Суперстан: " Каргыш тийген кара түн! " - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

" Каргыш тийген кара түн! " Аким Микенов

#1 Пользователь офлайн   General.kg   16 Январь 2018 - 22:17

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

-Эмне!?
-Эмнени уксаң ошо! жогол көзүмө көрүнбөй.
-Сен кимсиң мени кетиргидей ушундайыңан эр албай сандалып жүрөсүң да.
-Жап жаагыңды деп Феруза жеңесин жаактан нары бир салды.
-Кетем бирок кызымды алып анан кетем.
-Эмне?! Түшүңө да кирбесин. Чык нары деп көчөгө Махабатты сүдүрөп чыгарып салды.
-Ошол кыз сенин түбүңө жетсин Ферузааа!
Махабат үчүн дүйнө астын-үстүн болуп чоң коргондун алдында ыйлап ыйлап кала берди.


-Ага ушул сенин бошоңдугуңан аялың апамды минип алмай болду.
-Феруза менин жашоомо аралашпачы. Махабатты мен кайра алып келем ачуусу таркаса.
-Эсиңизде болсун эгер ал келсе мендей карындашыңыз жок. Деп Феруза эшикти катуу жаап кирип кетти.
тамекисин түтөтүп Байзак бир топко чейин олтурдү. Аялын же карындашын тандай албай башы маң. Бир гана ойлогону кызы Айбийкенин тагдыры. Ал болгону 8 айга араң толду. Эми эмне кылат Махабат экөө алты жыл бала жытына зар болуп барбаган табып сыйынбаган мазар калган эмес. Акыркы жылдары карындашы Феруза менен жубайы Махабаттын ортосунда кыл чайнашкан кармаш жүрдү. Көрүнөсүн көрүнө көмүскөсүн көмүзкө экөө бири бирине бут тоскону бут тоскон. Бул жаңжалды бир Алиевдердин үй-бүлөсү бир караңгы түн билет деген менен дагы бир жан билип. Бул сып далай жылдардан соң ачыкка чыгаарын эчким ойлогон эмес!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   General.kg   17 Январь 2018 - 00:40

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

Феруза бөлмөгө кирип көпкө чейин ойлонуп олтурду. Качан? Качан жеңем менен сыйдан тайып, атааңдашып, жек көрүндүгө айландым деп көзүнөн жашын сызгырыып ызадан ыйлады.Аңгыча Айбийкенин ыңаалаган үнү Ферузанын түбү жок ойлорун бычак менен кескендей болду.
-Айланайын ай кызым садагам менин күн кызым болду ыйлаба.
-Апа эмне басылбай жатат?
-Апасын коолап жиберсең басылбайт да анан
-Иий ошо жиндиден кутулганыбызга шүгүр.
-Ээй сен эси жок кыз ал сага эмес агаң Байзака тийген сен экөөбүзгө эмне!
-Апа мени жемелебей Айбийкени соротсоңуз боло. Деп терс бурулуп бөлмөсүнө жөнөдү.
Төшөктү калың салып чалкалай жатып
-Келет келбей эмне биринчи жолкусу эмес да бул эртең эле "кызыке кечир" деп келет деп жатты.
Эх жашоо баары эле Феруза ойлогондой болсо баары өз нугунда кете бермек.


***
Эрте менен Айбийкенин үнү басылбаганынан Феруза ыргып туруп
-Апа жаагын жабыңызчы тигинин.
-Жап оозуңду бүгүн Махабат келбесе бул үйдөн сени кошуп коолап жиберем.
-Эмне дедиңиз кыз бойго жеткенде үйгө батпай калат экенда ээ.
-Көп келжиребей Айбийкени карап туруп кошунаныкынан барып сүт алып келейин.
-УФ!
Колуна банкасын көтөрүп Салия апа кошунасыныкына чуркады. Феруза Айбийкенин жүзүнө үңүлүп турду да андан Махабатты көргөндөй болду. Чынында эле Махабатка Айбийке аябагандан окшош болчу.


***
-Кел кошуна. Келчүү эмес элең.
-Ой келдим эже небереме бир аз сүт бербесең болбойт апасы төркүнүнө айылчылап кетип, неберемди алып калгам кыйналбасын деп анын үстүнө ушундан нары эмчектен чыгарайын дегем.
-А азыр кичүү кызым уйду сааганы кеткен. Ал келгиче сен бир куюм чай ичип ал.
-Мейли анда бирок батыраак неберем ыйлап жатат.
-Ээ Салия бу келиниң менен кызың ымалага келиштиби.
-Иий эмнесин айтас эже келиним дагы түптүү чоң жердин кызы, чоң энеси кыйын аял эле бейиши болгур ошону тарткан дешет. Кызым дагы чорт кыял экөө бири бирине ийилбей балээ болушту.

Аңгыча эле кошунанын кызы
-Салия эже сүттү чыпкалап банкаңызга куюп койдум деген сөзү маекти бузду.
-кой мен барайын жакшы калыңыз эже сизден сүт чыгып жакшы болбодубу.
-Салия бирок наристеге эчкинин сүтү пайдалуу эмчектен чыкса эчки алдыр.
-Макул эже мен кеттим.
-Мейли келип тур.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   General.kg   17 Январь 2018 - 14:12

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

***
-Келе баланы мага бер сен сүттү бышырып кел.
-Уф бүгүн кечке ушунун кызын карап күн өткөрөбүзго.
-Ушунун эмес бул Байзактын кызы сага чоочун эмес.
-Ой билем бирок кулунду деле ат эмес бээ тууйт да. Демек бул деле Махабатты тартпаса болду.
-Бүгүн Махабат келсе тилиңди агытканыңды токтот!
-Үйдөн чыгып келмем кутуламбы! ?
-Азыраак сүйлөп сүтүң бышса Махабаттын халатын кийин чыкчы.
-Эмнэээ?
-Эмнени уксаң ошо Айбийке бөлөк жытты жерип жатат окшойт.
-Ушунун халатын кийишим эле калды эле өзү!
-Сүйлөнбөй болчу тез Феруза.
-Азыр мына баратам.
Феруза Махабаттын халатын кийип чыгып Айбийкенин сүтүн берип алдейлеп уктатты. Апасынын жытына мэмирээп гана Айбийке бей капар уктап жатат.
Аңгыча эшиктен Байзак кирип келди.
-Ай балам кайда жүрөсүң таң аткыча кызыңды соорото албай убарамын.
-Сарайга барып койлордун төлүн карап келдим. Былтыркыга караганда малдар кечирээк бозуган окшойт. А эмне Махабат келе элекби?
-Ой жок аның эртерээк келип кызын карабайбы десең.
-Бүгүн келбесе демек ажырашам.
-Оозуңа келгенди оттой бересиңби сага эмне бүлө курул оңойбу?

Бул сөздөрдү угуп турган Ферузанын жүрөгүндө коркунуч пайда болду.
-Ушинтип эле агамдын уясын бузуп саламбы эл эмне дейт деп түпөйүл ойлорун жыйнай албай бушайман.
Махабат менен Ферузанын айыгышкан кармашы бир топ жылдан бери уланып келет. Феруза анда 11-класс эле коңшу райондогу мектепте сулуулар сынагы болуп анда мектептин атынан Феруза катышып биринчи орунду жеңип алган. Бул сынакка 10-класстагы Махат дагы катышып бирок орун албай калат. Мектептин алдында экөө достору менен кезигишип калат. Агаларынын күчүнө таянган Махабат эч кимди теңине алчуу эмес. Булардын үй-бүлөсү районго таанымал себеби агалары баары тең криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү. Эч кимди баш көтөртпөй районду кармап турат.
-Кыздар мына биринчи орунду алган кызбы деген Махабаттын какшыктаган үнү Ферузаны токтотту. Аркасына бурулуп
-Ооба өзүң деле көрбөдүңбү биринчи орунду алган мага кыйын деле эмес себеби сендей түрү сууктар катышыптыр. Ферузанын достору кыраан каткырыкка бөлөнүп жыргап эле калышты. Анан эмне Феруза деле карапайым үй бүлөнүн кызы эместа. Тээ ата-бабаларынан бери бай бир сөз менен айтканда тектүү жерден.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   General.kg   17 Январь 2018 - 14:14

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

Аким Микенов "Каргыш тийген кара түн! "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   General.kg   18 Январь 2018 - 18:01

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

-Эй акмак бул эмне дегениң деп Махабат Ферузага атырылганда кыздары токтотуп калган мына ошондон бери мектептер аралык маданий иш чараларда Махабат менен Феруза бет келген жерден кылдан кыйкым таап урушуп кетмей болушту. Бул экөөнөн достору да заарканым экөөнү бөлүп кеткенге шашышат.
Феруза биринчи курс "Эбин тапкан экини жейт" деген таризде банкир болууну кыялданып максатын ишке ашыруу үчүн окуп жаткан. Октябрь айында апасы чалып.
-Ай Феруза тез жолго чык.
-Апа эмне болду тынчылыкпы?
-Тынчылык тынчылык агаң Байзак үйлөнүп жатат келе кал Бекзат менен Болотту дагы аялдары менен чакырдым Кудай буюрса той.
-Мага эмнеге айтпадыңар?
-Ой түндө алып качып келсе келээри менен сага чалайын деп телеграфка чуркамак белем. Макул кызым телеграфтагы эжең кабинаны бошот деп жатат тез жолго чык
-макул апа.
Узун жолдо Феруза ойлуу келе жатат. Бир алдын ичине кубанычын батыра албай. Жеңем кандай болду экен канча жашта дегеле койчу жеңеси жөнүндөгү суроолорго жооп таппай бушайман. Же мындайда жол арбысачы. Автобуста күбүр шыбыр болуп ар ким эки экиден кепке кирген узун жолду кыскартып маектешип кетип жатышат. Чоң көчөдөн түшүп калган Феруза дагы бир көчө басуусу керек. Айылды сагынды бирок эч нерсеге маани бербей чоң чоң кадам таштап үйүнө ашыгат. Мына үйүнө да жетип келди. Чоң казанда эт кайнап баардык тууган уругу кызматта. Баары менен тең жылуу учурашып.
-Ии кандай анан студент шаар жактыбы деген суроолор туш тараптан берилип жатты.
-Апа келинди көрсөм болобу?
-Келин эмес жеңеңи көрөсүң шашпай. Азыр анын үстүндө жеңеси менен досу бар.
-Мм.
-Эже кызыбызды эшике чыгарып келели дедик эле. Даарат кана кай тарапта. Деген Ферузага бейтаныш келиндин үнү чыкты.
-Ии азыр келиндерге айтам чыгарып келет. Деп апасы аңгыча эле Болоттун аялы Сурмага айтып жаңы келген келинди коштоп чыгуусун буйруду.
Мунун баарын ашканада угуп турган Феруза
-Хм демек көрүүгө мүмкүнчүлүк бар деп ашканадан чайканды сууну төккөнү конок бөлмөнүн ачылышы менен чыгууга шашты. Мына кызык апакесинин сандыкка каткан аппак жолугун башына салып Махабат эки жэңесинин коштоосунда наздана басып келе жатат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Sushi_wok   18 Январь 2018 - 23:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Молодец ука!
Мен сенин теманды жалкоолугум кармабай окуп жатам, и куткондордун сап башындамын!
Улантагой ,кутуудобуз деген билдируулор, канчалык мотивация болоорун мен эн сонун билем,демек улант батыраак?!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   General.kg   19 Январь 2018 - 00:27

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

-Сен эмне кылып жүрөсүң бул жерде?
Бул суроого Махабат унчукпай гана башын жерге салып жооп бербеди.
-кыз силер таанышсыңарбы? Деп Сурма шектүү карады Ферузаны.
-Ооба өтө жакшы таанышпыз деп Махабатты теше тиктеди. Тойду бузууга болбойт. Алиевдерди бүт айылга уят кылбайын деп Феруза акырын гана Махабаттын жанына барып
-Тоюң кут болсун курбум агам менен бактылуу бол деп эки бетинен өөп сырдуу жылмайып эшике чыгып кетти. Ошону менен той өттү. Махабаттын төркүндөрү септи айыл көөп жылдар бою сөз кыла турган кылып берди. Идиш аяк жууркан төшөк деги койчу көргөндүн баары тең ушул нерселер Махабатты бактылуу кылчуудай көз артып суктанып жатышты. Махабаттын агалары Байзакты коркутушуптур. Махабатты бузуп коюп алууга аргасыз болуптур деген сөз айыл элин каптады. "Чындык жердин түбүндө" деген сөз бекеринен эмес да. Чын төгүнүн билбей туруп айылдын аялдарына табылбай эле калды.
Байзак Махабатты бир көргөндө жактырып артынан бир апта чуркап жүрүп таанышкан. Махабаттагы чечкиндүүлүк, кайраттуулук эң негизгиси тунук акылы Байзакты байлап алган. Кой деген кожосу жок Махабат каалаганын кылчуу. Агалары крим дүйнөнүн өкүлдөрү булардын үй-бүлөсүнө эчким даай албайт. Байзак үй-бүлөсүн сүрүштүрүп олтурмак беле шашып эле ала качып келген. Кыздын көңүлү бар экенин билген агалары Байзакка үн каткан эмес. Тойдо Алиевдер эчнерсесин аянган жок айыл элин бүт чакырып бар байлыктарын чачып чоң той кылышты. Уккандын баары бир тарабында афтаритет бир тарабында байлык эми буларды эчким чөктүрө албайт деп күбүр-шыбыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   sumaika   19 Январь 2018 - 08:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

Уландысыыы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   sumaika   21 Январь 2018 - 17:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

Улуу урматтуу автор,уландысын кутуп атабыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Mydearzh   22 Январь 2018 - 19:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

Эс алып буттук :). Уланта гой
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   babi92   23 Январь 2018 - 08:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 31 Июль 17
  • Соңку аракети: 16 Июн 2019 18:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кара-Кулжа

Аябай кызыгып баштаганда бутуп калды гоо,уландысын куткондордун сап башындамын
"Пустой карман- это не страшно,Страшно -когда пусто в сердце!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   General.kg   23 Январь 2018 - 15:50

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

Экө жаңы турмуш баштап бактылуунун бактылуусу эле. Уруш жокчулуктан келип чыгат дегени ырас окшойт экөө ойлончу маселе жок. Баары жетиштүү. Бир гана ортодогу мамилени сактап калуу гана жетиштүү. Феруза окууда. Кайненеси Салия да келинге киришип, үстөмдүк кылганды жактырбайт. Махабаттын көзүн карап кызым деп кагылып турат. Аңдыганы эле Махабат качан кош бойлуу болуп бизди сүйүнтөт деп. Ал аңгыча кыш да келди.
Феруза кышкы эгзамендерин тапшырып айылга сапар тартты. Канчалык жеңесин ойлобоюн десе да оюна биринчи кезекте жеңеси келет.
-Эх атаке сенин жоктугуң кандай жаман. Эки агам үйлөнүп балдары менен бапырап жашап жатышат. Байзак агам үйлөндү. Баары жетиштүү. Бир гана сен жоксуң деп көздөрүнөн жаштары агып жатты.
Феруза атасы Искендерди эстегенде эле балачактагы эркелиги эске түшөт.


-Салия балдар каякта.
-келдиңби деги байболгур тамактын бышканы качан. Сени күтүп балдар ачка калды.
-Ой жарыктык бере бербейсиңби
-Тамактын башын үйдүн кожоюну ооз тийиш керек. Деп жылмайып койду Искендерге Салия.
-Балдар азыр суу алып келгени кетти. Кызың үйдө. Аңгыча эле шымы жок, мурдунан суусу агып аркы бөлмөдөн Феруза чыгып атасын көздөй чуркады
-Оо менин ханышам менин сулуу кызым десе сагынып кеттимгоо сени деп кызын бооруна басты.
-Кече жаңы салынган сарайды көрүп келдим. Бүтөөрү менен өйүздөгү жылкыларды айдап келем. Малчы табыш керек.
-Искендер мынча байлыкты эмне ала кетмек белек өзүңдү кыйнабачы
-Жоок Салия сен экөобүздөй балдарыбыз кыйналбасын, эл кийбегенди кийип эл ичпегенди ичиш керек менин балдарым. Экөөбүзгө окшоп өксүктө калбай окушсун. Туурабы ханышам деп Ферузанын бетинен өөп саамайынан жыттап койду.
мына ушунун баары элес-булас көз алдына тартылып Феруза ойлуу келе жатты.

Билдирүүнү түзөткөн: General.kg: 23 Январь 2018 - 16:04

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   sumaika   23 Январь 2018 - 22:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

мынча аз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Sushi_wok   24 Январь 2018 - 17:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Сенде жазуу чеберчилиги бар. Айтайын дегеним, коркомдоп жазуу колундан келет. Бирок сага атайын бир идеяны бериш керек да ,жаздырып коруу керек! Т.б айтсам,бул чыгарман менен эмнени айткын келди, чыгарман аталышына жооп бере алабы ,ушул сыяктуу дагы бир катар суроолорго озундо жооп издеп кор да, эгер жообун тапсан, токтоп калбай,улант! Баштадынбы, бар аракетинди аягына чыгарууга жумша!
Бул буйрук беруу эмес,болгону жазган адам жоопкерчиликти сезиш керек!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   mederkg   29 Январь 2018 - 21:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 73
  • Катталган: 24 Апрель 16
  • Соңку аракети: 02 Июн 2020 21:43
  • Жынысы:Эркек

Автор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   regina86   29 Январь 2018 - 23:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 03 Январь 16
  • Соңку аракети: 13 Мар 2018 15:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Жаны чыгарма жазылып буткондур деп окусам эми эле башталгпн окшойи
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Mydearzh   01 Февраль 2018 - 22:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

Данек эже авторду качырган корунот ; )
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   s.sweet   02 Февраль 2018 - 10:49

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 10 Август 16
  • Соңку аракети: 04 Янв 2019 23:06
  • Жынысы:Аялзаты

улантагой эми авторжан плииз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Sultana17   02 Февраль 2018 - 11:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 63
  • Катталган: 31 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2018 16:25

Автор улантыныз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Sushi_wok   02 Февраль 2018 - 18:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Просмотр сообщения Mydearzh (01 Февраль 2018 - 22:11) жазган:

Данек эже авторду качырган корунот ; )

Кой э, андай эместир:)
Можеть аябай ойлонуп жаткандыр, буйруса, улантат деп умут кылам!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 22:09

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: