Мен дагы жүрөгүмдөн чыккан ырларым мн мезгил мн мезгили мн бөлүшүп турууну эп көрдүм.
Анда эмесе баштадым.
Күттүм.
Түн бою уктабай таң күттүм,
Түйшүгүм бөлүшкөн жан күттүм.
Түз эле билинбей ийилген,
Түнөргөн жашоомдон шаң күттүм.
Калп күлгөн жашоого жанаштым,
Кай мезгил, кай жерден адаштым.
Талкалап бар-жогун кыйраткан,
Тагдырдан бактымды талаштым.
Муун бошоп ый мн таң атты,
Муң баскан жүрөктү канаттым.
Качанкы күндөрдү эстедим,
Карт эти сыйрылып жараттын.
Москва шаары, 2018-жыл.
Менин ырларым. Жан дүйнө сырлары.
#2 20 May 2018 - 00:04
Досторум.
Силер мн өткөн күнүм сопсонун,
Силер мн кечкем жаштык отторун.
Барга көппөй, жокко чөкпөй түбөлүк ,
Бар болгула, менин алтын досторум! !!
Москва шаары, 2015-жыл.
Силер мн өткөн күнүм сопсонун,
Силер мн кечкем жаштык отторун.
Барга көппөй, жокко чөкпөй түбөлүк ,
Бар болгула, менин алтын досторум! !!
Москва шаары, 2015-жыл.
#4 20 May 2018 - 00:16
МЕКЕН.
Мекен-ыйык,Мекен- улуу тирегим.
Мекен, сени ырысым деп билемин.
Мээнетиңе күйүп-бышууга даярмын,
Мени ойлобойт уул- кызым дебегин.
Жаратканым бийик кылсын баркыңды,
Жаркын жашоо жандап жүрсүн калкыңды.
Жакшы-жаман күндөрүңдө даярмын,
Жаным, Мекен, берем ыйык антымды.
2014-жыл.
Мекен-ыйык,Мекен- улуу тирегим.
Мекен, сени ырысым деп билемин.
Мээнетиңе күйүп-бышууга даярмын,
Мени ойлобойт уул- кызым дебегин.
Жаратканым бийик кылсын баркыңды,
Жаркын жашоо жандап жүрсүн калкыңды.
Жакшы-жаман күндөрүңдө даярмын,
Жаным, Мекен, берем ыйык антымды.
2014-жыл.

Супер-Инфо
super.kg
видео







