Суперстан: Жалаң эски ырлардын текстин жазабыз... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жылдыздар жана биз
  • > Ыр дүйнө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жалаң эски ырлардын текстин жазабыз... Эски ырлар тексти

#141 Пользователь офлайн   Shaly2017   14 Март 2017 - 20:03

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 07 Март 17
  • Соңку аракети: 21 Дек 2020 08:07

Мен издеген ырды эч таба албадым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   mirbek99   28 Март 2017 - 20:13

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 30 Сен 2020 12:36

kantoro (20 Июль 2013 - 02:29) жазган:

Салам достор.
Мен бир ырдын атын эч таппай койдум. Обонун билем, бирок сөздөрү эсимде жок.
Адашпасам, Кайрат Примбердиев бирде Ысык-Көл фестивалында ырдап чыккан.
Вокал жактан аябай эле оор ыр. Сары-ой ырына окшоп кетет.

на-на-на-на бир гана на-на-на о-о-о-о-о-ой , на-на-на-на
на-на-на-на-на- на и-и-и-и-й на-на-на-на.

Кечиресиңер, бирок колумдан келишинче аракет кылдым түшүнуктүү жазганы.
Жардам бере алсаңар аябай кубанып калат элем.

Алдын ала ыракмат .




Издейм сени ,Ырысбай Абдыкадыров нанан дегенинден билдим
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   uul   13 Июль 2017 - 10:46

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 02 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 14:36
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:сокулук

Саламатсыздарбы? сай сагызган сайда кен, саналаш жарым кайда экен деген ырдын тесттин билгендер бары суранам таппай жатам болсо жазып коесуздарбы? рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   suranam   18 Июль 2017 - 13:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 13 Февраль 16
  • Соңку аракети: 22 Май 2019 14:32
  • Калаасы:Бишкек

Айбек Карымовдун Дил кайрык деген ырын таап бергилечи ?Сураныч
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   Nomad-kyrgyz   29 Июль 2017 - 16:48

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 10 Июль 17
  • Соңку аракети: 12 Дек 2019 14:24
  • Жынысы:Аялзаты

suranam (18 Июль 2017 - 07:57) жазган:

Айбек Карымовдун Дил кайрык деген ырын таап бергилечи ?Сураныч

Созу Н. Жакыповдуку
Обону А.Карымовдуку

Сага арнап жакшы ыр жазгым келип журот,
Санаага, сагынычка батып журок.
Жузумдой молтурогон жароокерим,
Жузого ашаар бекен аруу тилек!?

Толкуса конулунуз мени самап,
Тор жайган балыкчыдай колду карап.
Токтоосуз чалынсам дейм торунузга,
Мен болуп сиз энсеген алтын чабак.

Омурдун отчу кези откон кезде,
Откурлук оз айлымдан кочкон кезде.
Озокко чок таштадын, очпой турган,
Орукзар гулун кубуп токкон кезде.

Армандын ачуу даамын ким татпаган,
Ашыктык алоосуна ким батпаган.
Айыкпас оору болду таппай журуп,
Сиз берген жылуулукту мен башкадан.

Арбалып ай жузуно алда качан,
Айрылбай элесинден турсам бассам.
Тушалган туткун болдум бир озуно,
Ай перим чыгарып ал боор оорусан.

Жоодурай карап коюп бирибизге,
Жол таппай журуптурбуз дилибизде.
Ак суйуу нурун чачты мына бугун,
Жашыбыз тоскоол болбойт эми бизге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   Shaa-82   11 Август 2017 - 17:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 925
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2024 15:30
  • Жынысы:Аялзаты

uul (13 Июль 2017 - 10:46) жазган:

Саламатсыздарбы? сай сагызган сайда кен, саналаш жарым кайда экен деген ырдын тесттин билгендер бары суранам таппай жатам болсо жазып коесуздарбы? рахмат.


Сай сагызган ээй сайдакен,
Санаалаш жылкы жайда экен.
Сагынсам козго корунбос
Иий санаалаш курбум кайда экен?
ушундай беле же адашып кеттимби мурда ырдачумун комузда азыр коп ырлар эсимден чыгып кетти. Ала-Тоо таншыйт деген китепте баары бар ошону издеп коруш керек менда таппай журом ошол китепти.

Билдирүүнү түзөткөн: Shaa-82: 11 Август 2017 - 17:15

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   realmadrit95a   23 Август 2017 - 16:49

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 03 Янв 2019 12:49

Сулууларды көчөлөрдөн көп көрөм, Суктанамын, көз электен өткөрөм. Жылмаңдаймын баарысына тийишип, Жыйырмамда мен мынчалык көппөгөм. Шектенбесин көрүп-билген жакындар, Шериктешим, менде да бар асыл жар. Сууруп алам чечекейиң десең да, Сулууларга суктанууга акым бар. Олоң чачты көчөлөрдөн көп көрөм, Толкуп-ташып ошол замат өзгөрөм. Оолукканды сурабагын, айтпагын, Отуз жашта мен мынчалык көппөгөм. Шектенбесин көрүп-билген жакындар, Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар. Сууруп алам чечекейиң десең да, Сулууларга суктанууга акым бар. Кыркма чачты көчөлөрдөн көп көрөм, Кызыгамын, күйүп-жанып өрттөнөм. Кыялымда жанашамын бир басып, Жаш кезимде мен мынчалык көппөгөм. Шектенбесин көрүп-билген жакындар, Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар. Сууруп алам чечекейиң десең да, Сулууларга суктанууга акым бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   realmadrit95a   23 Август 2017 - 16:53

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 03 Янв 2019 12:49

Сөз,обону:Кубаныч Ажыбаев

Сулууларды көчөлөрдөн көп көрөм, Суктанамын, көз электен өткөрөм. Жылмаңдаймын баарысына тийишип, Жыйырмамда мен мынчалык көппөгөм. Шектенбесин көрүп-билген жакындар, Шериктешим, менде да бар асыл жар. Сууруп алам чечекейиң десең да, Сулууларга суктанууга акым бар. Олоң чачты көчөлөрдөн көп көрөм, Толкуп-ташып ошол замат өзгөрөм. Оолукканды сурабагын, айтпагын, Отуз жашта мен мынчалык көппөгөм.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар, Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар. Сууруп алам чечекейиң десең да, Сулууларга суктанууга акым бар. Кыркма чачты көчөлөрдөн көп көрөм, Кызыгамын, күйүп-жанып өрттөнөм.
Кыялымда жанашамын бир басып, Жаш кезимде мен мынчалык көппөгөм. Шектенбесин көрүп-билген жакындар, Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар. Сууруп алам чечекейиң десең да, Сулууларга суктанууга акым бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   Kanat.kg   06 Октябрь 2017 - 22:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Булут жалган булут баскан тоо жалган,
Жалган, жалган ушул аалам бүт жалган
Ушул ырдын тексттин таап бериниздерчи!

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 06 Октябрь 2017 - 22:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   pupsik98p   03 Ноябрь 2017 - 21:50

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 44
  • Катталган: 25 Июль 17
  • Соңку аракети: 26 Июл 2020 23:26
  • Жынысы:Аялзаты

Бек Борбиевдин ыры барлего ало ало дегенби
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   Istina1000   15 Декабрь 2017 - 05:23

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 8
  • Катталган: 10 Июнь 15
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 12:33

Кол тубундогу айыл

Аткаруучу; А. Керимбаев

Көл түбүндө эл жашаган жер калып,
Көркү анын унутулбас ырдалып.
Көп издээрбиз балалыктын элесин,
Көп кыз-жигит көл үстүндө ыргалып
Ээээээй, көк кайыкчан көл үстүндө ыргалып.

Кылаасынан сансыз жылдыз жаркырар,
Кыялымда кылым күүсү тартылат.
Тоолук жаштар, кайыгыңды токтотуп,
Токтогулдун ырларынан калпып ал,
Тоолук элдин күүлөрүнөн калпып ал.

Толкуп-ташкан чоң Нарын да буулду,
Кетенчиктеп кайра артка бурулду.
Токчулукка суусун болгон деңиздин,
Толкун күүсү тоодон ашып угулду, бүткүл элге угулду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   Istina1000   15 Декабрь 2017 - 05:25

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 8
  • Катталган: 10 Июнь 15
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 12:33

Түнкү ыр"

Сөзү:Шербет Келдибекованыкы
Обону:Түгөлбай Казаковдуку

Турам тыңшап селейип үн катпастан,
Дирилдеткен кусалык добушуңду.
Чертким келди менин да ушул күүнү,
Бирок корком албаймын комузумду.

Кайырма:
Жок, жок менин уккум келет башкача үндү,
Жазгырбас жарыгына ишеничтүү.
Жок, жок менин сезгим келет дүйнөдөгү,
Сагынычтын саргайбас албуут күчүн.

Коштоор элем мукамдуу батына албайм,
Үнсүз, тилсиз кысылат эт жүрөгүм.
Кимсиң деги бейтааныш күндүр – түндүр,
Сагынычтан, кусадан алсыраган.

Кайырма:

Турам тыңшап селейип үн катпастан,
Дирилдеткен кусалык добушуңду.
Чертким келди менин да ушул күүнү,
Бирок корком албаймын комузумду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   Istina1000   15 Декабрь 2017 - 05:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 8
  • Катталган: 10 Июнь 15
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 12:33

Аткаруучу: А. Нарбаева

Андан бери жылдар алмашты,
Кара чачты бубак кар басты.
Сүрсө дагы мезгил мезгилди,
Эстен кетпейт сүйүүм алгачкы.

Күн чартылдап, булут түнөрүп,
Үнсүз турдук сөздөр түгөнүп.
Терс бурулдум көздөн жаш ыргып,
Дегениңде "кош бол, түбөлүк".

Жаштык оргуп нурлуу жүзүңдөн,
Эрдиң таттуу ширин жүзүмдөн.
Аралыктын баарын багынтып,
Ар күн сайын көрөм түшүмдөн.

Самайм бирге жүргөн күнүмдү,
Уксам деймин назик үнүңдү.
Сууйт колуң сурайм сунбагын,
Эми мага кызыл гүлүңдү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   Istina1000   15 Декабрь 2017 - 05:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 8
  • Катталган: 10 Июнь 15
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 12:33

Бульварым. (Авторлорун билбейм)

Толгон өмүр жазы болуп турганың,
Толкундаткан жүрөк оту жыргалым.
Бишкегиме күндө жаңы көрк кошуп,
Гүл жыттанып, сүйкүмдөнөт бульварым.

Обонумдун күүсүн арнап ырдагын,
Ойлоруңдун гүлүн терип ыйгардым.
Жайы-кышы шайырланып, кулпунуп,
Жаштык кечтин салтанаты бульварым.

Сөөлөтүңдөн сага теңдеш таппадым,
Саймаланган жашыл ыраң жаш шаарым.
Сергектентип кары - жашка дем берген,
Сүйүү толгон сулуу көчөм бульварым.
Сансыз өмүр ырахатка бөлөнгөн,
Сыймык толгон сулуу аллей бульварым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   Istina1000   15 Декабрь 2017 - 05:32

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 8
  • Катталган: 10 Июнь 15
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 12:33

Артыковдун ырларын суйуп угам. Андыктан, авторлору ким экенин билбейм. Тапканыма суйунуп эле жаза калам

Балалыкка кайрылуу

Ак боз үйлөр жипке тизген шурудай,
Жашыл төрдүн ээлеп оюн- жылгасын.
Ак чуудалуу булут көчүп аскадан,
Тоо мемиреп тыңшап үнүн улардын.
Шүүдүрүмдү аралай чаап жүгүрүп,
Жашыл төрдө кулун, тайдай туйлаган,
Балалыкка күчөйт эңсөөм, кумарым.

Айлуу түндө сүтак сайрап маңдайда,
Акак таштуу булак ыры жаңырган.
Ак чөлмөктүн кызыгына берилип,
Жайдын жумшак буурул таңын атырган.
Чоң энемдин тыңшап сыйкыр жомогун,
Кыялдардын дүйнөсүнө тартылган,
Балалыкка күчөйт эңсөөм, кумарым.

Кашка-Суунун ак чабагын үркүтүп,
Жорго минип жол учугун улаган.
Ат жалында шамал менен жарышып,
Тоолуктардын мукам ырын ырдаган.
Өмүрүмдүн гүл азыгын, башатын,
Айта берип түгөтө албас эч качан,
Балалыкка, күчөйт эңсөөм, кумарым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   Istina1000   15 Декабрь 2017 - 05:37

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 8
  • Катталган: 10 Июнь 15
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 12:33

Аткаруучу: Кутман Жолдошев
Тексттин жана обондун автору: Арзыбек Бедияров

Өмүрдө өкүнүү бар, кубануу бар,
Өмүрдө бүтүү бар да, улануу бар.
Үзүлгөн жолду кайра жалгайлычы,
Өзүңдөн суусап күткөн сурануу бар.

Таарынба, ташта баарын, ташта баарын,
Эңсеткен сагынычтан башкаларын.
Желектей желбиретип жоолугуңду
Жолукчу, жоодураган акмаралым.

Алоолоп жүрөгүмдө жанган жалын,
Ак куу ким, сен ким, көлдө айыра албадым.
Сагынчым сабадагы саамал болду,
Таркатчы, жадыраган жайдарманым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   Istina1000   15 Декабрь 2017 - 05:40

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 8
  • Катталган: 10 Июнь 15
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 12:33

Аткаруучу; А. Керимбаев. (Копчулуктун журогунон орун алган, эн жеткиликтуу аткарылган жана обон жазылган ыр)

Булуттар

Кайчы откон тагдыр менен жолго чыгып
Силерди ак булуттар жолдош кылып
Мен келип алтын кумдуу кол жээгине
Олтурам эскеруудон ичтен сызып

Сезгендей айрылаарды коркоор элем
Алтын кум сен баарына орток элен
Очошуп бизди оксуткон жанылууга
Омурдун орун коздой жалгыз келем

Кайгыны каран тунум жарык кылаар
Каралдым жашоодо коп жакшылык бар
Сен азыр эмнени ойлоп турдун экен
Айдалып баратканда баратканда ак булуттар

Кол жээги касиеттуу колдун жээги
Корбодун откорбодун эмнелерди
Адашып суйгонумдон келдим сага
Суйуумду айла кылып кайрып берчи
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   altynkamikola   19 Январь 2018 - 19:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 131
  • Катталган: 08 Июнь 11
  • Соңку аракети: 11 Окт 2021 09:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бишкек

достор мен ушул ырды таппай журом.сураныч ким билсе жазып койгулачы.болжолдоп жаздым.
"апамды мен кут тогулгон уй десем
атам анын кармап турган туркугу.."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#159 Пользователь офлайн   Boltbektemiroff   15 Февраль 2018 - 04:00

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 19 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2021 17:44

Салам туугандар! Адашпасам бул ыр Бек Борбиевге таандык болушу керек толук билбейм текстин тапканы жардам бериниздерчи ?!
Кошулуп тоо ашуунун шамалына
..........
Бир гана асманда ай тан калгандай
Жылмайып кулуп койдун амалынан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#160 Пользователь офлайн   Neslihan   24 Февраль 2018 - 17:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 418
  • Катталган: 13 Февраль 17
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2018 11:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Тушаган сезимге багынып, 
Тумардай жүрөккө тагынып. 
Жүзүмө күлкүңдү жашырып, 
Жүрөмүн өзүңдү сагынып. 

Өмүрдүн бактысы өзүңдө, 
Сүйүүнүн ачкычы көзүңдө. 
Берметтей алдыңа чачылып, 
Ишенгин, жаным, сен сөзүмө. 

[Кайырма] 

Периштем, жамалың жайнаган, 
Жаныңдан кете албай байланам. 
Жолугуп, жаңы эле узатсам, 
Жолуксам деп эңсеймин кайрадан. 

Жүрөктүн эңсеген себебин, 
Сурасаң мен гана билемин. 
Суусаткан сезимдин кыйноосун, 
Сүйүүмдүн күчүнөн жеңемин. 
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Ыр дүйнө
  • Кийинки тема →

  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июн 2025 05:22

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: