Суперстан: Айтсам тилим ооруйт айтпасам дилим ооруйт - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Айтсам тилим ооруйт айтпасам дилим ооруйт Суйуудон калган дарт олтурбогону менен эч качан айыкпайт

#1 Пользователь офлайн   uikuchu   01 Май 2018 - 02:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 353
  • Катталган: 28 Июнь 17
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 16:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аксы

Саламатсынбы окурман. . .журоктон чыккан соз журокко кирет демекчи,бугун сага оз журогумдогу айтсам тилимди айтпасам дилимди ооруткан бир сырымды айтып берууну туура кордум.
Суйуунун кадырын жетпеген билет,достуктун кадырын четтеген билет дейт эмеспи. . . .балким мендеги тагдыр сенде бар балким жок айтор кенешип кескендин бармагы оорубайт деп оз тагдырымды ортого салып сенден кенеш суроону чечтим.
анда эмесе соз башынан болсун. . . . .

Окуя мындан 4 жыл мурун башталды . .
2014 жыл-март айы
ата энем ажырашкан торт бир тууганым менен апакемдин колунда калганбыз устубузду кара булут каптап жашообуз татаалдай баштады 4 баланын камын ойлогон апакем кундузу эркектин ишин тундосу аялдын ишин кылчу.
Ошентип коп отпой иним айылга окууга кетти карындашым атамдын уйундо убактылуу жашап турмай болду эжем менен апам жумушуна жакын жерге квартирага чыгышты мен ал кезде болгону жашым 17де эле бешиктен белим жаны чыга баштаган учур уйдо жалгыз жашап калдым кундордун биринде апамдан жагымсыз кабар уктум карындашынды атандын аялы уруптур барып корчу деди. . .
Заматта атамдын уйуно жетип бардым,ачууланып жиним мурдумдун учунда турган кез. . .эшиктен кире калып атаке карындашыма аялын кол которуптур бул эмне кылганын дедим бир кызды эптей албасан мага бер алып кетейин озум чонойтуп алам дедим атамда гордый менда гордый мага карап сен биринчи озунду эптеп алчы балам деди 《койонду камыш эркекти намыс олтурот》болуп эптейм эле дедим
. . .ал болсо жок эптей албайсын деди
экообуз ошентип талаша кеттикда мен уйдон чыгып кеттим оз уйумо бардымда кийим кечегимди алдымдагы сумкамды которуп уйдон чыгып кете бердим бул менин турмушка болгон ээн алгачкы тай тайлап таштаган биринчи кадамдарымдын бири эле.
Ошентип жумуш издоонун камын коруп жумуш издей баштадым бир жерден жумуш таптым ошол эле короодон квартира алдым.
журогумдо жалгыз гана максат турат. . .
мен озумду эптейм багам алып кетем атамдын созу жалган экенин далилдеймда карындашымды алып кетем ушул ой менен гана женди туро жумушка кириштим.
Чонтогумдо сокур тыйыным жок курсак ача баштады тамак кылыш керек бирок ага продукты жок эле атамдын созуно арданган неме уйдон бир сомда албай чыгып кеткен элем досторумдан тыйын сурап турайын десем озумду озум эптешим керек эмне кылам жумушка киришкениме бир эле кун болду зарплатага чейин дагы убакыт бар айла жок 《барга коппой жокко чокпой》чыдаганга туура келди жумушум тунку сменде эле тундосу иштейм кундузу уктайм,
ошентип ал кунду ачка откорууго аргасыз болдум ии баса баардык окуя ушул жерден башталды. . .
Асманда кундун ыссыгы мээни тешет карын ачтан колумдан каруум бир аз кете тушкон эле маанай жок шылкыя короодогу бактарга тигиле ойго чомуло кеттим. . . .
ангыча дарбаза кыйч этип эки колуна эки чака кармаган бир жаш селки жаркырап короого кирип келди атаганат мунайынкы коздорум жалт эте тушкондой . . .
Балким кылымдар бою суротчулор тартып бутпогон акындар данктап бутпогон суудай таза гулдой назик махабат ушул болуп журбосун бакырайган коздорун айтпа жылмайса жан эргитип суйлосо жан сергитип тураар эле.
《Суйуу башталган жерден акыл токтойт》
Ошентип ал бийкеч бир кундо уч ирээт биздин короодон суу алып кетет эле. . .
сураштырсам бизден бир кочо ары жакта жашайт экен.ошол куну курсактын ачканын конулдун токтугу жендиби айтор кийинки кундун нурун аман эсен кордук туну менен жумуш кылгам уйку келбейт эшиктин босогосунда адатымча короодогу бактарга тигилее олтурам кундогудой жанакы бийкеч суу алып кетет арада мага башкача карап койоор эле.
Эхх анысы эч нерсе эмес курсагымдын ачканы уйку береер эмес коз алдыма апамдын тамактары элестелип ошол кундорду сагынып кетет элем. . .турсам алым кетет кой бир аз жатайынчы балким убакыт батырак отор деген умут менен тошогумо жармашам . . . Озгодон болбосода кудайдан умут кылган жаным плитканы жандырып казан азып ичине толтуруп суу асып койдум балким жаратканым бир бей чара пендесине боору ачып бир демке берээр деп казанды аскан бойдон козум бир азга илинип кеткен экен онумбу же тушумбу эшиктин кыйч деп ачылган уну кулагыма чалынды козумду чала була ачып карасам жанакы кундо суу алып кетчу кошуна кыз эшиктен баш багып мен уктап атканда мага тигиле карап турган кербези экен а мен уктаган киши болуп жата бердим анткени анын мага карап турганы жагат эле.
ошентип кудайдын кудурети менен учунчу кундун жузу болду Кытайдын бир ипмератору айткандайкурсагын ачса эшектин кашегинда жейт экенсин деген сынары жада калса желимдида ээритип жегенге даяр элем . . .
Бироодон бир демке сурасамбы же эмне кылсам деген эки ойдун ортосунда алышып жаттым бирок Атанын созу ок демекчи анын создору дале коз алдымда турган эле денемдин шалдыраганын айтпа уктагап убакыт откоргондон башка аргам жок. . .ангыча дагы шыбыр деген ун чыкты карасам кошуна кыз уй ичин бир сыйра карап басып жургон экен идиш аяктарымдын баарын карап чыкты а мен дале уктаган киши. . .андан сон акырын басып келдида алаканын мандайыма койду ысытмамды текшерген корунот. . .мени тургуздуда алгачкы суроолорунун бири канча кундон бери тамак иче элексин деди анткени уйдун ичи казанда кайнап аткан суунун жытынан башка жыт жок эле идиштер тап таза тамак аштын жыты жоктугун сездиби айтор ошондой деди а мен уч кун деп жооп бердим мунайымкы жузу менен бурула азыр келем дегенче чыгып кетти

《Акчаны тескерисинен окусан Ачка болуп окулат》акчан жок сен ачкасын. . .
Ошол туну саат бир эки чамасында тамак которуп келиптир корсо ата энесин уктатып койуп озу жебей озунун порцасын мага которуп келген экен менин тамактанып жатканыма суктана карап жеп бутконумдон сон жылмайып кетип калды. . .

《Кедейдин бир тойгону жарым байыганы》

Ошентип курсак ток конул ток дегендей кундон кунго мен ага жакындап бараттым журогумдун тупкурунон оорун алды . . .
кундордун бир кунундо баягы кошуна кыз келбей калды конуп калган жанымбы же сагынганданбы негедир маанайым чого тушту ар кандай ойго бардым бошобой калса керек деген ой менен эртен келеер дедим эртесида келбеди тамак алып келип турган баякы бийкеч жок ачкачылыктын доорун кайрадан суро баштаганыма 2 кун болду учунчу кун уйуно озум барып бир дайынын суроого жонодум ошол кун дале коз алдымда. . .
кочодо бороон кун буркоо айлананы карангы каптаган асман кара булутка болонгон эле уйуно барсам эшик терезеси ачылган буйумдары чачылган жаш наристенин чыркырап ыйлаган добушу угулат такылдатсам эч ким чыкпаганынан кирип барууга туура келди . .
Кичинекей иниси карындашын соорото албай убара жаш наристе ыйлай берип эзилип калган эле ангыча аны ча бучук сооротуп колуна карматтымда эжен кайда деп сурадым атам мн апам жумушта эжем ыйлаган бойдон олом деп уйдон чыгып кетти 1 сааттай болуп калды деп айтты . . .
жаныдан пайда болгон суйуум куйуумо айланып бараткансыйт алды артыма карабай ошол тегеректин ар бир кочосун ар бир кычыгын карап чыктым бир баскан жеримди 3 жолу басып оттум окшойт аптекаларды кыдырып бир аптекага келип сурадым оа жаны эле 15 минутадай болду бир кыз келип димидрол сурады ыйлап алган жузу кубарып ону озгоруп кетиптир сыягы бир демке болгонго даары бербей койгонбуз жок деп анткени азыр жаштардын кобу озуно озу кол салып атышат деди алды артыма карабай издегенимди айтпа
ангыча иниси чалды ойдо жакта бир жерде бир чакан кол бар балким ошол жака кетип калып журбосун кобунчо маанайы жокто ошол жака барып калчу эле барып корсонуз деп калды бардым ал жактада жок омурумдун ар бир муноту мен учун алтындан кымбат эле анткени ал любой момент озуно кол жумшап алат деген ойдо болдум колду айланып чыгып бир аз алым кетип колго карап бир аз ойлонуп отура кеттим билесизби ошондогу ойлор . . .ошондо менин мээме бир кылт эткени

《Суйуу деген суйуу эмес эринден суйуу деген сузуп отуу денизден》деген соз эле

Капыстан мага иниси чалып кабатыр болбонуз табылды келе бериниз деди суйунучтон кубанычым койнума батпай уйуно заматта жетип келдим эшиктен киргенде эле жерге жатып алып ыйлап жатканын кордумда жанына атырыла жакындап кучактадым сага эмне болду эмнеге ыйлайсын деп кайра кайра сурап жаттым акыры мага бурула карап молтур коздорунон жашын куюлтуп бугун менин бул ааламда баарынан жакшы коргон жигитимдин туулган куну деди жаныдан тутанып келе жаткан журоктогу махабаттын отуна бироо суу куйгандай болуп эле бир азга мемирей туштумда эмне болуптур туулган куну болсо жакшыго ошогода ыйлайсынбы дедим . .
Туулган кунун кафеге откорот экен башка толтура кыздарды чакырыптырда мени чакырбады деп дагы ыйлап кирди чакырбаса деле бара беребиз ыйлаба апей ар бир адам оз суйуусу учун озу курошуусу керек дедим
мага карап белеги жок кантип барам белек алгангада акчам жок деп ыйлады жумушума келип зарплата убактысы боло элек болсода эжеке уч кундон бери тамак иче элекмин суу менен гана жашап келе атам жок дегенде аванс беринизчи деп сурандым чонтогундо 750 сому бар экен ошону карматты кыздын инисин кошуп алып базарга келдик белек жакса акчабыз жетпейт жетсе жакпайт айтор акыры бир жерден духи алууга мажбур болдук кубанса керек деген умут менен духи алдык деп чалып суйунчулодум мен сага духи вл дедимби жок рахмат керек эмес озун колдоно бер деп телефонду очуруп койду журогумдун бир ооруганын айтпа корсо анын духи ушуга окшогон жыттардан аллергиясы бар экен аны ким билди жанакы духини алган жерибизге келип окуяны тушундурсок жаны эле акчаны кассага тапшырып салдым соода болбой атат болсо берет элем деди . . .
ишенбесенер озунор коргуло сата бергиле канча сатсанар ошол акчаны озунор алып кете бергиле деп бизди кошуна контейнердеги эжеге дайындап койуп озу бир жака кетип калды эсимде ошол куну 3 саат базарда духи сатып отурганым 3 саат откон сон эженин бизге боору ачыдыбы айтор 500сом эле таптым балдарым деп алып келип берди аны кошуп телефонумду залоко койуп зергер саткан дукондон кумуш шакек алдык аны алып келдик кийин кеттик дедим . . .
Коздорундо кубаныч пайда болуп ыйлаган коздору бажырайып бир азга ачыла тушту чачтарын жайып жасанып бойонуп бир заматта ачылып чыга келди маршруткада баратым улам карап койом ал болсо улам жолго карап жеттикпи деп сурап баратты сыртымдан кулуп турганым менен ичимден куйуп турдум анткени ал мен аны суйоорумду билбейт эле ошентип жетчу жерибизге жеттик кызды алып барып озум алыстан гана карап турдум анткени кыз корунбо кызганат деген эле тиги жигити белегин алдыда бир деме дедиби билбейм кыз дагы жерге отуруп алып анча ыйлады ангыча жигити кучактап алып соорото баштады ошол кун менин журогумдон алигече кетпейт анткени оз суйгонумду оз колум менен ботон эркектин кучагына салып берип узактан кызганычтан козумдон жашым агып кана карап турууга мажбур болдум анткени мен аны суйот элем озумчул эмесмин бирок мен аны ээч кимге бергим келбейт эле кызганчак эмесмин бирок аны башка бироо менен коргонго чыдабайт элем уйкучу эмесмин бирок качан ал тушумо кирсе кылымдар бою уйкуда жаткым келет эле кыялкеч эмесмин бирок кыялымда ал менен жомоктордо гана жургум келет эле ошентип экоо коштошту биз ээрчишип уйго жонодук корсо эмнеге олом деди десе тиги жигити кызды суйом куйом алам деп журуп алдап кыздыгын алып бир айдай кумарын коруп чогуу жашап акырында таштап кеткен экен аны мен ошондо билдим корсо мен суйгон кыз эчак булганып калган экен
Аны угуп бир топко озумо келе албай ойлонуп артта кала бердим ал кыз жерди караган бойдон басып менден узап кете берди . . .
бир топко ойлондумда кызга чуркап жетип келдимда айттым менин девушкам бол суранам мен сени эч качан таштап кетпейм сага татыктуу жигит болом соз берем эч качан урушпайм сен кызсынбы кыз эмессинби мага кызыгы жок сенин кыздыгынды мен мойнума цепочка кылып такпайм ен башкысы сен бул кылылыгынды экинчи кайталабасан болгону. . .кайталабайм деп соз бер дедим ал макул соз берем деди бирок бир нерсени айтып койушум керек сени жакшы кором дос катары эле жакшы баласын бирок бил сени эч качан суйо албайм анткени менин журогумдо бироо гана ал туболук кала берет деди убакыт баарын даарылайт деген умут менен макул болдум . . .сенден башка мени эч ким албайт деп ошол учун эле мен менен суйлошконго макул болдуда ошол тун экообуз баарын унутууга бел байлап жетелешип жаш балача кочо бою ойноп уйго келдик арадан мезгил откон сайын анын журогунон оорун алдым ал мени мен аны катуу жакшы кором ортобуздан андан бери эмне деген гана кундор отподу айта берсем бир китеп жакшысыда жаманыда болду ошентип мына суйлошконубузгода 4 жылдын жузу болуптур улуу даанышмандардын бири айтмакчы

