Өткөн заман муң заман <br style="background-
color: rgb(250, 251, 252);"><br style="background-
color: rgb(250, 251, 252);">***
<br style="background-
color: rgb(250, 251, 252);">Казакты казак чапкан малын талап.<br style="background-
color: rgb(250, 251, 252);">Кыргызды кыргыз кырган канын ######.<br style="background-
color: rgb(250, 251, 252);">Тулпардын туягынан чаң ызгытып,<br style="background-
color: rgb(250, 251, 252);">Жоо сүргөн, эл коргогон эр азамат.<br style="background-
color: rgb(250, 251, 252);">Өткондүн эрдиктерин,
иттиктерин <br style="background-
color: rgb(250, 251, 252);">Калбырлап,
баш чайкайсын, атаганат!
<br style="background-
color: rgb(250, 251, 252);">Чыгарма ээсинен.<br style="background-
color: rgb(250, 251, 252);"><br style="background-
color: rgb(250, 251, 252);">Кош келипсиздер адаттагы адабият кечесине, бисмилля деп 735 китептин биринчи барактарын баштап турам. Менден да башка тарых, эл, өткөн сабак тажрыйбаларды суйүүчулор бардыр.
Көчмөндөр Кагылышы Кыраан кыргыз баяны
#2 25 May 2018 - 21:38
Баш деген - баш! А башты баш кылган -мээ. Мээ иштебесинчи!
Көз көруп, эмнени ажыратат? Кол кармап, кайсыны көтөрөт? Бут басып, не жолду арбытат? Бут тулкуну баш башкарып, мээ тейлеген сымал, ар айылды теке салчу бир башкысы болот. Ал өзүн карамагымдагы айылдарды башкара аламын, менин монумда аларды башкаруу милдети турат деп, өзун ишенимдүү сезет да, берген буйругун туура деп чечет. Баш ийичүүлөр да анын кабак-кашына карап, моюн сунууга аргасыз. Ошол баш ийүүдөгү аргасыздык пенделерди жакшылык үмүткқ да жеткирет, азап-тозокко да туш кылат. Акыры, абалкы туура өңдөнгөн, дилди баш ийдирген башкаруучулуктун анык купуя сырынын дал чыгышы, же адашып калышы кийин-кийин ачылат.
Анда ошондой башкаруучунун бири, Жумгал өрөөнүндөгү Кулжыгач элинин билөөчү Качыке сүттөй ак боз үйүнө капалуу келип тушту. Бүгүлүп ат алгандар Маралтору күлүгүн суулуктап, жулкунта жетелеп, тээ нарыдагы кайың мамыга аса байлады. Ат ойдолоп, каңтаргасын чое ооздукту карсылдата кулагын кагып бышкырды да, терге чөмүлгөн денинен буу чыгып, аркырата төктү. Катуу силкинди. Бар күчу менен күрс дем алып, жөө туман каптаган өрөөн-чокуларга, карагай, арча баскан беттерге тикирейет. Үйүрүн издей, сол санын солбуп турду.

Fall into my trap :)
#3 25 May 2018 - 22:09
***
Жаздын кызуу башталышы болсо да, тоо арасы салкын. Адамдар чапан сыртынан курчанып, калпакты баса кийишкен. Эртеден кун көзу көрунбөдү. Булут самсаалайт. Же жаабайт, же муздак шамаалга сүрүлүп ачылбайт. Мал жоошу кой салкында баш көтөрбөй, оттоо менен алек. Мал жалакайы эчки, койлордон бөлүнүп, бадал шактарынан секирип, жар таштардан ылымта коңулдарына бойлоп, жалбырактарды бурдап, бир паста шаштылары кете улагы калган тарапка тап коюп, безилдешет.
Бийиктин иши -бийик. канчалык алыс болсо да, эчкилердин маараганы короо четиндеги жылтыр жүн улактарына угулат. Улактар чуулдап, басылат. Айрымдары чөпкө чалынып үн чыккан тарапка жамырайт. Аны балдар тосот.
Окчунда көк ыраң баскан өтөк, керилген үч желеде он-он бештен тизилген кулун. Түн бою оттогон бээлер эки саамына чейин үргүлөп, тынч. Үйүрдөг.ү айгырлар да жаздагыдай жинденишпей туура тартып, жоош. Куйругун көтөрүп, тезек таштап, кайрылып жыттап, башты чулгуп алат да, басып, оттоого киришет. Азуусу күрсүлдөйт.
Оо, кыргызды кыргыз кылган ушул кең өрөөн, тунук суу, бийик тоо! Алардын башчыларын эсиртип, зөөкүрлөнткөн береги төрт түлүк мал. Малдын эти, сүтү.
Баш оорутар талаштары- жайт ээлөө. Амал менен, күч менен башка урууларды моюн сундуруп, өкүм сүйлоо, буйругун аткартуу. Бул, тээ, алмустактан келе жаткан адат. Адаттар кадимкидей салтка айланган. Мурдагыларынан кийинкилерине өрнөк өңдүү, мурас катары кала берген.
Ошол малдын айынан Качыке кыштоо сураш учун Ниязбекти көздөйт. Ал өзүнөн көп улуу. Азыр жузгө чукулдап, карлыктын чегине жетти. Бирок жылтырап көзу тирүү. Чөгөлөп кулагына кыйкыраң, булдурап жооп бергенге көмөкөйдө тили бар. Оорубаса да чөгуп, төшөктө. Абалын сурап, төгулгөн жорго алып барса, үзөңгүнү чирене тээп, суусар бөрк башта титиреп салдырчу баягы абаң жок. Элиртип күлүк тартууласа, найза өңөрүп, жоо издөөго кайдан жарады? Далыга жапкан кийимдидин да , арналган малдын ылайыктуусу да, бап келгени жакшы. Башкадан алып да көргөн, берип сыйлоонун баркына жеткен Качыке "союшуна" деп эки жигитине туу бээ коштотуп, Маралторуну алчактата жөнөйт.

#4 25 May 2018 - 22:39
Ара конуп жетет. Ниязбектин чоң үйүнүн ички жасалгасынан көз тайгылат. Ал жамбашы оюлбас учун капка салган таруу төшөнүп, башына тирей куш-жаздыктан койдуруп, аземдүү жатыптыр. Чач -сакалы кардан, эт качкан. Жаагы шимилип, бет чүкө чыккан.
Ассалоому алейкум, баатыр аба! Күүлуу-демдүү турасызбы?! - Качыке кош колдоп көрүштү. Карыя түксүйгөн кашын ерпе кызыл жээк көзүн бардап, саамга тигилди. Кайраның эс акылын жоготпоптур, тааныды. Кубанып куйшолдү;
-Ии адам ээй! Кел,кел. Эл-журтуң аманбы?-деп кобурап обдулганда уй кызматындагы адам илинүү чепкенин алып жаап , отурууга сүйөмөлөдү.
-Чакырт!-деди кимдидир,- дастаркон да мында жайылсын... "кыз сулуусу калмакта, сөз кычкылы саякта",- дешет. Өзү келген, тура!
Качыке чарт айрылып, катырды;
- Бизди баалайт экенсиз го, баатыр аба?
- Мен баалабаганга болосуңарбы? Биздин баатырлар жоо чаап, жылкы тийип келсе, силер ээсинен озунуп, колдон жула качасыңар. А айлыбызга жоо тийгенде.. "Ойт бермейинер" кармап, тойкой-чер, үнкүрлөрүңөргө кире качасынар! - деп, титирей катуу күлдү.
Качыке кошо күлдү. Айтылган сөздүн жүйөөсу бар;
...Ичинде кымыз кайнап, кан төбө тепкен. Алдында күлүк туйлап. алыска жеткен кыргыз, казактарга төрт түлүк малына көзү тойбой жери танапташ жунгарлардын тынчын алган. Эр өлтүрүп, айылын чаап, келин-кызын олжологон. Миңдеген ай туяк тийген. Кек арты чала өлтурулгөн ажыдаар. Ал айланып отуруп, куйругу менен чаппай койбойт. Бир кездерде кызыл уук болуп, талоонго тушкөн жуңгарлар акыры баш көтөрөт. Кылдат даярданган алар кыргыз-казак аттууну шыпыргы менен шыпыргандай түштүк-батышка сүрот. Бир мезгилде толкугандай ала алып өрттөй өөрчүүчү кыргыздар каптаган жоого туруштук бералбай, бештен учү кырылат. Анжиян, Букарага кире качат.
Ошол учурда Кулжыгач эли Кабактын аскалуу тоолорунун буйга-туюктарына жашынып, көп чабылбай калган экен. Ниязбек азыр ошону эскерди.

#5 25 May 2018 - 23:28
Качыке катуу-унчугуп,
Ниязбек колун кулагынын артына калкалай калып баш ийкеп, кеп жөнөттү;
-Ээ боорум! Иним. Өзундү көргөндө мен эмнеге жетине албай суйүнүп олтурам? - деди карыя негедир муңкана. Жаштын иши жаш, баштын иши баш деп, бир угар элем. Суу ылдый агып, өйдо чыкмайын адам кагылбайт деп, эки угар элем. Эли тозмойун эл кадыры билинбейт,жери тозмоюн жер кадыры билинбейт деп, уч угар элем. Аксабаса ат кадыры билинбейт, ата өлбөсө аксакал кдыры билинбейт деп, төрт угар элем. Бая белде кубат барында, билекте күч барында, жүрөкто от барында азууга алып таш чайнап, алаңгазар кыял менен алоолоп өз кадырын билбегем. Сөз кадырын билбесең, өз кадырын билбейсиң. Дөбөгө чыгып сүйлөшүп, сөзгө кулак тосуп сөз кадырын билгенде адамга көз бутот экен. Көз бутүп, имерип, алысты карай баштагаңыңда карылык жакадан алып, адамга ажал чукулдай баштайт экен. Топтогон акылынды билбегендерге үйрөтөйүн десең, бирөө угат, көбү кол шилтейт, "Сенин иттик менен өткөн өмүрүндү бу да баскан турат деп, чөгүп, шалдырайсын! - Ниязбек эриндери титиреп, жашыды.
- Көзүндү көргөндө бир күн сүйлөшүп алсам да көңүлүмө кубат деп, сүйүнүп кетпедимби. ..
Силеп аякта жатып бир топ урукка, мен биякта жатып бир топ урукка бөлунуп кетебиз да, "силер" , "биз" деп, төш кагабыз. Мыкты жактарыбыз болсо көтөрүлүп көкөлөйбүз. Кемчил жагыбыз болсо, чөөттүн көзүнө чөп таштагансып, жашырабыз. анжырага тушсөк түбүбүз бир "оң" аталат.Анын "сол" атанган толгон уруулардан турган туугандары бар. Бул экөө түбүндө кайра, кошулуп, бир атанын эле балдары болуп чыгат. А, урган баш! Кыргызды кыркка чачып алып, кырчылдашып өттүк. Өөх!
-Абаке! Айткандарыңа кулдугум бар! Мобу, "Башка мүшкүл түшкөндө Кабактын капчыгайына бекинип каласыңар" дегениңиз,чыны, сокур көзгө камчы тийгендей жанга батып атат. Кечээ, Кокон колуна эч ким шамыян кайрыбай койгондо биз тарап катуудан казаны, жумшактан күлү калгыча кармашты. кокондо "женилбес" атка конгон Арап баатырдын беш жүз аскерин Көк Арт ашуусунда Тайлактын колу талкалады. Андай ички"ойт бермебиз" көп болсо, ириде биз корголойт элек го, кокондуктун этегине,
- Ашыкпа! Тээ алыс бир заманда Тагай бий хандын каарына калып ордого камалган. Кийин бошонуп чыкканда калыңсыз үйлөнгөн кош бой аялын ээрчиткенден намыс көрүп, аманат айтат; "Көз жарып аман эсен төрөсөң- кыз болсо, убал-сообу өзүндо. эркек болсо атын Карачоро кой да, кийин эс тартканда мобу кездигимди берип, мени издет".
Акыры Карачоро атасын табат. Каражоросу жок бир селсаяк бала Карачорону ээрчип келет. Аны да Тагай бий асырап алат. Силердин бир атаңар ошол. Кийин эки эл чабышып, эрөөлгө киши чыкпай атканда азамат болуп калган баягы асыранды улуу өзу суранып эрөөлгө чыгыптыр. Ал катары менен үчтү сайып өлтүрүптүр. Жетине албаган Тагай бий тура калып алакан жайып;
-Эки тизгин, бир чылбырды, эми өз колуңа ал! - деп, батасын берген. - Ниязбек тык-тык жөтөлдү. Демин басып;
- Тагай бий дагы бир жерде ошол улууна; "Колуңдан туу кетпесин. Айлыңдан чуу кетпесин! " деп, экинчи батасын берген дешет, деди. Жайыт сурап келген Качыке, "Кайран абам! Сөөгу мыкты да. Акылы тунук боюнча. Уккандарын жаңылбай айтты" деп, жайдарыланып, көтқрүлқ сөзүн улады;
- Тууганыңар Маматкулду ызылаган туугандарынан жем кайрып берген да биздикилер, Же, жалганбы, аба? Ушул жагынан козгоп көрүңүзчү?
Карыя башын ийкеп, күлдү;
- Небаккы өткөн кем-кертикти козготуп, каткан жоорду кайра сыйрытып койсо оой, устатыңар да, адамда жок!
Бул тамашанын да бир аз чындыгы бар. <

#6 26 May 2018 - 18:26
... Кыргыздар ууч талкан, үзүм нан издеп Букар, Кокон, Анжиян, Намангандан бери чачылып тентип жургондо, Маматкул кайдан жыргайт. Дарагы мөмө байлаган туштуктө өлбөстүн күнүн көрөт. Наманганды башкарган улукка жигит болуп кирип кеткен улуу Болоттун жапканын кийип, сунганын ичнет.
Улук кундордүн биринде козунөн от жанган Болотту чакырат:
Бир ишке жумшаганы турам.
Кулдугум бар таксыр! Буйрунуз.
Улук өзу көрду бекен же кабарын эшитип, колуна тийгизе албаган бирөө айтты бекен? Айтор, шарт менен катуу тапшырма берет:
Өзуң таштап качкан Боомдун аягында жылкысы чегирткедей жайылган калмактын байы бар. Ошонун бир тулпарын колума тийгизсең... Каалаганың кабыл болот
Кайкы кылыч байланып, ат күлүгүн тандап минген Болот жайдын толугунда конуп-туноп, мерчемдүү жерге жетет. Атын буйгага чидерлеп, нечен күн өңуттөн өңүт которот.
Топ-топ жылкыларды көзунөн өткөрөт. Бирок издегени табылбайт. Күндөрдүн биринде туш оой, Кичи-Кеминдин бөксө тоосунан калың жылкы көрүнөт. Төрт жүздөй тобу чон сууну көздөй чууруйт. Бөлүнгөн субайлар арасында жарганаттай түгү бар, бир кара жал сур туураланып, мөнкүп, ойноп келет. Жигиттин көзу ошого түшөт. Ал сууга эң алды болуп жетти. Күү менен дал агын ортосуна купулдөтө кечип келип, өйдө баштанып, шимирип калды.
Болсо ушул өзүдүр?!- деп, шамдагай жигит тик басты. -Тулпар адамдан качпайт дечу эле. - Кемердин кум-шагылын эше жеткенде күр жүргөндө азоолор кошкуруп, жалт берди. Сур жээкке чыгып, арткы аягын суудан албай кулагын кайчылаштырып, чобурча тынч. Жылкыга кыргыйдай чапчан кыргыз тукуму эмеспи, башына шып жугөн катты да:
Ыя алла, жол бер!- деп ыргып минип, жөнөду. Өз атын коштоп, Сурду минип чуу койгондо алыскы айыл усту туят. Он адам кыйкырык-чуу менен куугунга алат. Өлөр-тирилерине карабай чапкан куугунчулар, арттан сая тушот. Болот Шамшыны ашып, Суусамырга жетет, Чаңдууга салып, Кетмен-Төбөну беттейт. Кирип турган Нарын дарясын сүздүрүп чыгып кеткенде, чукулдап калган куугунчулар чалмалап окторулуп күрпулдөп жаткан дарыяга батына алышпай жээкте өкүрүп, чачын жулуп кала беришет.
Көзүн алып келипсин! - деп Болотко улук ыраазы ,- шертимен танбайм, акыңа алаарың эмне?
Таксыр!-Жигит таазим кыла сыңар тизелейт,- аймагыңыздагы чачылган элимди чогултуп бериниз?
Ах, атасы бөрү!- Улук бармагын тиштеп, дал. Ал бойдок Болотту катын сурайт ойдо болгон. Бул эл сурап жатат.
Оозумдан чыккан шертимди арам этпейин,- дейт улук, - өтүнүчүн кабыл... Жигиттер, чапкыла.
Баш кошкон эл улам арбыйт. Ай өткөрүп, жыл өткөрүп... Качкан конуштарына жөө-жалаң тыңчы жиберет. Баш кошуп, ирденип, атка минип калган кыргыздар кек алуу учун акыры кол салбай койбой турганын сезишти бекен, же башка себептер болгонбу, айтор, жуңгарлар басып алган жерлерин таштап, Текестен ары тереңге кетишет. Жиберилген кыргыз тыңчылар Кен-Көлдө, Кызыл-Омполдо нечен күн жашынышат. Чалгындайт. Абайлашат. Көл жээгин артып, жан учурата алышпайт:
Элкин-элкин, элкин тоо,
Элкин тоого биз чыктык,
Эл карааны көрүнбөйт... <

#10 29 May 2018 - 01:34
Мүмкүн менин ордума жумушка чыгып, андан сон уйгө келип үй жумуштарын аткарып, анан китепти терип, андан соң аны кыргыз алфавити ө,ү,ң менен ар бир сөзүн оңдоп коррекциялап чыгасын????
Update: китеп улантылат, колу-жолум бош болгон убакта. Тыштап кою учун ачылган эмес, жалгыз китепти тиктеп отургудай шатыра-шатман бош убактым да жок.
Это чистой воды благотворительность в отношении другим читателям.

#11 09 June 2018 - 12:06
Улант деп суранайын деп жаткам акыркы комментарийди окуп оозум жап болду го. Колу жолуң бош болгондо анан баштабапсың да автор.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!

Супер-Инфо
super.kg
видео