Кандайсыңар?
Тема мындай, көпчүлүк эле бир нерсеге жетүү үчүн (материалдык) акчасын чогулта алышпай, карыз алууга же кредитке алууга үйрөнүп баратышат. Андай кылбоонун, акчаны сарамжалдуу пайдалануунун,
аны чогулта билүүнүн кандай сырларын билесиздер?
Бул боюнча көптөгөн китептер, тренингдер да өтүлөт, менимче, сурамдуу эле тема го, кайталап эле ачып албасам.
Мисалы, акча чогултуу үчүн аны сарамжалдуу пайдалануу керек, сарамжалдуу пайдалануу үчүн план керек дегендей. Жолдору, ыкмаларын жазабыз.
Менден бир кеңеш: Алгач ушул айдагы кетирген чыгашаларыңды жаз, анан кирешелериңди тизмеле, анан алдын ала кетирчү бир айлык планыңды түз да, кирешеңди ошого бөл, бирок сөзсүз айлыктын бир канча процентин чогултууга калтырып кой, бир процентин балаңа эсеп ачып, ошого сал. Ал акчаны жок катары эле эсептеп коюу керек, ал акчасыз деле күн өтүп кетет, элестет, сенин акчаң ошол чогултканга жана балаңа бөлгөндөн кийинки эле суммада.
Копилка менен акча чогултчуларга,
чөнтөгүңдө 1000 сом бар, бүгүн барчу жакка барып, жеп, үйгө келгенде 856 сом калды, 56 сомун копилкага сал да, калганын керекте, эртеси дагы ошондой кыл. То есть, тоголок кылып ал, ашыгын копилкага салып.
Ушул сыяктуу пайдалуу жана кызыктуу кеңештерден жазабыз.
Каражатты туура пайдалана аласызбы? Же кантип акча чогултасыз?
#2 09 January 2018 - 15:43
Жакшы идея, бирок идея итте да болот дегендей, аны ишке ашыра билиш керек.
#3 10 January 2018 - 10:43
Негизи айрымдардын маянасы абдан аз анан аны кантип болуп, кантип счетко салат. Ал эми акчасы коптор и так эле ошол ыкманы колдонушат.
#4 10 January 2018 - 11:08
Меники жонокой эле. "Сактайм"
десем сактайм. Тийбейм такыр. Бир билгеним "на черный день" деп жыйнаган жарабайт. "Машина алам", "келечектеги квартирага"
же "балдардын окуусуна"
деп ж бдус жакшы ниет менен жыйноо керек.
Уйго которо келген майда акчаны чогулта албайм. Тескерисинче, "тогологун" майдалагым келбей буйдала берем.
Уйго которо келген майда акчаны чогулта албайм. Тескерисинче, "тогологун" майдалагым келбей буйдала берем.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#5 10 January 2018 - 11:16
Негизи айрымдардын маянасы абдан аз анан аны кантип болуп, кантип счетко салат. Ал эми акчасы коптор и так эле ошол ыкманы колдонушат.
Бул жерде эки жол бар. Бири абдан эле экономдоп жашоо. Адам ушуга да конот экен. Бара бара максимум бардык нерседен баш тартып, жакшы кийим, жакшы тамак-аш жб майда-чуйдо козуно "роскошь" корунуп калат. Бирок ушунда да тыйындап жыйнагандар табылат. Бул жол менен олбой жашоого болот, бирок...андан коро экинчи жумушка кирип, башка жолун таап каражатты кобойтууго аракеттене берген жакшы. Себеби экономдун тубуно тушуп кетсен "Скрудж" болуп каласын.
Анан да копчулукко оз каражатына ылайык алдын ала пландап жашоо деген туура келе бербейт. Бир тойго, бир башкага, мектепке, коллеганын туулган кунуно жб деп отуруп пландалбаган чыгашалар болуп,,ушулар эле бюджетин коп болугун алып коет.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#7 11 January 2018 - 21:20
Көп акча тапсаң байыбайсын,
аз чыгым коротсон байыйсын дегендей ашыкча болбогон нерселерге акча коротпош керек.)
#8 12 January 2018 - 15:14
Акчаны туура пайдалануу боюнча китептерди макалаларды окуп,кыйла жардамы тийип аткан кербези))Керектүү жерин блокнотко жазып алып дегендей)
#10 12 January 2018 - 16:02
Акчаны туура пайдалануу боюнча китептерди макалаларды окуп,кыйла жардамы тийип аткан кербези))Керектүү жерин блокнотко жазып алып дегендей)
Кандай китеп,кандай макалалар бөлүшө кетиң.
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.

Супер-Инфо
super.kg
видео













