Баракча 1 - 1
Көөдөнгө кулпуланган карек ...
#1 09 Март 2018 - 21:19
Туман аралашкан коюу кеч. Жаз мезгилинин алгачкы айынын баштапкы күндөрү.Бул жылы башка жылдардан обочолонуп эмнегедир жаз мезгили өрөпкүп көп нерсегеаптыга шашылгандай. Күндүзү чайыттай ачылган күн, кеч күздө узак сапаргааттанган канаттууларды эртелеп, жашыл майсаңдын жер жарып чыкканын көрүүгө, көлүстүндөгү акактай тунарган муздардын ээрүүсүнөн улам, дарыянын толкуп-ташып, күркүрөп-шаркыроосун эшитип угууга, быйыл жазбаарын эртелеп чакырып алган өңдүү. Коюу туман, көзгө сайса көрүнгүскарангылык, жаңыдан гана эрте жазда Ала-Тоого алгачкы ирээт сапар алган канатыката элек балапан ак кептерди куштардын катарынан адаштырып жиберди.Карбаластаган ак кептер, бир аздан соң себелеп келген жаандан улам нымдалышыпоорлошкон канаттарын көтөрө албай буйдалактай түштү. Коноорго ылайыктуу жайтаппай карбаластай берди. Бир оокумда, көп кабаттуу үйлөрдүн үчүнчү кабатындагыжарык көзүнө урунду. Көзү курч кичине балапан, көздөгөн жарыкты көздөй жетипбарды. ..
Ал мени итсиң деди.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
#3 09 Март 2018 - 23:45
izdeim_seni (09 Март 2018 - 21:19) жазган:
Туман аралашкан коюу кеч. Жаз мезгилинин алгачкы айынын баштапкы күндөрү.Бул жылы башка жылдардан обочолонуп эмнегедир жаз мезгили өрөпкүп көп нерсегеаптыга шашылгандай.
Күндүзү чайыттай ачылган күн, кеч күздө узак сапаргааттанган канаттууларды эртелеп, жашыл майсаңдын жер жарып чыкканын көрүүгө, көлүстүндөгү акактай тунарган муздардын ээрүүсүнөн улам, дарыянын толкуп-ташып,
күркүрөп-шаркыроосун эшитип угууга, быйыл жазбаарын эртелеп чакырып алган өңдүү. Коюу туман, көзгө сайса көрүнгүскарангылык,
жаңыдан гана эрте жазда Ала-Тоого алгачкы ирээт сапар алган канатыката элек балапан ак кептерди куштардын катарынан адаштырып жиберди.Карбаластаган ак кептер, бир аздан соң себелеп келген жаандан улам нымдалышыпоорлошкон канаттарын көтөрө албай буйдалактай түштү. Коноорго ылайыктуу жайтаппай карбаластай берди. Бир оокумда, көп кабаттуу үйлөрдүн үчүнчү кабатындагыжарык көзүнө урунду. Көзү курч кичине балапан, көздөгөн жарыкты көздөй жетипбарды.
..
Огайодо окуган кыз сен эленби? Жакшы жазат экенсин уландысын кутобуз.
#4 16 Март 2018 - 06:07
Дарыя,
бул кечте күндөгүдөй эле терезенин жанындагы гүл тактайчаларындагы курбулары менен сырдашып жаткан. Дүйнөдө гүл сүйбөгөн айымдар чанда бир кездешет. Бирок, баары эле утурумдук соолуп калчу гүлдөрдү жактырышат.
Өзгөлөрдөн айырмаланып Дарыя бөлмө гүлдөрүн сүйөт. Ал үчүн баарынан жагымдуу белек бул-бөлмө гүлдөрү. Ар бирине ат коюп алган. Дарыячалык эч ким бөлмө гүлдөрү менен сырдаша албаса керек. Ар бир гүлдүн дартын угуп, көз жаштарын аарчып,ооруп калса дене табын өлчөп, азык берип, ар бир жалбырагынан кабар алган өзгөчө жароокер гүл багбаны. Жамгырдын суусу менен чаңкоосун кандырайын дегенби, аса таягынын учуна илинген чөйчөкчөгө жаандын суусун тосуп, терезени ачып койгон эле. Жарыкка карай бет алган ак кептер Дарыянын бөлмөсүнө жаракасы бар, ачылган чоң терезеден ичкери карай сайрай кире келди. Аянычтуу, коркуу менен сайраган бул балапан куштун үнү Дарыя үчүн өзгөчө жаңырып турду. Бул кичине чымчыкка бир нерсе болгонго, жаралуу эмесби. Мынчалык чыйпылыктап сайрап жатат деп тынчсыздана түштү. Бөлмөнүн төрт бурчуна ары-бери учкан ак кептер,эмнегедир аруу дүйнөлөрдөн жай таппай, орун жетпегендей кысыла уча берди. Бироокумда,
ал дагы сулуулук деген нерсеге сунала моюн сундубу, же, сулуулук жанган жерге сайрагысы келдиби, айтор, Дарыянын өстүргөн эң кооз фиалка гүлүнүн гүл челегинин бооруна конду да туруп калды. Балапан ак кептер бул жерге көпкө үңүлө тиктей карап турду. Жылындыбы, же нымдалышкан канаттарын кургаттыбы,
айтор, жаан басылар замат терезеден ары карай кайра келген багыты менен коюу түндү аралай учуп кетти.
Гүлдөрүнө жаан тамчыларынан сарыккан сууну каныктыра куюп жатып, назик колдору менен сыйда жалбырактарын кармалап, кичинекей желбирекчелери бар канатты таап алды. Бул канат жанагыкичинекей, апакай ак кептердин балапан канаты эле. Дарыя эмнегедир башкача абалга тутуга түштү. Бир туруп кубанса, кайра туруп чоочуй сестене да берди.
-Бул эмнеси, мага конокко келген чымчык балапан тура. Ал канатын жаралап кайрып алдыбы? Же менин гүлүмдүн кооздугуна ыраазы болуп, канатын белекке таштап кеттиби? А мүмкүн, балапан кептер тобунан адашып, жалгызсырап, канатын таштай баштагандыр. .. деген сыяктуу миң тиркүн ойлорго чөмүлүп, канча бир саам үнсүз тунжуроо менен сырдашып кала берди.
Ак кептерден калган кичине канатты колуна кармап, ары айлантып, алаканы менен сылап,манжаларынын учу менен коомай кармап, Дарыя буркурап боздоп алды. Мукактана ыйлай берди, көмөкөйү тартылып, ачуу ыйга муунуп турду. Бирок, бул ый көз жашсыз ый болду. Бул алгачкы ирээт көз жашсыз ый эмес. Көз жашы жок ыйды ыйлаганына бул жазда он төртүнчү жыл толуп олтурат. Эгерде он төрт жыл боюу бул көз жаштар сыртка агып чыкканда, анда бул бөлмөдөгү гүлдөрдү күндө эки маал,туура он эки күн бою суулап-сугарганга кенен жетмек...

Билдирүүнү түзөткөн: izdeim_seni: 16 Март 2018 - 06:11
Ал мени итсиң деди.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
Баракча 1 - 1