Суперстан: Толкундар шыбырайт. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Толкундар шыбырайт. Толкундар шыбырайт.

#261 Пользователь офлайн   Sushi_wok   13 Январь 2018 - 17:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Эркек аттуудан конулу калган Дамира кызы менен бир тирилигин откоруп жатты. Албетте жалгыздын иши жалгыз!
Кызынын мектебине тапса,кийимине жеткире албай кыйналды. Чымыркана чыдап журду. Ата сорою болсо таптакыр кабар албай койду.
Аз кун отпой Мараттын уйлонуп алганын угуп,эси оой тушту.
"Кантип мен ушул эркекти суйдум экен,кайсы акылым менен суйдум экен э?
Апамдын айтканы туура чыкты,мен биротоло олдум ушуларды деп. Мени кечиргиле асылдарым,башында силерди нааразы кылып,оз билемдик жол туттум.! Бирок менин жакшы тилек-максаттарым бар эмес беле? Мен деле бактылуу болгум келген,мени эмнеге четтетип коюшту,эмнеге? "

Тагдырдын тамашасын караныз,ушунча кыргыздан бир адамга конулу тушпой,ушунчасынан бир намыстуу эркек чыкпай,Дамира ошол менеджери Антон менен жакын болуп кетти.
Жардам берээр эч ким жок ,карайлап турган маалында ошол кол сунду,жардам берди. Айлыгын да кобойтуп берди. Эми мурдагыдай журогу сыгылып,ыйлай бербестен, озун аз да болсо аял экени эсине тушо баштады.
Ажарына чыгып,кулуп, жумушуна да уйго да жетишип жатты.
Антон менен мамилелери барган сайын жакындап,Антон озуно турмушка чыгуусун суранды.
Копко ойлонгон Дамира уулун чакырып,кенешмек болду.
Кичинесинен орустардын арасында осуп,орус муноз болуп калыптанып калган Болот апасынын мандайында отурду:
-Сынок,атайын чакыртканымдын себеби ушул,сен чоноюп калдын,баарыбир сага айтпасам болбойт эле!
Дамира озун абдан кыжалат сезди.
-Ну мама это твоя жизнь,сама рещи! Живи как хочещь,как удобно,я не могу не чего сказать тебе!
-Болот?
Баласы ундобой чыгып кетти. Баарыбир ата энесинин ажырашып,экоо тен эки жолго тушкону балага ото эле оор тийди.
Тундолору уйго келбей,кыялы да озгоруп баратты. Ачылып суйлошпой,тунт кыял кутту.
Бул жерде баарын оз алдынча куноолой бергенге болбойт,турмуш озу тараза!
Ушул сынары Дамира да турмуш айлампасы менен, мумкун каталык кетирди, айтор Антонго турмушка чыгууга ыраазы болду!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#262 Пользователь офлайн   shirin_kyz88   13 Январь 2018 - 18:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 19 Апрель 17
  • Соңку аракети: 19 Сен 2020 09:54

Просмотр сообщения Sushi_wok (13 Январь 2018 - 14:28) жазган:

Сабырыбыз жок да ушу адам баласы!
Баары Адемиге байланыштуу. Каармандар кошулдубу ортодо,демек жондон жон эмес. Окуп бара берсенер тушунуп аласынар! Ар биринерге тушундурмо бере берсем мааниси кетип калат,сураныч толковыйбы ,без толковыйбы суроо бербей турсаныздар?


Ар бирибизге тушундурмо бергин келбесе эмне анда баштадын? Баштадынбы чыдада, тим эле толковый, без толковый деп катуу кетипсинго. Бул жерде такыр башка адамдар жургонунон сурап жаткан кезим, тушундурмо берип анан уласан болмок 10,20,30жыл баштагы эскеруу деген сыяктуу. Адемини Японияга учуруп эле такыр башка адамдарды кошуп такыр башка тема болуп кеткенинен сураса.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#263 Пользователь офлайн   PUM.PUM.KG   13 Январь 2018 - 19:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 04 Июль 17
  • Соңку аракети: 06 Июл 2020 22:01
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва шаары

Китеп окуп жатканда дагын ушундай учурлар кездешет туурабы? Андай учурда авторго звонок кылып сурайсынарбы, тушундурмону? Унчукпай эле окуйсунарго. Чыгарма, кино ушундай сценарийлер менен кызыктуу болот. Баракелде жаза бер соонун жазылып жатат. Эч кандай комментарийге конул бурба.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#264 Пользователь офлайн   churagum   13 Январь 2018 - 20:25

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 20 Сен 2018 08:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Аябай эле катуу кетипсиздер го.. Китептен чыгарма окусаныздар к.к баарыныздар . Автор айтып жатат го,тушундурмо берсем мааниси кетип калат деп. Жаман созунуздорду ичиниздерде катып эле отуруп турсаныздар. Болбосо бир жолу аягына чыкканда окунуздар. Чыгармага кошулдубу,демек кандайдыр бир байланышы бар да. Автордун да илхомун качырасыздар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#265 Пользователь офлайн   churagum   13 Январь 2018 - 20:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 30
  • Катталган: 07 Июнь 17
  • Соңку аракети: 20 Сен 2018 08:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Автор жазылган создорго маани бербей уланта бериниз,сонун жазып жатасыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#266 Пользователь офлайн   scorp   13 Январь 2018 - 20:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 546
  • Катталган: 31 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 03 Май 2024 03:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Суперстан

:(
С одним человеком и на всю жизнь...
Вот чего я хочу...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#267 Пользователь офлайн   Rinatik94   13 Январь 2018 - 21:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

Просмотр сообщения shirin_kyz88 (13 Январь 2018 - 18:36) жазган:

Ар бирибизге тушундурмо бергин келбесе эмне анда баштадын? Баштадынбы чыдада, тим эле толковый, без толковый деп катуу кетипсинго. Бул жерде такыр башка адамдар жургонунон сурап жаткан кезим, тушундурмо берип анан уласан болмок 10,20,30жыл баштагы эскеруу деген сыяктуу. Адемини Японияга учуруп эле такыр башка адамдарды кошуп такыр башка тема болуп кеткенинен сураса.

Шашпайлы, эже. Качан чыгарма аяктаганда, тушунбогонду талкуулайбыз, мындай болбосо керек, анткени автор ага жеткирбейт деп ойлойм жана ишенем. Сабыр, сабыр жана сабыр туугандар.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#268 Пользователь офлайн   malika14   13 Январь 2018 - 22:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 22 Март 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2019 19:54
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Картахена Испания

Sushi-wok , уланта Бер кутуудобуз. ..бирок соонун жазып жатасын! Эч Кимге конул болбой уланта Бер ийгилик каалайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#269 Пользователь офлайн   zzari-83   14 Январь 2018 - 00:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 036
  • Катталган: 25 Январь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2020 19:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ардактуу айылым

Просмотр сообщения PUM.PUM.KG (13 Январь 2018 - 19:54) жазган:

Китеп окуп жатканда дагын ушундай учурлар кездешет туурабы? Андай учурда авторго звонок кылып сурайсынарбы, тушундурмону? Унчукпай эле окуйсунарго. Чыгарма, кино ушундай сценарийлер менен кызыктуу болот. Баракелде жаза бер соонун жазылып жатат. Эч кандай комментарийге конул бурба.

+++
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#270 Пользователь офлайн   sumaya   14 Январь 2018 - 03:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 235
  • Катталган: 26 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения Sushi_wok (13 Январь 2018 - 14:28) жазган:

Сабырыбыз жок да ушу адам баласы!
Баары Адемиге байланыштуу. Каармандар кошулдубу ортодо,демек жондон жон эмес. Окуп бара берсенер тушунуп аласынар! Ар биринерге тушундурмо бере берсем мааниси кетип калат,сураныч толковыйбы ,без толковыйбы суроо бербей турсаныздар?

+++
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#271 Пользователь офлайн   sumaya   14 Январь 2018 - 03:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 235
  • Катталган: 26 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

[quote name='PUM.PUM.KG' date='13 Январь 2018 - 19:54' timestamp='1515851662' post='3600417' ]
Китеп окуп жатканда дагын ушундай учурлар кездешет туурабы? Андай учурда авторго звонок кылып сурайсынарбы, тушундурмону? Унчукпай эле окуйсунарго. Чыгарма, кино ушундай сценарийлер менен кызыктуу болот. Баракелде жаза бер соонун жазылып жатат. Эч кандай комментарийге конул бурба.
[/quote
Эн туура!Мен айтайын деген ойду жазыпсыз.)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#272 Пользователь офлайн   Sushi_wok   14 Январь 2018 - 11:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Ушул жерде суроо туулду,"эмнеге ушунча кыргыздан Дамира Антонду тандады?" деген.
Айтып коюшат го "жаман улут жок,жаман адамдар бар" деп.
Анын сынарындай Антон Дамиранын жашоосун таптакыр башка нукка бурду.
Кызын да оз кызындай карап,баардык тараптан камсыз кылды. Дамираны да оз жубайы катары,урматын жайына койду.
Капа болсо конулун которуп,кубанса кошо кубанып,айтор, эркектик ,куйоолук милдетин так аткарды. Жумуштан да чыгартып алды. Озу эмгек оргуусуно чыккан сайын,Дамираны кызын,уулун кошуп, саякаттап,эс алып келишет. Аялга мындан откон бакыт барбы?
Бирок бул жашоонун бир гана тарабы!!
Антонго турмушка чыкканын уккан Дамиранын бир туугандары ого бетер кучоду.
Динди бекем тутуп,беш убак намаз окуган,бир тууган агасы келип:
"-Сен каапырга турмушка чыктын,эми сенин тиги жашоодо ордун тозокто! Менин сендей бир тууганым жок, "башын баш, багалчагын кара таш" эмне эр куруп кетиптирби? "деп опузалап кетти.
Айткылачы, Дамира муну билбейт беле?
Билет болчу! А эгер ошол нерсени билбеген учурда деле,эмнеге ошол ыйманы кучтуулор,Дамирага уйротуп коюшпады?
Болуп,четтетип койгондон коро, бооруна тартып,тушунбогонун тушундуруп койсо , озуно деле очойгон сооп болмок эле го?!
Дамира эч ким менен катташа албай калды. Бар умуту уулу менен кызында.
Убагында ,жумушу жакшы маалында озун деле ойлоп, жок дегенде бир жер тилкесин сатып алып койсо болмок экен.
Бар тапканын кайынжуртуна салбады беле? Эгер мындай абалга келип калаарын билгенде,мурдараак ойлонот эле го? Албетте,инсан эртенки куну мандайына эмнелер жазып койгонун билбейт эмеспи!
Ичтен озун озу жеп, кээ кундору уктабай тан атырат.
Муну коргон Антон жубайына чын дилинен боору ооруйт.
Алаксытып,маанайын которуп,кундо жумуштан гул которо келет. Кечинде парк айланып басып,конулун алат.
Мындан Дамира андан бетер эзилет.
"Кантип мен мусулман аялы боло туруп,баарын биле туруп,муну менен жашап жатам, кантип кетип калам?"деген суроо эртедир-кечтир мээсинде сан-мин жолу тегеренет.
Уйдо отура берип,абдан зээрикти. Анан кичине болсо да алаксыйм деп жумушка чыгып алды. Антон буга каршы болгон жок,тескерисинче ал аялы кандай чечим чыгарсада ар дайым колдоп турчу.
Кундо эртен менен жумушка чогуу келип,чогуу кетишет.
Бирок Дамираны кыйнаган ой муну менен женилдебеди.
Бул денсоолугун кетирген,журогун четинен кемирген ойдон, качан Антондон кетип,ажырашып, кайрадан жалгыз жашап калса гана, кутулмак!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#273 Пользователь офлайн   Sushi_wok   14 Январь 2018 - 17:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Бирок ал нерсеге эрки жетпейт.
Кантээрин билбей башы катат.
Оюн эшиктин чырылдаганы бузду.
Болот экен:
-Кел уулум?
-Привет мам?
Кучактап мандайынан опту:
-Тынчсынбы балам,келбей койдун да эч эле?
-У меня все хорошо! Живу по тихоньку!
-Оорубай элесинби?
-Ну баары жакшы эле вроде. Озун кандайсын мама?
-Мени кудай алат дейсинби, журом менделе!
-Мам скоро я уежжаю?
-Куда?
-Кыргызстанга барсамбы деп жатам,дальше посмотрю,если ал жактан жумушум жакшы болуп кетсе, Турцияга кетсемби деп ойлоп жатам!
-Бизнес жасайсынбы?
-Точно айта албайм мам,пока бизнес планым аягына чыга элек. Бишкеке барып,анан улантам!
Дамира кебетеси жудоо тартып,арыктап калган баласын коруп,журогу сыйрылып турду:
-Озун бил балам,мен эмне дейт элем? Же колумдан бирдеме келбесе?
-Ушинте бербечи,сенден эч нерсе сураган жокмун го мама?
-Баарыбир да балам,мен да,атан да сага жакшылап конул бура албадык!
-Ну перестань мама? Ладно пока, я пойду?
-Мейли уулум,кетээринде да келип кетээрсин?
-Не знаю,посмотрим!
Эртелеп эле,турмуш туйшугу мойнуна тушкон уулуна ,эне журогу кайгырып турду. Оюна коп нерселер келди.
Кечки тамакты жасап,кызынын мектептен келуусун кутуп отуруп калды.
Кызы менен кошо Антон да келди.
Тамактанып болушкан сон, Антонго коптон бери айта албай жургон оюн айтты.
Ал 15жылдан бери коро элек,мекенин бир барып ,коруп келуу оюу болчу.
Антон эч кандай каршылык кылган жок.
Барып келуу ,ал жакта бир айлык жашоого кеткен каражатты,толугу менен камсыздады. Анткени ал Дамираны аябай жакшы корчу.
Учакка билет алып берди.
Коп отпой Дамира,уулу Болот менен биргеликте Кыргызстанга келди.
Баласы жумуштарын бутуруу учун Бишкеке кетти.
Озу болсо шаардын четинен, озуно ылайык бир уйду ижарага алдыда, туулуп-оскон айылын коруп келуу учун камынды.
Ушунча убакыт отсо да,ошол жаштыгында кылган катасы учун,бети чымырап,бир чети уйуно баруудан коркуп турду.
Кантседа журоктогу кусалыгы,сагынычы женип кетти.
Куугум кирээрде такси жалдап алып,уйуно келди.
Карып калган ата энесин коргондо,козунон эрксизден жаштар куюлуп жатты:
-Апа?!
Апасы бушуркой карады;
-Алдына кетейин,Дамишсинби?
-Ооба апа,менмин! Ошо бейтаалай кызынмын!
Эне бала кучакташып алып,ыйлашты.
Эне баарыбир энелигин кылат турбайбы,Дамира муну озу эне болгонунан бери,жон териси менен сезе баштаган болчу.
Канчалык башкалары Дамираны болуп коюшканы менен,апасы кучагын бекитпеди.
Ошол куну, туну менен уктабай суйлошуп чыгышты.
Тан эрте турган Дамира ,ушунчалык женилдегенин сезди. Бирок ичтеги жеген куйуту женилдээр эмес.
Апасы да карып,эшикке зорго кирип-чыгып калган экен. Бактысыз кызына боору ооруп,аяп турса да,кал дегенге оозу барбады.!
Кантсе да ичте уюп жаткан арманын тогуп,апасынын ыраазычылыгын алууга жетишти. Ушуга болсо да каниет! Ак батасын берди ата энеси. Мумкун эми мындан нары баары оз ордуна келээр!?
Ата-энеси менен коштошуп,аргасыз келген жагына жоноду. Анткени бул жерде орду жок экенин билет.
Ооба,кайра артына кайтпай кое албайт эле.!
Себеби аны бул жерде куткон да ,сагынган да эч ким жок болчу!
Аттин десен! Кантип эле,ушул бейиштин торундой болгон, оз мекенинен кичинекей гана орун табылбады экен?!

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 14 Январь 2018 - 17:36

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#274 Пользователь офлайн   Sushi_wok   14 Январь 2018 - 20:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

***




Толкунбектин озгоргонун байкаган Назик адатынча эркелей жанын келди;
-Эмне болду сага?
-Баары жакшы,эмнеге сурап калдын?
-Билбейм,акыркы кундору башкача боло баштадын?
-Мисалы кандай?
-Нуу,тамакты да тузуктоп ичпейсин,отуруштарга барбайсын,мени да апарбайсын?
Толкунбек башын чайкап кулду:
-Алтыным,зээриктинби?
Назик ансайын эркеледи:
-Ооба да! Сен болсо жумуштан колун бошобойт?
-Мен деле чарчадым,бирок жумушту таштап коюуга болбойт да?
-Эс алып келеличи?
-Каяка барып?
-Анталиягабы? Боло берет!
-Назкоо ,азыр менин жумуштарым аябай коп,откон айдын планын жаба албай калганбыз,бул айда ошондуктан коп иштеп жатам,антпесем болбойт!
-Жардамчыларын деле бар го?
-Аларды бекер коюп жатат дейсинби,алар деле иш устундо тынбай?
-Качан бошойсун анда?
-Кел мындай кылабыз,мен апамдарга айтып короюн,эгер макул дешсе ошолор менен эс алып келесин?
-Жакшы болмок! Рахмат сага!
Чоп эттире бетинен ооп койду:
-Эч нерсе эмес эркем!
-Болду эми,эртен бутуроорсун калганын,мен жаттым!
-Макул бара бер,мен азыр,бир аз жумушум калды!
-Лаадно!
Толкунбек кайра компютерине унулду.
Оюнда Адеми! Ошол тууралуу ойлоодон качып,куну-туну жумуш менен чуркап жургонунун себеби да ошондо болчу.
Акыркы жолу коргонун эч эсинен кетире албайт. Айланасын мундуу тиктеп,козундогу жаштарды акырын аарчып,башын ылдый кылып,кирип кеткен.
Аны эстегенде оор онтоп алат. Ушундай тагдырына нааразы болуп кетет.
Жалгыз кантип журот экен ,деп ар дайым журок заада.!
Тун ортосу болуп кетти. Бирок уйкусу келбей турду.
Адеминин электрондук дарегине кат жазды:
"-Кандайсыз карындашым! Аман эсен жетип алдынызбы? Кеткенинизге да 2жылдан ашыптыр, сизге жазуудан айбыгып журдум,ушул маалга чейин.!
Азыр бул тууралуу айтып туура кылдымбы жокпу,айтууга акым барбы билбейм, бирок сизди сагындым!
Кечирин мени олдоксон созум учун!
Менин да ичимде ирип кетмек болду!
Суранам жооп бериниз!?"
-Ухх,эмне болсо болсун,бул жагы эми кудайдан! Жакшы эле куттум!
Толкунбек кандайдыр оор жуктон кутулгансып, бирок сагынычтан кутула албай, уктоочу болмону коздой басты.

****
Байжигит Адеми кеткенден кийин озун коерго жай таппай калды.
Жанында болгондо баарыбир башкача экен. Жаны карайып,ким менен болсо да уруша кетчу адат таап алды. Кыйналды!
Муну озунон башка жан туйбады! Адеми кеткенден жыл айланбай, бул абалдан чыгуунун жолун издеди.
Айылга барса эжеси торкундоп келген экен. Кичинесинде аябай жакшы корчу,Байжигитти мойнуна которуп журуп баккан эжеси. Азыр уйбуло кутуп,балдары чоноюп калган кез.
Инисинин абалын коруп созго тартты;
-Эмне болду,озундон озун туноросун?
-Эмне болуптур баары жакшы эле?
-Алдаба,дагы деле Адеминдин азабыбы?
Байжигит эжесин карады:
-Ооба ошонун азабы,эмне жардам берейин дедин беле?
-Унутчу ошону,ал баарыбир сени суйбойт. Тем более эрден чыккан анын,азыр да эмне кылып журот,бир кудай билет? Сенин ушинтип журушуно арзыбайт. Каяктагыны суйгонсун сен деле тушунбойм?
-Ал эмне дегенин?
-Озуно карачы,карып баратасын,сени ойлоп журуп апам байкуш оорукчан болуп бутту,ойлонсон боло?
Байжигит мыйыгынан кулду;
-Мени менен ишинер болбосун, Адеми жонундо мындай деп айтканга акын жок уктунбу? Сен аны билбейсин кандай адам экенин? Мен анын артынан барам!
-Ойлобо дагы бул жонундо Байжигит,сен ким да ал ким? Болду унут,сенин башка жолун жок! Деги эмнеси артык ошонундун?
- Ал башкача!
-Эй ушу сенин озунчо философ болуп кеткенинчи? Экинчи оозуна да алба,быйылдан калбай уйлоносун,тим койсо жаш бала болуп кеттин да?
-Менин жашоомо аралашпа сен!
-Аралашам! Карачы апам менен атамдын абалын,баарыбыздыкы бир тен,сенин туйшугун бир тен? Жок дегенде ушуларды ойло, кандай умуттор менен чонойтушкан сени?
Байжигит соз таппай калды.
Тогунбу эмне?
Азыркыга чейин озу тирилигин кылат апасы. Атасы болсо малдан колу бошобойт.
Бул абалдан чыгып кетем деп,кайра оорлоштуруп алды. Чындыгында Адеминин артынан баргысы келип турган,ошону эжесине айтайын деп келген.
Бирок иш тескерисине айланды.
Аларды аяп кетти. Эртеси эч нерсе айтпай,эртен менен кайра шаарга келе берди.
Уйуно баргысы келбей,Адеминин уйуно бурулду.
Этияттап ачып кирди. Уй ичи Байжигитти таныркап тиктегендей туюлуп кетти. Унчукпай Адеминин болмосун ачты.
Бир кездерде ушул жерде бака-шака тушуп,кыз экоо суйлошуп отурушчу эле, аяш энеси ашканада тамак бышырчу.
Бактылуу болчу алар!
Ал кезди эстеп,кокурогу ачышып кетти.
Эч ким жок го,бугун чыгарып алса ашыкча болбос?
Ал куну Байжигит кыз менен дилинде коштошту. Бирок журогу баш бербей,буга нааразы болгондой чырылдады!
Кечирчи журок!
Бул деле кыйналып кетти го?
Ордунан зорго козголуп,уйуно келип,бут кийимин да чечпестен тошокко кулады.
Озун айланчыктап жургон айылдаш карындашы Мадина дагы деле андан умутун узбой журот. Бугун да дем алыш болгонуна карабай,эртелеп, телефон чалыптыр:
-Кандайсыз,жакшы эс алып турдунузбу?
-Ооба рахмат,озунчу?
-Жумушка даярданып. Баса кечээ фудболду кордунузбу, Реал женди го?
-Ооба кантип корбой калайын?
-Аа жакшы анда. Тиги,бугун бош элесизби?
-Ооба. Эгер бош болсон кел уйго.
Кыз суйунуп кетти:
-Макул!
Байжигит ордунан козголо электе эле,эшик чырылдап калды.
Барып ачса Мадина экен,колунда баштык;
-Кел кир ичкери?
-Рахмат.
Ичкери кирип, баштыгынан таттуу алып чыкты. Озунчоле чебелектейт. Жигит суйлобосо деле ,фудбол тууралуу жанылыктарды айтып жатты.
"Жасалма, озун жакшы корсотуу учун,жалган суйлошу шарт беле? Азыр Адеми болгондо мындай деп айтмак эмес!"деп ойлоду Байжигит:
-Мадина!?
-Ов?
-Мени суйосунбу?
Кутуусуз суроого кыз жооп бере албай туруп калды:
-Эмнеге сурап жатасыз?
-Эгер суйсон,дилиндегини ачык айт!
-Ооба!
-Кел уйлонобуз?
-Эмне?
-Мага турмушка чыкчы?
-Байжигит мен..
Кыз шарт Байжигиттин кучагына бой урду. Мадинаны кучагына кыскан Байжигит:
"Кечир жарыгым! Сенин айтканыны угайын деп чечтим, озун уйлон дедин эле го? Бирок журогум буга макул эмес! Кантейин башка жолум калбады?" деп жатты ичинен.



Адеми бул жерге келгенден сон,женилдеп калган жок. Бул жерде деле Назардын элеси,артынан калбай ээрчип журо берди.
Келээри менен Байжигитке, кайын журтуна аман эсендигин билдирип кат жолдоду. Ашыкча эч нерсе айткан жок.
Дениз боюндагы жомоктогудай кооз,кичинекей кыштакта,озунун суйуктуусуно айланган музыка менен,жаш балдарга сабак берип,жашап журду.
Кыштак элинин, абдан мээнеткеч,акылмандыгы, Адемиге абдан жакты.
Кокурокто куйуп жаткан жалын, жыл откон сайын очуп, муздагандан муздап баратты. Ушундай жалгыздык жашоого кадимкидей конуп калды.
Эн жакшысы дениз жанында.
Толкундары жанында!
Ыйлагысы келсе да,кубанса да денизди бойлоп,басып журо берет. Эч ким жолтоо болбойт.
"Кордунбу Назар! Менде баары жакшы,мен жашап жатам! Жумушум жакшы,денсоолугум да жакшы! Баары сонун! Озум арзуу кылгандай жерде жашап жатам, бирок бир гана сен жоксун! Билем, сенделе мени таштап кеткин келген жок,бирок баарыбир таарына берем сага! Кантем анан? Сенден башка кимге таарынам? Сенин айткандарыны чекеден аткарып келе жатам,бирок бир нерсе калды,"жалгыз журбо"дегенин! Кечирчи,мен бул айтканынды аткара албайт окшойм? Анткени бир гана ушул жалгыздык,сени сагынган кусадан куткарчудай! Азырынча жалгыздык жагып жатат мага!
Карачы толкундарды!
Ушулар мага эн жакын жолдош! "
Назар менен дилинде ушинтип суйлошо берет. Назар эсине тушоору менен,коздору каканактап, каяктандыр ысык тамчылар пайда болот. Токтотууга кучу жетпейт,арга жок ыйлайт.
Кантсин анан байкуш?!
Зээриккенде балыкчылардын жанына барат. Жашы 90ду таяп калса да, жаш жигиттердей чапчан кыймылдап,торду жыйнап жургон абышкаларга чыны менен тангалат.
Алар да Адемини таанышат. Коргон сайын жайдары кулуп,учурашышат. Аларды сонуркап карап отуруп,кеч киргенин байкабай калат. Анан абышкалар берген балыктарды которуп алып,уйун коздой жонойт. Жалгыз озу тамак жасап деле жебейт. Баарын кууруп алып,эртеси окуучуларына алып барып, таркатып берет.
Япондор маданиятка абдан конул бурушат экен. Музыканы айтпай деле койсо болот. Музыка мектебине келген ар бир окуучунун ата энеси,балдарына озгочо мамиле жасашат. Бул корунуш Адемиге майдай жагат.
Ат энелердин чогулушу болсо,бири калбай келет. Чечилбеген койгойлорду чогуу талкуулашат.
Окуучуларынын зиректигин айт! Окуучуларын абдан жакшы корот. Ал ортодо ушул табиятты,балдарды коруп,сонун бир,ушул окуучуларына арнап,чыгарма жазууну ойлоп журду. Китеп кылып чыгара албаса да, сонун кылып,ырлардан аралаштырып, бир жыйнак жазды. Бул нерседен эргуу алганы озуно сезилип жатты!
Байжигит менен байланышты узбой,суйлошуп турду. Озу тууралуу негедир экоо тен айткылары келген жок. Жон гана акыбал сурашып,тим болушат.
Бир нерсени жашырып жатканын байкап турду Адеми,бирок оозунуп сураган жок,анткени Байжигиттин алдында куноолу сезе берет озун.
Эгер уйлонгонун укса,бакыт кааламак,бирок Байжигит аны жашырды!! ..
Эмнеге жашырды,аны озу деле тушунгон жок.!

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 14 Январь 2018 - 20:22

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#275 Пользователь офлайн   __anna__   15 Январь 2018 - 11:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 511
  • Катталган: 13 Июнь 17
  • Соңку аракети: 21 Фев 2024 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ашыкчы создорду жазбай эле окунуздарчы сиздерден суранам)))

Автор улантыныз, сизди кутуп окуучулардын катарында биринчилерден болуп турам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#276 Пользователь офлайн   General.kg   15 Январь 2018 - 11:29

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

Окуйун деп жалкоолук кармады))


Ушунун баарын эринбей кантип жаздыңыз тооа!

Билдирүүнү түзөткөн: General.kg: 15 Январь 2018 - 11:30

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#277 Пользователь офлайн   Neslihan   15 Январь 2018 - 11:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 418
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2018 11:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Азаматсыз автор уланта бериңиз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#278 Пользователь офлайн   Sushi_wok   15 Январь 2018 - 12:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Адемиге бир жакпаган жери, булар аябай аял жандуу келишет экен. Сулуу жузду коро калышса,ыржандап тийише кетишет.
Мындан абдан ыза болуп журду. Башка тушсо,конбоско айла барбы,ыза болуп журуп буга деле конду. Конул бурбай,башка тарапты карап отуп кетет.
Толкунбектин катын окуп алып ,терен ойго батты!
Бирок эмне деп жооп жазаарын билбеди.
Жооп бербей койсо да болмок эмес.
Акыры жазып кирди:
"Мен жакшымын байке,баары жакшы ,жашоо ойдогудай отуп жатат! Ширин кандай журот,окулары кандай,озунуз тынчсызбы?
Сагынуу эмне экенин,менден жакшы билбеген адам болбосо керек! Сизди тушунуп турам,бирок мен азыр эмне кылышымды билбейм,сизге кандай жардам бере алаарымды да билбейм!"
Карындашыныз Адеми!
Бул катты окуган Толкунбек энеси эркек торогондой суйунду! Таптакыр жазбай коет деп корккон болчу.
Кайра эле жооп жазды:
"Эгер жардам бергиниз келсе,сизди жон гана корушумо уруксат бериниз,башка эч нерсе сурабайм! "
Бул кат алышуу канчага созулмак ким билсин,эгер Шириндин созу болбогондо?
Ал куну Толкунбек кызын ээрчитип,парк аралап журушкон. Анан Адеми менен суйлошууну ойлоду. Туура эле видео байланыш менен байланышка чыкты.
Адеми бул мезгилде адатынча дениз жээктеп басып жургон.
Чалууну коруп ,чоочуп кетти,бирок жооп бергиси келди:
Биринчи эле толкундарды корду Толкунбек. Шыбырап жатышкан экен! Тим эле укмуш!
-Кандайсыз Адеми?
Адеминин сулуу жузу кубарып,мурдагыдай нуру жайнабай калыптыр. Коздору алда нерсени жашыргансып мунаят. Кулуп жооп берди:
-Жакшы!
-Эжекеее?
Ширин экен! Кыздын унун укканда,суйунуп кетти:
-Ширин кадайсын кызым?
-Эжеке мен сизди сагындым!
-Мен да сени сагындым!
-Качан келесиз?
-Билбейм,Ширин!
-Сен чонойгондо келем дединиз эле го,каранчы мен чооон кыз болуп калдым,боюм да осту карасаныз?
-Айий чоноюп калган турбайсынбы, койногун да сонун экен!
-Адеми,кордунузбу сизди кутуп жаткан адамдар бар,качан кайтасыз?
-Билбейм байке,ал жонундо эч ойлоно элекмин!
-Келинизчи,мен сизди сагындым!
-Байке?
-Эмнеге,кимден качып журосуз? Каалаганыныз эмне Адеми? Каалайсызбы озум барам сизге?
-Жок,келбениз, мен анан байланышам сизге!
Очуруп салды.
Толкунбек коркподу,тескерисинче, журогунон кубанды. Канчадан бери сыртка чыгарбай келген созун айтып алды!
Улбул жанып турган умут оту, аз да болсо жарык боло тушту. Алдыда чон озгоруш болоорун сезип турду. Демек буга даярдык коруу керек.
Ширинди жетелеп, кубанычтуу уйуно кайтты!
Адеми башкача болуп кетти. Эмнеге мындай болуп жатат? Тушунуксуз!
Ыйлагысы келди! Намыстанды ,арданды! Жашоосу ушундай болуп калганына нааразы болду!
Бирок бул жашоо! Куру намыс менен,ый менен жашоо токтоп калбайт. Созсуз курошуу керек! Жыгылган сайын кайра чыйралып,кайра баш которо беруу керек!
Анткени бул тируулуктун белгиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#279 Пользователь офлайн   NeRiNa   15 Январь 2018 - 13:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 533
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 31 Янв 2022 10:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Базар-Коргон гул коргон....)

Толкунбек турушу менен акмак тура, жакпады такыр.
Бакыт - тынчтыкты суйот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#280 Пользователь офлайн   uikuchu   15 Январь 2018 - 15:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 353
  • Катталган: 28 Июнь 17
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 16:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аксы

Толкунбек номерин кайдан тапты?
жашоо -жакшы, жакшы жашаш Андан да мыкты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 17:15

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: