Эгемендик берген менен эркиндик.
Эркиндикте оспой кайра кертилдик.
Элдин тени четте журот чачылып.
Аа бу десен баягы эле кор тирлик((
Эгемендик берген менен азаттык.
Азаттыктан жанга пайда аз таптык.
Атажуртту которуунун ордуна.
Ага карай ме сага деп таш аттык.
Эгемен деп копкон менен опкобуз.
Оз тагдырын чечалбаган олкобуз.
Сайга карай тартып жатса ар кими.
Ачуу чындык чыгалбайбыз орго биз((
Ар бир акын куйгонунон жазаттыр.
Кээ бирлерге бирок бул бир мазактыр.
Бир зор келип али бир кун буюрса.
Олкобузду коколотот карап тур!
Жеп ичкендин кусмайы бар бир куну.
Оо бир эстуу жандан уккам мен муну.
Элин жерин суйбогондор силерди.
Кылыш керек бомборбия кер гуду))
Е.Т.И
Таир Ерматовдун ыр булагы!
#182 24 March 2016 - 06:57
Жасап сатып жүрө бербей самсасын.
Ала топу айдап келди танкасын.
Саныңар көп болгон менен сапат жок.
Кантип келсең ошол бойдон кайтасың.
Кыргыздарды оной олтоң ойлошот.
Алоолонгон жалын менен ойношот.
Кыргыз ай.көл бирок тийсен жинине.
Ар бириңди артист кылып ойнотот.
Эмне деген максатын бар кана жоо?
Не максатта келдин мында айтсан оо.
Силерге эмес чаяндары кең чөлдүн.
Жалгыз гана кыргыз үчүн Ала-Тоо!! !
Ниетиңер арам болсо келгиле.
Ошол арам оюңардан кечкиле.
Биз киришсек жаман болот аягы.
Тамтыгыңар чыга электе кеткиле.
Жалгыз кыргыз тен келээри кыркыңа.
Айдан ачык бул акыйкат уккула.
Кыргызымдын бейиш сымал жеринен.
ОО душмандар өлө электе чыккыла.
Е.Т.И
Ала топу айдап келди танкасын.
Саныңар көп болгон менен сапат жок.
Кантип келсең ошол бойдон кайтасың.
Кыргыздарды оной олтоң ойлошот.
Алоолонгон жалын менен ойношот.
Кыргыз ай.көл бирок тийсен жинине.
Ар бириңди артист кылып ойнотот.
Эмне деген максатын бар кана жоо?
Не максатта келдин мында айтсан оо.
Силерге эмес чаяндары кең чөлдүн.
Жалгыз гана кыргыз үчүн Ала-Тоо!! !
Ниетиңер арам болсо келгиле.
Ошол арам оюңардан кечкиле.
Биз киришсек жаман болот аягы.
Тамтыгыңар чыга электе кеткиле.
Жалгыз кыргыз тен келээри кыркыңа.
Айдан ачык бул акыйкат уккула.
Кыргызымдын бейиш сымал жеринен.
ОО душмандар өлө электе чыккыла.
Е.Т.И
#183 13 April 2016 - 19:07
Кетип жатып сүрүн көрүп мүрзөнүн.
Эмнегедир тып басылды күлгөнүм.
Канчалаган адамдардын типтирүү.
Коргон элем кечээ гана жүргөнүн.
Алар кайда? кечээ жүргөн алдымда.
Өлбөчүдөй сүр көрсөтүп тагдырга.
Ана эми ичээр суусу түгөнүп.
Ар кимиси жалгыз жатат кабырда.
Бир маалда демим чыкты кыстыгып.
Түшүнүксүз ой санаалар ышкырып.
Эртен эле мен да өлом алардай.
Деген ойдо жол уладым үшкүрүп.
Өз оюмдан өзүм корко баштадым.
Бир нерсени келип турду баштагым.
Эң алгачкы эң биринчи ошондо.
Кудай үчүн көз нымдалып жаштадым.
Баарын таштап мечит жака чуркадым.
Барба деген шайтан үнүн укпадым.
Ошол күнү намаз окуп алгачкы.
Ошол түнү аябай тынч уктадым.
Мына ошентип туура жолду тандадым.
Көп жагымсыз кылыктарды таштадым.
Мурдагыдай жашоомо наалыбай.
Бар нерсеме шүгүр кыла баштадым.
Сен да өкүн күнөөлөрдү армандап..
Ойлоп көрсөң ажал оңой ажал бат.
Меникиндей кирдеп кеткен дүйнөңдү.
Сен да мендей тазалап ал адамзат.
Е.Т.И
Эмнегедир тып басылды күлгөнүм.
Канчалаган адамдардын типтирүү.
Коргон элем кечээ гана жүргөнүн.
Алар кайда? кечээ жүргөн алдымда.
Өлбөчүдөй сүр көрсөтүп тагдырга.
Ана эми ичээр суусу түгөнүп.
Ар кимиси жалгыз жатат кабырда.
Бир маалда демим чыкты кыстыгып.
Түшүнүксүз ой санаалар ышкырып.
Эртен эле мен да өлом алардай.
Деген ойдо жол уладым үшкүрүп.
Өз оюмдан өзүм корко баштадым.
Бир нерсени келип турду баштагым.
Эң алгачкы эң биринчи ошондо.
Кудай үчүн көз нымдалып жаштадым.
Баарын таштап мечит жака чуркадым.
Барба деген шайтан үнүн укпадым.
Ошол күнү намаз окуп алгачкы.
Ошол түнү аябай тынч уктадым.
Мына ошентип туура жолду тандадым.
Көп жагымсыз кылыктарды таштадым.
Мурдагыдай жашоомо наалыбай.
Бар нерсеме шүгүр кыла баштадым.
Сен да өкүн күнөөлөрдү армандап..
Ойлоп көрсөң ажал оңой ажал бат.
Меникиндей кирдеп кеткен дүйнөңдү.
Сен да мендей тазалап ал адамзат.
Е.Т.И
#184 13 April 2016 - 19:11
Жат салттарга кобойтуп арабызды.
Туурап калдык кара бала кара кызды.
Унутулуп каадабыз бара - бара.
Биз кыргыздар кыргыз болбой калабызбы.
Туугандар э-ээй кез келди ойлонолу.
Ургулоп кеткенсийбиз ойгонолу.
Корунгондун салтына эге чыкпай.
Озубуздун салттарды колдонолу.
Мурдараакта биз мындай болбогонбуз.
Бирибизди бирибиз колдогонбуз.
Ит мышыктай ырылдап ызылдашпай.
Келечегин кыргыздын ойлогонбуз.
Барган сайын кыргызым майдаланып.
Бараткансыйт тар жолдо тайгаланып.
Ичтен чыккан душмандар болуп жарып.
Андан душман жаткансыйт пайдаланып.
Аял иштеп боюнан бала тушуп.
Сууктарда аялды алат ушук.
Ден-соолугун алдырган аялдардан.
Анан кантип турабыз бала кутуп.
Ойлонбогон элимдин бутундугун.
Чондор чыкты ойлогон кунумдугун.
Ушулардын сасыган саясатын.
Коруп алып умутсуз кунум бугун.
Бир кездерде эл элек бийиктеги.
Дал ошондой болууга бирик эми.
Майдаланбай аскадай болуу учун.
Дагы деле кеч эмес биригели .
Е.Т.И
Туурап калдык кара бала кара кызды.
Унутулуп каадабыз бара - бара.
Биз кыргыздар кыргыз болбой калабызбы.
Туугандар э-ээй кез келди ойлонолу.
Ургулоп кеткенсийбиз ойгонолу.
Корунгондун салтына эге чыкпай.
Озубуздун салттарды колдонолу.
Мурдараакта биз мындай болбогонбуз.
Бирибизди бирибиз колдогонбуз.
Ит мышыктай ырылдап ызылдашпай.
Келечегин кыргыздын ойлогонбуз.
Барган сайын кыргызым майдаланып.
Бараткансыйт тар жолдо тайгаланып.
Ичтен чыккан душмандар болуп жарып.
Андан душман жаткансыйт пайдаланып.
Аял иштеп боюнан бала тушуп.
Сууктарда аялды алат ушук.
Ден-соолугун алдырган аялдардан.
Анан кантип турабыз бала кутуп.
Ойлонбогон элимдин бутундугун.
Чондор чыкты ойлогон кунумдугун.
Ушулардын сасыган саясатын.
Коруп алып умутсуз кунум бугун.
Бир кездерде эл элек бийиктеги.
Дал ошондой болууга бирик эми.
Майдаланбай аскадай болуу учун.
Дагы деле кеч эмес биригели .
Е.Т.И
#185 16 April 2016 - 12:45
Мен жигитмин бир кылымга батпаган.
Бир кылымдан бир кылымга аттаган.
Создорумо ишенесин тууганым.
Туулган жыл кундорумду тактасан.
Торолгонум кайсы кылым? жыйырма.
Азыр кайсы? жыйырма бир кыйырда.
Аты жыты кетпесе да алыска.
Акынынар мына ушундай кыйын да))
Эки кылым салыштырсан ар башка.
Баары зор деп ооз барбайт алдашка.
Мурдакысы коп сыласа чекемден.
Азыркысы тээп турат жанбашка.
Мурдакысы заман эле жонокой.
Жыгылганын тик турганы жоломой.
Коп жакшылык калган ондуу унутта.
Азыркысы такыр эле болок эй.
Мурункуда бала болгом нак, таза.
Эркелеткен ата-энем аркада.
Азыркыда чон кишимин а бирок.
Андагыдай боло албаймын таптаза.
Бир кылымдан бир кылымга аттаган.
Создорумо ишенесин тууганым.
Туулган жыл кундорумду тактасан.
Торолгонум кайсы кылым? жыйырма.
Азыр кайсы? жыйырма бир кыйырда.
Аты жыты кетпесе да алыска.
Акынынар мына ушундай кыйын да))
Эки кылым салыштырсан ар башка.
Баары зор деп ооз барбайт алдашка.
Мурдакысы коп сыласа чекемден.
Азыркысы тээп турат жанбашка.
Мурдакысы заман эле жонокой.
Жыгылганын тик турганы жоломой.
Коп жакшылык калган ондуу унутта.
Азыркысы такыр эле болок эй.
Мурункуда бала болгом нак, таза.
Эркелеткен ата-энем аркада.
Азыркыда чон кишимин а бирок.
Андагыдай боло албаймын таптаза.
#186 16 April 2016 - 12:47
Токто жаштык токтой тургун жаштыгым.
Сага али таркай элек мастыгым.
Бир жакшылап кана электе моокумум.
Таштап мени кетем дейсин катыгун.
Токто жаштык ал жака да жетээрсин.
Шашканда не? шашкандан да бетерсин.
Ак жузумо бырыштарды калтырып.
Кези келсе келбес жака кетээрсин.
Токто жаштык суранганда кулак сал.
Кетпей турчу соолубасын булактар.
Топук кылсан э мынчалык чуркабай.
Кандай соонун сенде жургон убактар.
Токто жаштык мен суйо элек кыздар бар.
Канча канча мен ашпаган кырлар бар.
Ар бир куну тете болгон кылымга.
Кандай соонун сенде откон жыргалдар.
Токто жаштык угуп койчу адамды.
Сени менен копко болсом жаманбы.
Мен го мейли мындан бийик тилек бар.
Карылыка жетелебе апамды((
Токто жаштык тормузунду иштетчи.
Шуулдаган убакытты бир тепчи.
Бирок чиркин токтобойсун туурабы.
Мунун эмне айыкпаган илдетпи?
Токто жаштык бул акыркы сураарым.
Бирок сени токтото албай турамын.
Токто деймин бир саамга токточу.
Сага али таркай элек кумарым.
Токто жаштык коро электе чатакты.
Токтобосон чыгарамын бачакты.
Деп тамаша айткан менен жыштыктын.
Менден кетип жатканына жаш акты((
Е.Т.И
Сага али таркай элек мастыгым.
Бир жакшылап кана электе моокумум.
Таштап мени кетем дейсин катыгун.
Токто жаштык ал жака да жетээрсин.
Шашканда не? шашкандан да бетерсин.
Ак жузумо бырыштарды калтырып.
Кези келсе келбес жака кетээрсин.
Токто жаштык суранганда кулак сал.
Кетпей турчу соолубасын булактар.
Топук кылсан э мынчалык чуркабай.
Кандай соонун сенде жургон убактар.
Токто жаштык мен суйо элек кыздар бар.
Канча канча мен ашпаган кырлар бар.
Ар бир куну тете болгон кылымга.
Кандай соонун сенде откон жыргалдар.
Токто жаштык угуп койчу адамды.
Сени менен копко болсом жаманбы.
Мен го мейли мындан бийик тилек бар.
Карылыка жетелебе апамды((
Токто жаштык тормузунду иштетчи.
Шуулдаган убакытты бир тепчи.
Бирок чиркин токтобойсун туурабы.
Мунун эмне айыкпаган илдетпи?
Токто жаштык бул акыркы сураарым.
Бирок сени токтото албай турамын.
Токто деймин бир саамга токточу.
Сага али таркай элек кумарым.
Токто жаштык коро электе чатакты.
Токтобосон чыгарамын бачакты.
Деп тамаша айткан менен жыштыктын.
Менден кетип жатканына жаш акты((
Е.Т.И
#187 17 April 2016 - 18:36
Мен кыздардын жактырам толуктугун.
Ошондою туш болсо экен колуктунун.
Жана гана айтканымдай кызды кордум.
Оо журогум дукулдоп оолук бугун.
Кыялдарга кызыктай батып турам.
Суротуну журоко басып улам.
Эмне кылсам экен а таанышсамбы.
Конул турат кубанып толугунан.
Турпатынан балбылдап коздорум торт.
Озунчо эле жалындап коодонум орт.
Мага жаккан сулууга ээй жигиттер.
Жолобогун, жолосон олгонун черт))
Кой биринчи оолукпай таанышайын.
Тааныша элек кызганып наалабайын.
Чындап мендик болгондо ана ошондо.
Ким тийишсе акесин таанытайын)))
Диетаны оо кыздар унуткула.
Арыкта деп ким айтса урушкула.
Арык эмес откунчу бул омурдун.
Ыймандуусу болгонго тырышкыла.
Ошондою туш болсо экен колуктунун.
Жана гана айтканымдай кызды кордум.
Оо журогум дукулдоп оолук бугун.
Кыялдарга кызыктай батып турам.
Суротуну журоко басып улам.
Эмне кылсам экен а таанышсамбы.
Конул турат кубанып толугунан.
Турпатынан балбылдап коздорум торт.
Озунчо эле жалындап коодонум орт.
Мага жаккан сулууга ээй жигиттер.
Жолобогун, жолосон олгонун черт))
Кой биринчи оолукпай таанышайын.
Тааныша элек кызганып наалабайын.
Чындап мендик болгондо ана ошондо.
Ким тийишсе акесин таанытайын)))
Диетаны оо кыздар унуткула.
Арыкта деп ким айтса урушкула.
Арык эмес откунчу бул омурдун.
Ыймандуусу болгонго тырышкыла.
#191 27 January 2017 - 06:59
Фейсбукта,Однодо журо бербей бул жака дагы жазып турун ырларынызды.
)
Дүйнө сулуу Ислам менен.
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#193 16 February 2017 - 12:20
Аял алып аны багуу милдетпи?
Ушул жерден айта кетсем бир кепти.
Көп аялдар бүлөө багып жүрөт го?!
Көп эркектер унутканбы милдетти?????
Жазат десе жаза берет экен деп.
Кээ эркектер мени сөгөт энең деп.
Мени сөкпөй андан көрө эркектер.
Эркектигин алса боло бекемдеп.
Жазсам акыйкатты гана жазамын.
Ырларымда жалгандардан тазамын.
Аялдар көп эркектери карабай.
Тартып жүргөн бул турмуштун азабын.
Эркектердин жакшысы да толтура.
Бул өмүргө кубанычтан жол кура.
Үй-бүлөсүн чанып жүргөн эркектер.
Койгулачы, аман эле болгула.
бир ырынызды илип койдум мен дагы))
Ушул жерден айта кетсем бир кепти.
Көп аялдар бүлөө багып жүрөт го?!
Көп эркектер унутканбы милдетти?????
Жазат десе жаза берет экен деп.
Кээ эркектер мени сөгөт энең деп.
Мени сөкпөй андан көрө эркектер.
Эркектигин алса боло бекемдеп.
Жазсам акыйкатты гана жазамын.
Ырларымда жалгандардан тазамын.
Аялдар көп эркектери карабай.
Тартып жүргөн бул турмуштун азабын.
Эркектердин жакшысы да толтура.
Бул өмүргө кубанычтан жол кура.
Үй-бүлөсүн чанып жүргөн эркектер.
Койгулачы, аман эле болгула.
бир ырынызды илип койдум мен дагы))
#195 26 February 2017 - 06:54
Баракелде агай, ырларыныз соонун, дайым издеп таап окуймун, тамашалуу ырларыныз жагат.
#196 29 January 2018 - 14:52
Ат жакшысы аргымак, жорго болот.
Ыйман берсе, зөөкүр да молдо болот.
Акыйкатты ар дайым бек кармасак.
Бул өмүрдө көп нерсе колдо болот.
Чырай эмес, башкысы жүрөк дейбиз.
Нак сулуулук жүрөктө жүрөт дейбиз.
Анда неге таанышсак бирөө менен.
Таанышалек жөнөтчү сүрөт дейбиз.
Ит жакшысы өлүгүн жашырат дейт.
Миң күйүт да, акыры басылат дейт.
Ыймансыздар айыбын жабыш үчүн.
Ыймандууга жулкунуп асылат дейт.
Пенделердин бийиги "басык" болот.
Периштелер андайга ашык болот.
Иши кылып жакшылык кылган сайын.
Көөдөндөргө ыймандар ашып толот.
Пенде мурун баркталган эмгек менен.
Азыр байлык, жасалма келбет менен.
Айныганы коомдун ушулдур да.
Эркек жатат баш кошуп, эркек менен.
Таирбек Ерматов
Ыйман берсе, зөөкүр да молдо болот.
Акыйкатты ар дайым бек кармасак.
Бул өмүрдө көп нерсе колдо болот.
Чырай эмес, башкысы жүрөк дейбиз.
Нак сулуулук жүрөктө жүрөт дейбиз.
Анда неге таанышсак бирөө менен.
Таанышалек жөнөтчү сүрөт дейбиз.
Ит жакшысы өлүгүн жашырат дейт.
Миң күйүт да, акыры басылат дейт.
Ыймансыздар айыбын жабыш үчүн.
Ыймандууга жулкунуп асылат дейт.
Пенделердин бийиги "басык" болот.
Периштелер андайга ашык болот.
Иши кылып жакшылык кылган сайын.
Көөдөндөргө ыймандар ашып толот.
Пенде мурун баркталган эмгек менен.
Азыр байлык, жасалма келбет менен.
Айныганы коомдун ушулдур да.
Эркек жатат баш кошуп, эркек менен.
Таирбек Ерматов
#197 29 January 2018 - 14:54
Интернетте лента тытып баратсам.
Кат келиптир, тээ алыскы Таластан.
Кат ээси келишкен бир кыз экен.
Бой келбети, турпатына жарашкан.
Ырларыңды окуп турам брат дейт.
Көп ырлардан бийигирээк турат дейт.
Бу азыркы ырчылардын ырларын.
Уккум келбейт,,уксаң эле кулак жейт.
Ал мактаса бир аз турдум сактанып.
Кой анчалык зор эмес деп актанып.
Анан эле мурда мен да ырды зор.
Жаңчумун деп өзү кетти мактанып.
Бийди дагы тытамын дейт карасаң.
Ырдаймын дейт, кой деп кантип талашам.
Менин ырым мында калып ал өзүн.
Көпкө чейин мактап турду каражан.
Таирбек Ерматов
Кат келиптир, тээ алыскы Таластан.
Кат ээси келишкен бир кыз экен.
Бой келбети, турпатына жарашкан.
Ырларыңды окуп турам брат дейт.
Көп ырлардан бийигирээк турат дейт.
Бу азыркы ырчылардын ырларын.
Уккум келбейт,,уксаң эле кулак жейт.
Ал мактаса бир аз турдум сактанып.
Кой анчалык зор эмес деп актанып.
Анан эле мурда мен да ырды зор.
Жаңчумун деп өзү кетти мактанып.
Бийди дагы тытамын дейт карасаң.
Ырдаймын дейт, кой деп кантип талашам.
Менин ырым мында калып ал өзүн.
Көпкө чейин мактап турду каражан.
Таирбек Ерматов
#198 29 January 2018 - 14:55
Сүйүү деген, жылдыз терүү асмандан.
Сүйгөн жүрөк, айрылуудан жазганган.
Аны билбейм, сүйүү деген мен үчүн.
Манты, оромо терип ашоо каскандан))
Сүйүү деген ашып өтүү адырдан.
Эки жүрөк сүйүп турса кадыржан.
Бири сүйүп, бири койсо жактырбай.
Учуп эле өлгүң келет чатырдан.
Сүйүү деген учуп жүргөн көпөлөк.
Сүйгөн жүрөк, улам - улам көкөлөп.
Сүйүү десе эк деп жүргөн, сүйүүгө.
Таир деген баатыр калды чөгөлөп.
Таирбек Ерматов
Сүйгөн жүрөк, айрылуудан жазганган.
Аны билбейм, сүйүү деген мен үчүн.
Манты, оромо терип ашоо каскандан))
Сүйүү деген ашып өтүү адырдан.
Эки жүрөк сүйүп турса кадыржан.
Бири сүйүп, бири койсо жактырбай.
Учуп эле өлгүң келет чатырдан.
Сүйүү деген учуп жүргөн көпөлөк.
Сүйгөн жүрөк, улам - улам көкөлөп.
Сүйүү десе эк деп жүргөн, сүйүүгө.
Таир деген баатыр калды чөгөлөп.
Таирбек Ерматов
#199 29 January 2018 - 14:57
Заңгыратып там салганды сүйгөн кыргыз.
Эч нерсесин аябайт үйдөн кыргыз.
Аны салып, жер кепеде жашап албай.
Заңгыраган үйдө жашап үйрөн кыргыз.
Коноко деп, тапканын жыйган кыргыз.
Кичинекей үйлөргө сыйган кыргыз.
Кант жеймин деп сандыка колун сунса.
Конок жейт деп балдарын тыйган кыргыз.
Кыргыздар бар майдалап ташты жеген.
Кыргыздарга жарашат башчы деген.
Ден - соолугуң кандай деп сураганда.
Өлөйүн деп турса да, жакшы деген.
Жаңылык жок деп кыргыз бирден согот.
Жаңылыктын баарыны бирден төгөт.
Бакиевтен баардыгын көрчү эле.
Кийинкилер баарысын кимден көрөт.
Калпагыны бастырып кийген кыргыз.
Кымыз менен комузун сүйгөн кыргыз.
Баары жакшы, бир гана лапшаларга.
Жашаганды муюбай үйрөн кыргыз.
Таирбек Ерматов
Эч нерсесин аябайт үйдөн кыргыз.
Аны салып, жер кепеде жашап албай.
Заңгыраган үйдө жашап үйрөн кыргыз.
Коноко деп, тапканын жыйган кыргыз.
Кичинекей үйлөргө сыйган кыргыз.
Кант жеймин деп сандыка колун сунса.
Конок жейт деп балдарын тыйган кыргыз.
Кыргыздар бар майдалап ташты жеген.
Кыргыздарга жарашат башчы деген.
Ден - соолугуң кандай деп сураганда.
Өлөйүн деп турса да, жакшы деген.
Жаңылык жок деп кыргыз бирден согот.
Жаңылыктын баарыны бирден төгөт.
Бакиевтен баардыгын көрчү эле.
Кийинкилер баарысын кимден көрөт.
Калпагыны бастырып кийген кыргыз.
Кымыз менен комузун сүйгөн кыргыз.
Баары жакшы, бир гана лапшаларга.
Жашаганды муюбай үйрөн кыргыз.
Таирбек Ерматов
#200 29 January 2018 - 14:58
Түн бир убак, ой - санаалар бүтпөгөн.
Же уйку жок, эс алууну түптөгөн.
Бүгүн менден, жат немедей качасың.
Эх уйку эх, сенден муну күтпөгөм.
Жалгыз төшөк, баягы эле жалгыз мен.
Үмүт гана, көкүрөктө жалгыз дем.
Чарчап - чарчап, өтө кетет чаалыгып.
Көп нерсени ойлоп алып арсыз мээм.
Жалгыздыктын уйку эле дабаасы.
Ал да мени, чанды бүгүн чамасы.
Көп нерсенин келсе деле табылып.
Табылбады, жалгыздыктын чарасы.
Баары жубу менен дешет, ким билет.
Капкарангы, ичке алган түн түнөп.
Мейли кайра көздү жумуп көрөйүн.
Секин-секин, баратамын үргүлөп.
Таирбек Ерматов
Же уйку жок, эс алууну түптөгөн.
Бүгүн менден, жат немедей качасың.
Эх уйку эх, сенден муну күтпөгөм.
Жалгыз төшөк, баягы эле жалгыз мен.
Үмүт гана, көкүрөктө жалгыз дем.
Чарчап - чарчап, өтө кетет чаалыгып.
Көп нерсени ойлоп алып арсыз мээм.
Жалгыздыктын уйку эле дабаасы.
Ал да мени, чанды бүгүн чамасы.
Көп нерсенин келсе деле табылып.
Табылбады, жалгыздыктын чарасы.
Баары жубу менен дешет, ким билет.
Капкарангы, ичке алган түн түнөп.
Мейли кайра көздү жумуп көрөйүн.
Секин-секин, баратамын үргүлөп.
Таирбек Ерматов

Супер-Инфо
super.kg
видео