《Суйууну уйронгун келсе биринчи кечирууну уйрон》демекчи

Баарын кечирип мамилебиз керемет болуп буйруса быйыл куздо уйлонобуз деп аябай даярданып жаттым туугандарымдын баарына тааныштыргам баарына куздо той экенин жар салып койдум эле мына аз калды уйлонобуз деп жаткан кундордун биринде суйгон кызымды ошол 4 жыл мурун жатып жатып таштап кеткен жигити менен дагы кармап алдым ушунчалык журогумду орттоду жер жарылып кетпеди же мен жарылып кетпедим ачуулука алдырып сабак болсун деп бир аз кол которуп алдым уй салып аткам жаш болсомда кол астымда 15 кыз иштечу озумдун жеке жумушум бар эле швейный цех иштетчумун

《Эрди эр кылганда кара жер кылганда аял》
экенине козум жеттида

Бир кундо жумушумдуда токтоттум жаптым баарын саттым уйумду токтоттум баарынан ушунчалык конулум калып ошол куну сумкамды которуп уйдон чыгып кеткен бойдон дайын дарексиз 1 жума бир досумдукунда жатып 1 жума Казакстанга Алма-атага иштер мн кетип калдым унутам дедим унутуу мумкун эмес экен озум 21 жаштамын ошентип коргондун коргону курусун деп азыр депрессиядан чыга албай жатам 300 мин жумушумдан банкрот болуп калып элде карызым бар бунун баары тойгузуп жиберди Алма-атадан келип капыстан дагы кыздын телефондо жанагы жигити менен скйлошуп жатканын кармап алдым катуу айттым болбоду жумшак айттым болбоду акыры кыздын келечеги учун баарын атасы менен эркекче отуруп суйлошууго аргасыз болдум атасына жогорудагы болгон окуянын бапрын айтуума туура келди атасына мындай дедим . .
Атаке 4 жыл мурун кызыныз алданып калып суйом деп куйуп калды чалынбас туяк жанылбас жаак болбойт экен жаштык мастык деп эмнелерди гана кылбадык сизда жаш болгонсуз ушунча жыл кызынызды ботон жанга карматпай коргоп асырап сактап келдим 4 жылдын ичинде менин атым аталса жаман кордунор кызымды ага окшогон балага бербейм мал ээсин тартат атасы катын устуно катын алып журсо баласыда ошентип эртен кызымды кууратат ага бере турган кызым жок дединер эмне деген соз айтпадынар баарына чыдадым котордум бирок кызынызды бузулуп кетпесин деп коргоп оз колумда асырадым жаман жолго баспады жаман ишти кылбады бирок мына эртен уйлонобуз деп атканда жатып жатып таштап кеткен мурдакы жигити менен кармап алдым билесиз бул эркек учун олум менен барабар ошентседа унутууга аракет кылдым бирок унута албадым макул болсонуз кызынызды мага бериниз болбосо бугун мен кызыныз менен бир аз урушуп кеттим мен жокто кызынызды козомолдоп турунуз сураныч бир таштап кеткен адам экинчи жолуда таштап кетет мен бугун жашоонордон четтедим дедим атасы намыска алдырып атырылып уйуно коздо жоноду азыр барайвн коргозом деп жон гана соз айтпастан атырылды жол бойу жалдырайм атаке дегенге чейин бардым канча кыздар озуно озу кол жумшап атат урушпанызчы суранам омуруно коркунуч жаратышы мумкун билесиз кызыныздын муноозу оор деп аран жалдырап отуруп урушпайм деп соз бериниз деп соз берди уйуно барса кызы жок тунку саат 12мага чалат сен мененби жок кайда кетти билбейм ана ызычуу баары озуно кол салып алдыго деп чоочуп калган акыры туну бою издеп журуп мындан торт жыл мурунку издеген кол жеегинен таап келдим ыйлап алган кечирим сурат сага жиним келип эле суйлошуп алгам сени гана суйом деп сен мени азыр таштап кетсен жашай албайм дегенинен боорум ачып жараштым колунан жетелеп уйуно алып бардым атасы бизди коруп омурлуу болгула балдарым кызымды сенден башкага бербейм деп ак батасын берди ошол куну тундо кыздын атасы уйунон чыгып кеткен бойдон бир жума болду уйуно келбей атат кандай ойлойсуздар кенеш бериниздерчи балким атасына кызы башка мн жатып жургонун айтып бекер кылдым бекен атасы сыягы катуу ойлонгондон намыстанып озун озу куноолоп уйуно келе албай аткандыр . . . .бирок ал кыз мн азыр суйлошом жакында уйлонобуз деп атабыз бирок журокто суйуу бар болгону менен ишенич кетип калды менин капа болгонум суйлошсо башка менен суйлошсо болбойт беле эмнеге именно жатып жатып таштап кеткен мурдакы акмак жигити мн суйлошот деген ой мен бушайман кылып атат эртен уйлонсок кече капа кылып койсом бироого номерин бериптир эртен капа кылып койсом башка нерсесин бербейби дегенимда турмушта ойдо ылдый болуп турат эмеспи кандай дейсиздер кенешиниздерди кутом

Ээх чиркин корсо:
《Жашоодо озгортууго болбогон нерсени баштан откоруу керек баштан откорууго болбогон нерсени озгортуу керек экен》


Айланып махабаттын курманына,
окуном ченсиз жалгыз турганыма.
капамын суйомун деп айтып туруп,
сулуум менден жузун бурганына.

Билдирүүнү түзөткөн: uikuchu: 01 Май 2018 - 03:24

жашоо -жакшы, жакшы жашаш Андан да мыкты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Angel92   01 Май 2018 - 03:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Бир нерсе болсо эле жата калып ыйлаган кылыгы сууктарды вообще жаман кором!Намысы жок неме экен!Озунуз тендуу эле таза кызга уйлонгонунуз дурус го.Атасы да озу кунолуу.Эмнеге кыз баланы контролдобойт? Кыз бала тез азгырылат,дайыма контролдоп туруу керек да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   uikuchu   01 Май 2018 - 03:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 353
  • Катталган: 28 Июнь 17
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 16:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аксы

Эч нерсени корбогон кыз озу жаш эле ал учурда 16да кыздыгын алып таштап кетсе жашоосу токтоп калгандай сезилди корунотда билбейм кантседа кенешинизге рахмат
жашоо -жакшы, жакшы жашаш Андан да мыкты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   uikuchu   01 Май 2018 - 03:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 353
  • Катталган: 28 Июнь 17
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 16:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аксы

Эч нерсени корбогон кыз озу жаш эле ал учурда 16да кыздыгын алып таштап кетсе жашоосу токтоп калгандай сезилди корунотда билбейм кантседа кенешинизге рахмат
жашоо -жакшы, жакшы жашаш Андан да мыкты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   taranchi14   01 Май 2018 - 10:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 83
  • Катталган: 14 Январь 17
  • Соңку аракети: 27 Апр 2019 14:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Спортстан

Жомок китеп жазсан болчудай экен. Бейтааныш кыз уйуно кирип келип эле тааныбаган баланын мандайынан кармап отурганын элестетип кеттим. Ха ха. Дальше окубадым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   KRIMINAL   01 Май 2018 - 10:44

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 580
  • Катталган: 05 Февраль 18
  • Соңку аракети: 31 Янв 2019 22:38

Фантазияга +5
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   tumar98   01 Май 2018 - 11:13

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 46
  • Катталган: 26 Апрель 18
  • Соңку аракети: 29 Апр 2019 01:57

Биринчи жолу алдаган экинчи жолу алда деп эч ким соз бере албайт.Ишенич жок болсо уйлонуштун эмне кереги бар.Бир бала сойку кызга уйлонуп алып .Жашы откондон кийин окунуп аялын урганга чейин барат.Досторунун арасында созу кыска. Бир нерсе айтса эле. Ооба досум аяшты биз да билебиз деп шылдындашат. Ушундай жашоо керекби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   traveler   01 Май 2018 - 12:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 269
  • Катталган: 22 Апрель 17
  • Соңку аракети: 16 Дек 2018 15:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Los-Angeles

Жакшы жазыптыр, жакшы окуган бала окшойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Kominam   01 Май 2018 - 17:23

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Кыз дале туруксуз. Болбойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   uikuchu   01 Май 2018 - 22:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 353
  • Катталган: 28 Июнь 17
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 16:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аксы

Суйуу учун эч кандай себептин кереги жок экен . . . .кээ бирибиз сулуулугу учун суйобуз, а бирок жылдар отуп бажырайган сулуулукада бырыш тушот экен,суйбой калабыз.Ошондуктан экинчи аял алуу азыр бизде коомдо отоо кенири таралды. Кээ бирибиз байлыгы учун суйобуз, а бирок бир куну байлыктан ажыраса суйуубуз очот .Кээ бири бийлиги, кээ бири атак -данкы учун суйот экенбиз, булардын баары убактылуу суйуу учун эч кандай себептин кереги жок экен. . .
сен аны суйсон канча катачылыгы болсо да коздорун сокур сымал корбойт экен.
Балким "Каргада баласын- аппагым "дейт деген сынарыбы?
Айтор, сенин козуно ошол гана корунуп калат экен.
А бирок, суйуудон буткон дарт олтурбогону менен эч качан айыкпайт тура.
Улуу ойчулдардын бири айтмакчы" Бироого ишеничти тартуулоо ,бул ага кылыч тартуулоо менен барабар, кааласа ал ошол кылыч менен сени коргойт ,каала олтурот"- деген экен .Билесиздерби туугандар ,журокто суйуум бар, ишеничим жок турган кезим. . .Чыныгы жалгыздык бул- бироого жетпей калып ,сыздап жалгыз калган эмес ,балким, чыныгы жалгыздык -суйгонуно жетип ,бирок ,кучагында суйгонун суйгонун сагынып журогундо, аны эстеп турганын коруу экен.
Жогоруда бир тууганыбыз комментариийге оюн билдириптир" жомок жазса болмок экен ,фантастика" - деп албетте, канча адам болсо ошончо турлуу ой . . . .бирок кээ бироого зар дуйно ,кээ бироого кор дуйно демекчи кээ бири учун фантастика ,кээ бири учун бул чындык .Кыялкеч адам омурунун копчулук болугун кыялындагыдай жашап отот деген соз бар .Адамдын жеке жашоосу бул анын мээсине байланыштуу болот .Белгилуу бир философтун айтканындай" сени тозоко да ,бейишкеда алып барган бул- сенин мээн" демекчи биз жашоого кандай коз караш менен карасак ,жашоо бизге ошондой коз караш мн карайт "бул сыйлаган- сый корот "дегендей эле. . .
Улуу окумуштуулардын биринен сураган экен" суйуу бул эмне ?"-деген суроого суротчулорда толук жооп бере албайт ,окумуштууларда толук жооп бере албайт, бирок билишет суйуу бул эмне экенин, сурасанар акындар менен жазуучулардан сурагыла деп .Анткени, акындар менен жазуучулар соз баккан калк келишет эмеспи. Оч ичиндеги нерсени коркомдоп, жомок сынары айтып беришет. Албетте ,мен оз суйуумду ооз толтурган кыялдар менен айтканымдында бирден бир себеби ушунда жатат. Ашыкча коркомдук айтылып жаткан создун маанисин бузбаса керек деп ойлойм. Тууганым, айтып жаткан адамга карап эмес балким айтылып жаткан создун маанисине карап кенешинизди берсениз ,бул эки тарап учун тен туура болмок. Кээде биз адамдар унутуп калабызда . . .сиздин коомго тийген эн чон жакшылыгыныз бул эмне билесизби ?егер сиздин коомго пайданыз тийбесе, жок дегенде зыяныныз тийбесин .Бул отоо чон жакшылык . . .
Урматтуу бир тууганым ,согунгонду, бироого жаман соз айткан ким эле билбесин, менда билем ,сенда билесин ,дин аалымдары да билет, башкасыда билет .Бирок, жакшы адам менен жаман адамдын айрымасы, жакшы адам ошол ичиндеги жаман ой, жаман созду ичинен сыртка чыгарбайт ,а жаман адам чыгарып алат. Ошондуктан" жон гана жомок жазсан болмок экен" дегенче ой алмашып, сырдашалы .Байлык бул- болушкон сайын азайган нерсе болсо ,билим менен илим бул -болушкон сайын кобойгон жалгыз нерсе .Андыктан бизге ким тоскоол?

Билдирүүнү түзөткөн: uikuchu: 01 Май 2018 - 23:30

жашоо -жакшы, жакшы жашаш Андан да мыкты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   kuzgu   02 Май 2018 - 08:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 153
  • Катталган: 13 Январь 16
  • Соңку аракети: 05 Окт 2020 16:28
  • Жынысы:Эркек

Бла - бла - бла. Жомоктун аты эмне эле?
Аттан аттын неси артык,
Ашыра баскан изи артык.
Хандан хандын неси артык,
Калкым деп күйгөн иши артык.
(Барсбек)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Medinaa   02 Май 2018 - 09:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 965
  • Катталган: 13 Май 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2018 22:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кооз жер

Кайдан көчүрүп келдиң?)
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Kominam   02 Май 2018 - 10:04

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Сонун создор мн жазылыптыр. Эрк кучтуу болсо оспурум кезде деле иштегенге эмнеге болбосун? Эмнеге ишенбей жатасынар?

Билдирүүнү түзөткөн: Kominam: 02 Май 2018 - 10:05

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   aijan   02 Май 2018 - 11:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Толук окубадым, кечиресинер. Узул-кесил козго чалдыкканынан дурус эмес кызды суйуп калыптыр автор деп тушундум. Эми эмне демекчимин, суйуу козунду кор кылып турганда элдер корсотсо деле корбойсун, кулагын укпайт. Ошо кыз менен чогуу жашап, ачуу-таттуу кундорду кечирип, кызыгы тарамайынча, автор ушинтип журо бермекчи. Бир минусу, анда уже балалуу болуп каласын, ажырашайын десен бала убал болот.
А кээ эркектер бир гана ушундай типтеги аялдардан кайп алат, алар кыйналып, кысталып, "романтикага" чулганып, кызганып жашабаса жашагандай болбойт. Эми буларга даба жок.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   aijan   02 Май 2018 - 11:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Ымм, аягын ишшо бир аз окудум. Кечирип кой, автор, ал кыз сени тряпка корот. Сага тийген кундо деле сени сыйлабайт, ушинтип тиги жигитинин артынан чуркап журо берет. Ал болбосо башкасы. Бирок сени тряпка коро берет.
Идеалын, суйгонун менен суйлошуп журо бербей максатына жет да, таштап кет, ушундай кенеш. Ал эмес, сен таштаганда гана кутуласын. Ал да сени омур бою эстеп журот, намысы суйуусунон кучтуу экен, аттин, колдон чыгардым деп. Минтип артынан шалпактап кууп журсон кууп журо бересин, суйролуп. Ташта дагы аралыкты алыстатып жумуш мененузак жакка кет. Ошо. Чулуу соз менен бул жерде мурундун суусун куюлтканын бекер. Сен болбосон делн ал кыз олбойт. Прекрасно жашап кетет, эчч эч кабатыр болбо. Сен макул коргонун учун сага бутун суруп журот. Кечирип кой, катуу кеткен болсом. Кимдир бироонун назик конулун байкабастан оорутуп алган болсом да узур.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   uikuchu   02 Май 2018 - 13:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 353
  • Катталган: 28 Июнь 17
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 16:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аксы

Просмотр сообщения aijan (02 Май 2018 - 11:56) жазган:

Ымм, аягын ишшо бир аз окудум. Кечирип кой, автор, ал кыз сени тряпка корот. Сага тийген кундо деле сени сыйлабайт, ушинтип тиги жигитинин артынан чуркап журо берет. Ал болбосо башкасы. Бирок сени тряпка коро берет.
Идеалын, суйгонун менен суйлошуп журо бербей максатына жет да, таштап кет, ушундай кенеш. Ал эмес, сен таштаганда гана кутуласын. Ал да сени омур бою эстеп журот, намысы суйуусунон кучтуу экен, аттин, колдон чыгардым деп. Минтип артынан шалпактап кууп журсон кууп журо бересин, суйролуп. Ташта дагы аралыкты алыстатып жумуш мененузак жакка кет. Ошо. Чулуу соз менен бул жерде мурундун суусун куюлтканын бекер. Сен болбосон делн ал кыз олбойт. Прекрасно жашап кетет, эчч эч кабатыр болбо. Сен макул коргонун учун сага бутун суруп журот. Кечирип кой, катуу кеткен болсом. Кимдир бироонун назик конулун байкабастан оорутуп алган болсом да узур.

Рахмат
жашоо -жакшы, жакшы жашаш Андан да мыкты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   uikuchu   02 Май 2018 - 13:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 353
  • Катталган: 28 Июнь 17
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 16:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аксы

Просмотр сообщения Medinaa (02 Май 2018 - 09:47) жазган:

Кайдан көчүрүп келдиң?)

Журогумдон кочуруп келдим чон кыз
жашоо -жакшы, жакшы жашаш Андан да мыкты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   uikuchu   02 Май 2018 - 13:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 353
  • Катталган: 28 Июнь 17
  • Соңку аракети: 13 Июл 2020 16:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Аксы

Просмотр сообщения kuzgu (02 Май 2018 - 08:38) жазган:

Бла - бла - бла. Жомоктун аты эмне эле?

Жомоктун аты айтсам тилим ооруйт айтпасам дилим ооруйт болчу
жашоо -жакшы, жакшы жашаш Андан да мыкты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Sagyn.91   02 Май 2018 - 14:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 565
  • Катталган: 26 Май 16
  • Соңку аракети: 19 Янв 2025 19:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ата-бабам өткөн жер...

Силер адашпасак кыз бала эленер го?

Таак: Ушундай аракетчил жигиттерге кок мээ кыздар туура келип калганына тан калып бутпойсун да.

Андай дейин десен бул жигитте деле мээ жок экен. Коруп билип журсо да, а тугул тошок оюнун бирге ойноп журсо да ошого кайыл болуп коз жумуп койсо олгон экенсинер!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   cholpon119966   02 Май 2018 - 14:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 774
  • Катталган: 16 Февраль 16
  • Соңку аракети: 16 Июл 2025 23:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Город 3722

Башын баштаганда кыз экен деп ойлоп окуп келатып карындашым деген жерине ке лгенде ааа жигит экен да деп дагы улантып окуп жатып кайра эле кыз киши жазып жаткандай туюлду. Мен башын баштаганда мындай нерсе кутподум эле, билбейм автор, мумкун сен учун ото оор жагдайдыр бирок жеке мен учун апандын силер деп тарткан туйшугу Жана бир туугандар кандай кыйынчылыктарды Женип отуп жашоодон оз ордун тапкандары тууралуу окуя ары маанилуу ары кызыктуу эле. Макул Эми жазган окуян боюнча айтсам чын эле кээ бир жерлери кээ бир форумчулар айткандай чындыкка коошпой калган же озун окшоштуруп жаза албай калдын бекен кыскасы эгер чын эле ушундай абалда турган болсон кеч боло элегинде жыйыштыр ал сени тоготпойт анан да кыска ойлонгон женил кыз Сага жакшы жар апана куйумдуукелин болуп бере албайт деген ойдомун. Бирок сен атасына кызынызды алам деп эркекче соз Б ерип койгонсун, билесин эркек бир суйлош керек. Бул тарабын да карап кор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 02:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: