Суперстан: ЫР ДҮЙНӨМ, сезимдерим сиз үчүн. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

ЫР ДҮЙНӨМ, сезимдерим сиз үчүн. Сезимдерим сиз үчүн.

#1 Пользователь офлайн   Oksi_Mira   13 Апрель 2018 - 10:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 07 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 20:03

^^^^^^^^^^^^ САГЫНЫЧ ^^^^^^^^^
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Табылгыс жан,,, Сизге дагы ЫР жазам.
Түшүнө албай,, сөздөрүмө тан калбаң.
Алыстыгын араклыктын билсемда.
Алдынызга жөн-жай элэ,, барбагам.
~
Узуун жолду ак сүйүүгө тапшырып.
Ушунчалык сүйгөн окшойм жактырып.
Уксамчы деп, улуу сүйүү,, сөздөрүн.
Уузай албай, турдум сизге тартылып.
~
Эми биз, качан дагы көрүшөбүз?.
Эми биз, сагынычка көнүшөбүз
Эркелешкен күндөрдү эстеп алып.
Ээх ошол, ошону сезим менен бөлүшөбүз
~
Сагынычты айтсам азыр, бүтө албайм.
Сизди сүйүп, алаксытып өзүм алдайм.
Ким мененсиз? кайда жүрөс? Качан келес.
Күттүрбөңүз көп,, суранам күтө албайм.
……………………………………………………………………………
~Кенешова.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Oksi_Mira   13 Апрель 2018 - 10:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 07 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 20:03

^^^^^ КЕРЕКТИГИМ СЕЗЕЙИНЧИ. ^^^^^^^^
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Бакыт үчүн, баардыгын берейинчи.
Балким кийин атиң кылам, дебейинчи.
Бүгүн сүйүп,, эртен дагы сүйүлүп.
Баарынанда, керектигим сезейинчи.
~
Сиз мага,, баарынан кымбат болуп.
Сиз мага, көптөрдөн сымбат болуп.
Эми дагы сүйүү сөзүн,, жазат окшойм.
Эстегенде, эргүүлөрдү, , ырдап коюп.
~
Жашоодо, сиздейди мен,, күтүп жүргөм.
Жалгыздыктан жан дүйнөм,, үшүп жүргөн.
Кезиктирбей, , өзүңүздөй,, жакшысын.
Кыйналсамда, баарына түттүп жүргөм.
~
Көөп отурдук сүйлөшүп,, жазып черди.
Көңүлгө, башкача бир,, сезим келди.
Колунузду, кармап алып сүрдөбтөстөн.
Кайра келиң жашоомо,, дегим келди.
~
Мен азыр айта берсем,, бүтпөйт сөзүм.
Менде бар сизге болгон,, назик сезим.
Бактынызга, арачы болбойун деп.
Бүгүн дагы, кармадым өзүмдү өзүм.
………………………. .……………………………………………………
~Кенешова.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   n.nurzina   13 Апрель 2018 - 19:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 882
  • Катталган: 23 Март 18
  • Соңку аракети: 20 Фев 2022 19:12
  • Жынысы:Аялзаты

Дагы жазынызчы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Oksi_Mira   13 Апрель 2018 - 20:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 07 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 20:03

^^^^ЖҮРӨКТӨН БОШОТУНУЗ. ^^^^^^^^
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Бүтпөгөн, жүрөктүн арзуулары.
Бүгүнда сизге ЫР,, тартуулады.
Белгисиз болуп мага баратасыз.
Башкасы, жашоонузда дагы барбы.
~
Менда билем, сезимдердин аныгын.
Менин дагы ченелүү экен, сабырым.
Сезип туруп,, сиз меники дей албайм.
Сезимиңиз, башка адамга,, бардыгын.
~
Азаптын,, ашпай турган ченеми бар.
Ар бир сөздүн айтыла турган себеби бар.
Жүрөгүңүз башка жанды каалап турса.
Жашоомо тоскоол болуп,, не кереги бар.
~
Сиз менин, сезимдерим бүлүктүрүп.
Сыр бербей сыртыныздан, күлүп туруп.
Сени гана сүйөм деп,, кантип айтас.?
Сагынып,, башканы сүйүп туруп.
~
Көңүлдү көп кыйнабай,, токтотунуз.
Калп эмес, чын сүйүүгө окшотунуз.
Жакпасам жуубай,, кылып эмне кылас.
Жүрөктөнда, жашоодонда бошоотунуз.
.....……………………………………………………………………
~ КЕНЕШОВА.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Oksi_Mira   13 Апрель 2018 - 20:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 07 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 20:03

^^^^ КЫЗГАНДЫРБА, СУРАНАМ КЫЗГАНДЫРБА. .^^^
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Тарынтасын баарысын бүттү,, дейсин.
Талап кылып түбөлүккө,, сүйчү дейсин.
Коштошуп "контагыман" өчүргөндө
Койо турчу,, кетпечи, күтчү дейсин.
~
Айласын, көңүлдүн табасында.
Азгырып сезимге,, барасында.
Көнуп сага бараткан, кезимде мен.
Күйүткө,, кайрадан саласында.
~
Сүйүүңдү билгизип,, арнайсында.
Сүрдөбөйсүн эчнерседен танбайсында.
Жактырып,, жакшы көрүп баратканда.
Жаралайсын кайра элэ,, алдайсында.
~
Актанба калп сөзүңө,, ынандырба.
Ансызда, көп ирет кыйналдымда.
Көргөзбө,, көрбөйүнчу башка менен.
Кызгандырба, , суранам кызгандырба.
~
……………………………………………………………………………
~Кенешова.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Oksi_Mira   13 Апрель 2018 - 20:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 07 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 20:03

^^^ САКТАЙЛЫ СҮЙҮҮБҮЗДҮ СЫЙЫБЫЗДЫ.^^^
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Сиз менин, жашоомдогу белексиз.
Сезимдерим өчүрбөңүз,, себепсиз.
Жүрөгүмдү,, оорутпаңыз суранам.
Жанымсыз, жашоомдо дайым керексиз.
~
Кечиремин,, сизди мен айыптабайм.
Кетирген катааларды, эске албайм.
Келиңизчи,, унуталы тарынычты.
Кетпениз, сиз жок мен жашай албайм.
~
Мамиле кечирүүдө,, солгундабайт.
Меерим болсо, мерездик оорун албайт.
Өткөндү эстей,, бербей унуталы.
Өзүңүздөн башкага, сезим жанбайт.
~
Сиз мага, капа болуп,, таарынбаңыз.
Сиз экөбүз айрылуу жолдун жанындабыз.
Сактайлы,, сүйүүбүздү, , сыйыбызды.
Сүйүү өчпөйт,, эртен элэ сагынасыз.
~
Эгер менде айып болсо,, кечириңиз.
Эртен дебей,, бүгүн элэ кезигиңиз.
Азыр мен,, муктажмын өзүңүзгө.
Алгачкыдай махабатты,, сездириниз.
………………………………………………………………………
~ Кенешова.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Oksi_Mira   13 Апрель 2018 - 20:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 07 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 20:03

^^^^ КЕЛЕТ САГА ЭРКЕЛЕГИМ^^^^^
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Таштап артка көңүлсүз, жалгыздыгым.
Сен болчу,, бактыма, аткан таным.
Билесинби сен бар үчүн, дүйнөм түгөл.
Бактылуу күн, кечирип келет, жашагым.
~
Жан биргем келет сага эркелегим.
Кучактап башым жөлөп бир өзүңө.
Өзүңө байлап алчы, мен сендикмин.
Баш ийип бердим, мына жүрөгүнө.
~
Орун алып мен жараткан, Ыр саптарыма.
Себеп болчу, ырларымдын, манызына.
Астына бут алаамды,, төгүп берем .
Ал ырлар жүрөгүмдөн, чыгып турса.
~
Жыргалым бол, жаным бол, асыл кечим.
Алдында сунуп турам,, суйуу сезим.
Байкабай тепсеп кетпе сезимимди.
Көз салып,, сага жүргөн,, азыр кезим.
..................... ...................... ...................... ..
~КЕНЕШОВА....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Oksi_Mira   13 Апрель 2018 - 20:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 07 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 20:03

^^^МЕНДЕЙ БОЛУП,, ДАГЫ КИМДЕР КЫЙНАЛДЫ?^^^
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Эске түшүп,, унутулган бир ысым.
Эзилгенин жүрөктүн ээх, тымызын.
Мендей болуп,, дагы кимдер кыйналды?.
Мен көтөргөн махабаттын, кысымын.
~
Таттуу сөздү айта алсам азыр, башкага.
Тагдырымды, , алмакмын балким башкара.
Өтмүшүнө өкүнгөн,, жандар бар бекен?.
Өзүмө окшотом,, аларда мендей ыйласа.
~
Ушул деймин, дүйнөнүн мага тардыгы.
Үзүлгөндө үмүттөр жана, баардыгы.
Адам барбы арманы жок жашоодо?.
Алсыз эмес,, көтөрө алган, кайгыны.
~
Бакыт деген,, жашоонун билем жарыгы.
Барбы деги барктап сүйгөн,, жарыны?.
Тар жолуна туш болуп,, замананын.
Талкаланды, канча адамдын тагдыры?.
~
Күтүү менен,, өтүп далай өмүрлөр.
Күйүп турат кызганычтан, көңулдөр.
Азыр мендей кимдер дагы кыйналды?.
Алар дагы,, биздей болуп өкүнөөр.
~
…………………………………………………………………………
~Кенешова …
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Oksi_Mira   13 Апрель 2018 - 20:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 07 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 20:03

^^^ КҮТПӨ ЭМИ,, ЖАНЫҢА БАРГЫС БОЛДУМ.^^^
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Жан дүйнөм,, бороон уруп үшүп турду.
Жанагы жарык жанды,, күтүп турду.
Жакшы кал деп,, айтканым болсо да.
Жүрөгүм баарибир,, сүйүп турду.
Жан дүйнөм,, жарылчуудай ыйласада.
Жалгызым жылмайып,, күлүп турду.
~
Мен аны,,, баарынан бийик,, көрдүм.
Мерез жандай жашоомон, чийип көрдүм.
Мезгил мени калыптап,, түздөйтко деп.
Меерими жок,, башканы сүйүп көрдүм.
Мыйзамын жүрөкктун,,, бузалбадым.
Махабатты,, кайрадан ыйык көрдүм.
~
Кымбаттыма кайсыл жан,, жетеер эле.
Кыйналганда, , кошо аны сезеер эле.
Күтулбөгөн жагымдуу белек,, болуп.
Күн сайын,, сезимдерин береер эле.
Кайталангыс, , ал адам кайталангыс.
Кабыланым,,, төрөгөн кайсыл эне.
~
Кайрылбас,, ал эми кайра артка.
Кайраттууму төрөгөн,,, кайсыл эне.
~
Алдында алсыз,, болдум жансыз болдум.
Ашыктыгым айтамын деп арсыз,, болдум.
Жаркырап жанып туруп, жалп деп өчүп.
Жакыныма жабыгып,, жангысс болдум.
Күбүлдүм үзүлдүм,, күзүндөгү жалбырактай.
күтпө эми,, жаныңа мен баргыс болдум.
……………………………………………………………………
~Кенешова.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Oksi_Mira   13 Апрель 2018 - 20:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 07 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 20:03

^^^^ АКЫН КЫЗДЫН,, АРМАНЫ !!! ^^^^
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Кайда кеттин? ырларымдын каарманы.
Кайсы сулуу колдорунду кармады.
Ар күнү кеч өзундү ойлоп сагынам.
АКЫН кыздын,, күчөп барат арманы.
~
Башкалардан жылуу,, сезим күтө албай.
Баштагыдай барктуу жигит,, сүйө албай.
Азыр айтсам,, төгүлөмүн чачылып.
Ак сүйүүнүн азаптарын,, бүтө албай.
~
Ал мага баарынан,, кымбат болчу
Адилетүү,, акылдуу сымбат болчу.
Айып болбос,, ал жанда айып болбос.
Арманын АКЫН кыздын тыңдап койчу.
~
Жүрөгуңдү,, ачпачы култап койчу.
Жүр дегенге колунду,, булгап койчу.
Аз болсода кубанып калайынчы.
АКЫН кыздын сүйүүсүн сыйлап койчу.
~
Сен дегенде,, сезимдерим чок болуп.
Сага айтчу сөздөрүм көп,, топтолуп.
Ырлар менен,, махабатым билдирем.
Ыйык сезим, баш бербеди,, шоктонуп.
~
Балким сен түшүнбөйсүн, , аңдабайсын.
Бул ырды окуп,, башкача таң калбайсын.
Бакыт үчүн, нелерди жасап, көрбөдүм.
Башкалардай, мени неге баалабайсын.
~
Өзгөлөргө,, шам сыяктуу жана бербе.
Өгөй тутуп менин сүйүм,, тана бербе.
Өзөгөрүл,, байкасанчы, , кеч болбосун.
Өмүрдө анан,, өрттөнүп кала бербе
~
Кайда кеттин? ырларымдын каарманы.
Кайсы сулуу колдорунду кармады.
Ар күнү кеч өзундү ойлоп сагынам.
АКЫН кыздын,, күчөп барат арманы.
………………………………………………………………………………
~Кенешова.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Oksi_Mira   13 Апрель 2018 - 20:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 07 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 20:03

^^ МЕНДА СЕНИ,, БАШКАЛАРДАН ТАЛАШАМ. ^^^
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Көнүлүң жок,, көөдөнүнө карасам.
Кимге ыйгардын сезимиңди садагам.
Кем болдубу? сага берген жылуулук.
Көңүлүмдүү жүрөгүмдүү арнасам.
Менда бербейм,, сүйүүм үчүн күрөшөм.
Менда сени,, башкалардан талашам.
~
Кыйнабачы,, күйүп, күйүп баратам.
Калгым келбейт сенсиз жалгыз кайрадан.
Кызгануумду, , түшүнбөгөн адамды.
Көкүрөгүн менда бир күн,, канатам.
Менден сени айрый албайт эч бир жан.
Менда сени,,, башкалардан талашам.
~
Баарысы элэ,, сага ашык карасам.
Бактым үчүн,, күчтүү болуп, баратам.
Өзгө жанды,, жолотурбайм билип кой.
Өзүм үчүн,, өжөр болом кааласам.
Менден сени,, алгысы келген адамга.
Менда сени, талашамын,, алардан.
…………………………………………………………………………………
~ Кенешова.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Oksi_Mira   13 Апрель 2018 - 20:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 07 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 20:03

^^^ ҮМҮТ ^^^

Билбейсин эмне үчүн сүйөөрүндү, бирок сүйөсүн.
Билесин кайра кайтып,, келбешин бирок күтөсүн.
Өзгөргүн келет,, бирок эч элэ өзгөрүлбөй жүрөсүн.
Өмүрүн өтүп жатат,, сен аны билесин түшүнөсүн.
Жетпейсин ээч оюна,,, бирок шашасын жүгүрөсүн.
Жадайсында ,, баарынан сынасын да,, бүгүлөсүн.
Кыйналасын, ыйлайсын,, кайгынын, түбүндөсүн.
Карачы баарын көрүп туруп,, кайсы адам үмүтөнсүн.
Кызыксыз,, өтсөда күндөр, кез - кезде сүйүнөсүн.
Кылчайсан артына бир карап ,, кайра элэ түңүлөсүн.
Ким үчүн,, жашашынды ,, биле албай үшкүрөсүн.
Кейийсин,, жанчыласын болду дейсин бүтүрөсүн.
Канчалык кыйналба бирок баарибир үмүтөнөсүн


Үмүт бул кыйынчылыка карабайт. Ал жакшылыкты күтөт ошон үчүн адам үмүт менен жашайт.

~Кенешова.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Oksi_Mira   13 Апрель 2018 - 20:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 07 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 20:03

^^^^^^ КҮТҮҮ МАГА,, КЫЙЫН БОЛДУ .^^^^
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Билсен айтчы жолдор барбы,, биз баспаган.
Бүдөмүк,, ойлор мени, курчап алган.
Белгизис чоочун болуп,, калба мага.
Биздин сүйүү, жашасын жоктоп арман.
Амансынбы,,? ардагым амансынбы?.
Азапка салып кеткен,, сырдуу Адам.
~
Мен бүгүн,, дагы да сени эстедим.
Менсиз сени,, жашайбайт келет дедим.
Мееримге бөлөөр күндөн,, үмүт кылсам.
Мерез жандай,, сен эмнеге эрмектедин? .
Сайылсада жүрөккө,, суук сөздөрүн.
Сактабай айтчы,, мага себептерин? .
~
Себебин билбесем мен,, тынчыбаймын.
Сени күтүү,, адат болду күндө дайым.
Сыйласан мени эмес, сезимдерим.
Себебин айтчы мага?,,, сыгылбайын.
Сүйдүнбү?,, же башканы чын элэ.
Сагынычтан арылайында, жыйылайын.
~
Адаштырган, , жолдон сени ким болду экен.
Ак сүйүүгө кайра келүү,, болбойт эртен.
Аруу дүйнөм,, айрылуудан өксүп жүрөт.
Алдашынды, айтсан мага,, сүйбөйт элем.
Азыр сени,, күтүү мага кыйын болду.
Ар танды ,, өзүнө арнап үмүт менен.
~
Азда болсо,, абалымды сезип турсан.
Анда мен кезигүүндү, , сурайм сенден.
……………………………………………………………………………………
~ Кенешова
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Oksi_Mira   13 Апрель 2018 - 20:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 07 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 20:03

^^^^ АЛСЫЗ БОЛУП,, КАЛА БЕРДИМ. ^^^^
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Сиз дедим,, сезимдерге түттөп алып.
Сыйрылган жүрөктү,, бүтөп алып.
Сездинизби? сүйүүнүн азабын ээх.
Сол жагымды, баратам сүйрөп алып.
Салмагы оорлошот,, күндөн күнгө.
Сизге болгон, сезимдер орноп алып.
Сынбасын көнүлдөр,, кызгануудан.
Сактаныз сүйүүмдү,, коргоп алып.
~
Ар танта тураар замат " САЛАМ " дедим.
Алыстыгын,, билсем дагы барам дедим.
Айтпасазда, , сүйүү,, сезим ашыктыкты.
Айтканчакты жанынызда, калам дедим.
Азгырылдыз, , менден бөлөк кимдерге.
Арман ай ,, алсыз кылып кала бердим.
~
Көңүлгө көөп сөздү,, камап кеттим.
Көөдөнгө, кайгымды жамап кеттим.
Күүнүгө бир ирет,, көрсөмчү деп.
Күлкүнүздү көрүүнү,, самап кеттим.
Келип турун, сайтыма күтөм дайым.
Кыялымда бүгүн,, мен каалап кеттим.
Кызыксыз балким сизге,, жазгандарым.
Кызгануудан, ,сизге ^ ЫР ^арнап кеттим
……………………………………………………………………………
~ Кенешова
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Oksi_Mira   14 Апрель 2018 - 12:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 07 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 20:03

^^^^ ЖҮРӨГҮМ,, ИЗДЕЙТ СИЗДЕЙДИ. ^^^^^^^
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Биз өткөрдүк, канча жакшы күндөрдү.
Көңүлдөр ай,, ошол бойдон жүрбөйбү.
Өгөй туттуп жүрөк азыр,, башканы.
Өмүрдө,, сиздейди башка сүйбөдү.
~
Бул менин сизге болгон,, сүйүүмдүр.
Ичтен чыккан, жүрөктөгү үнүмдүр.
Жылуулукту, издейм сизден түшүнүн.
Жылуу сөзгө,, сезимдерге жылындыр.
~
Бар туруп башканы инсан издейби.
Бакыт тандап,, баалабай жүрүп иргейби.
Жашоомду толуктаса башка адам.
А Жүрөгүм,, издейт бирок сиздейди.
~
Сүйүндүрдүз, , менден бөлөк кимдерди?
Сезиминиз,, башкаларга бирдейби.?
Жан дүйнөмдү,, тапшыра албай башкага.
Жүрөгүм,, издейт дале,, сиздейди.
~
Жүрөгүмө,, сизден бөлөк кирбеди.
Сиз тийгендей,, сезимге ал тийбеди.
Сездиңизби? азыр да жүрөм унутпай.
Сүйө албадым сүйгөндөй мен, сиздейди.
…………………………………………………………………………………………
~ Кенешова.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Oksi_Mira   14 Апрель 2018 - 12:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 07 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 20:03

^^ ЫЙЛАТПАЧЫ, АНСЫЗ ДЕЛЕ ЫЙЛАП ЖҮРӨМ. ^^
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Кайрадан кучагыңда, болуум күмөн.
Кетчи дебе кетееримди, , анык билем.
Кареке элесиңди,, сактап коюп.
Кантип эми өзүң жок, өмүр сүрөм.
Капалантпа, ансызда жарадаармын.
Кайгымды шерик кылып, жашап жүрөм.
~
Тынч албай,, ичимде арман дүйнөм.
Тагдырга, таң каламда,, эч түшүнбөйм.
Табият берген,, болсо бул сүйүүнү.
Талашсыз сезим турса,, кантип сүйбөйм.
Түбү менен,, жулуп берип жүрөгүмдү.
Жүрөксүз, мерез жандай,, жашап жүрөм.
~
Сагынычты, саптар менен Ырга жүктөйм.
Сезимин,,, өчсө мага,, мейли күтпөйм.
Кайра, кайра сайтыма, конок болбо.
Сени көрүп,, сыгылып менда жүдөйм.
Сүйүүңдү,, сен берсен башка жанга.
А мен сенин сүйүүнө,, зарлап жүрөм.
~
Ысымынды чыгара албай, жүрөгүмдөн.
Ызаа менен өтөт окшойм, бул өмүрдөн.
Ысыбаса,, көнүлдөр башка адамга.
Ый толгон жан дүйнөмдө,, кантип күлөм.
Ыйгарбасан сезимиңди,, эми мага.
Ыйлатпачы,, ансыз деле ыйлап жүрөм.
~
Бере албасан,, сүйүүңдү,, эми мага
Ыйлатпачы,, ансыз деле ыйлап жүрөм.
……………………………………………………………………………………
~КЕНЕШОВА.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Oksi_Mira   14 Апрель 2018 - 12:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 07 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 20:03

^^^^^^^ АПА СИЗДИ САГЫНДЫМ !!!. ^^^^^^^^
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Күтсөн керек, жолду карап келишимди.
Сагынганда ичке катып,, сезимиңди.
Мен да жүрөм,, Апа сизди сагынып.
Кучагыңды, жыттынды жана,, меериңди.
Жубатсада, жүрөгүмдү, жылуу сөздөр.
Бирок Апа,, тападым сенин пейилиңди.
~
Жакшы кебин,, аянбаган кенешчи.
Сенсин Апа, алтынданда керектүү.
Мен турамын,, кусалыктан, кумсарып.
Сагынчымды, көкүрөгүң сезетпи?
Кем эмесмин, бар байлыгым өзүңсүн.
Жакырчылык бул! Апасыз калуу эмеспи.
~
Бой жеттим, эркелик калды жаш маалым.
Көрдүм менда,, жашоонун суук ызгаарын.
Көз алдыма бала чагымды, эстегенде.
Өзүңдү эстеп бир жылынып,, бир муздадым.
Сол тарабын,, сайышып тургандыр ээ.
Анткени,, үнүндү угуп,, менда ыйладым.
~
Сарптадың канча күнүң,, канча күчүң.
Кантсем актайм,, мага берген ак сүтүң.
Кандай сезим бул,,? өзгөрбөнгөн сендеги.
Суудай таза,,, тунуктугу мага, сүйүүң.
Билдиремин, , Жаратканга жалынып.
Алтын АПАМ,,, жашоомдо барың үчүн.
………………………………………………………………………………………
~Кенешова
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Oksi_Mira   14 Апрель 2018 - 12:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 07 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 20:03

Ээх ыйлаганда жубаатар жаның болсо.
Кыйналганда кубантаар жарың болсо.
Жылмайганда жүзүндөн сүйүп турган.
Жаныма жакшы сөзү дары болсо.
Жаратканга ыраазы болор элем.
Жашоомдо ал менин баарым болсо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Oksi_Mira   14 Апрель 2018 - 12:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 07 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 20:03

^^^ ЫЙЛАЙСЫНБЫ СЕНДА МЕНИ САГЫНЫП.? ^^^
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Көөп инсандан, жогорусун өйдөсүн.
Коломтомдун, мейманысын төрдөсүн.
Кош айтыштык бириге албай,, турмушта.
Бирок сенин, сезимин мага,, өлбөсүн.
Кызганамын, , жүрөгүн бербе башкага.
Башканы эмес, көлөкөсүн көзүм көрбөсүн.
~
Күнөө кылсам, Кудайым өзү оңдосун.
Купулуңа кайгы, муңдар толбосун.
Кубандырып жүрсөн эгер, башканы.
Кантип мени,, бактылуу деп ойлосун.
Көзүң менен көрө албасан,, кайгымды.
Сезчи анда,, көкүрөгүң, сокур болбосун.
~
Бергем сага, жүрөгумдү бүүтүмдү.
Жанымды жана,, ойлорумду түшүмдү.
Аздык кылса, ар бир аккан тамчы жаш.
Кор кылбачы,, жок дегенде сүйүүмдү.
Түшүнө алба,, мейли мени тушүнбө.
Айыбы жок,, жүрөгүмдү түшүнчү.
~
Жылыбай,, жан дүйнөм турат айбыгып.
Жарыктыктан, жана сенден айрылып.
Жалгыздыкты шерик кылып жашоомдо.
Түн жамынып ыйлайм кееде кайгырып.
Жашырбай,, айтчы мага сен дагы. ?
Ыйлайсынбы, сенда мени сагынып.?
~
Сезимдериң жашыра албай,, буркурап.
Ыйлайсынбы, , сенда мени сагынып.?
……………………………………………………………………………………
~Кенешова.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Oksi_Mira   14 Апрель 2018 - 12:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 07 Март 18
  • Соңку аракети: 23 Июн 2018 20:03

^^^^^ ӨТКӨН, КҮНГӨ КАЙРЫЛУУ. ^^^^^^^
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Жолун ачык,, жашооңдо, болсун дайым.
Жараткандан, , Бакыт тилеп, жалынайын.
Жаман айткан сөздөрүмү, кечиреесин.
Көнүлүңдү ооруттум деп,, кайгырбайын.
Жан дүйнөнө, кетпей турган так салсам.
Жүрөгүндү, Ырым менен,, дарылайын.
~
Оо сүйүм, махабаттым, , сагынааарым.
Башкага эмес, бир өзүнө багынаарым.
Кадырыңды кеч түшүндүм кечиреесин.
Капа болбо, кеч болсо да кайрылайын.
Мен айрылдым, баарынан жана сенден.
Бирок сен мендей болуп,, айрылбагын.
~
Арадан,, канча күндөр, жылдар өттү.
Эске түшсө, ыйлатат туйлап, жүрөктү.
Эсен соо болгун,, дайым кымбаттым.
Эстелик кыл, биздин бааягыы,, сүрөттү.
Эстебе бирок, мендей болуп сен дагы.
Бактылүү жүргөн муруунку кезди мүнөттү.
~
Курчап алган, жүрөктүн,, баарын кайгыруу.
Кыйын экен,, көнүлдү кыйнап жай кылуу.
Адам затка,, мындан оор сыноо жоктур.
Жакынынан биро толоо, бир өмүргө айрылуу.
Көтөрө алгыс,, сезим тура боздотоор
Билдире албаган,, айта албаган, сагынуу.
~
Тынчтык бербейт буулуктурат сагынуу.
Бул ЫРЫМ,, өткөн күнгө, кайрылуу.
…………………………………………………………………………………
~Кенешова.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 10 Июл 2025 02:30

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: