Суперстан: Кайсы ыр саптары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кайсы ыр саптары Сиздин жан дүйнөңүз жөнундө айтып

#1 Пользователь офлайн   Таллас   29 Апрель 2010 - 11:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Ойлойм, көбүбү з ыр жандуу болсок керек деп. Айтайын дегеним Элтон Джондун же Мйрамбек Осмоновдун обон кошулган ыры эмес, кайсы бир акындын же балкми өзүң үздүн ырыңыз.

Бөлүшү ңүз..

Анда, мен баштайын. Сагынбек Момбеков деген ПАТРИОТ ырчы бар. Бийлик (мурункусу, азыркысын билбейм) аны чекесине чыккан чыйкандай эле көрчү. Ошондуктан, анын эл тагдыры, эл жашоосу, бийликтин саткындыгы, чиновниктердин кайдыгерлиги дегеле чындык, акыйкат жөнүндө какшап ырдаган ырлары жумурай журтубузга көрсөтү лгөн кысымдардан улам жетпей келет. Ошол акемдин бирин экеин ырларын жаза кетейин:
Үшү п келип чечинээримде,
Үйлөп шамың өчүрө өрүмдө .
Үмүтү мдүн дагы бир жиби-и,
Үзүлдү окшойт көкүгө гүмдө.

Кыйбай сени чечилээримде,
Кылыгыңды кечирээримде.
Капилеттен келген ызалык,
Кайнап чыкты көкүрө гүмдө.

"Кетсең чи", - деп өтүнгө нүмдө,
Кейибедиң , өкүнбө дүң же.
"Кетем" , - деген чечим жүргөнбү ?
Качан эле көкүрө гүңдө .

Мейли кечир, кечирбегин же,
Мезгил өтсө өкүнө өрүң не?
Мококтугум тушап эркимди,
Мыжып турду көкүрө гүмдө.



Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 29 Апрель 2010 - 11:07

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Таллас   29 Апрель 2010 - 11:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Төрү бүздө тайраңдашып ким жогу
Ата ЖУртка тийбесинчи кир колу
Заман көчү кайда барат жашырбай
Акыйкатын айткылачы бир жолу

Ишенебиз алдашса да миң жолу,
Ушул эмей көкүрө ктө кир жогу.
Чынгыз эмес чындык келип кетсинчи,
Чыркыраган айлыбызга бир жолу.

Бешенеге жазбагандыр кулдукту.
Же биз эмне кечкис күнөө кылдыкпы?
Жүзүн жаап камап койбой капаска,
Бир көрсөтү п койгулачы чындыкты-ы-ы.

Жумурткадан кыр тапканга ашыгып,
Бүткөн ишке сын такканга машыгып
Тагдыр бизди таразалап көрөө дө,
Аялдардын этегине жашынып.
Саймедиреп саясаттан сүйлөйбү з,
Бир чоң тоюп алган жерге, бир чоң тоюп алган жерге, баш уруп.

Баштагыдай эле биздин түрүбү з.
Балакеттей барк-барк чыгат үнүбү з.
Кечээ күнү чындык ыйлап жатканда,
Катыгүн ай биз каякта жүрүбү з?
Кылыч болуп суурулганды мындай кой,
Колтугунан жөлөдү кпү, колтугунан жөлөдү кпү бирибиз???


Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   meerimka   29 Апрель 2010 - 11:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 284
  • Катталган: 04 Август 09
  • Соңку аракети: 25 Май 2010 10:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бишкек

ТУУРА АЙТАСЫЗ, ТАЛЛАС БАЙКЕ, НЕГИЗИНЕН АР БИР АДАМ ОЗУН КАНДАЙДЫР БИР АКЫНДЫН ЫР-САБЫНДА ТАБЫШЫ ЫКТЫМАЛ:

С. ЖИГИТОВДУН "ШУУЛДАБА ТЕРЕКТЕР, ТЕРЕКТЕРИМ" , "МАЖУРУМ ТАЛ" (КОТОРМО) ЖАНА "БЕЙТАПКАНАДА" АТТУУ ЧЫГАРМАЛАРЫНА БАА БЕРЕМ...

ОЗГОЧО, "БЕЙТАПКАНАДАСЫН
ДА" СОЗДОРУН ТАК ЭЛЕСТЕЙ АЛБАЙ ЖАТАМ, МАНЫЗЫ ЭСИМДЕ КАЛЫПТЫР, ОЗ СОЗУМ МЕНЕН АЙТСАМ:
МЕН КОЗ ЖУМСАМ, ДАЛАЙ ЫМЫРКАЙ ТОРОЛОТ, ЖАШОО ЖУРО БЕРЕТ... ДЕГЕН СЫМАЛ...

Билдирүүнү түзөткөн: meerimka: 29 Апрель 2010 - 11:23

Жолукпай калсаң эгер,
Сендейди табар белем?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   meerimka   29 Апрель 2010 - 11:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 284
  • Катталган: 04 Август 09
  • Соңку аракети: 25 Май 2010 10:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бишкек

Ne hasta bekler sabahı,
Ne taze ölüyü mezar.
Ne de şeytan, bir günahı,
Seni beklediğim kadar.

Geçti istemem gelmeni,
Yokluğunda buldum seni;
Bırak vehmimde gölgeni,
Gelme, artık neye yarar?


ТУРК АДАБИЯТЫНАН, НЕЖИП ФАЗЫЛ КЫСАКУРЕККЕ ТААНДЫК...

КОТОРМОЧУЛУК КОЛУМДАН ЖАКШЫ КЕЛБЕЙТ, ТАПСАМ КОТОРМОСУН ЖАЗЫП КОЕЮУН...
Жолукпай калсаң эгер,
Сендейди табар белем?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   meerimka   29 Апрель 2010 - 11:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 284
  • Катталган: 04 Август 09
  • Соңку аракети: 25 Май 2010 10:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бишкек

ИЧИМДЕГИ БИР АДАМ
Эмнегедир коркунуч басат мени,
Ээн баш ойлор алкымдан асат мени.
Мезгил учкан мейкиндик талаасына,
Мен ырларды, а ырлар жазат мени…

Көңү л чөгүп, бычаксыз канап турдум,
Күн отуна сөөгү мдү калап турдум.
Көз жүгүртү п көкүрө к күзгүгө мен,
Көпкө дейре өзүмдү карап турдум!

Көөдө нүмдү ансайын тушап жалын,
Күйдү, күйдү жалбырак, бутак-шагым.
Муңга толгон жүрөктү н отун алчу,
Муздак ташты моюндан кучактадым!

Бүт шимирип мендеги ысыктыкты,
Бир заматта ошол таш ысып чыкты.
Алоолонгон жанымды билбейм бирөө,
Аскаларга алпарып жышып чыкты!

Тыңшап үнүн табигат, теребелдин,
Түрмөктө лгөн ырларга тебелендим.
Түпнускамды табалбай түпнускамды,
Тегерендим дүйнөнү тегерендим…

Сезбей качан түн кирип, таң атканын,
Сезбей күндүн жарык нур таратканын,
Көрдүм анан эң алгач өзүмдү мен,
Көлөкө лөр жетелеп баратканын!

Ичким келди… А бирок ичирбеди,
Ичимдеги жалын-өрт кичирбеди.
Иттик кылып жатканын көрдүм анан,
Ичимдеги бир адам ичимдеги!

Көбүк бүркүп, деңиздей толкуп турдум,
Көргүм келбей, күзгүдө н коркуп турдум.
Издеп жүргөн көрсө мен өмүр бою,
Ичимдеги «өзүмдө н» коркуптурмун!

АЛТЫНБЕК ИСМАИЛОВДУН КАЛЕМИНЕ ТААНДЫК...
Жолукпай калсаң эгер,
Сендейди табар белем?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   meerimka   29 Апрель 2010 - 11:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 284
  • Катталган: 04 Август 09
  • Соңку аракети: 25 Май 2010 10:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бишкек

АРУУЛУККА УМТУЛУУ
Секирем бийиктикке термелип мен,
Себебин билесиңби эмнеликтен?
Кайчылап кайталанма турмушумду,
Кутулгум келет менин пенделиктен!

Аруулук – алыс учкан канат белем,
Ар убак мен ошону самап келем.
Аттиң ай, пендечилик болбогондо,
Асмандан жерге түшпөй калат белем?!

Кантип мен эркин куштай учам улам?
Көр оокат коё бербейт тушап улам.
Бошонгум келет менин биротоло,
Булгаган кир дүйнөнү н кучагынан!

Умтулуп бийиктикке термелемин,
Учалбай турам бирок жерде элемин.
Бөлүнү п кетсем эгер мен силерден,
Бут тоспой жөн койгула, пенделерим?!
Жолукпай калсаң эгер,
Сендейди табар белем?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Таллас   29 Апрель 2010 - 11:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

:good:
Мен мурда эмне үчүн окубагам?

А шуулдаган теректер С.Жигитовдуку эмес болуш керек?

Аны А.Керимбаев ырдаганда ыйлап ийгиң келчү эле.

Атам өлүп артынан, апам оооруп..
Айыкпаган дартынан каза болуп..
Ошондо да теректер шуулдаааган,
Коштошкондой көрүнө ө капа боолуп...

Шуулдаба терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет меенин.
...
Өмүрү мдүн өкүттү ү белестееерин. ..

Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 29 Апрель 2010 - 11:45

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   meerimka   29 Апрель 2010 - 11:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 284
  • Катталган: 04 Август 09
  • Соңку аракети: 25 Май 2010 10:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бишкек

:blush: РАХМАТ


ЫР ЧЫНЫНДА, САЛИЖАН АГАЙДЫН КАЛЕМИНЕ ТААНДЫК...
Жолукпай калсаң эгер,
Сендейди табар белем?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   ayza   03 Май 2010 - 22:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 514
  • Катталган: 26 Апрель 10
  • Соңку аракети: 14 Май 2016 07:22
  • Телефон:0700113540
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Seviyorum diyorum
Sana saka geliyor.
Agayim okup berip jatkanda estep kalgam ushul eki sapti,takir unuta albaym!
Адам абийирине кул,эркине бий болушу керек!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Таллас   03 Май 2010 - 22:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Цитата

Seviyorum diyorum
Sana saka geliyor.
Agayim okup berip jatkanda estep kalgam ushul eki sapti,takir unuta albaym!


Орусча араң түшүнү п жүргөндө , түркчө жазасыңар да. Түшүнсө м - биякта бирөө айткандай: "Картө шкө жейин".
Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   dodge   03 Май 2010 - 23:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 735
  • Катталган: 26 Июнь 09
  • Соңку аракети: 11 Апр 2024 22:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:USA.

Алыкул Осмонов.
Жазда башка... Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Таллас   03 Май 2010 - 23:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Мага да жагат. Улантып коёюн:

Жылуу кийин. Жолуң кыйын. Үшүү рсүң.
Кыш да катуу, бороон улуп, кар уруп..
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!


Ээ-эх, кандай саптар, э?
Ушинтип Ата Журт камын ойлогон жан барбы?
Же баары эле өз көмөчү нө күл тартып калыштыбы, биздин "кыйынчыкмалар" ?

Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 03 Май 2010 - 23:29

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   ayza   28 Май 2010 - 22:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 514
  • Катталган: 26 Апрель 10
  • Соңку аракети: 14 Май 2016 07:22
  • Телефон:0700113540
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Цитата

Ойлойм, көбүбү з ыр жандуу болсок керек деп. Айтайын дегеним Элтон Джондун же Мйрамбек Осмоновдун обон кошулган ыры эмес, кайсы бир акындын же балкми өзүң үздүн ырыңыз.

Бөлүшү ңүз..

Анда, мен баштайын. Сагынбек Момбеков деген ПАТРИОТ ырчы бар. Бийлик (мурункусу, азыркысын билбейм) аны чекесине чыккан чыйкандай эле көрчү. Ошондуктан, анын эл тагдыры, эл жашоосу, бийликтин саткындыгы, чиновниктердин кайдыгерлиги дегеле чындык, акыйкат жөнүндө какшап ырдаган ырлары жумурай журтубузга көрсөтү лгөн кысымдардан улам жетпей келет. Ошол акемдин бирин экеин ырларын жаза кетейин:
Үшү п келип чечинээримде,
Үйлөп шамың өчүрө өрүмдө .
Үмүтү мдүн дагы бир жиби-и,
Үзүлдү окшойт көкүгө гүмдө.

Кыйбай сени чечилээримде,
Кылыгыңды кечирээримде.
Капилеттен келген ызалык,
Кайнап чыкты көкүрө гүмдө.

"Кетсең чи", - деп өтүнгө нүмдө,
Кейибедиң , өкүнбө дүң же.
"Кетем" , - деген чечим жүргөнбү ?
Качан эле көкүрө гүңдө .

Мейли кечир, кечирбегин же,
Мезгил өтсө өкүнө өрүң не?
Мококтугум тушап эркимди,
Мыжып турду көкүрө гүмдө.



Tashtasin bomba tashtasin,
Ak uidon beret akchasin,
Kirilsa kirgiz meylichi
Bashka eldi kuday saktasin-degen saptarin da sozup kalchu elek...Eger janilbasam...
Адам абийирине кул,эркине бий болушу керек!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   ayza   28 Май 2010 - 22:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 514
  • Катталган: 26 Апрель 10
  • Соңку аракети: 14 Май 2016 07:22
  • Телефон:0700113540
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

А.Осмоновдун "Мен -Кыргыздын акыны"деген ырынын саптарын жакшы кором.
...Сатам алсын,сатпайм кадыр баркымды! !!
Уйчу, койчу ,кетменчинин
МЕНМИН суйгон акыны...
деген саптары жаныра берет кулагыма...
Адам абийирине кул,эркине бий болушу керек!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   KTB   29 Июнь 2010 - 15:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 10 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 19 Апр 2017 13:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Алыкул Осмонов
Музыка
Мен суу ичпейм таңдай катып турганда,
Мен нан жебейм алдан тайып курганда.
Музыкадай мага таттуу суусун жок,
Берчи мага,
Берчи мага,
Жарым кашык музыка
!

Мен ыйлабайм капа тартып турганда,
Мен кубанбайм бак-дөөлөткө тунганда.
Дарым ушул кайгы жана шаттыкта,
Берчи мага,
Берчи мага,
Жарым ууртам музыка!

Эмнелер жок бул дүйнөдө, жарыкта,
Не бир сонун... не бир кымбат асыл баа.
Мен кетерде ошончонун ичинен,
Сагынарым,
Эң аярым,
Эң кымбатым - музыка
!



Жашоо керемет!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   SubAz   29 Июнь 2010 - 16:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 438
  • Катталган: 13 Март 10
  • Соңку аракети: 01 Май 2021 01:43
  • Жынысы:Белгисиз

Ошол А.Осмоновдун дагы бир ырын билгенбер болсо улантып койгулачы:
Мен озумду уй сыртынан карасам
...

Мен озумду тээ алыстан карасам
...

Коптон бери эстей албай журом. Инетте же жок анын ырлары. Китепканага барганга убакыт жок. :(
Contra vim mortis non est medicamen in hortis
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   KTB   30 Июнь 2010 - 09:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 10 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 19 Апр 2017 13:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения SubAz (29 June 2010 - 16:16) жазган:

Ошол А.Осмоновдун дагы бир ырын билгенбер болсо улантып койгулачы:
Мен озумду уй сыртынан карасам
...

Мен озумду тээ алыстан карасам
...

Коптон бери эстей албай журом. Инетте же жок анын ырлары. Китепканага барганга убакыт жок. :(


А.Осмонов
Өзүмдү өзүм

Мен өзүмдү үй сыртынан тыңшасам,
Күрс, күрс эткен оор жөтөл үн чыгат...
Бүткөн экен кайран өмүр, кайран жан...
Деп жалооруп көңүлүм шондо бир сынат.

Мен өзүмдү бир көчөдөн карасам,
Баскан өңдүү алсыз, арык сөлөкөт...
Албуут бала, эми болуп араң жан,
Айыкпас дарт болгон өңдүү өнөкөт.

Мен өзүмдү уктаганда карасам,
Жаткан өңдүү бир өлүк жан, каны жок.
Жүрөк күчүн тамырынан санасам,
Чарчагандай араң согот, алы жок.

Мен өзүмдү өлгөн кезде карасам,
Күлүмсүрөп керилген бир шер жатат.
Бул акыйкат жазмышына жарашкан,
Тагдырына рахмат айткан азамат.

Билген билер, билбегенге не чара,
Менсинген жаш муну кимден кем көрөт?
Кең пейилдүү, ачык колдуу бечара,
Кыйын жашап, жакшы жазган өңдөнөт.


Мен өзүмдү бир кылымдан карасам,
Тээ алыстан чаң ызгыткан шаң чыгат.
Өлбөстүктүн өжөр эркин талашкан,
Эрдигинен эчен тирүү жан чыгат



Кылымдар бою жашайт жана жашай берет улуу акын Алыкул Осмонов

Билдирүүнү түзөткөн: KTB: 30 Июнь 2010 - 09:11

Жашоо керемет!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   FarID   03 Июль 2010 - 04:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Алыкең өзүн өзү мурда эле айтып койгон окшобойбу. Замандаштарына саморекламадай эле көрүнсө керек, айрыкча көрө албагандарга. Мага да жагат анын ырлары. Жүрөктүн түпкүрүнөн чыккандай го.

КТВ, мен бир акындын муногу ырынын толук текстин таппай жүрөм:

... Мен бүгүнкү, мен эмесмин. Башкамын...
..Ха-ха-ха, чүкө салган тулубум, Ташта, энеке, кереги жок мунуңун..


Ким эле?
Билгендер болсо жазып койгулачы. Менин азыркы абалым ушундай болуп турабы дейм..

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Барс   03 Июль 2010 - 20:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Просмотр сообщения FarID (03 July 2010 - 04:55) жазган:

Алыкең өзүн өзү мурда эле айтып койгон окшобойбу. Замандаштарына саморекламадай эле көрүнсө керек, айрыкча көрө албагандарга. Мага да жагат анын ырлары. Жүрөктүн түпкүрүнөн чыккандай го.

КТВ, мен бир акындын муногу ырынын толук текстин таппай жүрөм:

... Мен бүгүнкү, мен эмесмин. Башкамын...
..Ха-ха-ха, чүкө салган тулубум, Ташта, энеке, кереги жок мунуңун..


Ким эле?
Билгендер болсо жазып койгулачы. Менин азыркы абалым ушундай болуп турабы дейм..




Ж. Турусбеков "Энем" поэмасынан...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   FarID   03 Июль 2010 - 20:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Рахмат, эстеткениңизге. Мен эринбеген бирөө болсо жазып коёбу деп үмүттөндүм эле.. Эч нерсе эмес, "жоктон көрө жогору".
Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 05:31

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: