Суперстан: Ооруп турат жүрөгүм.. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ооруп турат жүрөгүм.. Жашоо. Турмуш. Үй бүлө.

#1 Пользователь офлайн   lazygirl   08 Февраль 2018 - 04:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Амансыздарбы, урматтуу форумчулар.
Жүрөк сыры демекчи, жөн гана жүрөктөгү сырымды эмес, жашоомдогу болуп жаткан кырдаалды, турмуштун өйдө ылдыйына калчаганына алым жетпей сиздерден кеңеш сурайын деп , а балким дем күч алайын деп жазып аткандагы кербезим.
Сөз башынан болсун. Жашым 20 да. Мектепти бүтүп өзүм каалаган окууга тапшырдым. Жаңы чөйрө, жаңы достор. Окуу да башталып, үйдөгүлөргө оорчулук жаратпайын деп
жан далбастап күчүмдүн болушунча жакшы окуганы аракет кылдым. Окууну бүтөөрүмө бир жыл калганда үйгө өзүбүздүн эле айылдан
жуучу келди. Ата энем өзүң ойлонуп чечим чыгар деп тандоону мага коюшту. Ал убакта ал бала мени сүйөөрүн , мени күтүп жүргөнүн, дагы толгон токой жакшы сөздөрдү айтып аракет кылып жүрдү. Ушул убака чейин жигит жандап көрбөгөн жаным анын сөздөрүнө ишенип, " Сен сүйгөндү эмес, сени сүйгөндү сүй." деген сөздү туу тутуп макулдугумду бердим. Ошентип той болду , тойдун эртеси да болду. Күйөөмдүн ата энеси кичүү кезинде эле каза болуп калган. Кайын сиңдим окууда , үйдө экөөбүз эле калабыз. Болушунча кызматымды кылганы аракет кылдым. Жакшы эле жашап аттык. Бирок, кыркыбыз чыкпай жатып болор болбос нерсе үчүн биринчи ирээт колу тийди. Турмуш, мындай нерселер болуп турат деп унуттум. Баягы мени сүйөм деген, көзүмдү караган адам заматта башка адамдын кейпин кийип калды. Кээде туруп тойго чейинки адам менен тойдон кийинки адам таптакыр эле башка адамдай болуп өзгөрүп, ишене албай кетчүмүн. Убакыт өтө берди. Ошентип өзүмдү жооткотуп жүрүп себепсиз эле уруп, тээп, сабап салчуу болду. Ал ортодо боюмда да болуп кайра түшүп калды. А күйөөмдүн мамилеси ошол ошол. Башка нерсеге жини келип турса да мага келип , күчүн менден чыгарчуу адат тапты. Колуна илешкен нерсе менен уруп , менин катачылыгымды гана издеп калды. Ага жагынайын деп үйгө кирип аялдын , сыртка чыгып талааны ,мал жанды өзүм жайгарып эркектин ишин кылып калдым. Ушундан көрө бизге баш болгон кайын ата кайын энем болсо го, атаганат.. Лечение алып жүрүп боюмда бүтпөй, төрөбөс атка да кондум. Аба алмаштыралы , биз да чет жака чыгып иштеп келели деген сөзүмө , балалуу болбой эч жака кетпейм , иштебейм деп туруп алды. Макул дедим. Менин боштугум, анын көзү менен тең айланганым аны көптүрүп жибердиби , айтоор кет дей баштады. " Сени менен жашабайм, үйүңө кет. Жүк тагыңды да алып кет. Үйдү кулпулап, иштеп келип башкага үйлөнөм." деп кулагыма куя баштады. Кете алган жокмун. Кеткен чакта да ата энеме эмне деп айтам? Аларды ойго салгым келбеди. Төркүнүмө баратканда "Ылайым эле кайра келбей калсаң экен. " деп узатып калчу. Бир күнү дайымкыдай эле ошол сөздөрүн сүйлөп аткан. Унчукпай өз ишимди кылып атсам
- Эмне кетпейсиң ? деп сабап салды. Эптеп кеч кирип уктап калгам. Эртеси капыстан иним келип калды. Көрсө кечинде телефонума чалышса албай калыпмын. Кыжалат болуп келген экен. Бети башымдын көгөргөнүн көрүп , ой боюма койбой алып кетти. Ата энеме болгонун айттым. Бир жумадай үйдө жүрдүм. Чыккан кыз чийден сырткары демекчи , турмушка чыккан соң өз үйүңдө да жат болуп калат экенсиң. Атам күйөөмдү кел сүйлөшөлү десе араң келди. Болгон күнөөнү мага оодарып , өзү суудан курук чыга келди. Апам жаша деди. Дагы бир аракет кыл, жазга чейин көр деп жолго салды. Жаз өттү , жай өттү, күз да өттү.. Баягы , баягы жашоо. Ичип келип урмай, сөкмөй.. Дале болсо ошол сөздөрдү айтып жүргөн чагы. Ажырашайын дегеним менен кийинки жашоом кандай болот деп ойлоном. Турмуштан, күйөө аттуудан көңүлүм көк таштай калды.
Баса, докторлор менин төрөшүмдү, проблема күйөөмдүн ден соолугунда экенин айтышкан. Лечение алып да көрдү. Бирок өзүндө аракет жок.
А мен болсо, жакшы жашоодон , деги эле күйөөм менен өмүр бою жашап кетээриме көзүм жетпей калды. Жашоом туман болуп калды. Кайсы жазыгым үчүн бул азаптарды тартып атканымды да түшүнбөйм.. Күйөөмдүн мени менен иши деле жок. Турмушка чыгып жаткандагы аруу тилектеримди таш каптады. Түнт болуп үйдөн чыккым келбей кыйналып кеттим аябай . Мындан ары кандай жол тутаарымды билбей нес болуп жүргөн убагым.

Кеңешип кескен бармак оорубайт дегендей, Рая апага окшогон турмуштун ачуу таттуусун , оор кыйышын көргөн адамдардын кеңеши мага аябай керек болуп жаткан учуру. Сиздердин ар бир кеңешиңиздер мен үчүн маанилүү.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   lazygirl   08 Февраль 2018 - 04:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

P.S. Теманын мага тиешеси жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Respect.   08 Февраль 2018 - 04:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

Просмотр сообщения lazygirl (08 Февраль 2018 - 04:15) жазган:

P.S. Теманын мага тиешеси жок.


Теманы аягын чейин окугуча жүрөк сыгылып адамды кыжаалат кылып ийдиң го. Лейзи кыз качан турмушка чыгып, жаз күз кыш өткөрүп ийди экен деп коём...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   cholpon119966   08 Февраль 2018 - 09:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 774
  • Катталган: 16 Февраль 16
  • Соңку аракети: 04 Авг 2025 21:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Город 3722

Турмушка чыкканына канча болду? Азыр канчадасын?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Angel92   08 Февраль 2018 - 09:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Просмотр сообщения Respect. (08 Февраль 2018 - 04:27) жазган:

Теманы аягын чейин окугуча жүрөк сыгылып адамды кыжаалат кылып ийдиң го. Лейзи кыз качан турмушка чыгып, жаз күз кыш өткөрүп ийди экен деп коём...

Мен да кыжаалат болуп кеттим.Тиешеси жок болсо экен деп коем.
Т.б.Ажырашып эле кет.2-3жыл жашабайсын, бир омур жашайсын.Умут такыр жок болсо эмне кереги бар,малдан ылдый адамга гул омурду кор кылып
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Kamchybekova.Ch   08 Февраль 2018 - 10:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 566
  • Катталган: 04 Январь 15
  • Соңку аракети: 21 Сен 2023 11:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош. Өзгөн

Сага тиешеси болбогонду жазбай эле койсоң болмок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Kamchybekova.Ch   08 Февраль 2018 - 10:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 566
  • Катталган: 04 Январь 15
  • Соңку аракети: 21 Сен 2023 11:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош. Өзгөн

Башка бирөөгө кеңеш алып бермекчисиңби ошондо?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   lunaTik1   08 Февраль 2018 - 19:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 98
  • Катталган: 29 Май 16
  • Соңку аракети: 12 Сен 2018 22:07

Рая ападай копту коргон, баарын токтоолук менен чечкен инсандар да кенешин беришээр.

А менин оюм балким Кудайым сизге жол ачып аткан болбосун. Эгер балалуу болсонуз анда байланасыз да каласыз. Балким сизди башка бироо менен жаркын жашоо, жаркылдаган бала чака кутуп тургандыр.Балалуу болсок озгорот деген умутунузду четке таштаныз, мындай адамдан балдарыныз кандай тарбия алат да, кандай комок корот. Жаштайын ур токмок, согуш кара жумуш кутуп турган болбосун. Эгер озунузду ойлобосонуз да келечектеги балдарынызды ойлосонуз болмок, балага ата болчу инсанды сиз тандап тийип аткандан кийин, балага ата катары жакшы жаман мамиле кылганына да сиз себепчисиз. Элестетип кордунузбу балдарыныз бурчта ичтен сызып ыйлап отурса, сизди куйоонуз согуп уруп атса. Эркектин баары эле жаман эмес, буюрса жакшы адамга да жолугаарсыз жаш да экенсиз.

Эркектин балдарына берген эн чон белеги бул алардын апасына болгон урмат сыйы,суйуусу.

Ушинтип келтегин жеп журуп майып болуп калсаныз эмне болот ойлонуп кордунузбу? Ата-энениз гана козу откучо карайт, андан кийин Кудай эле сактасын.

Азыр сиз жалан гана жашоонун жаман жактарын ойлоп, мээнизге синирип, эч бир жакшы ой жок, эч бир акыл калчап кадам таштаганга аракетиниз жок болуп депрессияга тушуп калгандайсыз. Бул сиздин жашоо аны эч ким сиз учун жакшы жашап бербейт, эч ким жашоонузду гулдотуп ийбейт эгерде озунуздон аракет болбосо. Баарын озунуз сезип коруп билип турасыз, башка бироого караганда да озунуз баарын жакшы тушуносуз. Демек жакшылап отуруп акыл калчап кадам таштаныз. Бир ирет адашыпсыз, эми дагын адашпаныз. Али жашсыз омурунузду Кудайым узуун кылса жашоонуз али алдында, баардык жакшылыктарга аракет кылсаныз жетишесиз. Жаш эле озунузду жакшы жашагандардын катарынан чийип салбаныз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Sushi_wok   08 Февраль 2018 - 19:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Балалуу боло электе ажырашканын туура!
Бала байлайт, озунду эмес баланды деп жашап каласын.
Азыр эмнеден умут кылып турасын?
Жаш экенсин, денсоолугунду, нервинди кетирбей,оз алдынча жашоого аракет кылып кор!
Иште, оку, керек болсо дуйнону кыдыр, кордун эрдин кандай экенин, анан шашпай турсан, бир кун сенин кадырына жетээр жан табылат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   evidens   08 Февраль 2018 - 19:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 59
  • Катталган: 31 Май 16
  • Соңку аракети: 29 Апр 2019 12:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения lunaTik1 (08 Февраль 2018 - 19:23) жазган:

Рая ападай копту коргон, баарын токтоолук менен чечкен инсандар да кенешин беришээр.

А менин оюм балким Кудайым сизге жол ачып аткан болбосун. Эгер балалуу болсонуз анда байланасыз да каласыз. Балким сизди башка бироо менен жаркын жашоо, жаркылдаган бала чака кутуп тургандыр.Балалуу болсок озгорот деген умутунузду четке таштаныз, мындай адамдан балдарыныз кандай тарбия алат да, кандай комок корот. Жаштайын ур токмок, согуш кара жумуш кутуп турган болбосун. Эгер озунузду ойлобосонуз да келечектеги балдарынызды ойлосонуз болмок, балага ата болчу инсанды сиз тандап тийип аткандан кийин, балага ата катары жакшы жаман мамиле кылганына да сиз себепчисиз. Элестетип кордунузбу балдарыныз бурчта ичтен сызып ыйлап отурса, сизди куйоонуз согуп уруп атса. Эркектин баары эле жаман эмес, буюрса жакшы адамга да жолугаарсыз жаш да экенсиз.

Эркектин балдарына берген эн чон белеги бул алардын апасына болгон урмат сыйы,суйуусу.

Ушинтип келтегин жеп журуп майып болуп калсаныз эмне болот ойлонуп кордунузбу? Ата-энениз гана козу откучо карайт, андан кийин Кудай эле сактасын.

Азыр сиз жалан гана жашоонун жаман жактарын ойлоп, мээнизге синирип, эч бир жакшы ой жок, эч бир акыл калчап кадам таштаганга аракетиниз жок болуп депрессияга тушуп калгандайсыз. Бул сиздин жашоо аны эч ким сиз учун жакшы жашап бербейт, эч ким жашоонузду гулдотуп ийбейт эгерде озунуздон аракет болбосо. Баарын озунуз сезип коруп билип турасыз, башка бироого караганда да озунуз баарын жакшы тушуносуз. Демек жакшылап отуруп акыл калчап кадам таштаныз. Бир ирет адашыпсыз, эми дагын адашпаныз. Али жашсыз омурунузду Кудайым узуун кылса жашоонуз али алдында, баардык жакшылыктарга аракет кылсаныз жетишесиз. Жаш эле озунузду жакшы жашагандардын катарынан чийип салбаныз.

Туура айтасыз 100%кошулам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Mydearzh   08 Февраль 2018 - 20:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

Алганга чейин - алтыным, Алгандан кийин -катыным" болуптур да!
" Турмуш - тырмыш" деген созду коп уктум. Качанга чейин тырмышмаксыз. Балалуу болуп, балдар менен байлангычакты, биротоло токтотконунуз он го дейм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   lazygirl   14 Февраль 2018 - 15:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Просмотр сообщения cholpon119966 (08 Февраль 2018 - 09:44) жазган:

Турмушка чыкканына канча болду? Азыр канчадасын?

3 - жылга карап баратат. 97.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   lazygirl   14 Февраль 2018 - 15:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Просмотр сообщения Kamchybekova.Ch (08 Февраль 2018 - 10:24) жазган:

Сага тиешеси болбогонду жазбай эле койсоң болмок.

Өзүнүн почтасы жок болгону үчүн меникинен жазганы туура келди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   zarem.a   14 Февраль 2018 - 16:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 95
  • Катталган: 02 Апрель 17
  • Соңку аракети: 22 Фев 2018 19:45

Эмнени үмүт кылып атасыз?балалуу болсом өзгөрөт деппи??жок өзгөрбөйт балаңыз да кыйналат жана өзүңүз.Бул жашоо бир келет бизге жакшы жашоого,бактылуу болууга умтулуңуз.Азыр илгерки заман эмес ажырашсаңыз деле эч ким кеп кылбайт,эл эмне дейт деп өзүңүздү кыйнабаңыз. .тем более балалуу боло албаса бекер эле убакыт коротпой ажырашып жашооңузду оңдоңуз.Ажырашып эле күйөө издеп аңгактан качса дөңгөккө туш болбоңуз 5-6жыл иштеп материалный состояние топтоңуз жылдар өтүп жакшы адамга да жолугасыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Shokoladka94   14 Февраль 2018 - 17:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 622
  • Катталган: 26 Март 14
  • Соңку аракети: 19 Июл 2021 20:12
  • Жынысы:Аялзаты

Козун карап отура бербей оз алдынча кет, балалуу болсон ото татаалдашып кетет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Dimedra   14 Февраль 2018 - 20:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Бул бир жактын коз карашы ал Эми Экинчи жактын коз карашы башкадыр, аны билуу учун туз суйлошуу керек, жолдошунан сурап корбоппу не себептен антип жатканын, балким ал дагы уйлонуп жатканда башка нерсе кутсо керек,кантип эле уйлонуп эле кубалап жиберем деп уйлонмок эле эч Ким зордобосо. Ал дагы умуттор менен уйлонгондур. Адам эмнени коргусу келсе ошону гана корот дейт эмеспи, балким ал жолдошунан жамандык гана кутуп калгандыр, ойлор ишке ашат, жакшылыктарды ойлоп корсун. Акылдуу болуп кеттимби. ажырашыш оной сактап калыш кыйын, а бакытка карай жол кыйынчылыктардан турат да. Француз киносу бар "жашоо менин козум менен" деген жубайынын козу менен коргозот, аял эмгектенип жакшы жашоого умтулат жолдошун алдыга суйройт. Кайра эле ошол кинону жолдошунун козу менен чагылдырат
Ал аялы менен башка жонокой гана жашоону каалаганын аялы андан отуп коп эмгектенкенин каалабаганын озун аялынын алдында басынып калгандай сезгенин, кызганганын коргозот. Ортодо жон гана ачык суйлошуу жетишпейт, Ким эмнени каалап жатканын айтуу гана. Ошол себептен суйушуп уйлонгон эки жаш ажырашат. Бул турмушта болуп турчу корунуш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   aijyldyz   17 Февраль 2018 - 20:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

Просмотр сообщения zarem.a (14 Февраль 2018 - 16:48) жазган:

Эмнени үмүт кылып атасыз?балалуу болсом өзгөрөт деппи??жок өзгөрбөйт балаңыз да кыйналат жана өзүңүз.Бул жашоо бир келет бизге жакшы жашоого,бактылуу болууга умтулуңуз.Азыр илгерки заман эмес ажырашсаңыз деле эч ким кеп кылбайт,эл эмне дейт деп өзүңүздү кыйнабаңыз. .тем более балалуу боло албаса бекер эле убакыт коротпой ажырашып жашооңузду оңдоңуз.Ажырашып эле күйөө издеп аңгактан качса дөңгөккө туш болбоңуз 5-6жыл иштеп материалный состояние топтоңуз жылдар өтүп жакшы адамга да жолугасыз

***.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Deniza88   18 Февраль 2018 - 03:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 797
  • Катталган: 07 Август 14
  • Соңку аракети: 19 Июн 2024 01:54
  • Калаасы:Ай

Бала жок болсо неге антип кыйналып жашап
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Gulzina1993   18 Февраль 2018 - 03:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 38
  • Катталган: 14 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 19:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Ийри жыгач туз болбойт деп коюшат. Сизди сыйлабаса барктабаса эмнеге адамдык сапатынызды кетирип журосуз. Суйбогонго суйкунбо дегендей эле, эгер сизди суйбосо хоть 10 бала торосонуз деле барккынызды билбейт. Жапжаш экенсиз али баары алдыда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Komuzchu86   22 Февраль 2018 - 16:39

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 20 Февраль 18
  • Соңку аракети: 30 Мар 2020 18:22

Адамдар бироого кор, бироого зар деп коюшат эмеспи,андыктан баркынды билбегенге кадырынды кетирбей ажырашып жаны жашоо башта.Сен бул жарык жашоого бир гана жолу жараласын! Бактылуу бол!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Авг 2025 05:22

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: