Суперстан: Бумеранг - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бумеранг Мен сени, сен аны, ал башканы

#1 Пользователь офлайн   manas_skf   12 Январь 2018 - 18:09

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 21 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 07 Апр 2025 23:20

Саламатсынарбы Журок сырынын активдуу форумчулары!
Азыркы учурда бир аз озумду бир жерге коё албай, сырдаш таппай, сырымды ушул жерге жайгаштырууну туура кордум. Ооба, ушул жерде тамгалар менен кала берсин, балким.....эхх. ....ушул "балким" деген соз мага жакпаган создордун катарына да кошулду. Себебин кийин билесинер.
Мурда суйуу, романтика, кыз-жигит пара дегенге анчейин маани берчуу эмесмин (мектептеги "балалык суйууудон" сырткары), башка досторум суйлошкон кызы менен кунду кун дебей, тунду тун дебей телефондон суйлошуп отурганын коруп-Эээ ушунчалык суйлошуп созунор калбай калбайбы? деп калат элем. Бирок анын да жайы бар экен. Анда эмесе баштап берейин.
Жашоо оз нугунда буркан-шаркан агып, кээ бироосун тупкуруно алып кирип, кээ бироолор жээке чыгып, тиричилик уланып жаткан кез. Шаардын жашоосу, студенттик кундор, бутуруучу курс. А мен окуудан сырткары ар кандай иштерде иштеп журуп(активист), тил курстарына барам деген ойлоруму такыр калтырып коюпмун. 1-курстан орус тилине 3-ай окуп, озум да орус тайпага болундум. Англис тилине кызыгуум куч, 10-11-класста кружоко катышып негизги тушунукторун алып, бирок эркин суйлой албадым. Ошол бойдон 4-курста группалаш досум экообуз, май айына чейин англис тил курсуна баралы, эжем Чет тилдер факультетинде сабак берет, курстагы окуучулары Америкага барып келишти дегенинен макул болдум. Ноябрь, декабрь айлары озунун кызыктары менен (сессия, майрам, каникул), дагы да англис тилин 2 ай окуп бутуп, каникулга чыктык. Ал курста балдарга башка, кыздарга башка убакыт коюлуп, биз барган кезде окуучу кыздар чыгып кетишет эле(досум экообуз эле аксакалбыз озу :)). Январь айында практика башталып, анын ичинде окуу жайдагы активист студенттер мн кошо дебат уюштуралы деп жургон кезибиз. Бир бутум практикада, бир бутум окуу жайда дегендей, кээде курска бара албай калчуумун. Ошентип бир кун курска барсам, ммугалим келбей калыптыр. Ордуна биз тендуу 4-курстун кыздары сабак откону кыздар мн балдарды 1 убакытка чакырган экен. Окуучу кыздар кирип келишти, эч кимисине конул буруп карабадым. Озунор жонундо тааныштыргыла, ким эмне менен алектенет?-айтып бергиле деп тапшырма берди, аксакал дешип досум экообуздон биринчи башташты. Айтып бердик. Окуучу балдар анан кыздар. Окуучу кыздардын арасында 1-курстун кызы бар экен эле, аны досум шыбырап айтып калды:
-Бул очкичен кыз менин кошунам,биз жашаган домдо жашайт, аябай жакшы кыз. Мен болсо аа деп гана тим болдум. Ал кызга кезек келип, озу тууралуу, чет тилдер факультетинде 1-курста окуп жатканын, кошумча уйронуу учун курска келгенин айтып берип жатты. Бир кезде мени коргозуп:-Манас акени тааныйм, дебат мастер жана анын тренингтерине катышам-дегенде, кайсы жерден кордум эле? Тренингтеби? Эстедим, тренинг откоруп жаткан куну арт жактан бир кыз чакырып, кечигип калганын айтып кечирим сурап кыскача тушундуруп берууну отунду, ал учурда коргозмо оюн башталып калган учур эле. Мына эми эсиме тушту! Жылдыздуу кыз экен. Аты дагы затына жарашат го!? Жанара. "Жанара" деген ысым кийин журогумду ойугон дарт болоорун билгенде ошондо эле башкача мамиле кылмакмынбы? Айтор, баары откондон кийин ошентип ойлоп коёт экенбиз да!
Жанараны кийин Фесбуктан достук жиберип, анда-санда саламдашып коёбуз. Март айында туулган кунумдо ФБдан(фейсбук) озгочо каалоо тилек жибериптир. Кундор отуп, дипломдук иш, мамлекеттик экзамендер башталып, июнь айына чейин окуу жайда журдук. Мына кечээ эле 1-курста аудиториялардан башы айланып жургон айылдык жигит окууну аяктады!
Айылга барып апама каралашып, уй-оокаттын аркы-берки жумуштарын аткарып журдум. Фейсбуктан Жанаранын туулган куну деп чыгып калды. Ага каалоо-тилек менен кошо куттуктоо жиберип койдум. 2 кундон кийин жооп келди. Ал акыбал сурашып, кайдасын азыр десем-Казакстанга келдик,Казак- Турк университетинде турк тилин уйронуп жатабыз деп калды. Whatsappка кирсен номеринди берчи, ФБ месенджерден жазышуу ынгайсыз десем,казактсандын номери менен киреерин айтып, жазып жиберди.Whatsappтан жазышып журдук, ал мени сурайт мен аны сурайм. Ал августтун 20на чейин Казактсанда болоорун, кун ыссык болуп жатканын жазып, мен РФке окууму улантаарымы, экзаменге кирееримди айтып, ага ийгилик кааладым. РФтен экзамен алганы мугалим шаарга келип, бутууручулор сынака катыштык, жыйынтыгы 1 айда сайтка жарыяланат экен. Ошентип насип кылып сынактан ийгиликтуу 5буз оттук. Ал учурларда Жанара менен ФБ мессенджерден экээде гана жазышып калат элек. РФке келдик, тиешелуу документтерди тапшырып жайланыштык. Сентябрь, окуу башталды. Ал менен кошо Жанара менен таттуу мамиле, таттуу байланыш башталды.
-Канча бир туугансын Жанара?
-3 бир тууганмын. Жалан кыздарбыз 2 синдим бар.
-Инилуу болосун го ))
-Ошо бир уулга тете куйоо бала берсин ата-энеме.
-Аа болду да анда, аракетти коро берейин))
-Ээй, тамашакойсуз да.
Кундо жазышабыз, эртеби-кечпи айырмасы жок. Создон-соз уланат, тамашалашбыз.
-Хоббин эмне? Кайсы музка жагат?
-Китеп окуу, жай жана кайгылуу музыкалар жагат.
-Эмнеге?
-Билбейм, данкылдактар жакпайт. Мени тушунсонуз жай музыка угуп каласыз.
-Тушуноюнчу гана?
-Жай музыкалар жагат :))
-:0
Кунлор ото берди, бир кун whatsappта жок,2-3-4-кун жок. Эмне болду? ФБда да жок. Куттум. Шеригими жоготкондой болуп тынчсызданам. Тундосу саат 1:35де Фбдан жооп келди.
-Эмне жоголуп кеттин? Тынчсынбы?
-Тынчмын, телефонум бузулуп калды :((, эжемин уйуно келгенмин, телефонун кирдим эле ФБга
-Телефонуму берейинби?
-Колдон келбесе суйлобойт дааа
-Чын, жиберейинби?
-Кантип жибересиз?:))
-Тааныш бироо КРга кетип жатат, ошондон берип жиберем (Ошол кезде чогуу жашаган баладан 2500го телефон алып койгон элем)
-Бир кыз суйунуп алыптыр го :)) (озун айтып жатат)
-Пока суйунбой тур, али эрте :))
-Коробуз го.
Озумдун колдонгон телефонуму берип жибердим, шаарда бир досум алып Жанарага бериптир. Ошо кезде ал жаны телефон алган экен.
-Тамашаласа керек деген элем да
-Чындап бекен?
-Рахмат, куйумдуу экенсиз, озунузчу кайсы телефондосуз?
-Мен башка алдым, колундагы менин колдонгон телефонум
-Мен дагы алды эле жаны, макул кийин КРга келсениз кайрып берем, аманатыныз ))
-Жок, карындашым жун журоктон!
-Не мн алексин?
-Ииий даярданып
-неге даярданып?
-Эжем бир жерге бирдикте барып келели деген эле
-Аа жакшы, конулдуу болсун!
-Жезделуу болдум де?
))
Жакшыыы
Балдыз деген статус алышын менен)
-Айтпан эээ
Билдинизбии жездеми?
-Жок тааныш эмес го
-Мен деле тааныбайм
-Кулагын чое бер)
-Комедия короче ииий
Уйлонолу дептир
Сразу эле
-Канчадан бери суйлошот?
-Омииий эми элее
2-3 жолугушуусу
-Бири-бирин билбейт да.
Коптон бери таанышып билип туруп турмуш курган онбу дейм да?!
-Таанышса керек бири-бирин.
Уландысы жашоо-турмуш, уй-булоо жонундо тема козголуп экообуз тен ой болушуп жазыштык. Кимге кандай, бирок экообуздун созубуз ынак эле. Кандай тема болбосун бир-бирибизди толуткап турчуубуз. Тамашалганды жакшы кором, ал дагы тамашага конуп калды окшойт, мени да тамашалап калат ;).
Мен окууган шаардын кочолорун сурап, "Гринвич" ТЦ барбы, силер жашаган жерден алыспы? деп сурап калат эле, анча маани бербепмин. Аудиозвонок, кийин видеозвонок менен байланышып калдык. Ал менен суйлошуп жатканымда экранды скриншот кылып алуучумун. Гугл фотонун автосинхронизациясы бар эле, т.а. кандай фото болсо синхронизация боло берет. Ал дагы скриншот кылып алат экен эле, кийин жиберип коёт. Профилимдеги арт-портретимди кантип жасагыным сурайт, эмнеге десем мага жакты менин да фотому ошондой кылып беринчи дейт. Ал дагы арт-портрет коюп журду.
Бир куну тундосу суйлошуп калдым, ал-акыбалын сурап.
-Атам КРга жолго чыгат экен
-Качан?
-2 саттан кийин
-Тундосубу?
Кайсы жактан?
-Сиз жашаган шаардан))
-Даа?
-Ооба, узатып койсонуз кандай болот?
(Ынгайсыз боло туштум биртоп эле.)
-Мурда корушпосом же тааныбасам кантемин?((
-Тамашаа, убара болбон ))
Корсо атасы бул жакта иштейт экен эле, ошол учун коп сурайт экен эле. А мен аны сурабапмын.
Уландысы менен аягына чыгарам(((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Respect.   18 Январь 2018 - 02:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 071
  • Катталган: 10 Март 16
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2023 18:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан.

Жүрөк сырынын жазуучулары, жаза турган окуяңарды толуктап, анан бул жака бир эле жазып койгулачы. А то ар кимдин чыгармасын аз аздан окуй берип баш айланып калды го...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   manas_skf   16 Февраль 2018 - 03:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 21 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 07 Апр 2025 23:20

Бугун дагы болгон сырымды ушул жерге катып, жашоого башка коз караш менен алдыга умтулууну чечтим. Убакыт баарын ордуна коёт, убакыт азыркы абалыма даары экенин дагы бир ирет озумо эскерттим.
Убагында башкалар катары кыз менен мамиле куруп кордум, бирок ал кыз (Асел) менен канчалык ыссык мамиле курсамда жылдызыбыз келишпеди. Асел учурунда менден жашырган досунун айынан канча жолу урушуп журдук. Жалган айтуу менен кырдаалды убактылуу озгортконун менен акыры чон "катастрофага" айлантып алды. Ошондон кийин ага жон гана бактылуу болушун каалап кол узуп койдум. Кызыгы ал досу, аны "суйом,сен учун баардык нерсени кылам" деп жургон досу айланып келип озумун курсташым болуп чыкты, аты Нурлан. Кандайча куртсаш болуп калганы, 2 курста окуп жатканыбызда колледжден которулуп келген экен. Нурлан экообуздун таанышуубуз дагы озунчо кызык. Сабакта окутуучу жоктоп жатып, менин фамилиямды чакырганда Нурлан байкап калган экен. Сабак буткон сон Нурлан келип,
-атын Манаспы? Асел менен суйлошконсунбу? деп суроолорду узатып калды.
-А сен кайдан билесин?
-Асел менен суйлошуп турат элем, айтса керек.
-Ал айткан досу сен экенсин да. Эмне максатына жеттинби же?
-Тушунуксуз мамиле кылат да мага, бар дебейт же жок дебейт.
Экообуздун маегибиз копко уланды. Нурландан Аселдин башка шаарга окууга тапшырып кеткенин уктум.
****
Жанара менен байланышпай калсам негедир бир нерсени жоготкондой туюлуп, эч нерсеге конулум келбей калат. Качан аны менен телефон аркылуу суйлошуп же видеовызов менен суйлошкондо гана конулум ачылат. Бир куну whatsappтан жазып калд:
-Бетиим..
-Ыя эмне болду?
-Сиздин телефонунуздан апам баардык суротторунузду коруп чыгыптыр.
-Кандайча?
-Акыркы суротторунуз дагы, менин суротторум дагы журот.(Ойлонуп корсом Гугл фотонун автосинхронизациясын очургом, бирок кандайдыр бир себептен телефондун обои коё турган функциясынан чыга берет экен телефонумда. )
-А сен эмне кылып жаттын эле?
-Телефонду калтырып коюп, окууга кеткен элем, ошондо баарын коруп чыгыптыр. Бир группалашымдын телефону деп кутулдум.
-Анда телефонду сброс кылып ташта. Ошондо чыкпай калат.
-Макул.
Бирок ал сброс кылбаптыр. Суротторумду коруп турайын дегенби айтор ошол. Кандай сурот болбосун синхронизация болгондо ал телефонго да чыгып калат экен :).
Андан эмнени жашырмакмын, суротторумдон корсо коруп турсун деп койдум.
Жанараны эркелетип "Жанчик" деп жазып калат элем. Ал "чикти" кошпой эле коюнузчу деп чычалап калат. Варианттарды жазам. "Жану", "Жаны"," Жанка"," Жанито Чоколато" деп :) ал мага "Жано" денчи деп калды, эмнеге десем ушу жагат деп калды. Макул деп Жано деп журдум. Ал мага "Зимняя сонатаны" коргонсузбу? "Черная любовьту" коргонсузбу? деп сурап калат. Сериалды жактырбаган жаным, бир куну Интернеттен "Зимняя соната" киносуну баардык болугун откордум. Тундосу суйлошуп жатып, "Зимняя сонатаны" акыры коргонго мажбур кылдын акыры, королубу десем макул болду. Ал озунун ноутбугунда, мен бул жакта озумун ноутбугумда:). Кызык жерлерин жазышып коебуз. Жанара туркчо ырларды жакшы угат эле. Мага жиберип турат, кээде ырдап жиберет. Котормосун дагы жиберет.
-Жакшы ырдайт турбайсынбы Жано?:)
-Тамашалабаныз
-Чындап, Арзыкеева чанында калат го?!
-Анчалык талантым жок менин
-Талант бар экен да сенде, тааныш жок де :). Продюссерин болуп берем кайрылсан;).
-Кээде гана ырдап коём, рахмат конулумду которуп койдунуз.
Бир куну "Шам жагалы" ырынын башкы куплетин созолонто ырдап записин жибериптир. Аны мен ырдын минусуна записти ондоп,эффект кошуп, кыскача ыр кылып кайра озуно жиберип койдум.
-Сиз ыр кылып коюпсуз го?:о
-Кутподун беле?
-Ооба, интернетке чыгарып жылдыз кылып жибербен зорго жургонумдо :)
-Кабатыр болбо, жакшы ырдапсын анан жон калтырбай ыр кылып койдум.
Андан кийин озумун голосуму жазып, калган жагын толуктап ыр кылып, аны да жибердим :). Анын кубанычында чек жок. Бул ырды кундо угам, жакшы баарын эле сиз ырдагансыз, голосум озумо жакпайт дейт :). Уккан ырларынын баары эле жай анан кайгылуу музыкалар. Бир куну кыргызча ырлардан да уксан боло деп, жай ырлардан коп жиберип койдум. Ушул ыр жакты деп Айбек Жумановдун- Адашкан махабат деген ырын коргозуп калды.
Жашоодо ойлогондой боло бербейт,
Умутум да, уча берет сени издеп.
Суйуп журуп эмне болот ким билет?
Же каламбы дагы жетпей бур ирет?
*****
Мен сени, сен аны, ал башканы,
Ошол болот махабаттын адашканы.
Сенин суйуун мандайыма жазылбастан,
Туболуко колдорубуз кармашпады. .... Бул ырдын текстинин эки строчкасы мурда соцтармактарда картинкалардан коруп калган элем "Мен сени, сен аны,ал башканы. Ушул го махабаттын адашканы" деген. Ошону эстеп, кызык ыр экен деп коем. "Шам жагалыдан" тажабайм, ал ырды очурбодум. Кээде гана угуп койбосом гана.

Жанара:-Суйуп коргонсузбу?
-Эми эмне десем:) балалык суйуу болгон.Балалык суйуу баарында эле болсо керек?
-Жок менде балалык суйуу болгон эмес. Бирок суйуу болгонбу так айта албайм.
-Эмнеге?
-Ээ ал мындай эле. Андан коро сиз айтып беринизчи деп созду башка жака буруп салды.
-Асел деген кызды катуу жакшы коргом. Кийин урушуп кеткемин.
-Эстейсизби?
-Эсимде бирок эстегим келбейт Жано.
-Эстебеген эле жакшы!
-Ошондой го?!
Кийин создон соз чыгарып жатып сурадым андан эмне болгон айткын келбейт деп. Акыры чындык кайда качып бармак. Айтты. Корсо аруузатым бироону катуу суйгон экен. Болгондо окутуучусун. Аты жонун билип Фейсбуктан ал окутуучусунун суротторун баарын коруп чыктым. Ал окутуучусу жонундо сурасам созду бургусу келет. А мен болбой эле сурай берем.
Эртеси whatsappтан:-Кечирип коюнуз мени. Ал мени "Жано" дейт болчу. :( бирок сизди мындай кылганым туура эмес. Жакшы журунуз, мени унутпаныз! -деген смс келгенин, жана баардык соцтармактардан блокировка кылып салганын, номерин озгортуп салганын байкадым.
Оюм онго болунуп, эч нерсени тушунбой нес болуп калдым. Эмне болгон? Эмне учун? Эмнеге?
Уландысын дагы жазам.......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   aijyldyz   19 Февраль 2018 - 22:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 642
  • Катталган: 04 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2021 17:16

Качан, эмне болуп бумеранг болот экен деп кутуп журом улантышын кызыгып илгери 40 жылда келчу эле бумеранг азыр 40 кундо келет дешет озуно.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   alisha00   27 Февраль 2018 - 19:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 166
  • Катталган: 19 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 03 Окт 2024 01:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жүрөгүмдө жашайм )

Жакшы. Мага жактыңыз)))))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   uikuchu   28 Февраль 2018 - 15:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 353
  • Катталган: 28 Июнь 17
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 16:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аксы

Анан не болдуу...
жашоо -жакшы, жакшы жашаш Андан да мыкты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Авг 2025 03:49

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: