Суперстан: Отуздагы "отчетум" :) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Отуздагы "отчетум" :) Ырларымды чогултуп,тема баштадым... Балким окурмандар табылып калаар д

#81 Пользователь офлайн   USSR   30 Май 2013 - 10:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жашоомдо жаңылуу бар,жаңылык жок
Эзилүү,жанчылуу бар,жандуулук жок...
Жан дүйнөм муздап,тоңуп таштай болуп
Жалындын учкунундай жылуулук жок...
Канчалык жаным үрөп жатсам деле
Сезимде дил кубантаар сулуулук жок...
Жан дүнүйө казынам да майдаланып
Түгөнгөнсүйт, аруулук да,улуулук жок...
Сүйдүм,бирок сезимдер бааланбады
Кучагына баткырбай аалам дагы
Кансырап көкүрөктөн өксүп турам
Жанга батып жашоонун жалгандары. ..
Сезимге азык берип жандандырган
Жүрөктү түшүнөөр бир адам барбы?
Башым толуп ойлорго,көөдөнүм бош
Дилимдм ээлеп боштук орду толбос...
Күн чыгып,таңдар атып..кечтер келип
Өмүрүмдүн жадаткан күндөрү окшош...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   tynara81   30 Май 2013 - 10:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 027
  • Катталган: 05 Май 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2021 07:37
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москва

Сонун соз тизмектери, бирок кайгылуу саптар..:(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   aruu   16 Декабрь 2014 - 11:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 268
  • Катталган: 07 Август 08
  • Соңку аракети: 12 Июн 2015 17:54
  • Калаасы:ОШ шаары

Азаматсыз USSR,

Сиздин, Барс авамдын чыгармаларын сагынып калган экем.,

кирип алып баш которбой окуп чыктым.

Ырларынызды окуп чыгып, коптон бери ыкшоолонуп калган жан дуйном жакшына азык алды.

Рахмат, дагы да жаны ырларынызды окутканга мумкунчулук болот деп ишенем.

урматтап,

aruu




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   belka   17 Декабрь 2014 - 02:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Бул теманы көрбөй көзүм кашайып кайда жүргөм билбейм.
Рахмат сизге өзгөчө саптар экен,окуган сайын ичимде кандайдыр кылдар чертилип десемби же тырсылдап үзүлүп десем туура болобу башкача сезимде болдум.Көптөн бери мындай таасирленип поэзия окубадым эле.Сүрөт
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   DoctorVOROBEI   14 Ноябрь 2016 - 03:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 003
  • Катталган: 03 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 19:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Аалам

Ээ аке, 34ко карапсыз... убакыттын отконун кара(((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   bekush   20 Апрель 2017 - 08:01

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 26
  • Катталган: 04 Февраль 11
  • Соңку аракети: 22 Июл 2021 14:11
  • Жынысы:Белгисиз

Дагы жазсаныз боло.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   regina86   21 Апрель 2017 - 22:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 03 Январь 16
  • Соңку аракети: 13 Мар 2018 15:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Жакшы жазылган калеминиз курчуй берсин.Ден соолукта болун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   tahircan   15 Апрель 2018 - 13:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 07 Март 07
  • Соңку аракети: 19 Окт 2018 16:06
  • Жынысы:Эркек

Отчетту эми жеңеге гана беришке туура келип атабы? Сүрөт
Им-пич- мееееент!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   USSR   25 Декабрь 2018 - 13:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Тоо этектеп кулач жайган айылым
Сени эңсеп күчөп турат сагынуум.....
Кыялымда аттап-буттап чыгып барып
Кырда олтурам...бет маңдайы айлымдын...

Көзгө тааныш, ийри-буйру көчөлө р
Жайында чаң...жазында баткак, ылай
Көң жыттанат...нан жыттанат....тааныш жыт
Эстен кеткис эне сүтү жытындай....

Мамыт аке айванында күн тийген
Устачылык кылып жатат сыягы
Амир аке от алдыра албай жаткансыйт
Эскилиги жетип бүткөн "Волгасын" баягы....

Султан аке жонго таштап кетменин
Жөнөдү окшойт сугарганы эгинин
Короосуна суу себип шыпырууда
Жаңыбайдын жаңы келген келини.....

Ооо! Буркан аке атын сылап жалынан
Баккан экен,аргымактын көзү ойноктойт
Бу кызык...көрсөтпөй бакчу эле
Жакында улак-тартыш болот окшойт....

Тээтигинде там-туң баскан бир бөбөк
Ойноп жүрөт жөжөлөрдү кубалап
Үрпөйүп,сес көргөзүп чаар тоок
Эне эмеспи,жөжөлөрүн кызганат.....

Эхх...айылым. ..
Ааламга кеткен дангыр жол
Ушул сенин босогоңдон башталат....
Ар бир ташың,ар бир чөбүң ...дарагың
Кубат берип....канат байлап шаштырат....

Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 25 Декабрь 2018 - 13:21

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   USSR   25 Декабрь 2018 - 13:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кучактап сени жытыңа сенин мас болуп
Жадырап жүрөк бырышы кетээр жаш болуп
Сезимге эгип сүйүүнүн назик гүлдөрүн
Жүрө бер жаным мемиреп жылуу жаз болуп.....

Жолукпай калсак убакыт бизге кас болуп
Көкүрөк сыздайт көөдөнгө ысык жаш толуп
Жалгыздык ээлеп сагынган күндөр узарып
Сен менен өткөн жетишпейт күндөр аз болуп....

Тигилем сенин мухиттей терен көзүңө
Элжиреп жүрөк көргөндө сенин карегиң
Жашабайм азыр өзүмдүн үй-жай,көчөмдө
Карегиң сенин-азыркы менин дарегим.

Желп этип шамал....жалбырак учса шуудурап
Сезилет мага сен жаткансып шыбырап
Жай толгон учур-саратан аптап күнүнөн
Кучагың сенин мен үчүн кыйла жылуурак...

Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 25 Декабрь 2018 - 13:28

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   USSR   25 Декабрь 2018 - 13:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Түн муздак, асман муздак, аалам муздак
Сумсайган терезем да турат муздап
Тунжурап жалгыз калып сени эстедим
Кусалык жүрөгүмдү үнсүз мууздап...

Жол муздак, аба муздак, дубал муздак
Ойлонуп жолчырактар турат муздап
Уктабайм сагынчымдан чабалактап
Сен жөнүндө ойлор мени алды курчап...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   USSR   25 Декабрь 2018 - 13:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

мен өлсөм эмне калат
досум арак,курбум шарап...
жеңил желпи кыздар менен ырсалактап. ..
даанышмандар айтмакчы
же тикпепмин бир түп дарак...
мен өлсөм эмне калат
томпойгон дөбө калат
анан баары унутулат
бул жашоого мен өзүм келбегендей. ..
ээ байкуш...
жүргөн бир пайдасыз неме эле деп
шыпшынган сөздөр калат.
элесимди карегинен бат өчүргөн
кайдыгер көздөр калат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   USSR   25 Декабрь 2018 - 13:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бүт аалам баткан карегиме
Бир тамчы жашым батпай,
Жыгылгым келбейт
Маарага жетпей зоруккан
Күлүк аттай.....
Ызадан үнүм буулуп
Көз жашка жүрөк жуулуп
Караңгылык ушулбу
Калганда күлүп тийген
Күн тутулуп????
Тагдырды сөктүм!
Жети атасын калтырбай
Урдум ушу жашооңду
Койду го мени
Эч жерине баткырбай...
Таарындым
Тагдыр деген мерез немеге
Таалайыма жеталбай койдум эмнеге?
Ишеним сынып
Көз жеткен жерге ой жетпей
Бараттым жалгыз
Ачарбактай купкуу болуп
Жол жээктей.
Тагдырдан кайыр сурап
Турам азыр ыйламсырап
Алсырап, жалгызсырап. ..
А бирок үмүтсүз-шайтан
Учкуну турат үлпүлдөп
Үмүттүн аппак шооласы
Үзүлгөн күнү жаным кошо үзүлөт...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   Shanson   08 Январь 2021 - 19:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 06 Июн 2023 07:55
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Уландысы?... Кана?
> Mен эл менен <
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 01:25

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: