Толкундар шыбырайт. Толкундар шыбырайт.
#323 19 Январь 2018 - 20:58
Торот уйу!
Адеми жаны кыйналып,нары бери басып коридордо журот. Жан чыдатпаган оорудан бир эсине келип ,бир озун жоготот.
Эсине Гулбарчын апа келди.
"Кагылайын апакем ай! Сен бир эле кун эмес,мени жарыкка келтирген кундон баштап,олооруно чейин азабымды тарттын! Мен болсо аз гана ооруга чыдабай жатам! Азыр жанымда болгонундачы, менден отуп азап тартмаксын! Мени коруп жатсан керек ээ апоов? Жардам берчи апоов, мен да сен ээ болгон, энелик бакытка ээ болоюн!
Жалгызым апам,сенин баркынды эми билип жатам, ушунча азап менен,жанынды ачытып,бул дуйного келген экенмин да, апа, менден ыраазы болчу суранам апа!"
Жаны козуно корунуп, бир мунот да апасын эсинен чыгарбай ыйлай берди.
Ушул мезгилге чейин тарткан азаптары бир тен, азыркысы бир тен болуп турду.
Толкунбек жанына келди эле ,жакын жолотпой койду:
-Суранам, жаныма келбениз! Сизди коруп ансайын кыйналып жатам!
-Тикенек!?
-Толкун суранам!
Аргасыз сыртта кутууго туура келди.
Бул абал ,эртеси туш оогонго чейин уланды. Адеминин таптакыр шайы кетип,чарчап калды. Чачы жазылып, ыйлай берип коздору шишип кеткен.
Врачтардын такай козомолундо болду. Бирок айтканынан кайтпай,жанына жакындарынан эч кимди киргизбей, тун кирээрде, ама-эсен тороп алды!
Баласын кокурогуно жаткырганда, баардык азаптарын унутту! Бир башкача сезимдерге кабылып,озун ушунчалык бактылуу сезди!
Бул сезим -Энелик сезим эле!
Уул!
Уул экен! "Мейли ким болсо да,негизгиси эми мен энемин,эми менин балам бар!
Балам! Бир аз кечигип келдин,бирок шугур, кечигип болсо да келгенине ыраазымын! "деп жатты ичинен.!
Суйунчу айтып чыккан медайымдарга Толкунбек, суйунчуну уучтап карматты:
-Озу кандай,абалы жакшыбы?
-Азыр жакшы,бирок аябай кыйналып калды!
-Сураныч жакшылап караныз! Ал менин тикенегим!
Медайым тушунбогондой карады:
-Эмне дейсиз?
-Ал мага керек,бардык чараны корунуз,жакшы каранызчы дейм!
-Аа албетте!
"Мына эми сен бактылуусун тикенегим,бактын бутун болду,озун билбеген жагдайда мени да чексиз бактылуу кылдын!"
Толкунбек кубанганын жашыра албай ,козуно жаштар тегеренди!
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 19 Январь 2018 - 21:02
#324 19 Январь 2018 - 21:03
#325 19 Январь 2018 - 22:20
#326 20 Январь 2018 - 00:31
Неме, Авторго ыраазычылыгымды билдирейин деген элем. Азаматсыз! Кутобуз.
#328 20 Январь 2018 - 11:12
#329 20 Январь 2018 - 11:53
-Айланайын,озун эсенсинби?
-Ооба эже,буйруса жашымын,озунузчу качан келесиз?
Дамира шыр жооп берди:
-Жакында барам садагам,буйруса биротоло барам!
-Мен сизди куткондон чарчай элекмин эже, качан келсениз да кучак жайып кутуп алам!
-Билем синдим,аз калды! Бала карагандан кыйналасын жалгыз, озум карашам!
-Рахмат эже,жок дебесинизди билгемин,кутом!
Дамира коптон бери ойлоп жургон чечимин,мынтип Адеминин торошу тездетип жиберди.
Албетте,жашоосу жаман эмес,бирок озу мусулман боло туруп,орус улутундагы адам менен жашап журушу,анын ар бир кунун санаа менен откорчу.
Баарын билет,тушунот, бирок кетип кала албай,аябай эзилген.
Мына, эми бараар жери да бар,кутоор адамы да бар,эч нерсени ойлобой кете берсе болот.
Баласы Болот оз алдынча кичинекей жеке фирма ачып,жумуштары бир топ жакшы журушуп жатат. Кызы да мектепти жакшы окуйт,барып жаны мектепке конуп эле кетсе болду.
Эн кыйыны Антонго кантип тушундуруу керек,ошону ойлоп жатты, бирок ал тушунуктуу адам,анын устуно буларга ажырашып кетуу ,ото деле оор маселе эмес го,эл эмне деп коркуп отурушпайт.
Кантсе да ушунча жылдан бери жашашты,аздыр- коптур ,жакшы-жаманды бирге корушту, албетте жон эле ажырашып кетуу оной-олтон иш эмес.
Антондон Дамира куткондон да башкачараак реакция болду. Ал мусулман болбосо,тушунбой ,башкача коз караш менен карашы, турган эле иш да.:
-Это так важно?
-Прости меня пожалуйста?
-Почему?
-Антон,я тебе очень блогадарно, за всё, потому что ты очень замечательный человек! Ну пойми ,я уже устала, я хочу жить как говорить моё сердце?
- А я? Как буду жить без тебя , я же так любила тебя?
-Я знаю, но теперь я не могу так жить,извини пожалуйста?
-Деми?
-Антон прощу тебя,отпусти меня?
Антонго деле оной болбоду. Ушунча жылдан бери бирге жашап,абдан конуп калыптыр. Анын устуно качан келсе тамагы даяр,уйу таза! Орус аялдарына салыштырмалуу оор басырыктуу, бир да катуу уну чыкпаган, бул аялдан кийин, кандай жашаарын билбей турду. Баардык нерсени акча менен чечем деп ойлоптур, оюндагыдай жасап,акчадан ,каржыдан оксу кылбай турса эле,кете албайт деп ойлоптур. Себеби Дамиранын айылга барса кирээр уйу,тосуп алаар жакындары,ата энеси жок экенин жакшы билчу,анан да ортобузда нике жок деп,кээде журогун эзип бир нерселерди айтып , ыйлап калчу, ошондо ото конул коюп ,эмне деп жатканына , терен маани берип корбоптур! Корсо адашыптыр.!
Кетип калат экен эми!
Баарыбир акыры ушундай болмок. Дамира устунон оор жукту алып таштагандай болуп женилдей тушту. Ичи сыйрылып,бул ар дайым боорукер,айтканын аткарып,конулуно карап,эн жакшы жолдош болуп берген,ушул кок коздуу мырзаны,эми корбой турганын эстеп, ичи ачышып турду. Бирок эми кетенчиктей бергенден пайда жок.
Бир жуманын ичинде документтерин тууралап,кызын мектептен чыгарып, майда-барат жумуштарын бутуруп, Антон менен коштошуп,жолго чыкты!
Кош! Кош менин оз уйумдой болуп калган,канча коз жаштарыма себеп болгон,канча кубанычыма шериктеш болгон,кенен шаар!
Кош,буйруса мен оз уйумо,оз жериме кайтып баратам! Эми келбейм,келсем да сени аралап,жон гана эс алуу учун келем!
Кош!
Козунон аккан жаштарын, женилдене аарчып, бир бактысыз аял кетип баратты!
Жок,бактысыз эмес ал! Ал эми келечекте балдарынын жакшылыгын корот,небере жыттап,бактылуу чон эне , таене болот!
Буйруса ал кундор алыс эмес,созсуз келет!
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 20 Январь 2018 - 11:58
#330 20 Январь 2018 - 12:10
Береке табышсын, врачтар абдан жакшы карашты,ар эки уч саат сайын баласын эмиздирип кетишет. Коп кучактап жатышына уруксат беришпейт,эми уйуно аман-эсен чыгып кетсе ,анан уулу экоо каалашынча жытташып жатышат.
Жатып алып ойгт батты:
"Мына бакыт деген! Баардык дуйнон наристе алдында, анын жагымдуу жытынын алдында тукко да арзыбайт турбайбы?
Назар,мени коруп жатасынбы? Карачы мен эне болдум! Озун айтпадын беле,жалгыз журбой бактынды тап деп! Мына мен таптым! Баламдан, Толкундан таптым!
Туура бул бакыт деген, мага сени менен бирге келсе сонун болмок,бирок кесири кылбайынчы, негизгиси келди го?
Сен да менден ыраазы бол,мен сенден эки дуйно ыраазымын! "
Эшик тараптан ундор угулуп, палатага кучак толо гул менен Толкун кирип келди. Акырын келип мандайынан опту:
-Тикенегим! Куттуктаймын!
Адеминин козуно жаш тегерене тушту:
-Рахмат сизге!
-Эмне учун,гулдор учунбу?
-Жок,барыныз учун!
Толкунбек ийилип,эриндеринен ооп койду:
-Сенин барын учун,мага жолукканын учун рахмат сага жаным!
-Кантип кирдиниз,ичкери киргизишпейт го?
-Жолун таптым! Бул гулдор сизге! Озунузду абайлан, мен дагы келем тикенек!
-Макул!
#331 20 Январь 2018 - 14:30
#332 20 Январь 2018 - 18:48
#333 20 Январь 2018 - 21:27
#335 21 Январь 2018 - 11:54
-Эмне болду сизге ?
-Эч нерсе?
-Бир жериниз ооруп турабы?
-Жок,баары жакшы,эмнеге андай дейсин?
-Билбесем, жон эле сураганым?
-Жакшы элемин, чайын даярбы?
-Ооба келиниз!
Жай эртен мененки чайын ичип, жумушуна жоноду. Баласы да чоноюп,там-тун басып калган,ар куну ар кылыгы чыгып,элжиребей кое албайсын адам! Кундо эртен менен, ошол турган маалда туруп конуп калган,турбаса, жанына келип,белинен нары ашып,бери ашып,чачтарын жулуп,айласын кетирет. Аргасыз козун ачып,баласын кучактап ооп-ооп алат.
Мына жашоо деген,мына тиричилик деген. Мурда керт башын гана багып журсо ,эми мойнуна куйоолук,аталык милдет жуктолгон,аларды багам,уй-жай кылам деп,иштеп жургон убагы.
Мадина жакшы аял болуп берди. Адемиге болгондой ,орттонгон сезими болбосо да,акырындап ийге келуудо.
Адеминин балалуу болгонун укканда,кокурогунон бироо чымчып,узуп алгандай,ооруксунуу болду!
Атандын кору,тубун оюлгур дунуйо! Колдогу бар бакыттын баркын билбей, озундо жок нерселерге, умтула берген адам баласы! Башынан эле ушундай беле?
Жумуштан чыгып торот уйуно барды. Албетте жамандык оюнда жок,бирок эмнегедир бир нерсе,устунон оор болуп басып тургандай!
Адеми жеке палатада озу жаткандыктан, медайымдан кайра -кайра суранып жатып,аран алдына кирди. Адеми дубалга таянып,нары- бери басып журуптур. Байжигитти коруп,жузунон кубанычтар жайнап кетти:
-Байжи? Сени келбесе керек деп ойлоп жаткам.
-Кандайсын Адиш? Ал эмне дегенин кантип келбей коймокмун?
-Жакшы,жакшы шугур?
-Куттуктайм!
-Рахмат Байжи!
Столго отуруп,бир топ аркы-беркини суйлошуп олтурушту:
-Эми бактылуусунбу?
-Кудайга шугур! Эмнеге мынтип сурап жатасын?
-Жон эле оюма келип кетти да, баса, бул гулдор сага?
-Ыраазымын Байжи! Эч убакта мени конул сыртында калтырбаганын учун! Келгенинден тобом кокко жетти,чынында, Мадина кандай журот,уулунчу?
-Менде баары жакшы,кабатыр болбо!
-Тынч болсон эле болду!
-Мен барайын анда,дагы суйлошобуз да,эмне керек болсо айт!
