4. Исламий фундаменталдуулук деп эмнени түшүнө сүз? Теократиялык принциптер. .. дегендичи?
4. ....Бул сөз менен мусулмандарды каралап айтып келишет. Мага бир журналисттин айткан кеби жагат: "Ким гезит журнал окубаса - ал келесоо. А ким ошол гезит журналдарды окуп, анда жазылгандардын баарына ишенсе, ал - андан өткөн келесоо.." Таамай айтылган сөз да!!!
Азыр массалык маалымат каражаттары кимдин колунда экени баарына болбосо да көп эле адамга маалым. Гезити болобу, журналы болобу, үналгысы болобу, сыналгысы болобу, деги каерге барба - мусулмандар "киши өлтүргү ч", мусулмандар - "жырткыч" , мусулмандар - "террорист" , мусулмандар - "жанкечти" , ваххабист, салафист, фундаменталист дагы башка толгон токой "...исттер" . Бирин араң "Ой ал андай эмеес, мындай", - десең, бирин ойлоп табышат.
Сиздин сурооңузга ылайык.... (сиздей болуп көп чекит коюп коёюнчу, хе-хе-хе...) Мага өзү "фундаменталист" деген сөз жагат. Айрыкча "исламский фундаменталист" дегени. Азыр бул жогорку статусту талдайлы.
Фундамент деген эмне? Кыргызчасы - пайдубал экен. Биз үй курганда эмнеден баштайбыз? Пайдубалдан. А пайдубал жөн эле пайдубал болбошу керек. Анын курамы, кармай турган арматуранын сапаты, классы, оордукка туруштук берүүчү касиети, мисалы А6 классы тонна жүккө сынбайт. Ошондо да биз пайдубал деп жерден чыгып турган, эптеп септеп куюлган цемент бирикмелерин айтабыз. А чыныгы пайдубал - жерге 1,5 м кирип керектүү арматура менен карматылып, коюулугу да стандартка жараша болгондо гана, үйүбү з бекем болот. А үй - бул мамлекет, же биздин үй-бүлө . Ошол пайдубал - ыйман керектүү курамы менен айырмаланып бекем болбосо үйүң дүн евро ремонт болгону бир тыйын. Бекем пайдубалы бар үйдүн обделкасын кайра жасап коюуга болот. А пайдубалы начар үйдүн пайдубалын алмаштыра албайсың да.
Менимче, бул сөздү, бул ярылкты ислам душмандары ойлоп таап ыйман деген үй-бүлө нүн, мамлекеттин негизи болушу керек дегендерга жалган жалаа менен жабыштырылып ММКда аларды элге "бөкө чөй" көрсөтү п ошол сөздү укканда төбө чачы тик тура тургандай деңгээлге эң ийгиликтү ү жетишишти. Ошондуктан, ушундай суроо туулуп жаткан абал...
Сурооңуздун экинчи бөлүгү н түшүнө бербедим. Сиз кайсыл өңү ттө айтып жатасыз? Тактап коюңуз. Анан өз оюмду айтайын. Эгер мамлекеттик башкаруудагы болсо, анда буга чейинки жазгандардын ичинен жооп табасыз.
Урматым....менен. ...
.Таллас....

Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 27 Апрель 2010 - 21:48