1. Эмнеге копчулук учурда динге коп берилбеген адамдарды сындай бересиз? Негизи бул туурабы?
1. "Динге берилбеген" деп айтуунун ордуна мен "Алладан жөө качып кутулам деп ойлогон" деп айтууну сунуштамакмын. Өлүм деген барбы? Баар.. Мүрзө деген барбы? Баар.. Кудайга ишенеби? Ишене-ет.. (ишенбегендер менен ишим жок, алардын өздөрү нүн көйгөйү ). Анан ошолордун баарын көрүп билип туруп бул туура, бул туура эмес деп айтып койгонго чычалап кеткендерга эмне дейин?
Аллах Таала айткан:
Мен колум менен токтото албасам да, тилим менен айтып коюшум - милдет. Эгер мен антпесем, Кыямат Күнү алардын өздөрү мага доомат коюшат: "Ошондо сен бизге айткан эмессиң" , -деп.
Эми ошол кылганым туурабы, туура эмеспи өзүң үз жооп берип көрүң үз...
2. Бала кезиниздеги кыялданган максаттарыныздын канча пайызы ишке ашты деп ойлойсуз?
2. Кыял.. кыялданып көрө элегим көп болгондуктан, бала кездегиси да эсимден чыгып турат. Азыр бир жакка шашып аттым эле. Кечинде келгенде эстеп туруп анан отчет берейинчи.
... Келдим. Бала кезимде доктур болгум келчү экен. Ошол темага дилбаян жазып беш алганым бар. Мактанып кетпесем такыр болчудай эмес. Азыр доктур болбой эле, доктур кызга үйлөнгү м келип жүрөт

3. Калп айтасызбы?
3. Кээде (очень кээде) болуп кетет. АстагфируЛлах. Инсан - унутчаак го.
4. Озунузго карата айтылган сынга жана ушакка кандай карайсыз?
4. Мени бул жакта көптөр жактыра бербесин билем. (сиз да барсыз го дейм ошолордун арасында..). Айла жок, бирок айлавю деген сөз туура келет го дейм ушул жерге. Адамдын баарына жага албайсың . Сөзсүз бир жерден кайчы пикир чыга келет. Буга келишпеген адамдардын тарбиясы, айлана-чө йрөсү, окуган китептери түрткү болот. А дин тарабынан айта кете турган болсом, кимдир бирөөнү ушактоо (дубалдын тиги бурчуна барып) нун ордуна анын бетин айтсаң - өзүң ө эле жакшы болот. Албетте, акыретте.
5. Мени жаман көрөсузбү ?
5. Сизди жамман жакшы көрөм да.
Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 27 Апрель 2010 - 22:04