Капырай, жаратылыш мыйзамына баш ийбеген адамзат жаратылыштан жабыркап калуусун неге сезишпейт десең...
Эч нерседен бейкапар өз тирилиги менен алек болгон эл. Кичинекей деле, чоң деле эмес. Эки тоонун ортосунда жайгашкан бул айыл өтө кооз, абасы жанга жагымдуу, элдери кең пейилдүү ары ынтымактуу.
.
Айылда кашы,көзү,чачы күрөңүрөөк келген, бою узун,ак жуумал Эклима деген 17 жаштагы кыз жашачу. Өзүнчө ойго батып жүргөн Эклимадан бир нерсе чыгат дешчү айылдаштары.
Эклима баарын бүгүнкү күндөй көз алдынан шурудай тизип өткөрүп атты. Анда Эклима 5-класста окучу. Кыш мезгили. Үйгө апасы өзүнчө күйпөлөктөп:
- Байкушум ай! Жанда жок киши эмес беле?-десе атасы:
-Жүрү эми эртерээк баралы,-дешип экөөсү ээрчишип алып каякадыр кетип жатышты. Адатынча ойго батып жүргөн Эклиманын кулагына апасынын сөзү бир кирип, аны түпөйүл туңгуюкка жетеледи.
Кеч кирип, апасы өзү эле келди. Атасы жок.
Эклима бир нерсени сезгендей чочуркап сурады:
-Апоу
-Оу
-Атам кайда?
-Өлгөн жерде. Кызматта.
-Кандайча? Ким каза болду?
-Атаңдын досу. Нургүлдүн атасы.
-.....
Бул жоопту уккан Эклиманын көз алдына классташ кызынын атасы тартылды. Бая күнү эле көргөндө анын аман-эсен, сопсоо жүрбөдү беле. Жок, мүмкүн эмес!-деп жатты ичинен.
-Апоу
-Оу кызым
-Аяш атам не болуп каза болду?
-Кийикке чыккан экен, кар көчкү басып калыптыр.
-Кандайча апа? Кечээ эле Нургүлдүн инисинен сураганымда "атам шаарда"-дебеди беле?
-Кийикке аңчылыкка кеткен адамды эч качан айтпайт. Анын ордуна ошентип коюшат да.
-Мм.... Нургүл жакшы элеби? Ыйласа керек ээ апа?
-Ананчы. Атасы болсо ыйлайт да.
-.....
Ушуну менен бир убакка чейин тынчтык өкүм сүрүп калды. Эклиманын оюна Кожожаш кылт этип, аяш атасынын Кожожаштай болгонуна ишене албай турду.
Кыркы тарап бүткөн соң апасы Нургүлдүн үйүнө бир нерсе алып келүүгө жиберген. Баякы үйдүн куту кеткенсип сезилип кетти. Бул кыш өзү менен чогуу ый да,ызгаар да ала келген тура. Үйдүн ичи кунарсыз, күлкү жок...
Көп өтпөй Нургүлдүн апасы беш баласын алып борборго кетип калганын уккан Эклима аябай жаман болду...
Ушунун баарын элестеткен Эклиманын көзү жашка толуп, ал тамчылар төмөн карай өздөрүн таштап атышты. Ырас, андан бери беш жыл өтүп кетиптир...
(Уландысы бар)
Рахат Боркоева
24/05/2016
Табигат таарынычы миститикалык аңгеме
#2 21 January 2018 - 16:47
Табигат таарынычы...
(Миститикалык аңгеме)
~2-бөлүм~
Окуу аяктап, мектеп жабылганда Эклима ата-энеси менен жайлоого чыгып кетишти.
Теңиз-Бай деген ашуунун этегинен жай алып, конуп калышты. Кошуналары жакшы адамдар. Алардын бирөөсү баякы Нургүлдүн бир тууган тай эжеси.
Бир күнү кошуналарды чайга чакырып, чай ичип отурушканда Майрам кеп баштады:
-Байкуш күйөө балам, мына бу Теңиз-Байдын жанында жайгашкан Кичи-Алай жайлоосунда каза болбодубу?
-Ии тооба, ал жер кар көчкү жүргөндөй эле бийикпи?
-Айтасың да Жайна. Ал жак кийиктердин мекени. А кийиктер бийикте гана жашашаары анык эмеспи.
.....
Булардын сүйлөшүп атышканынан Эклима сыртка чыгып кетти. Анткени андан ары угууга чамасы жетпеди.
"Кантип эле?-деди ичинен. Кантип эле Кичи-Алай болуп калсын!? Жок?!! Жалган баары!!!
Тээ мурунку чоң энесинин айтып берген жомогу эмнегедир кулагына жаңырып турду.
" Илгери, илгери Теңиз-Бай жолу жок, төрт тарабы таштар менен туюкталган туңгуюк жер болчу экен. Мына ошол туңгуюкта бир энежыйналып, у менен кийиктерди саап, алардын сүтү менен жан багышчу. Эки уулу башка жандардын бар экенин билишпей, кийиктердин чаарчыктары менен ойноп, балалыгынын таттуу мүнөттөрүн табигат менен чогуу өткөрүшөт. Бир жолу экөө кубалашып ойноп жатып бирөөсү кулап түшөт, экинчиси чуркап келип тургузуп кайра оюндарын улантышат. Күүгүм кире баштаган кезде агасы баякы иниси кулаган жерге кадимки шибердин өсүп калганын байкайт. Үйлөрүнө чуркап келишкен уулдарын көргөн эне бир нерсени сезет жа, бир ирет "зырп" дей түшөт.
-Апа, апа бизчи тээтиги жактан чөп өскөнүн көрдүк.
-Ооба апа, чын эле көрдүк! Эмнеге ушуга чейин өспөгөн тулаң мен кулаган жерге өстү?
Апасы анча таң калбай, уулдарын отургузуп алып, айта баштады:
-Уулдарым! Бул жер кезинде эл көп жашаган элет болчу. Бир күнү элдин башына караан күн түшүп, он күн бою жаандын изи басылбай төгүп, сел жүрүп кетет. Кою түндүн ортосунда жүргөн селди алгач алыстан эле туюп кучагымдагы жалгыз уулум менен тоодогу үңкүргө качып кетүүгө үлгүрдүм. Калган эл ызы-чуу түшүп эле жатып калышты. Үңкүрдүн оозу селге карама-каршы болбогондуктан суу кирген жок. Ошентип, ал алаамат өткөн соң эрте менен сел басылганда сыртка чыксам карк эткен карганын да добушу угулбай бир гана үңкүрдүн үстүндө өскөн арчага илинип бешик турат. Аны алууга аракет кылдым. Алдым. Ичинде ымыркай төшөнчүлөрүнүн суу болгонуна карабай, уйкуда экен. Андан башка адам жок. Баарын сел агызып кетиптир. Демек, ээн талаада эки бала менен мен калдым. Азык да жок, курсагыбыз ач бойдон эки күн өттү. Акыры амалым калбаган кезде суу издеп жөнөдүм. Суу да таппадым. Алым кетип, эсимди жоготуп кулаптырмын. Бир убакта оозума бир нерсенин тамчылап атканын сезген мен акырын көзүмдү ачтым. Бет маңдайымда кийик туруптур. Көзүнөн аккан жаштар оозума тамчылаган тура. Желини болсо ийип калыптыр. Чаарчыгын жоготуп алгандай. Аны ошол жерде эле суу тапсам алам деген чөйчөгүмө саап баштадым. Мына ошол кезден ушул кезге чейин кийиктер бизге эне сыңары. Силерди да ушундай эрезе кийиктин сүтү менен багып чоңойттум. Атыңарды Бай жана Теңиз болсун деп койдум. А как жерге чөптүн өскөнү ал элдин таманын жаратылыш сагынганы. Эх, мүмкүнчүлүк болсо бул тоого жол куруп, элдерди алып келсек болоор эле...
Ушинтип айтып берген энени Теңиз,Бай кың этпей тыңшап угушту.
Ошентип жылдар өтүп, экөө чоңойгон кезде жол куралы деп акылдашат да, тоо бооруна жол куруп башташат.
Аракет кылсаң берекет дегендей эки жылды, кара терди, күчтү талап кылган жол курулуп да бүтөт. Элдер да келе башташат. Ошентип, табигат кайрадан шаттыкка бөлөнөт. Мына ошол кезден ушуга чейин ал ашуу Теңиз-Бай деп аталып келе жатат..."-ушинтип чоң эне ал жомокту айтып берген эле...
Кеч кирип, уйлар желеге байланып, Эклима уйларды саап, музоолорду атайын жасалган кепеге киргизип,кечки чайга отурушкан.
-Апа, уйкум келди-деди тынчтыкты бузган Эклиманын иниси Ариет.
- Азыр тамактаналы, эжекең төшөк салып берет...
Дастаркон жыйналып, төшөк салынып, баары уйкуга кетишти. Капысынан күн бүркөлүп, жамгыр себелей баштаганда Эклима сыртка чыгып, чыгдан менен куруттун бетин кымтылап келе жатып, бир нерсени байкады. Маңдайындагы Теңиз-Байда жамгыр жок. Кызыгып ал жака жөнөдү. Салкын жел согуп турат. Үйгө жакын болгондуктан Эклима негедир ойлонуп атып, тоо боорунда эле уйкуга кетти.
-Кач! Кач, Эклима!
Бул үндү угуп, Эклима көзүн ачып, өзүнө карай келе жаткан түрү немеден качып алыс эмес жердеги үңкүргө кире койду. Бир аз демин баскан соң, "Кач" деген ким деп ойлонуп жатты. Баякы түрү суук неме Азыткы экен даана сезди... Бир убакта:
-Эклима коркпо. Бул мен Теңиз-Бай. Кач деп кыйкырган да мен.- деди ашуу,тоо.
(Уландысы бар)
Рахат Боркоева
26/05/2016

#3 23 January 2018 - 14:44
Табигат таарынычы...
~3-бөлүм~
-Эклима коркпо...
-Кандайча? Сенде кандай касиет бар?
-Коркпо. Тур үйгө жөнө.
-Жок сен мага кандай сырң,касиетиң бар айтып бер.
-Түнү кел, Эклима. Азыр таң атып келе жатат.
-Мм. Макул.
Эклима үңкүрдөн чыгып айланага көз чаптырды. Таңкы шүүдүрүм чөп башында ыргалып, жамгыр да басылып калыптыр.
Уйларды саап, талаага айдатып, сүт тартып, камыр жасоого киришти. Апасы менен атасы айылга кетишти. Айыл жайлоодон бир топ чакырым узак. 3 саатта араң жетишет. Эклима талаадан келген инилерине тамак берип,казанга нан жаап,кечки тиричиликти бүткөрүп коюп, инилери уктаган кезде "сырдуу" үңкүргө бет алды. Эклима үчүн бул кадам ары коркунучтуу, ары кызыктуу, ары табышмактуу эле. Түн ката үңкүргө кирип келди да өзү менен чогуу ала келген шамын жандырууга киришти.
-Келдиңби? Токтот шам жакканыңды. Суранаарым аны өчүрүп сал.
-Неге?
-Сурандым го...
-Мм... Макул.
......-Биз жаратылыш ар дайым силерди бөпөлөп, кучагыбызга батырып келебиз.-деп узун кебин баштады.
-Мен сенин эмнеге кызыгып, эмне жөнүндө билгиң келгенин сезем. Кичи-Алай кезинде кийиктердин мекени эле. Баары өз нугу менен өтүп, айтор бейпил турмуш болчу. Ошентип жүргөн мезгилде бул жака адамдар мал жайып жайыт кылышты. Кийиктер тоо боорунда эле чуркап жүргөндүктөн аларды атууга киришишти.
Кар калың жаап, айлана кулпуруп турган кез. Ушундай суукта үч ат минген кишилер кийик атууга келишиптир. Биринчи күнү жолдору болушпады көрүнөт, ушул жерге түнөп калышты. Эртеси кайрадан ууга бет алышты. Мылтыктарын мээлеп канча ирет тарсылдатышса да кийиктерге тийбеди. Кар лыпылдап жаап, күн сууй баштаган кез. Алар ошол жерде эле чоң кара таштардын далдоосуна отуруп калышты. Биринчиси:
-Бүгүн да жолубуз болбоду көрүнөт. Эмне кылалы? Кетелиби?
-Эч кандай, эч жака кетпейбиз. Кар басылса кайра кийик улоого чыгабыз.-деди баш бербеген экинчиси.
Булардын уккан мен кийиктердин жер которуусун сурандым. Бирок:
-Жок! -дешти алар бир ооздон.
-Жок! Эч качан жер которбойбуз. Бул биздин мекенибиз! Биздин жайытыбыз! Капаста турсак да, жайытыбыздын абасы болсо жетет бизге...
Ушуну менен аңгеме токтоду. Адамдар кайра жолдорун улашты. Ошол жерден алыс эмес бейкапар ойноп жүргөнүн байкап калган бирөөсү туш эле ага мээлеп атып алды. Ушул убакта тарс эткен үнгө туна түшкөн мен, кийиктер баарыбыз сыздап аттык... Чаарчыктын энеси чыдай албай:
-Оо Кудай, оо биздин пирибиз Сур эне! Суранам жардам бергилечи! Мен өрттөнүп баратам...
-Ыйлаба. Ыйлай көрбө бир боорум. Ал сөзсүз жазасын алат.-деди сур эне.
* * *
Чаарчыктын этине тойгон адамдар күндүзү эле уйкуга кетишти. Ушул убакта кандайдыр бир үндөр угулуп, адамдар ойгонуп кетишти. Так эле маңдайындагы тоодо турган бул жаныбарды Осмон жазбай тааныды.
Мындан беш жыл мурун аны ата албай кеткен эле. Кийик улам жогорулаган сайын, Осион аны кууп олтуруп бийиктеп кетти. Кардан башка эч нерсе көрүнбөй калды. Осмон менен Сур эне бир саамга тиктеше түшүштү.
-Ырайымыңдан кайт адам!
-Жок. Мен сенин түбүңө жетип, анан кайтам.
-Балдарыңды ойло. Антпе.
-Мен айтканымдан кайтпайм.
-Чын элеби?
-Ооба
-Анда өз убалың өзүңө-деп көздөр менен сүйлөшүү бүттү дегенсип, Сур эне өзү турган карды бошото баштады. Калыңдыгы там бою болгон кар кийиктердин ыза,муңуна,менин ыйыма туруштук бере албай көчүп жөнөдү. Ал түз эле Осмонду өзү менен кошо алып кетти.
Ушуну көрмөксүң-деди Сур эне.
Биздин каргыштын кесири ушинтип тиймек. Ушунчалыкка өзүң жеткирдиң. Дале болсо сага боорум ачыйт. Эх адамдар! Силерди "Инсан" деп бекер айтышпайт экен. Силер болгон азабыңарды бат эле унутуп каласыңар, андан сабак алууну билбейсиңер. -ушинткен Сур эне көз жашы кылгырып баратты. Ал тукумдарынын курут болгонуна эмес, адамдардын таш боордугуна, ырайымсыздыгына ыйлап баратты. Ооба, бул алиги бугу менен кийиктердин пири Сур эчки болчу.
Мен жаратылыш, табигат силердин кубанычыңарды да кайгыңарды да тең бөлүшөм. Ыйласаңар ыйлап, кубансаңар жайнап, силер менен бир бүтүн болгум келет. Бирок мени кадырлабайсыңар. Мен ушуга таарынам. Менин таарынычымдын чеги жок... Эклима мен сага болгонун айттым.... Айтуум керек эле... Кош.- ушу боюнча үн угулбай калды. Эклима үйгө үнсүз баратты.
(Аягы)
Рахат Боркоева
31/07/2016

#6 26 January 2018 - 21:59
Бөксөрө элек кыялдарым...
Терезеден асманды карап, ойлуу жатам... Асманда бетин булутка жашырган айдын нуру терезени тосуп турган парданын бирин-серин майда тешиктеринен жылжып келип менин жүзүмө сүртүлөт. Бул касиетти мен жан-дүйнөм менен жакшылыкка жооруйм. Менин жүзүмө сүртүлгөн ал нурга чуркап чыгып, бүт денемди сүртүнгүм келет. Бирок... Эх, ушул бирок деген жерине келгенде бөгүштөгү бөгөттөлгөн суудаймын, жан-дүйнөм кайыпка учуп кеткиси келсе, жүрөгүм кабынан чыгып кетүүнү самайт.
Анткени, менин чуркоого, ал гана эмес бир, эки кадам шилтөөгө да мүмкүнчүлүгүм жок. Ачуу сөз менен айтканда мүмкүнчүлүгү чектелген адаммын. Мен эс тарткандан бери басууну кыялдансам, буттарым ал бакытты 16 жылдан бери күтүп келүүдө... Жашым 17 ден 18 ге таяса да менде... Жок! Менде эмес! Буттарымда басуу үчүн күч дарман жок. Мен бутумдун бар экенин көргөн менен сезбейм. Кадимки сууга түшүп калган бариктер сыяктуу калкыгансып жүрөм. Ата-энем да менин кадам шилтөөмдү күтүп, Жаратканга жалынып күн өткөрүшүүдө. Алар намаз окуп: "Ээ Аллахым! Ушул кызыма шыпааңды бере көр! ”- деп дуба кылышса жан-дүйнөм эңшерилип, жүрөгүмдүн согуусу акырындап кетет. Бирок муну менден башка эч бир жан сезбейт. Ата-эне деген эң ыйык жандар экен. Өзгөчө апама ыраазымын. Анткени "майып" деп төрөгөн энем таштап кеткен соң апам ысыгыма күйүп, суугума үшүп, ыйыма түтүп өзү бир да наристенин жытын искебей, жаштыгын мен деп өткөрдү. Өгөйлүгүн түбөлүктүү мээримге алмашты. Урузу кыяматта бала энесин бейишке тартат дейт го мага ошол мүмкүндүк, жок эле дегенде ошол бакыт буюруганда мен төрөгөн эмес баккан энемди жетелейт элем. Эх...
Жаздын чыласында, жайдын тулаңында, күздүн баригинде, кыштын карында кыялдана баскым келет. Тилекке карышы бир күнүмдүн төрттөн үч бөлүгү үйдө өтөт. Сыртка чыксам да кайра кирүүгө ашыгам. Анткени, менин бул абалымды капысынан айлана сезип калып, ыйлап ийбесин деп корком. Үйдө болсо эрмектегеним музыка...
Бир чети ушул музыканын барына да терең шүгүрчүлүк кылам. Анткени, ал жашоомдун бир бөлүгүнө айланган. Жан-дүйнөм, жүрөгүм ачуу кыйкырык салып ыйлаган кезде аны жашырып сыртымдан жөн гана ырдап коём. Эгер Жараткан шыпаасын берип, басып кетсем ырчы болуп, тапкан акчамды мендей мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардамга бермекмин.
Бул кыялымды эстесем жүзүмө жылуулук тарап, ичимден бактылуу жылмаям. Дале болсо басып кетем деген үмүтүмдүн жиби үзүлө элек, шамы өчө элек. Эң эле өкүнүчтүүсү ушул кыялдарымдын бир да чети оюла электиги.
Сырдашым ай. Айдын нуру. Азыр да айды карап, көз тамчыларыма ээ боло албай жатам...
Оо Аллахым! Сен мени көрүп, сезип турасың! Сага гана жалынам, сага гана арызданам. Суранам жардам берчи! Мен эзилип, түгөнүп баратам! Менин жүрөгүмдү эзген нерсе бул-ата-энемдин үмүтү жана бөксөрө элек таттуу кыялдарым...
Рахат Боркоева
P. S: Бул чыгарма чыныгы жашоодон алынды. Каарманым менен сырдашып жатып, ушул чыгарманы жазууну туура көрдүм... Каарманым 17 жашта. Аты жөнү сыр...

#11 26 February 2018 - 09:07
#12 01 March 2018 - 09:54
Апакеме кат.
Жашоодогу эң бай жан-апасы бар жан. Демек, мен дүйнөдөгү эң бай адам Джефф Безостон да баймын. Менин байлыгыма кызыккан адамдар апакемдин баары батчу, кенен ааламын бир өмүр кыдырып да учу-кыйырына жете албас.
Апаке? Жашоомо жарык берип, дүйнөмдү жайы, кышы жаз кылган алтын апа? Мени деп тарткан мээнетиңди, менин ыйлаганымдан улам ойгонгон түн уйкуңду, менин абалымды ойлогон ар бир мүнөтүңдү, мага төккөн касиеттүү мээримиңди, эмизген ак сүтүңдү кантип, качан актаар экенмин. Азыр сизден алыс жактамын. Ишенесизби апа? Сизсиз кыйналган күндөрү дем ала албай калам. Үнүңүздү үналгыдан угаар замат жүрөгүм тынчтанып, баякы кыйналуу, азап, ый бөгүштөгү бөгөттөлгөн суудай толкуйт да калат.
Апа, эсиңиздеби? Бир жолу шкафта турган момпосуйду жеп коюп, качып кеткеним?)) Кайра келсем :"Аны сага койдум эле тентек"-деп жылмайып, өөп койгонуңуз. Балалыгымдагы ошол таттуу мүнөттөр азыр табылбай калганын карачы... Алтыным апам ай! "Мен жебесем да балдарым жесин, мен кийбесем да балдарым кийсин "-деп канатыңызга калкалап өстүрдүңүз. Мен сиздин канатыңыздын астында жүрүп көп кыйынчылыктарды көрбөй, ызгаарга тоңбой, жамгырга суу болбой, жашоонун оор -кыйышын сезбей чоңоюпмун. Сиздин айтып берген ар бир жомогуңуз, аңгеме, уламыштарыңыз дале болсо эсимде. Ырларыңызды жадабай окучумун. Сүйлөгөндө да макал менен сүйлөп менин келечегимдин пай дубалын тургузуп бериптирсиз апаке. Сиздеги ошол оргуштаган таланттын бир бөлүгү менде апа. Мен сиздин жүрөгүңүздүн астында жаткан кезде, киндик аркылуу ал талантты да тартуулаптырсыз. Жүрөгүңүз кең, пейилиңиз кенен сиздей жан башка жок.
Алыста жүрсөм да жашоомдун өтүп жаткан ар бир мүнөтү сиздин жүрөгүңүздүн кагышы менен коштолот. Гүлгө суу керек болгондой эле, сиздин дем алганыңыз мен үчүн азык. Жаратканым ошол кагышты эч качан токтотпой, түбөлүк кактырсынчы. .. Апоу? Келе жаткан 6-март туулган күнүңүз жана 8-март майрамыңыз менен! Ар дайым төртөөбүздүн төрүбүздө кызмат, урмат, сыйыбызды көрүп, бакытыбызга балкып бар болуңуз. Сизге өмүрдүн узунун, гүлдүн кызылын, соолуктун бекемин, жашоонун кызыгын жана дүйнөдөгү канча жакшылык болсо ошонун баарын каалайм. Апаке.
Дидарың жайнап, жарыгын чачкан,
Дилим ал нурдан баарысын тапкан.
Дүйнөмдү көрктөп, боёсоң түстөп,
Дасыгып жүрөк, ырларын жазган.
Өмүрдүн нугу кайгысын сунбай,
Өчүрбөй нурун, төгүшсүн күн, ай.
Даанышман адам-ал сенсиң апа,
Дүйнөңүз сиздин океан, Дунай.

#14 09 March 2018 - 11:07
"Боксоро элек кыялдарым"
,"Апакеме кат"темалары менен бириктирилди.
Автор,чыгармаларды ушул темада улантасыз.

#15 09 November 2018 - 15:41
Д Ү Й Н Ө М
Эңшерилип дүйнөм бүт эңшерилип,
Эзген сөздөр кайрадан эске кирип.
Жан талашкан жүрөгүм сүйлөп жатты:
"Жок суранам, өчпөчү, өчпө билик".
Кыялдарды көп сыноо буюктурду,
Колдорума муң баскан сунуп ырды.
Уугуп турган дүйнөмдү аягансып,
Ушул түнү ак жамгыр куюп турду.
Мындай жанга эч убак жолукпагам,
Мен ашыктым, ойлорум, толуп санаам.
Мерез элем, ал жандын багындырды,
Мүнөзү эх дүйнөмдү толуктаган.
Кечирилбес бул менин каталарым:
Кадам койдум ал жанга аттап баарын.
Ийилбестен түзөлбөс тоскоолдукка,
Инсанымды "ДҮЙНӨМ" деп атап алдым.
Кайтпас сезим турат да оолуктуруп,
Көөдөнүмө күлкү, шаң, оюн куруп.
Бирок ага эч качан жете албайм,
Багыт алып мен барчу жолум туюк.
Моюндабай сүйүүнү күйгөн демим,
Махабат жок, болгону сүйлөм дедим.
Кээде туруп, ичимден кетким келет,
Кыйналбастан жүрсүн деп Дүйнөм менин.
Чулгап турган кайгыга калып жаным,
Чууруп жаштар, чуркабай талып каным.
Мээ кайнаткан сүйүүнүн чөлкөмүндө,
Мен ДҮЙНӨМдү тагдырга табыштадым.
Ырга айланып, ыр болуп жүрөктөгүм,
Ый, жаш камтып, ансайын күчөйт сөзүм.
Дилим менен тек гана айтып коюп,
ДҮЙНӨМ үчүн кайрадан күрөшпөдүм.
Кантем анан, мен андан кулап калаар,
Күүсү менен келүүчү тоскон ок бар.
Тушаламын ДҮЙНӨМӨ жете албай,
Турган кезде жеңилбес тоскоолдуктар.
Рахат Боркоева
16/09/2018
Эңшерилип дүйнөм бүт эңшерилип,
Эзген сөздөр кайрадан эске кирип.
Жан талашкан жүрөгүм сүйлөп жатты:
"Жок суранам, өчпөчү, өчпө билик".
Кыялдарды көп сыноо буюктурду,
Колдорума муң баскан сунуп ырды.
Уугуп турган дүйнөмдү аягансып,
Ушул түнү ак жамгыр куюп турду.
Мындай жанга эч убак жолукпагам,
Мен ашыктым, ойлорум, толуп санаам.
Мерез элем, ал жандын багындырды,
Мүнөзү эх дүйнөмдү толуктаган.
Кечирилбес бул менин каталарым:
Кадам койдум ал жанга аттап баарын.
Ийилбестен түзөлбөс тоскоолдукка,
Инсанымды "ДҮЙНӨМ" деп атап алдым.
Кайтпас сезим турат да оолуктуруп,
Көөдөнүмө күлкү, шаң, оюн куруп.
Бирок ага эч качан жете албайм,
Багыт алып мен барчу жолум туюк.
Моюндабай сүйүүнү күйгөн демим,
Махабат жок, болгону сүйлөм дедим.
Кээде туруп, ичимден кетким келет,
Кыйналбастан жүрсүн деп Дүйнөм менин.
Чулгап турган кайгыга калып жаным,
Чууруп жаштар, чуркабай талып каным.
Мээ кайнаткан сүйүүнүн чөлкөмүндө,
Мен ДҮЙНӨМдү тагдырга табыштадым.
Ырга айланып, ыр болуп жүрөктөгүм,
Ый, жаш камтып, ансайын күчөйт сөзүм.
Дилим менен тек гана айтып коюп,
ДҮЙНӨМ үчүн кайрадан күрөшпөдүм.
Кантем анан, мен андан кулап калаар,
Күүсү менен келүүчү тоскон ок бар.
Тушаламын ДҮЙНӨМӨ жете албай,
Турган кезде жеңилбес тоскоолдуктар.
Рахат Боркоева
16/09/2018

Супер-Инфо
super.kg
видео