Урматтуу форумчулар,
аталган темага Ош коогалаңынын келип чыгышы, анын өнүгүшү ж.б. маңызына төп келген баардык темалар киргизилди.
..
Урматтуу форумчулар бул тема кеңейтилди,
бул жерде Кыргызстандын түштүгүндө орун алган бардык окуялар боюнча талкуу курабыз...Бүгүн "Азаттык"
тан окудум.Түштүктө жашаган форумчулар ой-пикириңерди жазып кетсеңер.
Түштүктөгү окуянын жүрүшү: Буга тиешелүү темалар киргизилди...
#2 29 April 2010 - 06:36
Ошко келгениме 2 жумача болуп калды..... Бишкектен айырмаланып.
... бул жакта..... Бакиевге жан тарткандар байкалат... жалпы маанайды алганда..... нейтралдуу позицияны кармап турушкандай.
... Ал эми озбек туугандар тынч эле экен.... Райондорун билбейм..... Айрым тааныштарымдын айтуусу боюнча.... Оштун мэри Мелис аке озбек туугандарды басып турат экен..... Кандайдыр бир рычаг, механизмдери бар шекилдуу.....
Балким ошонучун бийлик алмашса да эл шаардын мэрин ордунда калтырышкан окшойт.... Жалалабат жакта абал оорурактай.
... Баягы тополондо озбек диаспорасы пикет уюштуруп.... Кадыржан Батыров деген таасирдуу кишисин губернаторлукка коюу аракетин да жасап ийишиптир....
#3 29 April 2010 - 06:55
Ас саламу алейкум СССР.
Ошто болсоң бул таратылган баракчалар, дисктер тууралуу кандай ойуң бар?
Ошто болсоң бул таратылган баракчалар, дисктер тууралуу кандай ойуң бар?
#4 29 April 2010 - 09:41
Туштукто элдин маанайы эн эле жакшы. Аймакта, айрыкча Ош жергесинде кудаага шугур, стабилдуулук эле окум суруп турат. Элдин баары кунумдук тиричилик менен алек, дыйкандар эгин эгип, сугарып дегендей. А жанагы баракча тараткандар Хизбут-Тахрир же болбосо башка мамлекеттин атайын кызматтарынын иши болсо керек. Жонокой эл мындай ойлордон алыс. Кыргыздар эч качан экиге болунбойт!
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
#6 29 April 2010 - 10:18
эми каякка болунушот дейм да озу кичинекей эле эл, жер босо
Самое большое счастье в жизни-это уверенность,
что тебя любят
#7 29 April 2010 - 14:00
Мен да жогоруда айтылгандарды окуп, коруп атып кабартырланып жаткам.
Ошто белгисиз адамдар тарабынан ар-бир уйлорго ташталып жаткан ошо компакт дискттерди, баракчаларды жана президент Бакиевдин кайрылуусун окуган, коргон кишилер болсо так, туура маалымат таштаса жакшы болот эле. Аларда азыркы Убактылуу өкмөт болушунча караланып, Түштүк Кыргызстан демократиялык республикасын түптөө чакырыктары жазылган дешет. Ошол маалыматты оз козу менен коргон ар-бир жаран, 7-апрелде жана андан кийин болуп откон окуяларга УО куноолуу деп калат имиш. Ал кандай маалымат болду экен???
Бул кооптуу окуядан чыгып кетуу учун УО жана элибиз кандай чара коруш керек??? ...
Ошто белгисиз адамдар тарабынан ар-бир уйлорго ташталып жаткан ошо компакт дискттерди, баракчаларды жана президент Бакиевдин кайрылуусун окуган, коргон кишилер болсо так, туура маалымат таштаса жакшы болот эле. Аларда азыркы Убактылуу өкмөт болушунча караланып, Түштүк Кыргызстан демократиялык республикасын түптөө чакырыктары жазылган дешет. Ошол маалыматты оз козу менен коргон ар-бир жаран, 7-апрелде жана андан кийин болуп откон окуяларга УО куноолуу деп калат имиш. Ал кандай маалымат болду экен???
Бул кооптуу окуядан чыгып кетуу учун УО жана элибиз кандай чара коруш керек??? ...
Эн мыкты сот-абийирибиз!
(Н.И.Гнедич)
#8 29 April 2010 - 14:04
Ошол болунгондорду кудай жазаласын!
Тундук-Туштук деп эгиз балдарды бычакташтыргандай эле болуп атышып тажатышты жаман баарыбыз бир кыргызбыз го...кенедей журтубуз да куурап бутмой болду.......
˙·٠•●♥●•٠·˙
Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
#9 30 April 2010 - 11:00
Менин оюмча "Бакиевдер"
ар кандай кылык жоруктарды жасашууда. Алардын барарга жери жок, эмне кылышаарын билишпей ошол жоруктарды жасап жатса керек. Туштуктун элин болуп алып, башкарып баягы жети желмогуз бир туугандары баш болуп бала-чака, аялдары тош болуп, жыргап жашап калабызбы деген Бакиевдин дагыда болсо жалгыз озумчул кызыкчылыгы.
КАГЫЛАЙЫН КЫРГЫЗ ЭЛИМ!!!
Эч кимге алданбагыла,
биз карапайым элдер тундукпу-туштукпу бир тууганбыз, бири-бирибиз менен элбиз, акылы кем бийликтин манкурттарын ээрчибейли,
алар карапайым элге жашынып алып оздорунун арам оюн ишке ашырганга конуп калышкан, мындан кийин аларга жол бербейли. Балдарыбыздын келечегин, коомун тазараак кылып тузуп берели. Озубуз кичинекей калк болсок кайда болунмок элек бирибиздин бир тууганыбыз тундукто болсо бирибиздики туштукто, биз бири -бирибиз менен тыгыз байланыштабыз,
ошондуктан карапайым эл, биз озубуздун акылыбыз менен ойлонуп иш жасабасак болбойт, ишенеер АЖООБУЗ кордунор акылынын тайкы экенин. Болунобуз деген адамдарды жанынарга жакын жолотпогула суранамын. Мен жоп жонокой эле кыргыз элинин кызымын, ичим куйуп кетип атат туура эмес болуп жаткан иштерге, келгиле аз да болсо оз салымыбызды кошуп туура жолго тегерегибиздеги адамдарды угуттойлу.
#10 30 April 2010 - 11:04
Мен туштуктон болом бул жакта бир эле жакшына Кудага шугур тып тынч
Самое большое счастье в жизни-это уверенность,
что тебя любят
#11 30 April 2010 - 11:28
кудай сактасын ким болунот деген созду чыгарып журот озу, ЭЛди гойгойго тушуруп , эч ким болунбой эч кайака ........
КЫРГЫЗ ЭЛИМДИН БОЛУНБОШУНО ИШЕНЕМ
КЫРГЫЗ ЭЛИМДИН БОЛУНБОШУНО ИШЕНЕМ
мин уккандан бир коргон артык.....
.
#12 30 April 2010 - 14:00
Ошол барактарды,
дисктерди тараткан адамдарды мен кыргыздын душманы, озунун жеке кызыкчылыгын ойлогон, келесо, акмак адам деп айтам. Ушундай иш кылсанар мынча акча берем десе эле озунун элин болгонго, жерин болгонго агитацияларды жургузуп, ар кандай кагаздарды тараткан адамды кыргыз деп кантип айтасын. Айнанайын эл-журт, кичине болбогон акча учун Кыргызстанды келечегине балта чаппагылачы сураныч.
#13 01 May 2010 - 17:55
Дагы кайталайм...
туштукто абал тынч! Вайс акем айтмакчы эл тиричилик менен алек... саясаттан алыс эле оз турмушун ондоо аракетинде базаодагысы базарда...дыйканы талаада тытынып иштеп жургон убагы.... а жанагы баракчалар бул ошо жогорку жактагылардын кылаар иши... саясатты жыйыштырып.
.. создон ишке отсок кандай жакшы болмок.... жок...антиш оюбузга да келбей жатат... жанысы эскисин шыбап.... эскиси жанысын каралап... бийлик кумары мээлерин ушунчалык чырмаган экен...буларын элди экиге болуп ойномой адатын башташты... КЫРГЫЗ ЭЧ КАЧАН БОЛУНБОЙТ!
!! болуп жоготом дегендин тарпы талаада калсын!!
#14 01 May 2010 - 18:12
ОШо тараткандарды,
анана да тараттыргандарды кармап, атка сүйрөттү
рүш керек.
Баягы Бакай Атабыздын айтканы бар эле: "бөлү нүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет.."
БӨЛҮ НбӨЙЛҮ !!!
Баягы Бакай Атабыздын айтканы бар эле: "бөлү нүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет.."
БӨЛҮ НбӨЙЛҮ !!!
Эч нерсе жазасыз калбайт!
#15 03 May 2010 - 20:51
Азыр тентектерди кармоо иши журуп жатат. Жон кетпей ызы чуу салып кеткиси келип жатса керек
#16 04 May 2010 - 16:11
кыргыз кээде кызыкпыз.... эл дарбыса эшек кошо дарбыйт болуп... саманкана десе самарканд орттонду кыла коебуз.... элдин арасын жалан имиштер аралап кетти.... эй кыргыз козунду ач... аркалык оштук болуп болунуп жатканында озбектер кыймылдай баштады биякта.... ноокатка барсам эл айтат... даяр туралы ...озбек кыргыз согушат экен деп.... Ноокаттын базарында баратсам бир машинанын донгологу жарылды эле.... эми элестете бергиле дурболонду.
... бир аксакал киши донголок жарылды деп кыйкырып жатып элди аран басып калды..... озбек кыргыз конфликти чыгып кете турган болсо Кыргызстан жок болуп кетет.... утурумдук окмоттун колунан эчтеке келбейт азыр... (эски бийликти жамандагандан башка)
#17 13 May 2010 - 10:54
Азыркы абалды көргөн көздөрү
м менен айтсам: тынч эле... Жогоруда айтылгандай баары өз камы менен. Ал эми уккан кулак боюнча: Мени кечее бир жердешим обл. адм. алдына пикетке чакырды, себебин сурасам акеми губернатор кылалы деп жаттык эле дейт...Жакшылап сурасам баягы эле сасыган саясат. Ал эми өзбек-кыргыз урушун уюштуруу аркылуу Россиянын армиясын алып кирүүнү
көздөп жатышкандыгын( себеби тынч маалда башка өлкөнү
н армиясы башка өлкөгө
кире албайт го, а өзбек-кыргыз урушу эң эле ыңгайлуусудур.
..) да бир кулагым чалып калды эле. Негизинен алганда абал тынч эле... Бирок жогорудагыдай сөздөрдү
укканыңда бир аз кооптонуп калат экен адам...
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
#18 13 May 2010 - 14:38
Урматтуу Оштун тургун-форумчулары!
Бүгүнкү болуп жаткан окуя боюнча маалымат таштап тура аласыздарбы?
Эмне болду чындап эле Бакиевчи губернатор келип алып, кайра аны чыгарыша элекпи?
Бүгүнкү болуп жаткан окуя боюнча маалымат таштап тура аласыздарбы?
Эмне болду чындап эле Бакиевчи губернатор келип алып, кайра аны чыгарыша элекпи?
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#19 13 May 2010 - 14:57
Кудай сактасын.Мен да угуп калдым Ошто озбектерди кыргыз балдар олло грузить этип урган экен.Эми озбектер 17си чогулуп чыгабыз деп атышыптыр ошол чынбы? Оштогу туугандар.
Анан бугун уктум акимиятты басып алышты деп канчалык денгеелде чын же жон гана ушакбы? Бир аз Ош жонундо азыркы кырдаалды жазып койгулачы сураныч.
Анан бугун уктум акимиятты басып алышты деп канчалык денгеелде чын же жон гана ушакбы? Бир аз Ош жонундо азыркы кырдаалды жазып койгулачы сураныч.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#20 13 May 2010 - 14:57
Губернатор алмашты деген чынбы?
Какшыкты "аябай туура" тушунот экенсиз таксыр! Эшигиниздерди бекем кулптап алыныздар, ок?

Супер-Инфо
super.kg
видео




















