Овуляцияны андып ит эле болуп журом....мен андыганымы койбодум,же овулька болуп койбоду(((
Монолог Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#403 20 Январь 2018 - 03:12
Журогум батпайтко эч жака сыгылып эле билбейм не болуп атам озу .Кыйналдымбы же тушунбойм озумда тезираак оьуп кетсе экен бул кундор.
#404 20 Январь 2018 - 10:42
Мен ар дайым жакшы ойлор менен жашаган учун эчнерсе дей албаймын. Баарына кудайга шугур жана да баары жакшы боло берет иншааллах. Ар бир нерсени сабырдуулук менен женип келгем.
#405 20 Январь 2018 - 22:13
"Бардыгы сен үчүн..!" -жакшы сөз жан эритет.

В каждой шутке есть доля правды...
#406 21 Январь 2018 - 00:06
Эмне мынча жадырайсың жаз күнундөй өзүнчө эле...?! Болгон дүйнөмдү кытыгылап, бийликке отургуң барбы каралдым? Ха-ха-ха антпечи томпогум, канча жыл бийликте жүрдүң талтаңдап, өзүңдү өзүң билип өтүгүңдү төргө илип! Болду эми тамашалашпачы ай...! Дагы саясатыңды баштадыңбы?
Кайрадан бийликке умтулгандайсың тим эле! Калыстык болсун деп таза шайлоо өткөрдүк эле го, жеңип чыкканы бийлик кылат да эми. Себеби, анын стратегивлык пландары да мыкты. Өнүксө болот! Мээге жол бер, таарынба ЖҮРӨК!
#407 21 Январь 2018 - 02:25
Бир жакшыга бир жаман, бир кызгагчаака кызганбаган деген белем. Кызганбай турган таблетка болсо ичип ичип алмакмын да ээй. Озу башында повод берип койгондаа болбосочуу.
Эми минтип омур бою шек санап отомбу эээх. Э Кудаай сураныч мээмдеги жаман ойлордон арылтчы. Жана омурлук жарыма тооло тооло ыйман ынсап бер. Аминь!
I love my KYRGYZSTAN!
#408 21 Январь 2018 - 03:14
Анын "Тыптынч жерден жолугалычы.
.." деген сөзүнө "Жийдеденби?
" дедим,анан экөөбүз тең күлдүк.Күлкүбүздүн себеби,ызы-чуулу шаардын ортосунан "Жийдебизден"
жолугуу мүмкүн эмес эле.Биз буулугуп,ичибизде айтылчу сөздөр көбөйүп калганда тынч жер издеп калабыз...
Жийде.Биздин сырлардын,ырлардын, күлкүбүздүн жалгыз күбөсү - суунун жээгиндеги жалгыз жапжаш жийде багы болчу.Ал жерге бара элегиме төрт жыл болду.Ал жийде багы да чоңойгондур, биз сыяктуу чоң турмуштун казанында кайнап жаткандыр ким билет... Мүмкүн,бизди күтүп жүргөндүр,сагынгандыр. .. Мен дагы сагындым,аябай сагындым.Качан барарым белгисиз,балким эч качан барбайм...

Билдирүүнү түзөткөн: Syr_sandyk: 21 Январь 2018 - 03:17
<
#410 21 Январь 2018 - 13:44
...акыркы күндөрү жүрөгүмдүн ооруганы көбөйүп жатат, ушул мени ойго салат, монолог ....
....кайда! кантип? жүрөсүң кайбереним .....
#411 21 Январь 2018 - 13:58
Кудайым көптүн катарында бизге да бала берсин ылайым.Бала жытына зар кылбасынчы((
Кечке кабак-кашымды караган күйөөм,кайната- кайненемдердин алдында ыңгайсыз болуп кетем.Менин тез эле таарынып калышымды билишип бала тууралуу эч ким ооз ачпайт.
Сезип жүрөм күйөөм менден өтүп ойлонуп жүрөт...

#412 21 Январь 2018 - 16:09
Жалгыздык жанга баткан кез ((
Aşkta cesur olan kazanır *** Yesterday you said tomorrow
#414 21 Январь 2018 - 17:57
"Чарчадым дебе. Арканды узун ташта. Алдыда канча сыноо турат,биз аларга даяр турушубуз керек. Билем,сен күчтүүсүң. Андай жеңил ойлорго барбайсың. Эгер ошондой ойго жеткиргенге мен себепчи болсом кечирчи((((...
.....""
..Кичинекей гана сөз,арзыбаган гана көңүл буруу адамды кайра чыйралтууга күч берет. Мына ушундай жакының болсо,сен эч качан жеңилбейсин. ...Кудайга шүгүр..Мага жөлөк болчуу,ар дайым сырдашчуу адамдарым бар экенине. Бул бир гана бөлүгү. Жакындарыбыз жаныбызда болгондо барктап калалы...

#415 21 Январь 2018 - 18:17
Дуйно дегенин кызык экен го?! Же мен адашып жатамбы? Мумкун "адам" дегени кызыктыр? Бироонун дуйно таанымы кенири, кээ бироонуку болсо тар. Бироого кор, бироого зар. Ушунчалык жанталашканын коруп, ошол инсанга чын дилимен жардам бергим келди, сыйкырчы болгум келди. Жан дуйносу укмуштуудай таза, кыялкеч, бир гана кемчилиги ата-энеси колдошпойт.
Бироосун кордум, ата-энеси колдойт; озундо каалоо жок. Экоосун салыштырып олтуруп, бул дуйно дегенине тан калам...
#416 21 Январь 2018 - 22:55
Жамансың жакпайсың эч эле жакпайсың жек көрөм бирок.... өтө катуу сүйөм. СҮЙӨМ.СҮЙӨМ.
Неге экенин өзүм да билбейм.
Кызганчаак экенимди билесиң эң соонун билесиң. Атайын кызгандырайын дейсиң же чын эле ошол нерселерди кылып жатасың. Ушул кызгандырганың үчүн сени жек көрөм
Кызганчаак экенимди билесиң эң соонун билесиң. Атайын кызгандырайын дейсиң же чын эле ошол нерселерди кылып жатасың. Ушул кызгандырганың үчүн сени жек көрөм
#417 21 Январь 2018 - 23:29
Бир боорум жакынсын баралбаймын,
тагыраагы мурункудай эркелеп, мойнуна асылып кучактай албаймын.Билемин,
сеземин таарынып жургонунду.
Кечир, кечиринизчи деп, моюнундан шуу жыттап, кокуроктогу издерди жууп салгым келип жатат.Мени унутушту деп кабатырланаттырсыз.
Жок!!!
Журогумдун бир бурчундасыз, мен учун ааламдагы алмаштыргыс адамымсыз! !!
Кандай болбонуз, мен сизди ошондой жакшы коромун.Кучум да жетет, кечирим сурап, алдынызга ийилгенге, аз калды, мурункудай моюнундан жыттагым келет.Кудайым кечиришкендерди жакшы корот.

#418 22 Январь 2018 - 05:04
Ал кээде жакпай калат, суйлошкум келбей кетет, бирок кызганам, сагынам
)
#419 22 Январь 2018 - 11:44
Тообо адамдар ушунча да куу болобу? Кылган кылыктарын коруп туруп журогум ооруп кетип жатат. Негизи адамдарга пейилине жараша тагдыр жазат тура. Мейли, кантсе да турмушуна наалый бербей бактылуу болсо болду....
Билдирүүнү түзөткөн: momuntay: 22 Январь 2018 - 11:45
#420 22 Январь 2018 - 13:56
Жашоодон эмне каалап,ким болгум келгенин,эмнеге кызыгаарымды дале аңдап биле элекмин(Өз ордумду таппай жүрөм

Ишиң жок болсо да,максатың болсун!