Кыздарга сиз деп кайрылсам ынгайсыз болушат
#1 20 Январь 2018 - 23:48
Мага чоочун адамдын баарына кобунчо сиз деп кайрылам. Бул жон гана сый жана сылыктык деп тушуном. Бирок кыздар, мен сизден улуу экенимди кайдан билдиниз дешет.
#2 21 Январь 2018 - 00:00
Өзүн дагы деле жаш сезсе керек да(сиздин жашыңызды эске алганда).)))
:)
#3 21 Январь 2018 - 00:07
Сиз десе эч нерсе эмес. "Эже" десе озуму кары элестетип жиберем).
#4 21 Январь 2018 - 00:47
Мен конуп калганмын. Жалган айтпай чынын айтсам жумушума байланыштуу 30дан откон эркектер деле сиз деп кайрылчу. Башында кызыктай болчумун, кийин конуп калдым.
#5 21 Январь 2018 - 04:46
Мен өзүм менен тең кызды сиз деп жүрө бериптирмин.
94-жылкы экен деп ойлоп. Кийин сразу сенге өттүм го уялбай эле
Билдирүүнү түзөткөн: Lion.: 21 Январь 2018 - 04:47
#7 21 Январь 2018 - 21:59
#8 22 Январь 2018 - 00:06
Өзүмөн чоң байкелер бүгүн "сиз", "эже" дештиго чиркин. Узун кийинип, жоолук салынып алсам чоң көрүнсөм керек...
#9 22 Январь 2018 - 02:10
Кызга сиз деп кайрылуу бул сый урмат бирок кээбир кыздар туура эмес кабыл алуусу мумкун
#10 22 Январь 2018 - 03:53
Оштон аэропорттон чыксам, бир форма кийген бала эже ал жака эмес бул жака деди эле, ошол жерде настр олду го. Жаш кыздарга эле окшоп кийинип турсам, корунушум деле чон эмес болсо неге эже дейт деп, карангыда корбой калды деп сооротуп койдум. Мурун чон коруносун дешсе жакчу кайра, чон болгум келип. Азыр "ты замужем?"
"дети есть?", "тебе всего 19?" деген суроолор маанайымы тушурот. Ошого балдар "эже" деп эч кимге кайрылбай эле койгулачы, "сиз" деп каалашынарча кайрылгыла,
негизи тааныбаган адамдын баарына "сиз" деп кайрылыш керек. Кыргыздар сен десе билинбейт, тааныбаган орустар сен деп кайрылса жаман болом 50 жаштагы адам болсо да.
Salam baaryna
#12 24 Январь 2018 - 02:09
#13 24 Январь 2018 - 17:34
Жакшы тааныбаган адам сиз деп кайрылса туура эле кабыл алам, мен сен деп айтсан болот дегенден кийин да сиз дей берсе ошондо туура эмес кабыл алам)))
#14 24 Январь 2018 - 19:59
Сиз десен таанышыш оной болотда) сразу озу жылынды сурайтко, ошентип таанышып кетесин анан.

#15 24 Январь 2018 - 20:03
Сиз деп кайрылган бир гана инсанды сыйлайм! А так ,сен деп эле кайрыла бергилечи дейт элем мырзаларга!
#16 24 Январь 2018 - 20:48
сиз деп кайрылгандар жакпайт..(мен тааныган кичине болсо сиз дей берсин))). анан мен да тааныбагандарды сен деп суйлойм... (бир аке ал сенин тарбиянан коз каранды деди эле..)))*
сиз деп уйроно албайм койдум тааныбагандарды((
сиз деп уйроно албайм койдум тааныбагандарды((
#17 24 Январь 2018 - 21:36
Мен кээбир мен тендуу кыздарды ынгайсыз кылыш учун сиз деп коем.
#18 24 Январь 2018 - 21:37
Анда,аяшкаларды сиз десек оздорун чон элестетип капа болуп журушобу ошондо?

#19 24 Январь 2018 - 21:54
#20 25 Январь 2018 - 10:49
Ыңгайсыз болосун, албетте. Мен көбүнчө тааныбандарымды "силер"
деп көптүк түрдө айтам. Сен да, сиз да жок эле.
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....