Суперстан: Динчил көрүнгүсү келгендер көбөйдү! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Динчил көрүнгүсү келгендер көбөйдү!

#1 Пользователь офлайн   Kulpunai.kurstanbekkyzy   11 Апрель 2018 - 21:58

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 30 Август 17
  • Соңку аракети: 14 Июл 2020 19:58

ДИН
Школьный: Динчил көрүнгүсү келгендер көбөйдү
Дин жолуна түшүп, жаңыча жашоону тандагандардын аң-сезими, көз караштары жана жүрүм-туруму кандай өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатат?
Динчил адамдар эмнени жактырат, эмнеден тайсалдайт жана алардын ички дүйнөсүндө кандай сезимдер болот? Дин жарандарыбызга руханий тынчтык алып келип жатабы?

--- Владимир мырза, эгемендүүлүк алгандан бери динчил адамдарыбыздын психологиясы өзгөрдүбү?

Владимир Школьный: Ооба, өзгөрдү. Өкүнүчтүүсү - терс жагына өзгөрдү. Психологияда "болгондой болуу" жана "болгондой көрүнүү" деген түшүнүк бар. Эл азыр "болгондой көрүнүүгө" , башкача айтканда динчил болуп көрүнүүгө аракет кылууда.

Азыркы учурдагы динчилдик - бул табигый динчилдик эмес, адамдар диндин көбүнесе сырткы көрүнүшүнө, символдорго, кийим-кечеге маани берип жатышат.

Адам жаралгандан топтошуп жашагандыгы үчүн башкалар эмне кылса ошону туурайт эмеспи. Элден бөлүнүп калбаш үчүн элге окшоп, элдей болууга аракет кылат. Азыркы учурдагы динчилдик, динзардашуу ушул максатта калыптанууда. Жарандарыбыз коомдон бөлүнүп калбашы үчүн динге багыт алууда.

Бир таанышым мага "Жогорку Кенештин депутатына жихад жарыяладым" деп айтты. Мен ага: "Жихаддын кайсы түрүн жарыяладың? " десем, ал: "Кайсы түрү болчу эле?" деп сурайт.
Өткөндө бир таанышым мага "Жогорку Кеңештин депутатына жихад жарыяладым" деп айтты.

Мен ага: "Жихаддын кайсы түрүн жарыяладың? " десем, ал: "Кайсы түрү болчу эле?" деп сурайт. Жихад эмне экенин билбей туруп "жарыяладым" дейт.

Так ошондой эле бир аял "мусулмандардын календарында 8-март деген майрам жок" деп айтты. Бирок мусулмандардын жыл санагы боюнча канчанчы жылда жашап жатканына кызыгып да койбойт. Кыскасы ар ким укканына, көргөнүнө карап динчил болууда. Изилдеп, окуп, ойлонуп динди үйрөнгөндөр аябай эле аз. Жоолукту да ошондой эле салынып жатышат. "Баары салынып жүрөт, ошон үчүн мен да салындым" деп.

- Динди катуу карманган жарандарыбыздын айланасындагы адамдар менен болгон мамилесин кандай баалайсыз?

Владимир Школьный: Кайсы дин болсо да, динди чындап катуу кармангандар негизи үч пайыздан ашпайт. Ал эми калгандары ошол динге моюн сунгандар болуп эсептелет. Себеби, көпчүлүк негизги диний жөрөлгөлөрдү билгени менен диндин маңызын түшүнбөйт. Көпчүлүк мусулмандар жана христиандар беш маал намаз окуу же болбосо Пасхадан кийин орозо кармоо сыяктуу жөрөлгөлөрдү аткарышканы менен тактап сурасаң, алардын маани-маңызын түшүнө беришпейт.​

Бишкектеги айт намаз. 2017-жыл. Сүрөт Бишкек мэриясынын сайтынан алынды.
Бишкектеги айт намаз. 2017-жыл. Сүрөт Бишкек мэриясынын сайтынан алынды.

Эң өкүнүчтүүсү - адамдар ар түрдүү шылтоолорду айтып, диний жактан өнүгүүгө аракет кылбай жатышат. Динди терең үйрөнүүгө, анын маңызын түшүнүүгө, өзүн өнүктүрүүгө аракет кылгандар аз. Диндеги адам ар дайым жаңы нерселерди таап, жаңы деңгээлге көтөрүлүшү керек. Буга кошумча бизде жакшы насаатчылар жок жана алардын саны бир колдун манжаларынан ашпайт. ----Диний насаатчылар жөнүндө, албетте, сүйлөшөбүз, бирок социалдык жана экономикалык маселелер динчилдердин психикасына кандай таасир тийгизүүдө? Ушул жөнүндө айтып берсеңиз.

Владимир Школьный: Аябай чоң таасир этүүдө десек болот. Негизи адамдын тамактануу, турак жайга ээ болуу, сексуалдык талап сыяктуу муктаждыктары болот. Булардын баары жашоо үчүн керек болгон жана инстинкттин негизинде камсыз кылууну талап кылган муктаждыктар. Бул муктаждыктар камсыз болгон учурда гана адам руханий жана диний өнүгүүгө багыт алат.

Биздин элдин арасында жогоруда айтылган муктаждыктарын камсыз кыла алган, башкача айтканда жетиштүү тамак-ашка, турак жайга ээ, үй-бүлөлүк жана сексуалдык муктаждыгын камсыз кыла алган киши канча? Ток этээр жерин айта турган болсок, эгер адам өз муктаждыктарын камсыз кыла алса гана руханий жактан өнүгөт.

Бизде социалдык жана экономикалык жактан камсыз болгон, абалына ыраазы адамдар бир пайызды гана түзөт. Мындай абал өлкөдөгү диний жана руханий абалга түздөн-түз таасир этүүдө. Материалдык кыйынчылыктар менен күрөшкөн адамда кандай руханий өнүгүү болушу мүмкүн? Ошондуктан Кыргызстандагы динчилдиктин өсүшүн руханий өнүгүү катары кабыл албашыбыз керек.

Адамдар жеңе албаган материалдык кыйынчылыктарын дин менен алмаштырууга аракет кылып жатышат. Бизде динчилдик жарандарыбызды жоошутуу үчүн ишке жарап жатат. Дин адамдардын кулк-мүнөзүнө сиңбестен, кебете-кешпир сыяктуу сырткы көрүнүш менен гана чектелүүдө.

Кудайга сыйынып, бирок жашоосун оңой албаган динчил адам өз айланасынан күнөөкөрлөрдү издей баштайт.
Бизде кудайга кайрылуу агрессивдүү жана декларативдүү формага ээ. Баарыбыз динчилбиз, баарыбыз кудайга сыйынабыз, бирок жашообуз оңолуп кеткен жок да.

Ушул учурда диндин терс жагы пайда болот. Тагыраак айтканда кудайга сыйынып, бирок жашоосун оңой албаган динчил адам өз айланасынан күнөөкөрлөрдү издей баштайт. Башкалардан күмөн саноо, башкаларга кыжырдануу ушундай абалда пайда болот жана күчөйт.

Мындан сырткары коррупция, кымбатчылык, адилетсиздик сыяктуу коомдогу терс көрүнүштөргө күбө болгон сайын адамдардын кыжаалатчылык жана тынчсыздануу деңгээли көтөрүлөт. Элдин көпчүлүгү ушундай абалга дуушар болгондо коомдо туруксуздукка алып баруучу окуялар күчөйт. Ушундай нааразы катмардын көп болушу бузуку диний топтор жана үгүтчүлөрдүн чырагына май тамызат. Халифат сыяктуу пикирлер ушундай учурда популярдуу болот. Радикалдуу жана зордук-зомбулукка таянган жолдор адилеттүүлүккө, теңдикке, жаркын келечекке жетүүнүн жолу катары көрсөтүлөт.

- Биздин динчилдерибиз эмнеден коркушат жана алардын кандай тынчсыздануу сезимдери бар?

Владимир Школьный: Бизде эч ким тозоктон корпойт. "Динде буйрук кылынгандай динчил боло алдымбы же боло албадымбы?" деп аз эле киши тынчсызданат. Эмне үчүн динчилдер өлкөбүздө жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан жаман нерселер үчүн өздөрүн жоопкер сезишпейт? Эмне үчүн дайыма башка бирөө күнөөкөр болушу керек? Азыркы учурда диний үгүт-насааттарда жоопкерчилик деген нерсе айтылбай жатат. Кудай укук менен катар адамга жоопкерчиликти да берген.

"Кудай мага ушундай укук берди, кудай мага ушундай тапшырма берди" деп башкалардын ишине кийлигишүү - шизофрениянын белгиси.
Эң өкүнүчтүүсү - айрым динчилдер өз башындагы төөнү көрбөстөн, бирөөнүн башындагы чөптү көрүп эле тим болбостон башкалардын ишине кийлигишүүгө, аларды оңдоого аракет кылышууда.

"Кудай мага ушундай укук берди, кудай мага ушундай тапшырма берди" деп башкалардын ишине кийлигишүү - шизофрениянын белгиси. Мындай адамдар өз кемчиликтерин жабыш үчүн башкаларга жол көрсөтүүгө аракет кылышат. Өздөрүн өзгөртө албагандар башкаларды өзгөртүүгө аракет кылууда. Башкаларды өзгөртүү өзүңдү өзгөртүүгө караганда дайыма кыйын. Ошондуктан ар ким өзүнөн башташы керек, себеби бардык нерсе үчүн биринчи кезекте өзү жоопкер.

- Динчил адамдарыбыз эмнеден көз каранды? Кайсы нерселер динчилдерди өзүнө тартууда? Эмне үчүн төшөк маселесине тиешелүү баяндар динчилдердин көңүл бурууда?

Владимир Школьный: Алгач адам баласы социалдык жандык экенин унутпайлы. Ошондуктан ар бир динчил адам диний жамааттын жана топтордун ичинде болгусу келет. Бирок эң кызыгы - акыркы учурда шейхтер динчил адамдарды өзүнө байлап алганын көрүүгө болот. Эч ким шайлабаса деле өздөрүн "шейх" деп атап алгандар элди оңго-солго жетелеп жүрүшөт.

Бишкектеги мечиттердин бири. 1-июль, 2015-жыл.
Бишкектеги мечиттердин бири. 1-июль, 2015-жыл.

Жыныстык маселелерге тиешелүү талаш-тартыштар боюнча да диний бурмалоо болууда. Камсыз болбогон муктаждыктар башка муктаждыктарды ашыкча камсыз кылуу аркылуу жабылууда. Тагыраак айтканда, чечилбеген социалдык жана экономикалык муктаждыктарды сексуалдык аша чабуу аркылуу басаңдатуу аракети болууда.

Интернетти изилдеген илимпоздор порнографиялык интернет-сайттарга эң көп кирген адамдар өнүкпөгөн өлкөлөрдө экенин аныкташкан.

-Биздин динзарлар ой жүгүртүүдөн, акыл калчоодон алыстап өтө эле эмоционалдуу болуп бара жаткандай сезилбейби?

Владимир Школьный: Акыл калчап ой жүгүртүп, интеллектуалдык жактан өсүүнү каалаган кишилер дайыма эле аз болот. Көпчүлүгү ээрчиме жана "эл кетти, мен да кетем, эл токтоду, мен да токтойм" дегендер. Биздин коом маалымат менен бышыкталбаган эмоцияга толтура. Бул маалыматтын жоктугу же тартыштыгы менен байланыштуу эмес. Болгону ой жүгүртүү, талдоо дайыма кыйын. Интеллектуалдык өсүш үчүн жакшы насаатчылар керек. Эмоционалдуу диний үгүтчүлөр эмес.

Радикал диний топтордун мүчөлөрү өздөрүн чыныгы жана өзгөчө мусулман катары көрүүдө. Бул аябай коркунучтуу нерсе.
Дагы бир нерсени баса белгилеп кетишим керек. Азыр өзгөчө радикал диний топтордун мүчөлөрү өздөрүн чыныгы жана өзгөчө мусулман катары көргөзүүдө.

Бул аябай коркунучтуу нерсе. "Сен тандалган, өзгөчө жана чыныгы динчилсиң" деп туруп аларга каалаган нерсени жасатса болот. Андай адамдар "каалаганыбызды жасоого укугубуз бар" деп ойлошот. "Ыйык ишти жасоо жана улуу максатка жетүү мага гана буюрган" деген адам канчалык коркунучтуу? ! Ошондуктан радикал топтор адамды каалаганын жасоого даярдоодо.

- Кыргызстанда динчил адамдардын психологиясын иликтеген изилдөөлөр барбы?

Владимир Школьный: Мен андай изилдөөлөр жөнүндө уккан жокмун. Эгер мындай жумушту мамлекет жасаткысы келсе, мамлекет буга акча бөлүшү керек.

Бирок андай изилдөө жүргүзүлө элек. Кээде Кыргыз улуттук университетинде, Биздин Орус-Кыргыз (Славян) университетинде бакалавриат менен магистратуранын алкагында жасалган изилдөөлөрдү учуратууга болот. Бул боюнча студенттердин сурамжылоосуна таянган дипломдук иштер бар. Бирок тилекке каршы, динчилдердин психологиясын талдаган изилдөөлөр жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   traveler   12 Апрель 2018 - 01:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 269
  • Катталган: 22 Апрель 17
  • Соңку аракети: 16 Дек 2018 15:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Los-Angeles

Туура, жасалма динчилдер кобойду. То есть журоктору таза эмес, дили таза эмес, а бирок сыртынан мусулман такыба болуп корунгусу келгендер кобойду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   MUHLISA   12 Апрель 2018 - 11:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 282
  • Катталган: 15 Январь 16
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 18:12

Просмотр сообщения traveler (12 Апрель 2018 - 01:40) жазган:

Туура, жасалма динчилдер кобойду. То есть журоктору таза эмес, дили таза эмес, а бирок сыртынан мусулман такыба болуп корунгусу келгендер кобойду.

Эмне силер алардын журогун ачып кордунор беле жасалмабы ,дили тазабы жокпу ...Баардык нерсеге Аллахка аян керек болсо силер дагы жоолукчан мн сакалчанды каралаган болуп Ислам динине коо жаап жатканынар белгилууу ...... :nono:
Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Mydearzh   12 Апрель 2018 - 15:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

:гезит:

Чын ыкласы менен динге берилген инсандар да жок эмес...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Medinaa   12 Апрель 2018 - 15:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 965
  • Катталган: 13 Май 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2018 22:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кооз жер

Азаттыктын мусулмандарга карата маалымат атакасын неге көчүрүп келдиң?%)
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   traveler   12 Апрель 2018 - 15:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 269
  • Катталган: 22 Апрель 17
  • Соңку аракети: 16 Дек 2018 15:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Los-Angeles

Просмотр сообщения Mydearzh (12 Апрель 2018 - 15:05) жазган:

:гезит:

Чын ыкласы менен динге берилген инсандар да жок эмес...

Албетте андайлар бар, бирок коз коруноосу андан коп. А кээ бирлери, чындап оз башы менен Кудайды таанып амал кылымыш этет, кылган башка иштери, суйлогон создору, ойлору, башкаларга мамилеси динге туура келбей тургандай кылып алгандары андан коп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Ernic   13 Апрель 2018 - 00:45

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 008
  • Катталган: 24 Июль 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 19:17

Просмотр сообщения Medinaa (12 Апрель 2018 - 15:27) жазган:

Азаттыктын мусулмандарга карата маалымат атакасын неге көчүрүп келдиң?%)


Бул деген чындык!

Билдирүүнү түзөткөн: Ernic: 13 Апрель 2018 - 00:46

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   MUHLISA   14 Апрель 2018 - 14:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 282
  • Катталган: 15 Январь 16
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 18:12

Просмотр сообщения traveler (12 Апрель 2018 - 15:28) жазган:

Албетте андайлар бар, бирок коз коруноосу андан коп. А кээ бирлери, чындап оз башы менен Кудайды таанып амал кылымыш этет, кылган башка иштери, суйлогон создору, ойлору, башкаларга мамилеси динге туура келбей тургандай кылып алгандары андан коп.

Негизи адамга адам жагышы ото кыйын маселе эмеспи....
Сизге суроо ,коп жерде дин кармангандардын дин мыйзамдарына топ келбегенин жазып жатасыз ,сиздин оюузча дин адамы кандай болуш керек .
:0108:
Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Salaf   16 Апрель 2018 - 13:05

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 333
  • Катталган: 08 Март 18
  • Соңку аракети: 04 Дек 2023 22:43
  • Жынысы:Эркек

Динчил көрүнгүсү келгендер, динди же Исламды, сага, мага жана Ташматка окшогон диний илиминен сабаты жок мусулмандардан көрүп үйрөнгөнү үчүн көп кемчилдиктерди кетирип жүрүшкөнү бул чындык. Эгер дин, исламдын мыйзам, эреже жана шарттарын окуп, изилдеп, б.а, Ислам негиздөөчүлөрүнүнөн (Расулуллах сав, жана Сахабалардан) үйрөнгөндө мындай түйшүктөр жаралмак эмес. Бирок ошолорго да шүгүр дешке милдеттүүсүң, себеби ошол өзүн динчил көрсөткөндөр жок болгондо сенин же ата-эне, эже-карындаш, ага-инилериңдин никелери кыйылбай, жашооң маңкуртка айланган батыш элинен айырмаң кайда калмак? Жакындарыңын жаназалары окулбай, өлүктү эптеп эле көмүп коюп, динсиздерден айырмаң калбайт эле. Жакындарыңа жин-шайтан ооруулары илешсе, аны эчким окуп чыгарбай, жин кирген ыплас бакшы, көзү ачыктардан айырмаң болбой калмак, себеби руханий оорууну, ооруукана даарылап сакайта албайт. Кудай таала жер бетин, балким ошол өздөрүн динчил көрсөткөндөрдүн, өздөрү билбеген абалдагы кииичине таза (Солих) амалдарынын урматына сактап тургандыр, анткени, силерге жана бизге окшогон акылдуусунгандардын таза амалынан үмүт кылса же караса, сен же биз, динден кыйратып деле амал кылбайбыз, бирок сүйлөшкө, сындашка келгенде катыра сындап, майын чыгарып ушактайбыз, бирок ошолорчолукда амал кыла албай жатабыз. Ошон үчүн, мусулман бир туугандардын кемчилдигин эмес, кичинекей болсода жакшы жактарын издөө милдет. Бир даанышман <Акылдуу адам бирөөлөрдүн кемчилдигин тапкан эмес, жакшы жактарын издеп тапкан адам чыныгы акылдуу> деген.

Билдирүүнү түзөткөн: Salaf: 16 Апрель 2018 - 13:11

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Aygul777   16 Апрель 2018 - 16:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 260
  • Катталган: 02 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 04 Мар 2020 20:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаарым

Динчил корунгусу келеби же чындап динчил болгонго аракет кылабы бир Кудайга белгилуу.
Аллах-кудуреттуу зат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   sister   17 Апрель 2018 - 18:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Динчил корунгусу келгендер - эки жуздуулор. Булар Аллахтын каргышына калгандар. Корсо ( жакында эле окуп билим алдым) тозоктун эн тубундо, тозоктун жети даражасы бар, эн кыйыны, эн ысыгы тубу, эки жуздуулорго экен. Ширк кылган, ишеними жокторго эмес, эки жуздуулорго экен. Мен " динчил корунгусу келгендер" - деп, колуна теспе кармап алып, алдына Куранды жайып алып, эки созунун бири " Аллах, Аллах" болуп туруп толго салгандарды эсептейм. Типа козу ачык болгондорду. Корунгон бактарды мазар кылып алып, ал жака барып сыйынгандарды. Арбактарга сыйынгандарды. Мындай кылган болбойт"- десен, " мен деле намаз окуйм, мен деле Куран окуйм"- деп жооп бергендерди.

" ыймандуу" жигитке турмушка чыгыш учун " ыймандуу" болумуш болуп жабынып алгандарды. Кээде кээ бир эркектердин бир нерсеси жетишпейби дейсин, орусча айтканда :" не видят очевидное" : озулору мечиттен чыгышпайт, сакал осутрот, эки созунун бири:" ма ша Аллах, астагфируЛлах" , а уйлонгон кызынын оозу балжайып бойолгон, койногу чучуйуп чыпташкан, жоолугу желбиреп, желек биякта эле калат, бутунда шиш така. Эркек динчил болсо, жубайынын андай кылыгына жол бербейт эле, вообще то уйлонбойт дагы болчу андай кызга; а кыз динчил болсо, антип кийинбейт эледа. Бул корунуш эки жуздуулук эмес болуш керек, ыйманынын алсыздыгы, бирок " удачно" турмуш куруу учун жоолук оронгон кыздар жок эмес.

Дагы мисалдар толтура, жазгым келбей атат.

brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Meruet84   17 Апрель 2018 - 23:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

. :гезит:

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 17 Апрель 2018 - 23:44

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Aygul777   18 Апрель 2018 - 11:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 260
  • Катталган: 02 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 04 Мар 2020 20:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаарым

Эки жуздуулук жаман. Бирок, Пайгамбарыбыз Мухаммед Саллалоху Алейхи ва Салам убагында бир согуштан кийин 1000 деген эки жуздуулор чыныгы мусулман болушкан экен. Балким турмушка чыгуу учун оронгондор да, динчил корунгусу келгендер да бир куну чыныгы динчил пенделерден болуп калат.
Аллах-кудуреттуу зат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   traveler   21 Апрель 2018 - 10:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 269
  • Катталган: 22 Апрель 17
  • Соңку аракети: 16 Дек 2018 15:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Los-Angeles

Просмотр сообщения MUHLISA (14 Апрель 2018 - 14:17) жазган:

Негизи адамга адам жагышы ото кыйын маселе эмеспи....
Сизге суроо ,коп жерде дин кармангандардын дин мыйзамдарына топ келбегенин жазып жатасыз ,сиздин оюузча дин адамы кандай болуш керек .
:0108:

Фетхуллах Гюлен, Абдышукур Нарматов, Максат Ажы, ушулардай болуш керек. Чет өлкөлүк аалымдарды айтсам тааныбайсыңарда көбүн.
Ал эми ФГны Турцияда экстремисттик адамга чыгарганы менен, ал дуйнодо жападан жалгыз Ислам акыйкаттарын таратуучу, терең ой жүгүрткөн, ойчул адам деп билем. Мен көп суроолорума өзүмчө ойлонуп жооп таппай, эч бир дин аалымдардын жообуна канааттанбай журдум эле. Ошол ФГ нын китептерин окуп, көп суроолорго жооп таптым. Ал бир гана диний масала айтып, диний гана маалымат жайылтпастан, адамдын философиялык ой жүгүртүүсү өтө терең, ар бир суроого так жооп берген адам деп билем. Башкаларга окшоп ашынган динчилдик позицияда да эмес, светтик коомго ылайыктуу коз караштагы эң акылман адам. Аны бекеринен АКШ дагы урматтап сыйлап кармап олтурган жок. Кыскасы чыныгы мусулман ошондой болуш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   sister   21 Апрель 2018 - 12:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения traveler (21 Апрель 2018 - 11:57) жазган:

Фетхуллах Гюлен, Абдышукур Нарматов, Максат Ажы, ушулардай болуш керек. Чет өлкөлүк аалымдарды айтсам тааныбайсыңарда көбүн.
Ал эми ФГны Турцияда экстремисттик адамга чыгарганы менен, ал дуйнодо жападан жалгыз Ислам акыйкаттарын таратуучу, терең ой жүгүрткөн, ойчул адам деп билем. Мен көп суроолорума өзүмчө ойлонуп жооп таппай, эч бир дин аалымдардын жообуна канааттанбай журдум эле. Ошол ФГ нын китептерин окуп, көп суроолорго жооп таптым. Ал бир гана диний масала айтып, диний гана маалымат жайылтпастан, адамдын философиялык ой жүгүртүүсү өтө терең, ар бир суроого так жооп берген адам деп билем. Башкаларга окшоп ашынган динчилдик позицияда да эмес, светтик коомго ылайыктуу коз караштагы эң акылман адам. Аны бекеринен АКШ дагы урматтап сыйлап кармап олтурган жок. Кыскасы чыныгы мусулман ошондой болуш керек.

Максат ажынын оордуна Чубак ажы болсо болмок. Эми бул сиздин коз карашынызда. Темадан бир аз жылып, кайсы окумуштуу кимдин фаворити жонундо айтсак, Максат ажы окумуштуу деле эмеско, анын устуно муфтият мамлекеттин марионеткасы экени маалым, демек муфтий ошол марионетканын жибида, ошондуктан Максат ажыга такыр ичим жылыбайт. Дегеле муфтияттын башында коп убакыт муфтий болгондорго ичим жылыбайт.

brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   traveler   21 Апрель 2018 - 13:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 269
  • Катталган: 22 Апрель 17
  • Соңку аракети: 16 Дек 2018 15:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Los-Angeles

Просмотр сообщения sister (21 Апрель 2018 - 12:50) жазган:

Максат ажынын оордуна Чубак ажы болсо болмок. Эми бул сиздин коз карашынызда. Темадан бир аз жылып, кайсы окумуштуу кимдин фаворити жонундо айтсак, Максат ажы окумуштуу деле эмеско, анын устуно муфтият мамлекеттин марионеткасы экени маалым, демек муфтий ошол марионетканын жибида, ошондуктан Максат ажыга такыр ичим жылыбайт. Дегеле муфтияттын башында коп убакыт муфтий болгондорго ичим жылыбайт.

Окумуштуу дегеним жок, серёзный, ашыкча сүйлөбөгөн, мусулман катары жагат. Анан азыр эми анын кантип байыганы, мүлктөрү көптүгү интернетте катуу талкуу болуп кетти. Ошондон аны муфтияттан оордунан пайдаланып акча жейт деген адамдар чыкты. Эми аны үчүн өзү жооптуу, чын төгүнүн эч ким билбейт. Ал муфтиятка келээрден мурун эле бизнес менен алектенчүү экен. Жесе жегендир, жылда орозо битир 30 сомдон алынат жан башына. Ал 30 сом менен эч ким байып кетпейт. Башка тармактарда миңдеп миңдеп коррупция, жөндөн жөн акча чачуулар толуп жатпайбы. Ошолорду тыйыш керек муфтиятка асылгандан көрө. 30сомго эмне, бир суу же бир самсы алып жеп коёсуңар. Анан муфтият акча жейт деп көбү нааразы. А башка жактарда акчаны кор кылып чачып жүргөндөрү мн иштери жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Ernic   21 Апрель 2018 - 20:34

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 008
  • Катталган: 24 Июль 17
  • Соңку аракети: 24 Май 2018 19:17

Андайлар форумда дагы жок эмес.)

Билдирүүнү түзөткөн: Ernic: 21 Апрель 2018 - 20:40

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   MUHLISA   21 Апрель 2018 - 23:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 282
  • Катталган: 15 Январь 16
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2019 18:12

Просмотр сообщения traveler (21 Апрель 2018 - 10:57) жазган:

Фетхуллах Гюлен, Абдышукур Нарматов, Максат Ажы, ушулардай болуш керек. Чет өлкөлүк аалымдарды айтсам тааныбайсыңарда көбүн.
Ал эми ФГны Турцияда экстремисттик адамга чыгарганы менен, ал дуйнодо жападан жалгыз Ислам акыйкаттарын таратуучу, терең ой жүгүрткөн, ойчул адам деп билем. Мен көп суроолорума өзүмчө ойлонуп жооп таппай, эч бир дин аалымдардын жообуна канааттанбай журдум эле. Ошол ФГ нын китептерин окуп, көп суроолорго жооп таптым. Ал бир гана диний масала айтып, диний гана маалымат жайылтпастан, адамдын философиялык ой жүгүртүүсү өтө терең, ар бир суроого так жооп берген адам деп билем. Башкаларга окшоп ашынган динчилдик позицияда да эмес, светтик коомго ылайыктуу коз караштагы эң акылман адам. Аны бекеринен АКШ дагы урматтап сыйлап кармап олтурган жок. Кыскасы чыныгы мусулман ошондой болуш керек.

Мммм......Фетхуллах Гюлленди Америка кантип батырып олтурганына танмында ..макул эми башым жетпеген нерсеге киришпейин. :82:
Негизи чыныгы аалым же диний ишмерби Мухаммед салаллааху алайхи уа салламдын жана сахабалардын изи менен кетууго жана ошолордун кылганын кылып кылбаганын кылбоого чакырып кетчуле ,,,!?

Билдирүүнү түзөткөн: MUHLISA: 22 Апрель 2018 - 00:02

Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   kelemdedin   22 Апрель 2018 - 01:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 209
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 15 Июл 2020 10:19

Молдонун кылганын кылба анткени кылалбайсын, айтканын кыл деп айтылат. Негизи аалымдарга, дааватчыларга соз тийгизгенден корком. Алар Аллахтын назары тушкон адамдар. Аларга соз тийгизип коюп зурятыма зыян тийгизгим келбейт. Балдарым небере чоборолорумдон Аалым чыгышын ар дайым дуба кылам. Ал эми биздей жонокой адамдарды айтсам ар ким озу учун жооп берет. Ар бир адам заттын ниетин Жараткан билуучу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Sagyn.91   22 Апрель 2018 - 02:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 565
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 19 Янв 2025 19:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ата-бабам өткөн жер...

Динчил болуп корунот. Намазын убагында окуйт. "Аллахым берет" деп иш да кылбайт, жазда айдаган таала жумуштарын куздо жыйналбай, кардын тубундо жатып, чирип жок болот. "Аракетке берекет" демекчи аракет кылсан кылган жумушундан пайда коруп Аллахым да берекелуу кылат да. "Алма быш, оозума туш" деп жатсан сага каяктагы береке?.Бирок бир да тууган уругу мн карым катнаш кылбайт. Бала чакасын, аялын эч ким мн суйлоштурбойт.

Эми тушунгуло. Динчил болуп корунгонубу же кандай.? Кызык.
Тууган уругу мн катташпай, кызмат кылбай жургонуно кантейин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 23:27

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: