Аллахым берерин унутпасын...
#1 22 Март 2018 - 18:14
Куйоом экообуз жашаганыбызга торт жылдын жузу болду. Башында аябай жакшы жашап жатканбыз. Турмуш курганыбызга жети ай болгондо мени таштап москвага кетти албетте кор тирилик аркасынан. Мен журобердим швеяга окудум арада. Жети айдан кийин чакырды билетимди алып даярданып аткам. Ал арада куйоом жук жоноткон болчу. Куйоом ошол жукто бир сумканы айтып ичинде сбербанктын кагазы бар экенин аны алып алуумду дайындады. Ал кагазды таптым корсо ал кагазга одноклассники сайтына киретурган парол логинин жазып койгон экен. Дароо телим менен паролун жазып кирдим. Эч бир жаман ой жок эле менде. Кайдан кайдан кирдим деп озумду жемелей-баштадым. Себеби ал кыздар менен жазышып жадакалса дос балдарына да кыз табуусун отунуптур. Куйбогон жерим куюп кул болдум. Тан атканча уктай албадым ыйладым. Эртеси ватсаптан мен барбаймын москвага журоберин менсизда журупсуз деп смс жибердим. Кайра кайра чалды албадым ыйладым. Озумдун апамдарга чалып болду жашабаймын дедим барын айттым. Апам болсо баары эркек ошол сени менен жашаймын дегени учун жанына чакырып жатат. Андайлар боло берет. Куйоон чалса жакшы болуп суйлош деп очурду. Куйоом тынбай чалып жаткан алдым бакырдым билетти жыртып салам барбайм журоберин сиз катынды эмне кыласыз ошол кыздарыныз турганда деп ичимдегини баарын тогуп салдым кечирип коюумду отунду. Айла канча кыздар менен суйлошот экен деп эле ажрашып кетким келбеди. Коруп колум менен кармап албагандан кийин деп озумду сорото баштадым,тынчтандым. Кетишиме бир жума калган болчу мурда эки кундо бир чалса эми кундо эки уч жолудан чалып абалымды сурап калды.
Москвага биринчи жолу барышым. Куйоом бир букет роза менен аеропорттон кутуп алды. Суйунучумдо чек жок не болсода куйоомду жакшы корчум. Барып мени квга чыгарып койду озу ишинен берилген жатаканада жашап калды. Мен унчукпай эле иш караштырдым ишке да кирдим.келгениме сегиз ай болгондо озум жалгыз сыгылдымбы айтоор куйоомо барып ыйлактадым уйлонгонубузго бир айдан кийин эки жыл болот бизге акча керекби же балабы дедим. Акыры кондурдум. Квга чыкты бирге жашап калдык. Ишенсениздер Кудайымдын берген ырыскысыбы куйоом квга чыгары менен айлыгы да эки эсе которулду аябай суйундум. Себеби ал экообузго бир айда он мин он айда жуз мин кетип калат деп квга чыкпай жургон. Ал арада болбой врачка да-корундум инфекция бар экен деп лич кылдык. Албетте куйоом жон эле макул деп барган жок. Жалындым жалбардым биз иштеб акча тапканыбыз менен бала жок болсо не кереги бар ойлонунчу машина уй жай бар бала жок. Акыры тушундубу айтоор врачтын создору кошумча болуп макул болду. Личения кылдык иштедик.
Куйоомдун айлыгы которулгонунобу билбейм тундоосу бир эки кылып келетурган болду. Каякта журдунуз ишиниз жетиде эле бутчу элего деп сурасам нарда ойноп дейт кимдер менен десем сен тааныбайсын деп-койот. Жон келсе мейли эле ичип келчу болду. Анын айынан урушубуз кобойду экиде келип чай кой тур жанымда отур жыйна деп менин болсо уйкум келип эртеси жумушта шалдырап эле калчу болдум ал убакта иштерим кобоюп эрте менен алтыда туруп ишке кетишим керек ишимда биз жашаган метродон бир сааттык жол. Ошентип убакытта отуп жатты. Келгениме бир жыл уч ай болгондо мен кетем барып личение кылам десем макул болду
#2 22 Март 2018 - 18:52
Куйоом ровно эки жыл иштеп келди (мен келгенден эки-айдан кийин) куйоом келгенине бир ай болгон до этек кирим келбейт тест салып корсом эки полоска... аябай суйундум куйоомду ойготуп корсоттум. Андайды билбейт окшойт бул не дейт тест беременностка дедим кулуп эле оор которбогун э озунду кара деп койду мен кубанганымдан ыйлап ыйлап алдым. Эки жыл тогуз ай дегенде боюмда болду. Аллахка шугурлор ошентип куйоом кочого чыкса эле ар нерсе которуп келе турган болду. Бир куну кайнежем келген экен кайненем экоосу отурушкан мен сыртка идиш аяк жууп жургом. Куйоом апасыдан суйунчу сурап келининиздин боюда баркен деп айтып бериптир. Мен куйоомо эчкимге айтпан э жаны жылга айтабыз десем макул деген болчу. Чыдабады окшойт. Анан эртеси кайненем чынбы боюнда болгону деп сурап калды не дешимди билбей оа тест корсотуп атат десем куспай нетпейле журосунго деди. Дуйшомбу учотко турсамбы дедимле десем ай чын эле болуптурбу дагы этек кирин келип калбасын туруп тур эки айча деп конулумду тушурду. Кечинде дагы бир тест бар болчу аны куйоомо берип ачып текшерип корун апаныз ишенбей атат мен не алдайт белем сиздерди деп ыйладым. Мунусунда тест туп тунук эки сызык чыккан болчу . Куйоомо эртен узиге алып барып келин дедим макул болду. Дуйшомбу узиге барсак жок дейт пустой матка деди да тура тур интервагиналный узи кылабыз деп корду анда да эч нерсе жок дейт. Конулум бетер чогуп кетти . Бир жумада кел тестте чыкса бар кичинекей срокто корсотпойт деди. Уйго барып коп ойлондум. Жатсам турсам оюмда ошол неге неге жок болот деп озумду жеп баштадым. Эки кун озумду жедим. Учунчу куну кан келип бир нерсе тушкондой болду. Врачка барсам тушуптур деп дарыларды жазып берди .
Ыйладым сыктадым айла канча насип кылбаса ушул экенда кайдан эле узиге бардым. Эх жашоо )))
#3 22 Март 2018 - 19:17
Куйоомду аябай сыйлайм,жакшы кором. Эрте менен ыссык сууларын даярдап (айылда билесиздер го) берем. Ал жакшы суйлоп эркелетип койсо менен откон бактылуу адам жоктой кечке маанайым ачык болчу.
Таарынычын жазуу учун бар аркетимди жумшадым, бирок ал дагы мурдагы адатын баштады туну он эки, уч ,торт. Кылып акыры тан атканда келе баштады. Унчукпадым, экинчи ирет тан атканда келгенде ыйлап кайненеме айтып бердим, куйоом кайненемдин козун алдыда жакпай атабы бар катта кочо уктунбу деп бакырып чыгып Машинасыны минип чыгып кетти куйоом. Кайненем болсо достору менен журуптур ошого шончобу кыздар менен журсо экен деп койду. Ыйлап ыйлап жаттым.
Жаны жылды да достору менен тосту. кайненем экообуз айылдагылар жылда карнавал кылчу ошол жака бардык,бардыгы эрлери менен мен озум ыйлагым келип буулуп, жаны жыл кандай кирип келгенин да билбедим. Уйго келип копко ойлондум. Куйоом антип бакырганы менен башка маалда жакшы эле мамиле кылчу. Айтатко бир жакшы жерини таап суйуп жашагыла деп. Мейли балалуу болбой атканыбызга да ушинтип атса керек, балалуу болсок баары жакшы болот деп озумду соротуп жашадым. Ошол кундон баштап сурабай койдум кеттасизби- келтасызбы деп кеч калсада чалбай койдум.
#4 22 Март 2018 - 20:38
Жашаганыбызга уч жылдын жузу болду. Мен куйоомо журун бирге барып текшерилип личения кылалы журсок журо берет экенбиз, кээде кан туура келбей калат экен болбойт десе ажрашабыз десем да конбоду. Кудайым берсе жон эле берет, мен эч жака барбайм барсан озун бар деп силкип салды. Ыйлагым келип апамдарга айтсам жанагы яичнигиме укол кылган врачка алып барып келейин деп калды макул болдум. Кайын энеме айтып коюп кеттим. Барып болгонун айттым инфекция болушу мумкун узиден эле тушпойт деди. Дагы ошол личенияны алып келип торкунумдо эле журдум ыссыктанып. Кайненем да чалып сактанып турушсун дегенинен калдым. Инфекцияга дары жазып берген болчу куйоон экоон ичесин деп алалы сизда алын, кымбатрак экен сиз озунузго алын меникин апамдар алып берет десемда конбойт албаймын деп. Заставит этким келбеди, башка унчукпадым. Эки жума торкунумдо журдум. Бир кун эрте менен куйоом тушумо кириптир талкаланган машинасынын ичинде уктап жаткан экен. Коркуп чочуп ойгонсом тан жарып калыптыр. Ватсаптан жаздым тузукпусуз деп оа деп койгон. Кечинде кайненем менен суйлошсом балдар менен бир ишке аралашып калганын айтып ыйлактады. Очуруп эле куйоомо чалсам оштон врач алып келдим дейт кимге десем дос балдар бир баланы уруп коюшту эле аны мен уйуно алып барып таштагам, ал бала озуно келбей комада жатат десе оозума бисмила келбей калды. Эми не болот десем башка тушконду коз корот деп койду. Туну менен уктай албай танга маал уктап калыпмын.
Оюма ар нерсе келип тура албадым кайын журтка кеттим. Куйоом арыктап жудоп калыптыр. Коруп ичим ачышты. Тундолору уктай албай журду. Кайын агам кайын эжемдер келип суйлонуп кетишет саяк журсон таяк жейсин, эми эки жыл иттей болуп иштеп келген акчанды окуган столдо отургандарга карматасын. Аялын канча аркандан ыйлап журду апамдын да аялыындын да созуго кирген жоксун деп жемелеп журушту. Жанагы бала 11 кун комада жатып козун ачпады. Куйоом ойлоно берип арык жаны арыктап соогу-калгандай. Машинасын тергоочулор алып коюшту. Кундо тергоо го кетет. Туну келет. Куйоомо жакшы суйлоп алаксытсам да ошол. Бир кун ыйладым сиз мени менен лич-га барганынызда ушу балекетке жолукпайт белениз неге-неге-деп далысына ургуладым. Бешенемде бар экен коруп атам дейт башка соз дебеди.
#5 22 Март 2018 - 21:25
Бир куну кайнагам сокту огородко суу коюп карабай калыптырмын. Анын артынан нелер болбоду. Эх айтбайын десем ошол кундон башталаган эле чырыбыз. Кыскасы кайнагам аялынын созуно кирип мени жаман коруп журду. Акыры куйоом акасина аялыныздын созуно кирсениз уйго келбей эле коюн деп катуу суйлоп койду. Ошол кундон баштап экообузду арабыз сууй баштады кол которлу сенин аркандан акам менен урушуп отурамдеп. Кайнагамдын соккусун угуп эми куйоомдуку ашыкча болду кетем дедим жаман болсом кетем десем кетирбеди.
#6 22 Март 2018 - 21:56
#7 23 Март 2018 - 07:55
Чыдадым балалуу болсок баары унутулат деп доктурга корунгону бардык. Куйоомдо восполание баркен мен де да, инфекцияга анализ алды. Экоого личения жазып берди алдык мени болсо тез тез узиге чакырып турду. Уч ай дегенде боюмда болуптур озум деле байкабадым. Кийин врачка кан келгенинен барсам болгон экен эле тушуп калыптыр деди. Дагы инфекцияга анализ тапшырдым. Личения жазып берди куйоом албай койду озум алдым. Ал деп жалдырадым конбоду мен тазамын деп. Жаман сыгылчу болдум.
Куйоом кундо ичпесе да арада ичип журду. Бир куну дагы ичкенинин артынан мага айтпаган создорун угуп аябай капа болдум. Акыры унчукпай тура албай неге андай дейсиз жакшы жашайлыбы мындай десем сен ага татыктуу эмессин. Сен торободун ушул маалга чейин мындан кийин да торобойсун деп ата энеме асылды, кетсен мени жамандап кетпегин жамандасан мечитке барып атан менен апандын шермендесини чыгарып келем, кыскасы мастык растик деген ушулбу ит айтпаган создорду уктум. Дагы кол которду эле кетем деп сыртка чыксам булкуп туртуп уйго кайра алып кирди эртен кетесин деп. Туну менен уктай албай багымдат намазыга жарим саат калганда керектуу кийимдеримди алып келебердим. Бир-айдан отту келгениме. Куйоом эки жолу келди атам даватка чыгып келсен анан барат деди. Даватка да барды бирок келген жок. Озун кел деп чалып журду. бирок кантип барам таягыны жеп унчукпай барсам дагы эле ошол жашоо башталат. Азыр такыр чалбай да калды. Даватка барып деле озгорбоптур.
Аябай сыгылып жургон убагым ошентсе да куйоомду кечирип жашагым келет. Биздин бир гана проблемабыз бала . Балалуу болсок анын озгорушун билем.
Сиздердердин дуаныздарга жана кенешиниздерге мукажмын кыргыз элим. Эчкимди тырмакка зар кылбаса экен(((
#8 23 Март 2018 - 09:25
Тээманы ондотуп койсон жакшы болмок?
Аллах Таалам берерин унутбасын деп ширк келтирип жатасын?Аллах Таалам унуткудай инсан эмес?Ал Кадыр Ал Мээримдуу Жана Ырайымдуу Антип куноокор болуудан алыс болоту?Аллах Тааламды эч Ким коргон эмес?ошол себептен Аллах Таалам жонундо коп нерсени айтып куноокор болбойлу?
#9 23 Март 2018 - 10:31
doni-beku (23 Март 2018 - 07:55) жазган:

Жок, сиздердин проблема бала эмес, сиздердин проблема жолдошунуздун мунозу. Бала жон гана кучотуучу катализатор негизи. Ынтымактуу тугойлорду эки эсе ынтымактуу кылат, жакындатат, проблемалуу тугойлорду эки эсе проблемасын ашырат. Сиз жаныласыз балалуу болсок эле ал "скбдыщщщ" озгоруп, сизли барктай билген, камкор, куйумдуу, ичпеген, кол которбогон адамга айланат деп. Жок. Бала менен андан коз каранды болуп каласыз биротоло. Азыр ушинтет, кийин ага жалдырап олосуз.
Кенешим: азырынча эрди же мындан ажырап башкага тийууну ойлобой, колунуз кол, бутунуз бут болуп турганда иштениз. Иштеп, иштеп каражат топтонуз, квартирабы бирдеме алып коюнуз, себеби кийин торогондо оло акчага муктаж болосуз. Куйоонуздун кебетеси ал болсо. анан да кийин бирдеме болсо ата торуно, оз уйунузго батпай каласыз бала менен. Ошого азыр иштеп алыныз. Проблема сизде эмес, жолдошунуз журоноок экен. Ар кимден ар инфекцияны жугузуп, жаман жургондуктон ардеме боло берет ушинтип. Озунузду кайра кор кылбай, баланыз жокто иштеп, ары акыл-эсинизди жайына салып озунузго келип аласыз.
Проблема бала эмес, чын айтайын. Анан да ушундай урган, соккон, ичкен адам ата болууга даяр деп ойлойсузбу? Балага ушундай ата керек деп ойлойсузбу? Ата болууга татыктуу адамбы, баласынын апасын урган адам? Бала чындап керек болсо куру намыстанбай барып дарыланмак да, жаш баланын кылыгын кылбай. Ага бала керек эмес. Менимче, уйлонгондо деле элдин балдарынан калбайын деп эле уйлонгон, али мээси уйбуло кутууго, балага даяр эмес.
Торогон сон, охооо, миллион проблема чыгат: толуп кеттин, мага конул болбой койдун, иштебейсин, уйун чачылып жатат ар дайым деген создордон тарта жоголуп кетуусу мындан да кобойот. "сен семирип, озунду карабай, мага конул болбой койгонундан ойнош кутууго аргасыз болдум" деген онорлору чыкса тан калбайм. А чынында куйоонуз дале жаш бала, чоное элек.
Сизде башка эч кемчилик болбогондуктан "балалуу болбодук" деп куноолоду. Болбосо озу дарыланбады, туурабы?
Сиз балалуу болбогонунузду жогортон белги деп тушунунуз да, ушунчалык аны суйуп, баарына кайыл болсонуз, анда алгач акча топтоп, озунузду озунуз каржылап туруп анан байкаштырып корунуз.
Азырынча эч кандай мамилеге ашыкпаныз, суйуу, куйууну жыйнаштыра турунуз. Жеке пикирим.
Билдирүүнү түзөткөн: aijan: 23 Март 2018 - 10:36
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#10 23 Март 2018 - 10:50
Eli.91 (23 Март 2018 - 09:25) жазган:
Тээманы ондотуп койсон жакшы болмок?
Аллах Таалам берерин унутбасын деп ширк келтирип жатасын?Аллах Таалам унуткудай инсан эмес?Ал Кадыр Ал Мээримдуу Жана Ырайымдуу Антип куноокор болуудан алыс болоту?Аллах Тааламды эч Ким коргон эмес?ошол себептен Аллах Таалам жонундо коп нерсени айтып куноокор болбойлу?
Рахмат конул буруп окуганынызга жана кенешинизге. Жашым 23 ко чыгам буюрса. Инфекция канда бар экен торч инфекция болсо тушот деп кандан алган. Имунитет тушуп кетсе пайда болот деди врач.
Теманы админ озгортуп койсо болобу мисали тагдыр деп
#11 23 Март 2018 - 11:00
aijan (23 Март 2018 - 10:31) жазган:
Кенешим: азырынча эрди же мындан ажырап башкага тийууну ойлобой, колунуз кол, бутунуз бут болуп турганда иштениз. Иштеп, иштеп каражат топтонуз, квартирабы бирдеме алып коюнуз, себеби кийин торогондо оло акчага муктаж болосуз. Куйоонуздун кебетеси ал болсо. анан да кийин бирдеме болсо ата торуно, оз уйунузго батпай каласыз бала менен. Ошого азыр иштеп алыныз. Проблема сизде эмес, жолдошунуз журоноок экен. Ар кимден ар инфекцияны жугузуп, жаман жургондуктон ардеме боло берет ушинтип. Озунузду кайра кор кылбай, баланыз жокто иштеп, ары акыл-эсинизди жайына салып озунузго келип аласыз.
Проблема бала эмес, чын айтайын. Анан да ушундай урган, соккон, ичкен адам ата болууга даяр деп ойлойсузбу? Балага ушундай ата керек деп ойлойсузбу? Ата болууга татыктуу адамбы, баласынын апасын урган адам? Бала чындап керек болсо куру намыстанбай барып дарыланмак да, жаш баланын кылыгын кылбай. Ага бала керек эмес. Менимче, уйлонгондо деле элдин балдарынан калбайын деп эле уйлонгон, али мээси уйбуло кутууго, балага даяр эмес.
Торогон сон, охооо, миллион проблема чыгат: толуп кеттин, мага конул болбой койдун, иштебейсин, уйун чачылып жатат ар дайым деген создордон тарта жоголуп кетуусу мындан да кобойот. "сен семирип, озунду карабай, мага конул болбой койгонундан ойнош кутууго аргасыз болдум" деген онорлору чыкса тан калбайм. А чынында куйоонуз дале жаш бала, чоное элек.
Сизде башка эч кемчилик болбогондуктан "балалуу болбодук" деп куноолоду. Болбосо озу дарыланбады, туурабы?
Сиз балалуу болбогонунузду жогортон белги деп тушунунуз да, ушунчалык аны суйуп, баарына кайыл болсонуз, анда алгач акча топтоп, озунузду озунуз каржылап туруп анан байкаштырып корунуз.
Азырынча эч кандай мамилеге ашыкпаныз, суйуу, куйууну жыйнаштыра турунуз. Жеке пикирим.
Суйуу барбы билбейм мен бир гана турмушум бузулбасын дейм. Куйоом оба жаш бала кыял. Менден тогуз жашка чон. Башында тушунуктуу деп ойлогом жана жакшы эле жашаганбыз эми мына бир жылдан бери уруш талаш. Эч эле тушунбой койдук-бири бирибизди.
Башка эрди такыр ойлогон жокмун. Эми окуумду востоновит этип окуп иштесем деген оюм бар, бирок стресстен айыга албай журом((
#12 23 Март 2018 - 14:52
Канда инфекция болсо анда бул олуттуу нерсе мындай жагдайда бойдо болгон тагдырда деле бала беш алты айда эненин курсагында оспой калат деп укканмын. Андыктан коп сыгылып журогунду кыйнаба кучтуу бол ден соолугунду чында. Сен канча коз жаш токсон да куйоон аны билбейт озунун нервиндин корогону гана калат экен. Сен да жакындарына керек экенинди унутпа.
#13 23 Март 2018 - 15:37
aijan (23 Март 2018 - 10:31) жазган:
Кенешим: азырынча эрди же мындан ажырап башкага тийууну ойлобой, колунуз кол, бутунуз бут болуп турганда иштениз. Иштеп, иштеп каражат топтонуз, квартирабы бирдеме алып коюнуз, себеби кийин торогондо оло акчага муктаж болосуз. Куйоонуздун кебетеси ал болсо. анан да кийин бирдеме болсо ата торуно, оз уйунузго батпай каласыз бала менен. Ошого азыр иштеп алыныз. Проблема сизде эмес, жолдошунуз журоноок экен. Ар кимден ар инфекцияны жугузуп, жаман жургондуктон ардеме боло берет ушинтип. Озунузду кайра кор кылбай, баланыз жокто иштеп, ары акыл-эсинизди жайына салып озунузго келип аласыз.
Проблема бала эмес, чын айтайын. Анан да ушундай урган, соккон, ичкен адам ата болууга даяр деп ойлойсузбу? Балага ушундай ата керек деп ойлойсузбу? Ата болууга татыктуу адамбы, баласынын апасын урган адам? Бала чындап керек болсо куру намыстанбай барып дарыланмак да, жаш баланын кылыгын кылбай. Ага бала керек эмес. Менимче, уйлонгондо деле элдин балдарынан калбайын деп эле уйлонгон, али мээси уйбуло кутууго, балага даяр эмес.
Торогон сон, охооо, миллион проблема чыгат: толуп кеттин, мага конул болбой койдун, иштебейсин, уйун чачылып жатат ар дайым деген создордон тарта жоголуп кетуусу мындан да кобойот. "сен семирип, озунду карабай, мага конул болбой койгонундан ойнош кутууго аргасыз болдум" деген онорлору чыкса тан калбайм. А чынында куйоонуз дале жаш бала, чоное элек.
Сизде башка эч кемчилик болбогондуктан "балалуу болбодук" деп куноолоду. Болбосо озу дарыланбады, туурабы?
Сиз балалуу болбогонунузду жогортон белги деп тушунунуз да, ушунчалык аны суйуп, баарына кайыл болсонуз, анда алгач акча топтоп, озунузду озунуз каржылап туруп анан байкаштырып корунуз.
Азырынча эч кандай мамилеге ашыкпаныз, суйуу, куйууну жыйнаштыра турунуз. Жеке пикирим.
***Туура айтасыз. Балалуу болуу эки тараптан тен калоо болушу керек. Сен баш отун менен куйуп бышып дарыланып, жолдошун дарыланбаса баары текке кетет. Маселе акчада эмес аны туура пайдаланганда, жолдошундун дарыланганга акча аяйбы же балалуу болгонго каалосу жокпу? Озунду озун отко таштап сыгыла бербе.
#14 23 Март 2018 - 18:11
#15 23 Март 2018 - 18:23
#16 23 Март 2018 - 19:15
Канчалык куйуп бышканын менен деле куйоон тушунугу жок жапайы адам экени корунуп турат сен эле жакшы жашоого аракет кылганын менен жолдошун эч аракети жок болсо кийинки жашоо да ошондой эле болот балалуу болгонун менен куйоон убактынча суйунуп кайра эле ошол жаман адаттары башталат кыйналып жашап журуп отосун келечегинди ойлогун да иште алаксы оз арабанды озун тарт жумуш таап иште бутуна тур жаш экенсин бактынды буюрса табасын андай жаман адам менен жашабай эле койгонун туура го дейм сени турган турпатын менен жактырган сенсиз жашай албай турган жигит чыгат жакшылыктан умутунду узбой жаша эрден чыгып тыр деп айтышат соз болом ушак болом деп куру намыстанба бул жарык дуйнодогу жашоонду жалгыз озун гана озгорто аласын ийгилик каалайм.

#17 23 Март 2018 - 19:21
cholpon119966 (23 Март 2018 - 14:52) жазган:
Канда инфекция болсо анда бул олуттуу нерсе мындай жагдайда бойдо болгон тагдырда деле бала беш алты айда эненин курсагында оспой калат деп укканмын. Андыктан коп сыгылып журогунду кыйнаба кучтуу бол ден соолугунду чында. Сен канча коз жаш токсон да куйоон аны билбейт озунун нервиндин корогону гана калат экен. Сен да жакындарына керек экенинди унутпа.
Макул рахмат сизге
#18 23 Март 2018 - 19:24
aijyldyz (23 Март 2018 - 15:37) жазган:
Балам жок деп сыгылат бирок озу корунолу дебейт. Кудайым берсе жон эле берет мин личения кылсанда кудайдан дейт.
Рахмат конул болгонунуз учун.
#19 23 Март 2018 - 19:26
#20 23 Март 2018 - 19:34
marsiana7 (23 Март 2018 - 19:15) жазган:

Рахмат жылуу создор учун.ойлонуп ойлонуп оюма жетпей журом. Ажрашууну ойлосом дуйно козумо карангы корунуп кетет((