Сенин жарык дуйного келгенин дале коз алдымда.Атамдын эркек бала дегенде эки козу торт болуп кетээр эле.Мына кыштын ызгаардуу куну коп куттургон сен келдин.Атамдын кубанычы коюнуна батпай чекеси жарыла аябай суйунду.Бирок сенин биздин уйго келгенин мага жага берген жок!Буга чейин уйдун эркеси болсом,эми четте калып калгандаймын. Мени менен эч кимдин иши жоктой.Баары сени карашат кичине эле "кынк"этсен уйрулуп устуно тушушот.Мен ансайын сени жаман коруп барам.Анткени сен келгенге чейин мунун баары мага тиешелуу болчу.Атамдын "менин кызым"деп турганы менен,сени караганда ичи элжиреп,эзилип кетээрин кантип байкабай койойун.Озумчулдукко аябай конгон экенмин.Ата- энемдин конулун озумо бурдуруу учун канча шоктук кылдым
Бирок ошол озумчул журоктун терен тупкурунон орун алганын тан калаарлык...
Сенде эн биринчи деген нерсе коп."Эн биринчи бобоктуу болдум"," эн биринчи ысым ыйгардым" ,"ата энемдин эн биринчи эркек перзентисин" ,"чон апабыздын эн биринчи эркек небересисин" ,"эн биринчи бироо учун да камкор болуш керектигин уйроттун" ,"эн биринчи чыгарган ырым да сага арналган" .
Негедир жамгыр жааса же кун куркуросо сени эстейм.Биринчи эле оюма жылуу кийинди бекен деген ой келет.Жаман туш корсом да ойгоноорум менен сага чалам.Баары жайында экенин угуп эс алып калам.Сен менин баарымсын! "Эжеке сиз менен сыймыктанам" деген созун,мага омур бою жете турган стимул болгон.
Мына буюрса быйыл 17-кышынды тосуп атасын.Мектепти бутоор алдында турасын.Досторун менен оздук майрамынды белгилеп шатыра шатман болуп отурасынар. Жылдыздуу, бакыракай коздорун кайгыны билбей,ылайым ушундай жайдары муноз менен журсон экен!Мен сага ар дайым айтып келем,уктаар алдында дуба кылсан Аллахым созсуз кабыл кылат деп.Менин да ошо дубаларымдын арасында сен барсын!Сенин жакшы азамат болуп осушунду,озун каалаган кесиптин ээси болушунду,ата- энемдин тиреги болушунду жана эн негизгиси ыймандуу болушунду кундо тилейм!Жашоо женил эмес экенин аны татыктуу басып отуу оор болоорун коп эскерткем,бугун да кайталамакчымын. Ата-энебиздин жузун жер каратпаган жакшы жигит бол!Туулган кунун менен бир боорум!