Айла барбы
◆◆◆
Кечирээк келгин дедиң кечте бардым
кечикпей айтканыңдан эрте бардым
Кечөөкү күндөр кайра кайталанды
Кечөө да чыкпаганың эстеп алдым
Кейидим а бирок айла барбы
Келген менен өзүмдү жектеп алгым
болду барбайм деген менен өзүмдү алдап
А бирок келет менин күндө баргым
Билгим келет
♡♡♡
Ич койнуңа суу,абадай киргим келет
Мен сага керекминби билгим келет
Жөн гана пайдаланып жүргөн болсоң
Айтчы анда аныңа эмне себеп
Сен айткандын баарын кылдым асман күбөө
Ээми айтчы менден даагы эмне керек
сен үчүн мен ар дайым элеп-желеп
Же жөн гана махатка себеп белек.
Түшүнбөйм
◆◆◆
Мен сени жүрөгүмө келгем багып
Сүйүү отун өчүрбөстөн күүндө жагып
Түшүнбөймүн бирок сенден көрө албадым
Махабатка кете турган туура багыт
Каанча убакыт өткөрдүм ушаланып
Карап турган көздөрүңөн көрбөй жарык.
Убакыт
◆◆◆
Убакыт сен шуулдаган шамал болуп
убактымды сапырсаң саман болуп
Саатымдын жебеси чык чык этип
Сооротууда калп эле караан болуп
А мен казыр кармагычың издеп таппайм
Сени алып калууга аяр болуп
Жылмайып кой
•••
Ыйлаганда кайгыга батканыңда
жылмайып кой бир жолу арт жагында
каанчалык будаланып турсаң дагы
ого бетер азапка батпагын да
каанчалык көп жылмайсаң кайгы качат
булутту үйүп албай асманыңа
а бирок кайгы дагы эриш аркак
жылмайуу аралаштыр саптарына
жылмайгын көөп жылмайсаң тыгылбайсың
кайгынын азаптардын баткагына
*Эртең Жаз*
Суукту да жаман дейбиз жазды күтүп,
Жаз келди мына эртең.
Жол тандап көлчүнтөргө далай түшүп,
Анда сен не дээр элең.
Шалбаалап жамгыр жааса турсаң үшүп,
Жайды да күтөт белең.
А бирок сүйүүсүн күткөндөргө
Жаз келди мына эртең.
"Жүрөгүңө кеткен жол" Ыр жыйнак
#4 09 March 2018 - 18:52
Унутпачы
•••
Күткөнүмдү жамгырга карабастан
Текке кетсе убактымды аябастан
Бүт баардыгын сага гана арнап койуп
Мен өзүмдү сенчелик баалабастан
Күдөрүмдү үзбөстөн күүндө барган
Күндөр өткөн боштука аралашкан
Эске салып койдуң бекен ошол күндү
Ай жыл өтүп чаң басып баражаткан
•••
Күткөнүмдү жамгырга карабастан
Текке кетсе убактымды аябастан
Бүт баардыгын сага гана арнап койуп
Мен өзүмдү сенчелик баалабастан
Күдөрүмдү үзбөстөн күүндө барган
Күндөр өткөн боштука аралашкан
Эске салып койдуң бекен ошол күндү
Ай жыл өтүп чаң басып баражаткан
#5 10 March 2018 - 13:00
*Келдиң кайтып*
•••
Гүл кармап күлүмсүрөп турганыңды
Карабай турсам дагы туйбадымбы
Байкатпай эшик ачып келгенинде
Терезе көөпкө тиктеп турбадымбы
Билгемин кайра кайтып келээриңди
Сезгемин кечикпесин жыргалымды
•••
Гүл кармап күлүмсүрөп турганыңды
Карабай турсам дагы туйбадымбы
Байкатпай эшик ачып келгенинде
Терезе көөпкө тиктеп турбадымбы
Билгемин кайра кайтып келээриңди
Сезгемин кечикпесин жыргалымды
#6 19 March 2018 - 11:19
Жубайыма
•••
Туулган күнүң менен!
Балдармдын апасы
Сени менен жашоом түгөл
Кирдебеди көйнөгүмдүн жакасы
Жаратканга шүгүр деймин
Кезиккенге махаттын тазасы
•••
Туулган күнүң менен!
Балдармдын апасы
Сени менен жашоом түгөл
Кирдебеди көйнөгүмдүн жакасы
Жаратканга шүгүр деймин
Кезиккенге махаттын тазасы
#7 20 March 2018 - 02:55
Азаматсыз
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#8 28 March 2018 - 13:58
Чакырык таштачы
***
Төшөп алып жаздыгымдын оордуна
Күтүүп жатам сенден келчү чакырык
ЗЫң эткенде жанталашам алгыча
өмурүмдө ушуунчалык шашылып
Аттигиң ай бөлөк экен сүйлөсө
Кечирип кой кетти деди басылып
Түн бир оокум чала турган түрүң жок
Уктайынчы арманыма жашынып
июль 2009
***
Төшөп алып жаздыгымдын оордуна
Күтүүп жатам сенден келчү чакырык
ЗЫң эткенде жанталашам алгыча
өмурүмдө ушуунчалык шашылып
Аттигиң ай бөлөк экен сүйлөсө
Кечирип кой кетти деди басылып
Түн бир оокум чала турган түрүң жок
Уктайынчы арманыма жашынып
июль 2009

Супер-Инфо
super.kg
видео











