Sushi_wok (21 Январь 2018 - 12:41) жазган:
Гулдорго суу коюп,короодо жургон. Назикти коро сала, сууну бекитти да бери коздой басты:
-Назик эже? Келиниз?
Назик унчукпай кирип келди:
-Келдим кандайсын?
-Жаман эмес эже, журунуз ичкери кириниз!
-Жок мен ушул эле жерден кетем!
Адеми Назиктин коздоруно карады. Эч кандай жамандыгы жок,эрке ,жароокер коздор!:
-Эже анда суу жээктеп,суйлошуп келелиби,эгер киргиниз келбесе?
-Мейли жур!
Бакытты бешиктен чечип, кийиндирип алып, коляскага салып, судуроп алды.
Назик Адеминин колундагы суйкумдуу баланы коруп,аргасыз колуна алгысы келип кетти. Толкунбекке куюп койгондой окшош,бирок коздору апасыныкы:
-Берчи мага!
Адеми унчукпай кармата берди:
-Канча болуп калдынар?
-Сегиз айдан отуп калдык!
-Коз тийбесин,чоноюп калыпсынар!
-Айтканыныз келсин эже!
Экоо суу бойлоп басып отурушту. Созду Назик баштады:
-Айтчы бактылуусунбу?
Адеми терен ушкурду:
-Эже бакыт деген эмне, озунуз айтынызчы?
-Билбейм, мен учун бакыт,тогун- чачын жашоо,балдарым, жакшы турмушум болсо,ошол бакыт дечумун! Корсо андан да маанилуурок нерселер бар экен жашоодо!
-Эже бакыты бутун,телегейи тегиз адам болбойт окшойт жашоодо! Мисалга озубузду алалы,албарстыдай болуп,экообуз тен бир эркекти жакшы коргонубуз. !
Менде баары тегиз десем, сиздин бактыныз жарым,сизде бутун болсо, Толкунбектин бактысы жарым, аны толтуруу учун ,дагы башканын ортодо бактысы сынык! Негизи айта берсек соз коп экен. Андан коро ушул насип кылган нерселерди гана жашап, барына шугур кылып,каниет кылып, бул кыры коп, кубанычынан да кайгысы кобуроок, тапкандан да жоготуу кобуроок жашоонун манызын издебей эле,жашаш керек турбайбы деп ойлоп калдым!
-Айткандарын туура,бирок мен мындай создорго ото эле тушуно бербейм!
-Билем эже,ошондуктан да тушунушум керек деп озунузду озунуз зордогонунуз деле туура эмес!
Назик Адемиге тигиле карады;
-Адеми?
-Эже?
Эки аял кучакташып турушту. Коздорундо кубанычтын, кайгынын, жашоонун жаштары сарыгып агып жатты! Эми алар бирин бири тушунот, эми капа эмес биринен бири.! Кечиришти алар!
Жанында коляскада отурган кичинекей Бакыт гана, бул нерселерди тушунбой,экоону карап,колдорун сербендетип, кулуп жатат!
Балким ал да, булардын кубанычына ортоктош болуп, кубанып жаткандыр!
Бул жашоонун сыноолору ушунусу менен эле бутпойт тура.! Бакыт тогуз айга караганда,Адеминин боюна бутуп калды. Врачтар ото кооптуу, торогону болбойт дешти. Бирок Адеми когоруп туруп алды,торойм деп. Толкунбек болсо чебеленет:
-Тикенек,сиз озунузду ойлон,балабыз жок эмес бар го?
-Ооба билем, бирок бул да жараткандын белеги, ким билет,мумкун баары жакшы болоор, Бакытка шерик болот,жалгыздын куну курусун, мен билем жалгыздык эмне экенин!
-Адеми тушунсонуз, эгер кокус,бир нерсе болуп кетсе, мен , Бакыт эмне болот, ошону ойлондунузбу?
Адеми моюн толгоп туруп алды:
-Бар тобокел Толкун, кудайым озу жардам берет, мен баланы алдырбаймын!
Толкунбектин айласы кетти. Бирок колунан эч нерсе келбеди.
Ай кунуно жеткен Адемини ооруканага алып келди. Он-алеттен кеткен Адемини коруп, баары коркуп турушту. Дамира баш болгон, Байжигит, Мадиналар да ушул жерде.
Байжигит бир ордунда тура албай,нары -бери басат. Кучун кимден чыгараарын билбей кыжынат.Бул жолу Назик да келди:
-Адеми,озунду бош карма,коркпо!
-Эже,эгер мага бирдеме болсо Бакыт озунузго аманат, сизге ишенем эже!
-Ишен! Бирок коркпо,баары жакшы болот!
Оор операция жолу менен торотуп алышты. Кыз! Жок кыздар ,эгиз кыздар!
Бир нары барып, бери келген Адеми, убакыттын отушу менен,арандан озуно келе баштады.
Оозуна сала берген экен,кудайым озу жар ,озу жардамчы, ниетине жараша болду!
Толкунбек биринчи кирди:
-Тикенек! Айтканды укпайсыз,эми мындай кылсаныз,сизди кечирбеймин! Канчалык коркконумду билесизби?
Адеми алсыз жылмайды;
-Наристелерим кандай?
-Баары жакшы,алардан кыжалат болбонуз!
-Толкун мен эгиз болушун,биринчи кундон тарта сурангамын, кудайым тилектерими кабыл кылды!
-Ооба, менда сиздин аман калышынызды ушунчалык сурангамын, кудайга шугур,кайра кордум сизди!
-Баарынарга рахмат! Мени бактылуу кылганынар учун баарынарга ыраазымын! Кыздарыма озум ысым койсом болобу Толкун?
Колдорун бекем кармап турган Толкунбек башын ийкеди:
-Макул,буларды сиз сурап алдыныз,озунуз коюнуз!
-Наристе! Периште!болсунчу!
Толкунбек козунон аккан жашьы,билдирбей аарчыды:
-Макул ошондой болсун!
Аман эсен коз жарып, озунун аман калганын уккан сырттагылар, баары шуу ушкурушту.
Байжигит сыртка чыгып кетти, болбосо кубанычтан ыйлап жибермек! Назик жылмайды:
-Эми Бакытты озун чонойтосун!
Баарынан да Дамира аябай суйунду. Жан дуйного кулак салып, журогун тыншап жашоону уйроткон,азыркы жашоосуна озу жетелеп келген бул инсанды, азыр жоготсо, озуно кыйын болмок!
Айыгып,чурполорун бооруна баскан Адеми, бугун Толкунбек менен дениз жээгинде!
Бакыт болсо кумдарга чыбык менен сурот тартып ойноп,эч нерседен кабары жок, чуркап журот. Толкунбек анын артынан жай басып келе жатат.
Аппак жузун шамалга тоскон Адеми, жыланайлак, денизден келген абадан куманлануу менен дем алып, алыстарга коз учун жиберет!
"Мына менин бакытыма да, кайгыма да, негизи бутун жашоому башынан бери коруп келе жаткан толкундар!
Ушул мезгилге чейин канча жолу адашсам да, мудурулуп жыгылсам да, кайра туруп, баарына сабыр кылсам да, бир гана силер кубосунор буга ТОЛКУНДАР!
Ошондуктан, ар дайым менин жашоомдо "шыбырай берчгилечи мен суйгон толкундар! " "!!
КОРУТУНДУ!
Мына окурман, мен бул окуяны жыйвнтыктайт экенмин,ушул жерде мени кубаттап,дем берип,акырына чейин кызыгып окуган,ар бир окуган форумчуларга оз ыраазычылыгымды билдирип кетемин!
Суроолор боюнча, эгер мен бул нерсенин баарын оюмдан чыгарып жазып салсам,анда укмуш болуп кетпейминби?
Кино да турмуштан алынат,чыгарма да турмуштан алынып жазылат,ырлар да ушул эле турмуштан куралат.!
Айтайын дегеним чыгармадагы ар бир каарман учурда арабызда жашап жаткан,кадимки форумчуларыбыз! Албетте, Назардан башкасы арабызда бар. Эгер мунун баарын эле озум каалагандай кылып жазып салсам, анда баарын бактылуу кылып койбойт белем, Назарды сактап калбайт белем,аны да сактай албасам,ортодон эле бироону чыгара салып, Адемини ошол менен баш коштуруп салбайт белем?
Бирок бул тагдырлар! Бул турмуш!
Мен болгону артыкча суроолордон качып, баарын бириктирип, чыгарма катары ,коркомдоп,сиздерге сундум! Аттары озгортулуп берилди!
Толкунбек байке, эгер окуп жаткан болсонуз, эгер мен,сиздин жан дуйнонузго ото эле кирип барып,баарын ачып салсам,эгер адашкан болсом,же кандайдыр бир жерден туура эмес кадам таштап койгон болсом,муну менен сиздин жашоонузга кедергимди тийгизип койгон болсом,айтаарым, суранам мени кечириниз!
Албетте,окуп, созсуз пикиринизди калтырасыз деп умут кылам!
Дамира эже, эгер сиз издеген суроолорго, сизден оозунуп мен жооп берип койгон болсом,сиз да кечирин! Ал эми Адеми созсуз мени тушунооруно ,кечирээрине мен ишенем! Байжигитке да айтаарым ушул! Мен колумдан келишинче аракет кылдым,кескенин кесип,кошумчасын кошуп,алымчасын алдым,бирок тупку маанисине тийишкеним жок!
Жашоо -адамга бир эле жолу берилет,жана аябай кыска! Келгиле ушул кыска омурдо,бирбирибизге жаман айтпай, конулубузду которуп,бирбирибизди колдоп,кубаттап жашайлы! Керек болсо мактап, жакшы адам экенибизди бирбирибизге айталы,жаман жагыбызды чукуп сындагандын ордуна!
Жашоону ар бир адам озу кооздойт,анткени бул ар кимдин озунун гана жашоосу! Мен бул жерде эркектерди экинчи аял алууга угуттогон да жерим жок, анткени ар бир эле эркек Толкунбек эмес,ар бир эле аял Назик менен Адеми эмес,боло да албайт!
Гонорары миллиондорду чапчыган,дуйнолук актёрлорго кызыкпа,же болбосо жылдыз болуп жанып,баарынын конул борборунда болгондорго кызыкпа,тим кой ,андай жашоо ошолордуку, а сенин жашоон башка! Сен озун каалаган,жандуйнон эс ала турган жашоону жаша!
Бул жерде баары Назикке боору ооруйт,бул турган кеп,бирок тагдырдын огой баласындай болуп,жалгыз калган Адемини , куноологонго эч кимдин акысы жок,бул да болсо,ага берилген жашоо мыйзамы!
Эгер ошондой болсо,эмнеге Толкунбек кетээрде," кетпечи"деп жалынбады. Ал биротоло кеткен жок,ортодо жашаса да эмнеге озгоруп кеткен жок,тамактын турун жасап,кеч болсо да озуно каратууга аракет кылган жок? Муну эми озу чечет!
Дуйно кен, бирок аны ар ким озунун карышы менен олчойт,ошондуктан баарыныздарга айтаарым, чыныгы журок ,жан дуйно тандаган жашоону,татыктуу жашап отунуздор!
Суйуу -бар! Суйуу бар учун,эне перзентин суйот,суйуу бар учун,эр-азаматтар мекенин суйуп,аны коргойт,суйуу бар учун адамдар бирибири суйуп, суйуу бар учун жашоо уланат!
Суйуу бар учун Жараткандын мээрими чексиз,анткени ал оз пенделерин суйот, ошондуктан кенен жер бетин, бейпил жашоону бизге,суйуп берген,биз пенделер ошол суйуунун кадырына жетели!
Ушул созумо кошулгандар да , кошулбай ичинен "хм, каяктагы суйуу?"дегендердин ичинде да ,созсуз бир адамга суйуу сезими бар, мен буга ишенем!
Анткени суйуу- бул жашоо!
Арасында орусча жазгандарым бар, оз тилибизде жазбаптыр дегендер бар экен,
-Эмне орусчаны тушунбойсуздорбу?
Эгер аны бурмаласам, маанисин жоготобу деп корктум,эгер колумдан келип,сиздер да тушунгонунуздордо ,япончо жерин япончо,англисче жерин англисче кылып жазмакмын! Бул эми китеп эмес, ошондуктан, грамматикалык жактан,башка жактан ката кетирсем,жалпыныздардан кечирим сурайм!
Баса белгилей кетуучу нерсе,RINATIK94 деген никтеги форумчуга, мен озгочо ыраазычылыгымды билдирип кетким келет!
Жазат десе эле баштап алган экенмин,аябай кыйналдым,техникалык катачылыктар болду,ошонун баарына акыр-аягына чейин комок-корсотуп, жазуу жолдорун уйротуп, мотивация берип, колдоп ,чыгарманы буткончо,жардамын берди!
Окуп жаткан болсон,чон рахмат сага!
Мен озубуздон улуу муундагы ага-эжелерибиздин да пикирин уккум келет,эгер окуп калсаныздар, ой-толгоолорунуздарды жазып отунуздор.! Балким арабыздан,ушул чыгарма ушул жерде чан басып,эскирип калбай,китеп болсун,жарыкка чыксын деген жарандарыбыз чыгып калаар!
Терен урматым менен,
ДАНЕК ТЕНИРБЕРДИЕВА!
Аягы!