Суперстан: Акча үчүн мээримден ажыраган балдар...... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Акча үчүн мээримден ажыраган балдар...... Тарбия

#21 Пользователь офлайн   raia   06 Январь 2018 - 09:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Жыргаганынан жылкычы болупмунбу дегендей эч ким жыргаганы кеткен жок. Баары кор тиричиликтин, жетишпегендиктен молтурогон балдарын, карып бара аткан ата энесин таштап ата тээги корбогон,алыска тобекелге салып кетип атышат.Пешенеси ачыктар иштеп акча таап уй булоосун багып атышат,кээси ал жерге барып кыйналып карынын тойгонуна шугур кылып,уй булоосун унутуп таштап салгандар да бар.Кой аксагы менен жуз демекчи эми эл ичинде тентеги да болот экен да...
Деги эле мен алыстагы иштеген кыздар менен жигитерге минден бир раазымын.Илгерки ата мекенин коргогон аскердей эле кором.
Айыл жеринен болобу,шаардан болобу зангыраган эки этаж уй корсом силердин эмгегинер деп билем.
Короо толо мал корсом силердин эмгегинер деп билем.Айылга барсак ар бир уйдо машина,ар бир уйдо холодилник, чон телевизор керек болсо компютер ошолордун баары силердин эмгегинер деп билем...
Дунгурогон тойлор,ашыкча кымбат баа машиналар,тогул чачынды корсом да силердин эмгегинер деймин го бирок ушул той учун балдарыбыз суук жерде керек болсо кыздарыбыз туалет тазалап журуп тапкан акчасын асманга сапырылып кетип актканын ойлоп ичим ачышат....
Тойго канчалаган акчалар кетти,тойго элден канчалаган акчалар келет бирок кумдай сапырылып жок болот.Ошол нерсеге бир аз акча кошуп,элге кереги тийер ишкана ачса,ал иштеп турса канчалаган элди багат.Жакшы жашоого жалпыбыз аракет кылсак,тыйындан сом курап кичине ишкана ачып,элибизге пайда келтирсек.
Тылда калган ата эне акчасын топтоп оздоруно уй курсак...
Келе тойго баланча той берип атат келе акча,баланчанын энеси курортко кетип атат келе акча,баланчанын энеси алтынга болонуп алыптыр биз кембизби келе акча, ккерек болсо черный кассам келип калды келе акча...
Черный кассаны пенсияна ишенсен ойно деген эч ким жок,ичинен сызыласын бетине айта албайсын.
Келе акчаны токтотсок,балким балдарыбыз тезирек келе беле....
Ойлор,ойлор тугонбогон ойлор...
Балдарын бир коргонго зар болгон ата эне,ата энесин сагынып куса болгон наристелер. ..

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 06 Январь 2018 - 09:11

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   kelemdedin   09 Январь 2018 - 12:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 209
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 15 Июл 2020 10:19

Ушу акчаны деп эки баламды толук эки жыл эмизбедим. Акыретте дооласа эмне деп жооп берем билбейм. Учунчусун толук эмизип азырга чейин озум карайм. Эч эле таштап кетем деп элестете албайм кучугумду. Кудай сактасын эми балдарымдын бешенесинде эле болоюн. Атасы алыста жургонуда жетип ашып атат байкуштарым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   madina.87   14 Январь 2018 - 02:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 700
  • Катталган: 09 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2021 15:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жолдошумдун айылы.

Биз эки жыл ойлонуп журуп,быйыл чыгынып балдарды кошуп алып келдик Россияга.
Себеби ошол силер айткан ата-эне мээримине муктаж болбосун,тарбиядан аксабасын деп,озубуз менен чогуу алып келдик!
Балдардын ырыскысы Аллага шугур бар экен.Баары ойдогудай эле.
А Кыргызстанда жумушсуздук куч алган.
Дыйканчылык кылайын десен жер жок!
Мамлекеттик мекемеде иштеп 7000с айлыгым эч нерсеге жетпейт.

Чарчасам уйго барганда балдарымды кучактап жыргап калам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   sister   14 Январь 2018 - 22:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ар кимдин ырыскысы ар кандай турбайбы: бири аны Амиракада тапса, бири Орусияда, бири кечке тытынып бир кесим нан тапса, бири бир манжасын экинчи манжасына уруп коюп эле миллион табып койот экен. Тапкандары жакшы дегилечи, бирок кандай жол менен таап аткандары эн чон суроо, анткени ар бир адамга милдет жуктолгон. Ошол милдеттерин аткарбай туруп тапкан кирешеси жугабы?! Аллах ата энеге балдарынын алдында болгону торт милдет жуктогон: ыймандуу энеден ( атадан) торотуу, татыктуу ысым ыйгаруу, динге уйротуу жана Аллах берген ырыскысына жараша ( ырыскы деген чон тушунук, бирок бул жерде каражатты ырыскы дей берейин, кантсе ал дагы ырыскынын бир буркумуда) баланы камсыздоо, а тапкан каражаты адал болушу керек. Мындан сырткары баланын ата энесине болгон акысы бар: эки жашка чейин эмчек эмгенге; алардын мээримине, аларга эркелегенге. Бири биринин алдындагы милдетти аткарбагандардын, акысын бербегендердин акыбалы Кыямат куну кандай болоору жонундо толтура журок сыздатчу хадистер бар пайгамбарыбыздан(((. Балдарынын алдында милдетин аткарбай туруп, балдарынын акысын кандырбай туруп акча тапкан ата энелердин тапканы бир тыйынга дагы татыбайт. Мээримин акча менен компенсация кылган ата эне каарыганда кандай акыбалда калат Кудай билет, бирок балдарынан мээрим корбоору анык.

Бир жолу бут кийим сатуучу дукондо журобуз, эки уч эже бут кийимдин кымбаттарын тандап кийип коруп атышат дагы кобурашып суйлошуп атышат, кичинекей бала жонундо суйлошуп атышат. Ал баланын ата энеси Орусияда иштешет экен, аларды жамандап атышат:" акча салышпайт баласы кроссовкичен журот ( эшикте кыш болчу, кун суук) ..."- деп таким пренебрежительным, брезгливым тоном. Байкуш бала(((. Эркелегенге энеси, атасы жанында жок. Тундо кимди кучактап уктайт болду экен((( . Жыгылса , бир жерин оорутуп алса кимге даттанып барат болду экен(((. Онорун кимге корсотуп кимди кубантат болду экен(((. Ушинтип баламды мээримсиз калтырып акча тапкандан коро ачка, жыланач, талаада калганым жакшы, бирок " Кудай деген кур калбайт" Аллах милдеттуу кылган амалдарды так аткарсак, Аллах талаага калтырбайт.

Жакында эле кызымды эшикте ойнотуп журсом жаныма бир кыз келди кичине кыз жетелеп. Тууганынын кызы экен. Суйлошуп кеттик. Кыздардын жаш курактарын сурашып калсак кызыман бир аз эле улуу экен, бирок соокту окшойт чон колому чон экен менин кызыман, анан тиги чон кыз:" могул былтыйып алып бир жаш сегиз ай эле"- десе болобу! Кыз бир жаш сегиз ай эле, а уккан созу ушу(((. Кызын корунгондун коруна калтырган ата энеге наалат(((.

brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 02:10

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: