Суперстан: Төрөтканадагы кызыктар врачтардын көз карашы менен - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Төрөтканадагы кызыктар врачтардын көз карашы менен Арабыздагы кесипкөйлөр үчүн

#1 Пользователь офлайн   cholpon119966   10 Май 2018 - 11:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 774
  • Катталган: 16 Февраль 16
  • Соңку аракети: 16 Июл 2025 23:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Город 3722

Салам, мээриман апалар, ажарлуу айымдар, сымбаттуу эже синдилер. Кутман кунунуздор менен. Баардык аялзатына эне болуу бактысы насип этсин. Кош бойлуу учур Жана баланы жарык дуйного алып келуу сааттары ары оор, ары тобокелдуу ары бактылуу коз ирмемдерди озуно камтыйт. Азыркы учурда Аллахтын буйругу менен онуккон техниканын медицинанын Жана кесибин суйгон дарыгерлердин салымы менен бул татаал сыноодон Аман Эсен отуп жатканыбызга чексиз шугурлор айтабыз. Биз жогоруда оз башыбыздан откон торотканадагы кызыктар тууралуу жазып оттук, эми ушул кызыктарды дарыгерлердин коз карашы менен окуп корсок деген ойдо ушул теманы ачып отурам. Арабызда акушер гинекологдор, медайымдар болсо жумуштагы кызыктарыныздар менен болушуп кетуунуздорду сурайм...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Miss.erkewka95   10 Май 2018 - 12:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 529
  • Катталган: 16 Январь 18
  • Соңку аракети: 23 Авг 2018 00:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Тоолордун чокусунда...

2013-жылы ОшМУ мед колледжине акушерствого тапшырдым эле. Биринчи курсту аяктап калганда Гулжан эжейибиз өзү иштеген роддомго, кыздарды фамилиями, тайпаларга бөлүп, өзүнүн смени болгон күнгө практикага алып барып жатты. Биздин очередь келип 3 кыз бардык. Родильныйда таң атканча тик турдук. 5,6 төрөт алынды. Төрөгөндөр бири чынырып, ыйлап төрөсө, бири бираз тырышымыш болуп эле төрөп койот, дагы бири "Тиги кыздар, мени тиктебесин, чыгып кетишсин" деп чыр салчу. Андайда кызыгыбыз дагы артып, терезеден шыкаалайбыз. Кээбирлери төрөйм деп күчөнүп жатып, (по большому) жайлап салчу. Андайда врачтардын көзүнө биз көрүнөбүз. Перчаткини, масканы баса кийип тазалап киребиз...

Акыры таңга жуук, уйку сурап баштаганда, каталка менен чуркашып эле бир эжени, ызы чуу болуп, алып киришти. Глав врач, өзүбүздүн эжей "Срочно на операционный" деди. Мага бурулуп "Чепчик, масканы кий, кесерово сечениеге киресиң" деди. Колледжи бүтсөм, хирургияда окуумду жогорку кылам деген ойум бар эле. Ошол себеп эжейге операция болчу болсо, мен кирем деген элем. Айтор учуп эле кирип бардым. Наркоз бериле элек. Эжей кыйналып, кыйкырып жатат. Врачтар пытырап даярданып жүрөт. Мени колун жаңсап жанына чакырды.
-Эже коркпоңуз, азыр наркоз беришет. Оорубай калат.
Колдорун ушалап, желкесинен таптагылап, жанынан жыла албайм. Мени кайра, кайра тиктеп, бирдеме айтчу болот. Оозу кургап, кадимкидей тилинип кетиптир. Боз ала кан.
-Тезиреек наркоз бериңиздерчи? деп кыйкырдым. Тиги эжей колумду катуу кармады. Болгону 2,3мунот ичинде, мен үчүн кылымдай сезилди. Ушунча да узак даярданышабы? Анан врач болду нары тур дегенсип, мени жанынан кетирип жиберди. Наркозду берип, операция башталды. Бурчта турам. Моргко коркпой эле кирип чыккан жаным, ушул тирүү эле адамдын жанында аябай корктум. "Кудай ай, аман эсен, төрөп чыкса экен" деп тиленип жаттым.
Баланы алышты, ыйлады, аны таразыга койуп, саатын жазып, кыскасы экоосу чыгып кетти. Экөөсү эженин курсагын кайра тигип башташты... Жакыныраак көрөйүн деп бир кадам таштаганым билем...
Түүт, түүүүт, түүүүү.... Пульс токтоп калды.
Шашкалаптап калган врачтар, ары бери ызылдап бирдеме кылып жатышты...
Мени шок басты... "Өлдү, эжей өлүп калды" дедим шыбырап эле, сыртымда. Көз алдымда колумду кармалап, тилинип кеткен илебин кыймылдатчу аракетте болгон эжей. Мага бирдеме айтайын деди эле. Мен уга албадым! Эмнеге сурап көрбөдүм? "Эже күйөөңузго бирдеме деп койойунбу?" деп сурасам, башын ийкейт беле? "Балаңызды карап калчу, эчким жокпу? мен карап калайынбы?" десем башын ийкейт беле? Айтор түркүн ойлор менен, шок абалымдан чыга албай турдум. Дагы канча ойлор келип жатты,эстеда жок. Кыскасы эжейди узатып жибердик. Гулжан эжей атымдан чыкырганда өзүмө келдим. "Чык суу ич, түсүңдү бозурайып, корком деп айтпайт белең?" деп суйлонуп кирди. Эң жакшы көргөн эжейим Гулжан эжей көзүмө ушунчалык таш боор көрүндү. Жек көрүп турдум, бул адамды... Менин бозурайганым бир тыйын, тиякта адам өлүп жатат деп айтууга духум жетпеди. Бул күндүн калганы эсте жок. Ойлор менен жүрүп, күн эле эмес жуманын кантип өткөнүн байкаган жокмун...
Кадимкидей өзүмдү күнөөлүү сезип басып жүрдүм... Ойлоп, ойлоп жылдар бойу, кыялданып, өзүмө, келечеке койгон максатым ушул беле? деген ойго такалдым. Өзүмдү Гулжан эжейдей таш боор, болуп каламбы? Же бир эле өлүмгө ушунча болдум, (анда да бурчта гана тиктеп туруп) бир нече өлүмдөн соң, өзүмдү ойлор менен жеп жүрүп жашабай каламбы? деген эки гана вариантта көрүп турдум.
Ушул окуя мен кичинекейимден, менин эле эмес ата энемдин да көптөн бери кыялданган кесибимден баш тарттырды. Мен медицина тармагына байланыштуу бар ой, кыял, умутторумду үзүп салдым. Экинчи курска жөн гана барбай койдум... Мен эми багытымды да жоготтум. Келечекте ким болом эми? Профессия жакташым керек беле? Мен кандайдыр кесиптин ээси болушум керек беле?
Кыялымды туура эмес кыялданыптырмын. Башка эмнени кыялдансам болот? Кантип кыялданып, кантип максат койом? Бар максатым ушул эле...
Бул окуядан соң мен Москвада жүрдүм, иштеп, жөн гана жашап. 1 жаарым жылдан соң, күйөөмө жолугуп, башынан жаңы дем менен максат койдум. Куйоомдун колдоп көмөктөшүүсү менен былтыр ОГПИге Кыргызстан Россия факультетине педагогикалык жаатына окууга тапшырдым, быйыл заочныйга которуп койдум. Мен эми мугалим болом)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Miss.erkewka95   10 Май 2018 - 13:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 529
  • Катталган: 16 Январь 18
  • Соңку аракети: 23 Авг 2018 00:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Тоолордун чокусунда...

Темаңардан пайдаланып, муну менен эмнени айтмакчымын; Кесип жактаардан мурда, өзүңөргө, мүнөзүңөргө дал келеби ошол кесип? Таш боор, анча мынчага жүрөгү эзилбеген кайраттууларга, ак жол. Анан мага окшоп, болоор болбоско бышыктап ыйлап, ар бир адамга боору ооруп, адам эле эмес жаны бардын баарын айаган көңүлү боштор, жети өлчөп бир кескиле демекчимин))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Nevestkaa   10 Май 2018 - 13:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 436
  • Катталган: 26 Январь 17
  • Соңку аракети: 13 Янв 2020 19:01

Просмотр сообщения Miss.erkewka95 (10 Май 2018 - 12:36) жазган:

2013-жылы ОшМУ мед колледжине акушерствого тапшырдым эле. Биринчи курсту аяктап калганда Гулжан эжейибиз өзү иштеген роддомго, кыздарды фамилиями, тайпаларга бөлүп, өзүнүн смени болгон күнгө практикага алып барып жатты. Биздин очередь келип 3 кыз бардык. Родильныйда таң атканча тик турдук. 5,6 төрөт алынды. Төрөгөндөр бири чынырып, ыйлап төрөсө, бири бираз тырышымыш болуп эле төрөп койот, дагы бири "Тиги кыздар, мени тиктебесин, чыгып кетишсин" деп чыр салчу. Андайда кызыгыбыз дагы артып, терезеден шыкаалайбыз. Кээбирлери төрөйм деп күчөнүп жатып, (по большому) жайлап салчу. Андайда врачтардын көзүнө биз көрүнөбүз. Перчаткини, масканы баса кийип тазалап киребиз...

Акыры таңга жуук, уйку сурап баштаганда, каталка менен чуркашып эле бир эжени, ызы чуу болуп, алып киришти. Глав врач, өзүбүздүн эжей "Срочно на операционный" деди. Мага бурулуп "Чепчик, масканы кий, кесерово сечениеге киресиң" деди. Колледжи бүтсөм, хирургияда окуумду жогорку кылам деген ойум бар эле. Ошол себеп эжейге операция болчу болсо, мен кирем деген элем. Айтор учуп эле кирип бардым. Наркоз бериле элек. Эжей кыйналып, кыйкырып жатат. Врачтар пытырап даярданып жүрөт. Мени колун жаңсап жанына чакырды.
-Эже коркпоңуз, азыр наркоз беришет. Оорубай калат.
Колдорун ушалап, желкесинен таптагылап, жанынан жыла албайм. Мени кайра, кайра тиктеп, бирдеме айтчу болот. Оозу кургап, кадимкидей тилинип кетиптир. Боз ала кан.
-Тезиреек наркоз бериңиздерчи? деп кыйкырдым. Тиги эжей колумду катуу кармады. Болгону 2,3мунот ичинде, мен үчүн кылымдай сезилди. Ушунча да узак даярданышабы? Анан врач болду нары тур дегенсип, мени жанынан кетирип жиберди. Наркозду берип, операция башталды. Бурчта турам. Моргко коркпой эле кирип чыккан жаным, ушул тирүү эле адамдын жанында аябай корктум. "Кудай ай, аман эсен, төрөп чыкса экен" деп тиленип жаттым.
Баланы алышты, ыйлады, аны таразыга койуп, саатын жазып, кыскасы экоосу чыгып кетти. Экөөсү эженин курсагын кайра тигип башташты... Жакыныраак көрөйүн деп бир кадам таштаганым билем...
Түүт, түүүүт, түүүүү.... Пульс токтоп калды.
Шашкалаптап калган врачтар, ары бери ызылдап бирдеме кылып жатышты...
Мени шок басты... "Өлдү, эжей өлүп калды" дедим шыбырап эле, сыртымда. Көз алдымда колумду кармалап, тилинип кеткен илебин кыймылдатчу аракетте болгон эжей. Мага бирдеме айтайын деди эле. Мен уга албадым! Эмнеге сурап көрбөдүм? "Эже күйөөңузго бирдеме деп койойунбу?" деп сурасам, башын ийкейт беле? "Балаңызды карап калчу, эчким жокпу? мен карап калайынбы?" десем башын ийкейт беле? Айтор түркүн ойлор менен, шок абалымдан чыга албай турдум. Дагы канча ойлор келип жатты,эстеда жок. Кыскасы эжейди узатып жибердик. Гулжан эжей атымдан чыкырганда өзүмө келдим. "Чык суу ич, түсүңдү бозурайып, корком деп айтпайт белең?" деп суйлонуп кирди. Эң жакшы көргөн эжейим Гулжан эжей көзүмө ушунчалык таш боор көрүндү. Жек көрүп турдум, бул адамды... Менин бозурайганым бир тыйын, тиякта адам өлүп жатат деп айтууга духум жетпеди. Бул күндүн калганы эсте жок. Ойлор менен жүрүп, күн эле эмес жуманын кантип өткөнүн байкаган жокмун...
Кадимкидей өзүмдү күнөөлүү сезип басып жүрдүм... Ойлоп, ойлоп жылдар бойу, кыялданып, өзүмө, келечеке койгон максатым ушул беле? деген ойго такалдым. Өзүмдү Гулжан эжейдей таш боор, болуп каламбы? Же бир эле өлүмгө ушунча болдум, (анда да бурчта гана тиктеп туруп) бир нече өлүмдөн соң, өзүмдү ойлор менен жеп жүрүп жашабай каламбы? деген эки гана вариантта көрүп турдум.
Ушул окуя мен кичинекейимден, менин эле эмес ата энемдин да көптөн бери кыялданган кесибимден баш тарттырды. Мен медицина тармагына байланыштуу бар ой, кыял, умутторумду үзүп салдым. Экинчи курска жөн гана барбай койдум... Мен эми багытымды да жоготтум. Келечекте ким болом эми? Профессия жакташым керек беле? Мен кандайдыр кесиптин ээси болушум керек беле?
Кыялымды туура эмес кыялданыптырмын. Башка эмнени кыялдансам болот? Кантип кыялданып, кантип максат койом? Бар максатым ушул эле...
Бул окуядан соң мен Москвада жүрдүм, иштеп, жөн гана жашап. 1 жаарым жылдан соң, күйөөмө жолугуп, башынан жаңы дем менен максат койдум. Куйоомдун колдоп көмөктөшүүсү менен былтыр ОГПИге Кыргызстан Россия факультетине педагогикалык жаатына окууга тапшырдым, быйыл заочныйга которуп койдум. Мен эми мугалим болом)))
Болот мындай көрүнүш.1-курсту бүтүп практикага чыктым,практикада жалгыз эле мен практиканттардан себеби ЦСМге эле чыкканмын.Таң атаарда жаш келин келди 17жашта экен биринчи төрөтү,толгоого чыдабай өкүрүп ыйлап жүрөт андайды көрбөгөн жаным шок болуп калдым.Мага эч бир иш дайындаган жок жөн гана карап турам 10-15минут ичинде төрөдү,бала чыкканда бир башкача жыт чыгып мен өзүмү жогото баштаганда араңдан зорго сыйпалап таап эшике чыктым .Эми өзүмүн колуман өзүм жийиркенем, акушер эжени көрүп бир жийиркенем, кантип тамак жейт ошол колу мн деп.Тамагыман аш өтпөй чайга отурганда жанагыны эстеп элем тамагым буулат.Кийин бара бара көнөт экенсин,даже жаныңда с..п ч..п атса да чай иче бергенге.Кийин ишке кирип 3-4жыл иштегенден кийин мен теңдүү келин менин сменимде каза болуп калды,экөөбүз сүйлөшүп эле барганбыз (башка больн.которгону мен алып барганмын).Көз алдыман кетпейт элеси,бассам турсам мени ээрчигенсийт, түшүмө кирет жинди боло жаздаганмын аны ойлоно берип кантип эле ушундай болсун мен адам өлтүрдүмбү деп.Завед.да күйөөм да урушат сен колуң мн өлтүрдүңбү ,иштесең мындайдын көбүн көрөсүн деп.Мен да медицинадан кетишти ойлогонмун бирок кеталбадым.Ошшшооо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Bazana   12 Май 2018 - 02:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Кызыктар эмес эле трагедиялар болуп кетиптирго, аттин жапжаш энелер , апасын корбой оскон бобоктор(((. Мен дагы кызымды акушерствого окутмакчы элем ал оюмдан баш тарттым эми .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   cholpon119966   12 Май 2018 - 17:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 774
  • Катталган: 16 Февраль 16
  • Соңку аракети: 16 Июл 2025 23:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Город 3722

Кызыктарбы же трагедияларбы айтор эсте калган учурларды жаза бериниздер.
Кызыныз озу дээринен кызыкса окуй берсин да...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   bem.03   13 Май 2018 - 13:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 37
  • Катталган: 14 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2021 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кемин

Чынында оор жана жоопкерчилиги чон кесип. Мен да кичинемден кыялданчумун врач болом деп, кийин шартка байланыштуу ага окуй албай калдым. Азыр ойлонуп и бул билдируулорду окуп "все что не случается-к лучшему" деген чын экен деп калдым. Анткени мен да ото боорукер анан баарын журогум менен кабыл алган адаммын да, которо албасам керек эле адамдын олумун корсом.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   aiturgasha   13 Май 2018 - 14:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 144
  • Катталган: 15 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2024 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:JallivuD

Менда врач болом дечумун. Бирок аябай коркокмун. Биринчи баламды торогондон кийин, боюнда барларды корсом коркчумун. Врач болуш учун оз кесибин суйгон, эрктуу журок, озуно ишенген адам болуш керек экен.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   vikidiki   19 Май 2018 - 17:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 646
  • Катталган: 16 Февраль 18
  • Соңку аракети: 10 Фев 2021 00:49
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мен врач болом деп кыялданчумун дале кыялданам. Уколду озум саям. Бирок мага мумкун эмес экен. Аттин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Bazana   19 Май 2018 - 18:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Просмотр сообщения vikidiki (19 Май 2018 - 17:33) жазган:

Мен врач болом деп кыялданчумун дале кыялданам. Уколду озум саям. Бирок мага мумкун эмес экен. Аттин...



Окубай эле укол сая бересинби? Анан эмнеге мумкун эмес ? Кызыктуу болуп жатыры
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Kominam   21 Май 2018 - 11:32

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 205
  • Катталган: 24 Февраль 17
  • Соңку аракети: 06 Янв 2025 10:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Сонун окуялар бар жаза кетем бошогондо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Giza   24 Май 2018 - 18:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 700
  • Катталган: 20 Июнь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2025 22:38
  • Жынысы:Аялзаты

Апаларын жоготкон наристелерчи? Байкуш чүрпөлөр...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 20:50

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: