Напси деген эмне? Кантип курошо алабыз?
Кантип куроштунуз эле? Напсинизди тыя аласызбы? Жана башка ушул сыяктуу суроолорго жооп беруунуздорду отуном.
Форумда Исламдан кабары бар колдонуучулар да толтура. Мерует, Систер эжелер жана бир канча байкелер.)
ТЕМА барбы жокпу билбейм. Болсо кошуп коёсуздар, админ)
Баракча 1 - 1
Напси менен күрөшүү Билгениңиздерди бөлүшүңүздөр
#2 19 Апрель 2018 - 11:50
Mydearzh (19 Апрель 2018 - 09:22) жазган:
Напси деген эмне? Кантип курошо алабыз?
Кантип куроштунуз эле? Напсинизди тыя аласызбы? Жана башка ушул сыяктуу суроолорго жооп беруунуздорду отуном.
Форумда Исламдан кабары бар колдонуучулар да толтура. Мерует, Систер эжелер жана бир канча байкелер.)
ТЕМА барбы жокпу билбейм. Болсо кошуп коёсуздар, админ)
Кантип куроштунуз эле? Напсинизди тыя аласызбы? Жана башка ушул сыяктуу суроолорго жооп беруунуздорду отуном.
Форумда Исламдан кабары бар колдонуучулар да толтура. Мерует, Систер эжелер жана бир канча байкелер.)
ТЕМА барбы жокпу билбейм. Болсо кошуп коёсуздар, админ)
Напсини тыя журуу керек ,антпесе бош жургон напси кийин азоо аттай эч нерсеге баш бербей калат делет.
Напсини ооздукто же тарбиялоо орозо кармоо ,намаз окуу,ар дайым тобоо келтируу ж.б Аллах Тааланын тыйгандарынан тыйылуу да .....
#4 19 Апрель 2018 - 20:14
Акыркы кундору напсиме кучум жетпей атат ((((((
Мага да пайдасы тийчуу тема экен.
Мага да пайдасы тийчуу тема экен.
Билдирүүнү түзөткөн: Baiana: 19 Апрель 2018 - 20:15
....кайда! кантип? жүрөсүң кайбереним .....
#5 19 Апрель 2018 - 20:38
Мага да айткылачы,бир айдан бери намаз окубай эле журом. Мына эртен,эртен,
эртенден баштайм деп эле журом.
#6 23 Апрель 2018 - 17:13
Напси курсакта жайгашкан
Алла Таала адам баласын төрт негизден жараткан, алар: дене, жан, акыл, напси. Баткактуу жердин чопосун алып, аны жууруп, адам сөлөкөтүн берет, кийин ал сөлөкөткө Өз Рухунан жан үйлөйт. Денеге жан кирген соң кезек акыл менен напсини жайгаштыруу болду. Кимисин кайсы орунга жайгаштыруу үчүн Алла Таала ал экөөсүн сынады. Алгач акылдан сурады: “Мен киммин?”. Оо Жаратуучум! Сен менин жападан-жалгыз Кудайымсың, мен сенин алсыз макулугуңмун – деп жооп берди акыл. Кезек напсиге жетип, ал дагы ушул суроо менен сыналды. Тилекке каршы кутурган напсинин жообу канааттуу болгон жок. “Мен киммин?”-деген суроону уккан кезде напси бир аз ойлонуп туруп: “Сен деген Сен, мен деген мен. Сен Өзүңө кудай, мен өзүмө кудай. Мен Сени тааныбаймын”. Мындай жоопту уккан Алла Таала напсини тарбиялоо үчүн миң жыл аны тозокто күйгүзөт. Миң жыл өткөндөн кийин көө баскан казандын түбүндөй капкара болуп напси келет. Алла Таала экинчи мертебе суроосун узатат. Миң жыл күйүп эсине келбеген напси кебелбестен туруп алгачкы жообун кайтарат. Алла Таала периштелерге өкүм берет: “Бул акмакты дагы миң жыл азап бери, күйгүзгүлө! ”. Миң жыл алоолонгон отко куйкаланган напси кыпкызыл болуп келет, бирок ал дагы деле ийкемге келбей, өзүнүкүндө бекем турат. Алла Таала үчүнчү мертебе аны дагы миң жыл күйүүсүнө буйрук берет. Үчүнчү миң жалындаган отко күйгөн напси күйө турган жери калбай аппапак болуп калат. Куураган напси дагы деле күч-кубатында туруп: “Эмне кылсаң ошо кыл, мен баары бир Сенин кудайлыгыңды мойнума албаймын! ”-деп текеберленет. Ааламдардын тарбиячысы, күч-кудурет ээси, ар нерсени чебердик менен жараткан чексиз даанышман Зат, Алла Тааланын кийинки чечими: “Азоолугунан кайтпаган бул напсини отко күйгүзүп тарбиялоо туура келбейт, ошондуктан бой көтөргөн бул макулукту миң жыл оокат-аш, суусундук бербестен ачка коюп койгула”-деген буйругу болот. Миң жыл ачкалыктын кыйноосу үч миң жыл жалын-оттун куйкалоосунан коркунучтуу болду. Миң жылдан кийин шордуу, бечара напси бутун сүйрөп, чимкиригин агызып, шалдыраган абалда, башын ийип келип, Улуу Жаратуучуга сажда кылат: “Оо, мендей айласыз макулуктун чекчиз Мээримдүү Кудайы Алла Таалам! Мени кечиргин! Сен менин кудайымсың, мен Сенин алсыз кулуңмун”. Мына ушундан кийин анан Алла Таала акыл менен напсини адам баласына жайгаштырат. Алла Таала айтат: “Оо, акыл! Сен алгачкы ирет Менин кудайлыгымды моюндаганың үчүн Мен сени сыйлап, адамдын эң ардактуу жери болгон анын башына жайгаштырамын”. Мына ушул себептен адам баласынын башка дене мүчөлөрү баштан жогору болсо, ал жерге кан айланбай иштебей калат. Андан соң Алла Таала напсиге айтат: “Оо, ыпылас, бейбаш напси! Сен Менин кудайлыгымды тангандыгың үчүн Мен сени адам уулунун эң булганыч жерине орноштурамын, ал – курсак”. Оо Адам уулу, ойлонуп көрчү адам баласында курсагынан өткөн ыпылас орун барбы?! Бул аңгеме ар бирибизге өрнөк. Напси тозок отунан коркпойт, ал ачкалыктан титирейт. Напсимди тарбиялаймын десең анда ушул куттуу Рамазан айында орозо кармагын.
Которгон: Надырбек уулу Султан.

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
Баракча 1 - 1