Аял назик аял жар Аялдарды кордоп куноолобогулочу
#1 30 Апрель 2018 - 10:26
Кыргыз элинде аялдарды сыйлоо дегенди унутуп калгандайбыз эмнегедир.Бир уй-було ажырашса же келишпей атса аялдарды куноолошот экен себеби аял байкуш чыдап жашап кетиш керек баарына.Биздин элдеги аялдардын жашоосу аябай эле оор.Келин болуп кайын-журтуна кызмат кылуусу куйоосуно да жагуусу анан бала тороп багуусу аларды остуруп анан анын арасында калайык калк менен дагы жакшы мамиледе болуусу ишке да барып огород же талаага чыгууга да жетишет байкуш аялдар.Ал эми эркектер ишке барып келип эле уй-чарба деген менен иши жок болот экен.Анан уйго келип алып кечке уйдо отурасын деп же уйдо кечке баарына жетишип аткан бирок акыр аягында озуно убакыт таппай жаткан аялын озуно карабай койду деп чанып кеткендери дагы чыгат арадан.Ошондо чыр чыгып аялдын журогу ооруп ажырашам десе эл айтат ай ушунун аялы жаман чыдап жашай берсе болмок деп куйоосун кандырбай аткан экен ошого куйоосу башкага кетти дешет.Аял деген силерге окшогон эле адам ал мындай басмырлоону которо албайт.Тушунуп жардам берууну ордуна озун карабай койду деп кочодогу убактылуу сезимдерге алданып кетишет экен.Ат айланып казыгын табат деп коюшат бирок кантип ошол бироо менен жашап журуп аны басмырлап башка адамга алмаштырып кайра кайтып келген эркек менен аял жашашы керек.Эгер аял мындай жолго барса эркектер олтуруп же майып кылып коесунар.Ажырашам деп чыгасынар ошондо да аялын куноолошот куйоосун чаныптыр шуркуя деп.Эч ким айтпайт куйоосу аны ыраазы кылбайт экен алдагы адам ал дагы жакшы жашоого акысы бар деп...Муну менен баарын жаман жолго чакырган жокмун болгону биздин назик жана ошол убакта эле баардык нерсеге акылы кучу жеткен эркектин да аялдын да жумушун кылган аялдарды сыйлаганга чакырып кетет элем.Албетте жакшы эркектер да жок эмес.Анан аял кылыш керек баарын анын милдети деген создорду жазбасанар комментарийге. Уй-булодогу маселелер бул экоон тен туйшугу кобуносе эркектердин. Бирок азыр ошол нерселерди дагы кобунчо аялдар аткарып калды.Ушул нерсени коруп аябай журогум ооруду.Админ мындай тема болсо кошуп койсонор сураныч
#2 30 Апрель 2018 - 11:12
#3 30 Апрель 2018 - 11:24
Nevestkaa (30 Апрель 2018 - 05:12) жазган:
нигинизге караганда озунуз дагы келинсизго дейм...Мынтип жазбагыла дегеним менен артынан тушундурмо бердимго бул экоонун туйшугу деп.элдин созун кайын журттун созун убагында ичине жутуп чыдап ыйлап журо бересин бирок кийин озубуздагы нервный болуп калат экенбиз. Мисалы кайненеси же куйоосу менен урушкан келин балдарын уратко очошуп.эми баарыле андай эмес.Балдарыбыз чоноюп эми узурун коргонго чейин озубузду жеп алат экенбиз...ошол себептен бул жактагыларды аялдарды сыйлаганга чакырдым.Бир эле эркектер эмес аялдар дагы эле уйго келген жененерди же келининерге жакшы мамиледе болгула дегим келди.Кайнсинди же кайнежелик кылбай.Анан кайсы элдин жудоо корсон зайыбын ошол элдин эркегине кой айыбын дейткооо....аялдардын мойнундагы коп жукторун алсанар эркектер.Ошо.
#4 30 Апрель 2018 - 11:45
#5 30 Апрель 2018 - 11:51
#6 30 Апрель 2018 - 12:38
Келин ким? Кайнжуртта кимге жагаткем кимге жакпайткем. Куйполоктоп олуп кетебиз тамагым кандай болду экен деп.А бирок ошол уйдо биздинда оз ордубуз бар экенин унутуп калабыз. КЕЛИН бул кайнжуртка келген кул же эри жасалган бир шуркуя эмес.Ширин неберелерди тороп берип турмуштун оту менен кирип кулу менен чыгат.Сенин жеткен жерин келинсин деген создорду айткан кееебирки кайнжурттар унутуп калат откон жашоосунда озу келин болгонун,кызы же небере синдилери биронун уйундо Келин болуп жургонун.
Эркек жаман жолго тушсо, аялы айыптуу ЭРДИ ЭР КЫЛГАНДА АЯЛ КАРА ЖЕР КЫЛГАНДА АЯЛ ДЕП айтышат.
Ушу азыр тушунбойм эри арыктасада семирип кетседа уйдо бир иш журушпой калсада бала ооорусада балее болсо либой нерсеге келиндерди эле сен антип койсон андай болбойтле мындай болбойтле деше берет.
Ойлоп калдым Аллахым ушу сабырды келиндерге ченебейле бергенгоо деп.
Билдирүүнү түзөткөн: n.nurzina: 30 Апрель 2018 - 12:41
#7 30 Апрель 2018 - 12:47
Бул кыйынчылыктар балдарыңар чоңойсо артта калат. Апама күн көрсөтпөгөн бир эжем бар эле өткөндө келип алып жинге тийди эле эң чоң агам
-Апама ар нерсе дегениңерди токтоткула болбосо менен капа болбогула десе эжем айтып атат
-Ушул убакка чейин апаңар менен жаман жакшы айтыша элекбиз сыйлашып гана келе жатабыз десе күлкүм келди. Апам болсо жеңесинен этияттайт балдарынын балээсине калбайын деп так что бир аз чыдап койгула эгер күйөөңөр жакшы болсо. Чыдаш керек деп эле башты жерге салып жатып бербей жемиңерди жедирбегиле. Акыры келип баары силерди урматтап калат. Бактылуу болгула жеңелер!! !!!
#8 30 Апрель 2018 - 12:50
KRIMINAL (30 Апрель 2018 - 06:47) жазган:
Бул кыйынчылыктар балдарыңар чоңойсо артта калат. Апама күн көрсөтпөгөн бир эжем бар эле өткөндө келип алып жинге тийди эле эң чоң агам
-Апама ар нерсе дегениңерди токтоткула болбосо менен капа болбогула десе эжем айтып атат
-Ушул убакка чейин апаңар менен жаман жакшы айтыша элекбиз сыйлашып гана келе жатабыз десе күлкүм келди. Апам болсо жеңесинен этияттайт балдарынын балээсине калбайын деп так что бир аз чыдап койгула эгер күйөөңөр жакшы болсо. Чыдаш керек деп эле башты жерге салып жатып бербей жемиңерди жедирбегиле. Акыры келип баары силерди урматтап калат. Бактылуу болгула жеңелер!! !!!
рахмат чоон.жылуу создорду уксак ушинтип суйунуп калабызгооо
#10 30 Апрель 2018 - 16:26
Неге аялдын тагдыры ушундай оор? Эх, зээнин кейийт.
#11 30 Апрель 2018 - 21:51
Туйшук тартып,турмуш жолунда баратат.
Тушундуруп отурбайын коп соз менен,
Дуйно ордунда,сен бар учун аялзат!
***
#12 01 Май 2018 - 14:22
#13 02 Май 2018 - 23:45
Келин болгон , уйдо баарын созун угу эрте туруу, ит питине Чейин сиз дейсин,эч качан орубашын керек, кун суук ысык не имеет значение сен роботсун ишинди кылышын керек,кундо турлоп тамак жасоо(кеде сага жетпей калса эптеп бир нерсе жеп алу)коп суйлобо баарын сыйлоо, барына жетишуу,кароче коп кыз болуп жаралгагыма окуном
#14 07 Май 2018 - 13:14
#15 08 Май 2018 - 07:51
Турмушта жакшыны кордум ага кошулуп жаманды кордум.Турмуштан коп сабак алдым бирок да азыр жазып отуруп кайнененин каардуулугу, келиндин ыймандуулука тарбиялайт окшойт деп ойлоном.Келиндин конулун карайын ал да бироонун баласы,мен бир кезде кор болгом,мага окшоп оксубосун деп балам,балам десен алган келинин бала болуп бербейт экен да.А ал унчукпайт деп сыйлоо биякта турсун,жон кана кошуначалык да мээрим болбойт экен.
Эми ошол эле келинге мындай кылчы же мындай кылбай атасын дечи сен ошол замат жаман кайнене болуп чыга келесин...
Эми ушундай мамилени коргон келинге куйосу апама жардам бер болбосо апамы сыйлабай атасын десинчи ошол замат аты жаман кайнене уруштурган болуп калат...
Азыркы заманда келин кор болдум деп коп айтышат.Кор болгону деле бардыр бирок чыны кор болгондор аз.Тескеринче азыр кайненелер кор.Келиндер кетет тороп баласы асты эки ай аркасы бир жашта.Кемпир бечара бир колу туткуч,бир колу бакыч.казан оз мойнунда,уй турмуш оз мойнунда чыдап карылык белге тээп турса да чыдап келет.
Ошондо да келин ракмат ушул кары бечара ушундай турмушта чыдап келет,балдарымды багып келет,кеткенимче уйун жыйнап койойун,кирин жууп койоун бечара менин балдарым учун эс алалбады больницага жаткырып каратып койойун деген келин жок.Дагы эле кайнене бечара ичинен сызат.Келин мен Россиянын суугунда иштеп ооруп келдим келе калып эртеси саноторияга акчасын толоп жатып алат.Кайнене бечара неберелерин ээрчитип,тамагын которуп коргону барат.Бечаранын колдору ооруп турат,тизелери какшап турат,давлениясы ашып мээси ыргып турат....
Кайненеден оорудум деген бир соз укса мен деле ооруп атам,россияда жыргаганыман журогон жокмун....
Анан азыркы келиндер кантип кор болгонуна таным бар...
Айылга барганда кором.Келиндер бала торосо да кир жуубайт,жалаяк жууп,шым жайганды корбойсун.Ар бир уйдо кир жугуч машина,этти кантип сактайм дебейсин ар бир уйдо холодилникАр бир уйдо машина базарга жоо барбайсын,торкунго эки сумка баланын шымы,жарты сумка конфет которуп торкунго жоо,автобуска тушуп барбайсын,.азыр тандырга жапканды корбойсун ар бир уйдо эл.печка.микро. вол.ка.
Мен дайыма ушул кунунор кут болсун деп айтып калам.Заманынар жакшы кут болсун озунорго буйурсун.Заманынар жыргал.
Мына биздин замандын келиндери кор болгон десе болот.
Бут туйшук мойунда жада калса келинге тамак да жетпей калар эле.Бала багыш мойнунда жада кала эриндин бала кармаш укугу жок эле.Ата эне,ага эженин козунчо баласын кармай албайт эле.Бир колунда бала бир колунда казанды аралашкан кепкир болор эле.Кирди колун менен жууп,бутун менен бешик терметип кир жууйт элек.Ошол учурда келин кул болуп саналган.Кайненене ойдо карап суйломок турсун ( жамандамак турсун ) эшиктен киргенде бала эмизип турсан да ордунан тура калат элен.Кайнатан уйдо отурса алдын менен кирип,бешик которуп чыксан да арканы салбай кыйналып чыгып кетер элен.Тике караш жок эле.Азыркылар ой ата кандайсынар деп таркылдайт. Атадан соз чыкса болбосо сураса жер карап аран жооп берет элек,тике кароо жок эле.
Заманынар озунорго ылайык,кут болсун дегенден башка созум жок бир кана келиндер биз кулбуз дегениерге жазып койдум.
Кайненелер бул жерге кирбейт го кирип жазса мага окшогон боорукер жандар соз жок инфарк болот,келиндердин кылыгын угуп отуруп.
Ошон учу беш кол тен эмес жакшы адамдар да коп арабызда.Мен жакшы келиндерди да коп кором апакелеп оз апасынан бей кары.коргон келиндер бар.Балам ботом деп оз кызынан бей каары коргон кайненелерди да кором.Тастандап кайненени адам ордуна корбой чачтап урган келиндерди да кордум кылыгы озу менен кетсин.Келин деген герман келинге жакшы айтып болобу дегенди да кордум..
Ар ким озуно жараша кабыл алат го бирок эже келиндерди жаман корот деб капа болбогула мен жон кана бир сабак жазып койдум...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 08 Май 2018 - 07:56
#17 08 Май 2018 - 08:10
cholpon119966 (30 Апрель 2018 - 11:45) жазган:
Кучтуу сабырдуу болушунузду суранат элем сизден...
#18 08 Май 2018 - 08:31
Илгертен аялдын журогу назик,боорукер, сулуулугу,назиктиги гулго тен го чиркин.Ушундай назик жанды ардактап алган жары болсо,куштап алган кайненеси болсо анан ал акыл карачач акылман болуп,аруузат аял болуп баласын бир колу менен бешикте терметип ,бир колу менен дуйнонун тынчтыгын терметет го.Аялдын журогу тынч болсо,журогу толо бакыт болсо аялдан откон назик жок.Коргону кордук болсо,жегени таяк болсо уканы суук соз болсо чыдамдуулугу, курчтугу болот менен тен го.Айбаты арстан менен тен болуп,балдарын коргоп,балдарын сактаганычы. ..
Илгертен аялдарыбыз чыдамкай,откур келип эр жигитер менен тен ,жоо чаап душмандар менен тирешкен.Эчен мыкты эл башкарган жигитердин жары болуп,тугойуно жол корсотуп,кыйынчылыктан жол таап чыгарып кеткен.Ошон учун да аял жакшы эр жакшы деген наамды ала алышкан.Эми илгертен аялды айтып келет жаман эрди да жакшы кылат аял зат деп.Биздин энелерибизден калган бул чыдамкайлык, акылдуулук аруулук,,баатырлык. Эрибиз жаман болсо да ичкич болсо жургок болсо да ошо баатылыгыбыз менен женип кутту уйубузду бузбай келебиз...
Жоктон бар кылган,уй тиричилигин терметкен азыр коп жерде аял заты аны тан алабыз ошого ким себепчи?
Кокуй соодада эркек барса тонойт экен дедик эркекти майдалаштырып, уй кучук кылып бала бактырдык,кокуй орустар аялга унчукпайт экен дедик,эркекти таштап озубуз кеттик. Мына эми жок дедик,элди таштап,жерди таштап жолго чыктык атанып жапа тырмак чыгып кеттик, эмне болду аягы уй бузулуп атат,эр бузулуп атат,аял бузулуп атат,кыз бузулуп атат.Айлыбызда бийик,бийик уйлор курулуп атат бирок пейилибиз ыйлдыйлап баратат..
Байып атабыз,уйго байлык топтоп атабыз,заман бап жашоого оттук бирок бир кездеги сый урмат,кенен пейил жок болуп баратат.Ушунун баары бир колу менен бешик терметкен,бир колу менен кен ааламды терметкен энелердин жоктугу болбосо жолдо жургону болсо керек...
#19 08 Май 2018 - 10:45
#20 09 Май 2018 - 11:53
Үй-бүлөдө сөзсүз кыйынчылыктар болот. Сүйүү өчөт. Коломтодо жарык өчөт. Бирок, аялзаты алсыздыгын көрсөтпөй "ажырашуу" , "кетип калуу", "башканын кучагынан ысык мамиле издөө", "карыз алуу" жана башка терс көрүнүштөрдөн оолак болсо, бактылуу жашоо болбосо дагы, толук кандуу жакшы жашоо болот деп ойлойм. Бул менин жеке пикирим, албетте!...)
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.