Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 72
  • 73
  • 74
  • 75
  • 76
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#1461 Пользователь офлайн   CCCP   26 Апрель 2010 - 09:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 11 Сентябрь 09
  • Соңку аракети: 28 Янв 2020 13:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары

Эмиииии туугандар ,бул теманы колгл албасак болбойт.... биринчиден эрежелерди илсем....
Ар бир конокко 3 кун убакыт берилет.... ошондо жекшкмби кун темабызда эс алуу куну болуп калат экен.
-Адамдын аброюна шек келтирчу суроолорго жана жоопторго тыюу салынат......
- Уят создорду жазууга," алиги" жонундо суроолорду бергенге болбойт......
- Жоопторго же суроолорго комментарий жазганга тыюу салынат.......
- Теманы чатка айлантууга болбойт......
- Жеке жашоосуна байланыштуу суроолорго жооп бербей коюуга болот....эгер жооп бергиси келбесе.....
-Суроолорду форумдагы темалардын тегерегинде берсениздер. ...мумку
н болушунча... ..
-Бул оюн-кулку,тамаша эмес....ошондуктан. .
. суроолорду ойлонуп берсениздер. .....


Р.S.Жека аке ... бийлигиниз да отот.... созунуз да отот... теманы таза сакталышына коз салып туруу милдетин сизге жуктодум аке )))....

Билдирүүнү түзөткөн: CCCP: 26 Апрель 2010 - 09:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1462 Пользователь офлайн   CCCP   26 Апрель 2010 - 09:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 11 Сентябрь 09
  • Соңку аракети: 28 Янв 2020 13:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары

Ошентип анан баштадык.... "бысмылда " дегенде эле Таллас мырзаны чакырсам... уч кун конок болуп ... суроолорго жооп бере кетсин... менимче бул мырзабызга суроолор жакшы эле тушот деп ойлойм...
Андан кийин Айгерим даярдансын. ... андан кийин коркпостон Эрлан (Тарелка борща,Гусь великий воин, СССЖ , Единственный. ... тообо бу иним никтерден коргон кургудай %)) кыскасы ушул жигиттин гулу келет... кийинкиси Айзиля....
пысы. Жашы улуу аке-эжелерим таарынбастыр. .. эки жолу улуулата баштадык эле.. мунусунда кичине озгортуу киргизип койдум)))

Билдирүүнү түзөткөн: CCCP: 26 Апрель 2010 - 09:19

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1463 Пользователь офлайн   Аygerim   26 Апрель 2010 - 10:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 579
  • Катталган: 28 Июль 09
  • Соңку аракети: 31 Авг 2021 11:45
  • Жынысы:Аялзаты

Иконки сообщения 

1. Иштеген кесибиниз?
2. Жашоодогу максатыныз?
3. Окунгон нерсениз...?
4. Достука жана суйууго ишенесизби?
5. Балдарыныздын энесин кандай элестетесиз? (аялынызды)
Ibi victoria,ubi Concordia.


Бактылуумун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1464 Пользователь офлайн   Таллас   26 Апрель 2010 - 11:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Кечиресиздер, мен азыр жумушта элем.
1. Милдет деген бар.
2. Бул жактагы байланыштын ылдамдыгы адамдын нервин коротот.

Ошондуктан кечинде үйгө барганда эле жооп берейин. Ага чейин суроолорду калтыра бериңиздер. Топтоп туруп колум бошогондо жооп берейин.
Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1465 Пользователь офлайн   Таллас   26 Апрель 2010 - 23:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

1. Иштеген кесибиңиз?
Кесибим боюнча инженермин. Маалымат технологиясындагы коркунучсуздук тармагында иштеймин. Ошону менен катар сабак берем бир окуу жайда. Ошол себептүү окуу куралдарын кыргызчага которуп жатам. Китеп кылып чыгарайын деген ниетим бар. Буюрса даяр болгону калды.

2. Жашоодогу максатың ыз?
Максат. Максат.. Ар ким ар кандай максат коёт экен. Балким мен ”молдо” болбой калганымда, албетте, бул дүйнөнү н гана кызыкчылыгын көздөгө н максатты карай кадам шилтемекмин. Кудайга шүгүр, Аллах мени ушул жолго (бир байкемдин себеби менен) салып коюптур. Менин максатым да ошого жараша өзгөрдү . Айта кетчү нерсе (дегеле бул сөзгө ”айта кетчү” деген статус эмес, ”дайыма айта жүрчү” деген статус берген ылайык): Ар бир адамдын максаты бир болушу ылазым (алардын эле өзүлө рүнө) – ал, бул ааламды жоктон бар кылып, көзүбуз көргөндө эс алган, укканда кулак сүйүндү ргөн не бир жаратылыш кооздуктарын бир адамзаттын пайдасына жаратып койгон, аларды көрүү , угуу, билүү, сүйүү , өнүгү ү жана башка толуп жаткан сапаттар менен камсыз кылган Аллахтын ыраазычылыгын табуу. Аллах биздин ыраазычылыгыбызга эч бир муктаж эмес. Тескерисинче, биз ошол ыраазычылыгыбыз менен жакшы жашоого жетишебиз. Адамдар кызыкпыз өзү. Залкар ырчы деп жүргөн Токтогул Сатылгановдун мындай деп ырдаганы бар:
...
Жаратканы чын болсо,
Жай – жайына койсочу
...
Анын сыңарындай, ушунча нерсени берип койгон Затты же бир жакшы ишибиз менен, же бир башка адамдарга кылган жакшы мамиилебиз менен, же бир ибадатыбыз менен ыраазы кылып койгондон эринип кайра доомат айткан замандаштар да жок эмес. Элестетели, сиз бир каражатка, жардамга муктаж болуп турганда колун сунуп койгон адамга ыраазычылык бирдирмек тургай, ал жөнүндө кайсы бир адам жаман сөз айтып жатканын уксаңыз, тигил кайрымдуу адамга болушуп, албетте, сөз айтмаксыз. А эгер, сиз бирөөгө жардам берип, анын, айталы окууга өтүшү нө көмөк көрсөттү ңүз дейли. Анан ошол инсан чоңоюп бир кызматка отурганда, көчөдө н RX470 маркасындагы унаасын айдап баратын сизди көрсө да көрмөкчө нгө салып койгондо сиз эмне демексиз??? ”Ушуну адам кылган мен элем. Кара, саламга келип койбогон ...”, - деп ашата сөкмөксү з. Жок дегенде жаман иренжип калмаксыз. Албетте, Аллах мындай салыштыруулардан өйдө турат. Мен түшүнгө нгө жеңил болсун деп ушинтип мисал келтирдим. Эми ойлошуңуздар мүмкүн: ”Ыраазычылык билдирүү үчүн таң эрте эл уйкуда жатканда жылуу төшөктү таштап даарат алып намаз окуш керек да. Бир күндө беш маал(!) эңкейип тоңкоюш керек да. Тааныштар эмне дейт? Акылдан айнып калдыбы дейт го? Эл ток жүргөндө кезерип ачка жүрүш керек да-а”. Албетте, мен бул парз нерселерди жокко чыгарайын деген жерим жок. Акым да жок. Болгону мен ыраазычылыктын, ибадаттын башка да түрлөрү бар экенин айткым келди.
1. Ата-энеңизге, тууган-туушкандарың ызга мээримдү ү, камкор мамиле кылдыңызбы? Бул – ибадат;
2. Кошунаңыз менен жакшы мамиледесизби? Бул – ибадат;
3. Кимдир бирөөгө жылмайып ”Ассалааму алейкум (котормосу: сизге (жан дүйнөң үзгө, үйүнү згө) – тынчтык болсун)”, - деп, салам айттыңызбы? Бул – ибадат;
4. Итиңизге тамак бердиңизби? Бул – ибадат;
5. Телефон бурап тааныштарың ыздын ал-акыбалын сурадыңызбы? Бул – ибадат;
6. Бирөөнү н муктажтыгын бүтүрү п бердиңизби? Бул – ибадат;
7. даже... (кыргызчасы - ал тургай) даже... Ак никелүү жубайыңыз менен төшөктө ырахаттандың ызбы? Бул дагы ибадат!! !

Көрдүң үзбү? Адам, эгер ыйманы бар болуп туруп (Аллахтын Бар, Бир экендигине, жана андан башка эч бир зат сыйынууга татыктуу эмес экендигине күбө берип) жогорудагы амалдарды кылса, ал ибадат кылган болуп эсептелинет. Бирок, биз итке тамак берип: ”Мен ибадат кылып жатам”, - деп өзүбү здү өзүбү з алдап жүрө бербей саждага маңдай тийгизчү күндү колдон келишинче эртелетишибиз керек.
Жогорудагыларды жыйынтыктап келип менин максатым – Аллахтын ыраазычылыгына ээ болуп, бейишке кирүү экенин билесиз. (Эске ала кетчү нерсе, бир дагы адам бейишке өзүнү н кылган иши, амалы менен кире албайт. Анткени Аллах Таала берген бир органдын, (хадисте көз деп келет) акысын өмүр бою актай албайт. Ошондуктан, анын бейишке кирүүсү нүн бирден бир жолу – бул Аллахтын ыраазычылыгы)

3.Өкү нгөн нерсеңиз?
Эч нерсеге өкүнбө йм. Сиз байкаган ”Эркек бир сүйлөйт” деген принциптен башка да принцип бар. :) ”Өткө нгө өкүнбө , кеткенге кейибе” деген.

4. Достукка жана сүйүү го ишенесизби?
Ишенем ал тургай менин досторум ким экенин да айтып берем..
”Досуңдун ким экенин айтып бер, мен сенин ким экендигиң ди айтып берейин” деп калышат го. Анын сыңарындай мен дал эле досторумдаймын. Аларды мактоо менен бирге өзүмдү да байкатпай мактап кетейин, хе-хе-хе (бул жакта ”байкап калуучулар” ”аңдып” турушса да).

Аллах Таала Куранда айтат:
Ал Күнү достор бири-бирине душман болуп калышат (Дүйнө дө жакын дос болуп жүргөн мушриктер (ыймансыздар) ”Мени сен азгыргансың ”, - деп бири-бирин күнөө лөшөт). Такыба кишилер гана андай болушпайт. [Куран, 43-сүрө , 67-аят]

Оо, момундар! Силердин диниңерди эрмек-шылдың кылып алган каапырлар менен силерден мурда Китеп берилгендерди дос тутпагыла! Эгер момун болсоңор Аллахтан корккула! [Куран, 5-сүрө, 57-аят]

Ал Күнү заалымдар (каапырлар) эки колун(ун манжаларын) тиштеп: ”Атаганат, (дүйнө дө) пайгамбар менен (бир) жолду карманган болсом кана! Шорум курусун ай! Баланчаны дос кылбай койсом болмок экен! Ал мени мага келген зикирден (Курандан) адаштырды! ”, -дешет. [Куран, 25-сүрө , 27-29-аяттар]

Жаман достор – балдар үчүн да, кыздар үчүн да чыныгы коркунуч.
Мен минтип кеңеш берип кетээр элем: Дос кылып ыймандууларды танда. Мечитке барган, Аллахтан корккон, Аллахтан уялган, бейиште болууну самаган досторду танда. Ушулар – чыныгы достор. Чыныгы достун дагы бир мүнөзү – ал өзүнү н достугу менен Аллахтан болгон коркуу жана уялуу сезимин ойготуп турат. Мына мен ошондой досторумдун арасында Аллахтан коркуунун, уялуунун кандай баалуу экенин сезем, билем. Алардын сөзү, иши гана эмес бир гана жүзү турган турпаты мага Аллахты эстетип турат. Алар менен жүргөндө мен (пенде эмеспизби, күнөө иш кылып койгон) эч бир күнөө кылбайм деп айта алам. Аларды сөзү жумшак, мага Аллахты, анын пайгамбарын эстетип жүрөгү мдү кудайдан коркуу сезими менен толтуруп ыйманга бөлөп турат. Мээримдү ү Ырайымдуунун алдында коркунуч сезимин курчутуп турат. Эмнеге андай эмес? Анткени алардын сөздөрү : ”..нең баягы кызды монтип тигинтип” , - эмес, ”Аллах айтты, Аллахтын пайгамбары айтты..
Ойлобо, сени ”кыз болсоң балдар бузат, бала болсоң кыздар бузат” деп. Балким кыз болсоң сени менен жүргөн кыздар балдарга караганда көбүрө өк бузат. Балдарга да ошондой эле. Мен өзүмдү анан башкаларды жаман достуктан алыс болгула деп чакырып кетмекчимин.
Ыйманы болбогон дос, ар бир ишке жооп берчү кен келээрине ишенбеген дос каалаган күнү сатып кетет.

Мен Кыямат Күнү эч бир досума доо арта албайм деп ойлойм.

Анан да алардин иливойун татыктуу күйөө болот деп толук ишенем.

Ммм... сүйүү .. сүйүү .. Кантип ишенбей коё албайсың ? Аллахтын дал Өзү минтип айтып жатса:
Жана да Анын белгилеринен: алар менен тынчтанууң ар үчүн силерге өзүң өрдөн болгон жубайларды жаратып бергени жана араңарга сүйүү ырайым салып койгону. Чынында бул нерселерде пикир кылган адамдар үчүн (даанышмандыгыбыздын
) белгилер(и) бар.
[Куран, 30-сүрө , 21-аят]
Сүйүү жөнүндө эчен ырлар жазылды? Нечен ойлор айтылды. Канчалаган окуялар айтылып берилди. Мен өзүмдү күн айтпай эле коёюн. Чынын айтсам, эч кимди ”Сүйө м” деп айтпапмын. А каттарды жазып калгам убагында. Подпольный (айтылбаган) сүйүү лөр болгон. Ошол кыз (азыр келин да) азыр жакшы күйөө гө (менин досумдун досуна) тийип, балалуу болуп бактылуу жашап жатышат. Ошонусуна сүйүнө м. Кайдагы бир чотбайга тийбей татыктуу жигитке чыкканына.


5. Балдарың ыздын энесин кандай элестетесиз? (аялыңызды)
Бир аалым балдарына мындай деген экен: ”Мен силер жарала электе эле силер үчүн кам көргөм” . Балдары сурашыптыр: ”Кантип?” . ”Силерге жакшы эне тандадым” , - деп жооп берген тура аалым. Анын сыңарындай мен болочок жубайым бир жерде жүргөнү нө ишенем (балким уктап атса керек азыр) жана аны тандоодо өтө кылдаттык мамиле кылам.

Пайгамбарыбыз (Аллага анын саламы болсун) айткан эле: ”Аялды үч себептүү тандайт:
1. Байлыгына карап;
2. Ата-энесинин тегине карап;
3. Сулуулугана карап;
4. Ыйманына карап;
Сулуулугана, байлыгыны же тегине эмес ыйманына карап үйлөнгү н. Болбосо сен утулушта болосуң! ”


Эмне деген асыл сөздөр? Байлык деген, айтып калабыз го, колдун кирип деп. Бир күну болбосо бир күнү жок. Анан да тараза ташы өйдө турган тарап жакырыраак тарабын кемсинтишип коюшу мүмкүн. Мындай үй-бүлө дө албетте симпатия деген болбой калышы мүмкүн. А тек боюнча да ошону айтса болот. ”Менин атам мындай кылды, сенин атаңчы?” , - деген сөздү уккандан Кудай сактасын! Сулуулук – азыр ”шпатлевканы” кырганда эле кетет, хе-хе-хе. Тамаша, албетте. Мен ушу көчөдө гү сулууларды көрүп ушулар деле бир күнү кемшейген кемпир болот деп өзүмдү жубатам..

Пайгамбарыбыздан (Аллахтын ага саламы болсун) сурап калышыптыр: ”Кандай аял сонннун болуп эсептелинет” , - деп. Жооп берген дейт: ”Караганда көзүң дү сүйүнткө н, айтсаң – тилиңди алган жана сенин үй - оокатыңды караган”

Бир жигит суу бойлоп келе жатып сууда агып келаткан бир алманы тосуп алып бир тиштеп анан ойлонып калат экен: ”Ээ, бул да бирөөнү н багынан үзүлү п түшкөн мөмө. Кой, Кудай алдында күнөө лүү болуп калбайын. Кыямат күнү менден доолап жүрбөсү н: ”Сурабай менин алмамды жеп алган”, -деп”. Ошентип, суу бойлоп барып алма бакты көрөт. Барып ээсине барып айтат: ” Мен сенин алмаңды уруксатсыз жеп алдым. Эми баасын айт же бир ишиңди кылып берейин. Аллах алдында күнөө көр болбоюн” . Анда ээси айтат дейт: ”Жок. Мага сенин акчаң да эмгегиң да кереги жок. Мен айткан ишти аткарасың . Менин бир кулагы дүлөй, көзү көр, тили дудук кызым бар. Ошого үйлөнө сүң” , дейт. А тигил жигит айласы кетсе да айтканын эки кыла албай макул болот. Жолугат кызына. Кызы шөкүлө сүн ачса эле – айдай сулуу периште өзүнчө эле. Саламдашып да коёт. Жигит өзүнө бир топто келип сурайт: ”Сени атаң кулагы укпайт, көзү көрбөйт, тили сүйлөбө йт деп жатты эле го? Бу кандайча алдмачылык? ” Анда кыз жооп берген экен: ”Мен кулагым менен жаман сөз (ушак) укпадым, көзүм менен жаман ишке күбө болгон жокмун. Тилим менен жаман сөз сүйлөбө дүм. Мына ушуну атам табышмактатып айтыптыр..” . Ошол эки такыба (Аллахтан корккон) адамдын никесинен имам Абу Ханифа (имам Аъзам – биздин мазхабабыздын башчысы) төрөлгө н.

Ме-ен эми-и көп көкөлө й бербейин. Мен андай кызга үйлөнө тургандай өзүм деле кыйрап кеткеним жок. ”Ыржың кызга тыржың күйөө ” дейбиз го. Ошондой эле мага өзүмдө й эле бирөө тургандыр. Ошондой болсо да мен баары бир Аллахтын ким экенин билген, Ага ибадат кылган, намаз окуган кызга үйлөнө м. Мага өзү көп эле иштештер, эжелерим, мугалимдер тааныштарынын кыздарын сунуштай беришет (мактанганым менен, бул – чындык). Бир байке айтат: ”Мына сен намаз окуган кызга үйлөнө м деп жатасың. Бирок алардын деле стервалары болот. Алардын ичинде көбү эле комфортно жашагысы келет. Сенин оор жеңилиң ди көтөрө албай да калышы мүмкүн. А намаз окубаган кыздардан деле жакшы илбериңки, ыймандуу, тилиңди алган, тыкан кыздар чыгат. А калганын өзүң деле үйрөтү п аласың” Бир чети чын дедим. Бирок, баары бир мен кайра намаз окуган кызга эле үйлөнө м деп чечтим. Неге дегенде, биринчиден – алар менин ыйманыма жардамчы болушат. Экинчиден күйөө гө тийгенден кийин, баягы, айтмакчы ”Кыз кезинде баары жакшы жаман катын кайдан чыгат” деген макалды кууп кетсе балээ да. Анан ”Иттен жок же ит байлаган жиптен жок” болуп калбайын. Экинчиден, мен намаз окуп өзүн мендейлерге сактап жүргөн намазгөй кызды мен албасам, башка бир чотпай алып аны кыйнап койбосун. Кыскасы үйлөнөйүнчү, анан көрө жатаарбыз..

Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 27 Апрель 2010 - 00:00

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1466 Пользователь офлайн   dodge   27 Апрель 2010 - 02:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 737
  • Катталган: 26 Июнь 09
  • Соңку аракети: Кечээ, 19:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:USA.

Ас саламу алейкум Таллас.
Жазгандарың ды кызыгуу менен окуучу элем ,эми бир -эки суроо берип калайын.
Эгерде илим-билим тармагын жетектеп калсаң кандай өзгөртү үлөрдү киргизет элең?
Жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоо тууралуу,деги эле Кыргыз эли-жерин өнүктү рүү үчүн кандай идеология керек деп ойлойсуң ?
Иштериңе ийгилик каалайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1467 Пользователь офлайн   Таллас   27 Апрель 2010 - 12:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

dodje

Цитата

Ас саламу алейкум Таллас.
1. Эгерде илим-билим тармагын жетектеп калсаң кандай өзгөртү үлөрдү киргизет элең?

Wa aleikum assalam, dodje.

1. Биринчи суроону берип жатканың ыздын себеби менин сабак бергенимден улам болсо керек. Айта кетчү нерсе, бул жумушумду мен негизги ишим деп эсептебейм. Анткени, мен мугалим болбойм деп чечкем мурда эле. А иштеп атканымдын себеби, мен кыргыз болуп туруп, өз жериңде жашап туруп, азыркы күндө аябай керек болгон маалымат технологиясы тармагында көбүн эсе башка улуттагылар (ыславиандар) "кармап" атканын көрүп, күйгөнү ңдөн болсо да ушул ишти аркалабай койгонго арга жок экен. Болбосо, ар кимибиз эле өз көмөчү бүзгө күл тарта берсек, бизден бирдеке чыкчудай эмес.

Мен айылдан келгем. Колхоз деп коёт го. Ошо биринчи курста орусча жакшы түшүнбө й калып зачетту тыңдап бере алган эмесмин. Билип турсаң да жооп бере албай. Анан да окууну бүткөндө н кийин практика жок эч жерге ишке алышпайт. Мен го эптеп илинип калдым. А мага окшогондор калып кетип атпайбы. Ошондуктан мен кыргыз жаштарына атайын китеп которуп видеолекциаларды жасап бул тармакта алардын үлүшү н көбөйө йүн деп аракет кылып жатам. Компьютердин ичеги кардын чачып, андагы процесстерди терең үйрөтү п практика менен коштоло турган курс ачууну пландаштырдык эле. Мындан башка азыр өнүгү п жаткан тармактык байланыш, маалымат коопсуздугу, башка ОС (windows сыяктуу) Linux боюнча атайын семинар жүргүзү үнү да пландаштырып жатам. Мынын баары албетте, бир заматта болуучу иш эмес. Аста-аста дегендей. Азырынча токтоп турат. Бирок, сөзсүз ишке ашырам, Кудай буйруса.

А сиздин биринчи сурооңузга жооп берейин сөздү чубалтпай. Мен универде жүрүп баарыңар эле күбө болуп жаткан көйгөй - паракорлукка күбө болдум. Мындагы менин оюм - паракорлукка окуп жаткандар өздөрү күнөө лүү деген тыянак чыгардым. Мен деле бердим берчү жерден, бирок группа боюнча эң аз (2 жолу) эле мен бериптирмин. Калгандары акча менен гана бүтүрү п жатты. Окусаң сенден кайра айбыгат окутуучу деген. Билип турганың ды айтып турсаң кайсы окутуучу эле акча алмак эле? Мен ошондо ойлоп койдум эле: "Эгер препод болсом, ой студенттерди эзмек элем даа", -депчи. Азыр "эзип" атам :dance2: . Бирок, жөн эле "эзе" бербей, биринчи өз сабагыңды майдааа кылып чайнап берип (а меники ошондой эле болуп жатат: Которулган Распечатка + Проектор менен бышыкталган практика) анан сурасаң, албетте, жок дегенде 80%ы жооп берет "эң жакшы" баага. Ошондуктан билимдин өнүгү шунө мугалимдин өз кесибине өтө берилүү сү, түшүндү рүү ыкмасы, аны талап кылуусузарыл деп ойлойм. Албетте, "беш кол тең эмес". Мугалимдин жакшысы бар жаманы бар дегендей. Ар кимисин аңдып жүрө албайсың .

А жетекчилик кызматка мен жарай албайм го дейм. Анткени, мен бөжөң дөп кошомат кылып жаткандарды көрсөм жинин кайнап кетет. Жаңы эле бир байкенин кабылдамасында болдум. Экөөбү з сүйлөшү п жаткан убактан 3 минут мурда эле бир кызга атырылып жаткан орун басары ал кишиге (начальнигине да), бөжөң дөп үнүн өтө эле пас чыгарып сүйлөп атты. Жаман таң калдым..

Ошондуктан мен өз ишимди туура эле кылып жүрө берейин башкаларга үлгү көрсөтү п... Болгону катуу көзөмө л болуш керек!!!

Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 27 Апрель 2010 - 12:50

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1468 Пользователь офлайн   Айзиля   27 Апрель 2010 - 12:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 16 Май 09
  • Соңку аракети: 12 Авг 2010 15:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Ас салам алейкум Таллас мырза! (Мени жаман корсонуз да суроо берем :) (тамаша))

Айтынызчы жожо биринчи жаралганбы же жумурткабы?
Какшыкты "аябай туура" тушунот экенсиз таксыр! Эшигиниздерди  бекем кулптап алыныздар, ок?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1469 Пользователь офлайн   Таллас   27 Апрель 2010 - 12:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Wa aleikum assalam.

Биринчи тоок менен короз жаралган... тактап айтканда, жаратылган. Анан жумуртка, жөжө..

Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 27 Апрель 2010 - 21:56

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1470 Пользователь офлайн   Айзиля   27 Апрель 2010 - 13:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 16 Май 09
  • Соңку аракети: 12 Авг 2010 15:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Цитата

Wa aleikum assalam.

Биринчи тоок менен короз жаралган... тактай келгенде жаратылган. Анан жумуртка, жөжө..

:blink: Сразу элеби?
Какшыкты "аябай туура" тушунот экенсиз таксыр! Эшигиниздерди  бекем кулптап алыныздар, ок?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1471 Пользователь офлайн   Arstan   27 Апрель 2010 - 13:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Сала досум мен деле суроо бере берейинби же жалан элекыздар бериш керекби?
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1472 Пользователь офлайн   LIFE   27 Апрель 2010 - 13:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Wa aleikum assalam.

Биринчи тоок менен короз жаралган... тактап айтканда, жаратылган. Анан жумуртка, жөжө..


Короздун канатынан тоок жаралган десеңиз туура болчудай. :dance2:
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1473 Пользователь офлайн   Таллас   27 Апрель 2010 - 13:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Цитата

Цитата

Wa aleikum assalam.
Биринчи тоок менен короз жаралган... тактап айтканда, жаратылган. Анан жумуртка, жөжө..

Короздун канатынан тоок жаралган десеңиз туура болчудай. :dance2:


Ал адамзатына гана тиешелүү . Адам атанын кабыргасынан Обо эне жаратылып.. анан сиз экөобү з бул жерде талашып (же чындыкты издеппи) отурган кезибиз.

Айзиля, бул теманын эрежесин унутуп койгонсузбу же "унутуп" койгонсузбу? Баары бир кайра бир окуп чыгууну сунуштайм.

Бир эле ага эмес баарына. Убакытты баалайлы.

Акжол, бере бер да. Life эркек болуш керек... :tongue:

Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 27 Апрель 2010 - 21:55

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1474 Пользователь офлайн   Таллас   27 Апрель 2010 - 13:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Сурооң узга суроо менен жооп берейин:

Сиз эртең мененки тамак менен эле жүрө аласызбы? Дайыма.

Эгер олуттуу түрдө жооп берсем, жаңы баштаганда жанында жөлөк болчу адам жок ошентип баштаса деле болот деп айтышат аалымдар. Анан бара-бара көнүп, намаздын эмнеге окулушу керектигин окуп билип, жоопкерчиликти сезип баштагандан кийин: "Мына с сага ", - деп беш маалдыкка өтүү - мактоого татырлык. Менин бир классташым кызым ошентип (эртең менен анан кечинде) окуп жүрүп, кийин таштап койду.. :treaten:

Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 27 Апрель 2010 - 21:55

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1475 Пользователь офлайн   Аygerim   27 Апрель 2010 - 13:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 579
  • Катталган: 28 Июль 09
  • Соңку аракети: 31 Авг 2021 11:45
  • Жынысы:Аялзаты

Иконки сообщения 

6. форумга эмне болуп кирип калдыныз эле?
7. форумдан тапкан досторунуз менен реалда жолугуп турасызбы?
8. эмнеге коп учурларда озунуздун оюнузду (башканын оюн четке кагып) туура дей бересиз?
Ibi victoria,ubi Concordia.


Бактылуумун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1476 Пользователь офлайн   Таллас   27 Апрель 2010 - 13:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Аygerim:

6. форумга эмне болуп кирип калдыныз эле?

6. Мен форумга жөн эле кирип калган эмесмин. Анда (2007-жылы) бул жакта адам аз эле. Мен дизельде, ислам.кг нын форумунда журчумун. Өзүм да исламдын кээ бир маселелерин форумдан үйрөнгө м. islaminkbr.com деген сайт бар болчу. Ал жакта мага окшоп жөн салды эла айтып койбой, ар бир сөзүн далилдеп, шилтемелерди, кайсы китептен, канчанчы баптан, канчанчы барактан экенин жазып калтыргандан ал сайтка толугу менен ишенчүмү н. Анан, албетте, сурап тактап алчу адамдардан тактап алчумун. Мен форумга, дизельде дин бөлүгү чыккан чыр чатактардан улам жабылгандан кийин башка форум издеп анан кыргызча форумду таап алып ушул жакка келгем. Кийин, окуу, жумуш, диплом болуп калып, орто жолдон рег. логин парольду унутуп жок болуп кетпедимби. Болбосо мен азыр ооо бир топ эле аксакл болуп калмак экем.

7. форумдан тапкан досторунуз менен реалда жолугуп турасызбы?
7. Жок. Мен бул жактан эч ким менен достошкон да, таанышкан да эмесмин. Ал тургай менин группалашым да билбейт. Менин нигимдин кандай экенин. Балким, менин жазгандарымдан улам эле тааныбаса..


8. эмнеге коп учурларда озунуздун оюнузду (башканын оюн четке кагып) туура дей бересиз?
8.Менин оюм дайыма эле туура боло бербейт. А мен туура деп эсептесем, албетте, сөзсүз түрдө бир далилга таянып туруп анан "туура" дейм. Болбосо, унчукпай эле коём.. "Башканын оюн четке кагып", - деңиз??? Эгер ал ой менин жеке оюма каршы келсе, мейли деп коё берем. Адамдар ортосунда келишпестиктер боло берет. А эгер ал ой биздин динибизге каршы келсе, андай ой менен мен автомат такаса да макул боло албайм.

Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 27 Апрель 2010 - 13:30

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1477 Пользователь офлайн   Таллас   27 Апрель 2010 - 13:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Акжол, мен кандайдыр бир чечим чыгара албайм. Анткени бул динди мага менин таятам энчилеп берген эмес. Аллах айтты, пайгамбырыбыз буйруду. Колдон келгенин жасаңыз. Колдон келбейби - аракет кылыңыз. Эң башкысы - Аллахка башка бир нерсени тең койбоңуз. Эгер ошондой болсо (м: көз мончок, көз тикен, тумар дегендерге ишенип, ошолор мени сактайт деп айтуу), анда сиз экөөбү здүн эч бир эс алуусуз намаз окуганыбыз да бир тыйын болуп калат! Ушуну негизги деп билиңиз!

Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 27 Апрель 2010 - 21:58

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1478 Пользователь офлайн   Айзиля   27 Апрель 2010 - 13:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 16 Май 09
  • Соңку аракети: 12 Авг 2010 15:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

 1. Сиздин динге байланыштуу коп билдируулорунузду окугам. Ошондон улам менде бир суроо туулуп жатат. Эмнеге копчулук учурда динге коп берилбеген адамдарды сындай бересиз? Негизи бул туурабы? (Супердин жолугушуусундагы мини отчеттогу ойлорунуздан улам...)  

2. Бала кезиниздеги кыялданган максаттарыныздын канча пайызы ишке ашты деп ойлойсуз?

3. Калп айтасызбы?

4. Озунузго карата айтылган сынга жана ушакка кандай карайсыз?

5. Мени жаман коросузбу? :)

Билдирүүнү түзөткөн: Айзиля: 27 Апрель 2010 - 13:38

Какшыкты "аябай туура" тушунот экенсиз таксыр! Эшигиниздерди  бекем кулптап алыныздар, ок?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1479 Пользователь офлайн   Arstan   27 Апрель 2010 - 13:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

А дагы бир суроом.Эмнеге жашыруун киресни?Бироодон бекинесинби?
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1480 Пользователь офлайн   Аygerim   27 Апрель 2010 - 13:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 579
  • Катталган: 28 Июль 09
  • Соңку аракети: 31 Авг 2021 11:45
  • Жынысы:Аялзаты

9. жининиз (ачуунуз) келгенде эмне кыласыз?
10. "Уйдо баатыр, жоодо жок" деген макалга кандай тушуносуз?
Ibi victoria,ubi Concordia.


Бактылуумун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 72
  • 73
  • 74
  • 75
  • 76
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 26 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 26, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 08 Авг 2025 17:44

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: