Суперстан: Учкул сөздөр, асыл ойлор менен бөлүшөбүз... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (78 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 75
  • 76
  • 77
  • 78
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Учкул сөздөр, асыл ойлор менен бөлүшөбүз... Бул жакка өзүбүздүн сөздөрүбүздү ылгап анан жазмай замандаштар.

#1521 Пользователь офлайн   Ashka.   12 Январь 2018 - 16:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 740
  • Катталган: 11 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 01:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ЖАЛАЛ-АБАД


Кээ бир адамдар менен учурашкан соң, ит менен кол алышып, маймылга карап жылмайып, пилге барып таазим этким келет.
●●●●
Адам ар дайым колу жетпеген нерсени кыялданып жашоосу кажет. Себеби, бийикке кол созгон сайын адамдын бою да, ою да өсөт.
●●●●
Адамдын маданияттуулугун- анын аял затына болгон мамилесинен аныктоого болот.
●●●●
Кээде, баткакта жүргөн адам жибекке оронгон адамдан да таза болот.
●●●●
Адам- баарын жасай алат…эгерде чыныгы каалоо, ыклас болсо.
●●●●
Бакыт сенин колуңда турганда кичинекей болуп көрүнөт. Качан гана колуңдан учкан соң бакыттын баркын жана кереметин түшүнөсүң.
●●●●
Адам жакшыны кыялданса, өмүрүндө баары жакшы болмок.
●●●●
Жакшы күлкү-руханий саламаттыктын белгиси.
●●●●
Аз да болсо өз акылың болсун.
●●●●
Билим менен куралданган адам-жеңилбес адам.
●●●●
Кайгы муң махабаттын аркасынан ээрчиген көлөкө.

Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1522 Пользователь офлайн   asi.gulum   13 Январь 2018 - 15:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

Сонун сөздөр бар экен да бул жакта.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1523 Пользователь офлайн   babi92   23 Январь 2018 - 08:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 31 Июль 17
  • Соңку аракети: 16 Июн 2019 18:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кара-Кулжа

"Эшек сени тепсе сен аны теппе,себеби сен адамсын"
"Пустой карман- это не страшно,Страшно -когда пусто в сердце!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1524 Пользователь офлайн   Sushi_wok   24 Январь 2018 - 12:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 110
  • Катталган: 08 Февраль 17
  • Соңку аракети: 02 Сен 2023 19:25
  • Калаасы:Кереметтуу жашыл мекен.

Жашоо бизди кандай гана кырдаалга кептебесин, журок - баарыбир кереметке ишенет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1525 Пользователь офлайн   rnurzida   01 Февраль 2018 - 18:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Сынооңуз көбөйгөн сайын, сыр бербей сабыр кылыңыз. Караңгылыктын коюланганы таңдын жакындаганын билдирет..... .
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1526 Пользователь офлайн   Dimedra   02 Февраль 2018 - 13:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Кыялындагыга жетуу учун, убактынча ал жонундо унут, анткени тегерегинде кыялына жеткируучу нерселерди корбой калуун мумкун.

Билдирүүнү түзөткөн: Dimedra: 02 Февраль 2018 - 13:02

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1527 Пользователь офлайн   Mydearzh   02 Февраль 2018 - 13:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

Урматтуу форумчулар, учкул ойлордун(афоризмдердин) авторлорун кошо жаза кетсениздер. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1528 Пользователь офлайн   rnurzida   03 Февраль 2018 - 16:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Ачууң келген ар бир мүнөттө сен 60 секунд кубанычыңды жоготосуң. (Эмерсон Ральф Уолдо)
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1529 Пользователь офлайн   love8994   08 Февраль 2018 - 15:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 102
  • Катталган: 28 Июль 14
  • Соңку аракети: 30 Июн 2020 22:06
  • Жынысы:Эркек

Бакыт издеп журуп,кээбироолор бар бакытынан ажырайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1530 Пользователь офлайн   kaidasyn   13 Март 2018 - 06:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Оноре де БАЛЬЗАК
(1799-1850), француз жазуучусу

Кандай бийлик болбосун жашыруун кеби бүтпөйт.

* * *

Аялың нанды ысырап кылба дегени – демек, каптагы ундун калбай баратканы.

* * *

Аялдар улам картайган сайын эркектердин көңүлүнө жагыш үчүн кудайга жалынат.


* * *

Өкмөт эчкачан күнөөсүн моюнга албагандай, эркек да жалаага моюн бергиси келбейт.

* * *

Адам түзүлүшү кандай экенин билбеген бозуланды үйлөнткөн болбойт. Ал адегенде ургаачынын этегин түргөндү үйрөнсүн. Анан үйлөнсүн.

* * *

Кылтыңдаганын билдирбес аялды жаманатты кылуудан ойношу да коркот.

* * *

Ала жипти көп аттаган эркек аялынан көп шектенет, көп кызганат.

* * *

Атак – пайдасыз товардай. Баасы да кымбат. Сактап туруу кыйын.

* * *

Ашкере сулуу айымдар же суз көрүнүп, же жалжаңкелиги менен башкалардан бөлүнүп турат.

* * *

Эркектин насил-наркы мындай: кашкайган канча далилдерге каршылык кылат да, өзүнүн жападан жалгыз көзкарашына каршы болалбайт.

Сэмюэл БАТЛЕР
(1835-1902), англис жазуучусу

Баардык жамандыктын тамыры кайда? Акчада. Ал барбы, жокпу – кубалаба. Түбү жакшылыкка алып барбайт.

* * *

Өмүр – өмүрүңдө комузду эч чертпей жүрүп, эл астына чыкканда үйрөнүп кеткендей кеп.

* * *

Каракчылар «капчыгыңды бер же каражаныңды» десе, катындар «капчыкты да, каражаныңды да алам» дейт.

* * *

Жаратылыш – көз боемочуга окшош: андан көзүңдү тарталбайсың.

Никола ШАМФОР
(1741-1794), француз жазуучусу

Фонтенель өмүрүнүн акырына келип, токсон бешке чейин бойдок жашаганы үчүн өкүнүптүр. Эстесе, түйшүк тарткан жашоо көрбөптүр.

* * *

Аял жөнүндө эркек кандай жаман ойлобосун, эркек жөнүндө аял андан бетер жаман ойдо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1531 Пользователь офлайн   kaidasyn   13 Март 2018 - 07:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

МУСУЛМАН САНАТТАРЫ

Захиреддин МУХАММЕД БАБУР

(1483-1530), самарканддык акын

Жек көрүнүп жашаганча даңкталып,
Жер жазданып жаткан жакшы баркталып.

* * *
Шаар капкасын жаап коюш заматта,
Душман оозун жабуу кыйын адатта.

* * *
Бир-бирине жүрөктөрүн арнаган
Жок түгөйлөр таарынышып калбаган.


Алишер НАВОИ

(1441-1501), өзбек акыны жана даанышман

Ким ар кимди сага ушактап, табалайт,
Ал да элге сени ошентип каралайт.

* * *
Сөздүн күчү жанды өлтүрүп төрдөгү,
Жан киргизет жаткандарга көрдөгү.

* * *
Тилдин заары өзүнө шор жаратат,
Жүрөктөргө калтыргандан кара так.

* * *
Чын сөз дайым уккулуктуу жүрөккө шак орногон,
Бирок кыска, нуска болсо мөлт тамгансып чоргодон.

* * *
Китеп бизге акысыз сабак берген мугалим. Сырты булгаары болгону менен даанышмандыкка жол ачат. Ичинде акыл жана терең сырлар катылган китептер биз менен үндөбөстөн баарлашып, жакшылыкка үндөйт.

* * *
Дүйнөдө китептен артык жан курбу таппайсың.

* * *
Дүйнөнү чарк айланып келип да акылың жетилбегени, демек, – мончого кирип, бирок жышынбай чыккандай кеп.

* * *
Өмүрүн илимге кызмат кылууга арнаган адамдын ысымы ал өлгөндөн кийин да түбөлүк жашайт.

* * *
Сараңдар пайгамбар тукумунан болсо да бейишке чыкпайт, берешендер наадандын кулу болсо да тозокко кабылбайт.

* * *
Тулку бою адам сыягына окшогону менен бирок жандүйнөсүндө айкөлдүк сапаты жокторду адам дебе, андайлар тирүүлөй өлүк.

* * *
Чечимди көбү чыдамкайлыктын арты менен кыйчалышта табат.

* * *
Ит – кандай болбосун ит, бирок митайым, ишенимден чыккан пенде баласынан көрө ишенимдүү ит артык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1532 Пользователь офлайн   kaidasyn   10 Апрель 2018 - 02:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

УЛУУ АДАМДАРДЫН ТУРМУШУНАН

ЖАЗУУЧУЛУК СЫР


Бернард Шоудон бир аял сураптыр: кантип жазганда атактуу жазуучу боло алам?

- Солдон оңду карай жазганда... - дептир Шоу.


КАЙДАН ЧЫГАТ АНЧА СӨЗ?


Анатоль Франс ойлорун кагазга тез түшүрүш үчүн стенографист аял чакырат.

- Ылдам иштей алат чыгарсыз, - деп сурайт, жазуучу андан.

- Албетте, мүнөтүнө 120 сөз жаза алам.

- 120 сөз?! Катыгүн, анча сөздү мен кайдан табам? - деп муңайыптыр Франс.


БИР КҮН ЖАНА БИР ЖЫЛ


XIX кылымда жашаган белгилүү немис сүрөтчүсү Менцелге бир жаш жигит картинасын көтөрүп келип, наалыйт:

- Ушу да акыйкаттыкпы? Бир эле күндө бүтүргөн картинамды бир жылдан бери сата албайм.

- Картинаңды эгер бир жыл жазсаң, бир эле күндө сатмаксың, - деп жооп бериптир ага, мастер.


ӨКҮНҮЧТӨН КАЧЫП КӨР


Сократтан бир жигит кеңеш сураптыр:

- Акылман Сократ, кандай дейсиз, үйлөнсөмбү, же үйлөнбөй эле койсомбу?

- Кайсынысын жасасаң деле - баары бир өкүнөсүң, - дептир акылман.


ЧЫН - ЧЫЧАЛАК


Марк Твендин бир таанышы жаңы чыккан китебин алып келип, пикирин жашырбай айтуусун өтүнөт.

- Эч анте албайм! - дейт атактуу жазуучу. - Достугубузга шек кеткенин каалабайм.


ЭШЕКТИН БАЛАСЫ КИМ?


Президенттик шайлоонун жүрүшүндө Республикалык партиядан кандидат Теодор Рузвельт бир шаарга барып алып, жалындуу сөз сүйлөйт. Эл ичинен бирөө адеп эле тигинин сөзүн бөлүп, «Мен демократмын! Мен демократмын! » деп кыйкыра берет.

- А эмне үчүн сиз демократсыз? - деген суроо берет, тырчый түшкөн Рузвельт.

- Менин чоң атам да, менин өз атам да демократ болгон. Демек, мен да демократмын! - деп жооп берет ал.

- Болуптур... а эгер сиздин чоң атаңыз да, өз атаңыз да эшек болсо, а сиз ким болот элеңиз?!

- Менби?! Мен албетте, республикалык партиянын өкүлү болмокмун! - деп жооп бериптир ал.


ЗАКАЗ


Тристан Бернард бир жолу ресторанда отурса, оркестр мааниси жок бирдемелерди ойной баштайт. Жини келген Бернард официантты чакырып:

- Бул оркестриңер менин заказымды аткара алабы? - дейт.

- Албетте, эмнени ойносо дейсиз?

- Мен тамак ичип бүткөнчө карта эле ойношсунчу, анда.


АЯЛДАРДЫН ЖАЗАСЫ


Француз комедиографы Ашардан достору сурашат:

- Аялды кантип катуу жазаласа болот?

- Шляпасын көп, бирок, күзгүсү жок бөлмөгө камап коюп... - деп жооп бериптир, атактуу куудул.


ТЕНТЕК ТЕЛЕГРАММА


Нью-Йоркто коюлган пьесасынын премьерасынан соң Бернард Шоу башкы ролду ойногон актрисага төмөндөгүдөй телеграмма жөнөтөт:

«Эмне деген ажайып?! Эмне деген керемет?!» Толкунданган актриса жооп кайтарыптыр: «Ашкере мактап койдуңуз». Бернард Шоу кайрадан телеграмма жиберет:

«Мен пьесаны айтып жатам».

Анда, актрисанын жооп телеграммасы:

«Мен дагы».


ЖОКТОН - БАР БОЛОТ


Витторио Де Сика айтчу экен: аялдар жок нерседен салат жасап, жок нерседен шляпа токуп, жок нерседен... жаңжал чыгарат.

Билдирүүнү түзөткөн: kaidasyn: 10 Апрель 2018 - 02:42

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1533 Пользователь офлайн   kaidasyn   10 Апрель 2018 - 02:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

ЖАЗУУЧУЛУК СЫР


Бернард Шоудон бир аял сураптыр: кантип жазганда атактуу жазуучу боло алам?

- Солдон оңду карай жазганда... - дептир Шоу.


КАЙДАН ЧЫГАТ АНЧА СӨЗ?


Анатоль Франс ойлорун кагазга тез түшүрүш үчүн стенографист аял чакырат.

- Ылдам иштей алат чыгарсыз, - деп сурайт, жазуучу андан.

- Албетте, мүнөтүнө 120 сөз жаза алам.

- 120 сөз?! Катыгүн, анча сөздү мен кайдан табам? - деп муңайыптыр Франс.


БИР КҮН ЖАНА БИР ЖЫЛ


XIX кылымда жашаган белгилүү немис сүрөтчүсү Менцелге бир жаш жигит картинасын көтөрүп келип, наалыйт:

- Ушу да акыйкаттыкпы? Бир эле күндө бүтүргөн картинамды бир жылдан бери сата албайм.

- Картинаңды эгер бир жыл жазсаң, бир эле күндө сатмаксың, - деп жооп бериптир ага, мастер.


ӨКҮНҮЧТӨН КАЧЫП КӨР


Сократтан бир жигит кеңеш сураптыр:

- Акылман Сократ, кандай дейсиз, үйлөнсөмбү, же үйлөнбөй эле койсомбу?

- Кайсынысын жасасаң деле - баары бир өкүнөсүң, - дептир акылман.


ЧЫН - ЧЫЧАЛАК


Марк Твендин бир таанышы жаңы чыккан китебин алып келип, пикирин жашырбай айтуусун өтүнөт.

- Эч анте албайм! - дейт атактуу жазуучу. - Достугубузга шек кеткенин каалабайм.


ЭШЕКТИН БАЛАСЫ КИМ?


Президенттик шайлоонун жүрүшүндө Республикалык партиядан кандидат Теодор Рузвельт бир шаарга барып алып, жалындуу сөз сүйлөйт. Эл ичинен бирөө адеп эле тигинин сөзүн бөлүп, «Мен демократмын! Мен демократмын! » деп кыйкыра берет.

- А эмне үчүн сиз демократсыз? - деген суроо берет, тырчый түшкөн Рузвельт.

- Менин чоң атам да, менин өз атам да демократ болгон. Демек, мен да демократмын! - деп жооп берет ал.

- Болуптур... а эгер сиздин чоң атаңыз да, өз атаңыз да эшек болсо, а сиз ким болот элеңиз?!

- Менби?! Мен албетте, республикалык партиянын өкүлү болмокмун! - деп жооп бериптир ал.


ЗАКАЗ


Тристан Бернард бир жолу ресторанда отурса, оркестр мааниси жок бирдемелерди ойной баштайт. Жини келген Бернард официантты чакырып:

- Бул оркестриңер менин заказымды аткара алабы? - дейт.

- Албетте, эмнени ойносо дейсиз?

- Мен тамак ичип бүткөнчө карта эле ойношсунчу, анда.


АЯЛДАРДЫН ЖАЗАСЫ


Француз комедиографы Ашардан достору сурашат:

- Аялды кантип катуу жазаласа болот?

- Шляпасын көп, бирок, күзгүсү жок бөлмөгө камап коюп... - деп жооп бериптир, атактуу куудул.


ТЕНТЕК ТЕЛЕГРАММА


Нью-Йоркто коюлган пьесасынын премьерасынан соң Бернард Шоу башкы ролду ойногон актрисага төмөндөгүдөй телеграмма жөнөтөт:

«Эмне деген ажайып?! Эмне деген керемет?!» Толкунданган актриса жооп кайтарыптыр: «Ашкере мактап койдуңуз». Бернард Шоу кайрадан телеграмма жиберет:

«Мен пьесаны айтып жатам».

Анда, актрисанын жооп телеграммасы:

«Мен дагы».


ЖОКТОН - БАР БОЛОТ


Витторио Де Сика айтчу экен: аялдар жок нерседен салат жасап, жок нерседен шляпа токуп, жок нерседен... жаңжал чыгарат.


ЧЕРЧИЛЛДИН ЧЕЧИМИ


Англиялык бир департаменттин директору каза болгондо, анын кызмат ордун ээлөөнү каалаган бирөө Уинстон Черчиллге кайрылыптыр:

- Өлгөн адамдын ордуна мени коюуңузду суранам.

- Каршы эмесмин, - деп жооп бериптир, Черчилль. - Бирок, сиз ал үчүн бейиткананын директоруна кайрылыңыз.


ТУКУМ КУУЧУЛУК


Марк Твенге бир тааныш келин арызданыптыр:

- Түшүнсөм өлөйүн: күйөөм кээде - эркектей, кээде - катындай.

- Бул - тукум куучулук, - дейт Марк Твен. - Күйөөңдүн эзелтен келаткан тукумдарынын теңи - эркек, теңи - катын экенин унутпай жүр.


АТАНЫН УУЛУ


Бернард Шоуго бир бейтааныш жигит кайрылыптыр:

- Атактуу юморист жазуучунун дал өзү турбайсызбы! Сиздин атаңыздын тикмечи болгону чынбы?

- Чын, - дейт Шоу.

- Анда, сиз эмне үчүн тикмечи болбой калдыңыз?

- Аны айтыш кыйын... Тукум куубаган учурлар деле болот тура. Мына, сиздин атаңыз сыпайы мырза болушу керек.

- Албетте.

- Бирок, сиз деле атаңызды тартпай калыптырсыз да.


ЭҢ БИР ШУМДУК ЭРИТКИЧ


Эдисон кызматка аларда ойлоп табуучуларды жеке өзү сынап көрчү экен. Бир жолу ага бир жигит келип, пикирин бөлүшөт:

- Менде бир керемет идея бар. Универсал эриткичти жаратсам дейм. Ал эритпеген ааламда эч нерсе болбойт.

- Эң эле кызык идея экен, - деп таңгалат, атактуу окумуштуу. - Бирок, ал эриткичти кандай идишке сактайбыз?


КЫЯЛ


- Сиз канча акча тапсам деп кыялданасыз? - деп сурашат бир жолу, Бернард Шоудон.

- Коңшуларым ойлогондой.


АТАКТАН АКЧА КЫМБАТ БОЛГОНДО


Италиянын улуу композитору Россини отузга чыкканда Милан шаарынын шаардык кеңеши ага эстелик тургузууну чечет.

- Ал эстеликке канча каражат кетет? - деп сурайт композитор.

- Үч жүз миң лир.

- Үч жүз миң лир?! - деп шыпшынат Россини. - Анда мындай кылбайлыбы: бул акчаны мага эле бергиле, мен Миландагы ошол эстеликтин ордуна күн сайын эки-үч сааттан туруп берип жүрөйүн.


ГУНОНУН САБАКТАРЫ


Улуу композитор Шарль Гуно көкүрөгүн урган бир жаш музыкантка акыл айтыптыр дешет:

- Өнөрдүн өрүн улам өрдөгөн сайын эски мастерлерди баалай баштайсың. Мен сендей кезимде «Мен элемин!» дечүмүн. Жыйырма төрткө чыкканда: «Мен жана Моцарт» деп калдым. Кыркка келгенде: «Моцарт жана мен» дей баштадым. А азыр болсо: «Моцарт» дегенден башканы айтпайм.


ЭГЕРДЕ...


Атактуу юморист Стивен Лекок жаш кезинде кичинекей бир колледжге мугалим болуп иштечү экен. Аз гана айлык алып жүрүптүр. Буга нааразы болгон куудул жигит дирекцияга төмөндөгүдөй арыз жазат:

«Төрөлөр! Эгерде менин айлыгымды тезинен көтөрбөсөңөр. ..»

Ушул жерден арыз үзүлөт, бирок, аягы кагаздын тышында уланыптыр: «...баягыдай эле ыйлап-сыктап иштей берүүгө аргасызмын».


КЕҢЕШ


Белгилүү драматург Саша Гитри жаш кезинде Париждин бир театрынын директоруна пьесасын сунуш кылат.

- Жаман пьеса эмес, - дейт директор, окуп чыгып. - Бирок, диалогдорду жандандырып, сюжетти жөнөкөйлөтүшүңүз керек, антпесеңиз аңкоолор түшүнбөй калышат.

- Андай болсо, - дейт драматург. - Сиз түшүнбөй калган жерлерди көрсөтүп берсеңиз?


КИШЕН


«Эрди-катынга салынган кишен тууралуу оюңуз кандай?» - деп Дюма-атадан сурашат.

- Ал кишен оңбогондой оор, - дейт атактуу жазуучу. - Аны экөөлөп, кээде үчөөлөп көтөрүүгө туура келет.


УНУТЧААКТЫК


Лессинг аябай унутчаак адам экен. Бир жолу кечкурун үйүнө келип эшигин тыкылдатыптыр.

- Профессор мырза үйүндө жок, азыр, - деген үн угулат, жогорку терезеден.

- Жок болсо, ананыраак келейин, анда, - деп кетип калат үй ээси.


КҮЙӨӨДӨН КЫМБАТ АТЫР БАР


Атактуу кино актриса Грета Гарбонун адресине келген жайнаган каттардын ичинде мындай суроо да бар экен:

- «Күйөөм мен куюнган атырды жаман көрөт. Атырды алмаштырганым - туура болобу?»

Актриса жооп бериптир:

«Атырды эмес, күйөөңдү»...


АВТОРДУН АТЫ ЖАНАН ЗАТЫ


Марк Твен тоголок кат алат. Баракта бир гана «Чочко» деген сөз жазылыптыр. Эртеси Марк Твен газетага макала жарыялап, анда минтиптир:

«Мен аягына аты-жөнү жазбаган каттарды көп алам. Кечээ болсо - мага биринчи жолу өтүнүч-суроосу жок эле актай, бирок, автордунун аты-жөнү жазылган кат келди»


КИМИСИ АКЫЛДУУ


Конан Дойль спиритизм (дубакейлик) менен көп машыкчу экен. Бир жолу ал Бернард Шоуго колу-бутун тийгизбей эле тамак ичкен столун нарыга жылдырарын айтат.

- Таңгаларлык эчтеме жок, - дептир Шоу ага. - Акылдуу адам столдон өзү биринчи туруп кетиши керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1534 Пользователь офлайн   biznes   14 Апрель 2018 - 11:00

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 182
  • Катталган: 22 Январь 16
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 10:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бакыттын эң жөнөкөй сыры, өзүндөгү болгон нерсени бирөөнүкү менен салыштырбоо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1535 Пользователь офлайн   biznes   14 Апрель 2018 - 11:02

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 182
  • Катталган: 22 Январь 16
  • Соңку аракети: 07 Июл 2025 10:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жасабадым деп окунгучо жасап өкүнгөн жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1536 Пользователь офлайн   Mydearzh   02 Май 2018 - 23:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

"Адам канчалык улуу болсо, ошончолук улуу бактысыздыктарга кабылат"
Р.Рыскулов.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1537 Пользователь офлайн   Mydearzh   02 Май 2018 - 23:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

"Сени эн коп алдаган адам ким? Озун!"
Б.Франклин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1538 Пользователь офлайн   Dimedra   06 Май 2018 - 02:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Бироолорго кучтуу, бактылуу болуп коруунун кажети канча, ичинде Арман толуп турганда. Адамдарга сенин арманын кызыктырбагандай эле бактын дагы кызыксыз. Оор бет капты которуп жургонун эле калат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1539 Пользователь офлайн   Dimedra   06 Май 2018 - 02:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 12 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 08 Июн 2021 12:42

Койгой издебе, Эгер ал сенде жок болсо. Койгой ар биринде болушу шарт эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1540 Пользователь офлайн   Mydearzh   10 Май 2018 - 06:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

"Бироого сылык ийилип жатып, бироолорго артыбызды салабыз"
И. Гаман.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (78 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 75
  • 76
  • 77
  • 78
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 14 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 14, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 01 Авг 2025 05:43

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: