Суперстан: Толкундар шыбырайт. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Толкундар шыбырайт. Толкундар шыбырайт.

#281 Пользователь офлайн   Sushi_wok   15 Январь 2018 - 18:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Бугун кунго дем алыш. Адеми шашпай турду. Тушуно Назар кириптир.
Суйлогон жок,жон эле жылмайып,кулуп турат! Жузундо ыраазычылык! Сагынгандай телмире карайт. Адеми канчалык жеткиси келсе да жете албай убара. Дем жетпей,кыйналып ойгонуп кетти.
Коптон бери кирелек эле тушуно.
Шыпты тиктеп,ойлуу жатты! Анан ордунан туруп сыртка чыкты. Кыштак ичи алда качан жанданган,кочодо нары бери баскан адамдар жайнайт. Аларды тиктеп,таттуу кыялдарга батты.
Эхх! Назар эле тируу болгондо баары башкача болмок!
Жузу кулуп турганы менен,жаштар жон эле агып жатты! Эстегенде баарыбир ыйлабай кое албайт болчу.!
Тамакка да конулу чаппай, дем алышка пландаштырган жумуштарын да,жасагысы келбей турду.
Компютерин жандырды. Кутуп тургандай эле чалуу келди.
Байжигит экен. Камерасын очурду да кулагына наушнигин салып,столго чалкалай отурду:
-Кандай Байжи?
-Кудайга шугур,эмне корунбой жатасын?
-Камераны жаап койдум!
-Эмнеге?
-Жон эле! Корунбой эле койгум келди. Кандай озун,тынчсынбы?
-Ооба рахмат, эмне дайынын жок?
-Дайыным бар эле, журом!
-Адиш?
-Оув?
-Мен уулдуу болдум!
Адеми чын дилинен кубанды,бирок чынында кутпогон болчу:
-Байжигит! Сонун жанылыгын бар экен го? Омурун,денсоолугун берсин! Качан торолду?
-Кечээ!
-Куттуктайм Байжи! Ата болушун менен! Унчукпай журуп,кылгылыкты кылган экенсин да э?
Байжигит кулуп жиберди:
-Ооба,ушундай болуп кетти да.
-Молодец! Мужик! Сен учун чындап,кубанычтамын Байжи!
-Рахмат Адиш! Качан келесин?
-Мени ал жака бардырып эмне кыласын?
-Эмне такыр бизди сагынган жоксунбу?
Адеми унчукпады!
-Адиш,качан келсен да бул жакта сени куткон мен бармын! Эч тартынба келебер,уйуну маал маалы менен карап,тазалап коюп жатабыз!
-Сени кирип жашай бер дедим эле го?
-Чындап жашай албадым Ади!
-Эмнеге?
-Билбедим,озумчо кыжалат боло бердим. Азыр квартирада эле жашап жатабыз!
-Озун билесин да! Жашоо кандай анан?
-Жаман эмес,бир тирилик отуп жатат!
-Бактылуусунбу?
Байжигит ушул суроодон качкан эле. Бирок баарыбир сурады. :
-Ооба!
-Ушунундан жазба,бактын туболуктуу болсун?!
-Рахмат! Айтканын келсин!
-Мейли тынч бол! Байланышабыз го?
-Адиш токтоп тур!
-Эмне болду?
-Келчи?
Адеми коздорун жумду! Кирпик алдынан молтур тамчылар тогулуп жатты!:
-Байжигит?
-Макул кайра кетесин,бир эле жолу келип кетсен?
-Макул ойлонуп кором!
Трубканы коюп салды!
Ансайын журогу кысылып чыкты!
Жылуу свитерин кийди да сыртка чыкты. Кыштактын чети менен журуп отуруп,дениз жээгине келди.
Мына окурман! Башында айтылгандай ,Адеминин кантип бул жерлерге келип калгандыгы, ушул кезге чейинки омур жолу.!
Отконун эстеп,куса болуп олтурат:
-Абалын жакшыбы кызым?
Чоочуп, артына бурулса,кыштакта жашаган Том Кавасаки экен. Бул карыяны кыштакта баары сыйлашчу. Абдан кичи пейил адам. Жаштыгында Америкада туулуп,3 жашында ата энеси бул жака кочуп келишкен экен. Толук атын ким билсин , баары Том деп,кайрылышчу. Бироо менен таанышып,суйлошуп калса,созсуз фамилиясын кошо айтчу:
-Жакшы!
Адеми экоо копко баарлашып отурушту.
Том акырында Адемиге:
-Кызым,ар бир инсандын журогундо,оз мекенинин кичинекей портрети болот. Анын сынарындай сен деле оз мекенинди сагынганын турган кеп. Адам канчалык алыс барбасын,баарыбир жок эле дегенде,оз мекенине барып жан беруу керек! Озун ойлон,сен эмнеден,кимден качып журосун?
Гулдой омурун отуп баратат! Мейли азыр жашсын,бирок ойлон кызым!деди.
Карыя кеткенден кийин Адеми копко ойлонуп отурду.
"Айтса айтпаса жалганбы? Оз мекенимди,оз уйумду сагынганым жалганбы? Жалгыздык да жаныма батты!
Назар,азыр сен болгонунда. ..уфф кайра эле сени эстейм. Жок экенинди мойнума алгым келбей кетет!
Бирок жоксун,менден алыстардасын! Жок дегенде кенешээр адамым жок болгону окундурот.
Толкунбек байкечи?
Туура ал башкача адам!. Аны адеп таанышканда эле,менин жан дуйномду тушунгон адам экенин байкагам. Жарым жылдан бери кат алышып,телефон аркылуу байланышып келем,бирок анын уйбулосу барда? Ширинчи? Абдан акылдуу кыз! Жок дегенде бир перзентим болгондо,балким мынчалык кыйналмак эмесмин! Корунгон эркектен коорунуп журуп,чарчап кеттим! Айтсан Назар, мен эми кандай жол тутайын? Бул акылдуу абышка да туура созду айтты!"
Адеми уйго келип,кийимдерин салыштырды. Уйун жыйнады.
Кийинки кундон жумушунан бошоп,кетууго кам урду!
"Бара коро жатаармын! Жетишээрлуу убакыт отту. Назардын артынан оло албаганымдан кийин ,жок дегенде адамча жашоого умутулайын" деди чечкиндуу!
Жакын тутуп калган адамдары менен коштошуп чыкты.
Москвага Вадикке телефон чалып, Москва аркылуу учмак болду.
Адеминин келээрин уккан Вадик абдан кубанды. Озу тосуп алаарын,кайра кайра айтып жатты.
Ошентип 3жылды артка таштап,дагы да болсо бакыт издеп, куйутунон арыктап калган,аппак жуздуу, коздору жалжылдаган ,учактын арткы тарабындагы орундуктардын биринде бир адам келе жатты!
Балким эми чындап бактылуу кундор алдыдадыр! ? Чыныгы,туболуктуу бакытын коздой келе жаткандыр!?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#282 Пользователь офлайн   sumaika   15 Январь 2018 - 20:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

Окуган сайын эс алам...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#283 Пользователь офлайн   jamal93   15 Январь 2018 - 21:55

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 29 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Авг 2019 22:44

Сонун жазып атасыз эжеке чыдамсыздык менен кутуп атам.калеминиз курчуй берсин!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#284 Пользователь офлайн   Neslihan   15 Январь 2018 - 22:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 418
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2018 11:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Уландысын күтүп калабыз эжекеси)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#285 Пользователь офлайн   jamal93   16 Январь 2018 - 16:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 29 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Авг 2019 22:44

Толкундар эмнеге шыбырабай атат?жумуштан бошобой атабы же?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#286 Пользователь офлайн   Sushi_wok   16 Январь 2018 - 17:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Адеминин кутуусуз Москвага келиши,Вадик учун аябай чон кубаныч болду.
Караса туркун ойго салчудай болгон,бул азият кызынын коздорундо толо сагынычты,кусаны коруп,айласыздан, досу Назарды эсине тушурду. Эстебей турган жан беле?
Аэропорттон озу тосуп алып,уйуно алып келди. Адеми билеттин убактысы боюнча эртен кечинде учмак. Атайын келсе деп, Вадик жумуштарын жыйыштыра салып,кызды коноктоду.
Коп нерсени кобурашып,суйлошуп олтурушту.
Чындап эле ондон азып кетиптир! Жалгыздык оной жоо эмес,Назардын жанында бакыттан гана жылмайып турчу сулуу жузу, кадыресе карый тушкондой!
Вадик Адеминин жузуно карап отуруп,ушундай ойго кетти.
Кечинде шаарды айландырып, эл аз жургон парктардын бирине барышты.
Жай жамгыры майдалап жаап турган эле! Ага карабай,калын бакты аралап,сейилдеп журо беришти. Адеми баягы жылдарда Назар экоо келгенде жардам берип кетишкен,Бурул аттуу аял жонундо сурады. Вадик ага мекенине кетуусуно чейин жардам бергенин айтты. Кызы чуркап калыптыр,оорубай аман эсен чоноюптур!
"Береке тап!"деди ичинен келин.
Эми Адеминин мындан наркы жашоосу кандай уланат,кандай пландары бар,ошолордун баарын талкуулашты;
-Я хочу жить,просто счястьливой, сейчась не хочу обсудить своей жизнью!
-Я знаю!
-Я так устала!
-Айка, выйди за меня?
-Что? Ты же женатый человек?
-Мы с женой расстались давно,сейчась я живу один?
Адеми башын жерге салып,кулуп турду;
- Почему расстались, она же не умерла? Сегодня уже поздно, можеть завтра по женимсья?
-Айка я серёзно? От тебя я не чего не требую,не чего не жду? Хочешь,я вообще не говорю о детей?
-Потому что у тебя есть дети, а я хочу полноценный семья,хочу много детей?
- Ну что ,если хочешь у нас будеть дети?
-Я не выйду за тебя!
-Почему?
-Просто не хочу! Ты просто ,для меня как брат! Не хочу что у тебя тоже, все плохо как у меня?
-Айка,не говори так, да Нурчик был..
Адеми шарт башын которду:
-Не начинай,пожалуйста? !
Ушул учурда Вадиктин телефонуна чакыруу келип калды:
-Але да? Что?
Жумушунан чакыртышты окшойт,шашып калды :
-Мне надо идти?
-Ну хорошо иди,дальше я сама пойду!
-Можеть я тебя отставлаю свою машину ?
-Нет спасибо, я сама!
-Тогда встретимся дома?
-Хорошо!
Канчалык кыйылса да жумушуна барбаса болбойт эле. Ото кысталыш учур болбосо мынтип чакырышмак эмес.
Адеми жай басып,аялдамага келди. Автобуска отуруп уйду коздой жоноду. Озу менен кошо,аялдамадан, жашы 35,40тарды таяп калган,арык чырай аял да автобуска чыкты. Козуно жылуу учурады. Кыргыз окшойт деп ойлоду.
Ал аялдын козундо жаш болчу,озунун кайсы жерде турганын деле андабай баратты окшойт,орундукка отуруп,терезеге тигилди!
Жол акысын сураган кондуктордун унун да укпай калды. Жини келген орус аял суйлонуп жанына барды:
-За проездь платить надо девушка?
-Я оплачу!
Адеми сумкасынан капчыгын сууруп чыкты.
Артына отуруп аялды карап баратты. Дарегине жете берээрде чыдабай кетип ордунан туруп барып ,сурады:
-Эже кыргызсызбы?
Аял башын жай бурду. Созун деле толук тушунбоду корунот. Адеми коркуп кетти.
Аялдын колун кармаса кадимкидей ,безгек болгондой титиреп жатат.
Кантсе да врач эмеспи,озу тушкон аялдамадан, аялды кошо жетелеп тушту.
Жанында ала жургон аптечкасын ала коюп,спирттен азыраак жыттатып,колдорун укалап кирди:
-Эже мени карасаныз,эже? Озунузду кандай сезип жатасыз?
Бул аял Дамира болчу!
Бир топто барып, озуно келген аялга тил бутту:
-Мен каердемин?
-Мени коруп жатасызбы жакшы эле?
-Ооба ,сен кимсин?
-Эже мен чыккан жерден,сизда автобуска туштунуз,эстединизби?
-Жок, кечирип койчу синдим ,мен озумду жакшы сезбей турат окшойм!
-Эч нерсе эмес эже! Менин атым Адеми,сиздикичи?
-Дамира!
-Дамира эже,сиз каерде жашайсыз? Мен сизди алып барып коеюнбу?
Дамира бир топ эки жагын каранып,унчукпай турду да:
- Мен куруюн ,синдим,кыргыз экенсин,жур меникине конокко,азыр сен болбосон,бир жерде эсим ооп жатып калмакмын,уйдон кенири суйлошобуз!
Адеми кыйылып турду:
-Эже мен ушул жакын жерде турам,андан коро ушул жерден эле суйлошолу,мен эртен кетем да ошого бир аз убактым тарыраак эле?
-Ушундай дечи ,мейли анда! Журу тиги магазинге кирип,майда чуйдо,таттуу алып чыгалы,куру барганым болбос?
-Мейли эже журунуз!
Ошентип ,эки бактысыз аял ушундайча жолугуп калышты. Эми канча болсо ошончо сырдашып,ичиндеги буктарын жазып алышмак!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#287 Пользователь офлайн   Neringa   16 Январь 2018 - 18:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 19
  • Катталган: 14 Январь 18
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 15:57

Сонун,окуп эс ала турган чыгарма...Талантын орчуй берсин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#288 Пользователь офлайн   Sushi_wok   16 Январь 2018 - 19:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Дамиранын башынан откондорун угуп алып,Адеми коздоруно жаш алды:
-Эми эмне кылайын дейсиз эже?
-Билбейм синдим,башым катты. Олуу болуп кордо жок,тируу болуп санда жок болуп,эмне кылаарымды билбей журом!
-Эже сиз тынбай ойлоно берип,озунуздун нервинизди таптакыр жукартып алыптырсыз!
-Анан кантем,менин жашоом зынадан башталган башында эле. Уландысы деле ошентип уланып келе жатат! Ата энемди нааразы кылганмын,ишенсен жарыган жокмун!
-Жон эле ойлонуп журо берсениз,денсоолугунузду жеп аласыз эже! Денсоолугун болбосо, эч кимге керегин болбой калат. Бул турмуш озунузго жакпаса кетип калсанызчы?
-Баары жакшы ,анда куноо жок,бар айыбы,мусулман эмес. Мына омурум эки анжы ойдо эзилип журуп, отуп кетип жатат синдим! Кетип калсам кайда барам,кимдин эшигин туртом.? Ата энем да бир жыл мурун, удаасы менен коз жумушту. Уулум болсо оз алдынча,ага деле эне болуп эч нерсе бере албадым. Баарынан жаманы,ушул жашоо туура эмес экенин билип туруп,кете албай жашап жургондугумдо!
Наркы дуйного барганда, тозок отунда куйуп олсом керек! Ушинтип жашап жургондон коро олуп эле алгым келет,айлам жок,балдарымды кыя албайм!
-Антип айтпаныз,кудайдан чон суйлоп кереги жок эже.
Олсонуз мындан да чон куноого батасыз,андан коро бул абалдан чыгуунун жолун издоо керек! Пайдасыз эле нерселерди ойлоно бергенде ,оорукчан болуп каласыз!
-Билем синдим. Ушул маалга келип ,эч кимге мынтип тогуло элек болчум,тааныбаган адамга эле айтып салдым. Сен негедир жакшы корундун козумо!
Адеми ордунан туруп,Дамираны кучактады:
-Мен коптон бери сиздикиндей жылуу кучакты сагынып жургом эже! Апамдан кийин мени эч ким деле,жакшы коруп кучактабаптыр! Мен сизге жардам берууго даярмын! Качан кааласаныз кайтыныз эже?
Дамира эрээркеп кетип,ыйлап жиберди:
-Рахмат сага Адеми,рахмат!
-Антип айтпаныз эже,буйруса баары жакшы болот!
Эки аял коштошушту!
Эртеси узатаарда Дамира антандап,жетип келиптир,колунда сумка :
-Адеми,аз да болсо, муну ала кет! Шашылыш болуп калды,болбосо сени менен дагы суйлошсок болот эле?
Адеми сумкасын колунан алып ,Дамираны кучактап ,бетинен опту:
-Эжеке,убара болбой койсонуз деле болмок! Сиз жакшылап ойлонунуз,анан мага кабар бериниз,дайыныныз жок болуп кетпей,созсуз кабарлашып турунуз! Кутом!
-Макул айланайын,убарасы жок,ошого да убара болмок беле адам? Сен да озуну абайла,насип кылса жолугабыз!
-Макул эже жакшы турунуз!
Учак ордунан которулду! Жер бетинде болсо,аны узаткан эки адам калды. Булар,бири Вадик,бири Дамира болчу!
Экоо тен оз ойлору менен алпурушуп,кайра аркага кайтышты.
Дамира кечээ эле таанышып,бугун оз кызындай мамиле жасаган кызды кайрадан коргусу,суйлошуп отургусу келип турду.
Буйруса созсуз жолугам деп келе жатты.
А Вадик болсо,бул сулууну эми эч качан корбосун билип,ичтен сезип жатты! Назар аркылуу таанып,билип, суйлошуп журчу эле. Эми ошол досу Назар да жок. Адеми да жок! Озу да узулоюн деп аран турган мамиленин жиптерин , озу билбеген кыязда кайчылап албадыбы! ?
Журок тупкурундо ар дайым аярлап,кутуп жургон болсо да, эми ага чын журогунон бакыт каалады! Кокурокто бир нерсе тызылдатып турду,бирок ал оорулар эми айыкпайт эле,Адеми жонундо ойлоонун озу да пайдасыз болчу!
Артында отурган аялга улам карап коюп,аэропорттон алыстагандан алыстап
баратты!

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 16 Январь 2018 - 19:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#289 Пользователь офлайн   sumaika   16 Январь 2018 - 20:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

уландысын кутуп калабыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#290 Пользователь офлайн   Sushi_wok   16 Январь 2018 - 21:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Учактан жерге конуп,оз мекенине келген Адеминин журогу элеп-желеп болуп турду. Канча жолу кетип,кайра келип жургон,бирок мынчалык сагынган эместир!
Ыйлагысы келди!
Аба ысык,уп болуп турат. Арык ийинине сумкасын артынып,сыртка чыкты. Ашыкча жугу деле жок болчу.
Адамдардын арасынан биринчи козуно урунганы Байжигит болду. Келээрин айткан болчу,бирок тосуп алаарын такыр оюна келтирбептир.
Чыкыйа кийинип,ошол эле бойдон,кийимдери озуно жарашып турат. Кусалуу тигиле, жанына басып келди:
-Байжи?
-Унчукпа! Эч нерсе дебе!
Жигит коомай кучактады,ушуну кутуп тургансып,ыйлап жиберди. Сагынган экен! Ар дайым чогуу болуп,оюн айттырбай тушунгон,бир тууганындай жакшы коргон бул адамды, чындап эле сагыныптыр! Барсам эч ким деле кутуп албайт деп ойлоп келе жаткан эле. Капыстан, Байжигиттин келгенине жетине албай кубанып турду:
-Канттин,тынчсынбы, уулун кандай?
-Жакшы,журу кеттик!
-Каяка?
-Уйго!
-Мен анан эле барайынчы?
-Ал эмне дегенин,сени кутуп даярданып отурабыз канча кундон бери ,барбасан капа болом!
Аэропорттон сыртка чыгышты. Байжигит жукторун которуп барып,унаага салды:
-Эмне унаа алдынбы?
-Ооба,байкем жардам берди,озум да анча-мынча жыйнап журдум эле,коп деле боло элек!
-Куттуктайм! Жакшы болгон турбайбы?
-Аа рахмат! Кордунбу унаа алам десем,мен ага чейин самолет алам деп мактанчусун, мен биринчи алдым.
Азыр эле ыйлап,козу кызара тушкон Адеми, кулуп жиберди;
-Кечирип эле кой да ! Эмне корбой турасынбы азыр эле самолеттон тушконумду, мен аны качан эле алып койгом,ошол учун мени каалаган жагыма ташып журот да?
Байжигит да кошо жылмайды:
-Унчукпай журуп,балекеттин баарын билесин, макул эми сеникиндей бизнес класс болбосо да ,жетээр жерибизге жеткирет. Отур!
Зыпылдатып айдап,уйуно алып келди. Ичкери киришсе, апакай жузуно ак жоолугу жарашып,Байжигиттин келинчеги Мадина нары бери чуркап,тамак даярдап журуптур. Кулуп тосуп алды:
-Келиниздер!
Адеми озун аябай ынгайсыз сезди:
-Иий мынчалык убара болбой эле койсонор болмок, мени аябай кыжалат кылдынар,озунор да эми торосонор,бала кайда,ким карап жатат?
Артынан кирген Байжигит жукторду коюп жатып,суйлоду:
-Ай эми, озунчо чон эне боло бербечи! Же жене дээринди билбей ,же келин дээринди билбей бушайман болуп жатасынбы э?
-Ооба да!
-Соз бергенсин го, жене дейсин эми?
Мадина кулуп калды:
-Коюнчу кайдагыны айтпай? Менин эжем болот да бул,сизден коро жакшы тааныйм эжеми,келин отун бул жака. !
Адеми диванга отуп отурду. Байжигит уктоочу болмого отуп, баласын колуна алып чыкты.
Козунун кыйыгы менен Адемиге карап,баланы колуна берди:
-Корундугун бересинби?
Келин шашып кетти:
-Ооба да кантип бербей коеюн?
Шашкалактап, сумкасын колуна алды.
Байжигит кулуп жиберди:
-Тамашалап койдум, ме которосунбу?
Корундугун ороосуна кыстарып,ымыркайды колуна алды.
Кыбырайып,абдан женил экен. Момурайып уктап жатат.Коркуп, кучактады!
Жашык жаны кайра ыйлагысы келип кетти!
"Жытындан сенин! Мынча жыттуусун? Ата энендин багына аман бол!"
Мадина акылдуу жан эле! Экоонун сезимдерин башынан билчу,бирок Байжигитке бекем ишенгени учун,эч кандай ,ашыкча уну жок жашады. Азыр да Байжигиттин Адемини кандай кусалануу менен тиктеп жатканын байкады бирок, абалды ондоп кетти:
-Эже тамакка караныздар!
Ал куну бул уйдун жарыгы очпой, тун оосо да конул бурбай суйлошуп,создору тугонбой отура беришти!

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 16 Январь 2018 - 21:23

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#291 Пользователь офлайн   General.kg   16 Январь 2018 - 21:39

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

Күндө кирип окубасам дагы көлөмүн карап коём канча жазды экен деп окурмандар үчүн өтө көп жазат эринбей баракелд!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#292 Пользователь офлайн   NeRiNa   16 Январь 2018 - 22:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 533
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 31 Янв 2022 10:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Базар-Коргон гул коргон....)

General.kg (16 Январь 2018 - 21:39) жазган:

Күндө кирип окубасам дагы көлөмүн карап коём канча жазды экен деп окурмандар үчүн өтө көп жазат эринбей баракелд!

Анан сага окшоп уномдооп тамак бышырып алып жеп алайынчы деп жазсынбы? :) сен учун коп туюлуп аткандыр, а биз окуп тойбой атабыз кобуроок жазса экен деп чыдамсыздык менен....:гезит:
Бакыт - тынчтыкты суйот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#293 Пользователь офлайн   General.kg   16 Январь 2018 - 22:50

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

NeRiNa (16 Январь 2018 - 22:36) жазган:

Анан сага окшоп уномдооп тамак бышырып алып жеп алайынчы деп жазсынбы? :) сен учун коп туюлуп аткандыр, а биз окуп тойбой атабыз кобуроок жазса экен деп чыдамсыздык менен....:гезит:

Чындык сиз тарапта))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#294 Пользователь офлайн   Janum84   17 Январь 2018 - 00:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 525
  • Катталган: 18 Апрель 17
  • Соңку аракети: 17 Окт 2019 22:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Нарын+Чуй

анан дегендердин катарына менда кошулдум)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#295 Пользователь офлайн   Akkyz2017   17 Январь 2018 - 09:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 724
  • Катталган: 02 Ноябрь 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2021 04:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:...

Baijigit baikush jurogundo emneler otup jatty eken?
))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#296 Пользователь офлайн   Sushi_wok   17 Январь 2018 - 11:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Чет тарапта жайгашкан бейиттерди аралап, аппак койногу желге желбиреп, ысыктан мандайына куюлган терди улам суртуп коюп,ийрелендеп бир караан келе жатты. Топ мурзолордон отуп, топурагы катып калган, жанында отургузулган дарак кадыресе чоноюп,жашыл жалбырактары, жакшылыктын жышаанындай болуп турган,бир добонун тушуна келип токтоп калды.
Арандан зорго жетип келгендей демигип, жерге тизелей отура калып, оксуп-оксуп ыйлап жиберди:
-Апа, мен келдим! Карачы ,угуп жатасынбы мени?
Мына жалгызын,жашоодон ордун таба албай журот,азыркыга чейин! Сен болсо кара жерди кучактап калгансын алда качан. Мен сени сагындым! Сагындым апа! Алыстарга кетсем да баарыбир,озумдун уйумдон отоору жок экен,озумдун басып турган, оз жеримдин топурагынан отоору жок экен! Келмек эмесмин,келбеймин дегем бирок келдим кайрылып,кантейин эми ,айтчы апа!? Ал жакта жакшыбы,бейиште болсон керек! Мен Адемимин,козундун кареги,ошол бактысыз кызынмын!
Бугун чыгара ыйлап бутуп, апасынын арбагына багыштап,куран окуду.
Очорула ордунан туруп, этегин кагынды. Кыйла женилдеп алгандай, терен ушкуруп, артына кайтты.
Назардын мурзосуно да кайрылып кетууну ойлонуп турду, бирок койгондо келбегени учун, ордун билбейт эле.
Билбесе да ага да атап,куран окуду!
"Назар созсуз келем,биз суйлошуп алышыбыз керек!"
Ичинен кубуроп дуба кылдыда, озу келген жалгыз аяк жолго тушуп, уйуно келе жатты!

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 17 Январь 2018 - 11:29

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#297 Пользователь офлайн   Neslihan   17 Январь 2018 - 12:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 418
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2018 11:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Азаматсыз автор калемиңиз курчуй берсин)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#298 Пользователь офлайн   General.kg   17 Январь 2018 - 13:27

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

shirin_kyz88 (16 Январь 2018 - 22:57) жазган:

Тирешкен эже синдилерини аябай зар кылып акыры кыскартып кана тим болдунго. Бул темага тийшпей тур без толковый коментарий учун соз угасын а то.


Эже менен башында түшүнбөстүктөр болгон бирок мени урушпайт деле %)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#299 Пользователь офлайн   Sushi_wok   17 Январь 2018 - 16:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Азырынча эмне кылаары жонундо ойлободу,чынында билбей турду. Оз уйуно келип,жалгыздыкка конуп бараткан жаны, унчукпай жашай берууну туура корду.
Назардын ата энесинен да кабар алуу керек,буту тартпаса да ,айласыз жолго чыкты.
Короодон кире бериште Майрам бир нерсе менен убараланып жатыптыр.
Адемини коруп,колундагы чакасын таштай салып бери басты:
-Адеми, келдинби кызым?
Жетип эле кучактады:
-Ооба келдим апа! Кандай турасыздар?
-Биз жакшы айланайын,жур кир ичкери,оорубай эле жакшы журосунбу?
Уйду коруп,кайрадан журогу сыйрылды. Азыр ичкериден Назар чуркап чыгып:
-Жаным,келдинби? Сени сагындым,эмнеге келбей журдун?деп айта тургандай, кучагына бекем кысып,кутуп алчудай болуп,тагыраагы ошону чын журогунон каалап,босогону умуттуу тиктеди.
Ушундай жай мезгилинде азыр ушу Майрамдын ордунда озу карайт эле гулдорду,Назар жумуштан эрте келип калса жардам берчу,топурактарды ташып берчу,жадаганда суу чачышып, кубалашып ойной кетишчу эле!
Ал мезгил сонун кез болчу,аргасыз коз кычыгына келген жашты колунун учу менен аарчып койду.
Жок! Ал эми жок да ,деги тушунсон,аракет кылсан тушунгону?!
Анын ордуна ,колуна 3жашар баласын которуп,кебетеси жудоо болгон Назардын эжеси чыкты.
Адеми менен бир нерседен коорунгандай болуп келип,учурашты. Кебетесинде баягы,менменсинуу деген нерсе жок.
Ичкери кирди. Майрам бугулуп, чай койду. Баары отуруп,Майрам Назардын арбагына атап куран окуду:
-Кудайым баарына калыс экен балам! Мына,канча жармаштырсам болбой,эжен ажырашып келди. Эки баласы менен. Эмне кылайын,бул да болсо куноолорумо жараша, берилип жаткан жазадыр? Алдымдагы тоодой ырысымды тепкен экенмин убагында!
Ухх, кайсы бирин айтайын кызым? Уйдо тиктешип отура беришпесин деп,жаратканым да балким кызымды атайын,алып келип бердиби деп,ойлоп кетем кээде. Ушуга болсо да шугур,эртели- кеч ушулар менен убарамын.! Озун биротоло келдинби,жашоон кандай болду ал жакта?
Адеми Майрамдын бир убактарда,чакчандаган, козу байлыктан башка эч нерсени корбогон,ар дайым бироону басынтып суйлогон,болгондо озунун кайненеси экенине ишене албай турду:
-Билбейм апа,эми эле келдим,дагы ойлонуп кором го? Мумкун мурунку жумушума кайтаармын! Жакшы кудайга шугур,жашоо оз алынча отту!
-Эми жаш эмессин балам,олгондун озунун шору! Сен да эми турмушка чыгып,балалуу болгонду ойло! Жетишээрлик убакыт отту, сен эмес мен деле моюн сундум,Назарыма тынбай багыштап куран окугандан башка айлам жок! Атан деле бир топ озун таштап койду,эркек экен билдирбейт мага.
Майрам козуно келген жашты жени менен суртуп,шуу ушкурду.
Эжеси ашыкча соз суйлогон жок.
-Ооба апа туура айтасыз,мен дагы келем го,атаман Назардын мурзосунун жайын сурасамбы дегем?
-Мейли балам кел,бир кун келсен озум деле кошо барам сени менен!
Коштошуп ,сыртка чыккан Адеми эмне ойлоорун билбей,жумушуна кеткен маршруттардын бирине отурду!
Мына! Кайтар дуйно деген кургурун!
Убагында олбоочудой болуп,бул жашоодо туболук калуучудай болгон адамзаты!
Бир кун келип,баарыбыздын бараар жерибиз бир экенин билип туруп,мойнубузга албай жургон турмуш чындыгы!
Жумушундагы кесиптештери менен жолугуп,которо келген белектерин стол устуно жайнатты. Адеминин келгенине баары кубанды. Орто жашка барып калган мектеп директору:
-Кызым,эми биз менен бирге иштейсинби, бир кездерде сабак берген окуучуларын да чоноюп калышты?
-Билбейм агай, ойлонуп кором!
-Ошент кызым,колундан келген жумуш болсо,эми тируулор да оз тирилигибизди откорушубуз керек да! Мункуроп кайгыга батып журо бергенден пайда чыкпайт!
Бул да Назардын олгонун кыйытып отту:
-Албетте агай!
Класска кирип,биринчи эле козуно урунган,ак жакачан Ширин болду:
-Эжекееее!
Кыз ордунан тура жугурду. Адеминин мойнунан кучактап,кубанычын жашыра алган жок:
-Келдинизби? Мен сизди кутком,келээринизди билгем!
-Келдим,кандайсын кызым,чон кыз болуп кетипсин го?
Адеми да Шириндин кыйла бою осуп,чоноюп калганын байкады. Дайымкыдай сабакка узбой катышат экен. Жараткан ийгиликтери да бир топ.
Омур чиркин ото берет тура!
Булар менен суйлошуп олтуруп,кечтин кандай киргенин байкабай калды. Дагы созсуз келээрин айтып,коштошту.
Жол бою ойлонуп келди. Канча эзилбейин десе да,ойлонбоюн десе да,Назар эсине тушо берди,анткени бул жолдорду ар дайым бирге басып отушот эмес беле?!




Эшиктен чуркап кирген Ширин босогодон эле сумкасын таштай кыйкырды:
-Мама, папам кайда,келдиби?
Мамасы жооп берген жок. Ордуна бала карашып жургон жардамчысы ун катты:
-Назик эже жок,конокко кетти эле азыр келип калат болуш керек,эмне болду ,кел Ширин?
-Келдим,а папамчы?
-Эми эле келди,болмосундо!
Ширин шашып атасынын болмосуно кирди:
-Папа,уксан менде жанылык бар!
Толкунбек куйуккон кызынын мандайынан опту:
-Эмне болду кызым?
-Папа,Адеми эжей келди бугун!
Толкунбек уккан кулагына ишенбеди. Журогу туйлап,тамагы кургай тушту!
"Демек,келиптир, сагынычым келиптир,жолугуум керек,созсуз жолугушум керек, мындан ары кутууго болбойт,биротоло жоготуп албайын!" деп жатты дилинде:
-Ии жакшы болгон тура кызым, сен жолуктунбу?
-Ооба суйлошуп да отурдум,бирок бат эле кетип калды!
Ширин атасына жанылыгын айтып бутуп,кийимдерин алмаштырганы кирип кетти!
"Канчалык кутконумду билгенинде?
Эми ичтен эзилбей,бетме бет суйлошуп алышым керек,бат эле кетип калса,кайра кетип калып журбосун?! Кое бергенге акым жок эми!"
Толкунбектин ичинде болуп жаткан нерселерди озунон башка жан билбеди. Бирок тамактанганы столго келгенде стол даярдап жургон кызматчысы, кожоюнунун коздору,кандайдыр бир кубанычтан жайнап турганын байкады.!
Бирок, себебин билгени анын кудурети жетмек эмес!

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 17 Январь 2018 - 17:05

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#300 Пользователь офлайн   Sushi_wok   17 Январь 2018 - 19:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Эки кундон кийин Майрам Адемини ээрчитип,Назардын бейитине келишти.
Бири жалгызын жоготкон эне!
Бири таптакыр жалгыз калган аял!
Экоо тен оз алдыларынча ойлору менен алпурушуп отурушту. Ыйлай берип,коз жаштары деле кургап калган сыягы?!
Бир топтон кийин Майрам ордунан турду:
-Кетели балам! Атан билсе урушат мени,олгондон кийин да жайына жон жаткырбайсын, уйдон деле дуа кылабербейсинби, деп. Ал айтканчалык эле бар,уйго кайталы кызым?
Адеми боз топуракты тиктеп туруп жооп берди:
-Апа сиз бара беринизчи,мен бираздан кийин кетем,эми келбейм башка ,женилдеп алайын?
-Мейли балам,кеч калып,коркуп калба! Мен баса берейин!
Охх кандай арга кылайын,балам ай балам!
Майрам Айдардын жардамчысы айдап келген унаага отуруп жоноп кетти.
Ал кетээри менен Адеми добону кучактап,устомондон кетти:
-Коксоом суубай жатат, эмне кылайын айтчы? Сенин жоктугуна коно албай жатам! Айтсан жаным,менде кандай арга бар? Сенсиз жашоодон чарчап кеттим!
Жооп болгон жок!
Копко олтурду. Асман туноруп,кара булуттар уймолоктошуп келе жатышты. Батыштан салкын шамал болуп келди. Кеткиси келбеди,азыр ушу,Назарды коросун десе,жер астына кирип кетуудон кайра тартпай турду.
Бирок ал келмек беле?
Шыбыратып,жай жамгыры себелеп баштады.
"-Кордунбу ,мага боору ооруп,булуттар да ыйлап жатышат, а сен болсо мени угуп да койгон жоксун!"
Денесине тийген тамчылар,биринчи жааганда сергитип,жагып жаткан болсо,бара бара чыйрыктырып, ушуто баштады. Очошконсуп отура берди.
Акыры ордунан козголууга туура келди.
Бирок дене-бою шалдырап, ордунан турууга дарманы келбей баратты.
"Кош жаным! Эмкисинде чындап келбейм,эми мен кучтуу болом,коросун го мен эми айтканымы аткарам! Сен да мени карап,кубанасын, соз берем,эми ыйлабайм! "
Далысынан кучтуу кол таяп,ордунан турууга жардам берип жатты.
"Назар! Назар болуп калса экен!"Азыркы эле жыйнаган кайратынан жана тушту!
Ону же тушу экенин билбей, артына бурулду!
Кабатырлана тиктеп,озуно карап энкейип келе жаткан Толкунбекти корду:
-Байке? Сиз...
-Ооба мен! Эмне озунуздо очунуз барбы турунуз,каранызчы жамгырды?
Колунан тарта ордунан тургузду. Курткасын чечип,кыздын устуно жапты:
-Байке,кайдан билдиниз,менин бул жерде экенимди?
-Журунуз кеттик,анан бере бересиз суроолорунузду!
Адемини жолоп,унаасына алып келип отургузду.
Очу да чачын силкип,рульга отурду. Адеминин эрди эрдине тийбей,ушуп чыкты:
-Жайдын жамгырынын, мынчалык муздак экенин билбегем!
-Бул отурушта куздун суук жамгырын деле тоготчудай турунуз жок,анчалык барбасам,ошол жерде эсиниз ооп калмак экенсиз да?
-Мен ушуп жатам!
-Азыр!
Толкунбек тушуп,арткы орундуктан жылуу одеялды алып берди:
-Мына муну оронуп олтурунуз, каяка айдайын?
-Уйго!
-Макул!
Подьезддин тушуна келип токтоду:
-Карындашым келдик!
Адеми башын которду. Чындап эле келип калышыптыр:
-Рахмат байке,бат эле келип калыптырбыз го?деди алсыз.
Башы ооруп,денеси ысып турду.
Унаадан тушуп, уйун коздой басты. Кире бериштен башы катуу тегеренип,зорго уйго кирди.
Толкунбек артынан кирди:
-Озунузду жакшы сезип жатасызбы,мумкун тез жардам чакыраарбыз?
-Рахмат байке,мен жакшымын! Сизди да аябай убара кылдым,келин кирин ичкери,мен азыр.!
Болмосуно кирип,суу кийимдерин алмаштырып, жоолугун салып чыкты. Шашкалактап, суурмайдан дары алып ичти.
Чыкса Толкунбек ойлуу , терезени тиктеп туруптур:
-Келиниз бул жака отун байке,мен чай коеюн?
-Кереги жок мен чай ичтим!
Укмаксанга салды окшойт,нары бери дасторкон салып,чай демдеп келди:
-Олтурун байке,эми айтаарсыз?
Толкунбек Адемиден козун албай, столго отурду:
-Карындашым, келгенинизди Ширинден уктум,ошого сизге жолугуп каламбы деп,уйунуздун тегерегинде жургом. Жазгандарыма жооп бербединиз?
-Аа десе, ооба,почтамды карай элекмин коптон бери!
-Ошого артыныздан акмалагам,капа этпейсиз?
-Жок капа эмесмин,каалаганыныз эмне менден байке?
-Ачыгын эле айтайын,ушунча убакыттан бери озумду озум алдап келдим,сизди алдай албайм. Озунуз деле жакшы тушунуп турсаныз керек,билесиз да сизди жакшы короорумду?
-Билем! Алгач коргондо эле билгемин!
-Билсениз ошо Адеми! Эми сизди жоготкум келбейт!
- Бул эмне дегениниз?Уйбулонузчу, Ширинчи? Алар эмне болот байке? Же мени эч кими жок деп,..
Толкунбек ордунан тура калды:
-Жок , мин мертебе жок! Сизди эч качан антип айтпайм Адеми!
Сизди коргонумдон бери 7жылдан ашуун убакыт отуптур,бул аралыкта кандай кун кечиргенимди билесизби? Менимче куткон адамга, жетишээрлуу эле убакыт болуш керек?
Эгер жолдошунуз болгондо,ишениниз ашыкча соз айтмак турсун,сиздин жанынызга жолобойт элем!
Бирок тушунун,суранам! Ал эми жок арабызда,бул чындык,аны тана албайбыз!
Эгер сизди таштап,башка адамга кетип калса да, мен сизге бул создорду айтмак эмесмин! Тескерисинче аны кайра кайтарууга болгон кучумду жумшамакмын!
А бирок ал эми жок,сиз оз алдынызча жашаганга акыныз бар!
Анан да эптеп эле турмушка чыгып,балалуу болуп алсам болду деген да аялдардан эмессиз ,муну да билем,ошондуктан суранам мени озунуздон туртпонузчу?
-Уйбулонузчу?
-Сиз бул жагын ойлонбонуз баарын озум бутуром,баары жакшы болот!
-Ушундай денизчи,сиз менен ойнош болушум керек экен да?
-Баарын сонун тушунуп жатасыз Адеми? Антип озунузду жиндиликке салбаныз,мен сизге андай жаман жол сунуштабайм, муну да билесиз!?
-Байке мен чарчадым!
Адеми столго шалак этип боюн таштап жиберип ыйлап жиберди.
Канчалык бооруна басып,"мен жанындамын "деп айткысы келсе да ,Толкунбек озун токтоо кармады:
-Мен качан келейин карындашым?
-Байке мен азыр эс алайын,анан озум байланышайынчы сизге,чындап алдынызда аябай уялып жатам?
-Макул мен кутом!
Кыйылып,коштошуп чыгып кетти!
"Мен кутом! Кыркы кетип бири калганда,озумду кармайын! Буйруса баары жакшы болот! Эми айыгып кетсе экен! Билем азыр ооруп жатат,бирок чыда аз калды, мен эми жанындамын? !"
Ушинтип ойлогон Толкунбек , унаасына отурду.
Ал кеткенден кийие Адеми диванга кулады.
"Мен ыйлабайм! Мен сага соз бергенмин,эми ыйлабайм! "
Чымырканып, козун жумуп уктап калганга аракет кылды.
Бирок Толкунбектин оттуу коздорунон, айткан создорунон кутула албай, тандын кандай атып кеткенин байкабай калды.!

Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 17 Январь 2018 - 19:23

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 12 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 12, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 23:52

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: