Суперстан: Жаш акындар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жаш акындар Окуп көрүңүз

#81 Пользователь офлайн   Miss.erkewka95   07 Май 2018 - 12:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 529
  • Катталган: 16 Январь 18
  • Соңку аракети: 23 Авг 2018 00:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Тоолордун чокусунда...

Кезигип сен экөөбүз какыр чөлдө,
Суугарып сезимдерди таптык тунөө.
Кел эми, соолубасын сырдашалы.
Биз курган жап жашыл ошол дүйнө.

Жолуктук жалгыз элек чоң деңизде.
Сүзө албай чөгүп кетчү кезибизде.
Бириктирип жалгыз калган аралдарды,
Куруп алдык өзүбүздүн материкти.

Көрүштүк ызгаар суук кыш кезинде.
Айланттык муз ээриттик, деңиздерге.
Сактайлы сезимдерди күйүп жанган,
Ээритип ийчү болгон чоң айсбергти...

Эркеңден...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   Kaisarka.MD   07 Май 2018 - 20:03

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 24 Апрель 18
  • Соңку аракети: 02 Июл 2018 16:27
  • Жынысы:Аялзаты

Алыстасын, менден ото алыста,
Чамам келбейт сени коздой басышка.
Мин аракет кылган менен баары бир,
Алым жетпейт "Суйомун" деп айтышка.

Уккум келет сенден суйуу создорун,
Кызганычтан куйуп барат озогум.
Мурдагыдай бирге болуп жанымда,
Тирооч болчу, сырдашым да, обогум.

****
Эх, апаке, аны чындан жактырдым,
Журогумдун кулпуларын ачтырдым.
"Апа" деген сени да чын журоктон,
Мен ошонун озун абдан сагындым...


(Периштен))

Билдирүүнү түзөткөн: Kaisarka.MD: 07 Май 2018 - 20:04

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   Mydearzh   23 Июль 2018 - 23:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

Суйбочу, суйбо мендейди!

Кылгырган карек сендеги,
Журокко тынчтык бербеди.
Жылуу соз арнап тигиле.
Суйбочу, суйбо мендейди!

Коздорун шуру, берметпи?
Сендей жан мага кездешти.
Тагдырга мени жазса да,
Жактырба мулдо мендейди!

Суйбочу, суйбо мендейди!
Жашооно болом кедерги.
Сендейге кайдан тен келмек,
Же турмуш озу тендейби?...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Anur   12 Ноябрь 2018 - 05:49

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 01 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2021 01:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

АЯЛ БАКЫТ - АЯЛ ЖАЗ

Кубанычтан толкуп турат көңүлүм
Кубат алып, гүлдөгөнсүйт өмүрүм
Жан дүйнөмдө дайыма жаз жадырап
Аял заты сенсиң жазы өмүрдүн


Жаным жыргап, эргип турат көңүлүм
Жазы сенсиң ырдап турган көңүлдүн
Бүт дүйнөмдү сулуулукка бөлөп сен
Ак нур болуп жан дүйнөмө төгүлдүң


Аял төрөп, аял бакты бапестеп
Мүнөт сайын жанын сабап алпештеп
Окуткан да, чокуткан да аял зат
Пеш энемен сүйүп мени "Бактым" деп


Акыл айтып, чоң турмушту көргөзгөн
"Адам бол" деп, "Ылгап баарын бөлбөстөн"
"Турмуш куруп, бактылуу бол уулум" деп
Сүйүп турат ошол аял бапестеп


Бирге ойноп, бирге сабак окуган
Коргоп турат өзгө жандын отунан
Жанын сабап мени сүйгөн аялзат
Сууруп чыгат жамандыктын оозунан


Эжем да аял, кубалашып ойногон
Күлкү - шаңга бир бөлөнүп тойбогон
Тентектердин шакабасын шыбатпай
Ошол аял канатына коргогон


Аял берди билимди да мектептен
Миң кайталап, миң бир жолу эстеткен
Аял берди колледжден да билимди
Ошол себеп татыктуумун ""5"ке мен!


Аял сүйүп, жар кылып да аламын
Түбөлүккө бир кемеде барамын
Ошол аял сүйөт мага жан берип
Дартым басып, козгоп турган жаранын


Жыттап - жыттап, бир жытына тойбогом
"Атаке" деп, эркелеген, ойногон
Кызым дагы бакыт берчү аялзат
Аны көрүп бир жүрөгүм тоңбогон


Сенсиң аял бакытым да, жыргалым
Миң бир түркүн калемимде ырларым
Сенсиң аял көрктөп тураар дүйнөнү
Сенсиң аял кубанычым жыргалым! !!...


Аялзатсыз эркектер жок дүйнөдө
Аялзаты жүрөгүм да, демим да
Аял заты бул жашоонун жыргалы!! !


Автор: Айбек НУРЛАНОВ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   Muslim1990   13 Ноябрь 2018 - 00:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сага.

Жадырап карындашым шайыр жансың
Ааламга күлкү,өмүр тартуулайсың
Жүзүнө кайгы толгон ар бир жандын
Жылмайып санаалардан арылтасың

Жылмайсаң асмандагы күн уялат
Айбыгып ай булутка жүзүн катат
Ааламды каптаса да караңгылык
Жүзүңдөн нуруң жанып жарык чачат

Күлгөнүң шыңгыр,тунук аккан булак
Сүйлөсөң эриниңен балың тамат
Ырдасаң токойдогу булбул дагы
Суктанып үнүң угуп тилин катат

Өзүңдү байчечекей элестетем
Ажарын Акмөөр сага берген экен
Жамалыңды тиктей берип көзүм таалбайт
Суктануга бир өмүр жетпейт белем

Жанымда жүргөнүңдү элестетсем
Бейиште жүргөнүмдөй сезим келет
Жытыңдан жыпар жыттуу сенин гана
Бек кысып кучагымда жыттасам дейм

Арзуум менин ак тилегим сага деген
Колуңдан бекем кармап жүрөт элем
Коркконум мен өзүңдөн бул өмүрдө
Адашып башка жолдо калбасам дейм

Кыламын Жаратканга күндө дуба
Болсун деп жалгыз гана мага жубай
Болмокмун мен ыраазы түбөлүкө
Жарым кылып берсе сени мага Кудай

Жаралдың кандай жандын маңдайына
Бар болгун бакытыма,талайыма
Өзүңдү дастан кылып жазгым келет
Барактарда түбөлүкө сени гана....

Билдирүүнү түзөткөн: Muslim1990: 13 Ноябрь 2018 - 00:48

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   KRIMINAL   13 Ноябрь 2018 - 01:10

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 580
  • Катталган: 05 Февраль 18
  • Соңку аракети: 31 Янв 2019 22:38

"Жазбай калдың"

Мурдагыдай жазбай калдың үйрүлүп
Жаман ойду бир заматта бүлдүрүп
Нуруң чачып башкаларга байкатпай
Алдың бекен адатыңча сүйдүрүп

Чалбай калдың мурдагыдай каткырып
Калдың бекен жат адамды жактырып
Жүрөгүмдө өзүң гана дечүү элең
Алдың бекен аны дагы баткырып

Билдирүүнү түзөткөн: KRIMINAL: 13 Ноябрь 2018 - 01:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Rinatik94   26 Декабрь 2018 - 15:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

"Кайда?"
Ала качкан карашын бар, бар эскеруум,
Эстейм, эстейм ойго келип ал кечтерим,
Эх, алтыным, нечен ирет жалт караган,
Кайда сенин коюланган каректерин?
Эстегенде козго жашым келет менин...

Азайгандан азаят го бал кептерин,
Жылмайбайсын айгинелеп шан кеткенин,
Жарам деген тоону-ташты, душман, касты,
Кайда ошол куулуу-кучтуу сезимдерин?
Эстегенде козго жашым келет менин...
- Ринат Иманкулов.

Билдирүүнү түзөткөн: Rinatik94: 26 Декабрь 2018 - 16:02

Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   Sushi_wok   26 Декабрь 2018 - 18:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

" Башкачасын" .

Тагдыр бизге тамашасын курду белем,
Тааныштык, эмне себеп болду билбейм.
От чачкан каректерин кетпейт коз алдымдан,
Эстебейм дейм, аргасыздан эстей берем.


Конул тойбой ар бир айткан кебинден,
Укканда, чарчоом жазылып дилимден.
Акылдуулук жыттанат ар бир созун,
Билбеймин же, ал бар беле дээринден?


Бир биз учун жаралгандай буткул аалам,
Сени эстесем тынчый тушот сары'санаам.
Асман жер,ай'жылдыздар да болгон кубо,
Сага деген ак сезимди кантип танам?


Данек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   alisha00   29 Декабрь 2018 - 20:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 166
  • Катталган: 19 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 03 Окт 2024 01:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жүрөгүмдө жашайм )

Жамалынды не корсотту жараткан
Тарт дедиби суйуу деген азаптан
Коргон сайын молтур кара козунду
Махабаттын кулу болуп баратам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   Mydearzh   05 Июль 2019 - 18:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

Сүйүү таптым, сүйүнчү!

Сүйүү таптым, таптым сүйүү, сүйүнчү!
Сезилиптир көптөй сүйүү түйүнү.
Издеп жүрсөм санаа тартып алыстан,
Айланчыктап жүргөн экен үйүмдү.


Сүйүү таптым, таптым сүйүү, сүйүнчү!
Көптөй эле сүйүү издеп, күйүпмүн.
Байкабаган, сезбеген бир жан экем,
Сүйүү деген куту экен үйүмдүн!

Сүйүү деген эне экен асылкеч,
Сүйүү деген ата экен мээнеткеч.
Бир тууганым сүйүү эмей эмне экен?
Сырдаш, курдаш, бир өзүмө кешиктеш...

Билдирүүнү түзөткөн: Mydearzh: 05 Июль 2019 - 18:07

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июл 2025 00:27

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: