"Китеп мүлжүгүчтөрдүн" клубу :)
#1542 17 Март 2018 - 10:53
А.Цыпкиндин "Женщины непреклонного возраста" китебин окудум. Кандай десем, джон элэ окуп коюуга жарайт, маанайды которо турган китеп, тагыраагы, окуялар топтому. Бирок окуп буткондон кийин унутуп каласын.
Муну Орусияда тимеле Цыпкиндин китептерин эл алдында окуу уюштурулуп, ага аттуу-баштуу актерлор катышып, билеттери брондолгондон улам кызыккан болчумун, толкундан калбайын деп...
Бекеринен аФтардын кесиби пиарщик эмес экен, баракелде, кесипкойлугуно 5)))
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#1543 17 Март 2018 - 11:08
Жана да ушуга эле ундош Андрей Ломанчинскийдин "Вынос мозга" судмедэксперттин баяндамалары да жакты.
Бул эки китеп мээмде каша варенье болуп кетти бир аз.
Окшоштуктары, экоо тен врачтардын "байкалары" + чОрный юмор, айырмачылыктары, экинчисин нерви жукараактарга сунуштабайт болчумун, туура эмес аборттон улам олгондор ж.догу жерлери оор келуусу мумкун. Мен, мисалы, окуп алып, уланта албай токтотуп, анан кайра уланттым.
Анан да судмедэксперт бул олукту изилдеп караган адам болгондуктан, жан дуйносу "радуга, единорог, цветочки, облака" болгондорго такыр эле туура келбейт.
Байкасам, акыркы тапта ушундай жеке адамдын коз карашын чагылдырган майда окуялар топтомуна басым жасап жатыптырмын. Жогорудагы экоо, Цыпкин, Лабковский. ..айтор, баары эле конулго толду. Разычыравайна болбодум бироосунон да.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#1544 17 Март 2018 - 11:22
Шекспир б.ча:
Шекспирдин атынан "негир/лер" жазган дегенге караганда, бир нече автор "Шекспир" псевдониминин артында турат деген божомолго кобуроок ыктайм.
"Негр" акчага оз интеллектуалдык менчигин баш-оту менен сатат эмеспи.
А балким "те же яйца, только в профиль", ошентсе да Шекспирдин атынан белгилуу бир даражада "крутой" адамдар жазышкан деп божомолдонуп жургондуктон, аз болсо да айырмачылык бардай.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#1545 17 Март 2018 - 13:46
Ооба, ошондой. Мен "боёйт десе сакалын кошо боёгон" боёкчудай болупмун. Негизи, Шекспирдин атынан ошол кездеги абройлуу адамдар жазган дешет. Неге дегенде о гезде жазуучулук бийлик жана байлык ээлерине анча коошо бербеген, алардын чөйрөсү мындай бир жериген нерсе болгондуктан ошондой кылганга мажбур болгон имиштеееер.
оңдоого ыраазычылык. болбосо бул жаатында эми билип аткандарболсо бурма маалымат алып калышмак экен.
#1546 17 Март 2018 - 18:58
Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 17 Март 2018 - 19:12
:)
#1547 17 Март 2018 - 21:15
#1548 17 Март 2018 - 21:52
Pelargos (15 Март 2018 - 22:06) жазган:
1. "На Западном фронте без перемен". Аты айтып тургандай эле биринчи дуйнолук согуштагы окуялар баяндалат. Анча-мынча сарказм, юмор менен жазылган жерлеринде аргасыз кулкун келсе, копчулук эпизодтордо муунун бошоп, козго жаш тегеренет. Согуштун терс жактарын, чыныгы жузун толугу менен ачып берген чыгарма.
2. "Три товарища" . Биринчи дуйнолук согуштан кийинки Германиядагы оорчулук, жокчулук мезгилдеги бекем достукту, таза суйууну баяндаган чыгарма. Бул китептен азыркы жашоодон жолуктурууга мумкун болбогон жакшы адамдарды жолуктурууга болот. Ото таасирдуу.
3. "Триумфальная арка" Гитлердик режимдин кордугуна чыдабай, оз олкосунон качып, Парижде жашоо кечирген качкын, ото кучтуу врач хирургдун жашоосу, суйуусу чагылдырылат. Омурдо максаты деле калбаган, турмушу толугу менен кыйраган врач. Бир гана журогуно тынчтык бербеген нерсе-кек.
P.S Бул чыгармалардан бактылуу адамдарды кездештируу дээрлик мумкун эмес. Конулу бошураак адамдарды депрессияга салып коюшу дагы мумкун....
Мен да "Триумфальная арканы"окудум эле жаккан,ошонун таасиринен Парижге барсам ушу аркага барышым керек деген ой калган
#1549 18 Март 2018 - 01:48
#1550 21 Апрель 2018 - 23:58
Билдирүүнү түзөткөн: Pelargos: 22 Апрель 2018 - 00:13
#1551 22 Апрель 2018 - 00:50
Дейл Карнеги "Как располагать к себе людей". Дайым кулуп жургонду, адамдарды эффективно укканды,жашооно наалый бербей, позитивныйраак журсон ж.б.адамдар сага оздору эле тартылат дегендей тушундум бул китепти. Негизги материалды жакшылап эсте тутуу учун жазып алдым, болбосо калбайт экен.
Роберт Чалдининин" Психология влияния" деген китебин окуп баштадым. Экинчи главасы "взаимный обмен"тууралуу экен,коп нерсени тушунгону жардам берди. Билинбей эле ошого кантип баш ийгенибизди билбей калат турбайбызбы. Эн коп ойлондурганы "официанттар счетко чупа чупс же дагы бир нерсе кошуп койсо коноктор автоматически чаевойду кобойтуп берет" дегени болду, мындан 2 жыл мурун тундо таксиге чыгып,уйумо келгенде чупа чупс берди эле, аябай приятно болгон. Мен жон эле берген окшойт деп аябай суйунуп тушунуп келе бергем, корсо чаевой берет деген окшойт эле да. Кыскасы жагып жатат китеп.
Китептер болсо дагы сунуштагыла.
#1552 22 Апрель 2018 - 01:00
Билдирүүнү түзөткөн: Begai_kg: 22 Апрель 2018 - 01:02
#1553 22 Апрель 2018 - 01:54
Begai_kg (22 Апрель 2018 - 00:50) жазган:
Дейл Карнеги "Как располагать к себе людей". Дайым кулуп жургонду, адамдарды эффективно укканды,жашооно наалый бербей, позитивныйраак журсон ж.б.адамдар сага оздору эле тартылат дегендей тушундум бул китепти. Негизги материалды жакшылап эсте тутуу учун жазып алдым, болбосо калбайт экен.
Роберт Чалдининин" Психология влияния" деген китебин окуп баштадым. Экинчи главасы "взаимный обмен"тууралуу экен,коп нерсени тушунгону жардам берди. Билинбей эле ошого кантип баш ийгенибизди билбей калат турбайбызбы. Эн коп ойлондурганы "официанттар счетко чупа чупс же дагы бир нерсе кошуп койсо коноктор автоматически чаевойду кобойтуп берет" дегени болду, мындан 2 жыл мурун тундо таксиге чыгып,уйумо келгенде чупа чупс берди эле, аябай приятно болгон. Мен жон эле берген окшойт деп аябай суйунуп тушунуп келе бергем, корсо чаевой берет деген окшойт эле да. Кыскасы жагып жатат китеп.
Китептер болсо дагы сунуштагыла.
"Самый богатый человек в Вавилоне" коп жыл мурда мен дагы окуган элем. Чынын айтсам жаккан эмес. Бир аз окунуп калгам. Азыр окусам мумкун башкача таасир калтырмак. Билбейм. Бул китеп айта турган негизги идеяны мен бир эле суйлом менен айтып койойун. "Иштеп тапкан акчанды уномдуу пайдаланып, ашыкчасын топто да, ошол акчага качандыр бир кезде бизнес ач" деген эле ойду айтса керек эле. Муну элдин баары эле билсе керек деп ойлойм. Окуганыма 7-8 жыл болду окшойт. Адашып калышым мумкун.
Дейл Карнегиден "как завоевать друзей и оказывать влияние на людей" деген китепти айтып атсан, аны да окугам. Кошаматчылыкты, жасалмалуулукту уйротот да.)) Ошонун методторун жашоодо да анча-мынча колдонуп коем. Тубаса бетке чабар мунозумду жоготуп алгандай болуп журом. Же кыйратып ийгилике жетишип кетсемчи..))
Билдирүүнү түзөткөн: Pelargos: 22 Апрель 2018 - 01:56
#1554 22 Апрель 2018 - 02:20
#1555 22 Апрель 2018 - 02:26
Pelargos (22 Апрель 2018 - 01:54) жазган:
Дейл Карнегиден "как завоевать друзей и оказывать влияние на людей" деген китепти айтып атсан, аны да окугам. Кошаматчылыкты, жасалмалуулукту уйротот да.)) Ошонун методторун жашоодо да анча-мынча колдонуп коем. Тубаса бетке чабар мунозумду жоготуп алгандай болуп журом. Же кыйратып ийгилике жетишип кетсемчи..))
Мага ал китепте эмгеке ундогон главасы аябай жакты. Эртен менен арандан зорго жумушка кетип жаткам, наушнигим жок эле электричкада жеткиче окуп кеткем, жакшы мотив болду. Бир нерсени кылганга жараша качественно кылса, соссуз кайтат дегенинен олумуш болбой мен да жакшы жургом ал куну. Кайтып жатат, бааланбай калбады айткандай эле.
#1556 22 Апрель 2018 - 03:28
Begai_kg (22 Апрель 2018 - 00:50) жазган:
Дейл Карнеги "Как располагать к себе людей". Дайым кулуп жургонду, адамдарды эффективно укканды,жашооно наалый бербей, позитивныйраак журсон ж.б.адамдар сага оздору эле тартылат дегендей тушундум бул китепти. Негизги материалды жакшылап эсте тутуу учун жазып алдым, болбосо калбайт экен.
Роберт Чалдининин" Психология влияния" деген китебин окуп баштадым. Экинчи главасы "взаимный обмен"тууралуу экен,коп нерсени тушунгону жардам берди. Билинбей эле ошого кантип баш ийгенибизди билбей калат турбайбызбы. Эн коп ойлондурганы "официанттар счетко чупа чупс же дагы бир нерсе кошуп койсо коноктор автоматически чаевойду кобойтуп берет" дегени болду, мындан 2 жыл мурун тундо таксиге чыгып,уйумо келгенде чупа чупс берди эле, аябай приятно болгон. Мен жон эле берген окшойт деп аябай суйунуп тушунуп келе бергем, корсо чаевой берет деген окшойт эле да. Кыскасы жагып жатат китеп.
Китептер болсо дагы сунуштагыла.
Ошо "бирөө" мен болчумун.

#1557 22 Апрель 2018 - 03:37
Pelargos (22 Апрель 2018 - 01:54) жазган:
Дейл Карнегиден "как завоевать друзей и оказывать влияние на людей" деген китепти айтып атсан, аны да окугам. Кошаматчылыкты, жасалмалуулукту уйротот да.)) Ошонун методторун жашоодо да анча-мынча колдонуп коем. Тубаса бетке чабар мунозумду жоготуп алгандай болуп журом. Же кыйратып ийгилике жетишип кетсемчи..))
1) Андай өңүттөн караганда көвеле китептерди бир сүйлөм же бир сөз менен айтып коюуга болот. Менин мисалымда, качандыр бир кезде окусам мага жакпайт болучу, менин суроо-талабыма ылайык маалда бир башка букловердин сунушу менен окуганыма өкүнбөйм деле. Жашоодо мен ал жакта жазылгандар китеп жазган кишиге кайра сабак өтчүдөй элемин (үнөмдөө, пландоо, эки жакты кароо деген сыяктуулар). Болгону кээ бир мисалдары менен, балким, ичиндеги айрым сүйлөмдөр менен бул сапар окуп калганда жактырдым деп айта алсам. Менимче, ушул жаатта кызыгуусу болгон адамга сөзсүз жагат жана туура келет. Мүмкүн, кандайдыр бир демилге баштаганга өбөлгө болоттур? Болбосо, ар кимибиз эле "баарын билген билерман" эмеспизби

2) Д.Карнегинин бул китебин да илгериии бир окугам. Окуп адам болуп кетсе болот экен деп. Бирок, "против природы не попрешь" дегендей, менин мүнөзүм ал жерде жазылган кеп-кеңештерди такыр эле кабыл ала албайт экен. "Бүкүрдү көр түзөйт" Дейл ака эмес деп койгом. Албетте, бул китепти окуп далай адамдар да өздөрүнө керектүү, мүмкүн жашоосун өзгөртүүгө себеп болгон жерлерин алгандыр.
#1558 24 Апрель 2018 - 09:24
Билдирүүнү түзөткөн: sister: 24 Апрель 2018 - 09:24
brother
#1559 24 Апрель 2018 - 09:41
Детектив,драма, повесть турундо эмес,жон гана ичи толгон логический суроолор,аз да болсо мээ иштетууго туртку болот экен.
#1560 24 Апрель 2018 - 10:03
Теодор Драйзердин "Дженни Герхардт" романы кызыктуу. 4 жыл мурда окуган элем, кайра окуп баштадым)