Ушул жеринде бир аз озумчулдук кылып койупсун, Сага бир нерсе болсо аялын байкуш кандай абалда калмак, ал ата энесин укпай тагдырын Сага ишенип тапшырганын унутуп койупсун.
Менин жолум
#83 08 Май 2018 - 12:15
Уландысыыыы сураныч. Кечке 100жолу кирип атам суперге уй жумушум калды.
#84 08 Май 2018 - 12:29
cholpon119966 (08 Май 2018 - 11:03) жазган:
Ушул жеринде бир аз озумчулдук кылып койупсун, Сага бир нерсе болсо аялын байкуш кандай абалда калмак, ал ата энесин укпай тагдырын Сага ишенип тапшырганын унутуп койупсун.
Туура айтасыз.Жаанылбас жаак,мудурулбос туяк болбойт дегендей ушул жерден кызуу кандуулука алдырып жибердим.
#85 08 Май 2018 - 12:32
#86 08 Май 2018 - 12:34
#87 08 Май 2018 - 13:47
Чын эле татаал тагдыр, автор ошондо канча жашта баш коштунуздар?
Жибектен чын-тогунун сурадынызбы?
Балким табиятынан кыздык белгиси жоктур?
#88 08 Май 2018 - 13:55
Kominam (08 Май 2018 - 13:47) жазган:
Чын эле татаал тагдыр, автор ошондо канча жашта баш коштунуздар?
Жибектен чын-тогунун сурадынызбы?
Балким табиятынан кыздык белгиси жоктур?
Мен 19,Жибек 18 жашында баш коштук.А тигил маселе боюнча эч нерсе сураган жокмун,сурагым да келген жок.Болгону ал жонундо унутканга аракет кылдым.
#90 08 Май 2018 - 14:10
Байкуш таежеме азыркыга чейин боорум ооруйт,жашы 40 тан отуп калса дагы эч турмушка чыккан жок.Озу деле коп туугандарга аралашчу эмес.Москвага кеткен боюнча келбей койду.Жаке мага катуу очошкон окшойт мен бул баланы турмодо чиритем деп жатканын угуп телефон чалдым."Э айбан жеген нерсен аз болуп жатабы?Же эмне тээ жаш кезинде кылган акмакчылыгынды унутуп калдынбы?Же эч ким билбейт деп жатасынбы?Мына мен билем!Мен и так туугандардан четтедим,эртен бул акмакчылыгынды ачыка чыгарсам эмне болоорунду ойлогон жоксунбу?Бирок мен сен эмесмин.Менин ордумда аялын экоон болсонор эчак сасымаксынар.
Анткени сен оз башынды ойлогон эки буттуу айбансын.Карылыгын жакындап калды,жон карып олом десен ызы чуунду токтот!Болбосо уктап жаткан жеринден мууздап кетем эжекемдин талкаланган тагдыры учун"-дедим дагы телефонду койуп койдум.Ошону менен Жакем тынчып кадимкидей озгорду.Арагын таштап жакшы адам болуп калыптыр.Аялы дагы ишчу аны мас болуп келсе сабап атып анысын дагы арагын койдуртуптур.
Ошол бойдон ушу кунго чейин аларды коргон жокмун суйлошкон дагы жокмун.
#91 08 Май 2018 - 14:20
Бир куну жумуштан келсем Жибек жок,оокатарын алып кетип калыптыр.Телефон чалсам албай койду.Эч нерсе тушунбой кайнагамдыкына барсам алар дагы уйундо жок экен айылга кетти деп уктум.Туну менен телефонун тештим,очук.
Эртеси жумушта журсом озу чалды,корсо мен жумушта жургондо кайненем келип "Болду кызым жетишет,бул шумшук эми сенин дагы тубуно жетет.Кудаларды олтуруп койо жаздаган экенго мыкаачы десе,башымды оорутпай оокаттарынды жыйна.Бул бала сени жыргатпайт,
жыргатпаганы учун туугандары баш тартып койду да.Жакшы баланы ким ушинтсин"
кайнагамды айдатып келип кочуруп кетиптир.
#93 08 Май 2018 - 14:45
Ачуум келди аябай.Эртенден калбай келип кал Келбей турган болсон мен дагы барбайм дедим.Кайненем жанында отурса керек бир убакта телефонду алып " Ай Чынгыз сен Жибекке бакыт каалайсынбы?
"деп сурады,"Ооба"
десем,"Эгер чындап бакыт кааласан анда койо бер,тынчын алба.Ал сенин тенин эмес.Экоонордун баш кошконунар эле озу чон катачылык болчу.Артынан канча деген соонун жигиттер чуркап журсо кайдагы бир бандит жарты жетимди таап алган турбайбы."
Чыдабай кетип кыйкырдым "Андай болсо,оз тендуу адамына берип койгунун!
Жетет!Болду!
Чалбайм дагы,барбайм дагы кызына!"
"Жигит болсон созуно тургунун,Жибектин жашоосун озум куруп берем.Жаман корбо,бул эн туура чечим"-деп телефонду очурду.Эми ошондогу акыбалымды эстегим келбейт.Олуп эле калгым келди.Жан дуйном астын устун болуп жер ургулап отуруп калдым.
#94 08 Май 2018 - 14:59
Магазинге барып бир ботолко арак алдым дагы,Ак Оргонун усту ал убакта ээн талаа болчу,ошол жакты коздой бет алдым.Жолду катар арактан ичип кете бердим,ээн талаага жеткенде тизелеп отуруп алып болгон кучум менен бакырып окуруп ыйладым.Ата энемдин ажырашып,алардын мээримин корбой ар кимден таяк жеген кундорумду эстеп ыйладым.Иттин жугундусун ич деп сабаган кунду эстеп ыйладым.Тырышып атып жеткен адамымдан айрылганым учун ичип куйуп ыйладым.Ичиме толуп кетиптир,бир топко чейин оксуп отурдум..Кокту карап "Оо Аллахым мени эмне мынча кыйнадын?Кайсы куноом учун мени минтип жазалап жатасын?Алып кетчи мени озуно.Чарчадым.
Алым калбай калды"деп суйлонуп жаттым.
#95 08 Май 2018 - 15:03
Анан улантайынчы ошол кундорду эстесем журогум сыгылып ооручу болду.
#96 08 Май 2018 - 15:17
Баары өткөн чакта, эмнелер болсода болуп өттү. Аларга кыйналуудан пайда жок. Өзүңүздү аяп, Өзүңүзгө ичиңиз ачышып кыйналып жатасыз. Бальким ушуларды көрбөгөнуңздө айылдагы лох бала бойунча калмаксыз. Турмушунуздун запкысы сизди курчутуп жаткандай. Ар бир кыйынчылыктын жакшылыктарында байкай билиниз.))
#97 08 Май 2018 - 16:22
Тагдырдын татаалдыгын кара.Томолой бир жаш жигитке ушунчалык ташбоордугун корсотсо.Аллахым кийинки жашоонузду бакытка болосун.откон жашоонузду Аллахымдын Сыноосу деп билиниз...Кандай болгон чактада ото тырышчаак айтканынан тайманбаган жигит экенсиз.Айылдагы таяк жеген жаш жигитти шаарга судуроп кулк мунозун озгорткон булда бир Аллахымдын сыноосудур.
Балким келечек жашоонуз жарык болусу учун ушунча азап кордунуз.Жашоодо эмнелер гана болбойт.Адамдын эмес Аллахымдын буйругу менен болооор кайгыда бакытта. Эркек кучтуу эрктуу намыской болот...Сизге жалан гана жакшылык жанан чексиз бакыт каалайм.... ( эээн таалада ыйлап жургонунуз кадимкидей коз алдыма келди)
#98 08 Май 2018 - 17:02
Ар бир иште жакшылык бар.Биз эмес,Аллах каалаган гана нерсе болот.Ошол күндөрдү көгөнүңүз да жакшылыкадыр.
..
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
#100 08 Май 2018 - 17:30
Элестетип алып журогум ооруду.Эми деле кеч эмес бактылуу болушка татыктуу жашоо улантууга, Аллахым сага ден соолук, узун омур, тугонбос бакыт тартууласын.
Эч жамандык корбо,акыл менен иш туткан эстуу жигитти элестетип окуудамын.Жашоо али алдыда ,он гулунун бир гулу ачыла элек ошондуктан алдыдагы узун жашоондо эми катачылык болбосун,уй булоо кутуп,бала чакалуу болгон бакыт кучагында тынч жашоонду тилеп кетем