Артынан караган атасы,"атов дегенинден айланайын,бар бол!"деп алкады.
Зыпылдатып айдап, озунун уйунун алдына келип токтоду.
-Мына менин уйум! Негизи бул уйдон кетпей эле коюшум керек болчу! Озун алып кетпединби, ой боюма койбой ,сен ээрчитип кетпединби? Башкасы мейли, жандай коргон апамды да таштап,сенин этегинди кармабадымбы! Ишенген элем сага! Бактылуу болом деп ойлогом. Кана берген убадан!? Туболук жанында болом деген созун кана? Соз бербедин беле?
Алдамчы турбайсынбы! Алдамчы десе!
Ары жок коз жаштар,кайрадан куюла баштады.
Шашпай эшикти ачып, ичкери кирди. Кунгурт! Адамды бууп салчудай тунорот. Терезелердин баарын ачып жиберди. Уйдун ортосуна отура калып , эчкирип ыйлап жиберди. Канча отурду ким билет,эсине келип,оз болмосуно баш бакты. Пиониносун ачып, ал менен суйлошуп кирди:
- Мени таштап кетишти, биринчи апам Назарга таштады. А Назар болсо мени тагдырдын татаал жолуна таштап баса берди. Неге экенин айтышкан жок. Эмнеге кетишти десен! Мен кайра озуно келдим. Жашоодо сенден откон ишенимдуу жолдош жок окшойт.! Кайда кетсем да ордундан жылбай,берген созуно туруп, бир гана сен кутот экенсин мени! Ишенбесен мына кара абалыма,жалгызмын! Коруп турасынбы?
Чертип кирди. Кокурокто жыйылып турган сары санаа, оор кайгы дайра сымал,музыка менен агып жатты!
Черте берди.
Музыка аны бул кор тириликтин бар кайгысын унуттуруп,озунун жомоктогудай жашоосуна жетелеп жоноду.
Мына ! Башкаларга тушунуксуз, озуно гана белгилуу болгон кыздын ажайып дуйносу!
Ал жерде баары бактылуу эле!!

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 11 Январь 2018 - 17:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#223 Пользователь офлайн   Dina.janym   11 Январь 2018 - 18:00

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 26
  • Катталган: 12 Декабрь 17
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2020 16:23
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:KG.

Уух, жүрөгүм ииий... не деген керемет Жандар эле экөөбү тең, бактыңар түбөлүккө Насип этбептир... Өкүнүчтүү(((. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#224 Пользователь офлайн   Disease   11 Январь 2018 - 18:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 26 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 26 Сен 2019 22:44

Бүттүбү ошондо.(((((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#225 Пользователь офлайн   Sushi_wok   11 Январь 2018 - 18:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Качан бутсо, чоон кылып "АЯГЫ деп жазам. Без толковый суроолорду бере бербей жон окугула суранам!
Теманы флуддавагыла! Оооочень суранам.
Буто элек, бирок аягына чыгарам,любом путьем!

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 11 Январь 2018 - 18:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#226 Пользователь офлайн   rai.kgz   11 Январь 2018 - 18:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 112
  • Катталган: 13 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 26 Янв 2018 02:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Yssyk-Kol

Ulandysyn kutuudomun bileiin degenim ademi sizsizbi
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#227 Пользователь офлайн   Neslihan   11 Январь 2018 - 18:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 418
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2018 11:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ух журогум ыйлап жатып зоорго окудум байкуш Адеми.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#228 Пользователь офлайн   Stervashka   11 Январь 2018 - 18:49

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 26 Январь 16
  • Соңку аракети: 26 Апр 2025 02:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Сонун чыгарма болуптур, жагып атат мага. Автор сага куч кубат берсин. Ийгилик каалайм. Козумо жаш келип атып аран окудум, кайненем жана жолдошумдун жанында. Бирок байкатпадым аларга.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#229 Пользователь офлайн   Ajara_13   11 Январь 2018 - 18:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 137
  • Катталган: 18 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 08 Дек 2021 00:31
  • Жынысы:Белгисиз

:cray:

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#230 Пользователь офлайн   Sushi_wok   11 Январь 2018 - 19:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Чертип бутуп,терен ушкурду.
Ой басып отура берди. Эшиктин чырылдаганынан эсине келди.
"Менин бул жерде экенимди эч ким билбейт эле го?"деген суроо келди.
А балким? Балким Назар келип калсачы?
Кандайдыр бир жинди ой пайда болду. Назар жок болсо да,азыр эшикти кагып жаткан Назар болуп калса экен ,деген сокур ишеним турду.
Чуркап барып ачты.
Кайнатасы экен. Адеминин артынан кыжалат болуп,акмалап келген жайы болчу. Шаабайы сууй тушту.:
-Келин ата!
-Кеттик кызым!
-Баргым келбей жатат!
-Кой антчу эмес, уят азыр уйдо болуп тур! Кааласан дагы келесин ,журу! Жалгыз калганына да болбойт,коркуп каласын.
Каяша суйлой албай атасынын артынан илкий жоноду.
Айдар унааны озу айдап келди. Уйго келишсе Майрам короодо жургон экен. Жугуруп, алдыларынан тосо чыкты:
-Адеми кайда журдун балам?
-Уйго барып келдим апа!
-Амансынбы деги,жур ичкери,кеч кирип калды ушуйсун!
Адеми ашканага отту. Ал жерде да Назар кутуп отургандай болуп,кысылып кетти.
Эптеп,бир тамактын башын кураштырайын деп,идиш-аякты шагырата баштады. Кайын синдиси менен ,Майрам жанына келишти;
-Жене тим эле коюн,тамакты мен жасайм!
Адеми аларга бурулду;
-Эмне? Аа мейли!
Кайгыдан жуйурто басып, мээси эч нерсени кабыл албай,шалдырап бараткан келинин коруп ,Майрам оозун басып,ун чыгарбай ыйлап жатты:
-Кечир кулунум! Бейбак эненди кечир! Менин эсиме келтируу учун,сен омуруну берип койбодунбу!
Уухх балам ай балам,сен кеткенче ордуна мен кетсем болбойт беле!?
Артындагы дагы бир бейбакты кантем эми?
Кыздары кучактап турушту апасын;
-Мама болду ыйлабачы? Азыр Нурчик болгондо сени урушмак, ыйлаба деп!
Кундор ото берди.
Айдар Вадик менен байланышып, аны уйго чакырды. Озун ынгайсыз сезген жигит, уйго келууго зорго конду.
Кирип эле Адемиге козу тушту. Стол даярдап жатыптыр.
"Бедняшка! " Негедир Адемини коруп,тилине ушул соз келди.
Баары менен тегиз учурашып, откондогу врач менен болгон ,ортодогу создун баарын токпой -чачпай айтып берди. Айтпай деле койсо болмок,омур бою ичте сактаса деле болмок,бирок досунун жубайын ойлоду. Ал азыр жапжаш бойдон! Ушул бойдон озун озу куноолоп, жалгыз озу отуп кетээринен коркту. Эгер айтпай койсо Назар да кечирмек эмес.
Айып Назарда экенин айтып,досунун алдындагы акыркы милдеттен кутулду.
Майрамдын жети омуру жерге кирди. Ордунда отура албай кайсалактады. Адемини караса ал жерди тиктеген бойдон,колдорун ушалап отуруптур. Азыр эмне соз чыгаар экен деп баары Адемини карашты;
Адеми чыйралбастан кайра озун таштап баратты оюнда. Олуп биротоло жок болуп кетип,кутулайын деди ,бирок жан таттуу,жашоо кызык корунду. Жашагысы келди!
Таптакыр акылынан ажырап,башкалардын колун карап калганча ,бул уйдон кетууну туура корду. Ар бир баскан изинде,ашканада, короодо,болмосундо Назардын издери турат! Тошогундо анын жагымдуу жыты сакталуу! Бул корунуш Адемини эзип жиберди. Коз коруноо эле дагы бир омур соолуп баратты.
Деги эмне болуп кетээр экен!?
Баарынын козу озундо экенин байкаган Адеми соз баштады;
-Мен кетем!
Майрам селт этти! Бир кун ушинтип айтаарын билген, бирок угууга даяр эмес эле. Азыр келини кетип калса,мойнундагы басып турган куноосу ого бетер оорлошот. Эне анда бетер кыйналмак! Айдар болсо муну мурдатан эле билгендей, токтоо жооп берди:
-Мейли балам! Сени токтотуп калууга эч кимибиздин акыбыз жок. Баарыбир бир кун кетмексин! Ашы отсун,кыркы отсун деп сени да кыйнагым келбейт. Эл эмне десе ошо десин! Бирок кайда бараарынды айт,жаман корсон да ,жакшыбы-жаманбы биз ,бир уйбулобуз!
-Японияга! Назар экообуз биринчи барган жер. Абдан жаккан мага, ошол жерди кайра коргум келип жатат. Эгер мумкунчулук болсо ,ошол жерде жашасам дейм! Мени туура тушунунуздор ата, менин башка аргам жок.
-Мейли озун бил! Каражатты ойлобо,баарын озум бутуруп берем кызым!
-Рахмат ата!
-Рахмат айтпа балам,алдында куноолубуз! Кайда журсон да баарыбир кайрылып бараар жерим бар деп,озуно ишенип жур! Биздин эми уч кызыбыз бар балам. Каалаганда келе бер,сен учун ар дайым эшигибиз ачык!
Адеминин коздорунон жаш молт этти:
"-Кечиктинер! Эми бул уйго кайтып келбейм,кааласам да келе албайм.!деп ичинен суйлоду.
Майрам Адемини кучактап алып, ыйлады:
-Бактылуу бол балам,мени кечире кор колундан келсе?
-Мен кечирдим апа! Баарынарды кечирдим. Алдымда куноолуу болбой жашан мындан нары. Эгер андай кылбасаныз Назар да кыйналат. Баары жайында мен сиздерден ыраазымын! Менден да ыраазы болунуздар!
Бышактап баары бир сыйра ыйлаганга жетишишти.
Вадиктин Москвага жур дегенине конбоду. Тилди болсо деги билет. Ошол аралдарга кеткиси келип турду.
Толкундарды сагынды!
Назар олоорун алдын ала билгенби эмне?
Адеми учун баарын жасаган. Шаша-буша уйлонуп,баарын тездештиргени да балким ошондондур! ? Аз калган омурун Адеми менен бирге откоргусу келгендир?
Вадик да жардам берээрин кайра-кайра эскертти. Аны узатып коюп,болмосуно кирип,Назардын кулуп тушкон суротун копко тиктеп турду;
"-Мен сага ыраазымын! Созуно турбасан да,сени менен откоргон ар бир кунумо,саатыма, минутама ыраазымын! Сени менен мен бактылуумун! Сен мындан ары жанымда жок болсон да мен бактылуу болууга сага соз берем! Мына коросун! Мен созумо турам,сага окшоп алдап кетпейм.!
Кетээринде жумушуна бир кайрылып отууну туура корду. ..
Эртеси баарын салыштырып, алып кете тургандарын танды. Эртен учмак.
Айдардын унаасын сурап, алгач жумушуна, анан оз уйуно барып,апасы менен коштошмок болду.
Жолдо баратып Байжигитке чалды:
Аны да кыйнабай ачыгын айтпаса,озун куноолу сезип журо бермек.:
-Кандайсын?
-Жакшы элемин,озун канттин Ади?
-Кечинде бошсунбу ?
-Ооба!
-Уйго кел,суйлошуп отурабыз!
-Кайсы уйго?
-Озумун уйумо!
-Макул!
Байжигит Назардын жаназасына эч кимден уруксат сурабай кетип калганы учун,жетекчиси менен айтыша кетип,жумуштан бошоп калган эле. Азыр башка жумуш караштырып, эртенден жаны жумушка чыгайын деп ойлоп жаткан.
Кутуусуз Адеминин чалуусу ойго салып койду. Журогу бир нерсени сезгендей,тез тез согуп жатты.
"Эмнеге чакырды экен!?"

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 11 Январь 2018 - 19:48

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#231 Пользователь офлайн   Dina.janym   11 Январь 2018 - 20:35

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 26
  • Катталган: 12 Декабрь 17
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2020 16:23
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:KG.

АДЕМИ сен албетте бактылуу болосуң Жарыгым!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#232 Пользователь офлайн   Rinatik94   11 Январь 2018 - 22:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

Автор, азаматсын! "... баардыгы бир сыйра ыйлап алышты..." деген жери эмоциямды башкара албай калдым.. Уландысын кутобуз.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#233 Пользователь офлайн   zzari-83   11 Январь 2018 - 22:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 036
  • Катталган: 25 Январь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2020 19:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ардактуу айылым

Окуп бүткөнчө аралашып жүргөндөй, көз жашымды тыя алсам кана ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#234 Пользователь офлайн   Dina.janym   11 Январь 2018 - 23:18

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 26
  • Катталган: 12 Декабрь 17
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2020 16:23
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:KG.

Көз жаштарым.... (((

Билдирүүнү түзөткөн: Dina.janym: 11 Январь 2018 - 23:20

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#235 Пользователь офлайн   Neslihan   12 Январь 2018 - 00:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 418
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2018 11:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Майрам ана баласынан да келининен да айрылып калды өзү жалгыз олтурсун эми тилин кыскараак кылыш керек эле да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#236 Пользователь офлайн   asi.gulum   12 Январь 2018 - 00:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

А дейбиз б дейбиз ажалга айла жок. Майрам жөн гана себепчи болуп калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#237 Пользователь офлайн   Neslihan   12 Январь 2018 - 12:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 418
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2018 11:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

asi.gulum (12 Январь 2018 - 00:43) жазган:

А дейбиз б дейбиз ажалга айла жок. Майрам жөн гана себепчи болуп калды.

Туура айтасың
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#238 Пользователь офлайн   Sushi_wok   12 Январь 2018 - 17:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Адеми жумушуна келди. Баары аны аягандай,жалооруп карашат. Арызды мурда жазып койгон. Азыр жон гана коштошуп коеюн деп келген эле.
Кесиптештери ак жол каалашты. Окучуулары болсо тангалып тиктешет. Иштегенине аз эле убакыт болсо да,бул кичинекей балдарды аябай жакшы коруп калган болчу. Мотурайган жуздорун коруп,журогу ооруп кетти. Анан ыйлабайын деп,озун арандан кармап сыртка чыкты.
Артынан Ширин чуркап чыкты;
-Эжеке сен кайда?
-Ширин?
Адеми тизелеп отуруп,кызды жумшак кучагына басты;
-Сен жакшы кыз болуп жургун макулбу,сабактарынды таштаба,оз убагында тапшырмаларынды аткар!
Анан да, мен уйроткон ноталарды унутпай журосун э?
Ширин жаш бала болсо да мугалиминин алыс-алыстарга кетип баратканын, балалык бое сезими менен сезип жатты:
-Сиз озунуз сабак бербейсизби эми мага?
-Жок алтыным,мен эми келбейм!
-А качан келесиз,кийинки жылыбы?
-Сен чон кыз болгондо келем макулбу?
-Макул эжеке!
Ширин кичинекей колдору менен Адеминин мойнунан бек кучактап,бетинен опту;
-Мен сизди кутом!
Адеми айласыз коздорун жумду. Ширин кирип кеткенден кийин ордунан туруп короодон чыгып баратты.
"-Неге кеттин дейм да,кайра эле сага нааразы боло баштадым Назар! Акылым жок ээ? Мумкун биздин да ушундай татынакай кызыбыз болмок! Ушундай кызыбыз болгондо мен аны таштап,эч кайда кетмек эмесмин,мейли сен таштасан да, мен таштамак эмесмин!"
Кайрадан жаш! Токтоноюн десе да болбой,бул ысык тамчылар ага берет. Ошол менен,ичтеги куйут женилдеп калса кана! Андай болсо баарын бир эле ыйлап,женилдеп алып,экинчи ыйлабай койбойт беле? Коз жаш кайра дарманын алып,озун андан бетер эзип жатпайбы!

Бул маалда Толкунбек,кызын алуу учун,мектепке келе жаткан.
Адемини артынан коруп калды. Унаасын токтото коюп,жугуруп тушууну ойлоду. Бирок, "жолдошу бар болсо,коргондор эмне дейт,"деген ой артка кетенчиктетип турду.
Сигналды басып калды.
Эмнеге экенин озу да тушунгон жок.
Адеми уктубу же атайын укмаксанга салдыбы,айтор токтогон жок. Жай басып унаасына жетти.
Толкунбек чыдабай кетти. Дагы бир эки жолу сигнал берди. Адеми жай башын которду.
Толкунбектин жан дуйносу аласалып кетти. Адеминин коздорундогу жаштарды корду! Ар дайым кулуп тиктоочу эле го?
Кайда турганын да унутта калтырып,унаасынан тушуп,кадамын кере таштап жанына келди;
-Карындашым сизге эмне болду?
Адеми алсыз жылмайды;
-Аа байке сиз белениз,кандайсыз озунуз?
-Адеми эмнеге ыйлап жатасыз,жайчылык элеби,келин мындай отурунчу?
Жакын турган отургучтарды коздой жетеледи.
Толкунбек жооп кутуп ,карап калды;
-Мени таштап кетишти!
-Эмнеге таштап кетишет? Ким таштап кетти?
-Билбейм озум да себебин байке,айтпады, себебин айтпады мага!
-Адеми?
-Эмне жамандык кылдым эле десениз, кайсы кылганым учун,мындай кылышканын тушунбойм!
Эмне деп жатам озумчо эле? Баса ,сиз эмнеге эрте келдиниз,сабак буто элек го али?
Адеми жаштарын сурто,Толкунбекке карады.
Толкунбек кыжалат болгон каректерин албай, жооп узатты;
-Сизди коруп калаар бекем деп келдим ачыгын айтсам! Эмнеге келбей журдунуз?
-Жон эле белгилуу себептери бар.
-Карындашым, айтынызчы мени кыйнабай?
-Байке сизге эмне болду?
Адеминин кабагы бурколо тушту:
-Билмексен болбонуз суранам карындашым! Жондон жон эле артыныздан акмалап журбосом керек? Кандай тушунбойсуз?
Адеми аргасыз башын чайкады:
"-Карасан Назар сенин жоктугун билинип жатат! Эгер азыр сен болгонунда, бул байкенин созу оор тиймек эмес,кулуп -жайнап жооп бермекмин! Эмичи? Эми эмне дейм,айтчы?"
-Байке менин жалгыз калганымдан пайдаланып ,ушул создорду айтып жатасызбы?
-Тушунгон жокмун! Ал эмне дегениниз? Мен жон гана мага азырааак убактынызды болуп койсонуз деп эле айтып жатам.! Же жумушка келгенде эле ,бир учурашып коюу оорчулук келтиреби сизге?
-Байке жетишет!
-Эмне ,сизге суйлоого да болбойбу?
-Мен эми келбейм! Мен эми эч качан кайтпайм!
-Карындашым!
-Эч нерсе дебениз,эч нерсени уккум да ,билгим да жок. Мен бул жашоого бир гана ыйлоо учун келсем керек! Эми баарынан кутулуп,кетип жатам. Качан кайтаарым белгисиз. Сиз болсо мени акмалаганды токтотунуз! Себеби мен эми бул жерлерде болбоймун!
-Адеми уксаныз? Тушунсом буйрубасын, ачыгын айтынызчы,кайда кетип жатасыз?
-Бул маанилуу эмес байке! Маанилуусу эми мындан ары баары жакшы болушуна ишенип жашайм! Сиз Ширинди жакшылап караныз,ал келечекте мыкты музыкант болот!
-Эмне эле болуп жатасыз ,олумго кетчудой болуп?
-Мумкун !
-Адеми сизден суранам эмне болду айтынчы?
-Баары жакшы байке! Сизден сураарым эми башка келбен!
-Эмнеге?
-Мен азыр сизге тогулууго менде каалоо жок! Жалгыз болгум келип жатат. Кошунуз!
-Карындашым, жок дегенде номеринизди калтырып кетиниз?
Адеми ак барак алып чыгып,ал жерге озунун электрондук дарегин жазып берди:
-Мына байке,ушул жерден кабарлашсаныз болот,номеримди бербей эле коеюн баарыбир пайдасы жок.
Толкунбектин айласы кетти. Ак баракты кармаган бойдон,узап бара жаткан унааны тиктеген бойдон кала берди.
Ушул бойдон дагы,канчалаган убакыт ушинтип, ушул жандын элесине куса болуп жашаарын, бир гана кудай билет эле!!..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#239 Пользователь офлайн   Sushi_wok   12 Январь 2018 - 18:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Жай айдап уйго келди. Ичкери кирип,уйду тазалады. Терезелердин баарын ачып коюп,чандарды суруп чыкты. Керексиз буюмдардын баарын мусорго ыргытты. Калгандарын оз жайларына коюп ,тизди. Кагаз-калемдерин чогултуп,бир сумкага салып, шкафка катты. Пиониносун торку бурчтан жылдырып,дивандын бурчуна койду. Устун калын шейшеп менен жаап койду.
"-Болду эми,баары жайында! Тынч кете берсем болот,сен болсо ушул жерде кутуп тур,мумкун кайра жолугарбыз! "
Ашканага отуп,ысык тамак жасады. Душка кирип,жуунуп чыкты.
Ангыча эшик чырылдады.
Байжигит келиптир:
-Кел Байжи,кир ичкери!
-Келдим ,тынчсынбы?
-Тынч ооба,ачкасынбы, журу тамак ичебиз!
Столго бет мандай отурушту. Адеми тамак куюп келди.
Анын эми эле жууп койгон чачтарынын учунан,молтур тамчылар тогулуп турду. Бул корунуш, келинди ого бетер сулуу корсотот экен.
Байжигит бул сулуулукка тойбой карап турду:
-Жон эле чакырдын беле?
-Кандай десем? Байжи мен кетип жатам!
Байжигиттин колунан кашыгы тушуп кетти:
-Каяка?
-Японияга!
-Ал жакта бышырып коюптурбу сага?
-Байжи ушинтпечи,мен чындап айтып жатам!
-Эмнеге кетип жатасын? Менден качыпбы?
-Сенден эмнеге качмак элем?
-Ушул маалга чейин качып эле келбединби? Мындан нары биротоло качып кетейин деп жатасынбы?
-Мумкун созундо жан бардыр! Бирок бул жерлерде калгым келбейт,кыйналып кеттим!
-Ал жака кетсен женилдейсинби?
-Балким?
-Адиш,мен кантем сенсиз?
-Бул эмне дегенин?
-Жанымда журсон билинбейт эле,ал жака кетип калсан,мага кыйын болот го?
-Байжигит ушинтип айта бербечи! Билесинби,сен мен учун ,бир умут дарагысын! Ал даракты куурап калат деп да ойлобойм. Ар дайым мен тарапта болгонсун! Мен озумо ишенбешим мумкун, бирок сага ишенем! Сен менин эн жакын адамымсын!
- А мен болсо сени суйом! Ошол умут дарагына тынбай суу куюп туруу керек экендигин билесинби? Таштап баса берсен куурап калбайбы? Ошол суу озун экендигин билбейсинби?
Адеминин колдору титиреп кетти:
-Эмне шылдындаганынбы бул?
-Жок,эмнеге сени шылдындайм мен? Же мурда билбейт белен?
-Байжигит,Назардын соогу муздай элек билсен?
-Ну хорошо,ошону билет экенсин, озун кайда качып баратасын шашып? Мен айтпайын дегем,бирок азыр кетип калсан,менде мындай мумкунчулук болобу,болбойбу кайдан билем?
-Байжигит?
Байжигит ызаланып,ордунан туруп кетти:
-Эмне Байжигит эмне? Назарды тандадын! Мен эч нерсе деген жокмун! Эми ал жок, угуп жатасынбы мени Адиш,жок ал арабызда! Эгер колумдан келсе, аны кайтарып бермекмин сага!
Бирок эмне кыл дейсин,ал олуп кетсе,сен да анын артынан жок болуп баратсан,унчукпай карап тура беришим керекпи?
-Болду токтот! Мен анын артынан кеткеним жок. Жок дегенде озумо келип алайын деп жатам,тушунсон!
-А мени ким тушунот? Мен эми кандай жол тутайын?
-Уйлон! Эми мени кутпо!
-Сенден умут кылууга да акым жокпу?
-Жок! Мен сен куткон мамилени бере албайм сага! Омур бою сени алдап да жашай албайм! Кулпуруп турган кыз маалымда, сени менен кеткен жокмун, эми тарпым чыгып,кайгыдан озумду жоготкон маалымда сени менен кетуумду сурап жатасынбы? Озуно деле ачынбайсынбы? Карачы озуно?
-Адиш мен сени жакшы кором! Сен бере албасан мен берем сага, сенден эч нерсе сурабайм.!
-Мен да сени жакшы кором,бирок бул сен ойлогон нерсе эмес! Кечир,менин колумдан келбейт!
Байжигит шарт Адемини кучактай калып,оозунан ооп алды.
Адеми эмне кылаарын билбей делдейди. Байжигитти жаактан нары салып калды:
-Озуно катуу ишенип калгансын го э?
Жигит жаагын сыйпалап туруп калды. Отура калып,Адеминин колдорунан кармады:
-Кечирип койчу мени! Мен озумду токтото албай калдым Адиш,кечирип койчу? Эмне кыл дейсин,айтчы эмне кылайын,мага деле оной дейсинби?
Адеми унсуз ыйлап турду:
-Уйлон,озунду озун кыйнай бербе! Мени унут! Тур ордундан!
-Жок мен унута албайм сени!
-Менин колумдан келбеген нерсени сураба анда!
-Колундан келет сенин! Макул сен айткандай кылам баарын. Уйлоном! Бирок таптакыр дайынсыз кетпей,байланышып тур! Билесинби жездем барда деле, бир жакшына журчу элек го ошондой эле болуп,макулбу жок дебечи?
Адеми шалдырап ,отургучка отура кетти:
-Тур ордунан!
-Макул десен Ади?
-Макул, тур дейм!
Байжигит ордунан турду:
-Эми уйуно бар, эртен тангамаал учам. Узатканы да келбе,озум баргандан кийин байланышам! Уйду сага тапшырдым,мына кулпусу,каалагандай келип жашай бер,квартиралап журо бербей!
-Ади?
-Кереги жок,эч нерсе дебе. Ашыкча буюмдардын баарын ыргытып салдым. Озун каалагандай коюп ал калгандарын. Азыр кетчи суранам!
Байжигит улам-улам Адеминин жузуно карап,ордунан чечкиндуу турду;
-Макул кутом! Бирок билгин,башкалардан качсан да озундон, эч кайда качып кутула албайсын!

Ашканада жалгыз калган Адеми чарчагыча ыйлады. Эки козу тоодой болуп шишиди. " Эми мындан нары ыйлабайм" деп ,озуно -озу соз берип жатты.
Тун оогончо,дилинде апасы менен,Назар менен коштошуп жатты:
"-Менден ыраазы болгула!"



Адеми кеткенден кийин,Толкунбек мектепке кирди. Шириндин сабагы буткончо,баарыбир кутмок. Ошондуктан бир тааныш мугалимди чакырып,Адеми тууралуу сурай кетти.
Оюнда эч нерсе жок мугалим баарын ,божурап берди. Бирок кайда кеткенинен кабары жок экендигин айтып,ийиндерин куушурду. Билгени бугун коштошуп кеткени болчу.
Назар тууралуу айтканда Толкунбектин башы кадимкидей чымырай тушту.
"-Кантип? Эмнеге?" Ушул суроо гана мээсине мыктай кадалды.
Шашып,жардамчысын чакырып,кызын ошого тапшырып коюп,озу Адеминин артынан тушту.



Эртеси Адемини ,Айдар озу аэропортко жеткирди. Баары менен жылуу коштошуп,ичкери кирип кетти. Артынан калган кайын журту,кайгыларын ичине жутуп,унчукпай кала беришти.
Анан да аны сыртынан акмалап, коп болсо болушу мумкун,бирок кем эмес азап тарткан, караанын туу тутуп,кайра келээрин чыдамсыздык менен кутооруно ишенген бир инсан аны коздору менен,дили чыйрыга узатып калганын билген жок!.
Бул журоктун ээси Толкунбек эле!!..

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 12 Январь 2018 - 19:00

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#240 Пользователь офлайн   VIK   12 Январь 2018 - 19:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 607
  • Катталган: 30 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 26 Янв 2022 10:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Торт тоонун ортосу...:-)

Чыдамсыздык менен кутуп жатам. Колунуз дарт корбосун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 14 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 14, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 02:17

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: