Айыл дегенде эле цивилизациядан артта калган жерди эсептебеш керек, азыр айылда деле шартты түзүп коюшкан.
Кыздар, чынын айткылачы, келечекте айылда жашагыңар келеби же шаардабы? 21-кылымдын талабы?
#325 29 January 2018 - 12:07
наоборот айылда жашаган жакшы экен шаарга караганда тынч кобу айыл десе эле бутпогон жумуш деп ойлошот экен бирок айылда жумуш деле жок озум шаарда чоноюп айылга турмушка чыктым шаарда жашагандай эле этажкада жашайм бары жакшы кудайга шугур
#327 30 January 2018 - 00:44
Ойумду өзгөрттүм. Же башка айылга көчсөкпү. Жашоо өтө эле кыйын. Же бак дарак жок. Же жашылча бышпайт. Картошка эле бар. Суусу да алыс. Кышындасы өтө эле суук. Жазындасы шамааал. Кышта деле шамал. Бороон.
#328 30 January 2018 - 03:24
Айылда жашаган соонун. Айылдын жазы жагат. Жаныдан жаз башталганда,
кунгой жерлерге гулдун уруктарын себем. Тан атпай уйлардын моорогону, короз,тооктордун кыйкырганы,
суунун шаркыраганы.
Тээ тоо учунан кундун нуру коруно баштаган убагычы? Кочого, эшиктин алдына суу себип шыпарамын, суу себилгенден сон башкача жыттанат. Андан озунчо сергип ырахат алып, тапчанга тошолтуп дасторконуму жаям, агада мени менен жарыша кун нуруну жайа салат. Уйдогу уйкучулар тура баштайт, бирден жылмайышып,
коздорун ушалай. Чай ичип болгон сон ар ким оз ишине киришет. А мен себелеген гул уруктарымын жаныдан биринчи ачкан жалбырактарын байкайм. Суудан себелеп, астын жумшартып оной осушуно комоктошом.
Эх... Тезиреек жаз келсечи.......
#329 30 January 2018 - 03:30
Кыздар айылдан коркпогула,
эн соонун жашоо айылда. Эн башкысы айылдабы, шаардабы селерди сыйлап, урматтап, суйуп турган жарынарды туура тандагыла дейт элем.
#331 04 February 2018 - 16:24
"Так точно, товарищ капитан" деп колду чекеге коюп жолдошум кайда болсо биз дагы ошо жердебиз. ))
:)
#333 07 February 2018 - 11:13
Жайлоодо жаратылыш койнунда жашагысы келгендер жокпу.
Таза аба, суунун шырылдаган үнүн угуп, чымчыктардын сайраганын анан, малды саап сүт бышырып, каймак сары майларды кылып.
Ушак куба албайт гыйбат кыла албайт. Күнөөсү да азыраак болот, жашоосу керемет болот. Жокпу каалоочулар?
Таза аба, суунун шырылдаган үнүн угуп, чымчыктардын сайраганын анан, малды саап сүт бышырып, каймак сары майларды кылып.
Ушак куба албайт гыйбат кыла албайт. Күнөөсү да азыраак болот, жашоосу керемет болот. Жокпу каалоочулар?
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
#336 07 February 2018 - 23:47
"Так точно, товарищ капитан" деп колду чекеге коюп жолдошум кайда болсо биз дагы ошо жердебиз. ))
Жооп эмес бекен! Азамат.
#337 07 February 2018 - 23:56
Биз куйоом экообуз таанышкандале айткан айылда жашайбыз деп Мен сразу с удавольствием дегем. Азыр айылда жашайбыз Көлдө )
#338 10 February 2018 - 06:14
Айылда эле жашайм дейт элем, тоонун түбүнө келин болдум, кудайга шүгүр,
жаныбызда туптунук суулар агып турганы жакты,
жаныбызда туптунук суулар агып турганы жакты,
#339 10 February 2018 - 09:14

Супер-Инфо
super.kg
видео



