-Ага, мейли,менде баары бар Байжи!
Байжигит ойго батты!
"Бактылуу болчу,менин ширин арманым! Сени коруп, мен эми таптакыр башка адам болуп калганымды билдим,сенин коздорундогу кубанычты коруп,эми чындап бактылуу экенине козум жетти!
Жарыгым,сага эне болгон сонун жарашыптыр!
Ылайым, ушул козундогу жайнаган мээрим эч качан очпосо экен!
Кош!"
Унаасын катуулап айдады. Анткени эми аны уйдо кутоор адамы бар!
Ошол зарыгып куткон адамын,ушул эмгек эргууго чыккан убагында ,созсуз,каякадыр алып барып, эс алдырып келууну ойлоп турду!
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 21 Январь 2018 - 11:57
#336 21 Январь 2018 - 16:09
Уйуно чыгарып баргандан баштап жанында болду. Врачтар эми Адемини этият болуусун,денсоолугуна жакшылап конул буруусун,колдон келсе ,эми дагы бала тороо жонундо ойлонбой туруусун эскертишти. Омурундо бала карап корбогон Адемиге, Дамирасыз кыйын болмок экен. Жуундуруп, кийиндирип, абдан эле чон жардамы тийди.
Ысым коюуга келгенде Адеми:
-Зарыгып журуп таптым,Зарлык коелубу ?деген оюн айтты:
-Ошол зарыгып журуп,ушул бакытка жеттин, атын Бакыт деп коебуз!деди Толкунбек!
Ошентип,Толкунбектин айтуусу менен уулуна, Бакыт деп ысым ыйгарышты!
Адеми эми капаланбай, мундуу тартып ойлоно бербей, мурунку ,шайыр,тамашакой абалына кайтты. Анткени эми жанында Бакыты бар!
Эртели кеч жанында болуп,кундун кандай отуп кеткенин байкабай калат. Убактылуу жумушунан да чыкты. Эми уулун жакшылап,чонойтуп алса моорой ушунуку!
Уулу уктап жатканда нары бери жумуштарын бутуруп алат. Кээде тун ортосуна чейин уктабай Бакытты уктата албай убара болот. Мындай кубанычка,туйшукко ширелген кундор бат эле зуулдап отуп жатты.
Ал ортодо Назик Дубайга барып келип журду. Байке,женесине жардамдашып, жумуш таап алдыда ошол менен алектенип журду. Толкунбек менее мамилеси озгоргон жок, ошол бойдон сакталып калды. Ортодо балдар чоноюп жатты.
Адеминин балдарга арнап жазган жыйнагын, китеп кылып чыгарсакпы деп ойлонуп журду Толкунбек. Бирок Адеми каршы болуп койду.
Оюнда,эми ушунча басып откон ,ары кайгылуу,ары суйунучтуу омур таржымалын жазсамбы деп журду.
Толкунбек да бул оюн кубаттап,созсуз жазуу керек деп,дем-куч берип турду.
Текчеде толтура дуйнолук адабият китептери турат. Бул китептер,Толкунбекке да , Адемиге да эн керектуу буюмдар!
Эмне жонундо,кантип жазуу керектигин, экоо аябай талкуулашат. Адеминин жазып жатканын коруп, Толкунбек, тан калбай кое албайт,анткени ал,бир баштаса шыр эле жазып кете берчу,ушунча ой турмогун,создун тазасын кантип ойлонуп улгурот,тушуно албайт. Бирок ар дайым колдойт. Жазгысы келген учурда,керек болсо баланы колунан алып коет,кенири жазып алсын деп. Мындай корунуш Адемиге абдан эле жагат да.! Кээ кундору озу атайын,бир окуяны тузуп берет,жазып корууну сунуштайт,Адеми шыпылдатып жазып кирет,дээринде бар адамдын,жазганы да сонун чыгат.
Бирок турмушта башкача. Адеми тамашалап суйлосо, Толкунбек да чыдабай,кээде таарына кетет. Анткени Адеми мурунку оз калыбына келип жаткан эле. Жашоонун жалан гана кыйынчылыктарын коруп,эми аларды унутуп,ушул кундорго жеткенине кубанат.
Кундор ото берет экен.
Толкунбек кызуу уйкуда жаткан. Адеми турткулоп ойготту. Уйкулуу козун ушалап,ага карады:
-Эмне болду тикенек?
-Бакытты термете турунчу,кокус ойгонуп кетсе?
-Сиз каяка?
-Менин илхомум келип калды,бир аз жаза салайын!
Толкунбек аргасыз каткырып кулду:
-Тун жарымындабы?
-Ооба,эмнеси бар экен?
-Сизге тушунуп болбойт деги, кандай адамсыз?
-Выйй,ал эмне дегениниз,карап турасызбы жокпу?
-Мындай шартта жазбаныз да?
-Ой оюма сонун нерселер келди,анын баарын качырып жибергенге болбойт,болун эми?
-Мындай десениз, мен улуу жазуучуларга, акындарга ишенбей калам,мындай деп айтпаныз,тикенегим?
-Эмнеге?
-Алар баарыбир ой жугуртуусу, коз караштары менен бизден бир тепкич ойдо турат!
Адеми ойлонуп туруп калды:
-Кордунузбу Толкун,мен ошондуктан китеп чыгаргым келбейт. Мендей жонокой адам кантип, ушундай чыгармаларды жаратсын деп,башкалар да ишенбей калуусунан корком!
Толкунбек ойдо болуп,саамайынан сылады:
-Андай дебениз,барын жазын,Бакытты мен карап турам!
-Рахмат!
Ордунан шаша туруп,столго отуруп,жарыкты куйгузуп бирдемелерди, шыпылдатып жазып кирди!
Толкунбек ичинен ,ушул озу кичинекей гана болгон,бирок ичинде чексиз кенен дуйно жаткан, таза жанды жактырып калганына,ишенбей карап турду.
Ошентип убакыт отуп жатты.
Бир куну Толкунбек сырттан аксап кирди.
Адеми колундагы жумушун таштап,бери жугурду. Жоготуудан журоктору безилдеп калган ал, адеп эле бир шуу дей тушту:
-Эмне болду бутунузга?
Толкунбек куло суйлоду:
-Парашютум жанбай калды!
Адеми башын чайкады:
-Сизге тамаша болсо эле болду,мындай кылынчы короюн?
-Эч нерсе болбоду,тайып кетип эле кайрып алдым,бираз оорутуп жатат!
Адеми Толкунбектин бутун дарылап,Бакыт экоо уктап калса да ,копко чейин уктай албай отурду!
"Оо жараткан,эми мени булардан ажырата корбо! Суранам! Эми чыдай албайм!" деп жатты ичинен!
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 21 Январь 2018 - 16:24
#338 21 Январь 2018 - 18:41
Гулдорго суу коюп,короодо жургон. Назикти коро сала, сууну бекитти да бери коздой басты:
-Назик эже? Келиниз?
Назик унчукпай кирип келди:
-Келдим кандайсын?
-Жаман эмес эже, журунуз ичкери кириниз!
-Жок мен ушул эле жерден кетем!
Адеми Назиктин коздоруно карады. Эч кандай жамандыгы жок,эрке ,жароокер коздор!:
-Эже анда суу жээктеп,суйлошуп келелиби,эгер киргиниз келбесе?
-Мейли жур!
Бакытты бешиктен чечип, кийиндирип алып, коляскага салып, судуроп алды.
Назик Адеминин колундагы суйкумдуу баланы коруп,аргасыз колуна алгысы келип кетти. Толкунбекке куюп койгондой окшош,бирок коздору апасыныкы:
-Берчи мага!
Адеми унчукпай кармата берди:
-Канча болуп калдынар?
-Сегиз айдан отуп калдык!
-Коз тийбесин,чоноюп калыпсынар!
-Айтканыныз келсин эже!
Экоо суу бойлоп басып отурушту. Созду Назик баштады:
-Айтчы бактылуусунбу?
Адеми терен ушкурду:
-Эже бакыт деген эмне, озунуз айтынызчы?
-Билбейм, мен учун бакыт,тогун- чачын жашоо,балдарым, жакшы турмушум болсо,ошол бакыт дечумун! Корсо андан да маанилуурок нерселер бар экен жашоодо!
-Эже бакыты бутун,телегейи тегиз адам болбойт окшойт жашоодо! Мисалга озубузду алалы,албарстыдай болуп,экообуз тен бир эркекти жакшы коргонубуз. !
Менде баары тегиз десем, сиздин бактыныз жарым,сизде бутун болсо, Толкунбектин бактысы жарым, аны толтуруу учун ,дагы башканын ортодо бактысы сынык! Негизи айта берсек соз коп экен. Андан коро ушул насип кылган нерселерди гана жашап, барына шугур кылып,каниет кылып, бул кыры коп, кубанычынан да кайгысы кобуроок, тапкандан да жоготуу кобуроок жашоонун манызын издебей эле,жашаш керек турбайбы деп ойлоп калдым!
-Айткандарын туура,бирок мен мындай создорго ото эле тушуно бербейм!
-Билем эже,ошондуктан да тушунушум керек деп озунузду озунуз зордогонунуз деле туура эмес!
Назик Адемиге тигиле карады;
-Адеми?
-Эже?
Эки аял кучакташып турушту. Коздорундо кубанычтын, кайгынын, жашоонун жаштары сарыгып агып жатты! Эми алар бирин бири тушунот, эми капа эмес биринен бири.! Кечиришти алар!
Жанында коляскада отурган кичинекей Бакыт гана, бул нерселерди тушунбой,экоону карап,колдорун сербендетип, кулуп жатат!
Балким ал да, булардын кубанычына ортоктош болуп, кубанып жаткандыр!
Бул жашоонун сыноолору ушунусу менен эле бутпойт тура.! Бакыт тогуз айга караганда,Адеминин боюна бутуп калды. Врачтар ото кооптуу, торогону болбойт дешти. Бирок Адеми когоруп туруп алды,торойм деп. Толкунбек болсо чебеленет:
-Тикенек,сиз озунузду ойлон,балабыз жок эмес бар го?
-Ооба билем, бирок бул да жараткандын белеги, ким билет,мумкун баары жакшы болоор, Бакытка шерик болот,жалгыздын куну курусун, мен билем жалгыздык эмне экенин!
-Адеми тушунсонуз, эгер кокус,бир нерсе болуп кетсе, мен , Бакыт эмне болот, ошону ойлондунузбу?
Адеми моюн толгоп туруп алды:
-Бар тобокел Толкун, кудайым озу жардам берет, мен баланы алдырбаймын!
Толкунбектин айласы кетти. Бирок колунан эч нерсе келбеди.
Ай кунуно жеткен Адемини ооруканага алып келди. Он-алеттен кеткен Адемини коруп, баары коркуп турушту. Дамира баш болгон, Байжигит, Мадиналар да ушул жерде.
Байжигит бир ордунда тура албай,нары -бери басат. Кучун кимден чыгараарын билбей кыжынат.Бул жолу Назик да келди:
-Адеми,озунду бош карма,коркпо!
-Эже,эгер мага бирдеме болсо Бакыт озунузго аманат, сизге ишенем эже!
-Ишен! Бирок коркпо,баары жакшы болот!
Оор операция жолу менен торотуп алышты. Кыз! Жок кыздар ,эгиз кыздар!
Бир нары барып, бери келген Адеми, убакыттын отушу менен,арандан озуно келе баштады.
Оозуна сала берген экен,кудайым озу жар ,озу жардамчы, ниетине жараша болду!
Толкунбек биринчи кирди:
-Тикенек! Айтканды укпайсыз,эми мындай кылсаныз,сизди кечирбеймин! Канчалык коркконумду билесизби?
Адеми алсыз жылмайды;
-Наристелерим кандай?
-Баары жакшы,алардан кыжалат болбонуз!
-Толкун мен эгиз болушун,биринчи кундон тарта сурангамын, кудайым тилектерими кабыл кылды!
-Ооба, менда сиздин аман калышынызды ушунчалык сурангамын, кудайга шугур,кайра кордум сизди!
-Баарынарга рахмат! Мени бактылуу кылганынар учун баарынарга ыраазымын! Кыздарыма озум ысым койсом болобу Толкун?
Колдорун бекем кармап турган Толкунбек башын ийкеди:
-Макул,буларды сиз сурап алдыныз,озунуз коюнуз!
-Наристе! Периште!болсунчу!
Толкунбек козунон аккан жашьы,билдирбей аарчыды:
-Макул ошондой болсун!
Аман эсен коз жарып, озунун аман калганын уккан сырттагылар, баары шуу ушкурушту.
Байжигит сыртка чыгып кетти, болбосо кубанычтан ыйлап жибермек! Назик жылмайды:
-Эми Бакытты озун чонойтосун!
Баарынан да Дамира аябай суйунду. Жан дуйного кулак салып, журогун тыншап жашоону уйроткон,азыркы жашоосуна озу жетелеп келген бул инсанды, азыр жоготсо, озуно кыйын болмок!
Айыгып,чурполорун бооруна баскан Адеми, бугун Толкунбек менен дениз жээгинде!
Бакыт болсо кумдарга чыбык менен сурот тартып ойноп,эч нерседен кабары жок, чуркап журот. Толкунбек анын артынан жай басып келе жатат.
Аппак жузун шамалга тоскон Адеми, жыланайлак, денизден келген абадан куманлануу менен дем алып, алыстарга коз учун жиберет!
"Мына менин бакытыма да, кайгыма да, негизи бутун жашоому башынан бери коруп келе жаткан толкундар!
Ушул мезгилге чейин канча жолу адашсам да, мудурулуп жыгылсам да, кайра туруп, баарына сабыр кылсам да, бир гана силер кубосунор буга ТОЛКУНДАР!
Ошондуктан, ар дайым менин жашоомдо "шыбырай берчгилечи мен суйгон толкундар! " "!!
КОРУТУНДУ!
Мына окурман, мен бул окуяны жыйвнтыктайт экенмин,ушул жерде мени кубаттап,дем берип,акырына чейин кызыгып окуган,ар бир окуган форумчуларга оз ыраазычылыгымды билдирип кетемин!
Суроолор боюнча, эгер мен бул нерсенин баарын оюмдан чыгарып жазып салсам,анда укмуш болуп кетпейминби?
Кино да турмуштан алынат,чыгарма да турмуштан алынып жазылат,ырлар да ушул эле турмуштан куралат.!
Айтайын дегеним чыгармадагы ар бир каарман учурда арабызда жашап жаткан,кадимки форумчуларыбыз! Албетте, Назардан башкасы арабызда бар. Эгер мунун баарын эле озум каалагандай кылып жазып салсам, анда баарын бактылуу кылып койбойт белем, Назарды сактап калбайт белем,аны да сактай албасам,ортодон эле бироону чыгара салып, Адемини ошол менен баш коштуруп салбайт белем?
Бирок бул тагдырлар! Бул турмуш!
Мен болгону артыкча суроолордон качып, баарын бириктирип, чыгарма катары ,коркомдоп,сиздерге сундум! Аттары озгортулуп берилди!
Толкунбек байке, эгер окуп жаткан болсонуз, эгер мен,сиздин жан дуйнонузго ото эле кирип барып,баарын ачып салсам,эгер адашкан болсом,же кандайдыр бир жерден туура эмес кадам таштап койгон болсом,муну менен сиздин жашоонузга кедергимди тийгизип койгон болсом,айтаарым, суранам мени кечириниз!
Албетте,окуп, созсуз пикиринизди калтырасыз деп умут кылам!
Дамира эже, эгер сиз издеген суроолорго, сизден оозунуп мен жооп берип койгон болсом,сиз да кечирин! Ал эми Адеми созсуз мени тушунооруно ,кечирээрине мен ишенем! Байжигитке да айтаарым ушул! Мен колумдан келишинче аракет кылдым,кескенин кесип,кошумчасын кошуп,алымчасын алдым,бирок тупку маанисине тийишкеним жок!
Жашоо -адамга бир эле жолу берилет,жана аябай кыска! Келгиле ушул кыска омурдо,бирбирибизге жаман айтпай, конулубузду которуп,бирбирибизди колдоп,кубаттап жашайлы! Керек болсо мактап, жакшы адам экенибизди бирбирибизге айталы,жаман жагыбызды чукуп сындагандын ордуна!
Жашоону ар бир адам озу кооздойт,анткени бул ар кимдин озунун гана жашоосу! Мен бул жерде эркектерди экинчи аял алууга угуттогон да жерим жок, анткени ар бир эле эркек Толкунбек эмес,ар бир эле аял Назик менен Адеми эмес,боло да албайт!
Гонорары миллиондорду чапчыган,дуйнолук актёрлорго кызыкпа,же болбосо жылдыз болуп жанып,баарынын конул борборунда болгондорго кызыкпа,тим кой ,андай жашоо ошолордуку, а сенин жашоон башка! Сен озун каалаган,жандуйнон эс ала турган жашоону жаша!
Бул жерде баары Назикке боору ооруйт,бул турган кеп,бирок тагдырдын огой баласындай болуп,жалгыз калган Адемини , куноологонго эч кимдин акысы жок,бул да болсо,ага берилген жашоо мыйзамы!
Эгер ошондой болсо,эмнеге Толкунбек кетээрде," кетпечи"деп жалынбады. Ал биротоло кеткен жок,ортодо жашаса да эмнеге озгоруп кеткен жок,тамактын турун жасап,кеч болсо да озуно каратууга аракет кылган жок? Муну эми озу чечет!
Дуйно кен, бирок аны ар ким озунун карышы менен олчойт,ошондуктан баарыныздарга айтаарым, чыныгы журок ,жан дуйно тандаган жашоону,татыктуу жашап отунуздор!
Суйуу -бар! Суйуу бар учун,эне перзентин суйот,суйуу бар учун,эр-азаматтар мекенин суйуп,аны коргойт,суйуу бар учун адамдар бирибири суйуп, суйуу бар учун жашоо уланат!
Суйуу бар учун Жараткандын мээрими чексиз,анткени ал оз пенделерин суйот, ошондуктан кенен жер бетин, бейпил жашоону бизге,суйуп берген,биз пенделер ошол суйуунун кадырына жетели!
Ушул созумо кошулгандар да , кошулбай ичинен "хм, каяктагы суйуу?"дегендердин ичинде да ,созсуз бир адамга суйуу сезими бар, мен буга ишенем!
Анткени суйуу- бул жашоо!
Арасында орусча жазгандарым бар, оз тилибизде жазбаптыр дегендер бар экен,
-Эмне орусчаны тушунбойсуздорбу?
Эгер аны бурмаласам, маанисин жоготобу деп корктум,эгер колумдан келип,сиздер да тушунгонунуздордо ,япончо жерин япончо,англисче жерин англисче кылып жазмакмын! Бул эми китеп эмес, ошондуктан, грамматикалык жактан,башка жактан ката кетирсем,жалпыныздардан кечирим сурайм!
Баса белгилей кетуучу нерсе,RINATIK94 деген никтеги форумчуга, мен озгочо ыраазычылыгымды билдирип кетким келет!
Жазат десе эле баштап алган экенмин,аябай кыйналдым,техникалык катачылыктар болду,ошонун баарына акыр-аягына чейин комок-корсотуп, жазуу жолдорун уйротуп, мотивация берип, колдоп ,чыгарманы буткончо,жардамын берди!
Окуп жаткан болсон,чон рахмат сага!
Мен озубуздон улуу муундагы ага-эжелерибиздин да пикирин уккум келет,эгер окуп калсаныздар, ой-толгоолорунуздарды жазып отунуздор.! Балким арабыздан,ушул чыгарма ушул жерде чан басып,эскирип калбай,китеп болсун,жарыкка чыксын деген жарандарыбыз чыгып калаар!
Терен урматым менен,
ДАНЕК ТЕНИРБЕРДИЕВА!
Аягы!
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 21 Январь 2018 - 18:55