Суперстан: Бактылуу өлүм - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бактылуу өлүм Турмуш

#1 Пользователь офлайн   Dimedra   15 Февраль 2018 - 14:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Болмонун ичи карангы жымжырт, тируулуктун дайыны билинбейт, чылымдын канылжарынды жарган жыты менен коз ачыштырган тутуну эле болбосо. Четте турган керебетте олуу тируусу билинбей бир караан жатат, эки колун эки жакка таштап. Бул караандын ээси Адыл эле. Тообо Адам эмнелерге гана чыдабайт, 10кундон бери ачка НАН да жебей суу да ичпей чылым менен гана жашап келет. Жашаганда кандай демин ичке тартып сыртка чыгарганы эле болбосо олуктон айрымасы жок, ОЗУ да ошону кутуп жаткандай. Бирок олум куткон адамга эмес кутпогон абалда келет тура. ОЗ жанын кыйюга колу барбайт, жашайын десе жашоосу тозокко айланып баратат. Бул абалга келишине эмне себеп болду.
Бул тынч океандын туштук чыгыш тарабында 2 чон аралды ээлеп жаткан Жаны Зеландия мамлекетинин борбору болгон Веллингтон шаарынын так ортосунда жайгашкан коп кабатту уйлорго Ким суктанбай коет. Мындай кооз имараттарда кандай гана бактылуу адамдар жашашат болушту экен. Ошол уйлордун биринин 7-кабатында жайгашкан 3 болмолуу кенен жакшы табит мене жасалгаланган батирде да 10 кун алдын ошондой бактылуу адамдар жашап жатышкан. Наристенин кулкусу жанырып, жубайлар Адыл менен Селки да откон кундорун унуткандай бактылуу жылмайып турушпады беле. А азыр ал бакыттан тук да калбаган. Жашоо ушунчалык тез озгорулуп турат, эртен не боллорун билбейсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Dimedra   15 Февраль 2018 - 18:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Адыл 40 жашка жаны кирген кырчындай куракта, келбети, дене тузулушу адамды суктандырат. Бирок адамдарга акча, байлык жардам берсе Адылга тескерисинче зыянын тийгизип келет. Аны тегеректеген достору, туугандары, жада калса аял заты да анын келбетине, ички дуйносуно эмес акчасына арбалышат. Эмнегедир Адылды чын дилинен берилип эч Ким суйбоду. Балким ал суйууну жомоктогудай идеалдуу элестетип алса керек.

Адылдын уй булоосу Талас облусунун Манас айылында жашоочу. Ата энеси эмнеге экени белгисиз Адылды башка балдарындай жакшы коруп эркелетпеди. Жаздан кузго чеин кетмен кармап жаш болсо да тырмаландап дыйканчылык кылат, кыш келди малдарды тоодон алып тушуп мал карайт, антсе да анын бул кылган жумуштарын мактап котормологон деле Адам жок, башка бир туугандары идиш жууп же сабактан жакшы баа алып келсе эле мактап жактап жатып калышат. Адыл бул корунушко конуп деле буткон, коздору ар дайым мундуу боло турган. Ал корунушу бир аз убакытка озгоруп, азыр кайра ошол убактагыдай журогун боштук ээлеп, коздоруно мун толду. Окууну бутуп чон окууга тапшырып, жакшы Адам болуп эл козуно корунуп турсам ата энем мени менен сыймыктанып жакшы коруп турушмак деп ойлоп коет, бирок бул оюн айта албайды, андан эч Ким кызыгып сураган деле жок. Ичи дарты ичинде сыртка чыгара албай эле калып кетти. Эч нерсеге карабай окуусун артыкчылык менен аяктады, ОЗУ дилгир, эс тутуму жакшы болгону учун жакшы окуучу. Бирок окууга тапшырбады, айылда баягы эле уй жумуштары менен алек болуп жургон, бир куну апасы катык ооруп калат. Адыл конул деле болгон жок. Эч Кимден мээрим корбосо, ОЗУ да мээрим бере албай калат экен. Ал китеп окууну жакшы корчу, кичине бошой калса эле китеп карайт, ошонтип китеп окуп отурган убакта иниси келип апасы чакырып жатканын айтып кетти. Окуп жаткан окуясынан чыккысы келбей, журоксуп дагы эмнеге жумшайт болду экен деп апасынын жанына кирип барса, апасы коздорун жалжылдатып, каалганы бекем жаап жанына жакын отуруусун отунду. Мындай озуно болгон мээрим толгон коз карашты биринчи жолу коруп турганга бир азга нес боло тушуп, кийин апасынын кутуп жаткан турун коруп айткандарын аткарып жакын отуруп эмне дээр экен деп тыншап калды. Ошондо билди эмне себептен ата энесинен жетээрлик мээрим ала албаганын.

Билдирүүнү түзөткөн: Dimedra: 15 Февраль 2018 - 18:05

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Dimedra   15 Февраль 2018 - 19:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Корсо Адыл атам деп жургон Канат озунун атасы эмес экен. Апасы Гулкайыр жаш кезде Жамалдин менен суйлошуп кыз жигит болуп журуп боюна бутуп калат, муну Жамалдин армияга кеткенде билип Гулкайырдын айласы кууруйт. Оо ал кезде уят деген кучтуу эле, кантип куйоого тийбей торойт, бул шумдукту эл билбесин. Армиядан келгенче 2 жыл отот, кутууго убакыт жок. Гулкайыр Жамалдиндин досу Канаттан армияга кат жонотот. Ошол кезде Канат Гулкайырга тымымзын ашык болуп жургон, ал катты ачып окуп досуна жонотпой абалдан пайдаланып боюнда бар экенине карабай Гулкайырга уйлонот. Башында баары жакшы эле башталганы менен, бала торолгондо эч мээрим бере албай коет. Кийин озунун балдары торолгондо Адыл четтеп эле калган. Гулкайыр да ошол учун уруш чыгарып элге шерменде болгусу келбей бул абалга конуп берет.

Адыл буларды угуп суйунуп алган. Демек Апам озумдун Апам. Ал ойлоп жургон мени багып алышса керек деп.
Гулкайыр тамагын кырып.
-Балам оз атан Жамалдин борбордо турат, жеке ишмер ошого бар, бул катты бересин баарын тушундуруп жаздым, бул жерде калба. Канат менин козум отсо озунун балдарын эптеп калкалайт, сени менен иши да болбойт, менин козум барда каалабаган сени мен откондо кубалап салат, же ушул абалда малчы кылып журо берет. Менин олушумду кутпо, анда эмне болуп кетээрин билбейм, жаманбы жакшыбы ушунча жыл сага ата болду Канат менен кер мур айтышып калба, азыр кет, мен сени издебе деп айтам, келечегинди кур. Канатка ошондо менин айыбымды жапканы учун азыркыга чейин каяша айта албай сени кооруй албадым, кечир мени, деп колуна кат берип дарегин айтып жонотуп жиберет. Адыл апасынан эми эле тапкан мээримди жоготкусу келбей кыйылып атып жолго чыгып кетет. Жол ката атасы менен жолукканын элестеп, кантип учурашат, не деп айтат ата десеби же катты окугуча айтпай турсабы, атасын тапса эле баары ордуна тушуп мээримге болонобу же кабыл албай коебу, кыялданып да коркуп да бара жатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Dimedra   18 Февраль 2018 - 22:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Мына айтылган даректи да таап келди. Зангыраган 3 кабаттуу калдайган дарбазалу уй экен. Дарбаза какса костюм шым кийген кычыраган киши ачты, атам го деп ойлоп.
-Сиз Жамалдинсизби? Десе ал кароолчусу экен, киргизбей койду, озунун Ким экенин да айта албаган да. Катты берип жиберип кутуп туруп калды. Бир аздан сон дарбаза ачылып женил спорт кийимчен Жамалдин чыкты.
Катты колуна алып Гулкайырдын ысымын окуганда чоктой атып турган. Чыгып эле Адылды карап туруп калды, не кылаар айласын таппай. Жок деп тан албай жолго салайын десе мандайында озунун жаштыгына куюп койгондой окшош бала турат, ошон учун да Канат бооруна тарта албай койсо керек. Кабыл кылып бооруна кысып уйуно киргизеин десе уйундо аял, бала чакасы бар, алар мындайды тушуно тургандардан эмес.
Жамалдиндин мындай сууз коз карашынан Адыл келгенине окунуп кетти, эмне кылсам артка бурулуп кетип калсамбы, кайда барам шаарда таанышым жок деп кайра жаш бала эмесмин бир айласын табаармын бул адамга жалдырабайм деп чыйралып артка бурулуп жоноп калды.
-Токто. деди Жамалдин шаша,-кайда барасын?
-билбейм, деп жай жооб берди тескери Караганда абалда
-апан ооруп жатса азыр барып бир жолу корго тыгасынбы?
-апама барбайм азыр.
-анда токтой тур, мен бир жолун ойлоп табам, бугунчо мейманканага тунойсун эртен калганын суйлошобуз. Деп уйуно кирип гараждан унаасын айдап чыкты да Адылды салып алып жоноду. Жол ката ундобой ар Ким оз ойлору менен алек болуп мейманканага жетип келишти. Кирип Адылды жайгаштырып,
-эртен келем сен эс ал, деп чыгып кетти.
Кызык жолдон келсе карды ачпы деп ойлоп койгонго жарабайт. Адыл болмодо жалгыз калды, дагы жалгыздык, айланасында канча адам болсо да жалгыз, мындай абалга конуп буткон. Атам бай болбой эле жонокой адам болгондо азыр мага башкача карамак, балким бооруна кысмак. Бири байлыгын кайтартса экинчиси байлыгын менден кооруйт, эмнеге менин ошол болбогон жансыз дунуйочолук баркым болбойт, качанга чейин дунуйонун комускосундо жашайм, мен да бай болушум керек экен ошондо гана мени менен да эсептешип калышат деп ызааланып ыйлап жатып уктап калды. Ошондо билсе кана байлык Бакыт болуп бере албасын.
Уктап жатып туш корот, тушундо хан сарайда отурат жанында чуроктой сулуу сары чач кыз турат мээрим толгон коздору менен карап, ал кыз жылмайып ымдап сыртка чакырат артынан чыгайын деп баратса каалга жабылып хан сарайдын ичин тутун каптап кетет, каалганы ачайын десе бек экен, туртуп ача албай кыйналып жатып ойгонуп кетсе кадимкидей Деми кысылып кыйналып калыптыр. Туруп эле эшикке карай басты, туртуп корсо ачылбайт, кулпусун бурап катуу туртуп корду болбойт, коркконунан тепкилей баштады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Dimedra   19 Февраль 2018 - 15:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Ангыча каалга ачылып кароолчу кирип келип
-эмне кылып жатасын, бул жер атандын уйу эмес, сенден башка адамдар да бар! деп урушуп кирди. Корсо корккондон эсине келбептир, туткасын жогору которуп ачыш керек экен, озунун маныроолугунан уялып кечирим сурап кала берди. Бир болбогон туш учун ушунча боломонбу дагы жаш эмесмин деп коем деп озун тилдеп жатты. Ошентип тан да атты, эртеси Жамалдин келип мандайында суйлошуп отуруп.
-Окуйсунбу? Деп сурады
-окугум келет, тилчи болсом дейм.
Адылды баштан аяк карап,
-ошол да кесиппи, эркектерге туура келген кесипти тандабайсынбы, деди.
-эркектер тилчи болсо жарашпайбы?
-албетте, бироонун куйругу болуп ээрчип, озун тыншап угуп турган да эркекке болчу беле, мындай сот, жактоочу, укук коргоочу бол бизнес кылганды уйрон.
-алар деле бироонун айтканын аткарат да, хан болсон да коз карандысын, андан коро аткарган кесибин озуно жакса болгону го.
-макул озуно жакса озун окуй бер, жумуш менен камсыз кылам, кана кыйратчы королу деди.
Адыл суйунуп.
-рахмат, деп атасын кучактап калды. Жамалдиндин колдору бош баласын кучагына кысып койбоду. Адылдын кубанычтуу ойлору быт чыт болуп, журогу муздап, денесин муздак тер каптады. Бари бир макул болуп атасынын кол алдында иштеп калды, башка аргасы да жок эле. Эх ушул аргасыздык!
Жамалдин шаардын акыркыларынан эмес болчу, бир баласын жон эле иштетпей окутуп койгонго кудурети жетет эле. Адыл муну анын кол алдында жонокой жумушчу болуп иштеп журуп тушунду, таарынган деле жок, атасы ал учун алдын кандай ботон болсо азыр да ошондой эле. Жай аяктап окууга да тапшырып ОЗУ каалаган кесипке эч кыйынсылыксыз отуп кетти. Эми иштеп да окуп да жатты, башынан мээнеткеч бала тез эле озун коргозо алды, окууда алдынкылардан болсо, жумушта оозго алына баштады. Баштыгы Жамалдин да тан калып коет, чынында Адылдан мындайды кутпогон, ошон учун кара жумушка алган да айылда журсо акылы эмнеге жетмек эле деп. Жада калса тилчи болом дегенине кулкусу да келген, Эми мынтип баарына жетишип отурса. Озунун уйдогу баласы Амирди Эстеп, ал кандай Адам болот экен, эрке, оюн кулкудон башканы ойлобойт, атасы тируубу, олуубу кызыктырбайт да, уйго келбейт, келсе кирип кире электе мага мынанча акча керек деп сурайт, жашта деп актап койду озунчо. Амир чынында 18 жашка чыкса да колу бир ишке тийип корбогон, оюн кулкудон башы чыкпаган, атасы урушса апасы болушуп жалгыз балан, деп журуп эрке талтан болуп оскон бала.

Билдирүүнү түзөткөн: Dimedra: 19 Февраль 2018 - 15:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Dimedra   19 Февраль 2018 - 17:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Бирок Жамалдин Адылга карай суз мамилесин озгортподу.
Кадимкидей кундордун биринде Адылга апасынын коз жумганы тууралуу кабар келди. Окуусунан жооб ала албай, анан дагы апасынын акыркы айткан создорун эстеп барбай эле коюну туура корду. Ыйлап сыктап Кур'ан багыштап окуп кала берди. Эми чындап жакыны калбады бул ааламда. Кара жанын карч уруп иштеди, окуду. Кесиби боюнча котормочу, англис, Испан, француз, маори тилдерин жакшы оздоштурду. 4-курсту аяктап калганда окуу жайда конкурс отуп, Адыл андан утуп Жаны Зеландия мамлекетине окуусун улантууга жолдомо алды. Ошентип биринчи жолу мекенинен сыртка чыгып Веллингтон шаарына келет. Айланасына коз чаптырып жашоосуна тан берди, айылдагы кетмен которгон малчы бала ушундай кооз шаарда жашашы тушуно да кирбесе керек. Китептерден окуп жургон укмуш дуйного ОЗУ келип калды. Ою алып учуп тоону томкорууга даяр эле. Артта калган адамдарды кечирип аларга рахмат да айтып жатты. Ар бири кичинеден салымын кошподубу, кысымы менен, мазагы менен. Артка кайткысы жок, биринчи эле кундон тартып ушул жерде калып кетууну коздоп жатты.
Королева алдындагы окуу жайга кирип ошол эле окуу жайдын жатаканасына жайгаштырылды. Окуудан эч кыйынчылык болбоду, маори тилин жакшы оздоштургон болчу, англис тилинде да жакшы суйлойт. Бул жерде да чет Элден келген окуучулардын арасынан тез эле болунуп озун коргозо алды. Окуу жайга методист катчы болуп жумушка да кабыл алынды. Жашоосу ойдогудай уланып, 3 жыл журуп окуусун да аяктайт. Ушул окуу жайга калып мугалим болуп иштоо сунушу тушту, Адылдын каалаганы бул эмес болсо да азырынча эн жакшы болот. Эми мугалим болуп иштей баштады. 4-5 жылдай убакыт отуп калган, бир куну окуу жайдын тышкы иштер катчысы жолугуп,
-сага Кыргызстандан телеграмма Келди деп торт бурчтуу конверт сунду.
Адыл бул жакка келгени эч Ким менен кабарлашпаган, дарегин айтпаган, Ким болушу мумкун. Шашып конвертти ачса, жактоочу Байматов Улан Кожомбердиевичтин атынан экен, Адылды мумкун болушунча тез аранын ичинде Кыргызстанга келишин отунуптур, башка эч нерсе жазылбаган. Адылдын башы ман болду, эмне себептен чакырылышы мумкун, болгондо да жактоочу, эч кимге эч жамандык кылбаган. Балким Канат менен Жамалдиндин ортосунда бир нерсе болду бекен, мени кубоолукко чакырып жатышабы деп ойлоду. Жашоосу Эми эле оз нугуна тушкондо бул нерсенин такыр кереги жок эле. Эми эмне кылса, баштыктын болмосуно уруксат сурап кирип барды.
-уруксатпы,
-кир
-азыр эле телеграмма алдым, мага кичи мекеним Кыргызстанга чакыруу келиптир.
-кандай чечим кабыл алдын?
-барууга тура келет, сиз уруксат берсениз.
-канча убакытка?
Бул жерде баары так болушу керек.
-маселе ушунда, эмне себептен чакырылганым белгисиз болуп жатат, канча убакытка экенин да билбейм.
-сенде 2 жол бар, бир убакытты айтасын ошол убакка келесин, улгурбосон жумуштан мыйзам боюнча караланып кетесин сени башка эч кайсы жерге жумушка кабыл албайт, Экинчи жолу болсо арыз жазып жумуштан бошоп кийин кетесин.
Мына эн кыйын маселе, бул жер Кыргызстан эмес, баары оз жумушуна так, китепте коргозгондой болушу керек. Адыл ойлонуп барыбир баруум керек деп чечим кабыл алды, жонокой адам эмес жактоочу чакырткан, бул жерде калып ар кун бул жонундо ойлонуп кыйналып журо албайт. Арызын жазып жумуштан бошоп Кыргызстанга сапар тартты. Алдын ала ошол дарекке телеграмма жолдогон бара турган кунун айтып. Туз рейс болбогогдуктан Москва аркылуу учкан. Москвага келип тушкондо аэропорттон башаламан ызы чуу тушкон адамдарды коруп ичиркенип Алды, бизде эч качан ирээт тартип деген болбойт экен да. Эми Бишкекке учуш керек, оз мекенине ушунчалык конулу муздаганбы такыр аягы тартпай турду. Кайра артка кетип калсамбы, кеч болду жумуштан дагы чыккам барыбир барыш керек деп учакка чыкты. Учакта ызы чуу, жаш балдардын ыйлаганы, туртушуп чыгып кайра шашылып туртушуп тушуп жаткан эл, булардын баары Адылга жат болуп калыптыр. Бишкекке да келип жетти, аэропоттон чыгып кайда басышын билбей ойлонуп туруп калды. Жанына бироо келип
-Сиз Адылбек Канатбековичсизби? Деп сурап калды.
-ооба, а сиз Кимсиз?
-мени сизди тосуп алууга жонотушкон, деди коздору ойноктоп ОЗУ чон кычырап кийинип алса да коркок туспол Адам экен.
-Ким жонотту Жана эмне себептен?
-эмнеге экенин билбейм Улан Кожомбердиевичке жеткиришим керек сизди.
-макул, деп Суз коздору менен карап койду.
Адылдын бул коз карашынан тайсалдап шашкалактап кетип унага жол баштады. Унаасын тез айдап чон жолго чыкты. Адыл айлананы карап бара жатып кеч кирип калса да жол чырактарынын жанбаганын, жолдордун танка отуп кеткенсип онгул донгулун, кочодо кабагы салынкы адамдар, колдонулбаган имараттар, жапыз уйлорду коруп Бишкекти согушта кыйрап калган шаарга окшоштурду. Унаа туз эле келип баягы биринчи шаарга келип коргон оз атасынын 3 кабатту уйуно келип токтоду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Dimedra   21 Февраль 2018 - 16:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Бул сапар дарбаза ачык, кароолчусу ОЗУ алдынан жугуруп чыгып жугун тушуруп тосуп алды, тан калычтуу нелер болуп жатат озу. Уйго кирсе ичи сыртынан да кооз жасалыптыр, кире бериште чон зал ортодо стол анын тегеретесинен коюлган жумшак эмерек, тордо бир сымбатту Адылдын озуно окшоп кеткен жаш кыз, жанында чачы кыркылуу заары бетине чыгып турган аял отурат, козундо огу болсо атып жиберчуудой Адылга карап. Анын коз карашынан ичиркенип козун башка жакка буруп кетти, эмеректин бурчунда костюмчан коз айнек тагынып чачын Артка тарап интелегент экенин билдирип бироо олтурат, Жамалдин корунбойт. Коз айнекчен киши тура калып,
-Куш келдиниз Адыл мырза, атаныз суроттогондон да сымбатту жигит экенсиз. деди.
Кызык кайсы атам, Жамалдинби, ал мени уулум деп тан алганбы, ушуларды ойлоп улгурду.
-Мен бул жерге эмненеге чакырылганымды тушунбой турам.
-Сенби? Сен арам баарын тушуносун, билип билмексен болбо, Жамалдын акчасын сапырып чет элде окуп жургонун аз беле? Оз апанды жегенин аз келгенсип Жамалды да жедин. Аталап жанында жаргон баласына эмес, бар байлыгын сага ыраа коруптур ал шумшук, деп кыска чачтуу аял атырылды.
-Майрам Эже тынчтаныныз, бул жигит чындыгында билбейт эч нерсени, деп аралаша кетти коз айнекчен.
-Кечиресиз сизди мындай абалда кутуп алганыбыз учун, мен жактоочу Байматов Улан Кожомбердиевич деп колун сунду.
-Адыл, деп туруп калды оозуна башка соз келбей. бир ойлогону Жамалдин олду дейби.
-Сиз отунуз торго, Эми бул уй сиздики оз уйунуздо кенен журсонуз болот, деп оюн болду жактоочу.
-Жамалдин Артыкович тилекке каршы 1 ай мурун коз жумду, ал акыркы кундору журогу ооруп жаргон, ошол кездерде бар байлыгын курулуш турак жай мекемесин сиздин Жана карындашыныз Сезим Артыкованын атына которгон, сизге тийиштуу мулкту тапшырып кою учун чакырганбыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Dimedra   21 Февраль 2018 - 18:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Адылдын акылы бул нерселерди кабыл ала албай жатты, кандайча мен, анын озунун суйктуу баласы Амир бар эле го ал жок, же ал дагы... Жок азыр эле апасы аталап жургон баласы туруп дебедиби. Мени жакшы деле корбогон, анан эмнеге мен, деп ойлору алып учуп жатты.
Сезим оюн болуп,
-ага сиз экообуз тааныш эмеспиз бир тууган экенибизге карабай, сиз атама окшойт экенсиз, азыркы айткандары учун апамды кечирип коюнуз, Жан шеригин жоготуп сыздап турган чагы, Эми бул уйго биз кандай ээлик кылсак сиз да ошондой ээлик кыласыз, турбан отурун, деп колунан тартып отургузду. Адылдын тили дагы деле курмоого келбей турду, тан калып бутпойт. Муну кыраакы Улан Байматов байкап ынгайсыз учурду туздоп, кагаздарын алып чыгып Сезим менен Адылга керектуу жерлерге кол койдуруп, уйдогулор менен коштошуп, алдыда боло турган жанжалды алдын алып Адылды болуп алып чыгып кетти.
-Билесизби Адыл сиз илимдуу, билимдуу адамсыз баарын туура тушуносуз, Жамалдин Артыковичти кобу жаман корот, бирок ал анчалык жаман киши эмес эле, оз кучу менен баарына жетишкен, эми жашайын деп турган кезде кете берди, анын себеби ушунча жыл жалган жашоодо жашаганын которо албай койду окшойт, сизден кечирим сурагысы келген жетишпей калды. Уулу Амир банги зат колдонуп журуп, акыркы ирет нормадан ашыкча колдонуп алып ооруканага тушуп калган, тез аранын ичинде кан алмаштыруу керек болуп атасы кан бергенде дал келбей калып, Ошондо Амир озунун уулу эмес экенин билип, жубайы менен катуу уруш болгон. Тушунбойм Жамалдин Артыкович кантип ушунча жыл бул аял менен жашап келгенин, ушакчы катындай бообоюн, эч эле адамдык сапат деген жок экен, мени аябай эле жудотту аз убакыт ичинде, эч эле куноосун мойнуна албайт, тегеректе баары куноолу бир эле озу ак. Сиз жонундо укканда озунун куноосун унутуп, олгон адамды да аябай каргап тирултчудой болду, сотко кайрылат имиш, кайсы бети менен билбейм. Кызы Сезимдин да азыркы коргозгон спектаклине тан калып турам, апасы экоо бир театрда окуганбы. Бул чечим тууралу укканда шаарды тугол кыдырып юрист издеп жургон, чечимди озгортууго болбостугуна козу жеткен корунот жоошуп калыптыр. Уйго биз кандай ээлик кылсак дебедиби, бул уйго Эми алар ээлик кыла албайт, бул уй сиздики гана. Мекеменин 50 пайыз акциясы Жана ОЗУ болуп Берген акчаны гана ала алат. Башкасы сиздин колдо, булар менен кандай чечишесиз сиздин маселениз, бир гана нерсени айтып коюшум керек, Жамалдин Артыковичтин олумуно туздон туз себепкер жубайы деп ойлойм, ал билбеген да, алдын ала кабыл алынган чечим жонундо, озунун кочодо калып кетишинен корккон. Сиз этият болунуз, азыр адамдардан ар нерсени кутсо болот. Эгер жардамым керек болуп калса, ар дайым даярмын, деп дарек баракчасын таштап жоноп кетти.

Билдирүүнү түзөткөн: Dimedra: 21 Февраль 2018 - 18:48

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Dimedra   21 Февраль 2018 - 20:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Адыл да дарбазадан чыгып башы оогон жакка кете берди. Бир убакта башын которуп караса бакка жетип калыптыр, ичине кирип биринчи эле отургучка отура кетти, ойлонуп оюнун тубуно жетпейт. Мындай бурулушту такыр эле кутпогон, эмне кылса, баш тартсабы баарынан, Ким учун, биринчи жолу коргон карындашы учунбу, озуно атырылган аял учунбу же банги зат колдонгон жалган бала учунбу. Балким баары жактоочу айткандай болсочу. Муну билгенде дегеле келбей эле коймок.

Жакын жерден аялдын ыйлап жаткан унун угуп, оюнан алаксып ары бери карап козу менен издей баштады. Дарактын тубундо жаш, арык кыз 2 тизесин кучактап ыйлап олтурат, башка жакын жерде эч Ким корунбойт. Жанына барып чочутуп албайын деп секин,
-жер сыз да, тур отургучка отур деди.
Кыз конул да бурбай ыйлай берди. Жанына ОЗУ да отуруп,
-мен да кыз болгонумда сага окшоп ыйлап женилдеп алмакмын, силерге жакшы окунучту коз жаш менен жууп саласынар, эркек адамга кыйын экен, деп суйлонуп Алды.
-Сиз мага кол салбайсызбы?
-Эмнеге?
-Билбейм, эркексиз да.
-эркектин баары эле кол салыш керекпи?
-азыр ошондой.
-жок, мага тескерисинче аялдар кол салып жатышат, кантип озумду куткарышымды билбей турам.
Бырс этип кулуп жиберди кыз.
-ушунчалык эле сымбаттуусузбу?
-ооба, коргун келеби сымбатымды? Деп тамашага салды кызды ыйдан ажыратмакка.
-Сиз кызык Адам экенсиз, кыргызсызбы?
-ооба кыргызмын.
-кыргызча суйлогонунуз кызык экен, жаны уйронгондорго окшоп.
-баамчылдыгын тегеле, ооба алыстан келдим 8 жылдан бери кыргызча суйлогонум ушул азыр, тур кеттик.
-кайда?
-алыстан келдим дебедимби, бараарга жайым жок.
-меникине барамын десениз жанылышасыз менин да бараарга жерим жок.
-мен сеникине бармак эмесмин, мен дегеле бироонун уйуно туноп коргон эмесмин, кардым ач, сен шаарды жакшы билсен керек тамактаналы.
Экоо эрчишип жакын жерде 24 саат деп жазылган ашканага кирип орун алышты.
-Сен аябай сулуу кыз турбайсынбы, сендей сулуулар да ыйлашабы?
-сиздей кычыраган жигиттердин да бараар жери жок болобу?
Экоо дагы кулуп калышты.
-Мен Адыл.
-Селки.
-атына затын жарашкан кыз экенсин.
Ошентип экоо таанышып, танды ошол ашканада аттырышты. Селки башынан откоргондорун айтып отурду.
Огой атанын колунда осуптур, айтымында огой атасы жакшы киши эмес, ар дайым энеси экоону уруштурат. Оз атасындай болуп урушкусу келсе керек, урушуп тарбияларда атасымын мени укпайт дейт да жардам берээр кезде атасы экенин унутуп коет. Апасы негедир бир гана куйоосуно ишенет, албетте ал чон Адам да, кай жерде кандай болуп озгорушту билет, апасы барда башка апасы жокто такыр башка Адам, а Селки жаштык кылып андай тез кубулуп озгоро албайт. Апасынын козу кызынын кемчиликтерин гана коруп туруп алат. Озунун куулугуна маашырланып зоокур огой ата баари бир кызына ишенбейт деп, Селкиге коз арта баштайт. Бир кун апасы уйдо жок маалда арам оюн ишке ашырмакка Селкиге кол салат. Селки ОЗУ отурган отургуч менен атып урганда тиги жыгылып эсин жоготот. Коркуп калган Селки апасына телефон чалып айтса карйа апасы озун аябай катуу урушуп салат. Эми ушуну ойлоп таптынбы, мени тынч жашатасынбы, сенин азабын отту деп. Селки апасынын келишинен коркуп бир жагынан ызааланып уйдон качып кетет. Кийин бир жигитке туш болуп, ал жигитти катуу суйуп калат, баарына макул болуп ал жигит менен бирге жашап калат. Бара-бара мээримдуу жигит корс болуп озгорот. Корсо банги зат колдонуп баштаган экен. Бугун болсо ошол банги затка акча таппай калып Селкини бироолорго сатып жиберген. Бул создорду угуп калган Селки уйдун терезесинен коншунун уйуно отуп аран качып чыгып бараарга жай таппай ыйлап отурган кербези экен. Адылдын тобо чачы тик турду, корсо озунукунон да оор тагдырлар бар тура.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Sushi_wok   21 Февраль 2018 - 23:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Ыраазычылыктарым!
Улантыныз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   sumaika   22 Февраль 2018 - 14:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 24 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 10:17

улантыныз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   aizira   22 Февраль 2018 - 19:37

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 11
  • Катталган: 10 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 16 Дек 2021 17:03

улантынызчыыыы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Dimedra   22 Февраль 2018 - 22:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Ошол кундон баштап Селкини озунун камкордугуна алууну чечти. Адыл Эми бул шаардан кете албайт, бул кызды мындай абалда таштап кетуу мумкун эмес. Тан атып Шаар кыймылга келе баштаганда экоо ал жерден чыгып жоо басып чакан мейманканага барышты. Селкини ал мейманканага жайгаштырып ОЗУ батир издеп кетти. Батир таап жайланып, Бир апта эс алып кийин атасынан калган мекемеге барды. Ал жерде бир кезде бирге иштеп жургон ишчилер дагы деле иштеп жатышыптыр. Мекемени Сезим атасы олгондон баштап эле жетектеп жаткан экен, ал Адылды утурлай басып,

-бул менин агам, мындан ары экообуз Иш алып барабыз деп жумушчулар менен тааныштырып отту. Алар тан калып,

-кандайча бул биздин Адыл да, Жамалдин Артыковичтин баласы беле, жонокой эле бизге окшоп иштеп жургон да дешет.
-Ооба менин агам ошондой жонокой жигит эле Эми баштык болот, деди.
Сезим Адылды оной ойлогон, иштин журушундо билинди кимдин Ким экени, Адыл бул мекемеде 4 жыл иштеп билет кайсы жумушчу кандай, ишти кантип алып барыш керек, чет элде журуп адамдар менен кандай тил табышып озунун жакшы жагын коргозушко да уйронгон, билимге суугарылган. Сезим тескерисинче тажрыйбасыз, башкарганды гана жакшы коргон, кантсе да аял заты эмеспи сулуулугу менен маселе чечип конгон. Экоонун мамилеси бир туугандай ысык болбосо дагы жакшыдай эле корунот.

Билдирүүнү түзөткөн: Dimedra: 22 Февраль 2018 - 22:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Dimedra   23 Февраль 2018 - 21:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Бирок 2 башчы бар жерде жумушчулар да эки жуздуу болуп калышат экен, бирине бирди айтып, анысына арызданып, мунусуна жагынып. Иштери Артка кете баштады Адыл канча судуросо да болбоду. Муну билип эле турду Сезим жаап жашырып жасалмалуу боогону менен Адылды жактырбай анын козго корунуктуу проектерине бут тосуп жатты. Адыл Сезимге сунуш киргизди.
-мен бул багытта иштейм деп кыялданган эмесмин, ошондуктан сен эле иштете берсен болот эле, болгону сенин тажрыйбан жетишсиз болгондугунан жардамдашып эле койоюн дегем. Мен сенден бул мекемени талашпайм, атабыз экообузго таштаганы мени сага жардам берсин дегени болсо керек, ошондуктан бутуна тургузуп койсом болду дегем сен башкача тушундун, азыр сага таштасам бул мекеме жок болуп кетиши мумкун, атандын мээнетин ойло канча жылдар кетирген бул денгээлге жетуу учун. Кел Эгер мени менен иштешти каалабасан ОЗ акциянды мага сат, же манден сатып ал. Муну жон гана Сезим менен келишип ачык суйлошуу учун гана айткан. Бирок Сезим жузу ачылып калганына теригип кетти.
-Эмне корбогондун коргону курусун болуп Эми мага акыл уйротуп калдынбы. Билсен мен ар дайым сенден ойдомун, мен адал никеден жаралгам, деп заар тилин чачып алды.
Сезимдин периште эмес экенин билсе да мынчалыкка барышын кутпогон Адылдын жини келип кетти.
-Тарбияндын жоктугу, кантсе да мен сенден улуумун, атабыз бир эмес беле. Мен сенден мындайды кутпогом.
-Анан эмне бар нерсенин баарын сага берип ундобой кала бериш керек беле, коросун баары меники болот, сатып албайм, озумо таандык нерсени Бекер алам, уйго жолойм, тартып алам деп ойлобо.
-Токтот уйдон силерди чыгарып салайын деген ой акылыма да келбеген, силерге жардам береин дегем, билсен силердин ушундайынарды билип жок болуп кетишпесин деп атан силерди мага таштаса керек.
-Сенин жардамына муктаж Адам жок кайдан келсен ошондо кет деди.
Адыл ачуусу менен чыгып кетти. Жардам керек болбосо бербейм деп озуно тийиштуу акцияны, уйду сатыкка коюп салды. Кээде Адам озуно ОЗУ жамандык тилеп алат, Сезим дагы кичине чыдап турганда баары башкача болмок.
Селкиге кете турганын айтмакчы болуп келсе жок экен, кутуп отурду. Бир маалда Селки Келди туру башкача.
-Мен Эми кетишим керек бул шаарда тура албайм, сен оз тагдырынды чеч, окуйм десен окуунду толоп турам, сени жайгарып коюм кетишим керек.
Селки баарын алдын ала билип даярданып жургонсуп.
-Жок, мени да ала кетиниз кайда барсаныз да, бул шаарда сизден башка эч кимим калган жок, эч нерсе кармабайт, деп шар жооб берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   briliant87   24 Февраль 2018 - 13:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 201
  • Катталган: 31 Август 15
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 19:05
  • Жынысы:Эркек

Кызыктуу чыгарма экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Dimedra   25 Февраль 2018 - 18:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Ошол куну экоо жакын болушту, бул Селкинин каалоосу менен болду. 2 аптанын ичинде уйлонуп баарын сатып коп суммадагы акчаны Веллингтонго озунун атына которуп, Селкини алып жоноп кетти. Учактан тушкондо озун башкача женил сезди, оз мекенинде аны ар дайым оор жук басып тургандай боло берчу. Тез аранын ичинде шаардын так ортосунан 3 болмолуу батир сатып алып, жакшы жумушка орношуп жашоосун жонго салды. Селки негедир тукшоло Берди, мунусун Адыл мекенин сагынганы го деп жооруп койду. Селки болбой эле кусуп ооруй бергенинен ооруканага алып барса кош бойлуу экен, муну уккан Адылдын кубанычында чек жок эле, мен оз баламды эч кимге жалдыратпайм ата мээримин ала албасам да ата мээримин ченемсиз берем деп жатты. Кундор отуп Селки да коз жарып уул тороду, Адыл ата болду, атын Азат коюшту. Эми уйундо Бакыт толтура, баласынын кулгонун коруп, ыйлаганын угуш Адыл учун бакыттын туу чокусу эле. Селки да кез-кезде бактылуу болуп коет, озунчо калганда коп ыйлайт корунот Адыл келгенде коздору кызарып калат.
Кундордун бириде Адыл ысыгы тушпой, эч нерсе жебей эсин жоготуп ооруканага тушуп калат. Дарыгерлер коп изилдеп анын коп убакыттардан бери ууландыруучу дары ичип жургонун аныкташат, кичине кечиккенде жанын сактап калуу мункун болбой калмак. Башка Адам болгондо небаак Жан бермек сиз кучтуу Адам экенсиз деп жатышты, айланасында коп адам Коптор да журот, Селки менен баласы корунбойт. Бала менен келе албаганго деп ойлоп койду. Ангыча бир коп суроо Берип баштады,
-кимди куноолой аласыз?
-тушунбодум, эмнеге куноолошум керек?
-Эгер озунуз олууну каалаганда бар даарыны бир ичип алмаксыз, бул жерде сизди коп убакыттар аздан ууланган деп айтып жатышат, демек сизди олтурууну каалаган башка бир Адам бар.
Эч кандай дары ичпегенин, ар дайым жакшы тамактанганын айтып актанып жатты. Дароо эле жубайынан корушту. Адыл анын мындай ишке барбастыгын ортодо ымыркай бар экенин жубайынын бул жолго баруусуна себеп жок экенин айтып жатты. Дарыгерлер тан калып --Кандай бала? Сизди эмне себептен ооруп калганынызды билуу учу толук текшеруудон откордук, сизден бала болушу мумкун эмес, сиздин эркектик уруктарыныз алсыз, суукта коп журсонуз керек эркек бездериниз катуу жабыркаган дешти. Адыл эч нерсеге тушунбой, бир гана болушу мумкун эмес деген гана жооб айтып, арыз доом жок деп кол коюп ал жерден чыгып уйуно келе Берген. Уйго кирсе эч ким жок, жымжырт, уктоочу болмого кирсе керебеттин устундо кат жатат. Селки жазып кетиптир.
"Мени кечир дебейм, билем кечирбейсин, бир гана балам учун издетпе, каматпа. Мен камалсам балам кандай кун корот. Мен баарын Амирдин айтканындай жасадым, сага айтып Берген жигит Амир болчу, ал сени таанырын кийин билдим. Ал мага кийинн да жолукту, андан баш тартып кете албадым, анын айтканы менен болдум. Сага тийип Сени олтуруп атандан калган байлыкка ээ болушум керек эле, ошондо Амир мага кайрылып келмек, балабыз учообуз бактылуу жашамакпыз. Бала Амирден, сен эсептеп да коргон жоксун бакыттан башын айланып. Мен ансыз да оз жазамды алдым, Амир мени байлык жок кабыл албайт. Кош".
Катты колуна кармаган бойдон керебетке кулаган, андан бери 10 кун отту дагы да тура элек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Dimedra   25 Февраль 2018 - 19:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Балага аз эле убакытта ушунча уйронуп калган экен. Эми менин да эн жакын адамым болот, жалгыз эмесмин, эч качан балам мен коргон кунду корбойт деп суйунуп жатпады беле. Эх наристенин жыты, кылыктары эсинен кетпейт дегеле тынчтык бере турган эмес, бул нерсени которуп омур бою жашай албайт. Эч кимге ишеничи, эч нерсеге кызыгы да калбады. Тартканга чылымы да калбаптыр, Жан дуйно оорусу жай алдыра турган эмес. Ушундан коро эсине келбей ооруканада Жан берсе жакшы болмок. Оюна бир нерсе кылт этти, ото коркунучтуу адамдын журогун титиретуучу шайтандын ою. Тез компьютерин жандырып, оз каалоосу менен баргандарды жашоо менен коштоштуруучу мекемелер бар деп уккан, ошолордун даректерин издей баштады. Тапты Окленд шаарында бар экен. Бар акчасын банктан чыгарып жоноп кетти. Ал хосписке жайгашуу учун коп суммада акча керек болот.
Ичине кирсе таза, тынч, адамдардын жуздорундо кубаныч, кайгыргандары да бар, аз, корсо алар жаны келгендер экен, мээрман айымдар сымбаттуу, мээримдуу. Адыл адашып келип алдымбы деп таныркап турду. Аны ооздон сулууча келген коздору жанган, буттары узун, сары Чач кыз жылуу суйлоп тосуп алды. Бул кызды бир жерден коргондой, эстеди коп жылдар алдын тушундо коргон. Журогу биринчи жолу бир башкача булкунуп алды, издегени ушул беле бул омурдо. Кыз да копко ундобой карап тура Берди, анткени ал да азыр кудум ушундай абалда калган.
-Журунуз мени менен, деп ээрчитип узун коридор менен келип бир болмого киргизди. Коз айнекчен, ак Чач догдур киши башын кагаздардан которуп Адылды жылуу тосуп Алды. Аларды жалгыз калтырып сары Чач кыз чыгып кетти. Болмодо Экоо гана калганда догдур баарын тактап жазып кагаздарга кол кодурду. Келишим тузулуш керек экен, келишимде бул жерде психология менен иштешет, кардар качан кааласа ошондо калган акчасын алып чыгып кете берсе болот, жок олууну кааласа бул жерде кала берет экен, эч кыйынчылыксыз. Мындайдан Тобо чачын тик турат ээ.
Адыл келишимди карабай туруп кол койду, ал учун эч нерсе кымбат эмес, керек болсо бул жерге жанын бергени келбедиби. Аттин мынча шашылды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Dimedra   25 Февраль 2018 - 22:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Бул жерге келгени коп адамдардын арманын, келген себептерин укту. Бири Жан кыйнаган ооруга чыдабай келсе, экинчиси жалгыздыктан жадаган, кээлеринин суйуктуулору таштап кетсе, башкалары тугойлорун жоготкон алардын артынан барууга бел байлап келишкен. Адыл озунун тагдыры жонундо эч Кимге айтпайт, озу башынан бироого арызданып конгон эмес. Ар дайым бир калыпта, коздору тээ узактарды коруп тургандай терендиги белгисиз, бул сууз коздор адамды тиктесе турган жеринде муз кылып катырып койчудай. Кун чыкса тунду кутпойт, тун кирсе танды кутпойт, кайсы куну же туну бул коздору туболукко жумулат ошону гана кутуп келет. Бул жердин Жана бир мыйзамы кайсы убакта оз вазыйпаларын аткараары айтылбайт. Жумушчулар баарынын конулун алууга Жан дили менен берилишет, жылуу мамиле жасашып конулдорун которууго аракет кылышат. Мунусу бул жердегилер келген ойлорунан баш тартып жакшы абалда чыгып жашоого кайтсын дегениби же болгону олоор алдында кундорун бактылуу откорушсун дешкениби тушунуксуз.
Адыл озун тосуп алган сары чач кызды Экинчи ирет корду, эс алуучу жайда терезени тиктеп отурган.
-Сиз эмнеге мынча коп ойлоносуз.
Жагымдуу назик ундон башы айланып коздорун жумду. Муну башкача тушунгон кыз.
-Кечиресиз, тура эмес суроо берип алдым албетте озунузго тиешелуу гана нерсени ойлонуп жатасыз, ал ой анчалык кыйын болбогондо бул жакка келмек эмессиз, билип туруп...
Анын кетип калышын каалабады Адыл.
-жок, сиз эч качан тура эмес суйлоп алышыныз мумкун эмес.
-Болгону азыр убакыт эмес дегиниз келип турат. Эч кимден жардам сурабасаныз, эч кандай жардам ала албайсыз да.
Адыл кыздын акыркы создорун укпай эле анын коздоруно карап отура берди. Ал коз карашка туруштук бере албай кыз коштошуп басып кетти. Бул коздор канча жылдар отсо да эсинде, тушундо коргон бул коздорду, ошондон бери каалап, самап, издеп келген мындай коз карашты, тапты, болгондо да кандай жерден. Ушул кундон тарта Адылдын оюн сары чач кыз ээлеп алды, журогундогу боштук толгондой болот аны эстесе. Коздору менен издегени эле ошол. Ал кандай сыйкырдуу Кучко ээ ээле. Кыз да муну сезгенсип Адылга алыстан коз салып журот, жанына баруудан айбыгат, теше тиктеген коз карашты эстеп, Тим эле опко журогунду антаргандай карайт экен.
Адыл коншу болмону какса жаны Адам келип калыптыр, бул жерде француз картан аял жатчу, ал коптон бери бул жерде болсо сары Чач кызды тааныйбы сурайын деген. Бул жаны болсо кайдан билмек эле деп кечирим сурап каалганы жабаарда
-Сен издеген Адам, тилегине жетип тынч уктап жаткан чыгаар, бардык жуктон кутулуп, кандай керемет, деди жаны Адам. Адыл каалганы чон ачып кирип барды.
-Сен кайдан билесин, неге ал тынч уйкуга кетиш керек, деп унун катуу чыгарып суйлоду.
-Сен Монголсунбу?
-анын кандай тиешеси бар?
-кызыксын, бул жерге келгендердин тилеги бир гана. Сен издеген Адам бул жерде жок, демек тилегине жеткени ошол же чымчык болуп учуп кетти дейсинби. Эми мен келдим бул жерде бактылуу олум тартуулайт, сен да тилегине жет, деди.
Адыл женил дем алып Алды, корсо бул Адам ушул жерде кече эле жаткан Аялды айтыптыр, Адыл сары чач кызды элестетип алган экен. Журогунун соккону турсулдоп озуно угулуп жатты, Али тааныбаган кызды жоготуудан коркуп алыптыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Dimedra   26 Февраль 2018 - 01:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Ал Адам менен коштошууну да унутуп жай басып чыгып кетти. Озунун болмосуно кирип каалганы жаап ага жолонуп жылмайып туруп калды, ОЗ ойлору менен алышып атып жумшак эмеректе озун карап отурган кызды да байкабады.
-Сизди темир Адам экен дегем, адашкан экенмин.
Адыл чыккан ундон чочуп кетти.
-Сиз?
-темир Адам мындай жагымдуу жылмая албайт болуш керек. Эч нерсе болбогондой созун улады кыз.
-Сизди корумчу го деп ойлогом, а мен адашпаган коруном. Бир коруносуз да кандай кутуусуз пайда болсонуз ошондой жок болуп кетесиз.
-Сиз адашасыз менин атым Сара, а корумчулордун аты болбойт.
Эч кмде жок назик уну менен суйлоп ошондой эле назик дагы ачык кулкусу менен кулуп калды. Бул кулкусу Адылды суу жетпеген дарактай болуп куурап бараткан жеринен тирилтип жиберди.
-Мен Адыл.
-Сиз Монголсузбу?
-жок кыргызмын.
-монголдорго окшойт экенсиз.
-кыргыздарга эле окшоймун.
-алар кандай болушун билбейт экенмин, алар кайсыл жерди мекендешет.
-Кичи мекеним Кыргызстан Орто Азияда жайгашкан.
-Ушунча алыс жерден бизге кантип келип калдыныз.
Ошентип Сара экоо таанышып калды. Сара жергилуукту элдерден жашы 33то бул мекемеде 4 жылдан бери эмгектенет экен. Жумшак создору менен Адылдын сырын тартты. Адыл да бул кызга ээрип кандай айтып баштаганын ОЗУ да сезбей баардык тагдырын баяндап берди, ушул кунго чеинкисин.
-Сиз аябай кучтуу Адам экенсиз, ошончо нерсени женип келип ушул маселеге келгенде чыдамыныз тугонуп калдыбы, тушунбой турам ошондо сиз баланы алып кетип калганына окундунузбу, анда кайрып алсаныз болмок, же бала сизден эмес экени окундурдубу?
-Билесизби, кимге кандай кээ бирлерге акча кымбат, кээлерине омур кымбат а мен омур бою жакын адамга муктаж болуп жашап келгенмин, акыры ошол тилегиме жеттим дегенде баары жоголду. Эч качан бир нерсеге же бир адамга баарын байлап койбош керек экен, ошол нерсен жоголсо баарын жоготуп коет экенсин. Мен балага баарын байлап койгон экенмин, жашоом балам болуп калган, демек бала жок, жашоо да жок. Озум да тушуно албай койдум кайсынысына кобуроок окунгонумду, жоготкум да келбеди, кайрып да алгым келген жок. Бул абалдан кутулуунун жолу ушул гана эле.

Билдирүүнү түзөткөн: Dimedra: 26 Февраль 2018 - 01:42

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Dimedra   26 Февраль 2018 - 22:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

-Билбейм чынында сиздин абалыныз оор болушу мумкун, мен сиздин ордунузда болсом кандай жол тутмакмын аны элестете да албайм. Сиз бакыттын даамын татыпсыз аз болсо да, бала сизге ото чон бак тартуулаган экен да, албетте ар Ким эле бакыттан ажыраганда озун ураарга ТОО таппай калат. Бирок Бакыт деген сезим гана эмеспи, бары бир тушунбойм, бир сезим кантип омурдон да артык болмок эле. Омур кайталанбайт, сезим дейбизби Бакыт дейбизби омурдо бир гана жолу болот дегени эмес го, алар кайталанышы, экинчиси биринчисинен чонураак, жакшыраак болушу толук мумкун.
-А мен бул жашоодо чыныгы Бакыт болбошуна ынандым. Мени курчаган адамдардан да аны коро албадым, алар да жалган сезимдерин бак деп эсептеп акыры оздору анын тепсендисинде калышкан, мен да жалган бакыттын тепсендисинде калдым. Менин жашоомдо чыныгы Бакыт болушу мумкун эмес корунот, озум жалгандан жаралганым учунбу билбейм. Мындан кийин бактылуу боло алышыма ишенбейм, жок нерсеге умут да кыла албайм, жон гана боштукта жашап журуунун кереги барбы?
-Сиз тундо уктабаныз, бир гана Кундуз эс алыныз, анда да катуу уктап калбаныз. Деп табышмактап туюк суйлоп чыгып кетти Сара. Ушунча создон кийин уктай алмак деле эмес, Саранын элеси деле катуу уктатпайт, тырс этсе Сараны кутуп тынч да жата албайт. Ошол кундон тарта экоо кундо корушо турган болушту, узаака чеин баарлашышат, экоо бири-бирине байланып калды. Бул жердин кыздары ачык айрым болот эмеспи Сара Адылга суйуусун биринчи билдирди. Адыл айтыштан коркуп жургон, кандай кабыл алат деп.
-Сара сен жанымда кезде эч нерсени ойлобойм, сен жокто сен жонундо гана ойлоном, демек сен айткан Экинчи бактым озунсун. Мен сени чексиз, ченемсиз суйом. Муну азыр эле байкап турган жокмун, сени биринчи коргон кундон ушундай абалдамын, сага айта албадым, кабыл албай коюшундан корктум. А азыр коркпойм, мейли жактырба, менден кеч, бары бир суйо берем, сенин жалганындан коркпойм. Менин суйум чын.
Сара ыйлап жаткан эле. -эмнеге азыр ушул жерден жолуктук деп кунгуронуп жатты.
-Сара айтчы сен мага турмушка чыгат Белен.
-Албетте, мен эмнеге суйууго жолукпайм десе, сени кутуп жургон турбаймынбы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 31 Июл 2025 03:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: