Суперстан: Эмне жаман -Акчага кул болгонбу же Акчага зар болгонбу? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Эмне жаман -Акчага кул болгонбу же Акчага зар болгонбу? Дагы ушуга окшогон психологиялык суроолорго жооп бер

#1 Пользователь офлайн   ChynyhyFakt   22 Март 2018 - 18:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 114
  • Катталган: 02 Июль 16
  • Соңку аракети: 11 Сен 2018 18:25
  • Жынысы:Эркек

Оюн башкары билген адамдар -өзү жеке калган учурларда бир гана жакшы идеалуу ойлорду эмес, башка тентегираак ойлорду да ойлошот, миссал: "Эмнеге айбандардын тилин түшүнбөйбүз? , эмнеге беш бармагыбыз бар, 6 эмес же 4эмес?, Эгер адамдардын канаты болсо кандай болоор эле?, Ой менен баардык жумушту бүтөрүп койсоң!, жана ушуга окшогон....... ....Негизинен бул суроолорго илимий жана дииний жактан жооб алсак болот. Бирок, жооптор канаттандыраарлык болбойт. Көпчүлүгүбүздүн башыбызга ушундай өзгөчө суроолор, ойлор келет, ал суроолорду, ойлорду эч кимге берип көргөн эмесбиз, мындай суроо, ойлорубуздун баарын ар-кимге айта бербейбиз. өзүбүз жооп издегенге аракет кылабыз! Келгиле анда ушундай ӨЗГӨЧӨ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮҢӨРДӨН((((тентекче ой жүгүртүүңөрдөн))) бир экөөсүн ушул теманын комментариясына жазып кетсеңер
Бул темада, Менин суроолорума жооп бергилечи? а эгер силерда бар болсо кызыктай суроолор, силерда бергиле?

Билдирүүнү түзөткөн: ChynyhyFakt: 22 Март 2018 - 18:49

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   ChynyhyFakt   22 Март 2018 - 18:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 114
  • Катталган: 02 Июль 16
  • Соңку аракети: 11 Сен 2018 18:25
  • Жынысы:Эркек


БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРИШИНЕРДИН КЕРЕГИ ЖОК.
ТУУРА СУРООНУН ОЗУ ЖООП
БУЛ СУРООЛОРДУ ОЗУНОРГО БЕРИП, ОЗУНОРГО ОЗУНОР ЖООП БЕРГИЛЕ!
1. Сен эмнесиз(кимсиз) Эч кимсин?
2. Сен бул жашоодо деги кимсин?
3. Озуно канча жаш бермексин, эгер жашынды билбегенинде ?
4. Эгер сага дуйнодогу бир буюмду озгортурууго уруксат бергенде - кайсыл буюмду озгортмоксун?
5. Учурда иштеп жаткан жумушун, сага ийгилик алып келеби?
6. Эгерде бир жаш балага(кызга) бир эле кенеш бер дегенде -кандай кенеш бермексин?
7. Суйуктуу адамынды куткаруу учун, мыйзамга каршы чыкмак белен?
8. Эмне кылганында -бир озун бактылуу болуп а башкалар бактысыз болот?
9. Ким болгун келет: Нерв иштеткен -Илимдуубу же бактылуу -тентекпи?
10. Качан алдабай, таза суйлошту уйроносун?
11. Сен кимсин бул жашоодо?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   ChynyhyFakt   22 Март 2018 - 19:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 114
  • Катталган: 02 Июль 16
  • Соңку аракети: 11 Сен 2018 18:25
  • Жынысы:Эркек


1. Айланандагы адамдардан эн акылдуусу ким? же Сен озунбу?

2. 24 сааттык омурун калганын билгенинде, кимдин колунда олууну кааламак эмессин?

3. Дуйного жакшы адам сынгары таанымал жана сыйлуу адам болуу учун - 10 жылдык омурундон кечет белен?

4. Эмне жаман: Акчага зар болгонбу же Акчага кул болгонбу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   ChynyhyFakt   22 Март 2018 - 19:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 114
  • Катталган: 02 Июль 16
  • Соңку аракети: 11 Сен 2018 18:25
  • Жынысы:Эркек

Бактылуулук деген эмне?

Бактылуулук -бул адамдын эн жакшы эмоциясы мээ нейрондорунда орчугондогу убакыт. Ооба эгер илимий жактан жооп бергенде ушундай.
А бирок бизге илимий жактагы жооптор канаттандырбайт да!

А негизи Бакыт бул келип кетуучу нерсе! Ошондуктан бактылуу кезинде 100%га жакшы маанайда откорууну уйронуу керек, эч кандай койгойду ойлобой.
Биз адамдар туболук бакытты бул дуйнодон таппайбыз. Бул факт. (жалган айтсам мага мисал келтиргиле: кимдин жашоосу малина экенин коргозгуло). Акылдуу, турмуштун ачуу таттуусун таткан, жоопкерчиликтуу деги эле мен сага окшогон адамдар, ар дайым кечеги кундорун эстеп жургондугу учун бактысыз болот. Кечеги кундоруно окунот, (эххх... ошондо мындай кылганымда беле....?) деген суроолор журокту тырмалайт.

Жок, бар бул дуйнодо туболук бактылуу адамдар - Алар откон кунуно окунбогон, келечегин ойлобогон тентек адамдар.

А бирок ..............

Бактылуумун деп айтканды унутпа

Билдирүүнү түзөткөн: ChynyhyFakt: 22 Март 2018 - 19:14

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   ChynyhyFakt   22 Март 2018 - 19:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 114
  • Катталган: 02 Июль 16
  • Соңку аракети: 11 Сен 2018 18:25
  • Жынысы:Эркек

Бактылуу эмесмин дечи............
Эгер —эрте менен оорубай (ооруга кабылбай) турсаң
— анда сен ийгиликтуу адамсын, себеби дүйнөдө миллион адам оруунун айынан апта(жума) аягына чейин жашай алышпайт.


Эгер —сен согуштун уюгунда жүрбөгөн болсон, ачкалыктын азабын, жалгыздык, түрмө кыйынчылыктарын көрбөгөн болсоң -сен анда ийгиликтуу адамсын, себеби дүйнөдө 500 миллион адам ушул нерселерди башынан өткөрүшүп жатышат.


Эгер —үйүңдө жегенге бир демен бар болсо, кийимин, үстүңдү жапкан үйүң бар болсо анда сен -планетабыздагы калктын 75% жашоочуларынан бай жашайсын.


-А эгер банкта счётун бар болсо же чөнтөктөрүңдө майда акчалар жүрсө анда -планетабыздагы 8% бактылуу адамдардын арасына киресин.


-Эгер жазгандарымдын баарын өзүң окуган болсон, билгин -дуйнодо 2 миллиард адам окушту билбейт.(Ошон үчүн "шүгүр" дегенди унутпа)

Билдирүүнү түзөткөн: ChynyhyFakt: 22 Март 2018 - 19:15

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   aijan   23 Март 2018 - 09:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения ChynyhyFakt (22 Март 2018 - 19:12) жазган:

Бактылуулук деген эмне?

Бактылуулук -бул адамдын эн жакшы эмоциясы мээ нейрондорунда орчугондогу убакыт.

Бакыт менен кубанычты чаташтырып алдыныз окшойт.

Бир эле мисал:

Коптон кутуп балалуу болдунуз.
Бул бакыт.
Баланын ичи ооруйт, тиши чыгат, тундо уктабайт, сизди да уктатпайт, буюмунузду талкалайт, уй ичин кирдетет, кийимдерин ботала кылат.
Ал канчалык ачуунузга тийбесин же кубанычынызды коп эсе кобойтпосун, манызы, негизи анын бар экендиги сиз учун омур бою бакыт бойдон калат.


Бакыт бул ар бир адам учун ар башка нерсе. Адамдын дээринде, тупкурундо катылып жаткан чыныгы мудоонун аткарылуусу бул бакыт. Бакыт созсуз кубантпайт, бирок ал дайыма жан дуйнонузду маани-манызга толтуруп турат.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   aijan   23 Март 2018 - 09:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Негизи адам бактылуулукту сырттан издебей, озунон баштоосу керек, коп китептер ушинтип "айтышат" . Жан дуйнондо боштук барбы - сырттан аны айрым бир "доза" менен убактынча жабасын, бирок бутой албайсын.
Сырт бул кузгу, сендеги ички нерсени сага "кайтарып корсотуучу" .

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Shokoladka94   26 Март 2018 - 00:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 622
  • Катталган: 26 Март 14
  • Соңку аракети: 19 Июл 2021 20:12
  • Жынысы:Аялзаты

Кул болгон да, зар болгон да жаман. Эн жакшысы акча менин кулум болсо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   bond0202   26 Март 2018 - 07:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 685
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:54
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Shokoladka94 (26 Март 2018 - 00:21) жазган:

Кул болгон да, зар болгон да жаман. Эн жакшысы акча менин кулум болсо

эң туура
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   bond0202   26 Март 2018 - 07:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 685
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:54
  • Жынысы:Эркек

акча биз үчүн кызмат кылыш керек,биз акча үчүн эмес
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   ChynyhyFakt   26 Март 2018 - 15:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 114
  • Катталган: 02 Июль 16
  • Соңку аракети: 11 Сен 2018 18:25
  • Жынысы:Эркек

Ало? ! Салам, трубканы койбочу сураныч!
-Сага эмне керек? Сени менен сүйлөшкөнгө убактым жок, бол батыраак!
-Мен бүгүн ооруканага бардым....
-Анан, эмне дешти?
-Боюмда бар экенин жана 4 айлык болгонун айтышты.
-Кандай жардамым керек болду? Мага ашыкча көйгөйдүн кереги жок, жогот баланы!
-Кеч болду алдырганга дешип жатат. Эмне кылам?
-Менин номурумду унут!
-Түшүнбөдүм? Эмнеге унутам? Алло, Алоо!!!
АРАДАН ҮЧ АЙ ӨТТҮ
"-Салам бөбөк"
"-Салам. А сен кимсиң?"
"-Мен сенин коргоочу периштеңмин. "
"-А сен мени кимден коргойсуң? Мен бул жерден башка жака чыга албаймго"
"-Шайыр бөбөк экенсиң! Бул жерде кандай жашап жатасың?"
"-Мен жакшы! Апам жаман көрүнөт, күндө ыйлап жатат!"
"-Сарсанаа болбо, бул чоң адамдарга ар-дайым бир деме жетишпейт. Сен башкысы көбүрөөк укта, күч топто, сага аябай керек болот!"
"-А сен апамды көрдүңбү? Ал кандай?"
"-Албетте көрөгөм! Сен жаралгандан бери сени менен биргеминго. Апаң сулуу жана өттө жаш"
АРАДАН ДАГЫ ҮЧ АЙ ӨТТҮ
-Эмне кылмак элең эми, экинчи бөтөлкө пиваны ичип жатасың, төрөйүн деп калганың менен ишиң жок!
"-Периште, сен ушул жердесиңби? "
"-Ооба, ушул жерде!"
"-Бүгүн апамдын акыбалы жаманго, токтобой ыйлап, өзүн-өзү урушуп жатат!"
"-Сен көңүл бурба. Жарык дүйнөгө чыгышка даярсыңбы?"
"-Менимче даярмын, бирок коркуп жатам! Апам мени көргөндө күчөп өксүсөчү?"
"-Андай болбойт, сен коркпо! Сендей баланы көрүп кантип сүйүнбөй койсун"
"-Периште, ал жак кандай? Курсактан тышкары жашоо?!! "
"-Азыр бул жакта кыш, айлананын баары апапакай. Жакында өзүң көрөсүң"
"-Периште мен көргөнгө даярмын!"
"-Келебер бөбөк, мен сени күтөм. "
-Ой кудайым! Башталды! Ким бар?!! жардам беригиле! ! Өзүм жалгыз, кантем эми !!!!
БӨБӨК ТЕЗ ЭЛЕ ТӨРӨЛДҮ, ЭЧ-КИМДИН ЖАРДАМЫСЫЗ. АПАСЫН КЫЙНАГЫСЫ КЕЛБЕГЕНИ ДА БУЛ.
БИР КҮНДӨН КИЙИН, ШААР ЧЕТИНДЕ ҮЙЛӨР ЖАНЫНДА:
-Балам мага капа болбо, азыр заман ушундай жана мага окшогондор аз эмес. Мен сени менен каяка барам?! Менин жашоом алдыда, а сага баары-бир, уктап калсаң эле болду....
"-Периште, апам каяка кетти?"
"-Билбейм. кайгырба азыр келет"
"-Периште, эмнеге үнүң өзгөрүп калды? Ыйлап жатасыңбы? Периште, апамды шаштыр, бул жер аябай суук экен!"
"-Жок бөбөк ыйлаган жокмун. Азыр апаңды алып келем. А сен уктаба, катту-каттуу ыйлай бер"
"-Жок ыйлабайм, апам мени укта деген"
УШУЛ УБАКТА ЖАКЫНКЫ ҮЙДӨ БИР ҮЙ-БҮЛӨ УРУШУШУП ЖАТКАН :
-Мен сага түшүнбөй турам! Каяка баратасың? Түн жарым, эшик карангы. Ооруканадан чыкканыңдан бери башкачасың. Эмне болуптур балалуу боло албасак! Бизге окшогондор көп!!!
-Сенден сураныч, кийин, артымдан жүр!
-Каяка? !
-Билбейм каяка! Кайдадыр барышым керек, анык билем! Ишен мага!
-Макул, акыркы жолу! Угуп жатасыңбы акыркы жолу эркек башым менен артыңдан барам!
ЭКӨӨСҮ ЭШИКЕ ЧЫГАТ. АЛДЫНДА ЫЛДАМ БАСЫП АЯЛЫ, АРТЫНДА КҮЙӨӨСҮ БАРАТ ЭЛЕ.
-Сен кайда баратканыңды билгендей шашып баратасын.
-Ишенесиңби, кимдир мени колумдан жетелеп баратат кайдадыр.
-Сен мени коркутуп жатасың! Эртен төшөктөн жылбай эс алышка сөз бер. Кечке ооруканага барабыз.
-Тсссс ...Аста...угуп жатасыңбы, кимдир ыйлап жатат?!
-Ооба, тетиги жактан бөбөктүн үнү угулуп жатат!
"-Бөбөк, катуураак ыйла, апаң адашып калды, азыр табып келет"
"-Периште кайда жүрдүң? Мен сени чакырдымго! Аябай үшүп жатам!"
"-Апаңды алып келгени бардым. Ал жакындап калды"
-Ой кудайым! Бөбөкко бул, тоңуп калыптыр.
-Тезинен үйгө алып баралы! Бул аллахтын бергени жаным!!!
"-Периште, апамдын үнү башкача болуп калыптыр! "
"-Бөбөк, бул үнгө көн! Бул сенин Чыныгы Апаң!"

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: image (2).jpg

Билдирүүнү түзөткөн: ChynyhyFakt: 26 Март 2018 - 16:01

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   ChynyhyFakt   26 Март 2018 - 17:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 114
  • Катталган: 02 Июль 16
  • Соңку аракети: 11 Сен 2018 18:25
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения bond0202 (26 Март 2018 - 07:25) жазган:

акча биз үчүн кызмат кылыш керек,биз акча үчүн эмес



Бирок, чын суйлоо керек! Акча баарысына керек жана акча учун озгоргон, акча учун коп куноолорду кылган адамдар бар!
Акча бул тируу зат эмес, акча учун кызмат кылып иштейбиз, башка адамдын ишине акча толоп беребиз!
Айланып келип карасан, эн башкысы Акча болуп жатат!
Балким силер билбейтирсинер, акчага башкарылып жатканырады!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   kaidasyn   26 Март 2018 - 18:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Экоону тен кылбай уялган жаман! Анымдын себебин аныктап берем.Копчулук адамдар бар иштеген ишинен уялат ким болуп иштейсин? Деп жакындары сурап калса башка эле ишти айтып коюшат.Ал нерсе куру намыс да! Ак эмгек менен иштегенден кийин неге уялышат билбейм.Ак эмгек менен иштеген адамдарды акчага кул болгондор эмес,балким иштеген акысын алып озу каалагандай жашоону энсегендер деп ойлойм.Акчага кул деп сойкуну айтса болот озу каалаган нерсени кыла албайт.Акча берген адам эмне кааласа аткарат.Жана ушул сыяктуу нерселер да,озум сойкуларга барган эмесмин бирок соц сеттерден окуп калам.

Ал эми акчага зар болгонду карап корсок себептери коп.Кээ бирооно оорусу учун,башкасына жумушу учун,дагы бирооно окуусу учун керек.Бул эми караз алып кайра беруу деген эле нерсе.Керектуу учурда карыз суроону билиш керек.Ал учун адамдар сага ишене турган даражада болушун керек! Кээ бироолор бар акчага зар болгон учурда эптеп жалдырап,убаданы болушунча берет да.Карыз алгандан кийин убадасын аткарбай коет.Ал эми бир адамдын ишениминен чыккан адамга башкалар да карыз беруудон жалтанышат. Ошого акчага зар да,кул да болбой ак эмгек менен акча таап.Акча колдо барда жакындарыбызга кайрылышып турсак кийин озубуз кыйынчылыкка кабылган учурда башкалар жардамга келээрин унутбайлы! Аллах бизди жокчулуктан, кедейчиликтен сактасын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 18:02

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: