Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 75
  • 76
  • 77
  • 78
  • 79
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#1521 Пользователь офлайн   Таллас   29 Апрель 2010 - 00:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

уффф, Айзиля жанга да кезек келди эми. Тултуя түшкөндү р..

 1. Виртуалдагы Таллас менен реалдагы Талласты муноздоп бересизби?
1. Бияктагысын билесиңер. Аны жанагы форумчуларды сыноо деген темада (91-билдирү ү) өзүмдү өзү сынамыш эткем. А реалдагысы деле ошого окшош. Досумдун мага берген сынын айтайын:

1. Баарын байкап турасың, бирдемени сенден жашыргандан корком;
2. Бирдемени айтканда жөн айтпай кыйытып айтасың, мен да акыркы кезде сенин ар бир сөзүң ө анализ жасап анан сүйлөп калдым;
3. Таарынчааксың . Сени таарынтып үч күн сүйлөшпө й коюу - потеря;
4. Кечигип келгендерди жаман көрөсү ң; Ошон үчүн сен чакырганда, же мен чакырганда, сөзсүз убагында келгенге аракет кылам;
... жаман мактадым ээ өзүмдү .

- Мен бияктан ысразу эле сүйлөп, т.а., жазып ийгеним менен, реалда менден оңой менен сөз чыкпайт. Бирок, бир чыкса токтотуш кыйын. Бир досум экөөбү з талаша кетип мен аны, албетте, сөзгө жыгып, анан ала мени телефон китепчесине "Чечек" деп жазып коюптур.. ошо чечекмин...
- Өмүрү бирөөнү н буюмуна кызыкпайм. Т.а. кызыгып турсам да кармалап ийбейм, сурамжылап ийбейм, ошондой текеберчилигим бар, ошол себептүү сотка дегенди өзүм алгандан кийин гана үйрөнгө м. Азыр да ошол сапатымдан көп нерседен артта калып жүрөм. Дагы жакшы интернет деген бар.
- Бирөөгө жакшылык кылсам да, андан жакшылык күтпөйм. т.а., доолабайм. Кайра ага ишим түшкөндө ага кайрылыштан бир топ кыжаалат боло берем;
- Уйкунун атасын таанытам; Албетте ушинтип саат бирде жатсаң анан кантип ...
- Чачылып жаткан нерселерди ордуна келтирмейин жаным тынбайт. Жумушка барганда сөзсүз түрдө кабинетти жыйнап анан иштеп баштайм. Кечээ бир чооооң иште иштеген байкенин кабинетинде отуруп калдым. Ал телефон менен сүйлөшү п атты эле. Мен үстөлгө көз жүгүртсө м, калькулятор кыйшык туруп калыптыр. Аз жерден аны оңдоп коё жаздадым.. :tongue:
Бирөө компун оңдоп бергени алып келгенде, оңдоп болуп сөзсүз түрдө ал жакта иреттөө жүргүзү п иймейим бар: кинолорду өзүнчө , документтерди өзүнчө , файлдын тиби боюнча...
- Кийимдии тандап кием. Так что, "жүдө мүш" эмесмин ;) .Бирок, бир кийимди көөп убакытка чейин кийип жүрө берем.
- Үнөмчү лмүн. Кээде черезчур болуп кетет. Араб тили сабагын өтүп жатканбыз. Эки тамганын бир жерин боёш керек экен. Мурунку эреже боюнча. А азыр жаңы эрежеде андай эмей эле жөн гана чекит коюп койсо болот экен. А мен айтып атпаймбы: "Жөн эле чекит коюп койбойлубу? ", - деп. А мугалим айтты: "Куранды ачып көр, ал жакта баары боёлгон!" . Антсе досум айтып атат: "Ай Таке аай, жадагалса калемсаптын пастасын үнөмдө п атасыңбы? ", - деп. А мен айттым: "Ай мен убакытты үнөмдө п атам" :laugh:
- жетишет го дейм. "Аз билсең, көп уктайсың " дегендей.


2. Майып кызды жубай кылат белениз?
2. Ооба, эгер ыйманы мен каалагандай деңгээлде болсо. Менин акыры төрткө чейин аял алуу укугум бар го. Бакиев деле үчүнчү аялы менен качып кетиптир го Белорусияга. . Эми, албетте, ал мага бул планда үлгү боло албайт. Айтайын дегеним, кээ бир мусулман эле кишилердин өз аялы болуп туруп сулуу кызды аял кылып алганына караганда майып же жардамга муктаж аялды алуусун - накта жигитчилик кылган болоор эле деп эсептейм.

3. Багар короору жокторго же ар кандай жардамга муктаждыгы бар адамдарга жардам корсотконсузбу?
3. Менин андай кылдым мындай кылдым деп өзүмдү н жакшы иштеримди шардана кылып айтканым шариатка такыр туура келбейтт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламы болсун) айткан эле:

"Кыямат Күнү Бир Аллахтан башка эч бир көлөкө болбой күн маңдайга келип адамдар кылган күнөө лөрүнө жараша терге батып турганда төмөнкү сапаттагы адамдар Аллахтын Көлөкө сүндө болушат:
- Адилеттү ү падыша;
- Жаш кезинде Аллахтын мыйзмамынан чыкпагандар, т.а. дин менен жашагандар;
- Жүрөгү мечитти дегдеп тургандар;
- Бирин бири Аллахтын ыраазычылыгы үчүн сүйүшкө ндөр;
- Сулуу жана бай аялзаты өзүнө зына (ойноштук) кылууга чакырганда: "Мен Аллахтан корком", - деп андан баш тарткандар;
- Оң колу менен берген кайырын (жардамын) сол колу да билбей калгандар;
- Өзү жалгыз болгондо Аллахты эстеп көзүнө н жаш аккандар;"

Алды сызылган жердегидей категориядагы адамдар да бар. Ошол себептүү мен кылгамбы, кылбагамбы аны эч ким билбей эле койсун. Бирок, башка бирөөлө р үлгү алсын деген ниетте элге көрсөтү п жардам берсе да болот деген да өкүмдө р бар. Бирок, муну өз ыйманына ишенгендер гана кылса, а то бар да: "Мына ме-ен да сени адам кылган", - деп тиги байкушту кемсинте тургандар. Ошондуктан, мен көз көрүнө ө рия (бирөө көрсүн билсин деп жакшы иштерди кылуу, аны элге жарыялоо ж.б.) кыла бербейин.


4. Озунузго жакпаган сапат?
4. Таарынчаактык, уялчаактык. Кыздарга аябай керек сапаттар, бирок, хе-хе-хе.

Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 29 Апрель 2010 - 00:26

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1522 Пользователь офлайн   Таллас   29 Апрель 2010 - 00:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

studentka
1. Адамдарды алдай аласызбы?
1. Кааласам шесть (алты) секунд. Бирок, мага эмне кереги бар алдап? Өзүмө эле жаман болот да.

2. Сизди алдаса кечире аласызбы? Эгер кечире албасаныз жалганынын себебин таразалап көрөт белениз же ошол бойдон мамилени үзөт белениз?
2. Мен кечиримдү үлүк жакшы сапат деп билем. Канчалык тултуйсам да баары бир кечирем го акыры. Өзүбү з кечиримге муктажбыз го дайым. Аллах Таала айтат: "Кечирилү үнү кааласаң ар, кечире билгиле", - деп.

3. А сиз айткан жалганды кечире албаса не кылмаксыз?
3. "Айла жок, бирок ай лав ю", - демекмин да. Мага соннун сабак болуп калмак. Кудайга шүгүр андай болгон эмес өмүрү . Болбой эле койсун!
Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1523 Пользователь офлайн   Таллас   29 Апрель 2010 - 00:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Acia

Жаман адам болбойт, жаман муноз болот дешет эмеспи, ошол сыяктуу жакшы адам деп кимди тааныйсыз?
А мен айтам: "Жаман адам да, жаман мүнөз да болот", - деп. Мен дагы эле хадис менен жооп берейин. Пайгамбарыбызга бир топ жерден суроо беришкен: "Кайсыл адам эң жакшы адам?", - дешип. Анда жооп берген экен пайгамбар (ага Аллахтын саламы болсун): "Силердин эң жакшыңар - аялдарына жакшы мамиле кылгандар" , -деп..

Жана жаман адам деп кандай адамды айтасыз?
Чындыкты какшап айтып жатсаң да акыйкатты көрүп билип туруп мойнуна албаган адам мен үчүн жаман адам. Анан да кошоматчы. Кошоматка кой сойгондорду көргөндө ө... жиним кайнап гана кетет да.

Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 29 Апрель 2010 - 00:37

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1524 Пользователь офлайн   studentka   29 Апрель 2010 - 00:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 311
  • Катталган: 07 Май 07
  • Соңку аракети: 01 Апр 2016 15:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жообунузга рахмат. Ыраазы болуп калдым:)

Мына сага деп дагы бир суроо берип салайынчы.

1. Анан качан үйлөгө нү жатасыз?
2. Сиздин жаш курагыныз да мага кызык болуп жатат. (Не тактичный суроомо кечирим сурайм, кааласаң ыз жооп деле күтпөйм)

Алдын ала жообуңузга рахмат :)
Ыймандуу киши колу менен да, созу менен да бироону капа кылбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1525 Пользователь офлайн   Aishka   29 Апрель 2010 - 00:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 61
  • Катталган: 26 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 25 Сен 2010 20:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалалабат/UA

Таллас байке,сизге суроо берип кетсем:
Полигамияга коз карашыныз кандай?Бир аялы бар мусулман дагы башка аялга биринчи аялынын уруксаты(без благословение деп койот беле...) жок уйлоно алабы?
Самым прекрасным украшением женщины является ее чистота и целомудрие, а качеством, более всего достойным восхищения - ее моральная зрелость и верность своему супругу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1526 Пользователь офлайн   Таллас   29 Апрель 2010 - 01:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

studentka
Жообунузга рахмат. Ыраазы болуп калдым:) Сизге да ырахмат, чыдап окуп койгонуң узга. Дегеле менин жазгандарым кээ бирлердин итиркейин гана келтирип жатат болуш керек.

1. Анан качан үйлөгө нү жатасыз?
1. Ушул суроону мага көп беришет. Жумушка барганда да ушул суроого жоопту таап, даярдап анан бара турган болуп калдым.

Чогуу иштеген байкелер жанды коюшпайт: "Издей берелиби? Каягынан? Жалал-Абад? Көл? Нарын? же өзүң жактан - Таластан башка болбойбу?" , - дешип. Анан да: "Баары жайындабы?" , - деп күйгүзү шкөндө чү..

Эжелерим да тынбай улам бир кыздын телефон номерин беришет: "Чалып сүйлөшү п көрсөң , жакшы кыз экен", - дешип..

Мен деле өзүмө суроо берип коём: "Качан?" , - деп. Бирок, жоопсуз калат. Негизи пайгамбарыбыздын (Алланын ага саламы болсун) айтуусу боюнча, үйлөнү үгө мүмкүнчү лүгү барлар (аппараты жайында болгондор же үй-бүлө сүн багып кете ала тургандар деп чечмеленет) тезирээк үйлөнү үсү керек.

Мен, Кудайга шүгүр, өзүмдү тигил сөздүн мындай да, тигиндей да трактовкасына жооп бере алам деп баса (же кесе) айта алам. Бирок, "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" болуп жатат. Бир иштер бар эле. Ошол бир жаңсыл болсо, ...анан бир күнү, Аллахтын тагдырында жазылган кызга үйлөнү п калаарбыз. Мен акыркы кезде көп дуа кылчуу болдум: "Йаа, Аллах! Мага соалих (динге бекем) жар туш кыл!", - деп.


2. Сиздин жаш курагыныз да мага кызык болуп жатат. (Не тактичный суроомо кечирим сурайм, кааласаң ыз жооп деле күтпөйм)
2. Алыкул айткандай "Ак боз ат мине элекмин.."

Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 29 Апрель 2010 - 01:19

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1527 Пользователь офлайн   Таллас   29 Апрель 2010 - 01:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Aishka

1. Полигамияга коз карашыныз кандай?
1. Түптүз да.


2. Бир аялы бар мусулман дагы башка аялга биринчи аялынын уруксаты(без благословение деп койот беле...) жок уйлоно алабы?
2. Ооба. Үйлөнө алат. Андай болгон күндө эч бир эркек экинчи аял албай калат го. Эми берген аялдар деле фоурмдагы башка бир темада жазылып кеткендей, баса, ошол теманы мен түзсөм керек эле, "сквозь зубы" эле беришет болсо керек. :tongue:

Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 29 Апрель 2010 - 01:17

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1528 Пользователь офлайн   Таллас   29 Апрель 2010 - 01:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Болду эми, уктаткыла!
Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1529 Пользователь офлайн   Aishka   29 Апрель 2010 - 01:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 61
  • Катталган: 26 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 25 Сен 2010 20:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалалабат/UA

Шукран!
Самым прекрасным украшением женщины является ее чистота и целомудрие, а качеством, более всего достойным восхищения - ее моральная зрелость и верность своему супругу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1530 Пользователь офлайн   Таллас   29 Апрель 2010 - 01:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Жыйынтык чыгаралы:

Мага төмөнкү форумчулар суроо беришиптир:
1. Айгерим
2. Додже
3. Айзиля
4. Акжол
5. Элиф
6. КОМ
7. Мээримка
8. Мадонна
9. Эретик
10. Студентка
11. Фианит
12. Супер Бумер
13. КыргызЖигит
14. Асия
15. Aishka

Андан тышкары Майка каалоо айтып кетиптир, ага рахмат.
LIFE болсо мени оңдогонго аракет кылыптыр.
КыргызЖигит флуддайын деп барып токтоду. Айзиля да ошентиип барып эскертүү дөн кийин кайра эрежени окуп чыкты окшойт.

Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 29 Апрель 2010 - 01:36

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1531 Пользователь офлайн   Таллас   29 Апрель 2010 - 01:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Суроолордун саны боюнча:
1. Айгерим, Айзиля - 10
2. Студентка - 6
3. КыргызЖигит, Элиф - 5

калгандары - 4, 3, 2, 1

Мага негизинен менин "молдочулугума" , "диний фанатиктигиме" жараша суроолор келиптир.
Ошондой болсо да кызыктуу суроолорду (албетте, окурмандар үчүн) Айгерим, Айзиля, Еретик берди деп баа бердим. Ком, Студентка да калышкан жок.

Байкаганым, кыздар менин жеке жашоомо тиешелүү суроолорду бергенге аракет кылып атышты.
Патриоттор кыргыздын келечегине эмне колкабыш кыласын деген сыяктуу суроолорду беришти.

Уффф, ошо СССР аке.
Эмии эстафетаны Айгеримге берели. Шымаланып даяр тургандыр.

Баарыңарга рахмат. Менин тажата турган узун сөздөрдү жазып убара кылганымды түшүнү ү менен кабыл аласыздар деп ойлойм.


ЭЛИФ (мен кирилица менен жазайынчы ага эрегишип) эжеден кечирим сурайм, Мен анын суроолоруна толук жооп бере алган жокмун. Буйруса ошол суроого жараша атайын тема ачып ошол жакта талкуулайбыз. Жетишпей калдым жооп берүүгө . Уйку да келди. Кой мен барып уйкунун өпкөсү н сууруп колуна карматайын. . ;)

Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 29 Апрель 2010 - 01:41

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1532 Пользователь офлайн   Acia   29 Апрель 2010 - 02:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 490
  • Катталган: 24 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 25 Янв 2019 17:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Мен жазгандарыныздын баарын окуп чыгып,аябай тан калдым.Аллах раазы болсун!! Жаштыгынызга карабастан аябай илимдуу экенсиз.Анан менде мындай суроо пайда болду да,сиздей ыймандуу адам кандай уй булоодон тарбия алды экен деген?балким уй-булоонуздо озгочо правилалар болгонду айта кетсениз..


кечиктим окшойт ошентсе да жообунузду кутом....
Элимде тынчтык болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1533 Пользователь офлайн   Таллас   29 Апрель 2010 - 02:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 394
  • Катталган: 27 Март 10
  • Соңку аракети: 22 Дек 2012 13:15
  • Жынысы:Эркек

Цитата

...сиздей ыймандуу адам кандай уй булоодон тарбия алды экен деген?
...балким, уй-булоонуздо озгочо правилалар болгонду айта кетсениз..

кечиктим окшойт ошентсе да жообунузду кутом....


Мен жаңы шаарга келип байкем намаз окуганды үйрөтү п жатып айтты эле: "Сен намаз окуп баштаганда көп нерсени үйрөнө сүң. Көп нерсеге болгон көз карашың өзгөрө т. Ата-энеңдин тарбиясы сага эми башкача көрүнү п калат. Сени эми намаз тарбиялайт" , - дегенде мен ичимден: "ии.. койсоңузчу? Кантип эле? Дегеле менин ата-энемдин тарбиясына асылбаңыз" , - деп айтып, ага таарынган элем менин ата энемди урматтабайт деп.

Көрсө, туптуура айтыптыр. Мени ошодон кийин ата-энемдин тарбиясы эмес намаз тарбиялап калды. Намаз, жакшы достор, китеп.. А Ата-энемдин тарбиясынын ээң эффективдү үлүгү - атамдын бизди катуу кармагандыгы. Мени бейчеки бастырып, жаман балдар менен достоштурбаганы. Ошол себептүү мен мектеп курагында башталчу арак, тамекиге көп аралашпай калдым. Албетте, болоору аз болсо да болду. Атам мени жакшы оку деп көп айтып, кийин мен китептен баш чыкпай түнкү чырак менен китеп окуп отурганымды көруп кайра кейийт эле: "Бекер айтыптырмын мен ушуга китеп оку деп. Эми көзүнү н майын коротот", - деп.


Билдирүүнү түзөткөн: Taллаc: 29 Апрель 2010 - 02:09

Эч нерсе жазасыз калбайт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1534 Пользователь офлайн   CCCP   29 Апрель 2010 - 04:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 11 Сентябрь 09
  • Соңку аракети: 28 Янв 2020 13:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары

Таллас мырза, кызыктуу маек куруп бергенинизге рахмат. Анда кезекти кийинки конокко откорсом.... Эрте мененден баштап суперактивистка кызыбыз Айгеримге (Урматы жок %)) суроолорду узата бересиздер.
Айгерим, озуно жаккан суроолорду жана алардын авторлорунан бир-экоону белгилеп кетууну унутпа ээ каражан?

Пысы. Жооптор канчалык кызыктуу жана маанилуу болсо, суроо беруучулор да ошончолук кызыгуу менен активдуу катышаарын, темабыз да ошончолук коркуно чыгаарын Таллас мырза далилдеп отту окшойт.... Ушул жагын да эске алып коебуз достор.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1535 Пользователь офлайн   elif   29 Апрель 2010 - 04:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 021
  • Катталган: 01 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 21 Янв 2019 03:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Туркия

ЭЛИФ (мен кирилица менен жазайынчы ага эрегишип) эжеден кечирим сурайм, Мен анын суроолоруна толук жооп бере алган жокмун. Буйруса ошол суроого жараша атайын тема ачып ошол жакта талкуулайбыз. Жетишпей калдым жооп берүүгө . Уйку да келди. Кой мен барып уйкунун өпкөсү н сууруп колуна карматайын. .
--------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- -------------------
Echten koro,kech jakshi(luchshe pozdno,chem nikogda) degendey,ech nerse emes.Mindan kiyin da jashoondo jakshilik jana iygilik koshtop,kirgizimdin iymanduu jigitterinden bolushundu kaalaym.
все что ни делается все к лучшему :(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1536 Пользователь офлайн   CCCP   29 Апрель 2010 - 04:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 11 Сентябрь 09
  • Соңку аракети: 28 Янв 2020 13:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары

достор! Флуд деген балээни биякка апкелбегиле! (окуп чыктым апкелип алыпсынар! ) суранып да айттым,коркутуп да айтайын, "Баняга" кетирем туптуз эле, бул эскертуу! Барып келгендер билишет "банянын" "кандай гана жакшы" экенин. Теманын эрежелерин окуп койгулачы?!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1537 Пользователь офлайн   Айзиля   29 Апрель 2010 - 10:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 16 Май 09
  • Соңку аракети: 12 Авг 2010 15:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Менин досям го усу.  :kiss2:

Суроо:

1. Бул жылга эмнелерди пландадын?

2. Омур баянын (Жооп берууну туура корсон эгер.)

3. Хоббин?

Азырынча ушу Айка. 
Какшыкты "аябай туура" тушунот экенсиз таксыр! Эшигиниздерди  бекем кулптап алыныздар, ок?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1538 Пользователь офлайн   Аygerim   29 Апрель 2010 - 10:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 579
  • Катталган: 28 Июль 09
  • Соңку аракети: 31 Авг 2021 11:45
  • Жынысы:Аялзаты

Саламатсынарбы! ....Биринчи эле озумдун суйуктуу :crazy-girl: доскем келиптир...(мен башка элдердей болуп коркомдоп жаза албайм..)



1. Бул жылга эмнелерди пландадын?
План коп эле....Эн негизгилери ...Окуу, жумуш

2. Омур баянын (Жооп берууну туура корсон эгер.)
1989-жылы Нарын шаарында торолгом. 2003-жылдан бери Бишкек шаарында жашайм. 2007-жылы №1 орто мектепти бутком.

3. Хоббин?
китеп окуу, музыка угуу анан турлуу тамак, салаттарды жазоо.
Ibi victoria,ubi Concordia.


Бактылуумун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1539 Пользователь офлайн   айжылдыз   29 Апрель 2010 - 11:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 574
  • Катталган: 05 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 03 Ноя 2012 10:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Менин бандитка доскеме суроо берет турбаймынбы ээ... даярдан доске.. :crazy-girl:

1. Качан той жейбиз? :crazy-girl:

2. Ушул убакка чейин канча жолу банга барып келдин?


3. Суперден бироо менен тартышып урушкан кундорун болду беле?

4. Кайсы тема сага кообуроок жагат, кайсыл темада флуддаганды жакшы коросун?.. :tongue:

5. Кандай тамактардын майын чыгарып жасай аласын?

ушу доске дагы болсо суроолорумду топтоп турам... :crazy-girl:

Билдирүүнү түзөткөн: айжылдыз: 29 Апрель 2010 - 11:36

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1540 Пользователь офлайн   Аygerim   29 Апрель 2010 - 13:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 579
  • Катталган: 28 Июль 09
  • Соңку аракети: 31 Авг 2021 11:45
  • Жынысы:Аялзаты

Иконки сообщения 

1. Качан той жейбиз? crazy-girl.gif Кудай буюрган куну....

2. Ушул убакка чейин канча жолу банга барып келдин? 2 жолу

3. Суперден бироо менен тартышып урушкан кундорун болду беле? болгон 2-3 форумчу менен.

4. Кайсы тема сага кообуроок жагат, кайсыл темада флуддаганды жакшы коросун?.. tongue.gif супер-форумдун коп темалары жагат. Башында "Журоктон чыккан ырларды" кызыгуу менен окучумун. Эн жакшы коргон темам ФЛУД :crazy-girl:

5. Кандай тамактардын майын чыгарып жасай аласын? Баарынын эле майын чыгарам :crazy-girl:
Ibi victoria,ubi Concordia.


Бактылуумун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 75
  • 76
  • 77
  • 78
  • 79
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 255 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 255, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 08 Авг 2025 17:12

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: